
Мухаммед Аззахири АС-САМАРКАНДИ
(XII), перс акыны
Майда таарынычтар үчүн достукка артыңды салба.
* * *
Төмөнкү төрт милдет аткарылмайын иш бышты дебе:
Биринчиси, казандагы аш оозуңа тиймейинче;
Экинчиси, кош бойлуу аял көз жармайынча;
Үчүнчүсү, жоокер согуш майданынан кетмейинче;
Төртүнчүсү, дыйкан түшүмүн оруп жыймайынча…
* * *
Ачкалыктан тарпты да баса жыгыласың.
* * *
Эгер досуң душманга айланса, достуктун кайрадан тамыр жайып гүлдөшүнө мурдагыдан ашыра кам көр. Сүйүү жана ишенимдин тамырына бапестеп суу куйбасаң, ал да дарактай соолуйт.
* * *
Чыныгы достук ооз учундагы кеп үчүн эмес, тилектештик жана санаалаштыктын негизине таянып жашайт.
* * *
Аткарылбай келген арбир убада – жамгырсыз булут, мөмөсүз дарак, мизи чоркок кылычка окшош.
* * *
Адатта бир сааттык кумарга азгырылганыбыз үчүн канча күн бою өкүнгөн учурларыбыз болот.
* * *
Кудай-таала кайсыл калкка каарын чачкысы келсе, ал сөзсүз аткарылат.
* * *
Кайсы өлкө болбосун анын түркүгү да, пайдубалы да сот адилеттиги жана акыйкаттыкка негизделет.
* * *
Туура жолдон адашпай, эс-акылдуу жашагың келсе, кеменгер адам менен кеңешип-кесип иш кыл.
* * *
Түркөйдүн акылын ээрчиген адамдын ишинен эч качан майнап чыкпайт, көздөгөн мүдөөсүнүн бирине да жетпейт.
***
Ач көз адамдан өткөн шоркелдей жок.
* * *
Адамзатты адам кылган акылы,
Ансыз пенде жырткычтын эң жакыны.
* * *
Билим – улук, көрк берүүчү келбетке,
Билим кымбат асыл мурас берметтен.
Билерманга, даанышманга муктажбыз…
Кылым барбы, билимге өрт, сел жеткен?
* * *
Арстандын тишин көрүп күлкү десең, жаңыласың,
Абайла дос, анда чоң бир өкүнүчкө кабыласың!
* * *
Ким жаш кезде сүйүү зарын чекпеди, –
Демек анын жаштыгы кур кеткени.
* * *
Жаш кезде ким качса сүйүү мээринен,
Жандүйнөсү мерез, бузук дээринен.
* * *
Ашык ичсең ууга каршы дарыны,
Уудан мурда ошол алат жаныңы.
Кыргызчалаган О.ШАКИР