
(2-маек)
– Сиз менен талаша турган жерлери деле бар, Бейшебай байке, бирок антсек өзүӊүз айткандай теорияга сүӊгүп кетип, аскада асылып калчудайбыз. Андан көрө Алым байке деп калдыӊыз, мен билгенден экөөӊүздөр өтө жакын элеӊиздер, кеп тизгинин ушу Алым байкеге бурсак кантет?
– Атаӊдын көрү, ушул быйыл мен өзүмө жакын төмөнкү үч кишиге ичимден үӊүлдөп ыйладым: илим доктору Калыбек Байжигитовго, этнопедагог Сабыр Иптаровго анан Алым акеге. Алым аке жөнүндө өзүнчө атайын сөз кылуу –моюнумдагы парзым, ошондой эле бул жерде анын акындык өнөрүнө да, иликтөө жүргүзүп отургум келбейт. Бир сөз менен айта турган болсок, Алым аке сөздүн толук маанисиндеги сүрөткер (художник) болчу, ал ырды жасачу эмес, а жаратчу. Алым акедеги ушул өтө сейрек, улуу касиетти Аскер өткөндөгү макаласында абдан жакшы жана жөнөкөй ачып бериптир, аны кайталап отурбайын. Чындыгында эле эстетикалык, психофилософиялык, этикалык дөөлөтү жагынан «Карарган деӊиз, агарган толкунга» теӊ келерлик чыгарманы кыргыз поэзиясынан табуу өтө кыйын. Эми экөөбүздүн мамилебиз тууралуу чолуп-чолуп айта кетейин.
Менин өткөн кылымдын 80-жылдарынан кийинки жарык көргөн чыгармаларым да, илимий эмгектерим да Алым аке менен тамырлаш, анткени анын баары теӊ Алым акенин көз алдынан өткөн. Бирок кызык, Алым аке экөөбүз көп-көп жолугушуп жүрсөк да, телефон аркылуу сүйлөшүп көп эле байланышсак да, бир да жолу бет маӊдай отуруп кеӊири баарлашпаппыз. Биздин жолугушуубуз, сүйлөшүүбүз да үзүл-кесил гана болчу. Бир-экөөнү кыстара кетейин. Алым аке телефон чалып калды: «Бейше, бул мен – Алым эле, «Нуска» деген гезит чыгарып атабыз, бирдемеӊ болсо алып кел». Мен «Адрес» аттуу повестимди алып, жетип бардым. Эки бетке толтура берем деп алып калды. Бир эле бетине бериптир, кайра бардым: «Алым аке, бир эле бетине бериптирсиз го, калганын бербейсизби?» – «Эмне үчүн бербейм, беремин. – Санын чаап каткыра кетти. – Кантип бербейин, мен тууралуу жазсаӊ». – «Кандайча сиз тууралуу?» – «Ой, башкы каарманыӊдын аты Алым деп бакыйып турбайбы! Мен, негедир, ыӊгайсыз абалда калдым да, үйгө келип повестимди барактай кеттим. Чын эле, Алым экен, мына башын эле окуп көрөлүчү: «Түн. Капкараӊгы. Баары укташкан. Уктап жатышабы, же жокпу, айтор баары төшөктө. Алым гана соксоюп жалгыз отурут. Ал далай жолу ушунтип жалгыз калган эле. Бүгүн да соксоюп жалгыз… Кудая тобо, Алым байкенин эле өзү. Мен эмне үчүн баш каарманымды Алым деп койдум экен деп таӊ калгам. Дагы бир күнү «Агымга» барып калсам, Алым аке жүрүптүр, колунда – «Эски дептер». Мага кол тамга жазып бермек болуп кыйлага отурду да, анан санын чаап каткырып алды да, жазып кирди. Алып окусам, минтип жазыптыр: «Эмне деп жазарымды билбей турам». Окуп, мен да күлдүм. Дагы бир жолу түнүчүндө телефон чалыптыр «Бейшен, кандай бул – мен Алыммын. Мен доктурга жатып, жаӊы эле чыкпадымбы. Сенин «Түнүӊдү» жатып алып, үтүр, чекитине чейин окуп чыктым. Ушундай китепти жазып коюп, жер үстүнө кантип тирүү басып жүрөсүӊ?» «Эмне! – дедим мен калтаарый, – ушунчалык жаман…» Алым аке мен толук сүйлөтпөдү: «Жок! Укмуш!» деди да, телефонду коюп койду. Менин ушуга чейин башым маӊ: «укмуш» дегени чын эле укмушпу же кер какшыкпы? Мына ушундай өтө кыска, үзүл-кесил, анан сырдуу сүйлөшөр элек.
Кийинки жылдары «Жаӊы Ала-Тоого» чыккан «Баягылар», «Свет», «Кофта», «Горбачок», «Жираф» деген аӊгемелеримдин баары тикеден-тике Алым акенин шыкагы, түртмөлөөсү менен жазылган. Алым аке телефон чалып калат: «Кандай Бейшен, бул мен элемин, Алыммын, жаӊы бирдемеӊ барбы?» деп. Мен болсо даяр эмес экендигин, башымда бышырып жатканымды айтам да, анан мазмундарын жобурап кирем. «Мыкты экен, – дейт Алым аке шыдыр эле, – сөзсүз жазгыныӊ». Анан артымдан сая түшүп алат. Арга жок, бүтүрүүгө шашам. Ал эми мурда гезиттерге чыккан «Жүрөк сууга агып баратат…», «Күн бүгүн жаман ысып турат…» деген аӊгемелеримди, «теректер, же комуздун үч кылы» эссемди менден сурабай-этпей, өзү эле журналга басып таштаган. «Теректер, же комуздун үч кылы» чыкканда, атайы телефон чалып: «Бейшен, сен жазган адамдар менен мен да жүргөм, атүгүл буларга тагдырлаш адамдардын канчасы менен бирге жүрбөдүм дейсиӊ: Жоробек, Табылды… Бирок сендей жаза албай жатпаймынбы, колумдан келбейт окшойт», – деп кадимкидей жашыган…
«Жираф» мага Алым байкенин өзүндөй кымбат болуп калды, Олжоке. Бул аӊгемемди башымда бышырып, анан «Жаӊы Агымга» берейин деп (эмне экенин билбейм, мен чыгармаларымды ушул гезитке жарыялагым эле келе берет) кагазга түшүрө баштагам, эки-үч бет жазгандан кийин эле негедир, Түгөлбай Казаковго арнагым келип кетти, анан кайдан-жайдан келе калганын билбейм, мен кылым отуруп ойлонсом да оюма келбей турган «Жаны жамгырдан бүткөн» деген сөз айкашы пайда болду, мен жоголуп кетпесин деп, башына тайралаӊдатып жаза салдым: «Жаны жамгырдан бүткөн Түгөлбай Казаковго». Аӊгыча телефон чырылдады, Алым аке экен: «Бейшен, – деди адатынча, – бул мен эле – Алыммын, жаӊы бирдемеӊ барбы? Ушул санга». Мен уурумду карматып койгонсуп («Жаӊы Агымга» берем деп ниеттенип койгом да), мукактана түштүм да: «Бирөө бар, Түгөлбай Казаковго арнадым. «Жаны жамгырдан бүткөн Түгөлбай Казаковго» жаздым дедим. «Жаӊы жамгырдан бүткөн дейсиӊби! – деди ал чочугандай. Анан бир аз ойлонуп калды да, шыбырады. – Жаны жамгырдан бүткөн.. Мунуӊ чын эле оригиналдуу, мыкты чыгыптыр». Мактоого эреркеп кетип, мен адатымча мазмунун санактап кирдим. Ал угуп турду да: «Бу аӊгемеӊ оригинальный экен, башка чыгармаларыӊа окшошпойт экен. Мурункуларыӊ деле жакшы дечи, бирок мунуӊ өзгөчө экен… Эми качан бересиӊ, эки-үч күндө берип каласыӊ да, ээ…» деди. «Кайдагы эки-үч күн, Алым аке, жаӊыдан жаза баштадым деп айтпаймынбы, эки эле бетин бүттүм да…» Ал да, мен да үндөбөй туруп калдым. «Алым аке, – дедим мен анан күнөөлүүдөй күлүп, – анан сиз таарынбайсызбы? Мен тиги жираф деп атпаймынбы, анан тиги кыздын мойну узун болуп жатпайбы, анан шокшоюп соксоюп…» – «Ой, анын эмнесине таарынмак элем, шокшоюп турса – шокшойду, соксоюп турса сокшойду дейсиӊда да». «-Ой сизге опокшош болуп калып жатпайбы!» Алым байке каткырды: «Бая эле ошонтпейсиӊби… Эми соксоюп окшош болсо окшош дейсиӊ да». Анан көрүп ал, жаӊыдан эле жаза баштадым дегенди унутуп калганбы, эки күн өтпөй эле телефон чалды бүттүӊбү деп, кол жазма түрүндө деле бере бер, өзүбүз тердирип алабыз деп. Күн сайын телефон чалып, мен бербей койчудай болуп жалооруйт десеӊ. Менин да айлам кетип калды, же бүтпөйт аӊгемем чубалжып. Студенттерге лекция окуп жатканда оюма кылт эте түшөт да, дел болуп туруп калам, студенттер эстен чыгып, аӊгемемди ой жүзүндө улантып, кура баштайм. Ошентип, жинигип жүрүп бүттүм да, эӊ сабаттуу баскан «Кыргыз Туусундагы» Жыпарга бердим, ал эки-үч күндө эле шылып салды. Беш-алты ката кеткен экен, анан оӊдоо процесси башталды. Жарыктык Алым аке, оӊдоону күтпөй, чыдамы кетип Жыпардан электрондук вариантын алып алыптыр. «Жыпардан алдык, убара болбо» – деп чалыптыр. – «Кандайча алдык, Алым аке, оӊдоло элек да» – дедим. «Иши кылып алдык» – деп койду. Көп өтпөй кайра чалды: «Бейшен, сен окуп чыктың беле, каталар жүрөт го» – деп. «Айтпадым беле!..» – деп кыжынып, оӊдолгон вариантын көтөрүп алып, мен басмага бардым. Жолдо ката эмне эле мынча шашат деп өзүмчө кыжынып коём, көрсө, ажал артынан сая түшүп алган экен да. Биз Закен (жубайы –О.Ш.) экөөбүз неберебиз менен барган элек, ичкери кирип, байкеге жолуктум. Алым аке ушунчалык кулпуруп кетиптир, толуп калыптыр, аппак футболка, саргыч шым кийип алыптыр, өзүнө ушунчалык жарашып турат десеӊ. Эшикке чыкканда: «Алым аке, кандай экен аӊгеме? – деп сурадым мен бүшүркөй. «Мыкты! – деди Алым байке эч ойлонбостон, – мунуӊ мурункуларыӊа таптакыр окшошпойт экен. Абдан мыкты! Аягына чыкканда көзүмдөн жаш атып кетти». «Сизге жакса, бир баш сөз жазып койбойсузбу» – деп келатып, негедир оозум барбай койду. Чынымды айтайын, Алым акеге жакса, баш сөз жазып берсе» деп мен эӊсеп келгем. Бирок даабадым, азыр буга ичимден кан өтүп отурат. Аӊгыча бизди күткөндөргө жете келдик, Алым аке Закен менен бөтөнчө бир жайдары учурашып, неберемди эркелетип, жүзүнөн сүйдү. Анан коштоштук. Бул менин Алым акени акыркы көрүп калышым болуп калды. «Алым аке бүгүн өзгөчө бир сулуу болуп калыптыр ээ» – дедим Закенге. «Алым байке дайым эле оригиналдуу да, – деди Закен Алым акени ойлуу узата карап, – дене мүчөсү да, кийингендери да …» Арман дүйнө, мындан кийин Алым акени тирүү көргөнүм жок. Телефондон гана сүйлөшүп калдым бир гана жолу. «Бейшен, аӊгеме бешинчи санга чыкты, балдардан алдыртып ал» – деди. Мен жым дей түштүм да, «Алым аке, аӊгеме сизге жаккан экен, өзүӊүз бир тилек жазып «Жаӊы Агымга» сунуш кылып көрбөйсүзбү, Аскер кызыӊызды жакшы тааныйсыз да» дейин дегим келди да негедир, батынбадым. Жөн гана «Аскерге айтып коёсузбу, «Жаӊы Агымга» басып берсе» дегендей болдум. Алым аке бир аз үндөбөй турду да: «Өзүӊ эле айтпайсыӊбы, сен деле Аскерди менден жакшы тааныйсыӊ да» – деди. «Алым аке, япондордо мындай бир адат бар экен. Аларман дүкөнгө кирип, өзү каалаган буюм текчеде жыйылып турса да, аны сатып алуу үчүн ортого киши салат экен. Муну мага Кеӊеш байке айтып берген, ал киши Японияга барып келбеди беле». Алым аке адатынча каткырып күлдү да, анан ойлуу: «Макул, Аскерге айтайын, эки күндөн кийин бир тойдо чогуу болом Аскер менен. Бирок чыгарам деп убада бере албайм» деди. Анан мен капысынана эле: «Алым аке, -дедим, – биз Токтогул сыйлыгын бөлүштүрө албай жаман кыйналып атабыз». – «Кыйналып эмне башыӊарды оорутасыӊар, – деди ал кайдыгер, – алам дегендердин баарына бере бергиле да, баары бир алам дегендердин баары акыры алып тынат». Буга негедир ындыным өчө түштү, «Аалым аке, – дедим көӊүлүмдү көтөргүм келип, – сиз Шакемдин «Агындыларын» окуп жатасызбы, сизде андайлар абдан көп да, атүгүл сиздики алда канча драмалуу да. Жазбайсызбы!» «Жазып көрдүм, – деди ал суз гана. – Чыкпай койду. Колдон келбейт экен…». Мына, Алым аке экөөбүздүн акыркы жолу сүйлөшүүбүз.
– Анан Аскерге айтыптырбы?
– Суроого үлгүрбөдүм. Экөөбүз сүйлөшкөндөн кийин жума өтпөй эле сен чалбадыӊбы, Алым байкеден айрылып калдык деп!.. Ичимден кан өтүп, бозоруп отуруп калдым. Алым аке: «Бейшен, мага деле аз калды го» – деп айта берчү. Мен ишенчү эмесмин, деги эле Алым акенин өлөрүнө таптакыр ишенчү эмесмин. «Баш сөз жазып койбойсузбу» деп неге айтпадым деп арман кылдым. Жаӊы даярдалып жаткан аӊгемелер жана эсселер жыйнагыма, сөзсүз Алым акеге баш сөз жаздырам деп ниет кылып жүргөнүмдү эстеп ого бетер мүӊкүрөдүм, көзүмдөн жаш тегеренди. Өзүмдү алаксыткым келди, ушул быйыл эле Алым акенин журналисттик ишмердүүлүгү жөнүндө дипломдук иш жаздыртканымды эстедим. «Алым аке, бир кызым сиз тууралуу дипломдук иш жазып жатат, барса, туура түшүнүӊүз…» десем, «Ой, мени жаман көкөлөтүп жибересиӊер го» – деп каткырып калган. Ыраазы болгону үнүнөн билинип турган. Ушуну эстеп, көӊүлүм көтөрүлө түштү, өзү жөнүндө жаманбы-жакшыбы, бир илимий эмгек жазылгандыгын билип кетти дедим. Дипломчу Гүлпери да Алым аке өтөрдөн жети-сегиз күн мурда эдиреӊдеп сүйүнүп келген: «Агай, «бешке» жактадым, төрага (Абды Сатаров белгилүү тележурналист «Манас» университетинин доценти, аябай мактады, мыкты журналистти абдан жакшы жазыпсыз, эми муну бул бойдон калтырба, китеп кылып бастыргын деди». Гүлпериге өзүнүн китептерин бериптир, аларды кучагына кысып алып, Гүлпери бир күнү кабинетиме кирип келди, жүзү албырып, алактап шашып алган. «Кызык агай экен… – деди сырдуу жылмайып кысынгандай. –Адегенде өзүӊ журналист болсоӊ, анан суроолоруӊду алдын-ала белендеп келбейсиӊби – деп кичине ачууланды. Мен суроо бергени эмес, жөн эле таанышып коёюн деп келдим, агай дедим. Анан окуучулук күндөрүн айтып берди. Мектепте мугалимдер мени окутпай эле, мен аларды окутуп койчумун деди. Кызык… Чын эле, ушундайбы, агай!» Мен күлүп, билбейм дегендей башымды чайкадым. Өмүрү өзүн көтөрө чалбаган Алым аке эмнеге антип айтканын билбейм. Ушундай, Олжеке, Алым аке да кетти, баягы «эмгек сиӊирген» наамды алганда куттуктасам «Эми бул тигилердин (бийликти айтып жатат го) көп чагарактабай, оозуӊарды басып жүргүлө дегени да…» – деп жадырап күлгөн. Бирок өзүӊ билесиӊ, кетер-кеткенче оозун баскан жок, эми түбөлүк оозун басып калбадыбы. Өзү ача албайт, биз ачышыбыз керек, кыргыз журналистикасындагы татыктуу ордун көрсөтүп дегендей, кыргыз поэзиясына алып келген табылгаларын, жаӊы поэтикалык оюн ачып берип дегендей… Кайран Алым аке мээсинен да, жүрөгүнөн да куюулуп-төгүлүп турганда кете берди, сыягы денеси көтөрө албай калды окшойт. Ошол, Олжоке, азыр Алым аке өзү айткандай эмне деп жазарымды, айтарымды билбей турам…

– Азыр кыргыз акын–жазуучуларынын чыгармаларын окуйсузбу, алар боюнча ойлоруӊуз кандай? Деги эле сиз азыр көркөм чыгарма окуйсузбу?
– Жообумду акыры сурооӊдон баштайын. Мен гезиттерди көп деле окубайм. Буга байланыштуу бир кызыктуу окуя. Тээ илгери, кайра куруу кызуу жүрүп жатканда, мен, Муктар Борбугулов, Салижан Жигитов – үчөөбүз «Арашанда» чогуу болуп калдык. Муктар агай да, Салижан агай да гезиттерди тим эле «жейт» экен. Бир күнү Салижан агай бөлмөмө кирип келди да: «Бейшебай, сен гезит окуйсуӊбу?» – деди. Мен: «Көп деле окубайм», – дедим. «Туптуура кыласыӊ», – деди каткырып, – а мен ушу балакеттен кутула албай койдум. Мына, бүгүн келгениме он күн болуптур, оо баарын кыйратам деп келгем, болгону бир барак бирдеме жазыптырмын, гезит окуп эле жыргап жатыптырмын. Мына эми кетип баратам, жыргал!..» – деп каткырып, мага Андреевдин бир повестин берип, окуп кой деп чыгып кетти. Муктар агай болсо бөлмөсүндө гезиттерди окуп, эшикте жүргөндө «Мухаммедин өмүрү» деген китепти эрмектеп жүрүп, он эки күнүн өткөрдү окшойт. Эми өзүмө келейин, мен күнүнө жок дегенде бир аӊгеме окуйм, өзгөчө акыркы күндөрдө окуу өнөкөткө айланып кетти окшойт. Окуп, чеберчилигимди байытайын деп деле окубайм, жөн эле окуй берем. Айрымдарын кайталап деле окуй берем, кээ бирлерин алигиче жакшы деле түшүнө элекмин, эми бул көркөм чыгарманын бир касиети, сыры го. «Окууга карылык жок» деп коюшат го, бул туура эмес окшойт. Карылык бар экен, улам жаш өйдөлөгөн сайын көркөм чыгарманы акылыӊ менен кабыл алганыӊ менен, жүрөгүӊ менен баягыдай кабыл алалбай калат экенсиӊ.
Кийинки учурда мен сенин, Султан, Нуралы, Мамат, Жолдошбектин аӊгемелерин, Анатай Өмүркановдун, Фатима Абдалова, Акбар Рыскуловдун жыйнактарын окуп чыктым. Ар бирине талдоо жүргүзүп отурбайын, бул өзүнчө машакаттуу жумуш. Мен редакторлор тууралуу айткым келет, бүгүн редакторлор жок экен, аты эле калыптыр. Эгер редактор өтө кылдаттык менен караганда, мен окуган жыйнактардын бери дегенде 20-30 пайызын кыскартып салмак, ал эми айрымдарын искусствого айлана албай калгандыгы үчүн басууга уруксат бермек эмес. Мага кара сөз чыгармаларынын ичинен Жолдошбектин (Зарылбеков) «Тоӊбогон арак» деген кан жөткүрткөн чыгармасы өзгөчө таасир калтырды. Бул аӊгеме бүгүнкү каар замандын нукура, көркөм-философиялык элестүү сүрөтү экен. Окуп бүткөндөн кийин, чынымды айтайын, кадимкидей ыйладым. Бул жөнүндө өз мезгилинде Алым акеге айтсам, ал: «Жолдош ырды да мыкты жазат» деп койгон. Жокемдин жакшы акын экенин мен деле билем, бирок анын бактысы прозадабы деп ойлоп калдым.
– Эми өзүӊүзгө келели, окурмандарга берчү жаӊы бирдемеӊиз барбы?
– Башымда бышып бүткөн «Куткарбас» аттуу повестпи, аӊгемеби, айтор, өзүӊ айткандай, бирдемем бар. Баары эле даяр, жазууга кудурет-күчүм деле жетет, атүгүл ашып-ташып турат десем да болот. Бирок жаза албай атам. Негедир табитим эле тартпайт.
– Эмне үчүн?
– Билбейм… Баса, мунун мазмунун да телефондон Алым акеге айтып берсем керек эле. Бул чыгармамды журналыӊыздын конкурсуна берем» деп тамашалагам. Буюрса эми, жазамын, жакшы чыгабы, жаман чыгабы, айтор бүтсө, мен аны Алым акеге арнамакчымын, анткени ак дилимден, чыныгы жүрөгүмдөн жараларына көзүм жетип турат…
Маектешкен О.ШАКИР