
♦ ♦ ♦
Миң сандаган хромосомдон тандалып,
Неге келдим бул жашоого сандалып?
Кайда барам бул дүйнөдөн кеткенде
Билсем кана, албайт белем камданып.
♦ ♦ ♦
Тентек ойлор чакырыксыз коноктой,
Кубалап көр кыйын болсоң жолотпой.
Капыс келип чыгат мээмдин төрүнө
Кууганымды, сөккөнүмдү тоготпой.
♦ ♦ ♦
Бош капчык таап алгансып,
Ирээнжийт кээде көңүлүм.
Санаага батып миң түркүн
Сагынтат өткөн өмүрүм.
♦ ♦ ♦
Оо, жараткан тазалай көр дилимди,
Арам ойдон, арам иштен алыс кыл.
Ыйман бергин, напси бергин жулунтпай,
Ак-караны ажыраткан калыс кыл.
♦ ♦ ♦
Тынч жүргөндө бүлүк салып капилет,
Өлбөгүлө туугандар алыстагы.
Өлгөнүңдүн үстүнө көмгөн кылып,
Кыйын болду тыйынды табыш жагы.
♦ ♦ ♦
Колдо барда кокуй да айтат саламды,
Колдон кетсе толгон досту табамбы?
Бардар кезде баарыле айтат саламды,
Башка иш түшсө кыйбас досту табамбы?
♦ ♦ ♦
Билип жасап, билбей жасап сандаган,
Күнөөлөрүм кечир деймин Алладан.
О, Жараткан тозогуңдан сактай көр,
Орун бергин бейишиңден камдаган.
♦ ♦ ♦
Будуң чаң ойлорумду жыйнай албай,
Жан дүйнөм жыйылбаган үйдөй чачкын.
Кээ кезде тажап дүйнө түйшүгүнөн
Кайдадыр бир дүйнөгө келет качкым.
♦ ♦ ♦
Түйшүк менен өтөт адам өмүрү,
Түйшүк бүтсө бул жашооңдун бүткөнү.
Бала чагың кетти, болду бир чоң жүк
Өмүр бою мойунуңа жүктөлүү.
♦ ♦ ♦
Пейлиң тарып, жакырланса акылың,
Сезбейбиз биз жан дүйнөнүн жакырын.
Капчык бошоп, мал түгөнсө короодо
Калдактайбыз кулачудай чатырың.
♦ ♦ ♦
Атак алып мыкты чыкса баласы,
Биздин уул деп бүткүл айыл мактанат.
Жаман чыгып тентек болсо баласы,
Атасынын жакшы атына так салат.
♦ ♦ ♦
Куш учат күүлөп канатын,
Куйругу керек конгонго.
Канат, куйрук табасың,
Тууганың жакшы болгондо.
♦ ♦ ♦
Кыйлага жашым барса да,
Таңгалам кээде ушуга:
Кечээки он беш жашымдай,
Кыялдын чыкпайм учуна.
♦ ♦ ♦
Мезгилдин эмне өчү бар,
Кубалап жүрүп карытты.
Аябаптыр бир жанды
Аңтарып көрсөм тарыхты.
♦ ♦ ♦
Адриналин азайганбы канымда,
Алым кетип баштагыдай демим жок.
Шайдоот туруп, шартылдаган кез кана,
Шалдыраймын эңкейгенге белим жок.
♦ ♦ ♦
Ээсиз калган эски тамдай,
Эңгирейт кээде жан дүйнөң.
Татыйбы өткөн өмүргө
Тартактап тапкан бар дүйнөң.
♦ ♦ ♦
Орундуу сөз, тунук ойдон сүйлөсөң,
Адам болбос кулак түрүп укпаган.
Ошондуктан ойлоп сүйлө сөзүңдү,
Ашмалтай сөз кошулбасын ыптадан.
♦ ♦ ♦
Миң ойлор мээге келет кашаң, күлүк,
Миң ойлор жан дүйнөмө салат бүлүк.
Кашаңы иш бүткөн соң пайда болсо
Күлүгү эч карматпайт куйрук түрүп.
♦ ♦ ♦
Жакшы китеп көрсөм кыйып өтө албай,
Көп болду окшойт уурдаган күндөрүм.
Ууру кылган күнөө дечи, а бирок
Китеп алган бул күнөөбү билбедим…
♦ ♦ ♦
Ширин кымыз, эти баглан козунун,
Кыргызымдын сүйгөн ынак тамагы.
Сиңиралбай ал тамакты ооруган
Атаганат ден-соолуктун жаманы.
♦ ♦ ♦
Бул дүйнөгө келбей койсом не болмок,
Үзүлмөктүр бир тукумдун учугу.
Үч уул, бир кыз калтырдым мен артымда,
Бул дүйнөгө келген максат ушубу?..
♦ ♦ ♦
Жоготкон ойлорум көп жазып калбай,
Жоготкон жолдорум көп качып барбай.
Айтпаган сөздөрүм көп айтып калбай,
Ашыкча айтканым көп кайтып калбай.
♦ ♦ ♦
Жашоодо бир берилген кайталангыс,
Моюнда карыздар көп кайтаралгыс.
Энеңдин бир күн берген ак сүтүнөн
Канткенде кутулдук деп айталабыз?
♦ ♦ ♦
Ойноп-күлдүм, жаш кезимде жыргадым,
Ак чач кошту, санаа тарткан жылдарым.
Бул жалгандан кетээр мезгил бир карыш,
Али билбейм бул турмуштун сырларын.
♦ ♦ ♦
Канымда кантым көбөйүп,
Кагылдым сүйгөн тамактан.
Айыккыс дартка туш кылып,
Азапка салды жараткан.
♦ ♦ ♦
Элде сөз бар: «»тар болсо эгер өтүгүң,
Бул дүйнөнүн кеңдигинен не пайда?»
Үй-бүлөнүн ынтымагы болбосо,
Өмүр чиркин өткөнү ошол бейпайда.
♦ ♦ ♦
Бул дүйнөдө эч нерсе жок себепсиз,
Жаратканга биз эмне үчүн керекпиз?
Бизге таккан миссиясын аткарбай,
Өмүрлөрдү короттукпу керексиз?
♦ ♦ ♦
Ой дүйнөмдө кээде түшөт будуң чаң,
Кайдан келдим, кай тарапка баратам?
Жөө тумандын арасында калгандай,
Бара жаткан багытымдан адашам.
♦ ♦ ♦
Жетип-жетпей жерге түшүп эриген,
Жазгы жааган сары кардай ойлорум:
Жылт-жулт этип эрип кетип жок болду,
Калды бир аз эстеп жазып койгонум.
♦ ♦ ♦
Кан коюлуп, кан тамырлар тарыды,
Кант көбөйүп, күндө ичемин дарыны.
Баш ооруну, диетаны билбеген
Жүрөгүмдө – жаштыгымды сагынуу.
♦ ♦ ♦
Чайкалмайын төгүлбөйсүң,
Көбөймөйүн бөлүнбөйсүң.
Жакшы иштерди жасабасаң,
Эл-журтуңа көрүнбөйсүң.
♦ ♦ ♦
Ажал келсе албайт кайрып,
Жанталашып тапкан байлык.
Сооп иштериң арбын болсо,
Жаткан көрүң болбос тардык.
♦ ♦ ♦
«Көп түкүрсө – көл» деген,
«Көл толкуса – сел» деген.
Кыргыз көлдөй толкуса,
Селдей ээ-жаа бербеген.
♦ ♦ ♦
Ак болбосо кара өңү билинбейт,
Ак жок болсо кара көзгө илинбейт.
Кара менен төрт бурчтукту толтуруп,
Кылымдардан Малевичи күлүңдөйт.
♦ ♦ ♦
Көчөлөрдө түркүн түстүү желектер,
Таркатылып көмүскөдө белектер:
Шайлоолордун шайтан ойнун башташып,
Жанталашат бийлик, байлык керектер.
♦ ♦ ♦
Акча курсун, байлык колдун кириндей,
Жан дүйнөңдү ээлеп алса билинбей.
Жигиттигиң, адамдыгың унтулуп,
Жүгүрөсүң кулу менен күңүндөй.
♦ ♦ ♦
Өлүм деген оо дүйнөнүн ачкычы,
Өлүмгө бир – жаман менен жакшысы.
Өмүрүңдө бир жакшылык кылбасаң,
Ойлоп кетем, өлүп калган жакшы ушу.
♦ ♦ ♦
Кээ бир күнү толуп ашып, ойлоруң,
Ээ-жаа бербей сүйрөп жөнөйт алдыга.
Кээ бир күнү тажап ушул дүйнөдөн,
Качкың келет кара жердин алдына.
♦ ♦ ♦
Ич дүйнөмдү неге билбей козгодум,
Ич көйнөктөй чечип ички сырымды…
«Пессимист» деп баа беришти досторум,
Эптеп-септеп уйкаштырган ырымды.
♦ ♦ ♦
Кереги эмне менин жазган ырымдын,
Адамзатка бары-жогум баары бир.
Мен айтпаган, мен жазбаган ойлорду
Акын чыгып айтып берет дагы бир.
♦ ♦ ♦
Бул жашоону ойноо үчүн бергендей,
Бул жашоого жыргал үчүн келгендей:
Балалыгым түйшүк, санаа тартпаган
Караан үздү, чөлдү кезген кербендей.
♦ ♦ ♦
Кайран жаштык, күнөө эмне билбеген,
Керек болсо кудайды да тилдеген.
Кечиримди сурайм күндө, а бирок
Ал күндөргө кайткым келет, эмне мен?
♦ ♦ ♦
Жеген тамак, ичкен ашың бок болуп,
Жыйган оокат сынып, оңуп, жок болуп…
Көз ирмемде өтөт тура өмүрүң,
Көзгө илешпей учуп өткөн ок болуп.
♦ ♦ ♦
Тилегиңди менден күткөн соолутуп,
Жүрөгүңдү, көңүлүңдү оорутуп.
Күтүрөтүп жыйнабадым байлыкты
Үй салбадым алаканым жоорутуп.
♦ ♦ ♦
Жан дүйнөнү жакырчылык каптады,
Жандай көрүп, кудай тутуп акчаны.
Акча үчүн, байлык үчүн баш сайып,
Ата-энесин даяр турат сатканы.