
Китеп ыр, эссе, котормолордон турат. Китепти окуп жатканда бир жагымдуу жыт уруп турат. Ал — кыргыз жыты. Мен билгенден Алым байкеден өткөн окумал адам жоктур. Бирок ошолорго көмүлүп калбай, кыргызча кыйкырып жатпайбы. Өз кезегинде Чыңгыз атабыз да кыргызча чыңырып чыгып, алакандай кыргыз элине бүт дүйнөнү багындырып берген. Мен «Саманчынын жолун» айтып жатам. Согуштун бети жок экендигин ааламга ушу чыгармадай чыркырап далилдеп берген бир чыгарма дүйнөлүк адабиятта бар болду бекен!..
Алым байке да жыргалынан жыласы көп бул дүйнөнү кыргызга кыргызча түшүндүрүүгө жарап келатпайбы. Эсселерин окуп көрүңүз. Мидин да, Байдылда да, Жалил да, Жоробек да казкатар тизилип, маңдайына бажырайып тура калышат.
Алым байкенин ырларын окугандан дайыма чочулап турам. Котормолору да ушундай. Мен анын метафораларынан корком. Мына, отуз жылдан ашуун убакыттан бери метафора жөнүндө дарс окуп келем. Бирок ошентсе да негедир жазгана берем. Көрсө, жүрөк акылы менен жаралган метафора бөлөк болот окшойт (Алым байкенин ырларын окуп көрүңүз — буга толук ынанасыз). Мээ акылы менен жаралган метафора бөлөк. Мээ акылын көбүбүзгө эле берет окшойт, а жүрөк акылын оңой менен бербейт көрүнөт. Бул балким адамзаттын бактысыдыр, же шорудур…
Дүйнөлүк маданият менен кыргыз нуркунун ширелишинен жаралган Алым байкенин ырларын окуп жатканда мына ушуларды ойлодум.
«Тилимдин учунда эле турат, бирок айталбай жатпаймынбы!..» деп кутулат кыргыздар. Бирок мээ тилинде болбой жатканын, мээ тилинде болсо гана кызыл тил сайрай аларын элес алышпайт.
Бул жагынан алганда, Алым байкенин телегейи тегиз. Эгер эне тилде кимдир бирөө ыраазы болсо, ушу Алым байкеге ыраазы болор…
«Жалбырактар жазды сагынат» дептир Алым байке. А биз анын жаңы китебин сагына баштадык. Азырынча колубуздагы «Эски дептерди» окуй туралы.
Б.УСУБАЛИЕВ, жазуучу, филология илиминин доктору, профессор
«Эскирбес дептер», «Агым» гезити, 24-октябрь, 2008-ж.