
Аңгеме
Бисмиллахир рахмонир рахим!
Бүгүн да ал үшүп ойгонду. Баарынан да ушул үшүгөндөн тажады. Башкасына чыдайт эле, бирок, ушул үшүгөнгө чыдабай баратат. Ар күнү кечинде үйгө келгенде төшөккө жаткандан кадимкидей заарканат. Өзүн зордоп атып жатат. Анан көпкө чейин уйкусу келбей шыпты тиктеп жатат. Ары-бери оонап жаткандан кийин гана көзү илинип кетет…
Бүгүн да үшүп ойгонду. Терезени бирөө ачып койгондой үй ичи муздап калыптыр. Жылыбай койду такыр. Терезе менен эшикти мындан эки-үч жыл мурун жылуулаган. Антсе да жайы-кышы үшүй берет.
Коңшулардыкына же туугандардыкына барганда жылып келет. Үйдө топураган кишилердин, балдардын деми болобу ким билет, айтор, башкалардын үйүнөн ысып келет. Ысып келет да, үйгө кирери менен үшүйт.
Үйү ошол кыштан бери суук…
Бирок ал кышты эстегиси келбейт. Эстегенде эмне, өзүнө гана зыян. Өзү гана ыйлайт. Соороторго киши жок. Өзүн-өзү эптеп сооротот. Көз жашын аарчып, сууга жуунуп чыккандан кийин өзүнө бираз келе түшөт да, сыналгысын күйгүзөт. Ары-бери каналдан каналга которо берип тажаганда ашканага келет. Чайдын шуулдаганын угуп отура берет тунжурап. Чайнек ышкырып кайнагандан кийин өзүнө бир чыны чай куят да, үнсүз отурат. Чай деле, тамак деле өтпөйт. Жегиси келбейт. Өзүн кыйнап жейт. Акыркы күндөрү ушунтип жашап калды. Тамакты кыйнап ичет, өзүн кыйнап уктатат. Өзүн кыйнап жумушка барат, анан баарынан оору, өзүн кыйнап отуруп үйүнө келет. Үйгө келгенден кийин, кайрадан өзүн кыйнап уктатат…
Бүгүн да күндөгүдөй үшүп ойгонду.
Сууга түшүп келгенден кийин чачын фен менен кургатты. Отуруп, көзүн боеду, кашын чийди. Жумушка даярдап койгон кийимин кийди да, ашканага барды. Чай ичкиси келген жок. Дасторкондогу нандан чымчып ооз тийип, эшикке чыкты.
Сыртка чыккандан кийин жөө баскысы келди. Маршруткада тыгылып киши көп. Көбүнчө жумушка ушундай жөө барат. Киши көп баспаган парк менен басат. Эл жок жерде өзүн жакшы сезгени менен элдин шарына муктаж.
Жумушка келгенден кийин өзүнө кофе даярдады. Компьютерин күйгүзүп, фейсбукту ачты.
– Келдиңизби? Кандай эс алдыңыз?
Бул жанында отурган кыз Элмира. «Жакшы» – деди баш ийкеп. Бул кыз да бактысыз. Үйбүлөсү бар, бирок бактысыз. Балким, бактылуудур. Бирок ал өзүн бактысыз эсептейт. Кээде отуруп алып, жашоосун айтып арызданат. Күйөсүн жамандайт. Күнүгө анын кир-коогун жууп, бала төрөп берип, ал үчүн гана жашап атканын айтат. Өзү үчүн жашагысы келерин айтат. Кээде отуруп, «сиз кандай бактылуусуз» – дейт.
– Өзүңүздү өзүңүз билесиз, кайда барсаңыз да эч кимге жооп бербейсиз. Эч ким сизди тизгиндеп башкарбайт. А мен тажадым, ишенесизби… тажадым. Кетип калайын дейм, бирок балдарды ойлойм. Балдар үчүн эле жашайм…
Мындайда ага эмне деп жооп берерин билбейт. Кээде андай кылба, сен өз бактыңды сезбей атасың дейт. Бирок аны уккусу келбейт.
***
– Жүрүңүз, түштөнүп келели.
Чочуп кетти. Дагы ойлонуп кетиптир. Элмираны карап жылмайды.
– Жүрү.
Жолдо катар Элмира да арызданып келатты.
– Кечээ кайненемдер келген. Жумуштан чарчап барып, аларга тамак жасадым. Жиним келди ушунчалык. Эмнеге дебейсизби?.. Бизге эч нерсе алып келбептир. Атайын айылдан келип, эч нерсе алып келбептир. Неберелерин ойлоп деле бир нерсе ала келсе болбойбу. Алар томсоруп калышат дебейт эй. Шаарга келсе биринчи кайнагамдардыкына барат. Алып келгендерин ошолорго берет. Бизди жакшы көрбөйт. Жанагы баласы да түшүнбөйт эй. Мен канча айтам, ал да укпайт. Апаңдар бизди жакшы көрбөйт дейм, кээде жиним келип. Бул жакка эле отура берелиби?
– Макул.
Экөө четки үстөлгө отурушту. Официант кыз меню алып келип берди.
– Мага босо-лагман… Сизчи?
– Мага Мошоро.
– Элмира официантка карап:
– Анан бир чайнек чай, нан берип коюңуз.
Официант кыз башын ийкеп басып кетти.
Экөө тамак ичишти. Тамак үстүндө да Элмира кайненелерин жамандап кирди.
Түштөнүүдөн кийин кайра жумушта отурду. Фейсбукту ачты. Жаңылыктарды карады.
Жумуштан кийин үйгө жөө келатты. Эшик күңүрт тартып, күн бүркөө. Бул жыл аябай суук, күңүрт болду. Эки күн күн жаайт дагы, бир күн ачылып эле кайра бүркөлөт. Бүгүн да бүркөө экен. Лондондун аба-ырайы ушундай болот дешет. Жердин баары ным. Күңүрт.
Үйгө баргысы келген жок. Чоң көчө менен кете берди. Биртоп баскандан кийин чарчаганын сезди. Ашкананын жанына жетип калган экен, кирип бир нерсе жеп алгысы келди. Тамак алганы келгенде, тамак ичкиси келбегенин сезди. Бир кружке кофе, анан шоколад алды. Шоколад менен кофе ичкен ага жакчу. Шоколадды кырт тиштеп коюп, соруп отура берет. Артынан кофе ичет. Кофе менен шоколаддын даамына ырахаттанат. Мындай адатын көргөн Элмира «минтип кофе ичпеңиз» деген. «Жүрөгүңүзгө зыян. Шоколад менен кофе жүрөктү лакылдатат». Бирок ал жүрөгүн аягысы, сактагысы келбейт. Ошондо жарылып кетпеген жүрөгү азыр дүкүлдөп согуп иштеп атканына жини келет кайра. Ошондо… ошол кабарды угары менен жарылып кетсе болмок. Жарылып кетсе, мындай азапты көрмөк эмес. Минтип кыйналмак эмес.
Кофесин ичип бүткөндөн кийин кассага барды. Алдында кезекте турган жаш кыз менен жигитти карап суктанды. Экөө бири-бирине аябай жарашат экен. Жигит аны карап койду. Эмне тиктеп атат деди болуш керек. Көзүн башка жакка алып кетти.
Жигит менен кыз акчасын төлөп, ары жылып кетишкенден кийин аял дагы акчасын төлөп, сыртты көздөй жөнөдү. Сыртка чыгар алдында дааратканага кирди. Дааратканадагы чоң күзгүнү карап бираз турду да, сыртка чыкты.
Эшикте жаан башталыптыр. Кол чатырды алган эмес болчу. Шатыраган жамгырды карап бираз турду да, аялдаманы көздөй басайын дегенде, жаш жигит жанына келди. Жигит кол чатырын жайды дагы, аялдын башына тосту. Экөө бир кол чатырдын алдында басып баратышты. Жигит улам карап жылмайып коет. Аял жылмая алган жок. Аялдамага жеткенден кийин жигит суу болгон батинкесин жерге какты дагы, кол чатырын жыйнады. Аял рахмат дегендей баш ийкеди. Жигит жылмайды. Унчуккан жок.
Суу чачыратып маршрутка келип токтору менен жигит маршруткага чуркап кирди. Маршруткага кирип, оңдонуп отургандан кийин аялга кол булгалап койду.
Аял эч нерсе деген жок.
Бираз убакыттан кийин анын да маршруту келип, түшүп кетти.
***
– Сен көп ыйлабачы. Сен ыйласаң, мен үшүйт экем.
– Мен дагы үшүп атам. Мен кандай үшүп атканымды билбейсиң.
– Билем… Эсиңдеби «сен эмне болсоң, мен да ошондой болом» – дечү эмес белек.
Аял башын ийкеди. Мурдагыдай эркелеп, анын төшүнө башын жөлөгүсү келди.
– Муздап калыпсың. Үшүп атасыңбы?
– Сен үшүгөн үчүн мен да үшүп атпаймынбы.
Аялдын көзүнөн жаш куюла баштады.
– Ыйлабачы дедим го. Сен ыйласаң мен үшүп атам. Сен ыйласаң, мен суу болуп атам.
Аял өзүн токтотконго аракет кылды. Бирок токтой албай өпкөсү көөп кетти.
– Кантип ыйлабайм? Кантип ыйлабайм, айтчы? Сен неге мени таштап кеттиң? Неге?! Мен сени күтүп атам. Кайра келчи. Мен сени сагындым.
– Ыйлаба дейм. Болду, басылчы. Мени укпайсыңбы?
Аял өңгүрөп ыйлап ийди. Токто дегенди уккусу келген жок. Көкүрөгүндө болгон сагынычын ыйлап төгүп алгысы келди. Анын элеси жоголо баштады. Караңгылык аны соруп бараткандай болду. Аял аны кармап калгысы келди. Бирок бат эле таппай калды. Заманасы куурулду. Бакырып ийди. Бакырып ыйлап кирди.
Аял ойгонуп кетти. Дагы түш көрүптүр. Кудум өңүндөгүдөй түш көрөт. Бул жолу да ошондой, өңүндөгүдөй түш экен. Өпкөсү көөп калыптыр. Ыйлап атыптыр. Үшүп калыптыр.
Аял көзүн жашын сүртүп кымтыланды. Колдору муздап калыптыр. Колун ушалап жылытканга аракет кылды. Ыйлагысы келе берди. Букулдап ыйлап кирди. Бираз ошентип жаткандан кийин, саатынын коңгуроосу чырылдады.
Аял көзүн сүртүп, коңгууроону өчүрдү. Шыпты тиктеп бираз жаткандан кийин ордунан турду. Жуунганы ваннага кирди. Жылуу суу анын денесине ырахат берди. Шампунь, самын колдонгон жок. Бетин жылуу сууга тосуп тура берди. Кымча белинен ылдый кеткен чачтары менен кошо суу жылжып агып жатты.
Жуунуп чыккандан кийин бетин упалады. Көзүн боеду, кашын чийди. Көздөрү ишип калыптыр. Ыйлагандыкы болсо керек. Көздөрү кызарып калыптыр. Кыйналгандыкы болсо керек…
Аял кийимин которуп кийди да, сыртка жөнөдү.
Дагы парк менен жөө кетти. Сейилдеп жүргөн кишилерди карап коюп жөө баратты.
Жумушка келгенден кийин өзүнө кофе даярдады. Суурмадан шоколад алып, кофе иче баштады.
– Кандайсыз? Кандай эс алдыңыз? Көзүңүз кызарып калган го? Уйкуңуз канбай калдыбы?
Элмира келди.
– Дагы эле кофе менен шоколад жеп атасызбы? Зыян да. Жебесеңиз болмок. Жашсыз, жүрөгүңүздү оорутасыз.
Аял жылмайып койду. Элмира да кофе куюп ичти. Шоколаддан бир сындырып жеди да, кофе менен ичти.
– Ммм, даамдуу экен ээ? Бирок жүрөктү лакылдатат ко.
– Мага жагат.
Элмира башын чайкап койду.
Аял фейсбугун ачты. Жаңылыктарды окуду.
Түштөнүүдө кечээки орунга келип отурушту.
– Сиз эмне жейсиз?
– Мошоро.
– А мага бүгүн плов берип коюңуз. Анан чай, нан.
Официант “макул” деп башын ийкеп басып кетти.
Экөө тамак ичип отурушту. Адатынча Элмира үйбүлөсү жөнүндө айтып берди.
Эшиктен Дамира эже кирди. Эки жагын карады да, киши аз жерге барып, обочо турган үстөлгө отурду. Менюну окуп кирди. Элмира аны карап, шыпшынып койду.
– Байкуш, өзүнчө бөлүнүп отурат э дайыма. Бизге деле келсе, сүйлөшүп отурмакпыз да. Же күйөгө тийбей калгандар ушундай болобу? Такыр сүйлөшпөйт ко. Жумуш анан үй. Кантип жашайт билбейм, таң калам.
Аял Дамира эжени карап койду.
– Төрөп алса болмок. Ким эмне демек эле? Бирөөнү таап төрөп албайбы. Жалгыз өтсөң жаман го. Бирок уже кечигип калды. Эми төрөй албайт. Постелди көрбөгөн аялдар, эрте эле төрөй албай калышат. Менин тайжем да ошентпедиби. Бирок ал азамат. Бала багып алды. Төрөбөгөн аялдар мээримсиз болуп калышат экен. Баласын жакшы деле бакпайт окшойт. Баласы да үнсүз, түнт болуп калыптыр. Бирок уже окуп атат. Экинчи класска барып атат. Жеңиз, тамактан алсаңыз.
Аял алып атам дегендей баш ийкеди.
Түштөнүүдөн кийин экөө паркта эс алып отурушту.
Элмира дагы деле ар нерселерди айтып отурду. Бир кезде сыр сураган кишидей акырын сурады.
– Сиздечи? Не болуп атат личный фронтто? Киши барбы?
Аял күлүп, башын чайкады.
– Баарына бомба тийип кыйрап калышкан.
Элмира каткырып жиберди.
– Унчукпай отуруп, со-онун сүйлөп коесуз ээ? Атомный бомба тийдиби? – Ыкшып күлүп атты.
– Ооба, атомный. Ныпым киши жок. Турнабай салып карап атып көзүм тешилди.
Элмира боору эзилгенче күлдү. Аял да жылмайды.
– Коюңузчу ай, тамашаңызды. Сиз жашсыз, сулуусуз. Артыңызда чуркагандар көп эле болсо керек. Сиз жактырбай теңиңизге албай атасыз да.
– Кайдагы жаш, кыркка чыктым.
– Бальзаковский возраст. Романдардын убагы.
Элмира жылмайып койду.
***
Жумуштан кийин үйгө дагы баргысы келген жок. Кечээки жол менен кете берди. Бүгүн да күн суук. Бүркөө. Бүгүн да кол чатыр албаптыр.
Кечээки ашканага жеткенде, күн жаап кирди. Бүгүн да ал жакка кирүүгө аргасыз болду. Болбосо дагы бираз сейилдегиси келген.
Кофе менен шоколад алды.
Кечээки орундукка отурду. Кофесин ичип бүткөндөн кийин кассага барды. Алдында кезек күтүп, абышка менен кемпир турушту. Аларды карды. Абышка карап койду. Аял көзүн ала качты. Алар кеткенден кийин акчасын төлөдү.
Даараткананын күзгүсүн карап, бираз туруп сыртка жөнөдү.
Эшикте шамал аркырап, жаан төгүп жатыптыр.
Аялдамага чуркап жөнөдү. Шамал, этек-жеңин делпилдетип, булкуп жатты. Аялдамага жеткиче суу болуп кетти. Аялдамага жетип, бутундагы сууну кагып түшүрдү да, чачтарын оңдоду. Бетинен ылдый суу агып жатты.
Кимдир бирөө бет аарчы сунду. Аял көзүн өйдө кылып, кечээки жигитти көрдү.
Жигит жылмайып, бет аарчы кармап турду. Аял ала алган жок. Жигит бет аарчы менен аялдын чекесин сүрттү. Бетиндеги сууну кургактап, бет аарчыны чөнтөгүнө салып койду.
Аял рахмат дегендей баш ийкеди. Жигит эч нерсе эмес дегендей жылмайды.
***
– Мени кечирчи. –Аял ыйлагысы келе унчукту.
– Ыйлаба дедим эле го сени.
– Мен сага берген убадамды аткара албай калдым.
– …
– Бир нерсе деп сүйлөчү.
– …
– Мени жаман көрүп атасыңбы? Мени кечир. Мени кечир…
Аял ыйлай баштады.
– Мен сени ыйлаба дедим эле го!
Бул жолу катуу айтты. Аял селт эте чочуп кетти. Колунан кармагысы келди. Колунан кармап, таарынычын жазгысы келди. Колунан кармаса колу таш муздак экен. Аял чыдай албай кетти. Колун тартып алды.
Ойгонуп кетти. Түшү экен. Колдору үшүп, тоңуп калыптыр.
– Эмне болду сизге?
– А, эч нерсе болгон жок.
– Дагы түш көрдүңүзбү?
Аял башын ийкеди. Жигит жылмайды.
– Жаным го, түшүнөн го ушунун.
Аял эркелей, жигиттин төшүнө башын катты. Төшүн жыттады.
– Биз любовниктер эмеспиз да э?
– Жок, жаным. Биз сүйүшкөндөрбүз. Бирок сиз мени бир да жолу сүйөм деп айта элексиз.
Аял унчуккан жок. Жигит нааразы болгондой айтты.
–Сиз мени эч качан сүйбөйт болушуңуз керек. Сүйгөнүңүз бар да… Бирок мен сизди түшүнөм.
Аял дагы эч нерсе дей албады. Сүйөм деп айтып алдагысы келген жок.
– Мен күйөмдү деле сүйөм деп айткан эмесмин.
Жигит жылмайды. Аялдын чачтарынан сылап, ийнинен өптү.
– Бүгүн жумушка барбай эле коюңузчу.
– Неге?
– Бүгүн үйдө калалычы. Телефондорду өчүрүп, экөөбүз эле бололучу. Ооруп калдым деп коюңузчу жумушка.
Аял жылмайды.
– Макул.
Экөө кучакташышты. Өбүштү. Жытташты.
Аял ваннадан жуунуп чыккандан кийин ашканага сүлгү оронуп алып эле чыгып келди.
Жигит үстөлдүн үстүн даярдап коюптур.
– Мына, сизге атайын тамак жасап койдум. Мошоро!
Аял ушунчалык бактылуу болуп кетти. Жигитти кучактап жыттап алды. Бирок кайра сумсая түштү.
– Мошоро жебейм. Мошородон тажадым…
Жигит аялдын колунан бошой, үнсүз туруп калды. Жигит буйдала түштү.
– Келиңиз, отуруңуз. Анда мен сизге чай куюп берем. Салат менен ичесиз. Чайбы же кофеби?
– Кофе.
Аял суурмадан шоколад алып чыкты. Экөө шоколад менен кофе ичишти.
– Ммм, сонун экен.
Жигит кофе менен чай жутуп атып айтты.
– Менин Мошоромду жактырбай койдуңуз э? Жок дегенде ооз тийип койсоңуз. Интернеттен рецебин алдым. Окшошуптурбу? Эти жакшы бышпай калды окшойт.
– Ики, жок, ооз тийбейм. Эскинин даамын ооз тийгим келбейт…
Жигит түшүнбөй калды. Бир нерсе сурайын деп обдулуп барып токтоду. Унчуккан жок.
Аял жылмая жигитти кучактады.
– Сага рахмат. Бардыгына рахмат.
Жигит жибий түштү.
– Сизге рахмат жаным. Сиз болбосоңуз мен бактылуу болбойт болчумун.
– Мен бактылуу болмок эмесмин. Сен менин жашоомду өзгөрттүң.
Жигит жылмайды.
– Бирок сиз мени сүйбөйсүз.
– Мен сени сүйөм деп алдагым келбейт. Качандыр бир күнү балким айтам.
– Экөөбүз абышка-кемпир болгондобу?
Аял башын чайкады. Бир заматта өңү өзгөрүлүп кетти. Ичип аткан кофесин токтото калды. Жигит дагы жеп аткан тамагын жутуп, туруп калды.
– Не болду сизге?
– Эч нерсе.
– Анда не маанайыңыз өзгөрүлүп кетти?
– Сен бир күнү менден кетесиң да.
– Жок жаным, мен сизден эч качан кетпейм.
– Кетесиң, кетишиң керек.
– Антип айтпаңызчы.
– Мен сени байлагым келбейт. Сен бактылуу болушуң керек.
– Мен сиз менен бактылуумун.
Аял унчуккан жок. Жылмайып койду.Жигит да аялдын жылмайганына кубанды. Мурдунан чымчып, бетинен сылап койду.
Экөө тамактан кийин төшөктө жатышты.
– Сен мени сиз деп айтпачы.
– Неге?
– Мен жаман болуп атам.
– Мен сен дей албай атпаймынбы.
– Сен дей берчи.
– Макул. Сен дейинби? Сен.
Орой угулган жокпу?
Аял «ики» дегендей башын чайкады.
– Сен, сен, сен!
Жигит каткырды. Аял жылмайды.
***
Экөө жолдо келатышты. Сейилдеп келатышты. Көз айнек саткан дүкөнгө келгенде, экөө кирип кетишти.
– Жарашат бекен?
– Сонун жарашат экен.
Жигит көз айнекти алып, ордуна илди.
– Ушуну алалыбы?
– Жок, албай эле коелучу.
Жигит макул дегендей баш ийкеди. Дүкөнчү эмне берейин дегендей экөөнө карады. Жигит эч нерсе кереги жок дегендей кол шилтеди.
Экөө дүкөндөн чыгышты.
Паркты аралап басышты. Ээрчишкен жаштар көп экен. Экөө аларга кошулуп басып баратышты. Аял бактылуу сезди өзүн. Эч ким жок жерге жеткенде жигит, аялдын колунан кармады.
– Колуң жылуу экен.
– Менин колум эми жылуу.
– А меники муздак.
– Жок, сеники да жылуу. Сен менин колумду жылытпадыңбы.
– Жаным.
Жигит аялды кучактады. Экөө ал күнү кучакташып түнгө чейин турушту. Асманда жылдыздар учуп, ай апапак болуп тийип турган. Сары жалбырактар, бактан үзүлүп түшүп, «шырп» этип жерге түшүп жатышты. Жигиттин жытынан аял ырахат алып атты. Аялдын жытынан жигит ырахат алды. Экөө ушул дүйнө үчүн жаралгандай, айлана да толукшуп, бышып турду.
***
Аял жумушта отурду. Улам телефонун алып чалат. Элмира аялдын бир нерсеге сарсанаа болуп жатканын билип, монитордон көзүн алып аялды карады.
– Эмне болду эже?
– Эч нерсе.
– Сарсанаа болуп атасыз го.
– Жок, эч нерсе деле болгон жок. Телефонун албай атат.
– Аа.
Элмира ким телефонун албай атканын түшүнгөн жок. Сураган жок.
Мониторун карап отурду.
Аял эмне кыларын билбей, фейсбугун ачты.
Жигит жазган каттарды окуду. Ыйлагысы келди. Бирок ыйлаган жок. Канча күндөн бери Жигит телефонун албай аткан…
Элмираны карады. Ал телефондо күйөсү менен сүйлөшүп аткан. Күйөсүн бир нерсе деп жемелеп урушуп атат.
Аял кофе ичкиси келди. Суурмадан шоколад алайын деп суурмасын ачса, шоколад жок калыптыр.
Элмира телефонду койду.
– Ух, тажатты эй. Байпагын таппай калса да мага чалат. Сиз не болдуңуз? Алдыбы телефонун?
– Жок. Алган жок.
– Ал ким эле?
– Аа, жөн эле иним.
Элмира «ийи» дегендей баш ийкеди.
Аял капчыгын алып эшикке даярдана баштады.
– Сиз кайда?
– Шоколад жок калыптыр. Дүкөнгө барып келейинчи.
– Ий, эже айтканды такыр укпайт экенсиз го. Шоколад менен кофе жүрөгүңүзгө зыян. Кийин төрөп калсаңыз, кыйналасыз.
Аял жылмайып койду.
– Кайдагыны айтпачы.
Аял эшикке чыкты. Жүрөгү чын эле лакылдап башкача согуп атты. Кофе ичсе жүрөгү жарылып кетчүүдөй. Кыйналып атты. Ыйлагысы келди. Бирок жаш түгөнүп калгандай көзүнөн жаш чыккан жок. Башы ооруп чыкты. Дүкөнгө кирди.
Дүкөнгө киргенден кийин шоколад сатылчу жерге басты. Жайнаган шоколаддардын арасынан өз шоколадын издеди. Кара, ачуу шоколадды тапты. Алайын деп кол сунганда башы айланып кетти. Жүрөгү айланып, башы деңгиреп чыкты. Экинчи жолу колун сунганда көзү караңгылашып кетти. Колу-бутунун шайы кетип, кулай жаздады. Эки жагын каранды. Эл кыйма-чийме. Аял кулап кетти.
***
Аял көзүн ачты.
Палатада жатыптыр. Жанында дарыгер отурат.
– Ойгондуңузбу?
Дарыгер жылмайды.
– Капа болбоңуз, баары жакшы. Жакындарыңызга чалалы десек, телефонунузда блок бар экен. Сизди ойгонсун деп күтүп аттык.
Дарыгер эч нерсе болбогондой жылмайды. Аял эми толук эсине келди. Өйдө болуп тургусу келди. Дарыгер жардамдашып отургузду.
– Сиз көп капаланбашыңыз керек экен. Сиздин жүрөгүңүз өтө алсыз болуп калыптыр. Жүрөктү сакташ керек. Дагы бир капалансаңыз анда жүрөк оорулуу болуп каласыз. Анан да, мындан кийин өзүңүздү карашыңыз керек.
Дарыгер жылмайды.
– Кана эми чалыңыз. Жакындарыңызды чакырыңыз. Сүйүнчүлөйлү.
Аял түшүнгөн жок. Дарыгер берген телефонду алып, блоктон чыгарды. Дарыгер «сиз чала бериңиз дегендей» колун жаңсап эшикти көздөй жөнөдү.
Аял телефонан карап туруп, Элмирага чалды.
***
– Куттуктааайм!
Элмира гүл көтөрүп палатага кирди.
– Эшиктен доктурга жолуккандан кийин атайы кур кол кирбейин деп эшикке барып муну сатып келдим.
Элмира колундагы букетке жаңсады.
Аял түшүнбөй, Элмираны карады. Элмира жанына келип, бетинен өптү да, отурду.
– Кана эми айтыңыз. Мага айтпай жашырып жүрдүңүз беле. Эми жаныңызды койбойм. Кана?
– Түшүнгөн жокмун.
– Апей, сизге айта элекпи?
Аял жок дегендей башын чайкады.
– Өтө кубанып кетип, дагы ооруп калбасын десе керек анда. Анда эмесе угуңуз…
Элмира бираз токтоп, жылмайып турду.
– Боюңузда бар экен.
– Койчу!
– Чын, мага доктур жаңы эле айтты. Мен сизге айттым беле, кофе менен шоколад жебеңиз, зыян… төрөп калсаңыз деп.
Аял эмне кыларын билген жок. Телефонун карады.
***
Аял палата отурду. Жанындагы үстөлдө гүл турат.
Аял телефонун карап отурат.
Телефондогу адамдардын арасынан бир номерге келип токтоду. Смс жазайын деди.
«Куттуктайм!» – деп жазып, кайра өчүрдү. «Сен ата болдуң» – деп жазып, кайра өчүрдү. «Боюмда бар» – деп жазып, кайра өчүрүп салды. Ойлонуп токтоп калды. Номерди карап турду дагы, номерди өчүрүп салды.
***
– Неге күлөсүң?
Аял жылмайып сурады.
– Жөн эле.
– Жөн эле да, киши күлмөк беле?
– Жөн эле эмес.
– И анан неге? Мени шылдыңдап атасыңбы?
– Жок, «Сен кандай болсоң, мен дагы ошондой болом». Эсиңдеби?
Аял жылмайды. Кыткылыктап күлдү.
Ойгонуп кетти аял. Түшү экен. Үшүп калыптыр. Борсоюп чыгып калган курсагы үшүп калыптыр.
Ичин сылады. Ичиндеги «бүлк-бүлк» эттире тээп койду. Курсагын кармап жылмайды. Саатты карады. Түнкү саат үч болуптур.
Аял дааратканга кирип чыкты.
Диванга келип отурду. Төрөткө даярдап койгон сумкасын карады. Баары ордунда экен. Текшерди. Кайра жаап койду.
Курсагын сылады.
Терезе ачылып кетти. Жазгы шамаал үйдү муздатып ийди. Эшикте шалбырттап кар ээрип аткан.
Аял терезеге келип, терезени жапты. Терезеге боз түшүп, нымдалышып калыптыр.
Боз түшкөн терезенин аркасынан караанды көрүп, чочуп кетти. Караан тааныш болчу.
Ал күйөсүнүн карааны болчу. Караан көпкө тиктеп турду дагы, кол булгалады. Жылмайып койду. Аял көргөн көзүнө ишенбеди. Терезенин буусун сүртө калды. Терезе эми тунук көрүндү. Караан ордунда жок болчу. Аял көзүнө көрүнүп кеткенин билди.
Жүрөгү опкоолжуп барып басылды.
Терең дем алып, терезесин жапты.
Диванга келип отурду. Курсагын сылады.
Курсагындагы «бүлк-бүлк» эте тээп койду.
Аял жылмайды.
Токтобек ҮСӨНОВ