ШАМШИЕВ Бекташ: БЕКТАШ ШАМШИЕВ: ПРОФЕССИОНАЛ АДАБИЯТТЫН ЖАРАЛЫШЫ II

Англис адабиятынын кыскача тарыхы I

XIV кылымдагы англис адабиятындагы көрүнүктүү орун Жеффри Чосерге (1340-1400) таандык. Атасы аксарай шарапчысы, өзү король Эдуард III сүйгүнчүк уулунун жанжолдошу, жүз жылдык согуштун катышуучусу, француздарга туткунга түшүп калгандан кийин акча берип аны бошотуп алгыча ал жердеги айрым акындар менен таанышып, куртуаз романдарын окуп чыккан сүрөткер. Биртоп жылдар чынжырлуу төрөлөр менен аксөөктөргө жакчу чыгармаларын а кездеги Британ аралдарындагы өтүмдүү делген француз тилинде жарыялап, кийинчерээк англис тилине өткөн акын.

Чосердин англис тилиндеги чыгармалары Лондон диалектисинде жазылган, ошонусу менен ал алгачкы англис адабиятынын баштоочусу катары көркөм сөз өнөрүнүн тарыхына кирди. Ыр өлчөмүн англис тилине ылайыкташтырып, латын жана француз поэзиясынын тажрыйбасына таянган Чосердин чыгармачылыгы англис адабиятындагы кызыктуу көрүнүштөрдүн бири. Чосер англис адабий тилинин негиздөөчүсү да болуп эсептелинет.

1370-жылы Чосер элчилер катарында Европанын биртоп жерлерин кыдырып, Италияга да токтолуп, тил үйрөнүп Кайра жаралуу доорунун адабиятына катуу таасирленген. Анын чыгармаларынан Данте, Петрарка, Боккачонун таасирин байкоого болот. Айтымда, Чосер Италиянын улуу акыны Петрарка менен кездешип, ал англиялык кесиптешине Боккачонун Гризельде жөнүндөгү новелласынын латынча котормосун окуп берген экен. Өтүмдүү сюжетти Чосер кийин “Кентербери баяндарында” пайдаланган. Иши кылып, өз мезгилинин терең билимдүү адамы, мыкты акын, оригинал ойчул, англис профессионал адабиятынын баштоочусунун өмүр жолу, адам жана сүрөткер катары адабият тарыхынан алган орду кийинки муун изилдөөчүлөрдү кыйла кылымдардан бери кызыктырып келет. Жалпы эле англис тарыхын билгиси келгендер Ж. Чосердин өмүр жолунан биртоп кызыктуу маалыматтарды таба алышат.

Ж. Чосердин маанилүү чыгармаларынын катарына “Герцогиня китеби” кирет. Дүйнөдөн эрте өтүп кеткен келинчегине арналган поэмасында акын жакын адамынан айрылуунун кайгы-муңун ортого салат, көңүлдү чөктүргөн оор сезимин жашырбай ачыкка чыгарат. Поэма акындын Европа адабиятын, анын ичинде италиялык поэзияны мыкты билерин ырастай алат. Чосер италиялык Данте, Петрарка, Бокаччонун биртоп чыгармаларын англис тилине которгон, анын айрым таасирлери аталган поэмадан байкалып турат.

Англис коомундагы ичара келишпестик, феодалдык төбөлдөрдүн ортосундагы бийлик үчүн тиреш күчөгөндөн күчөп баратканы акындын “Канаттуулар курултайы” сатиралык поэмасында чагылдырылган. Канаттуулар чогулган чоң жыйында талаш-тартыштар күчөйт, биринин айтканы экинчисине жакпай, ортодогу тиреш жыйынтыгында урушка алып келет. Акын канаттуулардын каймана образы аркылуу англис коомундагы феодалдык бытырандылыкты, социалдык карама-каршылыктан чыга албаган коомдук түзүлүштүн трагедиясын көрсөткөн. Ыркка келише албаган канаттуулардын майнапсыз курултайы шарттуу-символикалык образ, чыгармада сүрөттөлгөн конфликт реалдуу турмушта да кайталанып, өлкө ичиндеги карама-каршылыктар кийин розалар согушуна алып келди, мамлекет ичиндеги саясый күч-төрдүн биригүүсү узакка созулчу арасат ишке айланды. Автордук идеяны каймана образдын артына катып коюу, тамсил тили менен курч социалдык проблемаларды козгоо орто кылым адабиятында арбын жаралган кѳркѳм ыкмалардын бири болчу. Канаттуулар курултайы ыркка келбеген аркыл социалдык топтордун феодалдык коом тушундагы каймана образы катары чыгып, автор кандай максат-мүдѳѳнү кѳздѳгѳнү чыгарманын алгачкы сабынан эле ачыкка чыгып отурбайбы.

Ж. Чосердин “Даңк үйү” сатиралык поэмасында деле феодалдык коомду ичтен ирите баштаган талаш-тартыштар сынга алынган. “Канаттуулар курултайы” менен “Даңк үйүн” жалпылаштырган автордук идея өлкө ичиндеги феодалдык бытырандылык уруш-жаңжалдардан башка эч нерсе алып келбестиги, тар кызыкчылыкты көздөгөн уруу башчыларынын аракети коомдук өнүгүүгө тоскоол болгондон башкага жарабастыгын ырасташында. Эки чыгармада тең коомдук маанилүү маселелер каймана, аллегориялык ыкмада чагылдырылган, феодалдык бытырандылык ичара келишпес саясый күчтөрдүн карама-каршылыгы түпкүлүгүндө өлкөнү опуртал жолго алып барары, коомдук өнүгүүнү турукташтыруу үчүн араздашкан саясый күчтөрдү бириктирүү зарылдыгы, ымалага келүүдөн башка жол жок экендиги көрсөтүлгөн.

Турмуш чындыгын каймана, капыя туюнтуу орто кылымдардагы башка адабияттарда да кеңири тараган көрүнүштөрдөн болчу. Жеффри Чосер формалык стереотиптерден бошонуп чыгуунун камылгасына киришип, антик адабиятындагы белгилүү сюжетке – “Троил менен Крессида” баянына кайрылган. Поэманын жаралышына Ж. Бокаччонун жаш кезинде жараткан “Филострато” баяны негиз болгону, англис акыны италиялык каламдашын курулай тууроодон өйдө көтөрүлүп, мифологиялык сюжетке кыйла реалдуу өң-түс берип, жандуу мүнөздөр менен чулгагандыгы баамга урунат. Антик көркөм салтына англис колоритин берүү аракети ийгиликтүү жүзөгө ашырылган. Ушул эле темага кийинчерээк англис драмачысы У. Шекспир кайрылып, аты уйкаш пьеса жаратканы белгилүү. Шарттуу антик каармандар Чосердин поэмасында жандуу рыцарлар менен жароокер айымдарга айланып, грек аңыз кептин маңызы англиялык өң-түс алып, антик салтынын англис адабиятына жайылышына негиз түздү.

Лондон бажыканасындагы жумуш Д. Чосерге айланасында болуп аткандарга кылдат көз салууга, адамдар ортосундагы аркыл мамиле-катнаштарды терең аңдап-туюуга мүмкүндүк бергени “Кентербери баяндары” поэмасында бар көркү менен ачылды десек жарашат. Чыгарма ыр менен жазылган 22 баяндан жана эки кара сөздөн куралган новеллалардан турат. Анда жазында Кентербери аббаттыгына зыяратка бараткан 29 адамдын: рыцар, монах, поп, дарыгер, деңиз аскери, көпөс, тикмечи, ашпоз жана башкалардын жол боюндагы ашканада убакытты бекер өткөрбөш үчүн кызык аңгемелер айтышканы баяндалат. Ашкана ээси зыяратчылардан ичкен тамагы, жатакана акысын албай тургандыгын билдирип, зыяратчылардын ар бири жол боюнда экиден аңгеме, зыяраттан кайтканда дагы эки аңгеме айтып беришин өтүнөт.

Ж. Бокаччонун айтылуу “Декамерон” новеллалар тизмегинен турган кызыктуу окуялар баянын элестеткен Ж. Чосердин поэмасында аркыл мүнөздөгү, типтеги социалдык катмар өкүлдөрү өздөрү уккан же башынан кечирген окуяларын айтып, адамдардын мамиле-катышынын ушунчалык татаалдыгын, сүйүү үчүн бирин-бири өлтүрүүгө даяр эки бир туугандын таржымалы, карганын алдамчы сөзүнө ишенип, күнөөсүз аялын өлтүрүп алган адам, иши кылып узак аңгемелердин өзүнчө бир циклы жаралган. Чыгармадан чыгармага көчүп жүрчү “тентимиш сюжеттерге” шыкалган окумдуу чыгармалар орто кылым адабияттарында арбын жазылганы белгилүү. Чыгыш-батыш адабияттарында арбын жолуккан бул тема рыцарлык романдарда жеберине жеткире сүрѳттѳлгөн, кеп аны кандай ачып бергендигине байланыштуу.

“Кентербери баяндары” (1387) пенде баласынын башынан өткөн тарых-таржымалын келки-келки баяндоого ыктаган чыгарма. Кентербери калаасына ыйык Фома Бекеттин кабырына зыяратка бараткан 29 адамдын ар бири кандай адам экендиги, алардын кимдиги, социалдык абалы поэмада кенен-кесир сүрөттөлөт. Зыяратчылар арасында жүз жылдык согушта согушта эрдик көрсөтүп, эл арасында тайманбас баатыр атка конгон рыцар, азыноолок тыйын тапса анысын китеп сатып алууга жумшаган студент, алыс жолдо тамагын жасап, аш-оокаттан кемчил болбошуна кам көргөн көпөс, укук маселелеринин чытырман токоюнда өзүн эркин сезген юрист, Авиценнадан тарта медицина мыктыларын казып окуп, тажрыйбасын арттырган дарыгер, кыскача айтканда, англис коомундагы аркыл социалдык топтун өкүлдөрүнүн портреттик мүнөздөмөсү ырааты менен саналып чыгат. Зыяратчылар арасында айылдагы чиркөөнүн түйшүгү менен өмүр кечирип келаткан динаятчы, жүз жылдык согушка катышып, француздар алдында солк этпеген аскер адамы, арык атын өнтөлөгөн айылдык кедей дыйкан, сыртынан билинбегени менен жеткен алдамчы, ууру, кески, мансапкор, төрөпейил, ачкөз, иши кылып, аркыл мүнөздөгү адамдардын бир жерге чогулган жалпылама, ошол эле учурда конкрет портреттик мүнөздөмөлөрү берилет.

Ж. Чосер каармандарынын портреттик мүнөздөмөсүн алардын өзүнө гана тиешелүү ыктуу боёктор менен тартуунун чебери. Адамдар ортосундагы мамиле-катнаштардын татаалдыгын эч жумшартпай, акын сыртынан сылык-сыпаа көрүнгөн динаятчылардын эки жүздүүлүгүн, сатылып кетме оомалыгын, пенде баласына тиешелүү жакшы-жаман сапаттардан алардын деле кур эместигин ачып берет. Ар бир адамдын ички дүйнөсүндө бири экинчисине келише албас карама-каршылык жашары, жакшылык менен жамандык чогуу жүрөрү, тирүү жандын ойлогон ою менен жасаган иши дайым эле шайкеш келе бербестиги портреттик мүнөздөмөлөрдөн көрүнөт.

Автор тигил же бул каармандын мүнөзүн так көрсөтүш үчүн анын өзүнө гана тиешелүү өзгөчөлүктү таап, пенделик кебете-кешпирин так поэтикалык боёктор менен ачып берет. Маселен, тегирменчинин портретин тартууда автор сүрөттөлүп жаткан адамдын кимдигин көрсөтүш үчүн көбүнесе шылдың, какшыкка кайрылат, каарманынын көздөрү коёндукундай кыбыңдап турарын белгилеп, денеси самындай жылма, бир да түгү жок сыйда экенин баса көрсөтөт. Анын сырт келбети атка же бээге окшобостугун айтып, сүйлөгөндө койго окшоп мекиренип, ыйынып-ычкынып үн чыгарышты өзү жакшы көрөрүн баса белгилейт. Экинчи бир каарманы Батадан келген тикмечи зайыптын портреттик мүнөздөмөсүнө келгенде анын беш ирет эрге тийип чыкканын маалымдап, ал дагы эле өзүн күйөөгө тийчү кыздай сезерин көрсөтүп, тымызын шылдыңга алат. Зыяратка бараткандардын аңгемелеринен аларын кимдиги, пенделик касиет-сапаттары ачыкка чыгат. Поэмада сүрөттөлгөн фаблио – кыска новеллалардын бирөөнө токтоло кетели.

Рыцардын аңгемеси. Афиндердин даңктуу башчысы Тесей амазонкалардын баатыры Ипполитага үйлөнөрдө Арсита жана Паламона деген эки бир тууганды колго түшүрөт. Зынданда жаткан эки бир тууган айнектен Ипполитанын сулуу сиңдиси Эмилияны көрүп, экөө тең ага ашык болуп калышат. Арадан көп өтпөй Арситага эркиндик берилет, бирок ага мындан ары Афин жергесине дегеле буту баспасын деген катуу шарт коюлат. Паламона сулуу кызды мындан ары айнектен көрө албай каларын ойлоп ичи ачышкан Арсита Меркурийдин кеңеши менен башка кийим кийинип, өңү-башын өзгөртүп Афинага кайтып келет. Атын Филострат деп кедейдин кийимин кийген Арситаны Тесей өзүнө жардамчы кылып алат. Жети жыл абакта жаткан Паламона да качып чыгып эки бир тууган токой ичинде кездешип калышат да ашыктык акылын адаштырган бир туугандар Ипполитанын сиңдиси үчүн кандуу кармашты башташат. Ошол маалда Тесей жигиттери менен жолдо бараткан, уруштан жарадар болгон эки бир туугандын бири өзүнүн жардамчысы, экинчиси абактан качып чыккан туткун экенин таанып, аларды өлтүрмөкчү болот.

Бирок да Ипполита, Эмилиянын өтүнүчү менен эки бир тууганды өлтүрбөй, бир жылдан кийин жүздөн аскер курап Афинага келип, Эмилияга үйлөнүүгө ким татыктуу экенин калыс кармашта чечүүнү буйрат. Бир жылдан соң жаңы салынган амфитеатрда эки бир туугандын урушу башталат. Арсита – Марс кудайына, Паламон – Венерага сыйынат. Эмилия сулуу Дианага кайрылып андан эки бир туугандын кимиси ысык сүйсө ошону аман калтырууну тиленет. Урушта Паламон жеңилип, сүйүнгөн Арсита атын ойнотуп атканда анысы жыгылып чабандесин басып калат. Оор жарадар Арсита өлөрүндө Эмилияга Паламонго тийип, аны бактылуу кылышын өтүнөт. Сүйүү деп өлгөн рыцарды шаан-шөкөт менен жерге бергенден кийин Паламон менен Эмилия баш кошуп, турмуш жолун улантышат.

Тегирменчинин аңгемеси. Качандыр бир кезде Оксфорддо Жон деген жыгач уста жашаган экен. Бай устанын үйүндө көп киши, анын ичинде Душка Николас деген кедей студент да жашайт. Жыгач уста кара каш Алисон деген сулуу кызга үйлөнөт. Ага Николас менен чиркөөдө кызмат кылган Авессалом ашык болуп жүрүшөт. Бир ирет Николас Алисон менен ээн калыш үчүн Жонго жакында дүйнөнү топон суу каптарын, анда уста аялы жана Николас үчөө гана аман калары аян берилгенин айтат. Устага сууга чөкпөс үч бочке жасоону, аны үйдүн чатырына даяр кылып коюуну табыштайт. Даярдык иштери толук бүткөндөн кийин Авессалом Алисондон бир эле өптүрүп коюуну суранат. Николастын кучагында жаткан аял караңгыда айнектин жанынан кетпей турган жигитке артын тосот. Аялдын уяттуу жерин көрсөткөнүнө ачуусу келген Авессалом устанын дүкөнүндө турган кыпчуурун отко кызытып, Алисондон дагы бир өптүрүп коюуну суранат. Бул ирет Николас чыгып артын тоскондо аңдып турган Авессалом кызып турган кыпчуурду анын артына басып алат. Чучуктай чыңырган Николас “суу” деп кыйкырганда уктап жаткан Жек ойгонуп, чатырдагы бочкелер илинип турган жипти кыя чаап, анын ичиндегилер жерге кулап түшөт. Ызы-чуудан чуркап келишкен кошуналар, аларга кошулуп үйдөгүлөр кыраан-каткы күлүшөт. Айылдык мындай осол тамашаларды сюжетке негиз кылып алган чыгармалар орто кылымдардагы Европа адабияттарында арбын учураган.

Дагы бир аңгемеде дарыгер сулуу кызга ашык болгон соттун алдамчылыгы ашкереленет. Бейкүнөө кыздын башын алып келген алакөөдөн атасы, адам ойлоп тапкыс амалды ишке ашыргысы келген сот – баары жазаланышат. Жеффри Чосердин портреттик галереясынан жаңы Англиянын коомдук турмушун көрүүгө болот. Феодалдык мамиле-катнаштар аз-аздан четке сүрүлүп, шаар маданияты жайыла баштаган, жүз жылдык согушка кирген өлкө олуттуу жаңыланууга жакындап баратканын саясый-коомдук портрети айгинелеп турарын акын “Кентербери баяндарында” элестүү тартып берген. Зыяратчылардын жамааттык портрети XIV кылымдагы Англиянын турмушун, коомдук мамиле-катнаштардагы өзгөрүүлөрдү, жаңынын аз-аздан жайыла баштаганын, эски феодалдык түзүлүш өз ордун буржуазиялык эреже-талаптарга бошотуп, өлкө жаңыланууга бет алганын ырастаган новеллаларды элестетет. Чосердин жаңы чыгармасынын көркөм каражаттары, поэтикасы, сюжеттик-композициялык курулушу Батыш Европа адабияттарына аз-аздан тарала баштаган Ренессанс реализмин, “кичине трагедияларды”, угумдуу новеллаларды, дагы башка формаларды колдонушун өз алдынча сөз кылышка татыктуу.

Өз мезгилинин эң билимдүү адамдарынын бири катары Чосер жалаң англис көркөм салтына таянбастан, италия, француз адабияттарынын мыкты үлгүлөрүн ыктуу пайдаланып, алардын таасиринде калбастан, англис коомдук турмушунун орчун мезгилин баян кылган оригиналдуу поэтикалык чыгарма жарата алган. Жаңы адабияттын көч баштоочусунун чыгармачылыгын изилдеген авторлордун ырасташынча, Ж. Чосер XIV кылымдагы англис коомунун социалдык турмушун энциклопедиялык деңгээлде ачып берүүгө жетишкен сүрөткер.

Чосерден кийинки XV кылымдагы англис адабиятын бир түстүү сыпатташ кыйын. Окурмандар арасында рыцарлардын укмуштуу эрдиги менен тайманбастыгын даңаза кылган курч окуялуу, окумдуу китептер өзгөчө баркталып, розалар урушунда катары суюлган феодалдык төбөлдөрдүн ордун ээлей баштаган дворяндарды байкерчилик турмушка ыктаттырган кеп-кеңеш адабияты кенен орун ала баштаган. Рыцарлардын мыктылыгын жерге-сууга тийгизбей көтөрө чапкан адабият француз тилин билбеген жалаң англис тилинде сүйлөчү өздүк окурманга арналган болчу. Ак-Кызыл розалар урушунан кийин кыйла жанданган көркөм сөз өнөрү жалаң эле шаарларда же кыштактарда өтүмдүү болбостон, монастырлардан бөлүнүп чыккан университеттер чөйрөсүндө да жандуу кызыгуулар жараткан.

Батыш Европа, антик-рим адабияттарынын көпчүлүк үлгүлөрү англис тилине которулуп, коомдук-маданий турмуш XV кылымда кыйла жанданган. Бул мезгилде чиркөөнүн таасири да мурдагыдай күчтүү болбой, чыгармачылык эркин ойлоого кадыресе шарт-мүмкүнчүлүктөр түзүлө баштаган. Шаар маданиятынын ыкчам өнүгө башташы да көркөм адабияттын коомдук маани-мазмунун күчөткөн. Өлкөнүн буга чейинки тарыхый өнүгүш жолу кыйла сынчыл маанайда аңдалып, мындан ары эмнелерди жасоо керектиги айтыла баштаган. Ушул ыңгайда илимпоз монах Жон Капгрейвдин “Англия хроникасы” китебин бөлүп көрсөтүү зарыл, анда өлкө тарыхы жалгыз королдордун бийлиги катары каралбастан, буга чейинки жасалган иштер сынчыл маанайда сындан өткөрүлгөн.

Коомдук аң сезимге олуттуу таасир көрсөткөн китептерин катарына “Англис саясатынын китепчесин” да киргизсе жарашат. Англиялык көпөстөргө кеп-кеңеш катары чыгарылган китепчеде: “Баарынан мурда деңиздерге ээлик кылышыбыз керек, өлкөнү бекем курулган чеп коргоп тургандай эле ал бизди калкалап турушу зарыл”, — деп жазылган. XV кылымда сыртка чыккан опуртал саякатты кызыктуу окуя катары сүрөттөгөн чыгармалар арбын жазылган. Анын үстүнө бул мезгилде Уильям Кэкстондун аракети менен Англияда китеп басып чыгаруу иши колго алынган. Нидерландияда жүрүп китеп чыгаруунун сырын өздөштүрүп келген У. Кэкстон диний тексттер катарында рыцар романдары менен антик авторлорунун китептерин, саякат басылмаларын көп чыгарган.

Кэкстондун басмасынын алдында жандуу жана жансыз тилдерден китептерди которуп турчу калемгерлер тобу иштеген. Англис таржымачыларынын аракети менен дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрү, аркыл сөздүктөр, энциклопедиялар, сурап-түшүндүрмө басылмалар арбын жарыяланган. Китеп басма иштеринин жанданышы өлкөнүн маданий турмушундагы эң ири окуялардын бири болгон. Кэкстондун басмасы аркылуу Ж. Чосердин “Кентербери баяндары” кооз иллюстрациялары менен жарык көргөн. Англис адабиятынын атасы, көч башы, адабий тилинин негиздөөчүсүнүн чыгармаларын окурманга тааныштырууда Кэкстондун басмасы чоң роль ойногон.

Өткөөл мезгилдеги маанилүү адабий көрүнүштөрдүн бири деп Томас Мэлоринин (1417 – 1471) “Артурдун өлүмү” китебин айтса жарашат. Китептин кол жазмасын У. Кэкстон өзү басмага даярдап, аны ичара тарамдарга бөлүп, алардын аталышын эрикпей жазып чыккан. Сыртынан караган адамга “Артурдун өлүмү” рыцарлар жөнүндөгү китептерди көп окуган автордун ар кошкон тексттерден чогултуп өзүнчө чыгарма жасап койгондой таасир калтырары бышык. Элдик уламыш боюнча Артур Логри (Британия) королу Утер Пендрагондун уулу, бирок ал бармактай кезинен акылман сыйкырчы Мерлиндин колунда чоңоёт. Мерлин аны сыйкырдуу касиеттерге бөлөп, Экторго тарбиялоого берет. Ата-энеси ким экенин билбей эр жеткен Артур капыстан Лондонго келип “Бул кылычты ким таштан сууруп алса — ошол Британиянын королу” деген таштагы жазууну көрүп сыйкырдуу кылычты сууруп алат. Мерлин анын ким экендигин айтып, бакма уулун король деп жарыялайт.

Бирок андай чечимге Лондонго жакын жашаган жерлердеги башчылар макул болушпай Артурга каршы согуш ачышат. Урушта Артурдун кылычы сынып, айласы кетип турганда Мерлин ага башка сыйкырдуу кылыч таап бермекчи болот. Артурга Вателин көлүнүн жанында жашаган эльфтер мурдагысынан да мыкты кылыч жасап, аны туура иштерге гана пайдаланып, сааты келгенде ээсине кайтарып берүү шарты менен тартуу кылышат. Сыйкырдуу кылычтын жардамы менен Артур баш ийбегендерди ийге келтирип, королдуктун борбору деп Камелот шаарын жарыялайт. Сыйкырдуу кылычтан тышкары Артурдун кыны, сыйкырдуу казаны, көзгө көрүнбөс кийими бар болчу.

Камелотто Артур “Төгөрөк үстөл” биримдигин уюштуруп, ага даңктуу рыцарларды топтойт. Көп өтпөй Артур сулуулардын сулуусу, жер үстүндө чырайы жагынан теңдеши жок Гвиневерага үйлөнөт. Артурдун кол алдындагы рыцарлардын эң ыктуусу көлдүк Ланселот королдун аялына ашык болуп калат. Бир ирет Гвиневераны каракчылардын башчысы Мелигранс уурдап кеткенде колдоо күтүп отурбай Ланселот жалгыз өзү барып канайымды бошотуп келет. Экөөнүн ортосундагы ашыктык сезим күчөп кеткенин көргөн Артур Ланселотту кубалап, Гвиневераны дарга асууга буйрук кылат. Ланселот Гвиневераны бошотуп, өзү ээлик кылган Бретанга алып кетет. Артур алардын артынан көп кол алып урушка жөнөйт, өзүнүн ордуна жакын тууганы Мордредди коюп кетет. Королдун жоктугунан пайдаланган Мордред өзүн мамлекет башчы деп жарыялап ийгени билинип, Бретанды камалап жаткан Артур кайра артына кайтууга мажбур болот. Король менен анын бийлигине ээ болгусу келген Мордреддин колу Каммлан талаасында беттешет. Артурдун чоролорунун баары айыгышкан урушта каза таап, Артур чыккынчы Мордредди өлтүрүп, өзү да урушта набыт болот. Король өлөрүндө сыйкырдуу кылычты Көлдүн ээси эльфтерге кайтарууну өтүнөт.

Артур баяны Батыш Европа адабияттарында аркыл варианттарда арбын пайдаланылган чыгарма, эстүү журт башчысы, ага берилип кызмат кылган рыцарлардын эрдигин, баатырдын айкөлдүгүн, ага ашык болгон айымдардын алоо сезимин аркыл окуялар, арга-амалдар менен шөкөттөп, окурманды азгырып алчу романдар жалаң эле англис көркөм сөзүндө көп жазылган эмес, андай окумдуу чыгармалар Батыш Европа адабияттарында толтура. Мэлори романында “француз китептерине” көп кайрылган. Анткен менен, король Артур жөнүндөгү романды француз адабиятынан көчүрүлүп алынган чыгарма деп эсептеш деле кыйын. Журт башкарган адамга тийиштүү жакшы сапаттардын баарына ээ Артурдун аракети аркылуу кѳпчүлүк дегеле элбашы кандай болушу керектигин ырастап, баатырдык менен айкѳлдүктү баарынан жогору койгон башкаруучунун идеалдуу образын каалашкан.

Элдик идеалга тѳп образ аркылуу көркөм сезим-туюму зирек автор англис, француз адабиятында арбын козголгон “тааныш” темадан деле өзүнүн жолун таба алган, окурманды кайдыгер калтырбаган оригинал чыгарма жаратып салган. “Артурдун өлүмү” – бриттердин айтылуу өкүмдарынын айланасына уруштан жалтанбаган британ эрлери чогулуп “Төгөрөк үстөл” биримдигин түзүшкөнүн, катарына айкөл рыцарлыктын идеалдуу талабына толук жооп бере турган азаматтарды гана топтошконун баяндаган чыгарма. Европанын өкүмдары катары сыпатталып келген Артур Мэлоринин романында жанындагылардын ынтымагы жоктугунан, феодалдык бытырандылыктан курман болот. Макталган рыцарлар “Төгөрөк үстөл” биримдигин сактай алышпай, бири менен экинчиси урушуп, ынтымак бузулуп, бийлик башка бирөөлөргө, – Артур жазага тартып, четке чыгарып салган карөзгөй күчтөргө тиет, башкаруу тактысына ошолор отурушат. Айкөл рыцарлыктын күнү бүтүп, аны ички карама-каршылыктары өлкөнү алманын ичиндеги курттай билинтпей мүлжүп жок кыла баштаганы романдын негизги идеялык лейтмотивин түзөт.

Айкөл рыцарлардын эрдигин баяндаган мурдагы романдар көбүнесе ыр менен шөкөттөлсө, Мэлоринин баяны кара сөз түрүндө жазылган, күнү бүтүп бараткан рыцарлыкты жоктоо, өткөнгө салабат айтуу маанайын көрсөткөн чыгарма көп убакыт изилдөөчүлөрдүн баамына илинбей келген. Орто кылымдардагы рыцарлыктын көз көрүнөө жок болуп, кечээ эле “Төгөрөк үстөл” биримдиги үчүн жанын кыюуга даяр эрлердин бүгүн бири менен бири сайышып, ичара ыркы кетип, өздөрү күрөшүп келген идеалын өздөрү уратып жатышканы Т. Мэлоринин романын рыцарлык тууралу өтөле көп чыгармалардан кадыресе айырмалап турат. Айрым изилдөөчүлөр “Мэлори табышмагын” аны менен кыйла жакындык жайы бар “Шекспир маселеси” менен байланыштырышат. Антишке эки сүрөткердин бир жерден – Варвик графтыгынан экени, экөөнүн тең өтө таанымалдыгы себепкер болду көрүнөт.

Англис көркөм сөз өнөрүндөгү өзгөчө маанилүү көрүнүштөрдүн бири деп элдик поэзияны, анын ичинде балладаны бөлүп көрсөтсө жарашат. Англия менен Шотландияда баллада байыртан бери колдонулуп келген болуу керек. XIV – XV кылымда баллада жалаң эл оозеки чыгармачылыгы эмес, жазма адабияттагы өтүмдүү жанрлардын бирине айланган. Англия менен Шотландия феодалдарынын токтолбогон уруштары, карапайым калк үчүн өтөле оорго турган канабайрамдар, анын трагедиялуу доошу балладаларга тарыхый өң-түс берип, токтолбогон күрөш-тирештердин көркөм баяны катары чыккан.

Карапайым калктын каалаган ой-тилек, максат-мүдөөсү Робин Гуд тууралу балладаларда бар көркү менен ачылган. Элдин таламын баарынан жогору койгон баатырдын даңазасы англис коомундагы XII – XIII кылымдардагы окуялардын жаңырыгынан чыгышы мүмкүн экендигин айрым изилдөөчүлөр ырасташса, башка илимпоздор Робин Гудга арналган алгачкы баллада 1370-жылдары, Уот Тайлердин көтөрүлүшүнүн алдында жаралганын мисалга тартышат. Элдик оозеки чыгармачылыктын кайсы бир үлгүсү качан жаралганын так көрсөтүш кыйын. Себеп дегенде, анда элдик көз караш, түшүнүк, идеалдардын биртоп мезгилди өз ичине камтыган биртоп катмарлары жатат.

Робин Гуддун эрдиктерин баян кылган кыска, узун ырлар биртоп, англис дыйкандарынын күрөшүн чагылдырган балладалар циклы да көп, элдик баатыр даңазасына арналган чыгармалар профессионал адабият жаңыдан көз жарып келаткан заманда деле арбын жаралган. Робин Гудду XIV – XV кылымдардагы англис дыйканынын башынан өткөн көтөрүлүштөрдүн катышуучусу, токтолбогон күрөштөрдүн каарманы, жүз жылдык согуштун катышуучусу, карапайым дыйкандарды баштап чыккан Уот Тайлердин ишенген азаматтарынын бири деп элестетсе болот. Феодалдык төбөлдөрдүн куугунтугуна туш келген Робин Гуд эч нерседен тартынбаган өткүр, бейкүнөө кишилерге жамандык ойлобогон айкөл, кара кылды как жарган калыс адам. Анын жанында жүрүп, кыйын кезде колдоо-жөлөк көрсөтчү кичинекей Жон да ак көңүл эр. Робин Гудга колунан келген жакшылыгын аябаган, анын адилет ишине жардамдашкан адамдар аябай эле көп, жөнөкөй дыйкандын кызы Мэрион экөөнүн сүйүүсү элдик балладалардагы эң кызыктуу эпизоддордон. Робин Гудга окшогон баатырга Мэрион сындуу акылдуу, сулуу бийкеч гана татыктуу.

Робин Гуд төрөлгөндөн эл камын көрчү азамат, эч нерседен тартынбаган баатыр, эң негизгиси “болор бала башынан, аты болсун Робин” деп төлгөчү төрөлгөндө атын ырым кылып койгонун Шотландия акыны Роберт Бернс маалымдайт. Робин Гуд токойдо төрөлүп, ага чымчыктын аты берилгени балладалардын дагы бирөөндө айтылат. Экинчи бир чыгармада Робин Гуд токойдо бараткан касапчыдан алган этти базарда арзан сатып шерифти алдап, аны менен эле тим болбой аңкоо тартип сакчысын токойго ээрчитип келип болгон акчасын алып койгону баяндалат. Робин Гуд селсаяктын кийими менен шаарга кирип абакта жаткан үч жигитти бошотуп, аларды дарга асмакчы болгон шерифтин өзүн жазалаганы дагы бир балладанын сюжеттик өзөгүн түзөт. Элдик идеалдын көркөм чагылдырылышын көрсөтчү эстетикалык эн-белгилерди элдик балладалардан каалаганча табууга болот.

XVII кылымга чейин кагазга түшүрүлбөй оозеки айтылып келген элдик баатыр жөнүндөгү балладалар циклында Робин Гуддун пайда болушу тууралу башкача божомол-жоромолдор да айтылат. Ошондой версиялардын биринде Робин Гуд XII кылымда Хантингдон графчылыгын жетектеген реалдуу эле адам Роберт Фиц-Ут экендиги ырасталат. Оозеки чыгармачылыкта салттуу көрүнүшкө айланып калган көп варианттуулук Робин Гудга арналган балладалар циклында да кездешет. Аларды Чосерден тартып Шекспирге чейин биртоп сүрөткерлер өз чыгармачылыгында пайдаланышкан.

Робин Гуд жөнүндөгү балладалардын текши баарына мүнөздүү жалпылык катары элдик баатырдын жигиттери менен Шервудда жашаганы, тапканын тең бөлүшүп, дыйкандар турмушун баарынан жогору койгондугун көрсөтсө жарашат. Дыйкандардын кыйла идеалдаштырылган турмушун сырткы күчтөрдөн коргогон элдик баатырдын аракет-кыймылы королдордун караниет кызматкерлерине, коркок, жеткен залим шерифтерге каршы багытталган. Элдик баатыр королдорго ишенип, алардын туура саясатын орто жолдон буруп, журт башчысын элге жаман көрсөткөн алдым-жуттум, карөзгөй аткаминерлерге каршы күрөшөт. Жыйынтыгында карапайым адамдын кызыкчылыгы корголуп, ортодон каршы чыккан караниет күчтөр катаал жазага туш келишет, адилеттик орнотулат. Робин Гуд жөнүндөгү балладалар орто кылымдардагы англис адабиятынын тематикалык арымы кыйла кеңейип, социалдык жерпайы кадыресе тереңдегенин көрсөтчү белги.

Сөзгө алынган мезгилде англис адабиятында антик маданиятына кызыгуу абдан күчөйт, Аристотелге улай Платондун философиясы, антик драмачыларынын трагедиялары өзгөчө кызыгууну жаратат. Алардын басымдуу бөлүгү англис тилине которулуп, эллин маданиятынын тарыхы, уңгулуу философиясы изилдене баштайт. Негизи Батыш Европа адабияттарынын текши баарына мүнөздүү көрүнүш катары антик-рим маданияттарына, адабий-көркөм салттарына кызыгуунун убакыт өткөн сайын күчөгөндөн-күчөп, өткөндүн маданий баалуулуктарын аңдоо аракети токтолбой келгенин белгилөө зарыл.

Буга улай англис коомунда жаңы дүйнө ачуу, коомдук турмушту жаңылоо ышкысы алдыга чыгып, адабият саясый өң-түс ала баштайт. Буга чейинки жашоо-турмушту таптакыр башка нукка буруу, коомдук идеалдарды жаңылоо аракети жандана баштайт. Элеттин бейгам турмушун даңазалоо, айыл жашоосун бейпил бейпил, ырахаттуу ѳмүр кечирүүнүн шаңы, жашоонун маңызы катары даңазалоо феодалдык коомдук мамиле-катнаштарды аныктап турган негизги белгилердин бири. Артур ѳкүмдар, элдин таламын талашкан Робин Гуд сындуу айкѳлдѳрдүн иш-аракетин мактоого алуунун бир себеби мына ушул объективдүү шарт-жагдайга да байланышып кетет.

Адабиятчы Б.Шамшиевдин «Англис адабиятынын кыскача тарыхы» китебинен