
Пакистан жомогу
Эки биртууган жашаптыр. Улуусунун үч уулу, кичүүсүнүн жалгыз кызы болот. Улуусу бир күнү көз жумат экен. Анан анын үч уулу авасыныкына келип, минтип айтышат:
– Аваке, кызыңызга үйлөнөлү деп, биз анын колун сурап келдик.
– Менин кызым жалгыз болсо, а силер үчөөңсүңөр, – дейт кыздын атасы. – Жалгыз карагымды үчөөңөрдүн кимиңерге бермек элем? Мегиле, колуңарга үч жүз рупий[1] берейин, муну өз ара бөлүшүп, соода ишин кылгыла. Кимиңердин итиңер чөп жесе, кызымды ошонуңар аласыңар.
Тиги үчөө акчаны алып, буюм сатып алмак болушат. Жүз рупийге бири – суу мончок шуру, бири – самолёт-килем, бири күзгү сатып алат.
Үчөө чогулуп, өз иштери тууралуу биринен бири сурай баштайт. Ортончусунан эмне үчүн самолёт-килем сатып алганын сурашат.
– Эмнеге сатып алганымдын себеби, самолёт-килемге отурсаң, көз ачып-жумганча каалаган жериңе жеткирет, – деп түшүндүрөт.
Суу мончок шуруну эмнеге сатып алганын эң улуусунан сурашат.
– Шурумдун касиети мында, – дейт анысы, – муну сууга малып, өлгөн адамдын оозуна суу тамчылатсам, жаны үзүлөр адам дароо тирилип кетет.
Акырында эмне үчүн күзгү сатып алганын эң кичүүсүнөн сурашат.
– Хе-хе, – дейт анысы. – Эгерде алыста-алыста эмне болуп жатканын көргүң келсе, күзгүнү карасаң – баары көрүнөт. Үйдө болгон шумдукту ушул күзгүдөн эле көрүп аласың, – дейт да, күзгүнү карай коюп, карбаластап кыйкырып калат: – О кокуй, биз көроокат деп жүргөндө, авамдын кызы өлүп калыптыр. Мына, жасаты жансыз жатат, көрдүңөрбү! Атүгүл мүрзөгө көмгөнү алып жөнөштү.
Үчөө тең көчүктөрүн жерден жулуп алгандай секирип турушат да, самолёт-килемге отуруп, көз ачып-жумганча үйгө жетип келишет. Ошол замат шуруну сууга малып, өлгөн кыздын оозуна суу тамчылатышты эле, кызга жан кирди, това! Үчөө анан авакесине келишти.
– Эми бизге кызыңды бер, – дешти.
– Силер падышага баргыла, кызымды кимиңерге беришти ошол чечсин, – дейт авакеси.
Үчөө падышага жөнөштү.
– Ылыйгытка[2] ылайык кимиңер кызды күзгүдөн көргөн болсоңор, кыз ошонуку. Анткени өлгөн кыздын денесин жууп аткан учурда көргөн ошол эмеспи, – дейт падыша.
Ошонтип ал кыз менен никеге туруу күзгүнүн ээсине буюрган экен.
Которгон Олжобай ШАКИР