
Бейшебай УСУБАЛИЕВ
АҢГЕМЕ
Акылманды ар элден,
Аз жараткан дүнүйө.
(Жеңижок)
Дөөлөт чалдын кызыгы көп, кызыгынан ысыгы көп.
Ал шаарга көп келет, мурда да көп келчү экен. Баласына айтып түгөтө албайт. “Илгери далай жүрбөдүкпү!” – деп сыймыктанып калат. Илгериси ар кандай: мындан отуз, жыйырма, он… жыл мурункуну деле тээ илгери дей берет. Баса, илгери менен кечээгисинде да эч кандай айырма жок. “Кечээ эле ушунун бирөө да жок эле… Жөн эле шаар деп жүрүппүз да!” – деп шаарга суктанып калат. Баласы адатынча суроо узатат: “Кечээгиң качан?” “Кечөөчү, – дейт Дөөлөт чал эч токтолбой, – тээ илгери мен этке төккөнү мал айдаттырып келгендечи?..”
Баласы күлүп тим болот. Ал көчөлөрдүн аттарын билбейт, билсе да айтпайт. Эскиче атайт: “Төкөлдөштүн сайы”, “Жарманке турган жер” же “Башымды жара чаап, миң сомумду алып кеткен жер”. (Муну өзгөчө сыймык менен айтат!) Акчаны да алигиче эскиче санайт. Бирди он, онду жүз дейт. Уулу кээде чукчуңдай кетет: “Илгертен бери эле актив чалыш болуп келатасың! Кат билбеген кишидей болбой туура айтсаң боло, ата!” Дөөлөт кабагым-кашым да дебейт, күлүп коёт да, акыл айта кетет: “Сенде акыл деле жок. Эскиче айтсаң – берекелүү болот!..” Уулу ойлонуп калат да, башын чайкап күлүп калат. Деги Дөөлөт чалды көндүрүш кыйын, кайра ал уулун көндүрдү… Экөө көп жерлерди кыдырды. Тарыхый музей ага айрыкча жакты. Уулу менен эле кагылыша түшкөнү болбосо, аны азыркыга чейин айтып түгөтө албай жүрөт. Айылдагы чал-кемпирлердин ар бирине айтып чыкты. (Албетте, кээде анча-мынча кошумчалап, апыртып да коёт!) Уулун да аяган жок, сөзүнүн акырында аны ийлеп-ийлеп алат. Ал музейде өзүн кожоюн сезген. Күндө чыкчырылган баласы бүгүн үндөй албай турду. Анткени андагы буюм-тайымдардын көбүн ал эсинен чыгарып коюптур, атасы сурай келсе эле, калп күлүп туруп берет.
Дөөлөт чал адатынча бууракандап ачуулана кетти. Ич күйбөй турган жорукпу, беш жыл өтпөй уулу боз үйдүн эмеректерин унутуп калса. Жолдо карата экөө урушуп келди. “Сен китеп жазып жүрөсүң ээ, – деди Дөөлөт, – анан кечээ эле кирип-чыгып жүргөн боз үйдү унутуп каласыңбы?!. Сеникин ким окуйт анда?” “Мен боз үй жөнүндө жазбайм да!” – деди уулу күлүп. Дөөлөт үндөй албай калды. Бейкапар күлүмсүрөп басып бараткан баласын алсыз карады да, селт этти: “Бу кейпиң менен сен… бешикти деле унутуп калсаң керек…” Бул шыбыр менен кошо денеси дүр-р дей түштү. Дөөлөт тык токтоду. Алдына кыпкызыл кан жая бергендей, бутун шилтесе эле, аны чалп эттире бир басчудай туюлуп кетти да, денесин жыйыра артка кетенчиктеди. Өткөн жолу беле, же андан мурункусундабы, айтор, бир келгенинде капысынан балконго чыга калган эле. Аттаганда эле, бутуна жумшак бир нерсе урунган. Караса – бешиктин олпогу экен. Ошондо да кан кечип алгандай, денеси жыйырла түшкөн, бутун шак тартып алып, эки жагын элеңдей караган. Бирдемени туйгандай, келини артынан чыгыптыр. Ал олпокту ала койгон да, силкип жатып: “Балкондун кырына жайып койдум эле… учуп кеткен тура…” – деген акырын, күнөөлүүдөй жер карап. “Аа… – деген анан санаасы тынгандай. Өзүнчө шыбырай кеткен. – Ар бир үйдө бешик турушу керек… – Анан угуза. – Бир үйдө бир бешиктин турганы жакшы, балам…” Келини түшүндүбү, же түшүнбөдүбү, айтор, үндөбөй баш ийкеп, олпокту алып кирип кеткен. Дөөлөт деңги-деңги болуп кыйлага турган – ага кан кечип алгандай боло берген, атүгүл ошол бутунун таманы ысып чыккансыган. Ошону эстесе эле, кан кечип алгандай бир силкинип алат. “Ата, баспайсыңбы, – деди аңгыча уулу таңдана, – же, эмне, чарчадыңбы?..” Дөөлөт өзүнө келе калды да: “Чарчап!.. – деди мыскылдагандай. Анан эмне жөнүндө сүйлөшүп келаткандыгы эсине түшө калды да, уулунун жанына келип. – Ушу өкмөттө да мээ жок!.. – деди. – Саа жалыйна төлөп!..” Уулу адатынча үн катпады. Сырдуу жылмайып койду да, астыга басып жөнөп калды. Ал өзүнчө эле күлүп келатты. Атасынын жоруктарын эстеди, жана, келатканда, экөөнүн сүйлөшкөнүн эстеди. “Келиниме айтчы, – деген Дөөлөт, – мени көп эле кыйнай бербесин!” Уулу так секирди: “Кыйнап?! Эмне деп кыйнады?!” “Тамакка эле шыкай берет… Өзүм айтайын дейм…” Уулу күлдү: “Сени ачка болот деп ойлосо керек…” Дөөлөт да күлдү: “Мени бордоп, эмне, этке төгөбү?!” Уулу каткырды: “Айылдагы келиниңиз кандай?” “Эмне экен?! – деди Дөөлөт чочуп. – Жакшы эле!” Уулу ойго батып кетти. Чын эле кандай? Көңүлүн сындырбайбы?.. Ал негедир кийинчерээк атасынан айрылып калчудай сезе берет. Өзүнчө шыбырады: “Быякка эле тур десе… Байласаң да турбайм деп!..”
Дөөлөт чал да үндөбөй калган жок, санаага баткан уулун кайра күлдүрдү. “Мен сага бир сырымды айтайын, – деди ал, – сага да кереги тиет кийин. Чынымды айтсам, келиним мага салкын эле болучу. Баякүнү Алым (Дөөлөттүн кичүү баласы) аны токмоктоп жаткан экен. Мен таягымды ала койдум да, Алымды карсылдатып кирдим. Ошондон бери келиним аталап эле безилдеп калды. – Дөөлөт каткыра кетти. – Мени кудай урганда, мурда эле эмне минтпедим деп калам!” Уулу каткырып күлгөн. Азыр да ушуларды эстеп, күлүп келатты. Дөөлөткө бул жаккан жок, ал өзүн шылдыңдап жаткандай санады… “Өкмөттө мээ жок! – деди баягысын кайра баштап. – Сага жалыйна төлөп… Ишенип китеп жаздыртып…” Уулу күлө берди. Дөөлөт ойлонуп кыйлага барды. Анан уулун карап күлдү: “Эй, шымы жок, жанагыны келинге айтпай эле кой. Көңүлүнө кетип калат. Мейли, бордосо бордой берсин, өлүп кетмек белем?!.” Уулу күлүп, башын ийкеди. Келинине ичи жылыды: “Жабылуу кара инген! Береке төгүлүп турат…” Уулун карады. Жанагы жадыраган уулу жок, ойго баткан, түнөрүңкү. “Жер эле карайт, – деди Дөөлөт, – жер эле карайт…” Элес алдырбай көп байкайт Дөөлөт. Уулу өзгөрүп кеткен сыяктуу. Дайыма кысынып-кымырылып жүргөндөй. Майдачыл да. Дөөлөт таптакыр келише албайт. Ал адам бапыраңдап төгүлүп-чачылып турса деп ойлойт, ошондо жашоо берекелүү болот эле деп кыялданат. Уулунда мындай касиет жок сыяктуу. Дөөлөттүн ичи күйөт, кыжырданат: “Шаарга бала жиберип да бекер!.. Катыны да катын, эркеги да катын, кимиси катын?!.” Айласы кеткенде ушинтип коёт. Кийинчерээк ал кара кайгыга батчу болду. Жүрөгү тыз дей түшөт. Уулу кайдыгердей. Баарына. Айылда эмне болсо, төкпөй-чачпай айтып келет Дөөлөт. Ким балалуу болгонун, ким өлгөнүн… Уулу баарына баш ийкейт. Өкүнгөнү да, кубанганы да – ушул. Баш ийкеп гана коёт… Күнөөнү кимге коёрду билбей Дөөлөттүн айласы куруйт.
Мурда уулу квартирада жашачу, жыл сайын эле орун которуп, көчүп-конуп жүрчү. Ошондо ойлочу: “Квартир деп жүрүп кысынып-кымырылып өтмөй болду. Көрүнгөндүн көзүн карап, катуу жөтөлүп койдумбу деп…” Анан өзүнө да жини келчү: “Менде да акыл жок экен. Илгери этке мал төккөнү келгенде ушу жерге бир үй салып койсом эмне?!. Мындай болорун ким билиптир!” Азыр уулу беш кабаттуу заңгыраган үйдүн экинчи кабатында турат. Бирок… Дөөлөт кайра эле күнөөнү үйгө оодарат: “…Бир кирип, кайра чыкпаса… Эч ким менен сүйлөшпөсө. Тилипон эмне?! Ойлонуп эле жата берсе… Абакка түшкөнсүп… Өкмөттө деле акыл жокпу, ушундай үй куруп…” Дөөлөттүн башы маң. Ал уулуна айтуу үчүн далай чымырканды. Айта албады, аяды. Акыры айтты, бирок башкача. “Карымшактын Сарысындай эле бүжүрөп битирейсиң да!” – деди. “Ыя?! – деди уулу чочуп. – Кайдан билдиң?” “Билбейм, кысынып, кымырыланасың… Кээде казан-аякка да киришип…” Уулу күлүп, актана кетти: “Шаар деген шаар. Кымырылбасаң болбойт. Эртең да жашоо керек”. Дөөлөт нааразылана кол шилтеген: “Эртеңкини ойлосоң киши болосуңбу?! Келеркини ойлоо керек.” Уулу алигиче түшүнө элек: эртеңки менен келеркиде не айырма? Анан атам ойлонбой туруп эле айтып койду окшойт деп ойлоп калат… Дөөлөт уулуна жалооруй кетти: “Жер карабай жүрчү, балам!” Уулу селт этип алды: “Эмнеге?” “Жөн эле… Деги ушул жер караган жаман!” Уулуна ыймандай сырын айтып, ичин аңтаргысы келди. Уулун жалооруй тиктеди. Негедир оюнан кайра кайтты, ошентип бүгүн да өкүттө калды. Бүгүн да башкача айтты: “Жаманчылыкты аманчылык жеңет… Мен өмүрүм өткөнчө тобокел менен жашап келатам.” Ким билет, түшүндүбү-түшүнбөдүбү, айтор, уулу күлүп башын ийкеп койду. Экөө андан кийин үйгө чейин үн катышпады… Дөөлөт үйгө кирээри менен эле келинине мактанды: “Муну чилистен деп бекер эле айтып жүрүпмүн! Боз үйдү билбейт тура!..” Келини күлдү. Дөөлөт дагы үч-төрт күн жүрдү. Үйгө уулунун, же келининин тели-теңтуштары келет. А Дөөлөткө баары бир: эркекпи, аялбы… шыдыр эле кеп баштайт: “Айтчы, китеп жазасың, ээ?..” Алар таңданышат да, кесиптерин айтышат. “Мейли! – дейт Дөөлөт колун шилтеп. – Баары бир кыргызсың!.. Кана, мага боз үйдүн эмеректерин санап берчи…” Санап киришет, жарымына жетпей эле тамтаңдап калышат. Дөөлөт: “Өкмөттө мээ жок силерге акча коротуп!” – дейт да, өзү санай баштайт. Бир күнү уулу нааразыланды: “Келген кишилерди эле уялта бересиңби?” Дөөлөт моюн берген жок: “Ии, уяты болсо, боз үйдү билип алсын өкмөттүн акчасын бекер коротпой!..” Келин-уулу күлүп тим болушкан… Дөөлөт муну айылга бараары менен жая баштады. Музейге барганын, андагы эмеректерди. Анан баласын. “Шаарга бала жиберип деле бекер!.. Кечээ эле өзү конуп-түнөп жүргөн боз үйдү унутуп калыптыр!..”
Үйгө кимдер келгенин, баарынын оозун аппак кылганын да унуткан жок. “Зыңкыйган, зыңкыйган эле немелер келишет, – дейт ал барпаңдап, – сурай баштасам эле мусаапыр болуп калышат.” Дөөлөт моокуму кана каткырат. Кээде өзүнө нааразыланып да коёт: “Бекер кылган окшойм. Айрымдары уятына чыдабай тамак ичпей да кетишти…” Бул үчүн кемпири менен да далай кер-мур айтышты. “Дайны жок жебирей бересиңби жаман катындарча! – деди байбичеси. – Бир айттың – болду да!” Дөөлөт чындап кызаңдаган: “Оо жаман атаңдын оозун урайын! – деген ал таягын кезеп. – Сен качантан бери жакшы катын болуп калгансың?!. Жебирейм, эмнеге жебиребейм!.. Жанагы жазбай сени тарткан, курсагы тойгондо баарын унутуп!..” Кемпири үндөбөдү, чырды ырбаткысы келбеди.
Кийин Дөөлөттүн байбичеси шаарга келди. “Атам кандай жүрөт?” – деди уулу күлүп. “Кудай алды дейсиңби! – деди байбиче желпине. – Жүрөт ар кимге ылакап болуп… Аны жанагы мүзөйүңө кайдан ээрчитип бардың эле?!” Уулу түшүндү, кыткылыктап күлө баштады. Энеси нааразы болду. Даттана баштады: “Атаңа айт! Карыганда калжаңдай бербесин… Алжыса да жөнү менен алжыбайбы! Баякүнү элдин баары түлөө кылалы деп Кара-Булакка баратса, атаң короодон моюн созуп алып бакырып атат: “Эми кудайды да паралайлы дедиңерби!.. Андан көрө арык казгыла.” Өлбөгөн эле төрт шыйрагым калды, төтөн карышкыр чапкан акем менен келиндерден уялганымчы!..” Уулу боорун тытты: “Кудайды да паралайлыбы! Укмуш айтыптыр!..” Байбиче ачуулана кетти: “Мунусунда да мээ жок! Дайны жок арсалаңдап… Деги киши өңдүү бириңер барсыңарбы! Же атасы, же баласы…” “Намаз окучу эмес беле?” – деди уулу күлкүсүн тыя албай. “Дагы эле окуйт. Үзбөйт. Өлгөнү жатса да!” “Анда эмне?” “Билбейм. Алжыганы да… – Байбиче кыжырданды. – Өзү жинди болсо да баягы Асан таап айтыптыр: “Бул айылдын эркектери кырктан өткөндөн кийин алжый башташат деп!” Уулу күлкүсүн тыя албай жатты. Кайрадан атасынын жоруктарын эстеди. Чын эле, Дөөлөт чал намазын үзбөйт. Шаарга келгенде да. Чу дегенде эле кыбыласы кайда деп сурайт. Келген сайын какшап жатып, келинине жайнамаз да жасатып алган. “Мунун кереги тийбей койбойт, – деген ал келинине. – Мендей абышкалар келет үйүңөргө.” Баласы абдан жүдөйт: “Ата, физярадкаңды эртерээк бүтчү, же бүгүн окубай эле койбойсуңбу.” Дөөлөт туйлайт: “Кой! Болмок беле! Жинди го!..” Акыры окуйт. Көзү илинип кетсе, кайра даарат алат. Атасынын тажабай даарат алганына уулу таңданат. “Куурап эмне азап! – дейт ал өзүнчө. – Баарын кошуп туруп эле бир окуп койбойбу!” Бир жолу ушинтип айтам деп кагуу жеп калган: “Дайны жок далдырабачы! Андан көрө таптакыр окубай койгон артык да. Окуйсуңбу, окугандай оку, болбосо…”
Кийинчерээк гана кичине жаза басып жүрөт. “Эки ирекетин кыскартып окудум, – деп калат өкүнгөндөй. – Ушу карыгандагы намаз жөн эле бир кеп окшойт.” “Намаз салдаттыкындай эле кеп, – дейт кээде, – так аткарышың керек.” “Солдат жаза басса, командири жазалайт. А силерге, эмне, асмандагылар көрмөк беле?” – деген уулу тамашага чаргытып. “Асмандагысы ким?!” “Кудайчы?” “Аны ким айтып жүрөт асманда деп!” – дейт Дөөлөт кызаңдап. “Молдолор да.” “Былжырашат! – дейт Дөөлөт кыжырдана. Анан ойлонуп калат да, минтип кошумчалай кетет. – Кудай – көкүрөктө! Көкүрөктө, балам!” Муну уулу далай укту, бирок маанисин толук түшүнө бербейт. Бир гана билгени – атасынын кудайы молдолордукуна таптакыр окшобогондугу. Дөөлөттүн кудайы башка: ал – жерде, Дөөлөттүн өзүндө. Ал өтө ыйык, кудайлардын кудайы. Уулу ушундай түшүнөт… Деги Дөөлөт намазын толук окуй албаган күнү карылыкка акарат айтып, шалдая түшөт. Анан түнөрүп олтуруп калат… “Айтсаң боло! – деди байбиче ойго чөмүлө кеткен уулун. – Сенин тилиңди алар…” “Атам эле болсо меникин уга коёт, – деди уулу бурк этип. – Өзүң айтпайсыңбы, жарым кылым бирге жашадыңар!” “Меникин угуп жатабы! – деди байбиче ыйламсырап. – Кайдан үйрөнүп алганын билбейм, ничебо, ничебо деген орус өлбөптүр дейт да колун шилтеп коёт. Ничебосу эмне экенин билбейм!” Уулу кайра айтчы деди, байбиче кайталады. Кайрадан боору эзилип жатып калды. Байбиче: “Деле киши өңдүү бириңер жок!..” – деп нааразыланып алды да, уулуна кошулуп өзү да күлдү… Атасын унуткан жок. Ал да катыгын берди. Ошентип, айылда атасы баласын, анын тели-теңтуштарын кандайча шым кылганын айтып көкүрөгүн койгулап жүргөндө, баласы шаарда “укмуш тим эле укмуш!” – деп сүйлөөгө дарамети келбей атасын көкөлөтө берди…
II
Ушул Дөөлөт бүгүн шаарга кетем деп оолугуп олтурат, кеткенде да кандай, бир ай, жиним кармаса жыл бою кармалып калышым ыктымал деп кемпирине мал-жайды катуу табыштады. “Дайны жок дөөрүбөчү, – деди кемпири ачуулана, – жыл бою аякта суутуп коюптурбу!.. Ушу кышында жол жүргөнүңдү койсоңчу.” “Эмне дейт атаңдын оозун урайын! – деди Дөөлөт күлүп. – Анан жаздын чыгышын күтөйүнбү. Барам, балдарды сагындым. Алмазым аталап ыйлап калган.” Кемпири жоошуй түштү да: “Алымды да сарсанаа кылып!..” – деди кайра нааразылана. “Ага айтпайсыңбы, дилгиреме келиптир де!.. Эмнеге сарсанаа болот, же мен…” “Болот да, болбой коёбу, жер тайгак. – Кичине ойлонуп турду да, чарчагандай: – абарыйа көп!” “Оозуңа таш! – деди Дөөлөт секирип. – Ушунча жыл абарыйа болбогон эми болмок белем!?. Ой-тоону сүйлөбөй берчүлөрүңдү беленде!” Кемпири ары асылды, бери асылды, Дөөлөт болбоду. “Карап тур! – деди ал тажаганда өзүнчө. – Акыры ажалың жолдон болуп, балдарды шерменде кылбасаң эле!..” Оюнун акырына чыкпай селт этип чочуп кетти. Дөөлөт куржунду ийнине асынды да, ийри-буйру таягын (муну өзү аса-муса деп коёт, кимге болбосун таягы жөнүндө айтууну унутпайт: анын касиеттүү экендигин, катуулугун, кантип тапканын… Акыры мактана кетет: “Муну тээ жердин түбү Тогуз-Торого кудага барганда атайы беришкен.” Бул сөздү уккандар таңкалып, ормоё тиктеп калышчу: “Эмне, кийит ордуна таяк беришет бекен?..”) таянып жөнөп калды. Байбичеси түтпөдү, ээрчий басты. Минтээрин билгенби, Дөөлөт да аны менен коштошкон эмес. Экөө ээрчишип кара жолго келатышты.
“Жата берсем, бир жолу жатып кала турганмын, – деди Дөөлөт актангандай. – Муну өзүм сезип жүрөм!..” Бул кемпирине жакпады. “Пыйанкечтерден айырмаң жок, – деди ал ачуулана. – Жол жүрбөй калдыңбы, бүттү, түнөрөсүң да турасың!.. Эми эмне жибердиң деп Алым мага чокчоңдойт. Эки ортодо эле мен!.. Тыякты да, быякты да жүдөтүп…” “Эмне кылып жүдөтүп атам, бир чөөгүн чайын ичкеним болбосо… – Дөөлөт ачуулана кетти. – Бир тыйын да албайм. Карчарбанын акчасы жетет.” (Дөөлөт карчарбасынын акчасын көбүнчө өзү алчу, кээде кемпириникин да. Анын баарын жол жүргөнгө жумшаар эле!) “Бенсыйанын акчасы бүт жолго кетет!” – деди кемпири нааразылана. Дөөлөт үндөбөдү, ормоё тиктеп койду. Кыйлага үндөшпөй барышты. “Көзүң деле көрбөй калыптыр!” – деди кемпири аягандай. “Таягым бар да! – деди Дөөлөт дердеңдеп. – Шаарга жетсем, жанагы чилистендин бир көз айнегин тартып алаармын!..” Ошент дегендей кемпири башын ийкеди. Дөөлөт жайдарлана мактана баштады: “Балыкчыга жетип алсам, андан ары машине саман!..” “Убара болбой бир жолу эле Боронзонун автобусу менен эле кет!” – деди кемпири. “Күтүп жүрөмбү… – Дөөлөт кол шилтеди. – Азыр таатырга түшөм да, кетем… Кишилер кызык, шоопурларды өздөрү жаман көндүрөт. Балыкчыга чейин үч сом беришет экен, а мен эки эле сом берем. Кыңк этишпейт. Алат да, чөнтөктөрүнө салып коюшат… Же сүрүмдөн коркушабы?” Дөөлөт чөнтөгүнөн акчасын алып чыкты да, эки сомду бөлүп, тышкы чөнтөгүнө салып койду. Аңгыча машиненин карааны көрүндү, Дөөлөт таягын көтөрүп, бул жерге токто дегендей белги берди. “Жинди! – деди кемпири өзүнчө. – Милийсадай буйрат да, кантип токтосун?!” Машине токтоду, Дөөлөт дебелектеп жүгүрдү.
Кемпири машиненин токтогонуна биресе таңданса, биресе сүйүндү. “Токтоду.!.” – деди күлүп. Анан шашып калды. Дөөлөт суроо-сопкутсуз эле лып отурду. Кемпири артынан жүгүрүп жетти. “Балдардын бетинен өөп кой! – деди ал. – Талкан берип жиберейин дедим эле, шаштырып жатып, унутуп калыпмын. Азыр эстедим. Мейли эми…” “Талканыңды койчу! – деди Дөөлөт жактыра бербей. – Акчасы көп неме сатып деле алат… Балдарга ишенбей малга жакшы көз сал! Кара койдун желини толуп, тууганы араң эле турат. Түнүчүндө чыгып карап тур, тууп, тумчугуп өлүп калбасын… Алымга айтып кой, мени Пишпектин аптобусу менен кетти де, шоопур үйүнө чейин жеткирет деп айтты де!.. Сарсанаа болот. Малды кара, малды! Бастырманын үстүндөгү чөп!..” “Какшабачы! – деди кемпири толук сүйлөттүрбөй. – Бар эми!..” Кемпири кабинаны жапты. “Жинди го, атаңдын оозун урайын!” – деди Дөөлөт бышмыйган сары орус шоопурду карап. Ал түшүнгөндөй күлүп койду.
Ушул Дөөлөт азыр үйдө олтурат. “Кантип келдиң?” – деди уулу күлүп. “Келем да! – деди Дөөлөт мулуңдап. – Келип эле жүрбөдүм беле!..” Уулу кубанып калды, атасы үйдү таап келгенине, дагы эле алдан-күчтөн тая электигине сүйүндү. “Таксиге түштүм, – деди кайра Дөөлөт мактанып. – Шоопурдун оюна койсом тыякка-быякка тегеретип төрт-беш сомду кагып алчу түрү бар. Мени бир эчтеке билбеген байкуш деп ойлосо керек… “Давай, пирамо!” – дедим чокчоңдоп. Тиги сестене түштү, башын чайкап күлдү да, айдап жөнөдү. “Чорт кыргыз!” – деди окшойт өз ичинде.” Уулу күлдү да, өзүнчө шыбырап алды: “Баладай болуп баратат!..” Өкүндү. “Мени ай-асманга учуруп жатыпсың го, ата?” – деди уулу бир аздан кийин. “Сени да угуп жатам, баатыр! – деди Дөөлөт моюн бербей. – Мени да оңой машаке кылбапсың!” “Ким айтты?” “Тилипон (Дөөлөт кемпирин кээде тилипон деп койчу) эчак жеткирген”. Уулу күлдү: “Анда эсеп нөл-нөл”. Дөөлөт да күлүп башын ийкеди… Дөөлөт эки түнөдү. Эки күн тең небереси менен бирге болду. Уул-келининин айтканына болбой небересин бала бакчага жибербей койду. “Урушса уруша берсин! – деди ал колун шилтеп. – Айылдан атайы чоң атасы келиптир дебейсиңерби! Жетимиштен өткөн абышка дебейсиңерби!.. – Анан нааразы боло үшкүрүндү. – Бала бакчаң эмне, балам жоголбосун деген эле кеп да!..” Келин-уулу үндөй алышпады, небереси да сүйүнүп калды. Дөөлөттүн небереси менен жаны бирге эле, чын эле атайы ал үчүн келгендей.
Уулу да, келини да өздөрүнчө ойлоп калышчу: “Атам неберси жок болсо, быякка келээр беле?!” Дөөлөт тантыгы (ал небересин тантык деп эркелетчү, анткени ал жарымын орусча, жарымын кыргызча сүйлөөр эле) үчүн көп ойлонот, санаага батат. Уул-келини менен да далай урушту. “Бала бакчага эптеп орноштурдум жүгүрүп жүрүп… Колубуз бошобосо алтынчы, дем алыш күнү деле тыякта болот!” – деп уулу бир жолу мактанып коюп, атасын жинди кылып жибере таштаган. Дөөлөт ыйлап жиберчүдөй кыйкырып-өкүрүп жер сабаган: “Кыйраткан турбайсыңарбы! Балага колуңар бошобогондон кийин кимге бошойт колуңар?!. Атасы менен энесинин кашында болбогондон кийин… Тирүүлөй!..” Уулу да моюн бербей актана кетти: “Ишчи, ата. Экөөбүз тең иштейбиз. Бирөөбүздүкү жете турган эмес… Шаар…” “Шаарың менен жерге кир! – деген Дөөлөт ого бетер күчөп. – Беш-он сом үчүн!.. Менин карчарбамды ал, ал жетпесе кызыл өгүздү сат!” Дөөлөт өзүн токтото албай, далайга калчылдап олтурду. Уулу алапайын таппай калды, акыры “тамашаладым, кантип эле ошентелик” – деп араң жибитти.
Ошондон бери Дөөлөттүн жүрөгүн бир нерсе өйүй берет. Ал кетээри менен апта өтпөй кемпири келди: “Кайдагы балакетти айттың эле! – деди ачуулана ыйламсырап. – Жеп бүтмөй болду тигиниң! Эртең менен да, кечинде да… Баланын балакетин алсын дейби!.. Мен колхоздун козусун да ошентип бакпас элем дейби!.. Күн жок менде!” Уулу кекенип тим болгон: “Түшүнбөйсүңөр да!..” Айтор, Дөөлөттүн күйүтү күч. Көп ойлонот, кыялданат. Алмазды мага беришсе дейт, өзүм менен кошо ээрчитип жүрсөм дейт. Көп-көп тойлорго барат элек дейт. Шаарга барганда да мынчалык кыйналбайт элем, ата, кызарып күйдү – токто, жашыл болду – өтө бер деп жетелеп жүрөт эле дейт. Көп-көп, узак-узак жомокторду айтып берээр элем дейт. Мүрзөлөргө барып, арбактарга куран окуйт элек дейт, ал быйтыйган колу менен бата бергенди үйрөнөөр эле дейт. Ал дагы көп-көп кыялданат. Аны өзүнөн башка эч ким билбейт. Айткандан негедир тартынат. Уулу менен келини Алмазды жакшы көрөөрүн билет, буга ичи күйөт, кызганат. Өзүн жооткото кетет анан: “Эне – атасы да!.. Бала кимге ысык көрүнбөйт!” Бирок, ошентсе да, көп өтпөй эле дайыма жер карап ойлуу жүргөн, жөн-жөндөн эле кымырылып-кысына берген уулунун элеси көз алдына келе калат да, селт этет: “Бу адам деле мал сыяктуу эмеспи: кимдин колунда өссө, ошого окшош болуп…”
Ар жагын ойлонгусу келбегендей, башын чайкап-чайкап алат. Акырында аргасы кеткендей өзүнчө шыбырап тим болот: “Деги кайда болбосун аман эле жүрсүн!” Кийинчерээк өзүн алдачу болду: “Ээрчитип жүрүп дагы бир кырсыкка чалдыктырып алсам… Кой!..” Кайра бата берет: “Аман эле жүр!” Уулунун да, келининин да Алмазга жасаган мамилеси Дөөлөткө жакчу эмес. “Бул капастагы киши эмес да, бала да! Эркине койсоңор боло, кичине ойноп алсын, – дечү ал экөөнө ачууланып. – Жетет да керели кечке тыякта камалып жатканы!..” “Ай ата, ай ата, күйгүзөсүң да! – дечү уулу аргасы түгөнгөндө башын чайкап күлүп. – Баягыны дале унута элексиңби?! Алар бизден жакшы багышат, убагында ойнотот, тамак берет, уктатат!..” Уулу канчалык жанталашпасын, Дөөлөт колун шилтечү: “Ошолоруң курусун!.. Сен бери карап укчу, – дейт уулуна. – Сени бирөө келип эле: укта эле укта, ойно эле ойно!” – деп кыйкыра берсе киши болосуңбу. Ымыркайынан күнкарама кылып!.. Ошончо баланын баарынын эле кантип бир маалда уйкусу келсин!” Уулу үндөй албай ойлонуп калат. Ал небересин кыйноодо жүргөндөй санай берет. “Макул, – дейт өзүнчө кээде, – жомок айтып берет экен, мунусу жакшы. Анан оку, бийле, дагы балакет-салакет деп эмне үчүн кыйнайт?! Баланын башын айландырып…
Эркине койбойбу, кааласа ойносун, кааласа уктасын… Тентек да кылсын, бала да! Эгер ашынып баратса, куйрукка чаап койсун. Жанагы ит да, келин да шыдыр эле башка чабат экен! Булардын оюна койсо, Кадыр уук жасагандай ой келди жонуп, ийрейтип-түзөтүп баарын эле прапысыр кылып койгулары бар. Бала деген башка, бала деген… – Дөөлөт бул жерге келгенде дайыма такалып калат. Анан кайра кудуңдайт: – Мына, Акматтын Карысын карачы, кичинекей кезинде топого оонап, карала-торала болуп эле жатчу. Бала бакчага барып мээсин чириткен деле жок. Азыр көр, министр! Адептүү. Шаарга келген сайын үйгө жүрү деп аргамды түгөтөт…” Дөөлөт дагы көп-көп ойлонот. Ал неберем айылда көпкө жүрсө деп тилей берет. “Үзбөй алып келип тур, – деп какшайт уулуна. – Өзүнүн туулган жерин көрүп өссүн, элин таанысын!” Уулу тамашага чаргытып күлөт: “Фрунзеде туулбадыбы, ушу жерде өсүп жатат. Кийин аякка бараарын кудай билет…” Дөөлөт буга чыдай алчу эмес, туталанып калчылдап кетчү: “Ушу сенин акылың качан токтолот, ыя, же көрүнгөн китепти окуп жатып… – дечү ал сөзүн бүтүрө албай. – Түшкөн жер эмне…
Ал жерге баланы оонатып гана коюш керек. Туулуу, өлүү… Булар ылгабайт, буларга айла жок. Ой менен тообу, үй менен талаабы, баары бир тууласың, өлөсүң… Зили барып эле ата-бабаңдын сөөгү жаткан жерге такалат! Мына, анык туулган жериң! Ата-бабаларыңдын арбагы!.. Сөөгүң да ошол жерге коюлушу керек!” Ал көпкө үндөбөй, ойлонуп олтуруп калчу. Анан чоң Үркүндө өздөрүнүн тукумунан бирөөнүн сөөгү Текесте калганын айтып, каңырыгы түтөөр эле. “Билген экен байкуш! – дечү. – Өлөр-өлгөнчө сөөгүм ушул жерде калмак болду ээ, чыдай албадым ээ деп какшап жатты… – Түнөрүп олтуруп калат да, актана кетет: – Арманда кетти! Алып келе албадык, кайдан, тирүүлөрүбүз араң жеттик!..” Кадимкидей жашыйт Дөөлөт. Билдирбөөгө жанталашат: “Ыдырабагыла! Ыдырабагыла! Бир атанын балдарысыңар. Ынтымак… Ынтымак! – деп сайрап жатып үзүлдү эле. Карачы, азыр канча болдук, – дейт ал кубана. Селт эте түшөт да, түкүрүп-түкүрүп алат. – Кудай ушуну кут кылсын! Канат жайылды, бириң Пишпекте, бириң Нарында… А ынтымак!” Дөөлөт тык токтойт. Же кубанаарын, же кайгыраарын билбей калат. Ал кубанат, канат жайылып, ар жерде жүргөндөрүнө кубанат. Кайра эле кубанычы тарап кетет. Ал баары бир жерде болушса деп эңсейт, кичүүлөрү улууларын угуп, жаман-жакшылыкта экөө бирдей тике турса деп да эңсейт, деги баары эле бирге жүрүшсө деп эңсейт. Бирок… Дөөлөттүн башы маң. Акыры айласы түгөнгөндөй: “Деги аман эле жүргүлө!” – деп канына сиңип калган сөзүн кайталап тим болот… Небереси баарын билүүгө тийиш, Дөөлөттүн жүрөгүндө эмне бугуп жатса, Дөөлөт неге кубанып, неге кыжалаттанса, ошонун баарын небереси билүүгө тийиш. Дөөлөт ушуну тилек кылат, кыялданат, ушуга жанталашат. Билбесечи?.. Муну ойлоодон коркот Дөөлөт!
“Үйдө эле жата бересиңби, циркке барып келбейлиби, ата?” – деди уулу үчүнчү күнү. “Аның эмне?” “Оюн. Топоз, эчкилер бар экен.” Дөөлөт көңүлдөнбөдү: “Көрбөй жүрдүм беле аларды!” “Төө да бар, ата, – деди уулу таңдангандай. – Баары бийлешет дейт.” “Төөбү? Төө көрөм десең үйгө бар, Калматтын төөсү эки боо чөптү жеп бүтмөй болду. Мойнунун узундугун айт! Бар да, кайтарып жата бер. – Өкүнө кетти. – Эмгиче калды дейсиңби, жеп бүттү да!..” “Булар башка төөлөр да! – Уулу нааразыланды. – Оюн коюшат…” Дөөлөт кызыкты, барууну чечти. Келин-уулу Дөөлөттү жасай баштады. Жаңы костюм кийгизишти. “Сага арнап атайы алып койдук эле, кийип жаркырап бар!” – деди уулу дердеңдеп. “Ой эми мага эмне шаң, эскиби, жаңыбы?..” – деди Дөөлөт кийинип жатып. Чындыгында уул-келинине ыраазы болуп, өзүнчө кубанып жатты. Так чыга берерде Дөөлөт кайра чыр баштады: “Өзүмө өзүм батпай жатам колдоюп. Тигилерди эле киейинчи. Олтуруп-турсам эле айрылып кетчүдөй мунуңар!..” Уул-келини болушпады: “Эл көп болот. Уят…” Дөөлөт да айтканынан кайтпады, акыры күрмөнү чечти да, кемселин кийди. Шымды чечпеди, көңүлдөрүн оорутпайын деди. “Киши карый турган деле эмес экен, – деди уул-келинине көңүлдөрү сынып калбасын дегенсип. – Узун кийбесем эле эки тизем, жоон саным какшап чыгат.” “Анын ичи ысык. Жай,” – деди уулу. “Карылык жай менен кышты билбейт, – деди Дөөлөт өкүнүп. – Ал дайыма таш болот…”
Уулу атасынын бутунан башына чейин бир карап алды да, угуулаар-угулмаксан күбүрөдү: “Эскилиги жетип айрылганы деле калыптыр, тил алып эле…” Муну Дөөлөт илип алды да: “Уялсаң, жаңысын сатып бер,” – деди күлүп. Анан ойлоно калды да, кошумчалай кетти: – Ысталин деле өлгүчө жаман китилин жонунан түшүргөн эмес.” Жөнөштү. “Ата, – деди уулу бир аз узагандан кийин, – баягындай кыйкырбагын. Уят! Чыгарып жиберишет. Көзүңө карабайт!..” Дөөлөт ормоё тиктеди да, мурчуюп калды. Уулу өзүнчө күлүп баратты, атасы экөө драматеатрдан “Шаршенди” көргөнүн эстеди. Анда Дөөлөт беймаза кылган. “Эй, ыйманыңды жебе!” – деп кыйкырган Шаршендин ролун аткарган артистке. Алардын айланасындагылар Шаршенге эмес, Дөөлөткө күлүштү. Уулу уялып, атасына шыбырады: “Ата, уят. Ал Шаршен эмес, артист!” “Мен да ошону айтып жатам!” – деди Дөөлөт кыжырдана. Эшик тоскон аял жүгүрүп келди да, эскертип кетти. Дөөлөт бир азга дымый түштү да, кайра тыбырчылап, сүйлөнө баштады. Баягы аял дагы жетип келди: “Чыгып кетиңиз! – деди ал кызаңдап. – Бул жер колхоздун контору эмес сизге!” “Жинди бекемин чыгып кеткендей! – деди Дөөлөт коркпостон. – Сенин акчаңа кирген эмесмин, пул төлөгөм!..”
Баласы атасынын атынан улам-улам кечирим сурап, убада берип жатып араң кетирген… “Кишини ит кылдың!” – деген уулу чыгаары менен. “Ит кылсам, эмнеге ээрчитип келесиң!” – деди Дөөлөт нааразы боло. “Уят да, элдин баары сага күлдү!” – деди уулу кайра. “Күлсө күлө беришсин!.. Шаршен деп коюшат шоңшойгон бир сары немесин! Чыгып кет деп.. – Уулуна карап ачуулана кетти. – Колхоздун кеңсесин уй сарайдай эле көрөсүңөр го ээ?! Жанагы былчыйган сары катының ошол колхоздун нанына семирип жатканын билеби, ыя?!” “Шаршен менен чогуу жүргөндөй кыйкырасың!” – деди уулу сөздү башкага буруп. “Сен да соо эмессиң! – деди Дөөлөт күйбөгөн жери күл болуп. – Ой, Шаршен менен мен чогуу жүрбөгөндө, анан ким менен чогуу жүрүптүрмүн?! Айтчы, аны менен пыйба ичишкен ким эле?.. Аны көргөндө эле чалкаңдан кетчүсүң. Оозу, мурду, кулагы бүт күлкү болучу. А тигиниң эмне?!” Колун шилтеди. “Элдин баары эле күлбөдүбү”, – деди уулу. “Күлкүсү келсе күлүшөт да! – деди Дөөлөт. – Азыркылар бокко деле күлүшөт”. “Сендей абышкалар деле күлүштү”. “Ошолор жерге кирсин! – Дөөлөт дагы колун шилтеди. – Увазирдей болгон немелер да!” Дөөлөт кеп жебей койгондуктан, уулу үндөбөй калды. Үндөбөй кыйлага барышты. “Увазириң ким?” – деди уулу бир маалда чочугандай.
“Илгери бир хан болуптур, – деди Дөөлөт. – Сендей эле жаш экен. Увазири кары болот. Эки-үч хандын башын жутат. Хан бир күнү ойлонот: “Хандар кетет, бул калат. Ушунча ханга кантип жаккан?” Акыры сынамакчы болот. Туура иш жасайт, увазири башын ийкеп күлөт. Атайы натуура иш кылат, увазири дагы эле башын ийкеп күлөт. Дагы көп иштерди кылат, увазир лам деп ооз ачпайт. Башын ийкейт да, күлөт. Хан увазиринин башын алдырып салат. Себебин өзүнөн башка эч ким билбейт…” “Кызык? – деди уулу таңдана. – Эмне үчүн алдырат, же ханга каршы чыкпаса.” “Кыйын болсоң тап! – деди Дөөлөт эрдемсий. – Акыл токтотуп, ойлоп көр…” Анда уулун таңдандырган Дөөлөт азыр мурчуюп баратат. “Карып бараткан окшойсуң, ата!” – деди уулу күлүп. Дөөлөт чочуп кетти: “Кайдан билдиң?!” “Тамашаласам, мурчуя түштүң.” “Анан жашармак белем, – деди Дөөлөт күлүмсүрөй. Ойлонуп калды да, үшкүрүнө. – Бизге да аз калды, кудай силердин алдыңарда алса экен!” Уулунун ичи күйдү. Муну сезди көрүнөт: “Мээ бөксөрө элек, – деди Дөөлөт күлүп. – Жаман оюңда мени алжып баратат деп санап жатсаң керек. Мен да бирдемени билем!..” Алар алды жактан орун алышты. Оюн башталды. Жарк-журк этет. Бирде караңгы, бирде жарык… Музыка шаңшыйт. Уулу атасына тигилет. Дөөлөт өзү эле жалгыз олтургандай, эч нерсеге назар салбагандай. Атасын карап далайга отурду. Суктанды, кайра ичи күйдү. Карып бараткансыйт. Жашын санап кирди. Санай албай чаташты… Бир миң тогуз жүз төрт, жок, алты. Ошондо… “Жетимиш жаш эмне? – деди өзүн сооротуп. – Дагы жыйырма жыл жөн эле жашаса болот да!” Сүйүндү, өкүндү кайра: “Балага окшоп баратат! Бат эле мурчуя түшөт…” Жайыкка куудулдар чыгышты. Бирөө челкейип семиз, бирөө илмийип арык. Экөө күрөшө кетти.
Семиз тегеренсе эле, арыгы эбелектей учуп жатты. Элдер күлүп жатты. “Атаңдын оозун урайын! – деди Дөөлөт өзүнчө. – Мунун эмнеси күлкү? – “Жакпай калды, – деди уулу. – Атама жакпай жатат.” Күлдү. Атасына оңойлук менен бир нерсе жакпасын эстеп күлдү. Дайыма бир жеринен кыйкым табат да турат. Ак-Мөөр эсине кылт этти. Ак-Мөөр жөнүндө кеп болгондо, Дөөлөттүн чый-пыйы чыгып, үстүнө түшө калат. Эч кимге сөз бербейт, андан талашуу да кыйын. Бирдеме десең эле: “Ие ботом, ушу сенин мени менен талашкың барбы? Ой мен Ак-Мөөрдүн небереси менен кечөө эле чогуу жүрбөдүм беле! Мактана кетет. – Абакта чогуу жатканбыз. Аны да манаптын тукуму деп, мени да манаптын тукуму деп… (Албетте, кечөөсү качан экени белгисиз, эгер качан десең, тээ илгери, баягы мен… дейт.) Анан ушу менден талашасыңбы, ыя!” – деп кызаңдай кетет. Бир күнү “Ак-Мөөр” киносун телевизордон көрүштү. Дөөлөт адатынча эч кимге сөз бербей Мөөрдүн небереси менен кечээ эле… тээ илгери бирге болгонун айтып мактанып олтурду. Кино башталды. Жантай хан көрүндү. “Окшош экен, хандык сөөлөт бар!” – деди Дөөлөт ыраазы болгондой. “Хан келатат, кара кулак шер келатат!..” Элдер таазим кылып жатышты. “Хан да!” – деди Дөөлөт компоё. Аңгыча кыз тандоо башталды. Баяке купшуңдап улам бирине барат. Улам бирин… Дөөлөткө жакпай калды. Жерге түкүрдү Дөөлөт: “Калп!.. Хандын касиетин качырып салышыптыр!” Туталана берди.
Кийинкилерин көрүп-көрбөй эле сүйлөнүп кирди. “Ие айланайын, кыргызда качан ушундай болуптур! – Тегерегинде отургандарга кайрылып, ачуулана кетти. – Бу силер илгеркилердин баарын эле айбан көрөсүңөр го ээ, ыя?!” Эч кимиси үндөгөн жок, сүйлөй бер дегендей күлүп коюшту. Дөөлөт ого бетер жинденди. “Жазуучуларыңдын баары калп! – деди ал кайра. – Мүшөктөп акча алышат дешет. Нан таап жеп жатасыңбы, туурасын айт, ошондо аш болот да!” Дагы эч ким үндөбөдү. Угушса да укмаксан, кино менен алек. Дөөлөт тыбырчылап дагы бир азга олтурду да, акыры чыдай албай эшикке чыгып кетти. Тигилер бир-бирин карашып күлүп алышты… Семиз, арык дале күрөшүүдө. Эми баягы эбелектеп учуп жаткан арык семизди көтөрүп урду. Семиз тура албай калды. Арык аны таптак көтөрдү да, элди тегерете карап, таазим кылып жайыктан чыгып баратты. Дөөлөт каткырып жиберди. “Куйручуктай насыбай чачып жиберди го, – деди ал бакылдап. – Жок, анткендей деле болгон жок”. Дөөлөттүн тегерегиндеги кыздар бир-бирин карашып кыткылыктай башташты. Дөөлөт да аларды карап күлдү да, баягы семизге нааразы боло кетти: “Ие жаман атаңдын оозун урайын десе, төөнүн жарты этиндей болуп алып!..” “Жакты окшойт” – деди уулу кубангандай. “Жакты! – деди анан кайра. – Жакканда дайыма ушинтет”. Уулу өзүнчө күлдү. Атасына жаккандарын эстеп күлдү. “Каптагайдын кызы” жаккан ага.
Бир жолу келгенде Дөөлөт уулуна “Каптагайдын кызын” айтып берди. Уулу ага билдирбей магнитофонго жаздырып алды. Экинчи жолу келгенде, Дөөлөткө кайрадан угузду. “Билет экен! – деди Дөөлөт. – Даанасын билет экен!” Бүткөндөн кийин: “Даанасын билет экен!” – деп улам-улам кайталап, барбалаңдап кубанып, минтип кошумчалаган: “Айрым жерлерин гана унутуп айтпай кетиптир…” Уулу каткырды, чындыкты айтып боору эзилди. Дөөлөт ишенбей койду. Уулу араң ишендирди. Дөөлөт тырчыган жок, кайра кубанды. “Мен артис турбайымбы, товариш Дөөлөтович!” – деди барбаңдап. Кийин айылга барганда “жанагы иттин кылбаганы жок!” – деп коюп, окуяны төкпөй-чачпай айтып жүрдү. Сөзүнүн акырында: “Бу адамдын баары эле артистпи деп калдым!” – деп мактанып койчу… Манас, Семетей, Сейтек, Төштүк… буларды Дөөлөттөй кадырлаган жан табылбас. Булардын баары болгондой, баары азыр да тирүү жүргөндөй сезчү Дөөлөт. Ал булардын болгондугун жеткире албай азапка малынчу, кадимкидей калтырап-титиреп: “Болгон да! Болгон үчүн!..” – деп не айтаарын билбей калчу. Кантип ишендирээрин билчү эмес Дөөлөт… Буларга сөз тийгизүү чоң күнөө деп түшүнчү Дөөлөт, бул үчүн кимдин болбосун жазасын берчү. Уулу күлдү. Анда ал мектепте окучу, бир жолу: “Манаска караганда Абыке, Көбөш кыйын окшойт,” – деп койду. Дөөлөт үбөлүк жылмалап олтурган, чок баскандай ордунан ыргып турду да, жонго бир салды. Кемпири өкүрүп-бакырып ортого түштү.
Дөөлөт буркан-шаркан: “Мен сага эмне деп какшап жүрөм, ыя?! Же силерди мактебде ушинтип окутабы?! Азыркы маалимдердин бирөөндө да мээ жок! Алымкулдун үйүндө эле бозо аңдып басып жүрүшөт!..” Муну бул бойдон калтырган жок, бир күнү мектепке атайы барып, чаң салып кеткен. Уулу ошондон кийин мугалимдер көпкө унутпай, аны кектеп жүргөнүн эстеп, башын чайкап күлүп койду… Дөөлөт ойлуу олтурат. Жүзүнөн күлүк жоголду. Мостоюп, ойлуу. Уулу жан айласын таппай калды. Атасын карады. Өзүнчө күбүрөнүп жатат Дөөлөт. Ал эстей албай жатты, атасы качан ушинтип олтуруп каларын эсине түшүрө албай жанчылды. Акыры тапты. Сүйүнгөнүнө чыдабай кыйкырып жибере таштады. Ал дайыма ушинтет, Каныкей жөнүндө айтаарда же айтып бүткөндө дайыма ушинтет. Өзүнчө күбүрөйт, муну эч ким түшүнбөйт. Ошол күбүр Дөөлөткө дем бергенсийт. Күбүрөп алат да: “Ургаачынын сырттаны! – дечү суктана. – “Каныкей!.. Каныкей…” Калганын улай алчу эмес Дөөлөт, башын бирде ийкеп, бирде чайкап отуруп калчу. Каныкей ага Семетейди Таласка атайы жибергендиги үчүн өзгөчө кымбат эле. “Бар деди, – дечү ал шаңдуу. – ата-бабаңдын жерине, өз элиң, өз жериңе. Бар, балам!.. Анан узун жомок айтты:
“Кылычы турат илинүү
Кылганынын баарысы,
Канкордуку күмбөзүнө чийилүү.
Саадагы турат илинүү,
Санатынын баарысы,
Канкордуку күмбөзүнө чийилүү.”
Дөөлөт муну өзгөчө кыраат менен айтат: бирде шаңдана көкөлөйт, бирде онтоп сыздайт. Эси оогондой үндөбөй калат. “Деди да, бар эми деп жөнөттү, – дейт кайра. – Салып-уруп жетип келди Семетей. Бакай жүрүптүр… – Үнү каргылдана түшөт Дөөлөттүн. – Баягы Бакай жок!..Баарынан да… баарынан да… – Ал күлөйүн деп жанталашат, кудурети жетпейт, жашып кетет: – баарынан да малдарыныкы кызык. Кыйкырык-өкүрүккө, карсылдаган союлга карабай Семетейди карай качып жөнөшпөдүбү алар… Адам-э-эй, буркурап боздошот!.. – Дөөлөт азыр эле болуп жаткандай, көзү менен көрүп тургандай титиреп алат. – Пенде карап тура албайт!.. – Не дээрин билбей калат Дөөлөт, аргасы түгөнгөндөй тегерегиндегилерге кайрылат. – Мал болсо эле айбан дейбиз, ээ, мал да биле-ет, кимдин ким экенин!.. Өөп-жыттап көрүштү Семетей Бакай менен, төөлөр менен… Анан Бакайды ээрчитип алып жөнөп калды. – Үндөбөй калат Дөөлөт. Кайда жөнөгөнүн атайы табышмактантат Дөөлөт. Элдер суроолуу элейишет. Ошондо гана: – Чу дегенде эле ат тизгинин күмбөзгө бурду, адегенде эле күмбөздү көздөй жөнөдү. Кайда барабыз деген да жок, шыдыр эле атасынын сөөгү жаткан жерге келди… – Дагы үн катпай калат Дөөлөт. – Келсе… Жатыптыр!.. – Үнү каргылданып кетет. – Кумайык жатыптыр. Итчи, Манастын ити! Жаткан экен тилин салаңдатып күмбөздөн бир кадам жылбай. Күмбөздү кайтарып… Жатыптыр байкуш кадам жылбай. Көрүп эле Семетей, бакырып жиберди Семетей… Кыраан эмеспи:
“Атамдан калган Кумайык,
Саа байтал бир сойсом ылайык!” – деди да, бир байталды кескилеп жиберди, этин Кумайыкка ыргытты…” Ойлуу олтуруп калат. Дөөлөт калганын анча айталбайт. Көңүлү келбегендей айтат. Шалдайыңкы айтат… Жүрүп-жүрүп олтуруп эле кайра Каныкейге келет. “Сырттан! Пендеде жок сырттан! – Тегерегиндегилерге карап, колун силкилдетет. – Билген да, атасынын сөөгү жаткан жер бала үчүн эмне экенин билген да, эл-журттун касиетин билген да!.. Ата-бабаңдын сөөгү жаткан топурак бөлөк да!.. Сырттан!” Кайрадан ойго батат Дөөлөт. Кийинчерээк көп айтчу болду Дөөлөт. Шаарга келгенде жок дегенде эки-үч айтып калууга үлгүрөт. Уулу менен келини муну жатка билет, ошентсе да айтат Дөөлөт. Уулу да, келини да аң-таң. Дөөлөт өзүнчө ойго батат. “Тээ Букардан ат менен… А буга, эмне, ашып кетсе алты сааттык эле жол! – дейт ал уулун карап өзүнчө. – Анан… Жетишпейт, жетишпейт эле дейт. Акча эмне?! Мына, биз мындай курагыбызда бел чечпей иштедик, акча дегенди билген да жокпуз. Акча деп… Азыр эмне, туулары менен акча алышат экен, алганы ошол да төрөлгөндө эле акча берет экен! Анан жетишпейт, жетишпейт! Эмнеси жетишпейт?! Үйү үстүндө, курсагы ток, кийими бүтүн… Өкмөт да кызык, акча берип, жаман көндүрүп!..” Акылы жетпей калат Дөөлөттүн, башы маң. Кээде күйүтүн уулуна чыгарып алат: “Азыркы эркектин баары бириксе, бир Каныкейге татыбайт… Жомок деп коюшат!..” “Өзүңчү?” – дейт уулу. “Ушу мага теңелгиңер келип жүрөбү?!” – дейт Дөөлөт калчылдап. Уулу үндөбөй калат. “Кумайыктын мээнетин алгыла! – деди бир күнү уулуна таягы менен жерди койгулап, – Кумайыктан айланып кеткиле! Кумайыктыкындай акыл бар бекен силерде?! Ит деп ким айта алат Кумайыкты, айбан дегенге кимдин оозу барат Кумайыкты!
Күмбөздөн жылбай сөөк кайтарып жатпады беле ачкалыгына карабай кесээрип… А силер… Ушу карыш турган жерге!.. Бейит силерге төмпөйгөн эле топурак!..” Уулу мында да күлүп кутулган… Көп ойлонот Дөөлөт, санаага батат. Жаш баладай эдиреңдеп кубанат, кыялданат. “Манастын күмбөзүн бир көрсөм, атаңдын көрү! – деп калат кээде. – Кандай болду экен? Кылычы кандай болду экен, санатын кантип чийди экен!..” Бул уулуна кыялдай сезилет. Ал Манастын күмбөзү бар экенине ишене бербейт, айтор, кайдыгер. “Айтылган соң бар да! – дейт Дөөлөт ишенимдүү. – Каныкей курдурткан соң, кылымга татырлык кылды да! Табыла-ат, көрө-өрсүңөр! Ал бар!” Кантип далилдерин билбейт Дөөлөт. Анын жанталашып калчылдаганын, жалжылдап күйүп-жанган көздөрүн карап отуруп, чын эле анын бар экенине ишенип кетесиң! Кээде күбө катары Тыныбек менен Актанды кармайт. “Өңгөсүн билбейм, – дейт ал, – Табылды чын эле болгонун даана билем. Актандын өз оозунан уккам… Табылды болгон соң, Манас деп ураан чакырган соң…” Анан арман кыла кетчү:
“Жеңге батпас ак билек,
Жерге кантип батасың!
Жерге жатпас алтын баш,
Көргө кантип жатасың!” – деп мурдунан каны түтөктөп, жаны чыкпай кыйналып жатканда ырдаган экен Тыныбек. Ошондо Актан үч жашар бала, атасынын өлүмүнөн бейкапар боорсокту бурдап… Кимгедир бирөөнө нааразылына үшкүрө кетчү: “А… Дүйнөң деле курусунчу! Тыныбек, Актан кеткенден кийин!..” Уулу карап тура берди. “А!” – деди ал атасын туурап, “А!” – деди кайра. Таптакыр окшоштура албады, атасы башкача айтчу, таптакыр башкача айтчу. “А!” – деди кайра, “А!” – деди… Аңгыча жер дүңгүрөй түштү. Атчан азаматтар чыгышты. Ортодо бирөө шапалагын тарсылдатып, айкайлап турду. Дөөлөт кызыга карап калды. “Кыргыз эмес экен, – деди ал өзүнчө айкайлаган киши жөнүндө. – Кыргыздар оор басырыктуу келет… Гурузинби мурдуна караганда?” Анын айкайы күчөгөндөн күчөй берди. Аттар айлампада зымырайт. Элдер шатырата кол чаап жатышат. Дөөлөт аттарга эмес, элге таңданды. Ага негедир кызыксыз болду. “Иттин уулу Байгара деле минтпейби! – деди өзүнчө. – Тоо ылдый чаап түшкөндөргө бул айлампа кеппи?” Оюн кызыды. Ортодогу киши шапалагын жогору көтөрө берди да, оңду-солду шилтеп кирди. Тарс-тарс-тарс… Аттар ого бетер зымырады. Азаматтар ээрден оошту.
“Кудай урду! – деди Дөөлөт чочуп. – Басмайылын бекем тартышпайбы!” Жок, ээр эмес, жигиттердин өздөрү. Баягы киши сүрөп айкайлады. “Ай үнүңө баракелде!” – деди Дөөлөт. Жигиттер көзгө илешпей аттардын чатына жетишти, көзгө илешпей андан өтүштү, жигиттер ээрге миништи… Жигиттер аттардын чатына жетишти, жигиттер андан өтүштү, жигиттер ээрге миништи. Аттар зымырайт, киши айкайлайт, жигиттер чимирилет. Баары чимирик, жер айланып жаткандай. “Баракелде! – деди Дөөлөт каны дүргүй. – Көк бөрүнүн аттары экен, көк бөрүнүн жигиттери экен!..” Кичинекей айлампа кеңейип, кеңейип барып, көк майсаң талаага айланды. Дөөлөт кыйкырып жиберди. Кыздар дагы кыткылыкташты. Уулу атасын ормоё карап койду. Жер дүңгүрөйт. Аттар зымырайт… Аттар бир-биринен ажырай баштады. Аттар чаалыкты! “Алакандай жерге!..” – деди Дөөлөт өзүнчө түшүнүксүз булдуруктап. Аттар кетти. Бирөө токтоп, атайы Дөөлөттү карагандай болду. Жүрөгү негедир тыз дей түштү. Ал азыналачудай болуп барып токтоду. Үлгүртпөдү. Күчтөп алып кетишти. Азыналай албай кетти. Дөөлөттүн жүрөгү мыжыла түштү… Дөөлөт ойлонууга үлгүрбөй калды. Төөлөр чыкты. Эл дүргүдү. Ортодо – жаш жигит, башында – ак калпак. Дөөлөт сүйүндү. Калпак кийгенине сүйүндү. “Ыймандуу экен!” – деди өзүнчө. Уулун карады. Чачы жакпады. “Саксайтып… Уялбайбы!.. Жок дегенде четтерин алдырып алса!..” – деп ойлоду. “Верблюд!” – деди аңгыча небереси таңдангандай. “Төө!” – деди Дөөлөт небересинин маңдайынан сылап. – Төө, төө…” “Төо” – деди небереси тили келбей. Кыткылыктады: төо, төо, тоо… Дөөлөт дагы маңдайынан сылады да, аны туурай кетти: төо, төо… Тили келбеди, өзүнчө шыбырап жатты: төө, төө… Музыка жаңырды. Ак калпак шапалагын тарсылдата баштады. Төөлөр эркке көнбөй жатты, катарга турууга моюн сунбады. Жигит кара терге түштү. Шапалак кайрадан тарсылдады. “Жетет да! – деди Дөөлөт өзүнчө. – Бекер эле кыйнап!.. Булар төөнүн өзүн эле көрүүгө таңсык экен. Бырвулут!.. Төө!..”
Негедир элге кыжырданды. Жигит өжөрлөндү. Алдыдагы төөнү шапалагы менен берип калды. Ал кетенчиктей түштү да, элди жалдырай карады. Дөөлөт экөөнүн көзү чагылыша түштү. Селт этти Дөөлөт. Төө жалдырай карады: ушинтип калдык, ушинтип калдык, ушинтип калдык… Шапалак кайрадан тарс деди. Төө башын бурду да, музыканын ыргагына карай басып жөнөдү. Элдер дүркүрөтө кол чабышты. Сүйүнүштү. Жигит шапалагын ого бетер тарсылдатып кирди. Эдиреңдеди. Боз каптап кеткендей болду Дөөлөткө. Тарс-тарс-тарс… Тарсылдаган үн гана угулат, төөлөр элес-булас көрүнөт. Боз түшкөндөй. Тарс-тарс-тарс… “Сабаба! – деди Дөөлөт кекенгендей өзүнчө. Артындагы кыздарга кайрылды. – Кыргыз эмес го тиги ит!” Кыздар адатынча кыткылыкташты. “Ата, ата! – деди уулу. – Уят!..” Дөөлөт сестене калды. “Каңкылдатпай өчүрбөйбү!” – деди музыкага кыжырдана. “Ушуга карап бийлеп жатат да!” – деди уулу. “Бийлеп! – деди Дөөлөт ого бетер кыжырдана. – Төөнүн басышы эле ушундай!” Мойнуна алгысы келбеди Дөөлөт. Төөлөр бийлеп жаткан, төөлөр бийлеп жаткан, бийлеп жаткан… Тайпаң-тайпаң басып төөлөр бийлеп жаткан… Небересин бий кызыктырган жок, ал Дөөлөттүн колунан тарткылап: “верблюд!” – деди. Дөөлөт аны караган жок, көңүлсүз шыбырады: төө, төө… Небереси кыткылыктай кетти: төо, төо, тоо… Төөлөр дагы чаалыкты! Илкип калышты. Музыкага назар салышпагандай…
Топоздор чыкты. Дөөлөт ордунан козголду. Топоздор да ыкка көнбөй жатты. Көз тайгылткан жасалма аска-зоолор. Кылда чокусунда – топоздор. Кычыраган кыш. Аларга эч ким жетпейт, алар эч кимден коркпойт. Кашабаң да чендеп бара албайт. Атып гана албасаң. “Топозчулардыкы бейиш эле, бекер эле мал бактым деп доомат кылышат,” – деп ойлоду Дөөлөт. Ак калпак алка-шалка, шапалагы ойдолойт. Тарс-тарс-тарс… Элдер шыпшына баштады, ак калпакка боор оорушту. Дөөлөт сүйүндү, негедир жаш баладай сүйүндү: “Ие, жаныбар! Төө, эмне, момун бир байкуш да!..” Алдыдагы топоз айлампадан чыга качты, элдер кайрадан шыпшына баштады. Топозду кетүүгө үлгүртүшпөдү, ар жактан чачы ийнине түшкөн немеси чыга калды да, аны маңдай талаштыра берип калды. Топоз башын чулгуп алды да, эсине келгендей жалама асканы карай жөнөдү. Көңүлсүз, сендиректеп баратты. Калганы артынан ээрчиди. Туйлаган топоз күнөөсүн сезгендей башын жерден албайт, “жүгүргүлө, айла канча, айланып берип кутулалычы” дегенсийт. Алар кулап кетчүдөй болуп калтырап-титиреп жасалма аскага чыгып баратышат… алар калтырап-титиреп түшүп келатышат. Ак калпак “мына, көрдүңбү!” дегендей бир чимирилип алды да, шапалагын кайрадан тарсылдата баштады. Тарс-тарс-тарс… Элдер кол чаап жатат, ал узакка, узакка созулду… Көз тайгылткан аска-зоо. Айлампа. Кочуштай жер. Музыка шаңдуу жаңырат. Топоздор калтырап-титиреп айланып жүрүшөт, төөлөр тайпаң-тайпаң бийлешет. Эл суктана кол чаап жатат. Дөөлөт талыды, шалдайды Дөөлөт.
Музыка шаңдуу жаңырат, музыка шаңынан ажырап сыздайт. Музыка сыздайт: “ушинтип калдык, ушинтип калдык, ушинтип калдык…” Эл дымыйт. Ак калпак шапалагын жогору көтөрдү. Төөлөр чөгө баштады, төөлөр чөгүп калышты. Топоздор да! Бүк түшүп, элди жалдырай карашат: “Көксөңөр суудубу! Силерге даба жок экен да!..” Элдер шатырата кол чабышты, узакка, узакка чабышты. Кайрадан турушту алар, кайрадан бий… Кайрадан боз. Төөлөр тайпаң-тайпаң бийлешет, топоздор калтырап-титиреп жасалма тоону айланышат. Бир маалда эчки-койлор аралашты, баары жуурулушуп кетишти. Дүркүрөгөн кол чабуу. Музыка шаңдуу жаңырат, шаңынан ажырап сыздайт: ушинтип калдык, ушинтип калдык, ушинтип калдык… Оюн бүттү. Элдер тарашты. Дөөлөт үнсүз келатты, шалдайып келатты. Уулу кийим алганы кетти. Дөөлөт келини менен небересинин жанында калды. Ындыны өчкөн, шалдайыңкы. Муну туйгандай келини да коомайсызданат. Не кыларын билбей турду Дөөлөт, негедир өзүнө-өзү батпайт, айласы түгөнгөндөй небересинин маңдайынан сылай кетти. Уулу келди. Элдер кубанычтуу кетип баратышат. Дөөлөт дел. “Солдаттардай шамдагай элең. Карыган окшойсуң ээ, ата,” – деди уулу жаракөрлөнө. Дөөлөт уулуна карады, көзүнө анын чачы урунду. “Четтерин алдырып койсо,” – деп ойлой кетти… “Верблюд!” – деди небереси эшикке чыгары менен. “Укмуш!.. Кантип көндүргөн?!” – деди келини таңдана. “Көндүрөт да! – деди уулу эрдемсий. – Эчтеке бербей ачка койсо, анан күрсүлдөтө сабаса…
Көнмөк турсун, тызылдайт да!” Дөөлөт уулун ормоё тиктеди, дагы эле көзүнө биринчи чачы урунду. “Саксайтпай алдырып койсо,” – деди кайра. Небереси колунан алды. “Төо” – деди небереси жаракөрлөнө. Дөөлөт шыбырады: төо, төо… Тили келбей койду. Үнсүз келатышты. Атасынын сырын билгендей уулу да унчукпады. Ал дайыма ушинтет, жүрөгү куйкаланып, ойго жанчылганда ар дайым үлүрөйүп калат. Баякында “Ак боз атты” көргөндө да санаага баткан. Анда да ага хан жаккан эмес, анын келбети жаккан дечи, бирок жүргөн-турганы, сүйлөгөнү Дөөлөттүн куйкасын куруштурган. “Катындардай чыйылдап! – деген ал кыжырдана. – Хан деген хандай болбойбу!” Дөөлөттүн ою боюнча хандын үнү да, өзү да каардуу болушу керек эле, ал туулдум өлдүм деген, бир айтканынан кайтпаган киши болуш керек эле… Аны хандын айымы азапка батырган. “Бейиштен неге качып кетти? – деген ал өзүнчө. – Жашоосу жыргал эмес беле. Болуптур, мунусун акылынын кемдиги дейли, а эмне үчүн кайрадан ак боз атты бошотуп жиберди?..” Дөөлөт канчалык ойлонбосун, жандырмагын таппай койгон. Ары ойлоду, бери ойлоду, акыры: “Мунун сыры тереңде!” – деп үшкүрүнүп тим болду. Эртеси уулуна сырын айткан: “Жанагы катын бешикти тепкенде, эркек болсом да эмчегим зыркырады. Бешик тебүү!.. Анан ошол эле катын ак боз атты бошотуп…” Уулу каткырып күлгөн: “Оюн да, ата! Антпесе кызыгы жок.” Бул Дөөлөткө жаккан эмес: “Буга баары оюн! Жадагалса Манас да оюн!..”
Дөөлөт көпкө ойлонуп жүрдү, дагы эле ойлонот. Ал жазуучуларды калп деп күрсүлдөгөнү болбосо көбүнчө аячу. Ага жазуучулардын баары эле окшош сезилчү: арык, чачтары аппак, же маңдайы кашка. Ушундай адамдарды көргөндө эле өзүнчө шыбырап коёт: “Китеп жазат экен. Буларга убал!..” Келини уулуна шыбырай кетти: “Атама эмне болгон?” “Ойлонуп жатат! – деди уулу бакылдап. – Эмгиче санаасы менен дүйнөнү беш кыдырып чыккандыр!” Дөөлөт буга анча назар бурбады. Негедир келинине ичи жылыды. Анан бир окуя эсине түштү. Эстебейин десе да, жүрөгүн мыжый берди. Дөөлөт аны көп жерде айтты, көп айтты аны Дөөлөт. Небересинин бешиктеги чагы. Дөөлөт алып олтурган. Бир жаш орус аял кирди да, келинине шыбырай кетти. Дөөлөттүн кулагы чалып калды… “Старик не дай!” – деп кекетип коёт. Мени түшүнбөйт деди окшойт. “Пачему старик не дай?” – десем эле кызарып-татарып лам дей албай чыга качты. Ыйманы бар экен… Бул карыган абышка кайдан билсин деген да, а менин бир мезгилде бир облус кишиге баш-көз болуп Маскөөгө барганымды ал ойлоп да койбосо керек!..” Көп айтты Дөөлөт, маашырлана көп күлдү Дөөлөт. Көп өтпөй эле ындыны өчүп шалдая түшчү: “Карыган неме көзү көрбөй темселеп жыгылып, баланы майып кылып коёт деп ойлогонбу?..” Анан келининен да шек санай кетет. Дөөлөттүн колуна бала тийгенде эле, эмне үчүн ал алууга шашат. Же ал дагы… Бул ою үчүн өзүн жек көрүп кетчү Дөөлөт, ал келинине ишенер эле. Ошентсе да… Деги келини жөнүндө эч кимге айтчу эмес, дити барбайт, өзүн күнөөлөйт… Ооба, көп-көп шалдайды Дөөлөт. Кимдир бирөөгө нааразылана улутунуп койду. Кемпиринин жаны ачыр эле: “Какшай бересиңби, ушу менен канча айттың? Бүтпөй жатып эле кайра баштайсың!” Үндөбөйт Дөөлөт, улутунуп гана коёт. Улутунат Дөөлөт. Бүгүн негедир ошол сезим Дөөлөттө ашып-ташат, бүгүн Дөөлөт толуп-бөксөрүп теңселип келет… Алар үйгө келгенде, балдар эшикте жүрүшүптүр. Ортодогу аянтчага суу төгүшүүдө. Баары көңүлдүү, чарчоону унутушкандай. Сууну үйдөн ташууда. Дөөлөт таңданды. “Булар эмне кудайдын азабын тартып жүрүшөт?” – деди өзүнчө. Уулун суроолуу тиктеди. “Муз кылышат,” – деди уулу түшүнгөндөй кайдыгер. “Хоккей… Макаров,” – деди небереси эдиреңдеп. “Жанагы баш айландырмабы!” – деди Дөөлөт жактыра бербей. Уулу үнсүз башын ийкеди. Балдарды жалдырай карап туруп калды. Балдар бейкапар, баары шаңдуу. Башын чайкады Дөөлөт, жүрөгү мыжылды кайра. “Баспайсыңбы, ата,” – деди уулу Дөөлөттү колдон алып. “Басып баратам! – деди Дөөлөт негедир ачуулангандай. Угулар-угулмаксан шыбырады. – Убал… Балдар да!..”
Атасынын оюн айттырбай билди: “Шаар да! Күкүктөп аккан суу жок быякта. Жер да тартыш…” “Мен дагы ошону айтып жатам!” – деди Дөөлөт көңүлсүз. Ал балдардан ажырай албай, кылчактап баратты. Балдар бейкапар, баары шаңдуу… Үйгө кирбей жатып, Дөөлөт уулуна ачууланып алды: “Ушуну канча жолу айттым! Келген сайын какшайм!..” Уулу укмаксан болду, өзүнчө башын чайкап күлдү. Үйдүн балкону кооз темир менен тосулган эле, аны уулу жүгүрүп жүрүп араң жасаткан. Кымбаттыгына караган эмес. Дөөлөт бир жолу келгенде, баласы аны көрсөтүп мактанган. Ал алгач кубанган, бирок көп өтпөй: “Балам, тил алсаң ушуну алдырып эле салсаң!” – деген. “Эмне үчүн?” – деген уулу шагы сына. “Жөн эле, – деди Дөөлөт оюн ачык айтпай. – Алдырып салчы!..” Уулу ийнин куушурган. Ал кооз темир оймолуу-чиймелүү эле, Дөөлөт аны күмбөзгө окшоштура берет. Кооз күмбөздөргө. Дөөлөт күмбөздү жактыра бербейт. Таш эстеликтер да ага жакпайт. Аларды көргөндө эле наалый баштайт: “Арбактарды кыйнап!.. Кантип көтөрүп турат буларды!” Уулуна да көп айтат: “Ушулардын баары бир кочуш топого арзыбайт. Топого жетеби?! Арбактар да кичине эмгектенсең ыраазы болот. Даяр немени сатып алып коюп койгондо не?!.” “Кооз да! – дейт уулу моюн бербей. – Көпкө чыдайт. Балаңа, балаңдын баласына…” Дөөлөт өзүнчө нааразылана берет. Күмбөз эмне? Ал көрк эмес. Мен арбакмын, кайрылып куран окуп, эскерип кой, даарат ушатпа, малга тебелетпе деген эле кеп. Анан аны кайдагы бир жалтыраган темирлер, таштар менен булгап!.. Көп турат дешет. Ушул да кеппи?! Жалтырап турса, бирөө эстеп койбосо. Кооз экен деп аңырая карап өтүп кете берет. Кеп башкада. Кеп көкүрөктө. Көкүрөгүңдө турсун, болбосо… Бир жолу уулу кер-мур айтышып калган. “Арбактарың эмнени билмек эле! – деди уулу. – Эстейсиңби, эстебейсиңби. Күмбөз тургузасыңбы, тургузбайсыңбы. Аларга баары бир да. Киши элден уялат, баары тургузуп жатса…” Дөөлөттүн жаны кашайган, эмне дээрин билбей калчылдап турду. “Жок, сен маа айтчы! – деди акыры. – Тирүүсүндө ушинтип сыйлады беле, ыя?! Ооруп төшөктөн турбай жатканда бир күн маңдайында болдубу, ыя?! Өлгөндөн кийин кызарган бетиңерге!..” Арбактар башка, алар – мусапырлар. Тирүүлөрдөн бөлөк жөлөк-тиреги жок. Жөлөк болгонуң ошол – эстей жүр. Соо бол, тынч жүр, урушуп-чабышпа.
Арбактар ошондо бейпил, санаалары тынч. Арбактар… Арбактарды эстеген сайын уулунун сөзү кулагына жаңыра берет: “Арбактарың эмнени билмек эле!..” Шаарга келип, балкондогу кооз темирди көргөндө эле, уулу баягы сөзүн кайдыгер гана кайталап жаткандай сезилчү. Аны ормоё тиктеп алат. Уулу түшүнөт. Атасы “эмдигиче ала элексиңби?” – деп жатканын билет. Үндөбөйт. Ал атасы келген сайын эстейт, алып салам деп жакшы эле чыгынат. Мойну жар бербейт. Эки күн өтпөй унутуп калат. Атасын көрүп кайра эстейт, кайра эле… Дөөлөт түпөйүл, Дөөлөт санаачыл. Башын чайкап жымыйган уулун карап ойлой кетти: “Ушу сен кудай урган өкүргөндү деле билбей калган көрүнөсүң!..” Кайра селт этти. Үйгө киришти. Дөөлөт улагага көлөчүн чечти. Аны небереси шып илип алды да, бут кийим турган жерге тыпыйтып коё койду. Дөөлөткө өөн учурады. Ар биринин өз орду бар. Ашык эч нерсе жок. Баары чийип койгондой, бешиктеги баласынан өйдө сак, тыкан. “Агер эки көлөчүм болсо, ушул он көмнөт үйгө батчудай эмес!” – деп кекенди Дөөлөт өзүнчө. Уулунун жаңы үйүн биринчи көргөндө ал барбалаңдап кубанган. “Төрт көмнөт дейт экен, – деген айылга барары менен учурагандарга. – Санай келсең ондон ашат, жанагы жаман сен кыргызча санап жатасың” – деп мени шылдыңдайт. Деги айланайын ушул айылдын баары көчүп барса бата турган!..” Ушул үйдө бүгүн төртөө. Ар биринин өз орду бар. Кепичтин да. Агер ал экөө болсо… Жатууга кам урушту. Небереси өзүнчө кетти. Келин-уулу да бөлүнүштү. Дөөлөт бир бөлмөдө жалгыз калды. Уулу жатып атып: “Карап тур, ушул дем алышта сөзсүз алып салбасам… Ага эмне мынча жабышып калганын билбейм!” – деп өзүнө-өзү убада бере кетти. Дөөлөт негедир уктай албады. “Болуптур, – деди ал өзүнчө, – арык менен семизинин күрөшү жакшы экен. Жанагы көз боочулардыкы да кызык. Анан топоз, төө… Ошол да өнөрбү?!.” Аңгыча иттер үрдү. Дөөлөттүн көңүлү ага бурулду. Өзүнө тааныш бир нерсе көзүнө элестеди. Эмне экенин билбей кыйналды. Акыры бүгүн иттерди кайдан көргөнүн эстөөгө жанталашты. Кай жерлерди кыдырганын санай баштады. Аялдамага келди. Дал ошол жерден көргөн. Аялдамадагы кишилердин баары дааратканын жанында безилдеп үрүп жаткан итти карашып күлүп жатышыптыр. Дөөлөт анча деле назар салган эмес. “Иттери да башка! – деген өзүнчө. – Чыйылдашып!” Анан муштумдай болгон иттерге итиркейи келген: “Чычкандай болгон атаңдын оозун урайындар десе!.. Үндөрүнүн ачуулугун кантейин!” Кайра каткырган: “Ушуларга кантип Жолборс, Алгыр деген аттар жарашсын!”
Кыткылыктаган: “Жолборс, Алгыр…” “Желмаян иттер экен! – деген уулу суктана автобуска түшкөндөн кийин. – Колунда каргысы бар кишини көргөндө эле ажылдап коё беришти!..” Дөөлөт маани бербеди, ал элдин көптүгүнө таңданды: “Элдин баары эле көчөдө жүрөт, аптобусунда эртең менен деле, түштө деле, кечинде деле эл жык-жыйма… Ишти кимиси иштейт, же баары бекерби?” Уулуна ачуулана кетти: “А мунусу бир мүнөткө чолом жок деп эле ыйлактайт!..” Үйгө келатканда алдыларынан дагы эки ит чыкты. Бирөө – чоң дөбөт, экинчиси – муштумдай болгон кандек. Дагы эле кандектин жаны тынбайт, дөбөттүн артынан калбай ажылдап баратат. Дөбөт токтой калып, эки жакты элеңдей карайт. Анда кандек тып басылат. Дөбөт санаасы тынгандай башын жерге салат да, жөнөй берет. Кандек ажылдай баштайт, дөбөткө жете келет да, кайра артка кетет, ардангандай ого бетер катуу үрөт. Эки жакты элеңдей караганы болбосо, “үрө бер, кандегим, үрө бер!” – дегендей, дөбөт бейкапар. Элдер аларды карап боорлору эзилип күлүп өтүп жатышат. Дөөлөттөр жакын келишти. Кандекке итиркейи келе баштады: “Жолборс, Алгыр!..” Дөбөткө чын дитинен ыраазы болду: “Ит да болсо эси бар экен! – Дөбөттү карады. – Кете бер, эмне кыласың ушу чычкандай болгон немеге теңелип… Жолборс, Алгыр!” Дөбөт түшүнгөндөй Дөөлөттү жалт карады. Селт эте түштү да, көзүн ала качты. Дөбөт жалтаң, коркок. Кандек чакчырылып болбойт, Дөөлөттөрдү да тик карады: “Мени карагылачы, айдап баратам!”
Иттер алыстап барат. Чынжыр сүйрөгөн дөбөт эки жакты элеңдей карап жалтаң. Мойнунда эч бир изи жок чычкандай кандек ажылдайт, ал дөбөткө даап баралбайт, сүйрөлүп келаткан чынжырды жыттап алат да, жан-алы калбай чыйылдай баштайт. Уулу дөбөттөгү чынжырды эми көрдү окшойт, каткыра кетти: “Тигиниң түрмөдөн качып чыккан тура!..” Дөөлөт чочуп кетти. Уулу түшүнгөндөй: “Дөбөттү айтам. Чынжырды үзүп качып чыгыптыр!..” Дөөлөт күлүп койду… Дөөлөттүн жүрөгү мыжылды негедир. Жан-алы калбай арсылдаган кандектер, эки жакты элеңдей караган дөбөт. Буларды карап кычуусу кана каткырган эл. Дөөлөттүн кыжыры кайнады: “Бокко деле күлүшөт! Чычканга өлүм, мышыкка күлкү да…” Кумайык элестеп кетти. Дапдаана көрдү Дөөлөт. Тилин салаңдатып, тикчие карап жатат. Күмбөздөн көзүн албайт. Өзүнүн айтканы кулагына жаңырды: “Жаткан экен тилин салаңдатып күмбөздөн бир кадам жылбай…” Уулуна кыжырданды: “Күрсүлдөтө сабаса деп коёт! Күрсүлдөткөндү коюп чачын алдырып албайбы!” Кайра жумшарды: “Чын эле алдырып алса. Жок дегенде четтерин.” Түйшөлө берди Дөөлөт. Аңгыча тоок чакырды. “Таң атып калганбы! – деди Дөөлөт чочуп. Кичине ойлонуп туруп калды да: – Ушу жердин тоогуна да киши ишенеби; беймаал кыйкыра берет!..” Нааразы болду Дөөлөт. Шыбырай кетти: “Беймаал кыйкырган тооктун башын кесип ыргытчу эле илгери”. Алгач укканда Дөөлөт да чочуган, уулун ойготуп беймаза кылган. “Бул жердин тоогу кыйкыра берет”, – деген уулу күлүп. “Күлөсүң да! – деп ачууланган Дөөлөт. – Бул – жамандыктын белгиси! Башын жулуш керек!..” “Эртең экөөбүздүн башыбызды жулар бир тоок үчүн! – деди айласы кеткенде уулу коркута. – Соттошуп жүрө албайм!”
Дөөлөт көпкө чейин уктай албай түйшөлүп жаткан. “Бир тоок үчүн да сотко берсе!.. – деген ал өзүнчө. – Ээсине деле жакшы да, кырсыктан кутулат.” Кийин көндү. Тооктордун беймаал кыйкырганын далай укту, эч кандай деле кырсык болгон жок. “Деги кызык эле жашаппыз да, тооктордун кыйкырыгынан да коркуп!” – деп күлүп калат кээде өзүнчө. Бир тоок баарын ойготту. Ага башкалар да кошулду. “Кантип кыйкырбайт! – деди Дөөлөт ачуулана. – Күрүлдөк-шарылдак. Тынчтык жок болсо. Таң аткыча эле басып жүрүшөт окшойт. Жарыгы да өчпөйт. Түндүн түндөй эле болгону жакшы да!” “Кантип эле бир тоок үчүн сотко берсин! – деди бир аздан кийин баласынын баягы сөзүн эстеп.- Кудай урбадыбы бир тоок үчүн!..” Бир маалда күлкүсү келди, күлүп да жиберди: “Беймаал кыйкырган тооктун башын жула берсе, шаарда тоок калабы, – деди өзүнчө сүйлөнүп. – Бул жерде беймаал кыйкырбаган тоок жок да! Кантип кыйкырбайт?!.” Негедир ичи күйдү, арданды. Ойлонуп жата берди Дөөлөт, уктай албады. Акыры деми кыстыга баштады. Турду. Чайнектеги суу менен оозун чайкады. Кыйлага жатпай отурду. Кыңкайды. Көзү илинип кетти. Уктай алган жок, уйку-соонун арасында жатты. Түш көрүп жатты. Уулу экөө ооруканада жатат. Уулу кичинекей, үч-төрт жашар курагы. Жаны кыйналууда. Доктурлар да үмүт кылбай калышкан. Дөөлөт ичинен сызат, ыйлайт. Бир кезде эмнегедир уктап кетти. Түш көрдү. “Тур! – деп кимдир бирөө ойготуп жатат. – Тур! Балаң айыгып, ойноп жүрбөйбү!” Дөөлөт секирип турду. Турса, чын эле баласы ойноп жүрөт. Жанагы өлө албай жаткан баласы. Дөөлөт нес болуп калды да, ыйлап жиберди… Дөөлөт чочуп ойгонду. Өйдө болуп эки жагын карады. Эч ким жок. Келме келтирди. Кайра жатты. Анан чын эле ушул уулу ооруп, экөө ооруканада жатканын эстеди. Чын эле, ушундай түш көргөн. Турса эле – баласы ойноп жүрүптүр… Дөөлөт кимдир бирөөгө ыраазы болду, жалынып-жалбарды. Ыйлагысы келди, өзүн токтотту. “Деги аман эле жүрсөңөр экен, ошол – чоң олжо!” – деп бата тилеп алды. Көзүн жумду, батасын шыбырап жатты. Уктап баратты, кайра эле түш…
III
Эртең менен келини чочугандай ыргып турду да, уулун ойгото кетти: “Тур, бол! Атама эмне болгон, турбай жатат!” Уулу секирип турду, таңданды. Бул маалда Дөөлөт көчөгө чыгып, кыдырып санаасын тындырып келчү. Анан уулун ойготор эле: “Тур, баатыр, тирүү кишилердин баары басып жүрөт.” Уулу наалый баштачу: “Ай, ата, уктатпайсың да! Эмне курсагың ачтыбы?” “Ачпай коймок беле! – дейт Дөөлөт күлүп. – Деги ушул маалда киши уктайбы, күндүн кантип чыгаарын бир көрсөң боло. Ууз нур кубат болот.” Дайыма ушинтет… Уулу кыйкыра баштады: “Ата, ата! Жатасыңбы!” “Жатам-мын!” – деди Дөөлөт үнүн созуп. “Аа… – деди уулу санаасы тынгандай. – Физярадкаңды унуттуңбу?” “Намазды окуганым качан. Азыр түш болуп калбадыбы,” – деди Дөөлөт капарсыз. Уулу саатты карады, сегиз болуптур. Башын чайкап күлүп койду. Дөөлөт турду да, небересине барды. Ал бейкапар уктап жатат. Ойготкусу келбеди. Чекесинен акырын өөп койду. “Саякатка чыккың келип калган го?” – деди уулу күлүп чайга отурганда. “Кайдан билдиң?” “Ойлонуп эле жатып калыпсың. Качарда ушинтчү элең…” Дөөлөт мелтиреп калды да, кайра күлдү. “Эми силерди көрдүм, жакшы экенсиңер, санаам тынды. Тантыгымдын да жөтөлү басылып калыптыр. Эми…” Уулу сөздү бөлүп, нааразылана кетти: “Жок дегенде бир ай жүрөм дебедиң беле… Айтып коёсуң да…” “Жүргөндө эми эмне… – деди Дөөлөт актангандай. – Көрдүм, санаам тынды. Тирүү болсом келем да…” Уулу үндөбөй мурчуюп калды. “Анын үстүнө санаам да тынчыбай жатат, – деди Дөөлөт кайра. – Алымга да айтпай чыктым эле… Баягы кара кой тууп, козу өлүп калды бекен?” “Айтып эле чыкпайсыңбы, сарсанаа кылбай.” “Айтканда жиберип жатабы?! – деди Дөөлөт кыйкырып. – Машинеге урунуп өлөсүң дейт айланайын. Тээтиги Маскөөгө деле барып келбедим беле!..” Уулу күлдү: “Андай шылтооңду кой, ата. Ушул айдын аягында кет. Мал эмне… Балдар карайт да. Апам бар эмеспи.” “Ие айланайын, балдарга киши ишенеби! – деди Дөөлөт. – Апаң жерге кирсин, карыганда уйкучу болгон ошону көрдүм. Бир уктаса…” Уулу кайрадан мурчуйду. “Эми чынымды айтайын, – деди Дөөлөт. – Түш жаман. Баягы Карагул соо болбой калган окшойт. Төшөктө эле. Өлгөнүмдө ыйманымды айтып кашымда бол деди эле байкуш!” Уулу ойлонуп калды. “Кетип жатышат! – деди Дөөлөт кектүү. – Сакалдуулап алса болот эле, ак сакалды көрбөй, кырчындай болгон жаштарды алып кетип кеңгиретип жатпайбы!.. Үстүндө бололу. Биз болбосок… – Ачуулана кетти. – Атаңдын канын ичкирлер өлүк үстүндө арак иччү да болушуптур!” Уулу мелтиреп олтура берди. “Сөөктү сууга албай жашырып салышабы деп да корком!” – деди Дөөлөт үнүн каргылдантып. “Кантип?! – деди уулу чочугандай. – Койсоңчу. Кантип эле…” “Сууну жаба куйса эле жуулуп калат дейсиңби, – деди Дөөлөт. – Ыгы менен жууш керек, этин оорутпай жууш керек. Таза жууш керек.” Уулу “этин оорутпай жууш керек” дегени эмне деп күлкүсү келди. “Өлүктү таза адамдар гана жууга тийиш! – деди Дөөлөт уулуна эсиңе тутуп ал дегендей өкүм. – Жууган кишинин даараты болсун! Көрүнгөнү жууй берсе…” Уулу кайрадан ойго батты да, бир маалда бырс этип күлүп жиберди: “Аялына кол көтөрө албайт деп Карагулду жактырчу эмес элең го?” Чын эле, Карагул жөнүндө кеп болгондо Дөөлөт: “Ошол жерге кирсин! – дечү. – Бир жолу ачуусу келип катынын сабамак болот. Эшикке жакшы эле кубалап чыгыптыр, анан камчы менен салып каларда, аялы колунан кармап: “Коё турчу итирейбей, казандагы сүт ташып кетмек болду!” – десе, тиги эмне кыларын билбей туруп калыптыр… Ие айланайын, катынды ушинтип да!..” Дөөлөт күлдү. “Ал башка-аа! – деди кайра ойлуу. – Башка… Карыган сайын санааң бөлүнө берет экен. – Дөөлөт сөздү башкага бурду. – Өлүмдү да көп ойлойт экенсиң!..” Баары үндөбөй калышты. “Бирдеме болсо, кабар келер! – деди уулу бир маалда. – Ага чейин жата тур!” “Ие кокуй, ие айланайын, сен да ушинтесиңби! – деди Дөөлөт калчылдап. – Киши болбой калган турбайсыңбы! Көрүп-билип туруп кабар күтсөң… Ие айланайын!.. Тирүүсүндө көрүп калайын деп атпайымбы!” Уулу үндөбөдү. Келини аны жаман көзү менен акшырая карады. Дөөлөт дулдуюп кыйлага үндөбөй олтурду. “Үстүндө болсом! – деди Дөөлөт кайра жибип. – Арбагы ыраазы болсун!.. – Өкүндү. – Деги бу бизден өткөн ит жок окшойт. Тирүүбүздө тытышып, анан өлөрдө баркын билип!.. Дүйнө деле курусунчу!..” Келин-уулу ойлонуп калышты. “Болуптур! – деди уулу чарчагандай. – Жок дегенде ушул жуманын акырына дейре чыда. Эки эле күн калбадыбы… Өзүм салып жиберейин. Биздин да санаабыз тынч болсун.” Дөөлөт макул дегендей үндөбөдү. “Өзүң качан барасың?.. – деди уулуна жалтактай. – Жакшылык-жамандык болот экен… Төтөн өлүктө киши жер карап…” “Кол бошоп жатабы! – деди уулу алаканын жая. – Жайында отпускага чыкканда сөзсүз барам. Ошондо баарына…” Дөөлөт башын ийкеди. “Чачыңды кичине алдырып алсаң” – деп өзүнчө шыбырап койду. Экөө үндөшпөй турушту. “Апам кандай? – деди уулу чочугандай. – Эски оорусу кармаган жокпу? Деги кандай жашап жатасыңар?..” “Апаңдан коркпо! – деди Дөөлөт тамашага чаргыта. – Мени жутуп туруп кетпесе… – Ойлоно калды да, каткыра кетти. – Ойлоп олтурсам ал экөөбүздөн өткөн каминис жок экен. Болбосо, райком деле катынын кекетет экен, катыны үндөбөйт. А биз экөөбүз теңбиз: мен “а” десем, ал “б” дейт, мен тап берсем, ал да тап берет.” Келини күлүп чыга качты. Уулу да күлдү: “Карыдың да!..” Дөөлөт чын дилинен арданды: “Карый аламбы! Жиниме тийсинчи атаңдын оозун урайынды!..” Уулу жумушуна камына баштады. Кетип баратып атасына оюн-чыны аралаш: “Эми, дезентир, мен кеттим. Ээлигип калыпсың, мен быякка басарым менен жылт койчу элең. Бул жолу качсаң!..” – деди. “Ата жаман, сендик күчүм бардыр!” – деди Дөөлөт күлүп. Уулу кетти. Дөөлөт да көчөгө чыкты. Адатынча кыдырды. Түндө тоңдурган муз эрий баштаптыр, өкүнүп койду. Кайра келди. Небереси дагы эле уйкуда. “Балам, – деди келинине жалтактай, – тиги жаман узады окшойт. Эми мен кетейин. Карагул соо эмес, көңүлүмдөн кетпей эле туруп алды.” Келини эмне дээрди билбей калды. “Эртең эле кетсеңиз, – деди ал айласы түгөнгөндөй. – Тиги келсе да… Баарыбыз беймаза болуп!” “Жок, балам, бүгүн эле кетейин. Тиги жаман мени кетире турган түрү жок… – Күлүп койду. – Эмне демек эле, бирдеме деп көрсүнчү саа… Кудай сактасын, тилгирама келиптир де… Жок, атайын машине жиберип алдырып кетишти де… Болбосо…” Келини камына баштады. “Ичпей жүрөбү?” – деди Дөөлөт ойлуу. “Ичпейт. Кээде тойлордо кичинеден…” – деди келини уялыңкы. “Анда жакшы экен! – Дөөлөт ыраазы болду. – Жанагы кейпи менен ичсе… – деди кайра өкүнгөндөй. – Окуйм деп жүрүп… Темтеңдеп келатып бир жыгылса эле… Анын үстүнө машинелер да көп, бурчтан капысынан чыга калса… – Дөөлөт коркуп кетти. Эмне деп тантып жатам деп ойлоду. Кайра эле түтпөй кетти: – Тегеректе ой-чуңкур да көп экен. Тээ суу алган жерде бир чуңкур бар экен, түбү көрүнбөйт. Масты кудай сактайт деген чын, болбосо ага түшсө мас эмес, сооң да күм-жам болчудай! – Нааразы болду. – Ошо жер алакандай эле экен, эки киши бириксе, бир мүнөттүк жумуш. Чыгынып эле бүтөп коюшса, кокусунан балдар… Шашып калдым, болбосо менин оюмда эле!..” Дөөлөт сүйлөй берди. Келини куржунга бир нерселерди салып жатты. “Жанагы жаман эмне мынча арык, ыя? – деди Дөөлөт. – Мен мындай чагымда… Пыйбага каймак кошуп берсе эттенет деп угам. Балам, ошентип көрсөңчү.” Келини макул дегендей башын ийкеп күлдү. Негедир боору ооруду. Дөөлөт аса-муса таягын алып, куржунун асынды. “Эми санаам тынды. Аман жүрсөңөр эле болду! – деди баягы сөзүн кайталап. – Кудай деп жолго чыгайын”. Келини автовокзалга барып, салып жиберейин деди эле, Дөөлөт туйлап болбой койду: “Өзүм эле кетем. Ие кокуй, бала эмне болот сен кетип калсаң!” Небересинин бетинен улам-улам сүйдү. “Эрте турганы эле жакшы, – деди келинине. – Эрте тургузуп көндүргүлө. Түштө дайыма уктаткыла, бетине кан жүгүрсүн… Эми жөнөйүн. Бул тантыкка “атаң базарга кетти, азыр келет,” – деп кой.” “Ата, – деди келини тартынгандай, – бул акчаны жолго…” Дөөлөт кыйкырып жиберди: “Ие айланайын, маа акчанын эмне кереги бар? Жетет өзүмдүкү. Өзүңөр керектегиле, шаарда турсаңар…” Дөөлөт жөнөп калды. Улагадан токтоду да, чөнтөгүн оодара баштады. Эскилиги жетип, айрылайын деп калган бир сомдукту сууруп чыкты. “Ме, балам, – деди келинине. – Тантыкка бирдеме алып бер, ырым болот. – Үндөбөй туруп калды. – Жанагы жаман окуп жүргөндө каникулга барган сайын ушундан бирди берчү элем. Сактап жүрүп. – Өкүнгөндөй болду. – Азыр сурайбы десем, унчукпайт. Акчасы көп неме… – Күлүп актана кетти. – А мен көнүп калыпмын!..” Келини алды. “Аман эле жүргүлө! – деди Дөөлөт келинине. Кайра өзүнчө шыбырады. – Аман жүргүлө!..” Жөнөп кетти. Келини колундагы бир сомду тигиле карады. Эскилиги жеткен, айрылайын деп калган.. Өзүн токтото албады, көзүнөн жаш кылгырды.
Дөөлөт автобус менен Балыкчыга келди. Ошол эле күнү өзү көнгөн таатыры менен айылына келип түштү, шоопурга эки сом карматты.
Үйүнө келди. Кемпири таңданган деле жок. Ал Дөөлөттүн эки күн өтпөй жетип келерин билген шекилдүү. “Карагул кандай?” – деди Дөөлөт. “Кандайы кандай?” – деди кемпири. “Кандайы кандай дегени кандай? – деди Дөөлөт ачуулана. – Төшөктө эмес беле!” “Төшөктө! – деди кемпири мыскылдуу. – Төшөгү жок эле туйлап жүрөт!” “Аа…” Дөөлөттүн санаасы тынчый түштү. “Кечээ түлөөдө көрдүм, – деди кемпири жактыра бербей. – Аның арам өлөт, бир чара этти бир жеп коёт экен! Эч кимди көзүнө илбейт, келиндер барбы, жокпу?..” Дөөлөт кемпирине карап, шыбырай кетти: “Акыры тамактан өлөр бекенсиң!..” Кемпири адатынча наалый баштады: “Өзү жинди болсо да баягы Асан таап айтыптыр, бул айылдын эркектери кырктан өткөндөн кийин алжый башташат деп!..” Дөөлөт укпамыш болду. Короо-жайды кыдырды. Чөп өз ордунда. Кара кой дале тууй элек экен. Ушул эле күнү Дөөлөт айыл аралай баштады. Ал баарын айтты: шаарга кантип жеткенин, канча сом төлөгөнүн, таксистке эмне деп айтканын… Уул-келини жөнүндө, небереси жөнүндө кеп урду. Костюмду да унуткан жок. “Мурдагы барганымда капкара өтүк алып беришкен. Үч жүз сексен сомдук экен. Деле жыртылчудай эмес! – деди ал мактанып. – Эми барсам муну алып коюшуптур. Мунусу бери алганда эле миң сомдук окшойт. Кийбейм десем болбойт туйлашып. “Атайы сага арнап алганбыз!” – дешет. Кейпи, Маскөөдөн алып келишкен окшойт!..” Циркке кийип барбай койгон костюмун ал айылда эки-үч күн жонунан түшүргөн жок. Ошентип, ал баарын айтты. Бирок циркке барганы жөнүндө, төө, топоздордун бийи жөнүндө эч кимге айтпады. Иттер жөнүндө, түшү, үйдөн кантип чыкканы жөнүндө да ооз ачпады. Ал баарын айтты…
Дөөлөт чал ушундай: ушундай кызыгы көп; кызыгынан ушундай: ушундай ысыгы көп.
IV
Ушул Дөөлөт санаасы тынчыбай бүгүн да жол камында…