АБЫЛКАСЫМОВ Айтмырза: АЙТМЫРЗА АБЫЛКАСЫМОВ: КӨК

АҢГЕМЕ

«Коноктор өздөрү менен өздөрү кызуу аңгемелешип жатышканда, эшиктен кирген үй ээсинин 4–5 жашар баласы:

– Эй, качан кетесиңер? – деп калды аларга.

Отургандар бул суроого не деп жооп беришерин билбей делдейген тейде баланы жапырт карашты.

– Эмне болду, уулум? – деди бир аздан соң, коноктордун ичинен бирөөсү.

– Биз, тиги момпосуйлардан жешибиз керек, – деди бала.

– А кокуй, ме гой, момпосуй, – деп коноктордун бири тарелкадагы конфеттерден бир ууч балага узатып калды эле:

– Э, жок, – деди бала, башын чайкап, – апам бизге: «Момпосуйду коноктор кеткенден кийин өзүм берем» деген, азыр жесек урушат, – десе болобу, тезирээк кетпейсиңербини кыйытып!

Отургандар же күлүшөрүн, же туруп кетишерин билбей кызык абалда калышты. Көрсө, ата-энесинин сыртка чыкканынан пайдаланган экен төмөнкү аңгеменин кичине каарманы бир аз чоңоюп калган кезинде…»
Автор

Каа ишен, каа ишенбе, бул болгон окуя…

Ал өзү орто жаштагы эле неме. Баары бар: дүнүйөсү түгөл, үйбүлөсү кишинин абазы келчүдөй. Аялы да астына ургаачы атпайды салдырбоочу жан. Сулуу десең сулуу, сымбаттуу десең сымбаттуу. Тиричиликке абдан тың. Койчу, «менин жарым болсочу» – деп ар кандай эркек тамшанчудай эле бар. Айжаркын үч кызды удаама-удаа төрөп, бул жаатынан деле кемчилдиги жок. Бирок караң калгырдыкы, уулдан кудай айтпай жүрөт. Аялындагы мына ушул кемтик, күйөөсүнүн көңүлүн түпөйүл кылганы кылган. кыскасы, уулдуу болсом деген тилек уктаса түшүнөн, ойгонсо өңүнөн кетпей жүргөн кези. Кээде кыжаалат болгон күндөрү жаратканга да нааразы боло кетип: «Я, кудай, бир чочокко зар кыласыңбы, мендей күнөөкөр пендеңди?..» – деп наалып калмай да адат таап алды жакындан бери.

Мына ушул наалышы жаратканга жеттиби, айтор, аялынын боюнда болуп, дагы кыз болуп калса не болот деп заарканып жүргөн күндөрдүн биринде, ай-күнү жетип, «мына сага!» деп уул төрөп салса болобу! Эркектин бул кубанычын сөз менен жеткире айтуу кыйын эле го, чиркин! Алибетте, ал биринчи укканда ишенер-ишенбесин билбей, «чынбылап» кайра-кайра сурап алып, анан эле тилден калгансып, дендароо болуп калганын көргөн сүйүнчүлөгөн неме да: «Акылынан ажырап калган жокпу?» – деп чочуркай карап, саамдан соң гана ал тилге кирип: «Чочо-ок!.. Чочо-о-ок!..» – деп бир эмес эки-үч мерте кыйкырганына ого бетер делдейип, тиги болсо ошондон сүйүнчүлөп келген немени бек кучактап, бети-башын койбой жалмалап өөп, аны андан бетер сестентип… Айтор, кызык эле болду.

Чын эле ченде жок сүйүнгөнүн билгизип, чөнтөгүндөгү бир далай акчаны толук кармата берип, кечинде пададан койлор келгенде бир козу да берерин убада кылганда гана анын жиндебегенине көзү жетип-жетпей, сүйүнчү айткан неме андан алыстаганча шашкан…

Ошондон эле наристенин атасы токтобой, төрөткананын 5–6 чакырым алыс экенин да капарына албай, минген атын жиниктире чаап, жетип барып эле медсестралардын «ой, болбойтуна» моюн сунбай, түз эле аялы жаткан бөлмөгө кирип барып, аялына «чынбысын?» дагы кайталап, бактылуу жылмайып, эки көзү жалжылдаган аялынын «ообасын» баш ийкегенинен туюп, ага «ыраазымын» дегендей жамажайын жалжайта эзиле карап, жаңыдан гана ээмп бүткөн ымыркайды абайлап колуна алып, колу менен мурдунан чымчый сүйүп, аялына жалаягын ачтырып, бөбөктүн уул экенине чочогун көрүп көзү жетип: дагы бир жолу ыраазы болуп сыймыктана, кубанычына муунуп туруп: «Чочок!..» – деди шыбырап. Анан баланы абайлап аялына карматып, маңдайынан чоп эткире өөп, көзүнөн агып кеткен жашын жашыргандай, шарт бурулуп эшикке чыгып кетти…

Эң эле кызыгы – төрөгөндөн төрт күндөн кийин, байма-бай каттап турган эрине төрөтканадан чыга турганын, балага айыл өкмөттөн күбөлүк алыш керектигин аялы айткан соң, анан башталды…

Ал айыл өкмөтүндөгү жооптуу катчы болуп иштеген келиндин алдына албыра кирип барып, төрөтканадан алган кагазын көрсөтүп, күбөлүк жазып берүүсүн өтүнүп, туруп калды. Катчы келин да мунун кубанычына ортоктош болгондой, «бешик боо бек болсун» айтып, шашыла күбөлүк жазууга кирише кетти. Анан эле андан уулунун атын ким коюшун сурап калбайбы!

–Чочок, – деди ата такалбай, – мурдатан эңсеп жүргөнүмдү кудайым берди. Атын «Чочок» деп жаз!

– Эмне дейсиз?!.

Жооптуу катчы келиндин чочугандан колундагы калем сабы ыргып кетейин деди. Бир аздан кийин тамашалап атат ко деген ой менен:

– Э коюңузчу… – деди ал, – тамашанын да ыгы болот да…

– Жок э! Тамашасы жок чын. Кудайым уул берсе, атын «Чочок» коём деп илгертен эле тилек кылып жүргөнмүн, – деди ал, көзүн ирмебей.

– Таза балээ болгон турбайбы!.. дени-кардыңыз сообу деги. Ой, уулуна ушундай да ат койчу беле, нормальный киши?! Бир нерсени ойлонуп, анан айтып жатасызбы?

– Ойлонуп эле… тиги… сопсоомун… анан… нормальный эле айтып жатам. Айтпадымбы, илгертен тилек кылып жүрөм деп. Анын эмнеси нормальный эмес? Мына, менин атым деле күчүк. Мен ошондон кем болуп калдымбы? Же ошондо эле ит болуп кеттимби? Кудайга шүгүр, жүрөм го эч нерседен кем болбой… Бир кемим бар эле, мына ал да айланайын Чочукем менен толукталып отурат.

– Эми аны атаңыз койгон экен күчүк деп. Ал киши кандай ойдо мындай ат койгонун ким билсин. Анан ошол атаңыз ушундай… («Итибайдай» деп айтамын деп, дагы өзүн карманып калды) Ат койгон деп эле толтура жакшы ысымдар турса, дегеле эч бир акылга туура келбеген… («Чочок» деп айта албады) Атты коём деп көшөргөнүңүз кимге жагат, ыя?

– Ой, башкалар менен менин ишим канча? Азыр демократия заманы… кааласам… (Чочоктун чоңун айтып ала жаздап…) көңүлүмө жаккан атты коюп аламын, эмне экен…

Булардын талашынан кеңсенин ичи жаңырып, не болуп кеткенин биле албай, ал жерде иштегендер жана айыл өкмөтүнө жумуштап келгендер чогула түшүп, аңкая туруп калышты. Тигилердин талашы дагы деле уланып атты. Беркиси: «Мен айткандай жазасың», – дейт ансайын көгөрүп. Тигиниси: «Антип жазбаймын», – дейт. Кырдаал улам курчуй баштады. Турган эл да экиге бөлүнүп, кызыктын кызыгы эми болчудай өңдөнүп калды.

Бир тобу Күчүктүн сөзүн кубаттап (балким, кээлери күчүктүн көңүлү үчүндүр, а кээлери шылдыңдаппы): «Рас, мурдатан тилек кылып жүргөн болсо, койсо боло берет. Кыргызда андан да жаман аттар толуп атпайбы. Мисалы: Тыргөт, Бокмурун, Чычар ж.б. СССРдин убагында оштонуп, Колхоз, Совхоз, Трактир деп деле коюп атпадык беле? А эми Чочок болсо Чочок да…

Экинчи топ: «Ой, ойлонсоңор… Кийин бала чоңойгондо кантет? Атың ким десе… Таза балакет болот ко ыя?..»

– Мен да ошону айтып атпаймынбы! – деп күйө сүйлөдү жооптуу катчы. Ага макул болбой, берки топтун айтканына баш ийкеп, күчүк турат эзелки көктүгүнө салып ноюбай.

Нарыда – коридордун уч жагында, экөө буларга угузбай шыбыраша эзиле күлүшүп жатат.

– Ай элестетсең, хи-хи… Аны «кимсиң?» десе, ал, «Күчүк уулу Чочокмун» – десе…

– Жок э, «Чочок Күчүковмун» дейт десең… Чыш-ш ай, кантет, акырын күл. Күйүп турган Күчүкең да бизге жарылып бербесин…

Ошентип, регионалдык чырга тете көтөрүлүп бараткан бул талаш не менен аяктайт эле ким билсин, кудай жалгап, ал жерге Мырзапаяз аксакал келип калса де. Анан жаңжалдын чоо-жайын ага түшүндүрүшкөн соң, башкалардай кызаңдабай, кытмыр жылмайбай, салабаттуу гана минтти:

– Оболу бешик бооң бек болсун, Күчүк мырза! Мына жараткан ушундай айкөл, көптөн бери көксөп жүргөн тилегиңди бериптир. Эми анын өмүрүн сура. Ошону менен бирге эле адам болуп чоңоюусун тиле. Жакшы бала жалаң эле ата-эненин ырысы эмес, жалпы журттун да ырысы. Уулуң ошондой элдин уулу болуп чоңойсун, ылайым. Ал эми ат коюу жаатына келсек, ымыркайың төрөлө электе эле тилек кылып, ушул атты тандаган экенсиң, аны койгонуң эп…

Ушул жерге келгенде айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы каяша сөз айтууга оозун жаздап баратты эле, ал колу менен тек гана ишара кылып, аны токтотуп койду. Жалаң эле ушул айыл өкмөтүндөгү адамдар арасында эмес, район, облуска сыйлуу бул кишинин сөзүн бузууга, аны менен жаакташууга ал да дааган жок сыягы.

– Ооба, ошол өзүң тилек кылган атты койсоң абдан эле туура. Жараткан Эгем, балким, уулдуу болсом ушул атты коём дегениң үчүн да эркек баланы атаа кылгандыр. Ким билет? Буга бизге окшогон айры аяктуу, жумуру баштын акылы кайдан жетсин…

– Туура айтасыз, аксакал. Ырахмат! Менин жеке укугумду… – деп баратты эле Күчүк.

– Сен да коё тур, – деди ал шашпай… Дагы эмне сөз чыгар экен деп турган эл дым болуп, Мырзапаяз карыяны карап калышты.

– Чын. Ар бирибиздин укугубуз бар. Аны тырмак-тишибиз менен коргошубуз керек. Талап кылышыбыз керек. Бирок андан башка милдетибиз бар да. Негедир муну көпчүлүк убакта көптөрүбүз эрен-төрөн албай, байкамаксанга салып, унутуп калып жүрөбүз. Ошондон улам оюбузга келгенди кылып, оозубуз менен орок оруп кеттик. Ошондон улам бала-чакабыздын, үй-бүлөбүздүн алдындагы, эл алдындагы, мамлекеттик бийлик алдындагы милдеттерибизди таштап салдык. Жооптуу катчы да ошол милдетти, жөнөкөй гана сезилгенсиген, бирок өтө олуттуу милдетти, атанын баласы алдындагы милдетин айтып жатат. Ал жөн гана айтып тим болбой, бийликтеги киши катары талап кылып жатат, сени аткарсын деп. Ошондуктан, ага баш ийүүгө тийишсиң!

– Анда быягы кандай болот? Баланын аты ким болуп калат ошондо? – деди топтон бирөө.

– Баланын аты документте Бакыт болот. Анткени ушул уул Күчүкөңө бакыт алып келди. Мындан кийин да ата-энесине, эл-журтуна бакыт алып келген инсан болуп чоңойсун! Ал эми азан чакырып коюлган аты Чочок болот. Анткени аны атасы тилек кылып, сурап алган ат. Кийин бала чоңойгондо кайсы атты ылайык көрсө, ошол ат ага энчиленип кала берет. Мына ушунда Күчүктүн өзү айткан укугу, уулунун укугу да сакталып калат. Туура айтамбы?

Тургандардын көпчүлүгү:

– Туура, туура! Ак сөз болду, – дешти.

– Сен эмне дейсиң, Күчүк? – деп сурады Мырзапаяз карыя.

Ичинде көктүгү кармап турса да, жүйөлүү сөзгө там бербешке болбоду. Анын үстүнө көпчүлүк жаалап, «туура» деп турса, ар кандай көк деле агарат да.

– Мен… мен… макулмун! – деди Күчүк.

– Апбалли! Кана эмесе, Күчүктүн ушул уулу ырыс-кешиктүү, мээримдүү, өмүрлүү болуп чоңойсун! Оомийин!

Баарысы бата кылышты. Жанагы Бакыт деген атты укканда эле жооптуу катчы жаза салганбы, айтор, бата тартылары менен күбөлүктү Күчүктүн колуна карматып:

– Уулдуу болушуңуз менен дагы бир ирет куттуктаймын! – деди.

Тургандар шатырата кол чаап жатып калышты.