ТОКТОШОВ Капар: КАПАР ТОКТОШОВ: БОЗ ҮЙДҮН ТАРЫХЫ ЖАНА ТАБЫШМАКТУУ СЫРЛАРЫ

Ооба, ак калпак десе – кыргызды, кыргыз десе – ак калпакты элестетебиз. Кыргызды, андан тышкары, боз үйсүз элестетиш мүмкүн эмес. Боз үй дегенде асман менен жерди, адам менен көктү камыр-жумур ширеткен ыйык Түндүк, анан алоо от жанган ыйык Коломто көз алдыга тартылат (О.Айтымбетов, «Кара кыргыз»). Кыскарта чапканда, боз үйсүз – комуздун коңур добушун, боз үйсүз –  “Манас” менен манасчыны, боз үйсүз – ак калпак кыргыз менен Ала-Тоону элестете албайбыз. Боз үйдүн капкалуу сырлары менен табышмактуу кызыктары ак калпактыкынан ашса ашар, асты кем калбайт.

  • Карт тарыхты казып карасак, боз үйүбүз дагы калпагы менен элечеги сыңар кыргыздан кыйла кылым мурда жаралган болуп чыгат. Аны алгач тээ эзелки, алгачкы көчмөндөр ойлоп тапканы айтылат тарыхта. Бирок кайсы доордо, кайсы жерде, кайсы эл ойлоп тапканы тууралуу маалымат жок. Кыскасы, көчмөн дегенде – боз үйдү, боз үй дегенде – көчмөндү элестетет бүт дүйнө. Тарыхый жазма булактарга ылайык биздин заманга чейинки 1000-жылдары боз үй Евразия аймагында “кудай үйү” же “жоокер үйү” катары таанылыптырОшондон улам, америкалык Голливуд киночеберлери кудайлар турмушун баяндаган “Троя” фильминде боз үйдү Ахиллестин Ак үйү катары тасмага тарткан чыгар.
  • Атамзаманда бүт дүйнө элдери жапатырмак кудай үйү катары бийик-бийик тоо чокуларын элестетип, ошо жерлерге сыйынып-тайынышыптыр. Ал тоолор ушу күнгө чейин ыйык саналат. Алар: Рорайма тепую (Венесуэла); Олимп тоосу (Греция); Путоран платосу (Россия); Амара Мера аскасы (Перу); Жомолунгма (Непал); Арарат (Армения); Нимруд-даг (Түркия); Хуа-Шань (Кытай); Кан-Теңир (Кыргызстан); Бурхан-Халдун (Монголия); Бешбармак (Азербайжан); Фудзияма (Япония);  Мунку-Сардык (Бурятия); Улуру (Австралия); Кисилях же Таас Кыстаабыт (Якутия); Шатрунжая (Индия), Синай (Египет); Кайлас (Тибет). Жогорудагы ыйык чокулар ичинен Кайлас чокусу гана боз үй турпатына окшош. Калгандары пирамида формасына ээ. Андай болсо, жарым сфера формасындагы боз үйдү байыркы адамдар кай себептен “Кудай үйү” санашат?..

Буга жоопту интернеттен издеп көрөлү. Көпчүлүк динде купол формасы Асманды (Көк) жана Асман падышалыгын, Кудайлар менен периштелер ааламын элестеткен символикалык мааниге ээ.

Санчи храмы (Индия).

Азия элдеринин сакралдык ишеними боюнча күмбөз үстүндөгү купол формасы Дүйнө элесин берет делет.

Шах-Фазил күмбөзү (Ала-Бука).

Ал эми америкалык аборигендердин ишеними боюнча алардын боз үй формасындагы вигвам үйү да Дүйнө менен Улуу Духту билдирет имиш.

Вигвам
  • Боз үйдүн алгач культтук, сыйынуучу жай катары жаралгандыгынын мындан башка да бир катар далилдери бар. Дүйнөдө кездешкен бардык Кудай үйлөрүнүн: мейли ал мечит же чиркөө болобу, храм же синагог болобу төбөсү купол формасында. Өздөрүн кара жерден жаралдык деп санаган байыркы австралиялык аборигендердин сыйынуучу ыйык жайлары да кудум боз үй формасында. Болгон айырмасы — аны алар жер астына салышат. Алар тегерек купол түрүндө таштан тизилип жасалып, ага түндүгүнөн түшүп сыйынышат. Боз үйүбүздүн даана кызыгы мына ушу жерде: эмне үчүн бүт дүйнө элдери купол формасындагы курулуштарды кудай үйү санап, сыйынуучу ыйык жай катары Кудай-Таалага бошотуп берсе, кыргыз баш болгон айрым гана көчмөн калктар аны кудайга бошотуп бербей, өзү жашаган туракка айлантып алышты?..
  • Эми тарыхый далилдерге кайрылалы. Керч жарым аралындагы байыркы Анфестерия көрүстөнүнүн бетине кудайлар турмушун чагылдырып тартылган сүрөттөгү береги үйдү атактуу археолог М.П.Грязнов боз үй (юрта) деп санап, ал сүрөттү энеолит доорунда тартылган жана кийизден жасалган деп эсептейт. Демек, бул сүрөт тарыхта кыргыз тургай, кыргыздын жыты да жок кезде тартылган.

Андан соң боз үй кыргыздын ак калпагы сыяктуу эле сактарга таандык кийиз үй катары карт тарыхка катталып, евразия этнографтары сак боз үйүн жогорудагы жападан-жалгыз тарыхый үлгүдөн улам Анфестерия көрүстөнүнө тартылган сүрөткө окшотуп түндүгү жок реконструкциялаптыр.

Атилла евразия ээндигин баштан-аяк ээлеп турган доор башында боз үйдү гунндар башпаанек кылган деп жазылат тарыхта. Алардан “кийиз үйдү” байыркы огуздар мурастайт (“Кыргыз ССР тарыхы”).

Андан ары боз үйгө ээлик укугу усундарга оойт. Усун канына кеткен кайсы бир кытай кызы минтип ырдаптыр:

“Мени алыс өлкөгө
берип салды күйөөгө
Усун кандын үйүнө.
Алар жашайт тегерек
кийиз жапкан кепеде
ичкени сүт, жегени
эртели-кеч эт эле…” (“Кыргыз ССР тарыхы”).

Кыскасы, кылым артынан кылым карып, анын кайсы бир мерчеминде боз үй кыргыздын турагына айланат. Муну биз байыркы кытай жазмаларынан кезиктиребиз. “Ажонун ордосунда чоң кийиз үй тигип, аны цзаодычжи деп аташат” (Юэ Ши “Тайпин хуаньюй цзи” (976-984-жж.). “…алардын турак жайы кийиз каланган боз үй турпатында, аны мидичжы дешет” (“Синь тан шу” 1060-ж.). 

  • Баарынан кызыгы, боз үй тууралуу эзелки тарыхый эстеликтердин байыркы кыргыз жергесинен, т.а. Энесай аймагынан табылганы. Азыркы Алтай жергесинде “Пойар тағ”, деген ыйык тоо бар (ор. «Священная гора», илимий даректерде “Боярская писаница”). Биздин “Саймалуу-Таштын” эле өзү. Петроглифтер б.д.ч. 11-3-кылымдарда, Тагар-Таштык маданияттар тогошунда чегилген. Алардын арасында боз үйдүн да сүрөтү бар.

Андан да кызыгы – боз үй кебетесиндеги алгачкы топурак үй да Сибирдеги Аркаим сепил-шаар комплексинде сакталып калган. Окумуштуулар аны б.д.ч. 3-2-кылымдарда, ортоңку коло доорунда курулган деп эсептейт. 4000 жыл мурда курулган бул уникалдуу шаар тургундарын орус окумуштуулары өздөрүнүн арий ата-бабалары санап, ал жерди “адамзат цивилизациясынын алтын бешиги” катары эсептешет. Шаар тургундарынын кайдан келгени жана кайда житип кеткени тууралуу эч маалымат жок. Айрым тарыхчы-билермандар аларды “байыркы шумерлердин ата-бабасы, кандайдыр катаклизмден улам Иран-Ирак чөлкөмүнө ооп кетишкен” сыяктуу гипотеза келтирет. Так ушул жерде да кыргыз тарыхынын кызык сыры катылган: Аркаимдеги жер-суу аттарынын баары кыргызча. Аркаим деген аталыш ошол жерге жакын тоо атынан алыныптыр. Топоним аты кыргыз тилиндеги “арка” (кыр, жон) деген сөздөн тарайт экен. Тарыхый эстелик «Сынташ» коргондор комплексине жакын, “Кызыл” районунда, “Чоң-Караган” дайрасынын боюнда жайгашкан. Көрүнүп тургандай, сынташы да, кызылы да, караганы да тап-таза кыргызча сөз.

Археологдор байыркы Аркаим коргонунан 4000 жыл мурун чопо менен колодон жасалган берегидей тарыхый артефакттарды таап чыгышкан. Эми булар байыркы шумерлердин же азыркы орустардын ата-бабаларынан калган тарыхый таберикпи ырасында эле?.. Андан кызыгы – боз үй формасындагы жогорудагы топурак үйдү орус окумуштуулары тунгуч турак жай (первое жилище) катары ырастап, азыркы орус тарыхына киргизип, бала-чакасына окутуп жатышат. Чын эле ал үй менен ал жерде табылган таш балбал түспөл куттар байыркы славяндарга таандык болсо, кай себептен алар анысын бир ууч кыргызга же расмий тарых ырастагандай, байыркы түрктөргө тарттырып ийишти?.. Табышмак.

  • Боз үйгө таандык табышмак сырдын бири – аны өз атынан Боз үй (Ак үй) деп кыргыздар гана аташат. Ишенбейсизби? Анда дүйнө сөздүгүнө көз чаптырып көрүңүз. Орусча – юрта, англисче – jurt, yurta, немисче – jurte, французча – yourte, италиянча – tenda, монголчо – ордо (өргөө), кытайча – жыгач үй же кийиз чатыр, казакча – кийиз үй, хакас тилинде – тирмелиг иб (“тирме” – “кереге”, “иб” – “үй”).

“Юрта” деген аталыш кайдан чыкты? Ал байыркы түрк тилиндеги “йурт” (журт) дегенден алынган. Көрүнүп тургандай, “юрта” аталышы боз үйдү эмес, ошо боз үй турган жерди, т.а. журтту билдирет.

Кошумчалай турган бир нерсе: калпактын, кымыздын,  бозонун, комуздун да эч бир тилде котормосу жок, бүт дүйнө эли аларды ошо өз атынан аташат.

  • Кытайдын улуу акындары Бо Цзюй-и жана Лю Мао Цзай мындан 13 кылым илгери боз үйдү даңазалап ыр жазыптыр. Боз үй жана Бо Цзюй-и (Бул ыр адабиятчы Калык Ибраимов которгон) Эмне үчүн боз үйдү “боз үй” деп өз атынан атабай, жер каймактагандан тарта “кийиз алачык” же “кийиз чатыр” деп келген кытай элинин үлкөн уулу ата салтын бузуп, өз ырын “Боз үй” атады?.. Андан кызыгы – эмне үчүн боз үйдү “боз үй” деп өз атынан атап койсо тили сынчудан бетер “кийиз алачык” же “кийиз үй” деп келген кытай элинин залкар талантынын аты-жөнү боз үйгө уйкаш?.. Не себептен зили бутпарас Лю Мао Цзай боз үйдү ырга кошуп жатып бутпарас кудайы Будданы эмес, тескерисинче, Теңирди оозанып ийди?.. Мына ушунун бардыгы тарыхтын татаал табышмагы, купуя сыры.
  • Ал эми карасөздө боз үй жана анын философиясы тууралуу Кыргыз Эл жазуучусу О.Айтымбетовдой кыска жана нуска кепти эч ким айта албастыр!.. “Боз үй тууралуу кеп кылган жерде бу Жарыкчылыктагы эң байыркы көчмөндөрдүн дүйнөгө болгон бүтүндөй көз карашы, анын дүйнө таанымы, дүйнөнү кабылдашы жана жалпы эле дүйнө (бу Жарыкчылык) жөнүндөгү түшүнүгү жатат. Менимче, түндүгү – Улуу Күндү, ууктары – Күн нурларын, а төрт бурчтанып турган керегелер – дүйнөнүн төрт бурчун (ааламды), ошо керегелерди жабуунун сыртынан кыймылдатпай бек таңган таңуу – Асман Кырчоосун (керегени сыртынан айланта таңган арканды акылман бабаларыбыз ошон үчүн “кырчоо” атаган!) баамдаткан да, а боз үй ичиндеги кыргыз баласы өмүрү өткүчө жылуу жай кылган тоголок айлампа – Жерди туюнткан береги боз үйдөй философия эч бир дүйнө элдеринде болбосо керек. Ушу боз үй да дүйнөдө алгач ирет биздин элде жаралган эмеспи! Бу тууралуу эски тайып санжыраларынан тартып илгерки кытай жылнаамаларына дейре сеймедиреп отурат ов! Кыргыз баласы ошол боз үйдө төрөлүп, ушул үйдүн түндүгүнөн Көктү көрүп, ошол үйдө өмүр сүрүп, ошол үйдүн кашында малын багып, эли-жерин коргоп, ушул үйдө көзү өткөн”.
  • Ырасында кыргыз өмүрү баштан-аяк боз үйдө өтөт: 9 ай боз үй формасындагы эне курсагында жатат, бир жашка толгуча боз үй формасын элестеткен арча бешикте термелет, анан боз үйдө торолуп, боз үйдө жашоо кечирет, акыры сөөгү боз үйдөн чыгат, анан боз үй формасындагы мүрзөгө коюлат.

Азыркы хакастар байыркы кыргыз мүрзөлөрүн “чаа тас” (орусча – “камень войны”, кыргызча – “жаа таш”)  деп аташат. Дал ушу “жаа таштарды” кыра изилдеген орус окумуштуусу, атактуу археолог Ю.Худяков байыркы энесайлык кыргыздар сөөктү курал-жарак, ат жабдык, ыйык кесе менен боз үй формасындагы мүрзөгө көмүшкөнүн далилдеген (“Кыргызы на Табате”).

Бул тууралуу “Кыргыз ССР тарыхында” да айтылат. “Байыркы малчы-дыйкан уруулары аркы дүйнө менен ата-баба арбактарына ишенген. Ошондуктан алар сөөктү өздөрүнүн турак жайына окшогон мүрзөгө коюшкан” (137-б.). «Тянь-Шань менен Жети-Сууда 13-14-кылымда мүрзөнүн үстүн таш менен овал түрүндө көтөрчү» (583-б.).  

  • Атчан адам боз үйгө эшик жактан келбейт, үйдүн капталы же арты менен келип түшөт. Боз үйдүн маңдайынан келүү же астынан бастырып өтүү – ал үй ээсин сыйлабагандык болуп саналат.

Боз үйгө камчы кармап же шапалак сүйрөп кирүүгө болбойт – ал боз үйгө кылыч сууруп же найза көтөрүп киргендей эле душмандык менен кастыктын белгиси.

Мындан тышкары боз үй ичинде “болбойт” деген ырым-жырымдар Кудай үйү саналган мечит-чиркөө-синагог-храмдарга тиешелүү ырым-жырымдардан ашса ашат, асты кем калбайт. Андай болсо аларга өзүңүздөр күбө өтүңүздөр: боз үй ичинде баш аттабайт, башты муштабайт, чачты тепсебейт, ээк таянып отурбайт, кебетени бузбайт, оозду ачып эстебейт, тиш чукубайт, көздүн төбөсү менен карабайт, сөөмөй кезебейт, жер муштабайт, санын чаппайт, бутту кайчылаштырып отурбайт, арты менен баспайт, ышкырганга болбойт, колду аркасына алып жүрбөйт, колду төбөгө албайт, колду кайчылаштырып кучактабайт, тизесин кучактабайт, жер таянып отурбайт, күлдү, шыпырындыны тебелебейт, күлдү, шыпырындыны теппейт, күлдү чачпайт, от менен ойнобойт, отко чач, тырмакты өрттөбөйт, тузду, нандын күкүмүн төкпөйт, нанды жалгыз колдоп сындырбайт, бут кийимди оң-тетири каратып чечпейт, жер тепкилебейт, бир буттап секирбейт, буттун учу менен бир нерсени көрсөтпөйт, бутун талтайтып турбайт, бут кийимди жазданбайт, бут менен эшикти тээп ачпайт, босого таякты баспайт, босогону кулачтабайт, бычакты мизи менен сунбайт, бычакты өйдө каратып жаткырбайт, шыпыргыны жөлөп койбойт, шыпыргыны баштан өйдө көтөрбөйт, шыпыргы менен чаппайт, шыпыргы менен тап бербейт, шыпыргыны өрттөбөйт, бош казанды калдыратпайт, чөмүч менен тамак ичпейт, суюктук куюлган идишти ачык калтырбайт, кыбыланы тээп жатпайт, кийимди желбегей жамынбайт, очокту теппейт, очокко түкүрбөйт, очокко шыпырынды ыргытпайт, караңгыда түшүн айтпайт, түш жорубайт, төшөктүн бүктөлгөн жагын төргө каратпайт, дасторконду тебелебейт, дасторконду тескери салбайт, бирөөгө артын салып отурбайт, жерди чыбык, таяк, камчы менен чаппайт, түнкүсүн күзгүгө каранбайт, түнкүсүн суу албайт, түнкүсүн үйдү шыпырбайт, түнкүсүн бирөөгө ак (сүт, ун, кымыз) бербейт, баш кийимди ылдый койбойт, бешикти бош терметпейт, тонду туурасынан жамынып жатпайт, адамдын боюн карыштабайт, көлөчтү кийиштирип койбойт, бут кийимди оодарып койбойт, кыз баланы урбайт, идишти теппейт, жаздыкты тескери жазданбайт, бешиктин аягын кыбылага каратып койбойт, бешикти тээп терметпейт, күн чыгарда жана күн батарда уктабайт, колду жуугандан кийин силкпейт, улутунуп үшкүрүнбөйт, кыркы чыга элек баланы түндөсү эшикке алып чыкпайт, тизелеп баспайт, жаздыкка отурбайт, бутка, моюнга жип салбайт, адамды тегеренбейт, жаткан кишинин баш жагына отурбайт, ургаачы киши чачын жазып жүрбөйт, таяк таянбайт, түндүктөн жылдыз санабайт, эшикти, түндүктү ачып уктабайт, кийимди аңтарасынан кийбейт, нанды дасторконго ыргытып койбойт, дасторконго кол аарчыбайт, отурган кишилердин ортосунан өтпөйт, күн шашкеге чейин уктабайт, нанды аңтарасынан жаткырбайт, үйдү айланып чуркабайт, жеңди тиштегилебейт, босогого жатпайт.

Мына ушунун бардыгы боз үй, ырасында эле, ыйык турак жай экенин ырастап бере алат.