
Генрих ГЕЙНЕ
(1797-1856), немис акыны
Баардык улуу акындардын чыгармаларында ортозаар каарман болбойт. Кайсынысы болбосун баш каармандай көрүнө берет.
* * *
Адабият тарыйкасы узун өлүкканага окшош. Ага кээси эң бир жакын адамын, кээси дайынсыз жоголгон тууганынын сөөгүн издегенсип кайрылат.
* * *
Генийди гений жаратат. Алар бир-бирине шыктанып эмес, тирешкен үчүн генийге айланат.
* * *
Кандай автор болбосун өзү жараткан чыгарма үчүн атак-даңкка жетсем дейт. Ал эмес «Тооратты» жараткан кудайың деле өзүнүн мемуарында: «Атагымды унуткарбас үчүн адамзатты жараттым» дегенди апачык какшап атпайбы.
* * *
Юпитер кимди жазалагысы келсе, ошону акын кылат.
* * *
Жакшы ыргак аксаңдаган ойлорго дайымеле балдак болуп бералбайт.
* * *
Сынчылар аксөөктөр балга кирип аткандагы эшик кайтаргандарга окшош. Колунда белети жок же үстү-башы жүдөңкү кийингендерди босогодон аттатпай, жалаң зыңгырагандарды өткөрөт. Бирок эң кокую – өздөрү да ичкериге башпакпайт.
* * *
Акын өзү кенедей Кудай сыяктуу. Эмнеге дегенде, каармандарынын арбирин өзүнүн же өзүнө окшогондордун бейнесине окшоштуруп жаратат.
* * *
Ырды карасөзгө оодарсаң, айдын жарыгындагы каракчы кейиптенип калат.
* * *
Кереметтүү көктөм жаздын кадырын кышында жылуу мештин түбүндө ыр жазып отурганда билесиң.
* * *
Улуу акын гана өз заманындагы поэзияны түшүнөт. А өткөн доорлордун поэзиясына баарынын эле тиши өтөт.
* * *
Эркиндиктин баасын көлөкөдөгү гүлдөр менен абактагылар гана билет.
* * *
Аял адамдын туруксуз экендигине бир кезде жаным кашайганынан жеккөрүп: «Жыландай жылассың» депмин. Жок, жок! Таптакыр андай эмес, андан да кокую – аял жылан эмес экен. Жыланың да жыл сайын терисин сыйрып таштап, кайрадан жашарып турат эмеспи.
* * *
Диндин бир түрү – апийим, себеби дин экөө эгиз сыяктуу окшош. Муну жакшы түшүндүңөрбү?
* * *
Азыркы динди теория түрүндө карасак, ташталканы чыгып, идеясы боюнча өлгөн. Ал азыр кудум эле башы жулунган чымынга окшош. Демек эмне? Сөлөкөт. Чимирилип-айланып, калдактап уча берет. А колунан бирдеңке келеби?
* * *
Тумшугуна нокто катылган ит көтү менен үрөт.
* * *
Эс-акыл, денсоолук, акчадан айрылган жерде адамдар баш-оту менен биротоло динге оойт.
* * *
Кудайдын кыйноо тартып атканын сезген адам өз жанынын кыйноосунан кыйналбайт.
* * *
Эл өмүрү түбөлүктүү. Падышалардыкы гана түбөлүктүү эмес.
* * *
Айрымдардын айбаты жүз арстанга жеткени менен акылы эки эшектикине жетпейт.
* * *
Француздар мышык сыяктуу эл. Укмуштай коркунуч жараткан бийиктен куласа деле арка-мойну астында калганын көрбөйсүң. Тескерисинче, кулаган сайын төрт аягына таканчыктап туруп калат.
* * *
Далдайган далылууларга жаанын огу оңой тиет. Атаңдын гана гөрү, кибирегендерге тийбейт.
* * *
Ачуу күйүттү жеңиштин эки жолу бар. Бири – апийим, бири – мээнет.
* * *
Шакаба чырмоок чөптөй. Эмнеге дегенде, чырмоок дегениң сөңгөктүү нерсеге жабышмайын өспөйт.
* * *
Тарыхты аялдар жаратат, бирок анда эркектердин ысымы калат.
* * *
Кээбир адамды көзү тирүүсүндө таякташ керек. А өлгөндөн кийин жазалап же көржемеге алыштын кажети жок. Андайлардын аты-жыты ансыз да унутулат.
* * *
Баатыр жокто майданга маскарапоз чыгат.
Которгон Олжобай ШАКИР