
(1-маек)
Бүгүнкү коом турмушун карап отуруп, окурман көңүлүн жылытаар нерсени сыйпалап издейсиң. Издейсиң, отура бергиң келбейт… Издегениңди таппайсың же! Окурман көңүлүн сууткан окуялар, жаңылыктар күнүгө теле, күнүгө интернет, күнүгө гезит бетин талашат. Кым-куут заман баарын камгактай удургуткан азыркы доордо акылынан шоола жанган дервиштин алдынан жолугуп калсам дейсиң. А дервишке жолугуш кайда бүгүн… Дүйнөгө дервиштей адамдар гана түркүк эмеспи… Дүйнөгө түркүк болор, элге түркүк болор, арка болор инсанаттарды санап баштайсың. Алардын айрымдарынын көздөрү өтүп кетти, ата-а! А көбү өз арбайы менен жүргөн эл каймактарындай туюлат. Кээде-кээде азчылык арасындагы адам өңдүү адамдарга кезиге калганда шүгүр дейсиң кайра. Бирок алар бүгүн сүрмө топтон алыс. Элге айтаар сөздөрү жоктой, коомдон четтеп жүргөндөй… Бирок сүйлөшө келсең, көңүл жылый түшөт. Көңүлүң «жылт» дей түшөт. Ошондой адамдардын оозу менен окурман көңүлүн жылытышты ойлонуп отуруп, бир адамга көңүлүм тартып туруп алды. Ал – Бейшебай Усубалиев. Бу киши адамдын ички дүйнөсүн аңтарып салган чебер жазуучу экенин тээ студент курагымдан билем. Анда бу кишини көбү кыргыздын Шукшини дешчү. Азыр акын-жазуучулардын арасынан бирине бири жылуу сөз айтканы жок, анан алар окурман көңүлүн жылытмак беле. Окурман көңүлүн жылытаар киши азыр К.Жусубалиев же Б.Усубалиев. Тирүүлөрдөн ушул экөөнү кыйгап өтпөй окугула…Чыгармаларын окугула, маегин окугула…
– Бейшебай байке, адамдардын ортосундагы карым-катнаш, алака-мамиле деген нерсе ушунчалык асыл баалуулук экенин жаш өткөн сайын сезе баштайт окшойбуз. Мен өткөндө сиздин уулуӊуздун үйлөнүү тоюнда отуруп, тегеректеги эски тааныштарды көрүп, алардын аманчылыгын сурашып, качанкы өтүп кеткен учурлар эске келип, жүрөгүм негедир сыйрылып отурду. Эмнегедир мени мурда болуп көрбөгөндөй кусалык басты… Мени ал күнү абыдан көп ойлор үстөмөндөп алды. Бир кезде сиздердин үйгө (анда бойдок кезим) байма-бай каттап, сиз менен адабият, маданият жаатында көп сөз курчу экенбиз. Анда балдарыӊыз чиедей эле. Сиздин да кайсы бир чыгармаӊызда «балдарыӊыздын балалыгын сагынган» ностальгия бар. Мени да кийин ушул сезим кошточу болду. Ушунун өзү эмне?
– Өтө оор болсо да, ачык эле айтайын, Олжоке, мунун өзү – жалгыз кала баштоо, жалгыздыкка баш уруу дегендик. Мына, сен да, мен да көп балалуу үй-бүлөдө өстүк. Өзүм жөнүндө эле айтайынчы, биз он эки элек. Кичинекей чагыбызда бир төшөктө жатып, канчалык урушуп-талашпайлы, бири-бирибизди ак дилибизден аяп, эбедейибиз эзилише өбүшүп, бири-бирибизге куса болуп чоӊойдук. Анан эр жеттик, ар кимибиз өз жолубуз менен кеттик. Бирок баягы мамиле кайда, чогуу жатканды мындай эле кой, эмне үчүн баягыдай бири- бириӊди өбө албайсыӊ, эмне үчүн баягыдай бири-бириӊди аяй албайсыӊ, эмне үчүн бири-бириӊден жатыркап тургансыйсыӊ!..
Туура, мен бир маегимде: «Балдарымдын балалыгын сагындым», деп айтканым бар. Бу да жогорудагыдай эле үшкүрүктөн жаралса керек. Мына, менин балдарым, өӊгө жоруктарын айтпай эле коёюн, мени бир да бура бастырчу эмес, ээрчип айлабызды алты кетирчү, карабай кете берейин десеӊ: «Бир эле өөп калайынчы!..» дешет, көздөрүнөн жаштарын мончоктотуп. Зээниӊ кейийт, атүгүл аргам түгөнгөндө кээде бирөөсүн көтөрүп, бирөөсүн жетелеп алып пивоканага да барып жүрбөдүмбү… Эми ошол балдарым кайда, баарыдан мурда балдарымды өөп-жыттамайынча тура албаган ошондогу мен өзүм кайдамын! Эмне үчүн балдарымды мурункудай өөп-жыттай албайм, эмне үчүн мурункудай сагына албайм, эмне үчүн өзүмдөн-өзүм эле алардан чоочунсуйм, жатыркайм… Эски тааныштарыӊды көргөндө сен да мына ушундай бир зээнди кейиткен суроолорго кабылсаӊ керек. Албетте, анан куса болосуӊ да, эмне деген кусалык десек, мамиле кусалыгы десек туура болот го. Түкемдин (Казаков) жамгырлары менен менин жирафым деле ушундай кусалык болсо керек. Башым маӊ: бу адам баласы адегенде адам болуп жаралып, анан бара-бара адамдык касиетинен ажырай баштайбы деп да ойлойм; бу адам, эмне, жалгыз калуу үчүн гана бул дүйнөгө келгенби, жашайбы деп да ойлойм. Анан, кантсе да, улуу сөзгө жакын эмеспизби, Алыкулду, Мурза байкени (Гапаров) эстейм. Алыкулдун «Жибек кийген эрке кыз» деген ыры бар го, ошондо жамгыр шатырата жаап, эрке кыз – жамгырдай таза, тунук кыз – «көйнөгүм булганмай болду,» жаан жаабай койсо не болмок…» деп жүгүрүп келатса колхозчу ата «дагы жаай түшсө экен, дан көп болот» деп кудуӊдап сүйүнөт ко. А Алыкул болсо жамгырга эркелеп келаткан, атүгүл өзү жамгырга айланып кеткен эрке кызды карап туруп: «Атаӊдын көрү, арман дүйнө, бир кезде жамгырдык касиетиӊден, тунуктугуӊдан ажырап, куду колхозчу атадай баарына көр тириликтин, кара курсактын көзү менен карап каласыӊ ээ!» деп ичинен кан өтүп отурбайбы. Ал эми Мурза байкенин «Байчечегиндеги» Кыяз өзүн алпештеп чоӊойткон карачечекей таенеси өлгөндө канчалык ыйлайын десе да көзүнөн жаш чыкпай, ыйлай албай коёт ко. Кыяз – ыймандуу десеӊ ыймандуу, билимдүү десеӊ билимдүү жигит. Анда анын кудугун ким же эмне какшытып салган? Өз энесине ыйлай албай койгон кишини ким жалгыз эмес деп айта алат! Эрке кызды жамгырдай тунук бойдон, Кыязды баягы бала чагындай таза бойдон сактап кала алабызбы, бул адам баласынын колунан келеби? Өзүм жалгыз отурсам да, жалгыздыкты эӊсеп отуруп, ушул эле маалда жалгыздыктан качып отуруп, мен дайыма ушинтип суроо коё берем. Жооп ордуна соолуган байчечекти мыкчый кармап «Саа эмне болду, Бейшен?» дегенсип, көзүн жашылданта мени карап турган Мурза байкени көрөм…
Эми мынча болду, дагы бир нерсени айта кетейин. Өйдөдө мен айткандан да оор бир жалгыздык бар, карылык жалгыздыгы, карылык трагедиясы деген. «Карысаӊ кара жердей бол» деп кыргыздар бекер айтышпайт. Буга карабай эле, биз бирдеме болсо эле: «Качан кыргыз карысын таштачу эле!» деп айкырып чыгып атпайбызбы. Бирок карыларды каран калгыр ушул карылык жалгыздыктан, карылык трагедиясынан кантип сактап калышыбыз керек деген суроону коё албай келатабызбы деп ойлойм. Буга байланыштуу карылар үйү жөнүндө менин оюм да бөлөкчөрөөк, ал өтө узун, талаштуу нерсе. Эгер ылайыгы келсе, кийин буга өзүнчө кайрыларбыз.
– Бир курдай жазуучу–акындар үй мүйүз болуп кошула калган жерден сиз бир касиреттүү кейидиӊиз эле: «Кырылышсак да илгери жазуучулар союзунун пленуму өтүп, бака–шака жолугушуулар көп болор эле. Азыр бирибизге бирибиз топурак салган жерден эле кезигишпесек, таптакыр жолугушуубуз болбой калды» дегендей. Бирок өткөндөгү уулуӊуздун тоюнда өӊчөй акын-жазуучулар, илимпоздор чогулуп чериӊиз жазылгандай болду окшойт?…
– Чер жазылбай анан… Билесиӊби, эшиктин алдында меймандарды тосуп отуруп, алардын ээрчишип келаткандарын көргөндө, көзүмдөн кадимкидей жаш тегеренди. Мен аларды тирүү көргөнүмө ушунчалык сүйүндүм. Анткени мен Мейкиндин (уулу-О.Ш.) тоюна, негизинен, Мейкинди тээ кичинекей, шок чагында көргөндөрдү чакырдым. Өзүӊ билесиӊ, Мейкин жакында эле медицина боюнча докторлук диссертациясын жактады го, муну укканда Гүлжамал аяшым, коомдук ишмер жана илимпоз Осмонакундун келинчеги, айтып атпайбы: «Бейшебай, бул баягы тентек уулуӊбу, мен ошондо эле билгем андан бирдеме чыгарын…» Мына ушундай Мейкинди кичинекейинде эркелетип калгандарды чакырдым. Биз анда өзүнчө топ-топ (тергебей айтканда, компания) элек, кийин негедир үзүлүшүп кеткенбиз. Айрымдарын, чынымды айтайын, беш-алты жылдан бери көрө да элек элем. Анан тирүү көргөнүӊө кантип эреркелебейсиӊ. Дагы бир кызык нерсе, же жаш өйдөлөп баратканданбы, же бүгүнкү психологиялык жагдай-шарттардан уламбы, өзүмдүн жакшы санаалашымды эки-үч жыл көрбөй калсам эле, кудай өзү кечирсин, «деги өлбөй тирүү жүрөбү?» деп ойлой берчү болдум.
Эми той деп калдыӊ, ушу той жөнүндө бир нерсе айта кетейинчи. А дейбиз, бу дейбиз, бу кыргызды кыргыз кылып жер жүзүндө аман-эсен сактап келаткан касиет-кереметтердин бири ушу тойбу деп ойлоп калам. Той – бул тазаруу экен да, бардык жагынан тазарасыӊ: рухуӊ, жаныӊ, ниетиӊ… Мына, той берем деп камына баштаганда эле, жок, камына эмес, ойлой баштаганда эле, тазара баштайсыӊ, ниетиӊди оӊдоп, пейилди кеӊири таштап; жада калса үйүӊдү, тегерек-четиӊди, короо жайыӊды, айтор, баарын тазалап киресиӊ. Той берериӊди укканда, сенин жек-жааттарыӊ, тууган-туушкандарыӊ да өзүнөн-өзү эле камына, тазара башташат. Той бүткөндөн кийин деле анын деми менен канчага чейин таза жүрөсүӊ. А түгүл кээде мен тээ бала чактагы өзүм катышкан тойлорду эстегенде да кадимкидей көӊүлүм сергилеӊ тартып, тазара түшкөнсүйм.
Бүгүн деле карап турсаӊ, элге дем берип, ниетин оӊдоп, тазартып турган – мына ушул тойлор. Деги биздин элдин тойдон бөлөк эмнеси калды бүгүн? Арийне, мен өйдөдө чыныгы тойлор жөнүндө айтып жатам, атак-даӊк кууп жасалган тойлор тууралуу бул жерде сөз болууга тийиш эмес. Ал жөнүндө өзүнчө кыл чайнашсак болот. Бир эле тилегеним – биз тойду тойдой сактап калсак экен, анын кутун, касиетин учурбасак экен.
– Бир кездерде Жазуучулар союзунун мүчөсү болууну калемгер жаштардын баары эӊсечү эле, азыр сетиркеп турушат. Себеби жазуучу-акындардын арасы дайыма интрига, ызы-чуудан арылбай келгени ушуга себеп болду окшойт. Дегеле жазуучулар чөйрөсүнө кайрадан жагымдуу атмосфера жаралыш үчүн эмне жетпейт деп ойлойсуз.
– Мен чыгарма жазып, жазуучу атанып жүргөнүм менен, Жазуучулар союзунун ишине башынан эле аралашпайм, ошондуктан союзда эмне «кырылыш» болуп жатканын билбейм. Кээде гана оозеки жана жазма гезиттер аркылуу кабардар болуп калбасам. Анан бу сенин «сетиркеп турушат» дегениӊе анча көп ишене албай турам, анткени мага азыр деле чымындуулар көп кайрылышат, алардын баары теӊ эле Союзга мүчө болсом дегенде эки көзү төрт, анан сен кайсы сетиркегендерге туш болгонуӊду билбейм. Итке минип калабы, же оонап калабы, баары бир кичине чымыны барлардын баары эле жазуучу атангысы келет, анткени жазуучу дегендин өзүндө эле кандайдыр бир ыйыктык бар, бул сөздү укканда эле кимде болбосун кандайдыр бир тунук сезим пайда болот, илгери манасчы дегенди укканда элде ушундай сезим пайда болсо керек деп ойлойм. Эл да жазуучуларды бекеринен ыйык тутуп жаткан жери жок: жазуучулар да кудай сыяктуу эле адамды жаратат, жашоону жаратат, өмүр менен өлүмдү жаратат… Эми сенин интригаӊа кайрадан келеличи, азыр кайсы жерде интрига жок экенин мага айтып берчи. Азыр бардык жерде интрига: Акүйүӊдө да, үйүӊдө да, ооруканада да, жогорку окуу жайыӊда да, мектепте да. Жада калса бала бакчада да. Биз Достоевскийдин жин-шайтандарынын арасында дал ошол жин-шайтандардын кейпин кийип жашап жаткан сыяктуубуз. Мунун себебине чама-чаркыма жараша кийин токтолормун, азыр «жазуучулар чөйрөсүндөгү» интригага өтөлү.
«Кызы бардын назы бар» деп коюшат кыргыздар. Ушуга эле жакын ойду Горькийдин бир каарманы минтип айтып атпайбы: «Очень талантлив, но-негодяй. Может быть, потому и талантив». Ушу «наздыктын», «негодяйлыктын» бир көрүнүшү интригабы деп ойлойм. Анткени тээ Жазуучулар союзу түзүлгөндөн бери эле Союзда жазуучулар арасында интрига же ордо оюну болуп келет. Бул жөнүндө белгилүү окумуштуу Кеӊешбек Асаналиев «Айкаш» аттуу китебинде жакшы эле айткан, мен аны кайталап отурбайын. Бирок мурда жабык, тымызын түрдө болчу, эгер ач айкырык салып баратса, чокуга чаап туруп, жиӊкинин соолутуп койчу компартия деген бар болчу. Компартия же өкмөт деп коёлучу, жазуучулар союзун, жазуучуларды курал катары пайдаланчу, бирок, ошентсе да, алар менен эсептешчү, керек болсо аларды тирек тутчу. Азырчы? Азыр Союз деген жок, азыр имарат эле бар! Союз менен эч ким (өкмөт, бийлик дегеним) эсептешпейт, орой айтканда, киши ордуна көрбөйт. Буга биз, жазуучулар, өзүбүз да күнөөлүүбүз. Анткени биз (мен ошол кездеги аттуу-баштууларды, төбөсү көрүнүп калгандарды айтып атам) башында же Аалыкемдей, же Түкемдей чыныгы сүрөткерлик позициябызда мыкчыйып тура албадык. Президенттин кызы турмушка чыкса бир ыр жазып, боюнан бошонсо бир ыр жазып, айтор, ушундай жосундарды жасап, кошоматтанып жатып алдык, бул көнүмүш адатка айланып кетти, анан сени менен ким эсептешмек эле! Бирок канткен күндө да, мейли Жазуучулар союзу коомдук болсун, мейли эркин болсун, бийлик ээлери алар менен эсептешиши керек, анткени жазуучулар деген – бул ыйык журт, алар элдин каймагы, элдин үнү. Эгер эсептешпесе, ошол бийлик ээлеринин өздөрүнө эле жаман болуп калат.
Сен «интригадан канткенде арылабыз, канткенде жагымдуу чөйрөнү кайрадан жаратабыз» дегендей суроо берип жатпайсыӊбы. Биринчи тактап алалычы: интригандар кимдер? Же эмне, жазуучулардын баары эле интриганбы; азыр жазуучулар чөйрөсүндөгү «атмосфера» ушунчалык эле жагымсызбы? Союздун 400дөн ашуун мүчөсү бар деп коёлу, эмне, ошол төрт жүзү теӊ чогулуп алып, чуру-чуру түшүрүп, бири-бири менен тытышып жатыптырбы? Жок, ашып кетсе беш-алтоо эле, калгандары жөн эле «көрүүчүлөр». Илимий тил менен айтканда, аларды экиге бөлсөк болот: 1. Тубаса интригандар; 2. Ээрчимелер же шалпаӊ кулактар. Тубасалар беш-алтоо эле. Ушул беш-алтоо өз-өздөрүнчө топторду түзүшөт, калгандарын өздөрүнө азгырышат, жалынып-жалбарышат, анан… Алардын каалаганы, мүдөөсү эмне – таптакыр түшүнбөймүн. Же Союзда ичип-жеп ийгидей акча деле жок. Төрагалыкка жанталашып жатат десеӊ, эч ким тааныбаган, эч ким эсептешпеген төрагалыктын кимге кереги бар, наамдарга жутунуп жатабы дейин десеӊ, баары эле Эл жазуучусу, Эл акындары сыяктуу. Же чабышып жатып чарчаштыбы, же улгайып калыштыбы, же «жаӊы муунду» тарбиялап жатышабы, азыр буларыӊ да дымып эле калышты. Менимче, ушул беш-алтоону үстөлгө таӊып байлап койсоӊ да, болбой көтөрүлө беришет, будуӊ-чаӊдык алардын канында бар. Кеп, калгандарыбызда… Калгандарыбыз кичине сергегирээк карап, ээрчибешибиз керек, шалпаӊ кулак болбошубуз керек. Колубузда калемибиз турабы, жазып бирдеме жаратышыбыз керек, Союзга барбай койсоӊ, бирөө шымыӊды чечип алмак беле, үйүӊдө отуруп алып, тынч жаза бер да, сага баары бир да: үйүӊдө олтуруп жазасыӊбы, кампада олтуруп жазасыӊбы, иши кылып жакшы бирдеме жаратсаӊ болду да, согушта окопто олтуруп алып деле жазышпады беле. Чындыгын айтыш керек, ошол топтор өз ара тытышып атышып, соттошуп атышып, союздун эл алдындагы, бийлик алдындагы кадырын кетирип, тамтыгын чыгарып бүтүштү. Болуптур, союзда Кеӊешбек байкенин термини менен айтканда, конфликтүү ситуация бар деп коёлу, эмне, ошонун баарын жылаӊачтанып алып ансыз деле үрпөйүп араӊ отурган эл алдына алып чыгыш керек беле! «Баш айрылса – бөрк алдында» деген акылман кыргыз, бир үйдөн кичине чыр-чатак чыкса, аны экинчи үйгө жеткирген эмес, ошол жеринде чечип, жеринде бүткөрүшкөн.
Бул не деген асыл нарк, адат, анан ушул жөнөкөй, акылман, адатты биз, элдин каймагы деген жазуучулар, ыйык тута албасак, анан ким биз менен эсептешмек эле да, эл алдында кандай кадыр-баркыбыз болмок эле? Президент көп болсо өзүнүн президенттик мөөнөтүндө эл көзүндө болор, а жазуучу түбөлүк эл көзүндө, өлүп көрдө жатса да эл көзүндө. Ушул улуу акыйкатты биз жон терибиз менен сезип, ыйык сактоого милдеткербиз. Эӊ негизгиси, ааламды солк эттире албаса да, элдин жүрөгүнө асылдык үрөнүн себүүгө жарактуу, эстетикалык татымы бар чыгармаларды жаратышыбыз керек. Карачы, ушундай чыгармалардын жоктугунан улам, «Жаӊы Ала-Тоо» тээ мурда жарыяланган чыгармаларды кайрадан басууга аргасыз болуп жатышат…Эмне жетпейт деп жатпайсыӊбы, мына ушул жетпей жатат, биз жакшынакай чыгармаларды жараталбай жатабыз!
– Болуптур дейли аныңызга. Негизи жазуучуларыбыз дайыма коомдук процесстерден четте кала бергени туурабы? Байкайсызбы, кандай кырдаалдар болуп атса да биздин чыгармачыл интеллигенция дайыма пассивдүү. Же бир көжөлүп иштеп караламан калктын кайнаган турмушун көрсөткөн чыгармалардан колу бошобой атса башка кеп. Анан эле жазуучулукту башкача, өзүнчө бир ыйык кесиптей көрсөткүлөрү келет…
– Четте калганды коё туралычы, биз бир кызыктай коомдук процессте жашап жатпайбызбы. «Элүү жылда эл жаӊы» дейт, биз элүү жылды күтүп отурбай, акыркы он жылдын ичинде эле таптакыр өзгөрүп, жаӊырып кеткенсийбиз. Өӊгөсүн билбейм, мен башында ойлогомун, көп болсо он-он беш жылда бир нукка түшүп калабыз деп. Нукка түшпөй эле, түпкүргө түшүп бараткан сыяктанабыз. Бирок карасам, бир эле мен өзгөрбөй калып, калган элдин баары өзгөрүп кеткендей болот; кайра карасам, элдин баары өзгөрбөй калып, мен эле өзгөрүп кеткенсийм. Бийликтегилер деле жанталашып иштеп жатышкансыйт, бирок натыйжасы бүдөмүк, кыскасы, баш-аягыбызды жыя албай, карайлап турабыз. Президенттин же премьер-министрдин сүйлөп аткандагы ырай-пешенесине көӊүл буруп көрчү, карайлоонун илеби кадимкидей уруп турат. Кичине эле бир жылчык, шоола таап алсак атаганат! Ушундай күӊүрт коомдо чыгармачыл чөйрөдөбү, илим чөйрөсүндөбү, айтор, бардык жерде адамдардын өзүнчө бир топ-тобу пайда болот экен (буларды Достоевский людишки деп атаган эле), алар эл үчүн жалындап күйгөндөр деле эмес, ошондой эле акылы ашып-ташкан чыныгы кесипкөй адистер, ашкере билимдүүлөр деле эмес, бирок кандай маселе болбосун, алкынып- жулкунуп ошолор алдыда жүрүшөт, булар аралашпаса эле, мамлекет тымтыракайы чыгып кыйрап калчудай түр көрсөтүшөт, өз мүдөөлөрүнө жетүү үчүн интриганын акесин окутушат. Эл да биротоло аларга ишенип алышат, чыныгы кесипкөй адистер, чыныгы таланттар тигилердин чаӊында калат да, өздөрүнчө мүӊкүрөй беришет. Анан бир күнү эле тиги «геройлордун» чыныгы жүзү ачылып, чыныгы дарамети көрүнүп калып (бирок алар ачылып, көрүнүп калганына карабай, кайра ого бетер алкынып-жулуна башташат), «ишенген кожобуз силер болсоӊор…» деп элдин ындынын өчүрүп, көӊүлүн чөгөрүп, кайдыгерликти, кол шилтөөнү жаратып жатпайбы. Анын үстүнө азыр кайсы гезитти ача салба, кайсы теле же радио берүүгө назар таштаба, дээрлик баарында эле кара кабарлар: Кыйраганы калган айылдар, паракорлор, кан ичкичтер, денесин саткандар ж.б. Ырас, биз коомубуздагы өксүктөрдү ачык жазышыбыз керек, бирок берүүнүн да маданияты болуш керек да. Баарынан да биз ушул кара кабарларга эле көмүлүп калдыкпы, бизде, эмне, жаркын, асыл нерселер жокпу, алар калбай калдыбы, жаралбай жатабы, эгер мындай болсо, анда биз кыйрап калбай кантип жашап жатабыз?! Анан жогорудагыдай чырмалышкан кырдаал, шарттарда өзүнөн-өзү эле өчөшкөнсүп стрессиӊ да, интригаӊ да, депрессияӊ да күч алат экен. Билесиӊ да, карайлоо деген – бул чыӊалуунун жеткен жери, ал жарылышы керек. Жарылды го… Сен айткан чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү ак үйдүнбү, көк үйдүнбү алдына үрөйдү учуруп өкүрүп түшүшпөдүбү. Анан сен кайдагы пассивдүүлүктү айтып атасыӊ! Бирок канчалык ак, адилет болбосун, өкүрүк деген өкүрүк, ага өтө олуттуу мамиле кылыш керек, өкүрүк – бул жаман жышаана. Бул эми өзүнчө кеп. Негизгиси, кандай да болбосун,өздөрү карайлап турса да, бийликтегилер өкүрүк менен сөзсүз эсептешиши керек, анча-мынча сын угуп калышса эле ызырынып тиштенбей, ызаланып жер сабабай, тескерисинче, элди бооруна тартышы керек. Мен шоола табуунун бир жолун ушундай көрүп турам.
«Дайыма пассивдүү» деп чыгармачыл чөйрөнү анча басынта бербе, Олжобай, өзүбүздү-өзүбүз басынтпашыбыз керек, ансыз деле биз басынып турабыз, бийликтегилер бир басынтат, демөөрчүлүк кылган байлар да акырын кылыя, басынта тиктеп турушат, мен муну жүрөгүм менен сезип турам. А чын-чынына келгенде, элге жем таштагандар дал ушул чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү болбодубу. Мына, экөөбүз жакшы билген Мурза Гапаров менен Салижан Жигитовдун маектерин эле алалычы, аларда не деген ачуу чындык, адилет кеӊештер бар эле! Ал эми бийликти, бийликтегилерди кызыл жаян кылып шылый чапкан Алым акенин (Токтомушевдин) көркөм публицистикаларычы, бул публицистикалар кыргыз журналистикасынын өзүнчө бир алтын доору катары тарыхта калары эч бир кадиксиз. Анан Шакемдин (Дүйшеев), өзгөчө Анатай байкенин (Өмүрканов) өзөгүнөн өрттөнүп чыккан публицистикалык ырларычы, азыр кээде мага Акаевин да, Бакиевин да революционерлер эмес, а дал ушул Анатай байке «Күндөгү так!» деп кыйкырып жатып кубалап чыккандай туюлуп кетет. Чынын айтайын, мен өз учурунда өзүнүн адил сөздөрүн айтар деп Омор байкеден (Султанов) көптү күткөн элем, бирок айтпады, жоо кеткенден кийин гана: «Колдоруӊар кесилсин кашайгырлар!» деп кылычын ташка чаап, отуруп калды. Азыр негедир, баарыбыз дымып калдык, мен жазуучуларды айтып жатам, журналисттер будуӊ-чаӊ түшүрүп эле жатышат. Эмне үчүн дымып калдык, мен муну билбейм. Мына, Шакем «Азатыкка» жөлөнүп алып, өзүнүн агындылары менен тээ социализмдин оригиналдуу каармандарын аткылап атат, Анатай байке болсо калыстар тобунда отуруп алып, упайларды бөлүштүрүү менен алек. Баса, баякүнү Анатай байкеге жолугуп: «Көрсөтмө куралга айланып баратабыз го, байке» десем, эстүү жан эмеспи, «Чын эле.. Чакыра беришет… эми барбай койбосом…» деп күлүп, ойлонуп калды. «Алтымышта атаӊдын алдап-соолап күчүн ал» дечү эле илгеркилер, азыркылар болсо аттуу-баштуулардын баарын көрсөтмө куралга айландырып салышмак болду.
Бу Кадыркул байке (Даутов) экөөӊөр эле «бүгүнкү кайнаган турмушту жазышпайт» деп жазуучуларга тиштене берчү болдуӊар. Ой, ошол «кайнаган турмушту» чагылдыруудан мурда аны таанып-билүү деген процесс болот, ал узакка созулат. Эгер бул процессти баштан кечирбей туруп эле «ысыгында» чампалай берсеӊ, көркөм чыгарма эмес, каракчылык, сойкулук ж.б. ушул өӊдүүлөрдү баяндаган үрөй учурган бирдемелер жаралат. Кайнаган турмушту кайнап жаткан маалда журналисттер чагылдырышы керек жана азыр чагылдырып да жатышат. Журналистика менен жазуучулук экөө өз ара тыгыз байланышта болгону менен, экөөнү чаташтырбоо керек. Өзүӊө деле дайын, кийинчерээк өздөрүнүн өмүр баяндарын жазып, көркөм туунду катары тартуулагандар арбыды. Мунун баары көркөм жалпылоого мойну жар бербегендиктен же ага дарамети жетпегендиктен келип чыгууда. Көркөм чыгарманын жаӊы болгонун болгондой, көргөнүн көргөндөй чагылдырууда эмес, а ойдон чыгарууда жатат, ал эми бул кызылдай мээнетти, ашкере чеберчиликти талап кылат, жазуучунун сүрөткерлик дарамети да дал ушунда көрүнөт, ачылат. А биз мындан качып, өмүр баяныбызды тизмелеп кирдик. Эгер ойдон чыгаруу болбосо, ал орундуу орун албаса, анда отчёт, тарыхый информация өӊдүү бирдемелер эле жаралып калат, муну Төкөмдүн (Касымбеков) «Баскын», «Кыргын» романдары айкын тастыктап турбайбы. Кой эми, теорияны токтотоюн….
– Сиз менен талаша турган жерлери деле бар, Бейшебай байке, бирок антсек өзүӊүз айткандай теорияга сүӊгүп кетип, аскада асылып калчудайбыз. Андан көрө Алым байке деп калдыӊыз, мен билгенден экөөӊүздөр өтө жакын элеӊиздер, кеп тизгинин ушу Алым байкеге бурсак кантет?
Маектешкен О.ШАКИР