
Биз өз казаныбызда гана кайнаган улут болуп калдык. Ашкере. Ашкере улутчул, ашкере билермандар арбыдык. Жер планетасында кыргыздан улуу, кыргыздан кыйын улут жоктон бетер кыргыз тарыхын жазгандар арбып-дарбып аткан кезең. Адабиятчыларыбыз да тарыхка чала-чарпыт сүңгүп кетишти. Жазуучулар тарыхый темадагы китептерди атаандашып жазып аткандагыбыз…
Улуу устатыбыз Салижан Жигитовдун «кыргыз интеллигенциясынын көзү желкесинде» деген таамай сөзү канчалык таасирдүү болгону менен, таасирдин тамыры кыргыз интеллигенциясын ойлондурган жок. Кайрале өткөнгө кылчактап, ордунда токтоп туру. Көздүн желкеге бүткөндөгүсү ушул окшобойбу… Албетте, тарыхтын сабагын алууга тийишпиз. Ошол сабак алуу үчүн жазышыбыз парз. Тарыхтан каймактай калпып алчу сабактар толтура. Арийне, керектүүсүн алалсак кана!
Адабиятчыларыбыз да тарыхка кайрылып атканын мен деле кош колдоп кубаттар элем, тек, көбү оозеки адабиятыбызды курулай көкөлөткөн көрөңгөдөн өйдө көтөрүлбөй келет. Агер белгилүү адабиятчы Кадыркул Даутовдун «Албан түрдүү алп акындын дүйнөсү» аттуу Барпы акындын чыгармачылыгын фундаменталдуу иликтеп-изилдөөгө алгандагыдай олутту же адабиятчы Абдыкерим Муратовдун Жеңижок – төкмөлүк өнөрдүн төрөсү аттуу эмгегине тете болор бийик деңгээлде талдап берер адабият адистерибиз арбыса жаман болбойт элек. Тилекке каршы, кайсы бир өткөн доордогу акындардын барандуу өкүлдөрүнө кайрылган адабиятчылардын көбү маалыматтык деңгээлден ашкан эмгек жарата албай келатышканы өкүндүрөт. Алар элдик адабий мурастардын көмүскөдө катылган көркөм сырларын ачып бергендин ордуна; баландай менен түкүндөй акындындын көкүрөк туюму зирек болгон же баландай менен түкүндөй акындын айтышы минтип аяктаган деген тариздеги сыпаттоолордан ашкан жери жок. Так ошондой сыпаттолорго жык том-том китептерди үйүп салышты. Илимдин да, окурмандын да убалынан коркпой…
Бирок арабызда окурман менен илимдин убалынан корккон бирин-экини бар экен. Айтсак, адабиятчы Бекташ Шамшиевдин төмөндө жарыяланар эмгегинин жайы таптакыр башка. Автор, башкалардан айырмаланып, англис адабиятынын тарыхын кыскача формада болсо да кыргыз окурмндарына жеткирүү мүшкүлүн колго алганына кубанып отурабыз. Арийне, элдик фольклор менен катар эле дүйнө адабиятынын таржымалы, тажрыйбасы кыргыз адабияты үчүн байтактуу дөөлөт болуп калууга тийиш. Ошол муктаждыкты ойлонор адабиятчыларыбыздын сабы арбыса экен дейли. Кимге кандай билбеймин, Б.Шамшиевдин англис адабиятынын тарыхына токтолгону көңүлүмдүн кадыресе курсант кылып койду. Кудум, терезени ачкандагы таза аба бөлмөнү сергиткендегидей; автордун да англис адабиятынын таржымалын баяндоого алганы – ириде кыргыз тилдүү окурмандардын акыл туюмун таза кислород менен сергитер эмгек болчудай экен.
Албетте, азырынча аягына жете элек көрүнөт, бирок ошондой болсо да «РухЭш» сайтынын адабий аудиториясы үчүн Бекташ Шамшиевдин иш үстөлүндөгү эмгегинин жарымын баса калып окуй туралы. Мүмкүн, окурмандар шаштырып калгысы бардыр авторду. Биз да Бекташ байкебизди азырак жамбаштап, көбүрөк эмгектениңиз демекчибиз… Уйкуну кыскартсаңыз эле эмгегиңиз бүтүп калат…
Олжобай ШАКИР
Англис адабиятынын кыскача тарыхын жазууну кыйладан бери ойлонуп келаткам. Азыркы Интернет заманында көркөм адабий тексттерди баштагыдай баса калып окубаган муунга жок дегенде дүйнөдөгү көркөм салты бай адабият жөнүндө жалпы түшүнүк калсын, Шекспирди берген өлкөнүн көркөм сөз өнөрү кандай болгонун билип койсун деген тилек ушул ишти баштоого түрткү болду. Орус агайындарда “пенде каалайт – жараткан өзү чечет” деген калетсиз сөз бар. Менин убадам да карасам узарып баратат.
Убакыт дегениң колдон качан суурулуп кеткенин билгизбеген бир калыптагы көч, ыбырсыган түйшүктөрдүн төөбастысында жүрүп анын өткөнүн деле байкабай калат экенсиң, же ал жаныбар качан даяр болосуң деп күтүп турсачы. Анын үстүнө башка бир узундан узун илимий ишти баштап аягына чыгара албай кыйла убакты-саатымды ошол эмгек уурдап кетти.
Мына эми нөөмөтү келген бейм, англис адабиятынын кыскача тарыхын жазууга отурдум. Биралдын өзүмө жакын ыманы ысык тема, мындан алты кылым илгери адабий тили калыптанып, жаңы кылымда биз талпынып жетели деп умтулуп келаткан парламенттик башкаруу системасына алдакачан өтүп алган өлкөнүн өзүнүн тарыхы деле кызык эмеспи. Өңгөсүнөн да Оливер Кромвелдин тарых-таржымалын карап турсаң трагедиясы менен драмасы, арасына комедиясы да кошулган карама-каршылыктуу көрүнүштөргө кадам сайын жолугасың. Революциялары улам-улам кайталанып, кайсы чекитке барып токтолорубузду биле албай алдастаган жалгыз эле бизби? Европа калктары феодалдык, буржуазиялык революцияларды башынан көп өткөрүшкөн.
Жер шарынын тоголок экенин, анын үстүндөгү ар кайсы жерлерде бизден башка аркыл адамдар жашары, белгисиз аралдардагы керемет жашоо-турмушу англис жазуучуларынын чыгармаларында өзгөчө көрк менен ачылган. Коммунисттик байкер жашоонун кереметин да мына ушул “тумандуу Альбиондун” сүрөткерлери кыялдын кемесинде баратып ачып беришкен. Иши кылып, айта турган, биле жүрчү нерселер англис адабиятында толтура.
Киришүүнүн салтын сактап китептин максат-милдетин, анда кандай проблемалар козголорун узунсабак сөз кылып отурбайын. Антсе да, кыскача тарыхта англис адабиятынын баш-аягы алты кылым ашуун профессионал өнүгүү эволюциясы, эл оозеки чыгармачылыгынын белгилүү үлгүлөрү, улут көркөм сөз өнөрүнүн өнүгүшүнө кадыресе салым кошкон сүрөткерлердин чыгармачылыгы жайында кыскача маалымат берилди, адабий процесске кошкон салымы, стилдик өзгөчөлүгү жайында биртоп адабий фактылар болушунча кенен-кесир камтылганын эскерте кетейин. Эң өкүнүчтүүсү, англис адабиятынын эчен мыкты чыгармалары кыргыз тилине таржымалана элек, жалаң кыргыз тилге үмүт арткан окурмандарыбыздын көбү алар менен тааныш эмес. Дүйнөлүк алдыңкы калктар катарына кошулууга ниет кылган эл жаамы адабий баалуулуктардан кабардар болушу кажет. Китепте эмнелер жөнүндө сөз болуп, кайсы маселе жакшы чечилип, кайсынысы унутта калганын окуп чыккандарга калтырайын да, теманын өзүнө өтө берейин. Калганын бара көрөрбүз.
1-бап. Орто кылым англис адабияты: башталуу жана өнүгүү
- Эл оозеки чыгармачылыгы – архаикалык-мифологиялык дүйнөтааным
Батыш адабияттары, анын ичинде англис адабияты антик, рим, латын көркөм сөз өнөрүнө таянып, ошондон көгөрүп-көктөп, бутактап чыккан көрүнүш. Айталы, антик адабиятында жер, суу, от, аба, адам, дегеле турмуштун өзү мифтик түшүнүктөр менен бекем байланыштуу, ар бир көрүнүштүн өзүнүн колдоочусу, кудайы бар. Маселен, Зевс – чагылгандын кудайы, Посейдон – деңиз кудайы, Афродита – сулуулук кудайы, Гефес – чебер устачылыктын колдоочусу, Арес – согуш кудайы ж.б. Адамдардын мифтик-архаикалык түшүнүгү дүйнөнү бүкүлү кабылдап, тигил же бул кубулуш, көрүнүштүн чоо-жайын өзгөчө күч-кубат, мүмкүнчүлүктөргө ээ күчтөр аркылуу (дөөлөр, алптар) түшүндүрүүгө негизделген. Байыркы гректердин түшүнүгүндө жер үстүндөгү жашоо-тиричилик башаламандыктан (хаостон) башталган, ошондон көгөрүп-көктөп чыккан, жер үстүндөгү бардык жан-жаныбарлар, алардын ичинде кудайлар да асман менен жердин балдары катары сыпатталат. Айры бут адамдарга, алсыз пенделерге от алып келип берген Прометейди Олимп өкүмдары Зевс аскага кадап салып, ит көрбөгөн азаптарды көрсөткөн. Иши кылып, антик, андан кийинки рим адабияты Европа континентинин көркөм сөз өнөрүнүн жаралышына, өнүгүшүнө чоң өбөлгө болуп берген.
Байыркы дүйнөнүн көркөм-эстетикалык түшүнүк көз караштарынан чайлап-коолап чыккан жаңы адабияттардын жаралышы орто кылымдарга туш келет. Ага чейин Англия норманддардын кол алдында кѳз каранды болуп жашаган тушта латын тили менен катар француз тилинин таасиринде болгон. Диний-клерикалдык адабият таасири, ага кошумча француз адабияты менен маданиятынын айрым үлгүлѳрү жаңы англ-сакс адабиятынын жаралышына ѳбѳлгѳ түзгѳн.
Дагы бир баса белгилей кетчү жагдай, грек, рим мифологиялык сюжеттерине англис адабиятында биртоп сүрөткерлер кайрылган. Анын негизги үлгүлөрүн таржымалап, байыркы эллин маданиятын терең үйрөнүүгө ошол орто кылымдарда эле англис ойчулдары өзгөчө маани беришкен. Негизи англис адабиятчылары жалаң эле грек, рим көркөм салтына кызыгышпастан, жаамы адамзаттын орток маданий-адабий мурастарына арбын кайрылышкан, өңгөдөн да чыгыш классиктеринин чыгармаларын окуп үйрөнүүгө олуттуу маани беришкен. Улут адабияттарынын өзара карым-катыштарынын жанданышы көркөм сөз өнөрүнүн өнүгүшүнө жагымдуу шарт түзгөн, адабияттын таанытуучулук ролун көтөргөн. Ошентип, адабий үйрөнүү, кѳркѳм таасирдин жардамы менен англис адабияты дүйнөдөгү эң ири кѳркѳм сѳздѳрдүн бирине айланды, эстетикалык баалуулуктардын биртоп мыкты үлгүлөрүн жаратты.
Англис адабиятынын кемелине келиши Британ аралдарынын коомдук-тарыхый өнүгүшүнө байланышкан маселе. Белгилүү болгондой, көркөм адабияттын жаралышына жалпысынан үч жагдай-шарт өбөлгө түзөт. Биринчи иретте, эл оозеки чыгармачылыгы, экинчи тараптан клерикалдык же диний адабият, ыйык тексттер, үчүнчүсү кыйла өнүгүп калган башка адабияттардын таасири. Эл оозеки чыгармачылыгын адатта көркөм адабиятка чейинки сөз өнөрү катары сыпатташат. Антик же эллин-рим байыркы маданий-тарыхый катмардын аз-аздан бузула башташы Батыш Европада жаңы көркөм сөз өнөрүнүн жаралышына шарт түзгөн. Тарыхый жагынан алганда кыйла мезгилди камтыган бул доорду Рим империясынын батыш чыгышка ажырап, христиан дининин католик, православ тармактарына бөлүнүп кетиши жаңы процесске кайсы бир деңгээлде өз таасирин тийгизген. Антсе да бул мезгилде Римдин жаалы кайтып, Константинополдун таасири күчөй баштаган (XI кылым), хронологиялык жактан байыркы дүйнө тарыхы соңуна чыгып, Европа континенти орто кылым эсебине кире баштаган.
Байыркы кылымдардан Орто кылымдарга өтүүнүн алгачкы мезгили (III – X кылымдар) Батыш Европада феодалдык мамиле-катнаштардын кенен-кесир жайылышы, жаңы типтеги мамлекеттердин түзүлө башташы, Байыркы Рим мамлекеттүүлүгүнүн жоюлуп, мурда жапайы деп эсептелинген элдердин уруу-урук тайпалары кескин өзгөрүүлөргө учурап, жаңы социалдык шарттарга көчүп өтүүсү менен белгиленди. Бул мезгилде Рим-антик адабий салттарга таянган латын адабиятынын катарында андай адабият деңгээлине жете элек элдердин эл оозеки чыгармачылыгы жашап жаткан. Латын адабияты грек-антик маданий салттарын сактоо, өнүктүрүү максатын көздөгөн. Бул жагынан латын адабияты жалпы эле Батыш Европа адабияттарын антик-рим көркөм сөз маданияты менен байланыштырган өзүнчө бир көпүрө сындуу үлкөн кызмат өтөдү десек жарашат. Эллин маданияты менен Рим империясынын көркөм сөз өнөрүн жаңыдан ирдентип келаткан жаш адабияттарга тааныштыруу озуйпасын, көркөм салттын учугун үзбөй сактап калуу милдетин кыйлага чейин латын адабияты өтөп келди.
Батыш адабияттарынын Чыгыш маданиятына кызыгуусу, атап айтканда, кытай, индия, араб адабияттарынын үлгүлөрүн өздөштүрүүсү, маданияттардын өз ара мамиле-катнаштарынын күчөшү кийинки кылымдарга туш келди. Көркөм сөз өнөрүнүн өнүгүшү өзүнө чейинки салттарды ыктуу пайдаланып, аны байытып, кайталангыс жаңылыгын кошуусу менен белгиленет эмеспи. Батыш Европа адабияттарынын жаралышы орто кылымдардын башталыш мезгилине туш келип, жалпы эле континетте бул аралыкта кызык тарыхый-маданий процесстер башталган, жаңы форманын тамыр жайышы кыйла карама-каршылыктуу, түпкүлүгүндө гумандуу максат-милдеттерди өтөгөн. II кылымдын аягында Рим империясы социалдык, саясый, рухий кризистерге кабылып, төрт кылымдан соң ага баш ийген аймактарда өз алдынча герман мамлекеттери пайда болот, билимдүүлөрдүн тили деп эсептелинген латын тилинин бекем эрежелери бузулуп, “караңгылык мезгилде” (VI – VIII кылымдарда) ал оозеки карым-катнаш каражаты кызматын аткара албай калат. Бул мезгил Батыш Европа калкын жапырт христиан динине көчүрүү процесси катары да сыпатталып жүрөт.
Ал эми латын маданиятынын Британ аралдарындагы тагдырына токтолсок, Рим империясынын бийлиги Ирландияга жеткен эмес. Империя бийлиги Британ аралында 4 кылымга жакын созулган. Христиан дини германдыктар тарабынан талкаланган галлдардын аракети менен IV – V кылымдарда Британ аралдарына жайыла баштаган. Жаңы дин уруу башчыларынын колдоосуна ээ болгон, ыйык жай катары түшкөн монастырлардын аббаттарына алар өздөрүнүн жакындарын дайындоого жетишкен. Бирок да V кылымда Британ аралын германиялык англдар менен сакстар басып алып, бир жарым кылым өлкөнү христиан дининен таптакыр бөлүп салышкан, көнүп калган динди таштап кайрадан бутпарастыкка өтүү процесси күч алган. Кийин гана VI кылымдын аягында, VII кылымдын башында аралды христианчылыкка кайтаруу аракети көрүлүп, христиан дааватчылардын түшүндүрүү, үгүт-насааты аркылуу аралдагылар кайра христиан динине өтүшкөн. Христиан дини Европа калктарынын ѳзүн-ѳзү таануу, улуттук ѳз алдынчалыкка умтулуу аракеттерин жанданткан. Континенттин алгачкы диний ишеним, түшүнүктѳрдѳн кыйла жогору турган, прогрессивдүү динге ѳтүшү үлкѳн маданий-тарыхый процесс болгон.
Батыш Европа өлкөлөрүндө жаңы түзүлө баштаган мамлекеттерде латын тилинен айырмалуу жергиликтүү диалекттердин негизинде “элдик латын” тилдери тарай баштаган. Классикалык латын тили чиркөө менен жаңы бийликтин тили деп эсептелингени менен, караламан калк үчүн анын калыптанып калган грамматикалык эрежелерин так сактоо кыйын болчу. Орто кылымдарда рим-антик маданияттарынын салтын уланткан латын тилине атаандаш көп тилдүү адабияттар пайда болду.
Англис адабиятынын жаралышына өбөлгө түзгөн маданий пайдубалдардын бири – эл оозеки чыгармачылыгы. Эмгек ырларынан баатырдык эпоско чейинки бай оозеки материалдарды камтыган көркөм мурас Британ кельттеринин элдик-эпикалык адабиятында, байыркы уэльс ырчыларынын (барддардын) лирикалык поэзиясында, ирландиялык мифологиялык эпостордо, Лирдин балдары жөнүндөгү баяндарда, Артур король жөнүндөгү уламыштарда сакталган. Артур король менен анын айланасына “Төгөрөк үстөл” жанына топтолгон айкөл рыцарлар, королдун сыйкырдуу кылычы, ал жашаган үй, сулуулугу менен жер үстүндөгү аялдардын баарынан ашып түшкөн өмүрлүк жары Гвиневера, анын Көлдүк Ланселот рыцар менен жүрүп кетиши, аялын ала качып кеткен Ланселоттун шаарын камалоо, чыккынчы Модред менен согушта Артурдун каза болуш мотиви кийин рыцарлар романында көп чагылдырылган темалардан. XV кылымда Томас Мэлори “Артурдун өлүмү” романында мына ушул темага кайрылган.
Британ аралдарын V кылымдын ортосунан VII кылымга чейин германиялык англ, сакс, юта, фриз уруулары басып алып, жаңы жерде алар өздөрүнүн элдик-эпикалык адабиятын түзө башташса, XI кылымда (1066) арал нормандыктардын кол астында калган. Жаңы басып алуучу даниялыктар өздөрү менен кошо аралга скандинав маданиятын ала келишкен. Бул мезгилде француз маданияты менен француз тили үстөмдүк кыла баштаган. Ансыз да германиялык уруулардын таасиринде калган арал калкында адабий тил толук калыптана элек, жергиликтүү диалектилердин күнү тууган кез болчу.
Алгачкы феодалдык түзүлүштөгү (VI – VIII к.) англ-сакс маданиятынын ири эпикалык эстелиги деп Беовульф жөнүндөгү баянды айтса жарашат. Поэманын качан жазылганы жөнүндө так маалымат жок. X кылымда жазылып калган колжазмада поэманын аты көрсөтүлгөн эмес, XIX кылымда текст “Беовульф” (сөзмө-сөз которгондо “аарылардын бөрүсү”, ыйык аюу жаныбардын каймана аты) деген аталышта жарык көргөн. Айрым изилдөөчүлөр аны VII – IX кылымдар ортосунда жаралышы мүмкүн дешсе, экинчилери VI – VII кылым ортосунда жаралган маданий эстелик катары эсептешет. Поэмадагы баатыр Беовульф Скандинавиянын түштүк жактарында жашаган геаттардын (же гауттардын) королунун жээни. Ал сазда жашаган адам түспөл Грендель желмогуз, анын энеси, оозунан от бүрккөн ажыдаар менен кармашып үчөөн тең жеңип чыгат.
Бала баатыр Беовульф кошуна турган даниялык король Хротгардын элине түшкөн азапты угуп аларга жардам берүүнү чечет. Хротгардын жоокерлери жеңиш чатырында майрамдап жатып суу алдындагы үңкүрдө уктап жаткан Грендель желмогузду ойготуп алышат. Ал түнкүсүн келип бир нече жоокерлерди өлтүрүп кетет. Сыйкырдуу күчкө ээ Грендель менен урушууга эч ким даай албайт. Аёо билбес желмогузга жалгыз Беовульф каршы чыгат. Кемеге он төрт баатыр жанкошчуларын салып Дания жээгине келип, ал жерден салтанат-шаң үчүн салынган “Бугу чатырдан” – “Хеороттон” желмогузду күтөт. Жөнөкөй кылыч желмогузга өтпөсүн билип тобокелге салып, кара күчү менен ийгилигине ишенет. Геаттар уктап жатканда желмогуз Грендель келет. Беовульф узак күрөштөн кийин сапсайган желмогуздун узун тырмактуу колун жулуп алат. Катуу жарадар болгон Грендель канын шорголотуп, суу алдындагы үңкүрүнө кирип жан берет. Даниялыктарга той түшүп эле калат. Акылы менен күчү ченемсиз баатыр келип элди желмогуздан куткарат. Даниянын королу уруш болгон Хеоротту тазалап, Беовульфтун урматына чоң тойду баштайт. Баатырды өзүнүн уулу деп атап, алтындан жарак-жабдыкты аянбай берип, асыл таштар менен жасалгаланган алтын кылыч, ээр-токуму менен сегиз атты тартуулайт. Канайым да кымбат баалуу белектерин берет.
Той бүтүп элдин баары уктап жаткан түн ортосунда уулунун өчүн алыш үчүн Гренделдин энеси Хеоротко келет. Ал Эскер деген королдун кеңешчисин бакыртып адам менен айбан буту баспаган сазды көздөй алып кирип кетет. Анын артынан Беовульф уулуу жыландар, ажыдаарларды көзгө илбей үңкүрдү издеп түшөт. Желмогуз Беовульфту саз ичиндеги үңкүргө сүйрөп киргенде дубал боорунда илинип турган алптардын гана күчү жетерлик кылычты алып Гренделдин энесинин башын кыя чаап, аны жер үстүнө алып чыгат. Саздын суусу кызыл канга боёло түшкөндө жээкте жарданып турган даниялыктар Беовульфту өлүп калды го деп, кайгыга бата түшкөн болчу. Беовульф аман чыкканын көргөн даниялыктар тойду дагы улантышып, элди азаптан куткарган баатырга белек-бечкекти аянбай берип, ыраазычылыгын билдирип узатып коюшат.
Мекенине кайтып келген Беовульф урушта набыт кеткен Хигелактын ордуна геаттардын королу болуп эл башкарып калат. Арадан жарым кылым өтүп Беовульф карыйт. Карыса да кайраттуу Беовульф дагы бир ажыдаар менен кармашууга мажбур болот. Геаттардын бирөө тоодо адашып жалгыз аяк жол менен баратып, эсепсиз байлык катылган үңкүргө туш келет. Көз тайгылткан байлыктарды суктанып карап турганда, асманда үңкүрдүн ээси кош канаттуу ажыдаар пайда болот. Алдастаган геат алтын идиштердин бирөөн көтөрүп качып жөнөйт. Ажыдаар жоголгон буюмун ким алганын биле албай, жанында жашаган элди кыргынга салат. Оозунан жалын бүрккөн ажыдаардан адам да, айбан да качып кутула албайт. Элине түшкөн азапты уккан соң Беовульф он эки баатырын алып от чачкан ажыдаардын үңкүрүнө барат. Уруш узакка созулат. Бул ирет да Беовульф жеңишке жетишет. А бирок оозунан жалын бүрккөн ажыдаар өлөрүндө ага уусун чачып, андан оңоло албаган алп жанында чогуу келген жаш баатырлардын көз алдында каза табат.
Геаттардын акылдуу калыс баатырын жалпы эл чогулуп сөөгүн жерге бергендигин сүрөттөө менен чыгарма жыйынтыкталат. Поэмада геаттардын баатыры Беовульфтун эрдиктери, анын башка элдердин башчылары менен карым-катнашы, баатырдык жосундары, тарыхый окуялар эскерилет. Беовульф дастаны уруулар ортосундагы мамилени, англ-сакстар Британ аралдарын басып алгандан кийинки окуяларды чагылдырган, элдик эпостун салтын бекем сактаган чыгарма.
Англ-сакс элдик оозеки чыгармачылыгында баатырдык эпос салтын сактаган башка айрым чыгармалардын үзүндүлөрү да сакталып калган. Алардын катарына “Финнсбург жанындагы салгылаш”, “Вальдер” ж.б. эпикалык баяндарды кошууга болот. Маселен, “Вальдер” эпикалык ырында гунндардын колбашчысы Аттиланын туткунунан качып чыккан вестготтордун канзадасы Вальдердин тагдыры баяндалган.
Англис эл оозеки чыгармачылыгында эмгек ырлары басымдуу орунду ээлейт. Маселен, “Жек курган үй” элдик ырында жөнөкөй дыйкан курган үй, эгин сактай турган кампасы, анын эгинине түшкөн чымчык, чымчыкты аңдыган мышык, мышыкты көргөн жерде кубалаган ит, итти арткы бутун сырайтып тээп ийчү сынык мүйүз уй, аны күндө сааган ачуулуу акчач кемпир, байбиче менен күндө урушкан семиз уйчу, уйкудан башы көтөрүлбөгөн уйчуну күндө ойготчу эки короз – Жек курган үйдүн жанында тиричилигин өткөргөн адамдар менен жаныбарлар, алардын өтмө катар байланышы элдик жайдары тамаша маанайында баяндалат. Баарысы бири экинчисине байланышкан элет турмушу, жакшы маанайды сүрѳттѳѳ пастораль – ээн-жайкын айылдын керемет турмушу орто кылым адабиятында арбын жолугат. Феодалдык карым-катнаш күчѳгѳн чактагы элет турмушу англис адабиятында кѳп сүрѳттѳлгѳн темалардан.
Орто кылымдардын өскүлөң мезгилинде (XI – XIII кылымдар) феодалдык мамиле-катыштар кыйла тереңдеп, уруулук-жамааттык түзүлүш бекем орун-очок алып, коомдук өнүгүү диамикалуу түргө өтүп, көркөм адабият мазмуну жана формасы жагынан кыйла байып, туюнтуу мүмкүнчүлүктөрү кеңейе баштаган. Адабияттын өнүгүш динамикасын көркөм сөз эстеликтердин сан жагынан арбыгандыгынан гана көрүнбөстөн, сапаттык жагынан кадыресе өзгөрүшүнөн да байкоого болот. Скульптура менен архитектура кыйла жанданып, анын натыйжасы шаарлардын арбышына шарт түзөт, бул болсо өз кезегинде антик-рим маданиятынан кийинки Европада шаар маданиятынын аз-аздан тамыр жая башташына алып келди. Антик маданиятынан калган шаар урандысы эмес, жаңы типтеги шаарлар салынып, жалпы европалык маданий өнүгүүнүн негизи түзүлө баштады. Шаарлардын жаралышы артынан жаңы типтеги европалык адабияттардын чыгышын шарттайт, мурда кездешепеген маданий ареалдарда жаңы тилдеги жаш адабияттар жаралат, алардын терең тамырлап тарай башташы орто кылымдардын өскүлөң мезгилиндеги эң ири маданий жетишкендиктердин бири.
Жаңы европалык адабияттар өздөрүн улуттук адабият катары тааныбастан, башында “аймактык”, “чөлкөмдүк” көркөм сөз өнөрү катары эсептелинген. Ошон үчүн алар жаңы көркөм баалуулуктарды баарынан мурда “бургунд”, “пикард”, “англ-норман”, бавар”, “фламанд”, австрия” ж.б. адабияты катары сыпатташкан. Булардын айрымдары кийин биригип бир улуттун адабиятын түзсө, экинчилери жалгыз өзү жаамы улуттук адабияттын көч башы болуу ыкыбалына туш келишти. Ар башка тилдеги, жанрдагы жаңы адабияттардын жаралышына феодалдык коомдун ичара бөлүнүшү, адабий багыттардын тарамдалып кетиши да кайсы бир деңгээлде өз таасирин тийгизген.
Рыцар же куртуаз романдарынын жаралышы, күндөлүк турмуш-тиричиликке керектүү кеп-кеңештерди жазуу, жалаң лирикалык жанрга ык коюу, аркыл түстөгү, типтеги көркөм сөз өнөрүнүн белгилүү багыттарын кайсы бир деңгээлде жыйынтыктаган форма шаар адабияты болду окшойт. Кантип аңчылык кылуу керек же тамак ичип жатканда кашыкты кандай кармап, аш үстүндө эмнелерди сүйлөөнү үйрөткөн кеп-кеңеш адабиятынын катарында ошентип өзүнчө өзгөчөлүү жанры, эстетикалык категориясы, белгилүү сюжети менен темасы бар шаар адабияты жаралган. Шаар маданиятынын калыптанышы жалаң эле көркөм сөз өнөрүнүн өнүгүшүнө жагымдуу таасир тийгизбестен, искусствонун башка түрлөрүнө, айталы, скульптура, архитектура, живопись ж.б. да жанданышына өбөлгө түзгөн.
Орто кылымдардын өскүлөң кези чиркөө адабиятынын, анын катарында табигый-илимий адабияттын өнүгүш-өөрчүш учуру катары да мүнөздөлөт. Феодалдык бытыранды коомдук түзүлүш кезинде жаралган Батыш Европа адабияттарында эки тенденция, адабияттардын өз ара баюу, таасир көрсөтүү, жалпы орток белгилерге таянып биригүү аракети, ошол эле учурда аймактык бөлүнүү, тар чөйрөдө камалып калуу тенденциясы, ичара карама-каршылыктуу кош бирдик процесси жүргөн.
Орто кылымдар адабияты жөнүндө кеп кылганда дагы бир өзгөчөлүктү эске ала кетүү зарыл. Башында жазма адабият латын тилинде, эл оозеки адабиятынын үлгүлөрү башка европалык тилдерде жаралган. Кийинчерек француз тилинин арымы кеңейип, жанындагы адабияттардын жаралышына таасирин тийгизген. Латын тили жаңы адабияттардын жаралышы менен аз-аздан четке сүрүлүп, жаңы улуттук адабияттар өз тилине оой башташкан. Орто кылым ойчулдарын толгонткон дагы бир маселе – жаңы Европа маданиятына негиз болуп берген антик жана христиан баалуулуктарын кантип ыкташтыруу, чалды-куйду чачкын жер үстүндө адам турмушунун мифтик доордогу башталмасын баян кылган антик адабияты менен адамдын ички дүйнөсүнүн тазалыгын, ыймандык пакизалыгын баарынан жогору койгон христиан түшүнүгүн байланыштыруу аракети турган.
Негизи жаңы адабияттардын жаралышына клерикалдык адабият, диний тексттер маанилүү роль ойнойт. Клерикалдык адабиятта “ваганттар” (тентимиш) христиан баалуулуктарын жайылтууга өзгөчө салым кошушкан. Орто кылымдардагы Батыш Европада билимдүү тентимиш жаш адамдар латын тилинде сүйүү, диний темадагы чыгармаларды аткарышып, шаардан-шаарга кыдырып жүрүшкөн. Ошондой эле максат-мүдөөнү Чыгыш өлкөлөрүндө “дервиштер” аткарышканы белгилүү. Анткен менен чиркөө, мамлекет төбөлдөрү ваганттардын иш-аракетин жактырышкан эмес, аларды куугунтукка алышкан.
Ваганттар диний тексттерди пародиялап, пенде баласынын эркиндигин баарынан жогору коюшкан. Автору белгисиз вагант тексттеринин биринде өкүнүч менен арасат жолго түшүп калган пенденин жан дүйнөсү өтөле морт, камгакты шамал учургандай өмүр тааласында айдалып баратканы, акыры күнү бүтүп, ичер суусу түгөнөрдө ажал алдына келери, түбөлүк жайга ал тынч жерден эмес, шарапканадан кетерин каалай турганын, тиги дүйнөдө жараткандын алдында турганда перилер ыр ырдап, ичкиликтен көзү ачылбаган кулпендеге жараткан өзү ырайым кылышын тилери айтылат. Иши кылып, англис адабиятынын жаралышын Батыш Европа коомунда жүргөн тарыхый-саясый, маданий процесстердин мыйзамченемдүү натыйжасы, көркөм ойлоонун татаал, карама-каршылыктуу процесстердин динамикалуу кыймылынын айкын-ачык көрүнүшү деп айтсак жарашат.
Германиялык өктөм уруулар менен даниялыктар алып келген элдик оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрү жергиликтүү уруулардын көркөм дүйнөсүнө кошулуп, диний-клерикалдык адабияттардын көмөгү аркылуу жаңы типтеги, жаңы тилдеги адабияттын жаралышын шарттады. Орто кылымдарда Батыш Европа чөлкөмүндө жаралган француз, испан, алман, италия адабияттарынын катарына ошентип англис адабияты келип кошулган. Анын көркөм адабиятка көтөрүлгөнгө чейинки эл оозеки чыгармачылык доору орто кылымдар деген узак убакытты камтыйт. Бул жагынан XIV кылымды англис адабиятынын башталышы, адабий тилинин калыптанышы, өзүнчө бир маданий катмардын бекем пайдубалынын түптөлүшү катары сыпаттаса жарашат. Англис коомдук-маданий тарыхында бул кылымдын орду өзгөчө.
XIV кылымда Англияда коомдук-маданий турмушту жаңыртуу демилгеси жандана баштайт. Илимпоз монах Уильям Оккам илимий иликтөөлөр тажрыйбага негизделиши керектигин ырастаган пикирин алдыга жайса, епископ Жон Виклиф чиркөө реформасын баштоону сунуш кылат, кыңыр иштери билинбеген таптаза кынтыксыз чиркөөдө зыярат кылчулар жалаң латын тилинде эмес, өз тилинде деле ибадат кылышы туура болорун, ыйык жайда башчылык кылчу аталыктын (папа) кереги деле жоктугун ырастап чыгат. Нааразы болгон дыйкандардын көтөрүлүшүнө жетекчилик кылган Уот Тайлердин иш-аракетине өзүнүн поэтикалык мамилесин Жон Гауэр “Айласыздын үнү” поэмасында каймана образдардын жардамы аркылуу билдирет. Чынжырлуу бай катмардын өкүлү кедей-кембагалдардын укугун талашып бийликке каршы чыкканын жактырбастыгын ачык билдирген акын латын тилинде жазган поэмасында көтөрүлүш катышуучуларын катуу сынга алган. Дыйкандар көтөрүлүшүнө шайтан шыкак берип, анын башында шакылыктаган сагызган туруп калганын Гауэр шылдың кылып баяндаган. Каймана образдар аркылуу автор тарыхый окуя катышуучуларын келекеге алган.
Орто кылымдардын көркөм салтындагы дагы бир поэма Уильям Ленгленддин каламына таандык. Анын “Петр сокочуну Уильямдын көрүүсү” деген поэмасы деле каймана образдарга шыкалган, ойду туюнтуунун аллегориялык ыкмасын тандап алган чыгарма. Поэмада Мальверн дөңсөөсүндө уктап жаткан акындын көзүнө көп нерселер ачык көрүнгөнү каймана түрдө баяндалат. Уктап жаткан акын көп кишилер жер айдашып, эгин сээп өстүргөн түшүмүн жыйнап, мээнеттен башы чыкпай иштеп жүрүшкөнүн, бирөөлөр болсо бел оорутпай, кол жоорутпай алардын байлыгына ортоктош болушканын көрөт. Чыгармадан сыгылып чыкчу сентенция деле белгилүү, бирөөлөр мээнет кылып, жан талашып иштейт, башкалар бел оорутпай, кол жоорутпай алардын тапканына ортоктош болушат. Май айынын болуп-толуп турган учурунда Мальверн дөңсөөсүн курчаган талаанын чыгыш тарабындагы дөңсөөдө мунара, талаа түгөнгөн жерде батыш тарабында үңүрөйгөн абак, жамандыктын белгиси катары карарып турат. Поэма мына ушул көрүнүштү сүрөттөө менен башталат. Тлаанын бети жайнаган адамдар. Арасында байы-кедейи, акылдуусу, акмагы, айкөлү, карөзгөйү, бекерпозу, иштерманы, самсаалаган жыртык кийимчени, кымбатбаа чапанчан сөөлөттүүлөрү аралаш. Жер үстүндө жашаган аркыл адамдар, кайырчыдан баштап королго чейин баары чогулган. Каймана маанинин артына катылган поэтикалык ой адам турмушунун аркылдыгы, бири акылдуу, экинчиси андайдан куржалак калган пенде, ири бай, бири кедей – ушунун баарын бириктирип турган негизги ой түш аркылуу берилет. Реалдуу турмуш шарттуу формага кѳчүп, жекелик менен жалпылыктын биримдигин ырастаган чыгармада абстракттуу түшүнүктѳр деле конкрет маани-мазмунга ээ чыгып, Чиркѳѳ, Аң-сезим, Айкѳлдүк дагы башка түшүнүктѳр карапайым адамдар арасына кирип, аңгеме-дүкѳн куруп басып жүрүшѳт. Орто кылым адабиятында мындай шарттуу-аллегориялык форма кеңири жайылган. Адам баласынын ич дүйнѳсүндѳ кайнаган жамандык менен жакшылык, адилдик менен карѳзгѳйлүк, оң-терс сапаттар поэмада каймана маани кийип, конкрет идея, автордук максат-мүдѳѳнүн ишке ашырылышына кызмат кылат.
Жыйынтыктап айтканда, англис эл оозеки чыгармачылыгы, жаңыдан там-туң кадам таштаган жаңы адабияттын жаралышы Европа континентиндеги коомдук-маданий өнүгүү эволюциясы менен тутумдаш жүргөн. Көркөм өнүгүүнүн ырааттуу жүрүшү улут адабиятынын баштоочун, көркөм ойлоонун жаңы тибиндеги сүрөткердин чыгышын шарттаган. Андай ыкыбалга Жеффри Чосер туш келген.
(Уландысы бар)