ШАМШИЕВ Бекташ: БЕКТАШ ШАМШИЕВ: ЖАҢЫЛАНУУ ЗАРЫЛДЫГЫ

Англис адабиятынын кыскача тарыхынан

Андай аракеттин айкын-ачык белгисин ойчул сүрөткер Т. Мордун чыгармачылыгынан байкай алабыз. XVI кылымдагы англис адабиятынын көрүнүктүү өкүлү Томас Мордун (1478 – 1535) чыгармачылыгын көркөм сөз менен философиянын эриш-аркак байланыш-катышы катары сыпаттаса жарашат. Диний чөйрөдө тарбияланып, Оксфорд университетинен, ага улай укук мектептеринен билим алган Т. Мор азга каниет кылган, өзү үчүн артыкбаш эч нерсени талап кылбаган ынсаптуу адам болгон. Парламент депутатына шайлангандан кийин ал королдун үй-бүлөсүн багууга өзүнчө каражат бөлүүгө каршы чыгып, бийлик башындагылардын нааразылыгын жараткан. Парламенттен кийинки адвокаттык ишмердиги ага турмушту дагы терең билүүгө, аркыл социалдык топтордун кантип күн кечирип жатканын жакшылап аңдоого шарт түзгөн.

Т. Мор бала кезинде жакындарынан Ричард III королдун трагедиялуу тарых-таржымалы тууралуу аңгемелерди көп уккан. Жакын тууганы Эдуард IV балдарын өлтүрүп, Ричард III өзү болочок өкүмдар Генрих VII Тюдордун колунан мерт болгон. Жеткен амалдуу, залим, колу кандуу королдун жасаган иштери жазуучуну кызыктырып, анын өмүр жолун иреттөөгө киришет. Розалар согушунан соң өлкө гербине ак, кызыл розалардын экөөнүн тең сүрөтүн тарттырган өкүмдардын өмүр жолун Томас Мор алгач латын, андан соң англис тилинде жазып чыгат. Плутархтын тарыхый эмгектерин түп нускасында окуган сүрөткердин заардуу өкүмдар тууралуу китеби англис коомунда өзгөчө кызыгууну туудуруп, артынан толгон-токой тууроочуларды жараткан.

Ричард III темасына кийин улуу Шекспир да кайрылган. Т. Мор жазган заардуу өкүмдар бийлик үчүн баарына кайыл, эч нерседен кайра тартпаган башкаруучу болгусу келген адамдын трагедиясы, кан менен келген журт башчысынын кайгылуу тагдырын баян кылган катаал чыгарма. Т. Мордун тарыхый хроникасы бийлик менен адам проблемасы, башкаруунун ыңгайлуу жолун табуунун зарылдыгы кийинки замандарда деле актуалдуулугун жоготкон жок, тескерисинче, гуманист жазуучу козгогон маселелердин тууралыгын турмуш өзү ырастап, мамлекет башкаруунун адилет жолу ар дайым жаңы муун алдында коюлуп, маани-мазмунун кемитпестигин, тескерисинче, мезгил өткөн сайын адамгерчилик көз караштан бааланган окуянын тарых-таржымалы тастыкталып, козголгон ой, алдыга жайылган идеялардын өңү өчпөй, маанисин кемитпестигин адабият тарыхынын өзү айгинелеп келатат. Дегинкиси бийлик менен адам проблемасы дүйнөлүк адабиятта өзгөчө көп козголгон, аркыл өңүттөн көркөм иликтөөгө алынган темалардын бири. Англис адабиятында бул проблема У. Шекспирдин айтылуу хроникалары менен трагедияларында ар тараптуу кенен-кесир ачылган.

Т. Мордун атын дүйнөлүк жазуучулар катарына кошкон айтылуу чыгармасы “Утопия” 1510-жылдан тарта жазыла баштаган. Автор аны “Утопия жаңы аралындагы эң мыкты мамлекеттик түзүлүш, ошондой эле эң маанилүү жана кызыктуу алтын китепче” катары сунуш кылган. Чыгарманын сюжети жөнөкөй, ойдон табылган ойротто жок мамлекеттик түзүлүш моделин алдыга чыгаруу менен жазуучу өзү жашаган коомдук түзүлүштү сынга алганы бадырайып апачык көрүнүп туру. Чалкыган мухиттеги чоң аралда 54 шаар салынган. Алардын арасындагы эң ири Амуроттого ар бир шаардан кадырлуу өкүл болуп шайланган үчтөн киши келип жалпы аралдын маселелерин талкуулап кетишет.

Арал калкы бир тилде сүйлөшөт. Аралдагылардын өздөрүнүн жеке менчик үйлөрү жок, жашай турган үйлөрүн алар ынтымак эрежесине ылайык чүчүкулактын жардамы менен аныкташат. Ар бир үйдүн башчысы аксакал эркек же акылдуу байбиче, жаштар алардын айтканын жасап, улууларды урматташы керек. Айылдарда да ошондой эле үйлөр салынган, ал жерге кезек-кезеги менен шаардан келгендер жайгашып, бир үйдөгү кырк адамдын жарымы эки жылдан соң шаарга кайтышат. Алардын ордун шаардан баргандар толуктайт. Утопия аралын көпчүлүктүн колдоосуна ээ болгон князь башкарат. Бийликте турганда эреже-тартипти бузуп жибербесе мамлекет башчы өлөр-өлгүчө иштөөгө укуктуу, калган кызмат жетекчилери бир жылга гана шайланып, алмаштырылып турат.

Шаар калкы белгилүү чекке жеткенден кийин эр жеткен ишке жарамдуу жаштар калкы аз шаарларга жөнөтүлөт. Утопия аралындагылардын текши баары 6 сааттан кара жумушта иштешет. Андан илим, башка акыл эмгегине чегерилген адамдар гана бошотулбаса, калгандары кара жумушту калтырбашы абзел. Өндүрүлгөн продукт атайын кампаларда сакталат, үй-бүлө башчылары андан керегине жараша азык-түлүктөрдү ала беришке акылуу. Аралдагылар кийимди өздөрү тигип кийишет. Бул жерде бир гана талап коюлат, кийим ээсине жарашыктуу, таза болушу керек. Эркек-аял, жаш-кары, үй-бүлөлүү, бойдок – баары өзүнө ылайык кийим тигишет.

Т. Мор англис коомунун түшүнүк, көз караш, позициясы кескин өзгөрүлүп, жаңы жерлер, географиялык ачылыштар арбыган кезде социалдык турмуштун идеалдуу моделин сунуш кылган. Айрым изилдөөчүлөрдүн ырасташынча, Т. Мордун “Утопия” аралы – коммунисттик жашоо ыңгайы, ар кимдин мүмкүнчүлүгүнө, керектөөсүнө ылайыкталган коомдук түзүлүштүн бир көрүнүшү. Жазуучунун идеалдуу жашоо-турмушка негизделген цивилизациянын ийкемдүү модели коммунисттик түзүлүштүн негиздөөчүлөрүнүн чечекейин чеч кылган.

Акыйкатта да, жеке менчик түшүнүгүн таптакыр четке кагып, жашоо-турмуштун жаңы системасын сунуш кылган англиялык гуманисттин модели көптөрдү кызыктырган. Т. Мор идеалдуу аралдагы кулдар менен өзгөчө оор кара жумушка кимдерди чегерүү маселесин кыйла эле бир жактуу чечкен. Кара жумуштан качкан же айткан убагында барган жеринен келбей калгандар, оор кылмыш жасагандар автордун идеалдуу аралындагы кулдар катарын толуктачулар. Кара жумуш менен акыл-эс эмгегинин эсебинен күн көрчүлөр, кара жумуштан бошотулуп башкаруу кызматына чегерилгендер – аралда жашоочулардын акыл-эс, ынсапка негизделген идеалдуу коомдун жашоочуларынын аракет-кыймылын тескечү мыйзамдар өтөле аз.

“Утопия” аралынын ал-абалын европалыктарга жаңы континентти ачып берген Америго Веспуччинин экспедициясынын мүчөсү Рафаил Гитлодей авторго айтып берет. Анын маалымдашынча, аралдагы коомдук турмуш эң мыкты гана эмес, коом деген аталышка татыктуу жападан-жалгыз түзүлүш. Башка өлкөлөрдөгү коомдук жыргалчылык деген кимдир бирөөлөрдүн жеке жыргалы, байлык менен бийликтен топтоп алган өлүү дүйнөсүн сактап калуунун амалы гана. Утопия аралында жеке менчиктен арылган адамдар жалпы проблемаларды ойлоп күн кечиришет. Бул жерде бардыгы баарысына ээ. Болгон продукттун баары тең бөлүштүрүлөт, ач калган, кедейликтин азабын тарткан киши жок, ар кимдин өзүнө гана тиешелүү мүлкү болбогону менен, баары тең бай, жокчулук деген эмне экенин билишпейт. Эч нерседен бейкапар, тынч, көңүлдүү, бейгам жашоонун өзү байлык болуп жүрбөсүн?

Т. Мордун идеалдуу аралы англис коому башынан кечирген социалдык-саясый, экономикалык толгон-токой чиелеш проблемалардан чыккан көрүнүш. Англис коому жаңыдан басып алган дүйнөнүн эсепсиз байлыктарына ээ чыгып, бел оорутуп, кол жоорутпай оңой олжо табуунун кызыкчылыгына оогон шумпайлардын, бейтааныш жерлерге саякат жасоого үндөгөн жазгычтардын жазгандарын жата калып окуп, оторчулуктун азгырыгы кыйлаларды кызытып турган чакта жашоонун эң туура, калыс формасын сунуш кылган социалдык модель. Жазуучу кыйла убакты-саатын сарптаган жаңы чыгармасына өзгөчө үмүт арткан. Жаңы жерлердин ачылышы Европа континентине чексиз мүмкүнчүлүктөрдү алып келерин Англиянын биртоп мамлекеттик ишмерлери ошол кезде эле жакшы билишкен.

“Утопияда” сүрөттөлгөн социалдык модель Т. Мордун кыйла жылдык мамлекеттик ишмердигинин, Европа өлкөлөрүнүн өнүгүш жолдорунун, башкаруу институтунун кандай болушу керектиги жөнүндөгү көз караш, идея, позициясынын түздөн-түз чагылдырылышы, көркөм-философиялык баянынан көгөрүп-көктөп чыккан фантазиясы, социалдык тилек-үмүтү. Европа өлкөлөрүн эчен жылдар ойлонтуп, толгонтуп келген социалдык эксперимент Томас Мор жалгыз өзү ойлоп тапкан идеалдуу мамлекеттик түзүлүш эмес, тарыхый-коомдук өнүгүүнүн жыйынтыгынан чыккан бүтүмү болчу. Т. Мордун ырасташынча, коомдогу толгон-токой проблемалар менчик түрүнөн чыгат, азы бай, көбү кедей, ортодогу социалдык ажырым карама-каршылыктарды жаратат, материалдык байлыкка кимдир бирөөлөрдүн көбүрөк ээ болуп алышынан андай мүмкүнчүлүктөн куржалак калгандар гана жабыркайт. Коомдогу экинчи илдет бирөөлөрдүн каражанын карч уруп тынбай иштеши, калгандарынын антип мээнет кылбай, материалдык байлыкты өндүргөндөрдүн эсебинен мите курт катары күн көрүшү, кара жумуш кылгандарга караганда бийлик, башкаруу, аскер, ак сөөктөр, дин кызматкерлери кыйналбай бай жашашы да Т. Морду көп ойлонткон проблемалардан.

Аралдагыларга жумуш оор түйшүк эмес, алардын максаты жалпыга пайда алып келчү эмгек адамдын жандүйнөсүн байытып, анын гармониялуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Ар бир адам кайталангыс уникалдуу феномен. Аралда адам өлтүрүүгө тыюу салынган, согушта ыксыз кан төгүүлөргө жол бербөөгө аракет кылышат. Непадам кошуналар менен талаштуу маселени тынчтык жол менен чече албай калышса, жаңжалды жөнгө салыш үчүн сакталган алтындарын берүүнү туура көрүшөт. Утопиялыктар согушту башташпайт, эгер андай коркунуч алардын өнөктөштөрүнүн башына түшсө алар акысын арбын төлөп, андай ишке жалданма аскерлерди пайдалануу аракетине киришет. Ойдо жок жерден тынч жаткан кезде сырттан душман аралга кол сала турган болсо утопиялыктардын текши баары каршы көтөрүлөт. Алар бала кезинен алгачкы аскердик жана дене тарбия машыгуусунан өтүшкөн. Идеалдуу арал жашоосун коргош үчүн колуна курал алууга жарамдуулардын баары урушка чыгышат.

“Утопия” китебинин жарыяланышы менен Т. Мордун жеке турмушунда опсуз өзгөрүүлөр башталган. Мор мамлекеттик казыначынын орунбасары, рыцардыктын алтын чынжырына татыктуу болгон. Көп өтпөй король аны парламенттин спикери, андан соң Ланкастер герцогунун канцлери, соңунда королдуктун канцлери кылып дайындайт. Эразм Роттердамский: “Морго окшогон татыктууларды мамлекет башчылары жооптуу кызматка көтөргөн өлкө бактылуу болушу керек”, — деп жазган. Мамлекеттик жооптуу кызматтар сүрөткер үчүн өтөле оорго түшүп, болгон убакты-сааттын баары кеңсе иштерине кетерин анча жактырбаган Т. Мор өлкөдөгү саясый абалдан улам жооптуу кызматынан баш тартат. Антишке Генрих VIII алман княздарынын жолун жолдоп өзүн мамлекет гана башчысы эле эмес, англикан чиркөө башчысы катары таанышын талап кылганда ага Мордун караманча каршы чыгышы, биртоп жасакер епископтордун королго берилип кызмат кылууга ант бериши себеп болот.

Мор королдун чиркөө башчысы катары өзүн жарыя кылышын жактырбастыгын ачык айтып кызматынан кетет. Кол алдындагы таасирдүү адамдын андай каршы чыккан капыс иши өкүмдарга жакпай, кечээки бийлик төбөлдөрүнүн бирин абакка салышат. Англиядагы кыйла бийик кызмат тепкичтерине көтөрүлгөн ишмер зындандагы адам чыдагыс кыйынчылыктарды көрөт. Карабашы кыйын ишке кептелип турса да ал айткан сөзүнөн, ээлеген позициясынан, карманган көз карашынан баш тартпайт. Королдун көжөлгөн Т. Морду ийге келтирүү аракетинен майнап чыкпай, 1535-жылдын 6-июлунда айтылуу сүрөткер, белгилүү коомдук ишмерди дарга асып, көзүн тазалоо менен идеалдуу коомдук түзүлүш моделин сунуш кылган оригинал сүрѳткер жок кылынат.

Генрих VIII тушунда Англияда королдун бийлигине нааразылык күчөп, парламент мүчөлөрүнүн арасында өкүмдарга өзгөчө көп укуктардын берилиши өлкөнүн ыкчам өнүгүшүнө жолтоо болбогондон башкага жарабастыгын ачык билдиргендер арбый баштайт. Буга жооп кылып башкаруу чөйрөсүндөгүлөр каршы сөз айткандарды артынан аңдытып, адабиятка көзөмөл күчөтүлөт. Бул мезгилде англис театрлары мыкты өнүгүп, таасири күчөй баштаган, ошондуктан бийликтин болгон аракети театрды ооздуктоого багытталган, сахна бийлик сересинде отургандарды сестенткен. Бийликтин реакциячыл иш-аракеттерге өтүшү адабияттын эркин өнүгүшүнө кыйла тоскоолдуктар жараткан. Аны биз поэзиядан байкай алабыз.

Томас Уайет
Генри Серрей

Ж. Чосерден кийин англис поэзиясында узак убакыт тыныгуу башталып, мурда жетишилген ийгиликтердин көбү унутулуп, көркөм сөз өнөрү кризиске капталган. Чосер ыр токуунун италиялык-француз ыкмасын англис тилине ыктуу көчүрүп, англис ыр өнөрүндө силлабо-тоникалык реформаны жүзөгө ашырган. “Кентербери баяндарында” айтылышы менен жазылышы айырмалуу сөздөрдүн уйкашы, “бай рифма” деңгээлине жетишүү кийинки акындар тарабынан кол жеткис бийик тоскоол, ыр токуучулардын көпчүлүгү үчүн “ритмди айтылышына ыңгайлаштыруу” түйшүгү татаал ишке айланган. Мына ушул милдетти кайсы бир деңгээлде Томас Уайет менен Генри Серрей жүзөгө ашырды деп айтса болот. Жаңы поэтикалык плеяданын башында турган эки акындын өмүр жолу Т. Мор сыяктуу эле кайгылуу аяктаган. Англис поэзиясынын ренессансы Уайет менен Серрей түзгөн Тоттель ыр жыйнагынан жол улаган.

Англис ыр түзүлүшүнө жаңылык киргизген формалык жаңылыктардан тышкары эки акын чыгарган ыр жыйнакта жеке адамдын кайгы-кубанычы, дүйнөтаанымы, ашыктык сезими чагылдырылган. Петрарканын ашыктык сезимин козгогон сүйүү лирикасы Лаурага арналган саптарда сакталса, англис акындарынын ашыктык лирикасы элегиялуу доош алып, сүйүү сезиминин денени делөөрүткөн кубанычына караганда арманы арбын экени, зарланган секетбайдын артында көңүлдөн өмүрү кетпес көксөө, тилек катылып жатканы көбүрөк күүгө салынган, ашыктык адам сезиминин катаал сыноосу экени ачыкка чыгарылган.

Поэзия сөз кереметин, ичте катылган сыр түйүндөрүн ыктуу туюндуруунун формасы, коомдук аң-сезимге таасир этүүнүн сыналган каражаты катары белгилүү. Англис поэзиясында көркөм ойду туюнтуунун аллегориялык формасы башында арбын колдонулуп келсе, кийинчерээк ал кыйла татаал ыкмаларга көчүп, сөздөрдүн ассоциациясы, аллитерация, көркөм чеберчиликтин башка түрлөрүнө көчө баштады. Серрей “Виндзордогу зынданда” атуу ырында кечээки менен бүгүнкүнү, бийлик менен жөнөкөй жашоонун ассоциативдүү образын эриш-аркак коюп, колго кишен салынганы бийликтин аксарайында өткөн күндөр күңүрт тартып баратканын белгилейт.

Эдмунд Спенсер

XVI кылымдагы англис поэзиясын Эдмунд Спенсердин (1552 – 1599) чыгармачылыгын кошпой элестетиш мүмкүн эмес. Тирүү кезине эле “акындардын акыны” атагына жетишкен Э. Спенсер карапайым калк арасынан өзүнүн таланты, жөндөм-шыгы аркылуу көтөрүлүп чыккан сүрөткер. Анын жакын каламдашы, жан кыйбас курбусу Филип Сидни (1554 – 1586) болсо акындык өнөргө кошуп адабий илим маселелерин аңдоого ынтызар теориячы катары таанылган сүрөткер. Ф. Сидни “Поэзияны коргоо” деген эмгегинде сөз өнөрүндө улуттук белгилер такай кезигерин ырастап, көркөм чеберчиликтин сырлары кыйла терең, ар тараптуу көрүнүш экенин далилдеген, алдыга жайган илимий концепциясын ырасташ амалында биртоп мисалдарды келтирген. “Акынды идея алдыга үндөйт, – деп жазган Ф. Сидни, – ал эми жасап жатканынын мыктылыгы ой-туюмуна байланыштуу”.

Ф. Сидни ыр күйөрмандарына “Астрофель жана Стелла” сонеттер циклынын автору катары жакшы таанымал. Ыр токуу өнөрү жагынан италиялык улуу Петрарканы туу туткан сезимтал акын улуулардын таасири кансөлүнөн ажыраган жансыз саптарга сыйбастыгын, жандуу сезими жок ыр бирөөнүн аялуу буюмун уурдап алган колу туткактыктан эч кандай айырмаланбастыгын атайын белгилеген. Өзү да чыгармачылыкта башкалардын таасиринде калбашка, поэтикалык изденүүнүн кыйма-чийме жолдорунан башкаларды туурабаган, өзгөлөргө окшобогон индивидуалдуу белги-сапаттарын табышка аракет кылган. Кылдат сезимдин назик кылдарын козгогон лирик акындын позициясы анын ырларынан апачык көрүнгөн. Ф. Сидни карасөзжаатында “Аркадия” романын жараткан, окуяга шыкалган сезимтал чыгарманы окурмандарга тартуулаган таанымал сүрөткер.

Ф. Сидни казатта курман болуп калбаса дагы биртоп чыгармаларды жаратмак. Дүйнөдөн эрте көчкөн курбусуна арнап Э. Спенсер 12 бөлүктөн турган “Койчунун жылнаамасы” поэмасын жазган. Айылдагы малчы кыз-келиндер, жаштар ортосундагы ыр менен табышмактуу айтышта ар бир айдын символикалык белгиси, идеясы берилет. Акын жылнаамасында коом, дүйнө, мезгил, адамдар ортосундагы мамиле-катышын философиялык-аллегориялуу планда ачып берген. Батыш Европа поэзиясына антик-рим адабиятынан көчкөн шарттуу туюнтма, аллегориялык образдар аркылуу философиялык орчун маселелер козголгон. “Койчунун жылнамасы” поэмасын жаратууда Э. Спенсер биринчи иетте грек жана латын акындарынын салтына таянган. Ошол себептүү он эки айдын ар биринин өзүнө гана тийиштүү белгиси, уңгулуу уюткусу бар. Айталы, январь, март, июнь менен декабрь ашыктык ышкысын козгогон сүйүү сезимин билдирүүчү айлар катары сыпатталат. Ал эми февраль, май, июль менен сентябрь этикалык маселелерди, диний проблемаларды чече турган мезгил. Көңүл чөгөт маанай апрель менен ноябрда берилген. Августта акындардын айтышы чыкса, октябрь кийинки учурларда поэзияга көпчүлүк тарабынан мурдагыдай көңүл бурулбай калганын ырастайт, көпчүлүктүн керемет өнөргө кайдыгер калышына нааразылык билдирилет.

Акын койчулар менен дыйкандардын табият койнундагы идиллиялуу жашоосун (пасторалдык маанай), малчылардын бири-бирине табышмактуу суроо-жооп узатышканын чыгарманын сюжеттик негизи катары алган. Поэма элеттик маанайдагы Англиянын поэтикалык сүрөтүнө арналган. Белгилей кетчү жагдай, каармандарын иш-аракеттери, табышмактуу диалогдору көбүнесе шарттуу формада берилген. Айталы, Ж. Чосердин “Кентербери баяндарында” айыл адамдарынын реалдуу образы, индивидуалдуу өзгөчөлүктөрү конкрет аттары, атүгүл кайсы жерден экенине дейре ачык айтылып, поэмада сүрөттөлгөн турмуш-тиричилик болгон карама-каршылыгы менен реалдуу абалында, ашпозчусу ашпозчу, монахы монах сыпатында сүрөттөлсө, Спенсердин койчу-малчылары көбүнесе символикалуу-шарттуу типтер катары алынган, айылдык турмуштун реалдуу сүрөттөрү идеалдуу көрүнүштөр сыпатында чагылдырылган. Спенсер социалдык курч темалардан четтеп, идеалдуу турмуш көрүнүштөрүн көбүрөк көрсөтүүгө ык коёт. Акындын малчы-дыйкандары табият менен адамдын мамыр-жумур жашоосун бийик пафосто даңазалоого өбөлгө түзчү шарттуу фон болуп берет.

Э. Спенсердин “Перилер канайымы” поэмасында идеалдуу, реалдуу көрүнүштөр ыктуу жуурулушуп сүрөттөлөт, шарттуулук менен символика эриш-аркак карым-катышта баяндалат, элдик оозеки чыгармачылыкта арбын кездешкен мотивдер чыгарманын архитектоникасына кынтыксыз кыйыштырылат. Автордун ниетинде поэма 12 китептен турмак, анын ар бирөөндө адеп-ыймандык жагынан кынтыксыз азаматтардын аракет-кыймылы баяндалышы керек эле. Елизавета канайымдын камбылдыгын мактоого алган акындын “тарыхый фантазиясы” аягына чыкпай, он эки китептин алтоон гана бүтүрүүгө жетишкен. Ошол алты рыцардын атын чыгарчу улуу иштери аңыз кеп болуп айтылышы керек эле. Улуулук (Кызыл чырым рыцары), Каниет (Гюйон мырза), Тазалык (Бритомарт, баатыр кыз), Достук (Триамон менен Кэмбелло), Адилдик (Артегэл) жана Сыпайгерчилик (Калидор).

Алты китептеги Глориананын рыцарлары карөзгөйлүктүн кайсы бир түрүн жеңиши керек. Окуянын баары сыйкырдуу падышанын жеринде Глориана канайымдын айланасында өтөт. Айкөл рыцарлардын бири Артур менен перилердин канайымы Глориана чыгарманын соңунда баш кошуп бактылуу жашап калышы керек эле. Канайымдын рыцарларга берген тапшырмалары толук аткарылгандан кийин жыйырма күн той болуп, король менен канайым баш кошуп, бийлик башындагылардын айкөлдүгү, пакизалыгы, улуулугу дагы бир ирет айгинеленмек. Бирок да автор чыгармачылык мүдөөсүн аягына чыгара албай жарык дүйнө менен кош айтышып кете берди.

Анткен менен, англис поэзиясында рыцарлар эпосун кыйыштыруу аракети жалпысынан ийгиликтүү жүзөгө ашырылган. Поэмада Артур королдун кол алдындагы рыцарлардын перилердин канайымы Глориана үчүн кандай эрдиктерди жасаганы, Елизавета канайымдын аксарайында өткөн окуялар аллегориялык формада элестүү баяндалган. Генрих VIII тушундагы аксарайдагы одоно жүрүм-турум Елизавета канайымдын заманында назик, сылык-сыпаа түргө өтүп, Батыш Европада жаңыдан жайыла баштаган этикалык эреже-талаптар Спенсердин каармандарынын аракет-кыймылынан көрүнөт. Өзгөчө кылдат рыцарлар, кылыктуу каш каккан сулуу айымдар бийликтин жогорку тепкичиндеги жүрүш-туруштун жасалма үлгүсү катары да кабылданат. “Перилер канайымы” поэмасында колдонулган тогуз саптар англис поэзиясына “спенсердин саптары” деген ат менен кирген.

Э. Спенсер акындык түйшүккө улай мамлекеттик кызмат да аткарган. Өмүрүнүн соңку жылдары ал Ирландия губернаторунун катчысы болуп иштейт. Англия менен Ирландия ортосундагы карама-каршылык, чиркөө реформасына шылтанып ирландиялык уруулардын жерлерин тартып алуу жергиликтүү элдин катуу нааразылыгын жараткан. Ошондой көтөрүлүштөрдүн биринде Спенсер жашаган үй өрттөлүп, акындын уулу от ичинде калып кетет. Катуу күйүткө баткан акын үй-жайынан ажырап Лондонго келет да кызматын таштап, чыгармачылыгына чекит коёт, өмүрүнүн соңунда кароосуз, колдоо-жөлөгү жок жакырчылыкта көз жумат.

“Акындардын акыны” Спенсердин көзү тирүү кезинде Англияда поэзиянын коомдук кадыр-баркы аябай көтөрүлгөн. Ыр жазуу, сонет кураштыруу азыноолок жөндөм-шыгы бар адамдардын маданияттуу эрмегине айланган. Саман-топону аралаш “ыр сели” күчөп турганда акындык менен шугулдангандарын так санын алуу кыйынга туруп калган, ыр токуучулук жалпы элдик дегидей жамаат кызыккан сыйлуу өнөргө айланган. Бекеринен Шекспирдин Оселок деген маскарапозу “тамак ичкенди, уктаганды эсепке албаганда, сегиз жыл бою тыным албай ыр жазып келгенин” мактаныч кылып айтып отуруптурбу. Англиялык улуу драмачы У. Шекспир да оболу акын катары таанылган. Лондон театрлары элди безгек каптап убактылуу жабылганда “Венера менен Адонис” (1593) “Абийиринен айрылган Лукреций” (1594) поэмаларын жарыялоого жетишкен. Ал кезде поэзия драмадан жогору коюлчу. Үйрөнчүк драмачы белгилүү сюжет, таанымал канондорду кайра жаңылап, алгачкы ыр китептерине өзгөчө үмүт арткан. Анын акындык таланты айтылуу сонеттеринде бар көркү менен бажырая ачылып, “Венера менен Адонис” поэмасына улай бир нече ирет басылып чыккан.

У. Шекспирдин сонеттери анын атын дүйнөгө тааныткан драмалык чыгармаларынын катарында турган, акындын кылдат сезим-туюмунун ыктуу формасы, ашыктык лирикасынын мыкты жетишкендиктеринин бири. Авторунун атын улуу акындардын катарына кошкон сонеттердин бирөөн түпнускасында (76-сонет) окуп көрөлү:

У. Шекспир

Why is my verse so barren of new pride?
So far from variation or quick change?
Why with the time do I not glance aside
To new-found methods and to compounds strange?

Why write I still all one, ever the same,
And keep invention in a noted weed,
That every word doth almost tell my name,
Showing their birth, and where they did proceed?

O know, sweet love, I always write of you,
And you and love are still my argument;
So all my best is dressing old words new,
Spending again what is already spent:

For as the sun is daily new and old,
So is my love still telling what is told.

Орустун улуу акыны С. Я. Маршак У. Шекспирдин сонеттерин эң мыкты которгон. Анын таржымасында 76-сонет орус тилинде мындайча окулат:

Увы, мой стих не блещет новизной,
Разнообразьем перемен нежданных.
Не поискать ли мне тропы иной,
Приемов новых, сочетаний странных.

Я повторяю прежнее опять,
В одежде старой появляюсь снова.
И, кажется, по имени назвать
Меня в стихах любое может слово.

Все это оттого, что вновь и вновь
Решаю я одну свою задачу:
Я о тебе пишу, моя любовь,
И то же сердце, те же силы трачу.

Все то же солнце ходит надо мной,
Но и оно не блещет новизной.

У. Шекспирдин 154 сонетин кыргыз тилине Акун Ашыров которуп, 1975-жылы “Кыргызстан” басмасынан китеп кылып чыгарган. Ортомчу тил аркылуу таржымаланганы менен, айтылуу сонеттин кыргызчасы кыйла идиректүү чыккан, окуган адамдын сезимин козгой алар ыктуу сөздөр менен шөкөттөлгөн, сонеттердин көркөм деңгээли кадыресе сакталган деп айтышка болот. Акындын ашыктык сезими, чыгармачылыкка карата өтөле катаал баасы кыйла таасын берилген. Салыштырып көрөлү:

Ырымда жан жыргатар жаңылык жок,
Өзгөрүп, миң кубулжуп куюлушкан.
Башка жол издеп көрсөм кандай болмок,
Жаңыча жаралгандай бир укмуштан.

Кайталайм мурдагыны калыбындай
Кейпимде эч нерсе жок өзгөрүлгөн.
Окуган таанып алат эч жаңылбай
Ырымды сабындагы бир сөзүмдөн.

Себеби бир сөзүмдү миң кайталап,
Каранып-карманганым жалгыз максат:
Жүрөктүн канын үрөп, белди байлап,
О, сүйүү, жалгыз сени жазам мактап.

Төбөмдөн тийген күн да баягыдай,
Жаңырган жаңылык жок аягыдай.

Шекспирдин сонеттери белгисиз сулууга арналган, анда ашыктык сезимге чулганган акындын эч кимге айтпас аздек сырлары 14 сап ичине батырылган, токтолго таппас кыялдын аркыл учур, жагдайдагы өзгөрмөлүү абалы таасын чагылдырылган. Улуу драмачынын лирикасы учурунда бааланган эмес, англис театрларынан түшпөгөн сахналык чыгармалары кайра-кайра басылып жаткан чакта анын канаттуу ырлары баам сыртында калып, арадан кыйла кылымдар өткөндөн кийин кайрадан ачылып, улуу сүрөткердин бай адабий мурасынын катарынан өз ордун тапты. Шекспир акын сүйгөнүнө бүтпөс улуу дастан жазарын, сүйгөнүн эч качан обу жок мактабасын, чындап сүйө турган болсо сүйгөнүн чанып таштабасын ырастайт. Акындын улуу сүйүүсү таш эстеликте эмес, жалын чачкан сөздөрүндө каларын белгилейт: “Таш коргон эскерүүгө жарабастан, ошондо ушул жазган ырым калар”. Махабаттын ышкысынан көңүлү сууган акын сезимге алданып мындан ары баскан-турган жеринен сүйгөнүнүн элесин издей берүүнү токтотуп, “мен эми издебеймин, баары бүттү” деп жыйынтык чыгарат.

Сөзгө алынган мезгилдин прозасы жөнүндө кеп кылганда өзгөчөлүү бир жагдайды эске ала кетүү керек. XVI кылымда ыр жазуу улуттук модага айланып, калам кармагандын баары поэзияга жабыла кирип кеткен чакта деле карасөз чыгармаларын, өзгөчө кызыктуу окуяга бай китептерди баса калып окуй салчулар көп болгон. Елизавета канайымдын тушунда проза кыйла жанданганын жарыяланган китептердин саны, нускасы, басмалардын арбышынан байкоого болот. Бул мезгилде диний ыйык тексттерди которуу, англис тилинин стилдик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү аракеттери күч алып, “жер тааны – эл тааны” тенденциясы тамырын кенен жая баштаган. Жаңы жерлерди, аралдарды, өлкөлөрдү ачуу, укмуштуу окуяларга бай саякаттарды сыпаттап жазуу арбыган.

Жон Лили

XVI кылымдагы англис прозасынын көрүнүктүү өкүлү деп Жон Лилини (1554 – 1606) атаса жарашат. Замандаштарынын ырасташынча, ал алгачкы англис романчысы, жазгандары окурмандардын колунан түшпөгөн сүйгүнчүк автору, чыгармалары талаш-тартыштарды жараткан кызыктуу жазуучу болгон. Автордун “Эвфуэс. Акылдын анатомиясы”, экинчи бөлүгү “Эвфуэс менен анын Англиясы” романы жалаң англис адабиятында эле эмес, жалпы Европа адабияттарындагы этаптык чыгарма. Агынан төгүлүп сыр ачкан автор өз мезгилинин биртоп орчун саясый, философиялык, этикалык проблемаларын коюп, заман жүгүн өзүндө алып жүргөн инсандын ички дүйнөсүн, өзү менен өзү күрөшкөн каармандын дүйнөтаанымы аркылуу коомдук маанилүү проблемаларды козгой алган.

Чыгармада шарттуулук менен символика эриш-аркак жүрөт. Анын сюжетин Афинадан университетти жаңы эле бүткөн Эвфуэстин Неаполго келип ал жерде Филавт менен таанышуусу түзөт. Оюнда эч нерсе жок Филавт Эвфуэске сүйгөн кызы Люцилланы тааныштырса экөө жүрүп кетишет. Нааразы болгон Филавт жаңы таанышынан кол үзөт. Бирок да көп өтпөй кылыктуу кыз дагы башка бирөөнүн этегин кармап кеткенден кийин эки дос кайра жарашып, Неаполдон Англияга келишет. Романдын экинчи бөлүгү Англияда өтөт, Неаполдон келген Филавт англис кыз менен таанышып, ага үйлөнүп, кайын журтунда биротоло жашап калат. Нааразы болгон Эвфуэс Афинага кайтып, илимий ишин улантат. Романдын окурмандар арасында өзгөчө кеңири жайылышына анын сюжетинин кызыктуулугу же каармандардын индивидуалдуу өзгөчөлүктөрү эмес, чыгарманын көркөм тили менен стилинин адаттан тыштыгы, Лондондун жогорку чөйрөсүндөгүлөрдүн лексикасынын башкалардан айырмаланып турушу, анан да баяндоочунун аркыл антитеза, метафора, аллитерация, омонимдерди жыш колдонушу, окуянын жүрүшүнө ылайык айтылуу классиктердин сөздөрүн оголе көп келтирилиши себеп болгон. Автор жалаң эле белгилүү классиктердин сөздөрү, пикир, көз караштарына кайрылбастан, пенде баласынын кандайлыгын көрсөтүш үчүн илимий эмгектерден узун-узун мисалдарды келтиргенди жакшы көрөт. Жөнөкөй эле түшүндүрүп койчу нерсени автор чубалжыган узун мисалдар аркылуу бекемдегенди, тике сөздүн ордуна каймана образдарды, метафораны, аллитерацияны, көркөм туюнтуунун шарттуу ыкмаларын колдонууга көбүрөк ык коёт.

Лили үчүн проза стилин көркөм каражаттар менен байытуу, карасөздүн өзүнө тиешелүү белгисин табуу маанилүү. Каармандардын баары бирдей сүйлөшү керек эместигин туура көргөн автор куюлушкан сөздөрдүн арасына ыр саптарын кошуп коюуну да жактырбайт. Лондондун жогорку чөйрөсүнүн өкүлү менен айылдагы карапайым малчынын лексикасы кыйла эле айырмалуу экенин, экөө тең таза англис тилинде сүйлөшкөнү менен бирөөндө жергиликтүү өзгөчөлүк, жаргон, одоно тамашалар же куру сыпайгерчилик үчүн айтылган сөздөр сөзсүз жолугат.

Автордун эмнеликтен шарттуу көрүнүштөргө, каймана туюнтмаларга кайрылыш себеби да мына ушул өзгөчөлүктү, карасөзстилин байытуу аракетинен чыгып жатканын түшүнүшкө ашкан акылдын деле кереги жок. Анткен менен, окурман Эвфуэстин сыр ачууларынан романын биринчи бөлүмүндө Неаполдогу окуялар, сөздөр айтылганы менен негизги ой, башкы идея англис турмуш чындыгы аллитерацияланып, ассоциативдүү образга көчкөнүн оңой эле баамдай алат. Романдагы окуялардын баары англис турмушуна ооп, коомдук тиричиликтин “анатомиясы” алдыга тартылат, анын социалдык-саясый баасы бычылат. Коомдук турмуш каякка баратат, мезгилдин күрөө тамыры кайда, интеллект, акыл, аң-сезим, жашоо-турмуш, дагы башка ушул сыяктуу түшүнүк, көз караш, ой сезимдер чыгарманы ээлеп, өзү менен өзү болгон каармандын доор, мезгил тууралуу бүтүмү ачыкка чыгат.

Лилинин романы артынан толгон-токой тууроочуларды чыгарды, “эвфуизм” адабий түшүнүгүн пайда кылды. Татаал стилдик туюнтмаларды колдонуп, аллитерация, аллюзия, ассонанс, ойду туюнтуунун каймана формаларына өтүү, белгилүү ыраатка салынган баяндоонун ыкчам өзгөрүлүшү Жон Лилинин жазуу өзгөчөлүгүн түзчү белгилерден. Айрым изилдөөчүлөр Лилинин романында арбын учураган риториканы антик адабиятынан, эллин маданиятынын Батыш Европа көркөм сөзүнө көчүрүлгөн таасири катары сыпатташат. Ал эми “эвфуизмди” англис адабиятына толугу менен көчүрүп, ойду туюнтуунун метафоралык жана синтаксистик түзүлүшү жүрө-жүрө “доордун стилине” айланарын У. Шекспир өзүнүн чыгармалары менен ырастап берди.

Филип Сидни

Англис адабиятынын өнүгүшүнө өзгөчө таасир көрсөткөн “Эвфуэс…” романы менен бир учурда Филип Сиднинин “Аркадия” ээн-жайкын романы жаралган. Тек мурда жазылганы менен романдын тексти авторунун көзү өткөндөн кийин жарыяланган. Жалаң ырга ышкылуу автор жалкы романын карындашы Мэри Пемброукка арнаган. Анын келки-келки үзүндүлөрүн карындашына жазган каттарына салып жөнөтүп, шарттуу баяндоого, каймана туюнтмаларга шыкалган чыгарманын алгачкы окурманы ошол айым болгон.

Англис адабиятындагы көпчүлүк авторлор сыяктуу эле романдагы шарттуу-символикалык баяндоо автордун учкул кыялынан жаралган Аркадия аралында өтөт. Шаардын ызы-чуусунан алыс, таза аба ээн-жайкын талаа же көк мөлтүр суусу урунуп-беринип аккан тоо койнундагы идиллиялуу турмушта жашаган малчылардын тиричилик баяны антик адабиятында пастораль деп аталган. “Аркадия” мына ошондой маани-мазмундагы чыгарма, ренессанс мезгилиндеги биринчи англиялык роман. Ф. Сидни чыгармасын рыцардык роман менен малчылардын бейкам турмушун ыктуу кыйыштырган көңүл көтөрүүнү көздөгөн китеп шекилинде жазууну ойлонгон. “Эски Аркадия” деп аталган алгачкы вариант ошондой максат-мүдөөнү көздөгөн, карасөз баяндарынын арасына узун-узун ыр саптары, келки-келки үзүндүлөр кирип кеткен. Автор жаңы романын жалаң эле көңүл көтөрүүчү чыгарма эмес, акыл, кеп-кеңеш, тарыхый-адабий булак катары кызмат кылчу туунду болушун каалаган. Байыркы антик-рим адабияттарынын мифтик каармандары чыгарманын сюжеттик-композициялык түзүлүшүндө активдүү персонаждар катары чыгышат, Аполлон менен Купидондун карама-каршылыгы дыйкандардын аракет-кыймылын аныктайт. Аркадия аралындагы турмуш өткөн менен бүгүнкүнүн шарттуу-символикалык көрүнүшү катары чагылдырылат.

“Эски Аркадия” бири бирине ичара байланышкан интермедиялардан, ыр тексттеринен, каармандардын аракет-кыймылын сүрөттөгөн малчылардын ырларынан турат. Автор аркыл формаларды ыктуу айкалыштырып, антик-рим адабиятынан келаткан поэтикалык салттарды, ыр өлчөмдөрүн, стилдик ар түрдүүлүктү колдонот. Аркадия аралынын башчысы герцог Базилия үч ирет тактысынан өз эрки менен баш тартат. Каармандын аракет-кыймылы үч түрдүү көркөм формада чагылдырылган. Тактыдан баш тартуу проза, квинтет, сонет аркылуу сүрөттөлөт. Аралдын адеп-ыймандык ырайын бузуп койгондугу үчүн өзүн күнөөлүү сезген Базилия бала-чакасын ээрчитип, Аркадиянын ээн жерине жашынып алса анын Памела менен Филоклей эки кызына ашык Мьюзидор менен Пирокл артынан аңдып келишип, биртоп табышмактуу окуялардан соң сүйүшкөн жаштар табышып, болор окуяны күн мурунтан билген көзү ачыктын айтканы чын чыгат.

“Эски Аркадия” романы бир туугандар гана окуй турган китептен өтүп, кол жазма көчүрүлүп, көпчүлүктүн кызыгуусун жаратканын көргөн автор ага биртоп өзгөртүүлөр киргизген. “Жаңы Аркадия” варианты ошентип жаралган. Чыгарманын үчүнчү варианты “Графиня Пемброуктун Аркадиясы” деп аталат.

Англис ренессанс прозасынын Мэлори, Лили, Сидни сындуу көрүнүктүү өкүлдөрүнөн катарына Томас Лож менен Роберт Гринди кошууга болот. Томас Лож “Розалинда” романын “Эвфуэстин алтын мураскери” катары сыпаттап, чыгарманын сюжеттик өзөгүнө Робин Гуд тууралуу аңыз кептерди алган. Автордун экинчи романы “Америкалык Маргаритада” жаңы ачылган жерлердеги опуртал окуялар сүрөттөлгөн. Роберт Грин баяндоонун дагы бир башкача түрүн – “сүйүү памфлеттерин” арбын жарыялаган. Пасторалдык, авантюралуу ошондой эле сыр ачуу мотивинде жазылган Гриндин памфлеттери коомдук маанилүү, керектүү маселелерди козгогон. Грин өз кейпин билбей, аристократтар арасына өткүсү келген жөнжай адамдар арасынан чыккан дымактууларды келекелөөнү жакшы көргөн. “Миллион ирет жалбарып жатып сатып алган таруудай акылдын күкүмдөрү” памфлетинде актерлор арасынан суурулуп чыккан дымагы бийик бирөөнү, “биздин бир талыбыздан сайынып алган карга сымал, жолборстун жүрөгүн жеп, терисин жамынып жүргөндөй дымактуу актер, биздин өлкөдө жалгыз өзү Сахнаны Титиретчү (Shake Scene) азаматтай бой көтөрүп, ак ырды даңкылдатып жүргөнүнө корстон” каламдашын сынга алган. Көптүн арасында Найзасын Көкөлөткөн дымактуу автор Шекспир (Shakespeare) экени көпчүлүккө түшүндүрмөсүз эле белгилүү болчу.

Шекспир доорундагы карасөз өнөрү адабият тарыхында “елизавета прозасы” деген аталышта белгилүү. Бул мезгилде коомдук турмуштун саясый-социалдык, маданий-экономикалык, адеп-ахлактык кырлары прозада кыйла терең, ар тараптуу чагылдырылган, адамдар ортосундагы татаал мамиле-катнаштардын тереңдеги сырларын, турмуштук көрүнүштөрдү так, таамай сүрөттөө, мезгил маанайын көрсөтүү жагынан англис прозасы биртоп алдыга жылган, улуу драмачы козгогон көркөм проблемаларды, идеяларды терең түшүнүш үчүн аны менен бир учурда жашаган карасөз чеберлеринин тажрыйбасына кайрылуу зарыл. Ансыз улуу драмачынын көркөм дүйнөсүн аңдаш кыйын. У. Шекспир замандаш прозачылардын биртоп сюжеттерин, көркөм мотивдерин өз чыгармаларында колдонгон, алардан чоң таасир алган.

Томас Нэш

Улуу драмачынын замандашы Томас Нэш биртоп жанрларда күчүн сынаганы менен, чыныгы чыгармачылык жөндөм-шыгын сатиралык прозадан көбүрөк көрсөтө алган. Анын “Көңдөйлүктүн анатомиясы”, “Тыйынсыз Пирс”, “Иерусалим куткаруучусунун кошогунда” көбүнесе Лондондун күндөлүк турмуш-тиричилиги, шаардыктардын ой-сезимдери, пенделик өзгөчө касиет-сапаттары, маанилүү делген маселелерди кызуу талашканы, үлкөн калаанын тынбай согуп турган күрөө тамыры жеке адам тагдырлары аркылуу жалпыланып көрсөтүлгөн. “Көңдөйлүктүн анатомиясында” Т. Нэш монастырдан чыкпай шумдуктуу окуяларды ойлоп таап, ойго келбес иштерди жасагандарды жамыратып жазган жалкоо авторлордун жолоюна түшкөн жазуучуларды сынга алат.

Нэш экиленген рыцардык романдарды жактырбастыгын ачык эле билдирип, адабият ойдон чыгарылган обу жок фантазияга көбүрөк азгырылбай, реалдуу турмуштук көрүнүштөрдү көркөм иликтөөгө алыш зарылдыгын алдыга жайган. Рыцарлыкты эпсиз көкөлөтүүгө каршы жазылган жазуучунун “Ит арал” пьесасы Жашырын кеңеш тарабынан коюуга тыюу салынып, анын негизинде Т. Нэш камакка алынган. Коомдук турмуштун көлөкө жактарын аянбай катаал сынга капталткан жазуучунун “Жолу болбогон саякатчы” романы биртоп калемгерлердин башын кошуп, шаңдуу салтанатка чулганган аземдерди, оюн-зоокторду жакшы көргөн граф Генри Уорлстейге арналган. Романдын башкы каарманы Жек Уилтон жетесиз, ыкчыл, бирөөгө жамандыгы жок, бирок анча-мынчаны элес албаган алакөөдөн адам. Романдагы окуялардын баары анын айланасына топтолгон. Генрих VIII кол алдындагы кызматкер, француздардын Турне шаарын камалоого катышкан жоокер, уруштан аман-эсен Англияга кайткандан кийин белгилүү реформатор акындын жакын адамы катары биртоп өлкөлөргө саякатка барып, соңунда үй-жай күтүп, тынч турмушка көчөт. Ойдон чыгарылган каарман кайсы акындын кызматына өткөнүн билиш окурманга анчалык деле оорчулукка турбайт. Реформатор акын Серрей экени эч кимди күмөн санатпайт.

Т. Нэш реформатор акынды жолу болбогон адам, Сервантестин Дон Кихотун элестеткен каарман сыпатында сүрөттөйт. Анын жарак-жабдыгын көтөрүп жанында жүрчү аткошчусу Жон Уилтон кайсы бир деңгээлде Санчо Пансаны элестетет. Реформатор акын поэзиянын ыйык мекени Италияга зыяратка барат, Уилтон аны коштоп жанында жүрөт. Уилтон биртоп англиялык акындарды көрөт. Т. Нэш “Эвфуэсти…” шылдыңга алганы, чыгарма рыцардык романдарга пародия катары жазылганы эч кимге талаш туудурбайт.

Френсис Бэкон

XVI кылым прозасындагы дагы бир белгилүү сүрөткер Томас Делони англис турмушун кылдат көркөм иликтөөгө алган “Ньюберилик Жек”, “Редилик Томас” романдарында усталардын жашоо-тиричилигин чагылдырган. Турмуш-тиричиликтин майда-чүйдөсүн калтырбай психологиялык тактыкта сүрөттөө доордун жалпы сүрөтүн тартып берүүгө өбөлгө түзөрүндө шек жок. Аталган мезгилде эссеисттик багыттагы чыгармалар, атап айтканда Френсис Бэкондун (1561- 1626) “Тажрыйбалар менен таалимдери”, Доннанын “Ой жүгүртүүлөр”, Бен Жонстун “Курулуш жыгачтары же адамдар менен предмет ачылыштары” жарык көргөн. Ф. Бэкон айтылуу “Тажрыйбаларын…” жумуштан кийинки колу бошой калганда ара-чолодо жазылган китеп катары мүнөздөгөн. Мамлекеттик кызматтан четтетилип, колу-жолу кыйла бошоп калганда Бэкон тажрыйбаларын жазууга отурган.

Күн сайын эрикпей бирден күмүш теңге чеккен зергер устадай белгилүү мамлекеттик-коомдук ишмер тажрыйбаларын отуз жылга жакын убакыт жазган. Улам өзгөрүлүп, алымча-кошумчаланып кеңейгенден кеңейип бараткан тажрыйбаларынын жалпыга жайылышына, адамзат өткөнү менен бүгүнкүсүн, өзүн-өзү билип жүрүш зарылдыгына Ф. Бэкондун өзү кызыкдар болчу. Өмүрүнүн соңку жылдарында гуманист ойчул Англиянын тарыхына, мамлекет башчыларынын ишмердигин иликтөөгө кыйла убакты-саатын коротуп, биртоп китептерди жазган, байыркылардын акылмандыгына токтолуп, учкул сөздөрүн чогулткан. Монтендин “Тажрыйбаларын” эсепке алган англис ойчулу өлкө башкаруунун адеп-ыймандык, коомдук жана мамлекеттик маани-мазмунун ачып берүү аракетин жасаган. Мамлекет кызыкчылыгы менен жеке кызыкчылыктын карым-катыштарына, башкаруунун толгон-токой проблемаларына токтолгон Ф. Бэкон Макиавеллинин ишмердигине кайрылып: “Макиавелли туура ойлорду айтып, бирок да аларды жарамсыз үлгүлөр менен ырастап” берерин белгилейт. Кандай жагдай болсо да маселени акыл-эс менен чечүүнүн зарылдыгына токтолгон ойчул реалдуу проблема реалдуу чечилишин жактаган.

Идеалдуу абстракцияны жактыргандарды Бэкон Утопияга жөнөтөт (“Сүткорчулук тууралу”). Бэкондун каармандары деле Т. Мордун утопиячыларынын жолун жолдоп мухиттин түгөнбөс жолунда узактан-узак жүргөндөн кийин белгисиз аралга келип, ал жерде идеалдуу коомдук түзүлүштө бир келген өмүрдө жыргап-куунап жашап жаткан адамдарга кабылышат. Жалаң окумуштуу, илимпоз аалымдар баштаган бул өлкөдө илимий ачылыштарга өзгөчө маани берилип, техникалык илимдердин өнүгүшүнө өзгөчө камкордук көрүлөрү маалымдалат. Технократиялык негизге таянган мамлекеттик түзүлүш гуманисттик идеалдарды баарынан жогору койгон Т. Мордун “Утопиясынан” кыйла айырмалуу. Мындан улам англиялык улуу ойчул абсолюттук бийлик ордуна жаңы коом, илимий-техникалык прогрессти өзүнө багындырып, капитал жыйноону башкы планга койгон мамлекеттик түзүлүшкө ыраактан жол салгандай таасир калтырат.

XVI кылым прозасы тууралуу кеп болгондо улуу Шекспирдин драмаларындагы карасөз монологдорун, үзүндүлөрдү эске ала кетүү абзел. Англис карасөз өнөрүнүн белгилүү бир мерчемин аныктаган андай үлгүлөр арадан канча убакыт өтсө да сыры менен сынын кетирбей, азыр деле эстетикалык жамалын жоготпой, окурман менен угармандын кызыгуусун жандырбай келет.