
Уильям БЛЕЙК
(1757-1827), англис акыны жана сүрөтчү
Акылдуу менен акылсыздын маңдайында терек турса, экөө аны эки башка көз менен көрөт.
* * *
Жашоодо дөөдүрлөр болгонуна да шүгүр. Аларды көрбөсөк, биз да дөөдүрөп жүрмөкпүз.
* * *
Касты эмес, досуңду кечириш оңой.
Мишель МОНТЕНЬ
(1533-1592), француз эссечиси
Оорудан корккон адам өзүнөн өзү ооруга чалдыгат.
* * *
Жеткен ырайымсыздар суужүрөк келет.
* * *
Жылтырата тазаланган өтүк эмес, кычырата тигилген өтүк бутуңду жарашыктуу көрсөтөт.
* * *
Бир нерсени жек көрүп калдыңбы? Демек, так ошону жүрөгүңө жакын кабыл алгансың.
* * *
Байлыкка чиренгендердин эстерине экмет: байлык силерге эмес, силер байлыкка кызмат кылып жүрөсүңөр.
Аксель ОКСЕНШЕРНА
(1583-1654), граф, Швеция концлери
Эр ортону элүүңдө турмушка төнө баштайсың, алтымышыңда турмуш сага төнөт.
* * *
Жыйырма жашында бирнерсе билбегенден бирнерсе чыкпайт, отузунда ооз ачпагандан ой күтпө да, кырк жашта бирнерсе кыйратпагандан үмүтүңдү үз.
* * *
Жашоодон зериккен жандар сенин да жашооңду зерикме кылып таштайт.
* * *
Үйүндө китеп тирелип турган адамдар түркөй болорун көп байкадым.
Блез ПАСКАЛЬ
(1623-1662), француз окумуштуусу, философ
Жашоо маңызын сезбейбиз, болгону жашап жүрөбүз.
* * *
Клеопатранын мурду бираз жалпак болгонделе жер шары башкача болмок.
* * *
Канчалаган канкорду өлүм жазасына тартабыз, ошол туурабы? Жок. Биз кайра канкорлордун эсебин көбөйтөбүз.
* * *
Окурман аягына чыккан соң бүйүр козгоп, андайды өзү жазуу оңой көрүнсө, демек ал мыкты китеп.
* * *
Ким китепти өтө шар же тамгалап ташып окуса, анда ал эчнерсеге түшүнбөгөн окурман.
* * *
Көптү билүүгө умтулуу деле абыгерчилик. Эмнеге баарыбыз тең көптү билүүгө умтулабыз? Башкаларга мактаныш үчүн.
* * *
Адамдар көп учурда кашкайган далилге эмес, көңүлгө төп келер божомол-дөдөмөлгө ишенет.
* * *
Биз дайыма болор-болбос нерсеге сооронуп калганыбыздын себеби, көп учурда болор-болбоско муңайым тартабыз.
* * *
Ашкере азаттыктын өзү да коркунучтуу, анан кем-карчыны сезбеген жашоо жашоо эмес.
***
Туура эместигин билип туруп эмне үчүн үрп-адаттан чыкпайбыз? Себеби ал үрп-адат. Эл ага сокур сезим менен ишенген үчүн үрп-адат жолунан чыккысы келбейт.
* * *
Адам периште да, айбан да эмес. Бирок анын бактысыздыгы – дайыма периште көрүнөм деп, айбан кейпин кийип калат.
Кыргызчалаган О.ШАКИР