ШАМШИЕВ Бекташ: БЕКТАШ ШАМШИЕВ: «ГЕНИЙДИН КЕЙПИН ЭҢСЕП, ОЙЧУЛДУН ДАҢКЫН САМАП»

Алым Токтомушевдин чыгармачылыгы тууралуу кеп кылуу оголе оор жумуш экенин ушу азыр жонтерим менен сезип отурам. Сөз өнөрү жагынан короолош адабият менен журналистиканын биртоп жанрларына кайрылып, баарында тең үлгү болорлук из калтырып кеткен улуу таланттын ырын айтсаң сыны калчудай, ал экөөнө байырласаң котормочулугу эстен чыкчудай. Алым Токтомушевдин публицистика жаатындагы аракетин, айрыкча “Асаба” гезитинин көркүн ачкан “Жолбүгүнүчү”? Эркин басылмаларда жарыяланган Салижан Жигитов, Мурза Гапаров менен маектеричи?

Антсе да бир жагдайды баса белгилей кетиш керек. Алыкең бу жарыкчылыкка акын катары келген жан. Бирок табият берешендик менен ыроологон жөндөм-шыгынын ачылышына объективдүү-субъективдүү мүнөздөгү бир топ себептер жолтоо чыгып, толугу менен ачылбай калган армандуу талант. Табият берешендик менен ыроологон ошол оргуган таланттын кыйласы көртирликтин ташпишинен чыга албай, жаштыгынын бир топ жылы абакта калып, акындык курагынын болуп-ташып турган кези арманда өткөн. Анан да булары аз келгенсип, акын өзүнө оголе оор талаптарды коюп алган, ошондой жасалма тоскоолдун айынан кыйла убакты-саатын колдон жулдурган. Жарыбаган маянага караган жумуш, жашоо-тиричиликти алдыга жылдыруунун аракети чыгармачылыгына жолтоо болуп, жаш кездеги демин суудурган. Анткен менен Алым Токтомушевдин кыйла өмүрү окуу изденүү, азганакайы жаңыны жаратуу менен өттү окшойт. Жашы өйдөлөгөн кезде жалаң котормого отуруп, көңүлүнө төп келген дүйнөлүк классиктердин чыгармаларын кыргызчага оодарып, ошондон чоң ырахат алган шекилдүү. Эми алардын баарын алдыга жайып, кенен-кесир сөз кылууга азыр менде шарт да, убакыт да жок.

Тек, Алым Токтомушев деген кайталангыс улуу акындын поэзиясы тууралуу азыноолок сөз козгоп, гезит редакциясында азыноолок иштешип калган учурда баамдап калган айрым байкоолорумду ортого салсамбы деп турам. Ал өзү аз иштегенин, убакты-саатынын көбү көртирилик көйгөйүнө кеткенин арман кылып айтканы менен, ара-чолодо баса отуруп жараткандарынын көлөмү деле биртопко жетчүдөй.  Анчалык кең ааламды батырууга чакан макаланын чактысы да жол бербейт. Кошумчалай кетчү дагы бир жагдай, Алым Токтомушевдун котормочулук, публисттик, адабиятчылык өнөрү – баарысы биригип келип анын акындык табиятынан, сөз жоопкерчилигинен, жарык дүйнөнү акын катары карап, акын катары аңдашынан келип чыккан салаалар. Ошондон ал орус менен европалык акындардын чыгармаларын кемелине келтирип кыргызчага оодарып, эне тилибиздин туюнтуу мүмкүндүгү ушунчалык кенен, ар тараптуу экенин иш жүзүндө далилдеп, ырастап берди.

Ал чыгармачылыктын кайсы салаасына кайрылбасын, баарына тең акын катары мамиле жасачу, көркөм текст жазып жаткандай кыйналып, толкунданып жазчу. Бирок да ошол өрнөктүү дегидей текстине өзү ыраазы болбой, аны кайра-кайра оңдоп, сөз азабын тарта берчү. Гезит макаласына айла жок, убагында басмага бериш керек, ал эми колундагы көркөм чыгармаларынын көп жылдар сандыкта катылып, “ички цензуранын” элегинен өтпөй калышынын бир себеби ушундай. Аларынын бир кыйласы авторунун көзү өткөндөн кийин жарыкка чыкты, кыргыз адабияты менен журналистикасында Алым Токтомушев деген кайталангыс көрүнүштү жаратты. Таланттуу акын, кылдат котормочу, мыкты публицистчи феноменинин чыгып калышы кайып-каскагынан капыс жаралган кокустук эмес. Мындай деңгээлге Алым Токтомушев жарым кылым ашуун мезгилди камтыган мээнеттин, кадалып окуу, үзгүлтүксүз үйрөнүүнүн артында жетишкен. Дегинкиси, улут адабият тарыхынан бекем орун алчу улуу талант, гениалдуу сүрөткердин чыгармачылыкка мамилесинен сабак алчу жактар бир топ.

Сөз жоопкерчилиги кайсы жанрда болбосун кажыбаган мээнет, кара жанга күч келтирген оор түйшүк менен коштолорун Алым Токтомушев да жарым кылымдан ашуун убакка созулган  чыгармачылыгында айкын далилдеп берди. Негизи эле нукура чыгармачыл инсандардын көбү өзүнө-өзү алымсынбай, колунан чыккандардын баарын эле жактыра бербей, өзүнө да өзгөгө да өтөле сынчыл мамиледе жүрүп өтүп кетишет. Башкаларга окшобогон, башкалардын таасиринде калбай, өз жолун тапкан гана таланттар улут көркөм сөзүн алдыга жылдырып, андагы негизги тенденциялар менен стилдик багыттарды аныктайт, көркөм сөздүн өнүгүүсү мына ушундай бири экинчисине окшобогон кайталангыс таланттардын аракетине тикелей көз каранды.

Алыкең адабиятка баш багып жаткан чакта кыргыз поэзиясы жаңылануунун ышкысына байланып, мазмундук да, формалык да изденүүлөрдүн “төөбастысында” калган учуру эле. Адамзат космоско баш багып, айры бут пенде баласы кош колдоп күндү кармап, жер адамга багынышын өктөм талап кылып турган чагы болчу. А кездеги жаамы советтик делген адабияттын баштоочусу орус поэзиясында мурда аты аталбай келген классиктердин чыгармалары азыноолок жарыяланып, Чыгыш менен Европа адабияттарына кызыгуу күчөп, эң башкысы, жалаңкат идеологиялык калыпка салынып, кожоюп катып калган советтик адабият “пролетардык чапанын” чечип, көркөм-эстетикалык баалуулукка көчө баштаган. Кийинчерээк “хрущевдук алабаардын” желаргысы Кыргызстанды да каптап, “60-жылдардын мууну” алдыга чыккан.

Ичтен быкшып, түтөп жаткан көркөм ойлоонун чыгармачылык эркиндикке чыгышына жол ачылып, улут адабиятынын өзүнчө бир ренессансы башталган. Негизи эле айылда эрезеге жетип, колуна тийген китептерди түгөл окуп, өзүн акындыкка арнап келген жаш талапкер улут көркөм сөзү эскини чанып, жаңыга астейдил киришип жаткан кызыктуу учурда адабий процесске аралашкан. А кезде Алым Токтомушевге окшоп улут адабиятын алдыга сүрөөгө куштар, дымактуу жаштар көп болчу. Өкүнүчкө алардын бир даары эртелеп жарык дүйнөдөн көчүп, “калп дүйнөнүн артын калтырып” кетишкенине Алыкеңдин да кабыргасы кайышып, каркылдап катарын бузбай келчү каркыраларга азалуу саптарын арнап, мыктыларды эртелеп алып кеткен “Кудайдын тизмесинин катасы бар” экенин жаны күйүп отуруп жазган жайы бар. Ал кайрандардын пенделик, акындык тагдыры тууралуу Алым байке чечилип бир жазууну эңсеп, бирок бул иштин өтөөсүнө чыга албай кете берди. А бирок ошол катарлаштарынын арасынан Аман Токтогулов, Беганас Сартовго ыр арнап, Тургунбай Эргешовдун поэзиясын талдоого алган макаласын чыгарууга жетишти.

Кыргыз поэзиясы мазмун-формалык жагынан баралына келип турганда чыгармачылыгын баштаган Алым Токтомушевдин адабий чөйрөгө аралашуусу жалпысынан 60-жылдар катары сыпатталган биралдын кызык, экинчи тарабынан карама-каршылыктуу учур эле. Кызыгы, поэзияга аркыл акындар арбын келип, акындардын көпчүлүгү формалык изденүүнүн азгырыгына арбалып, ак ыр, верлибр жазууга кызыккандар арбып, салттуу уйкаштын көнүмүшүнөн чыга албагандар саптарды сындырып жазууга көчө баштаган. Алым Токтомушев ал мезгилди “Аргымактар” деген ырында “аргымактар – ак ырлар”, “аргымактар —  мезгилдер” катары сыпаттаган. Ырдын соңунда момундай күтүлбөгөн жыйынтык чыгарылат:

Аргымактар… Аргымактар – акындар!
Түрмөк-түрмөк ыр жутушуп арактай.
Ойдон, тоодон аргымактар дүбүрөйт
Окуучулар билбей калган сабактай…

Формалык изденүүнүн шарапаты менен кыргыз поэзиясынын мазмуну да кадыресе өзгөрдү. Мурдагыдай эки сапты уйкаштырып, “жашасын компартия”, “улуу атабыз Ленинди” мактоо салты басаңдап, көркөм сөздү идеологиялык курал таризинде пайдаланып келген “пролетар акындардын” деми басылып, поэзия өзүнө гана тиешелүү ордун табууга, пенде баласынын жекече сезим-туюмдарын ырга салууга ыктап, акындын өзүн-өзү ачышы үлкөн милдет катары коюлуп калган. Эл оозеки чыгармачылыгынын салттуу ыкмасынан жазма поэзияга көчүүнүн мына ушул карама-каршылыктуу процесси кыргыз адабиятында баш-аягы 30-40 жылдын ортосунда өттү. Кыргыз акындары орус адабиятынан, ал аркылуу дүйнөнүн көркөм сөз казынасынан сабак алып, турмушту көркөм таануунун кызык, карама-каршылыктуу процессин башынан кечиришти. Реалисттик каада-салты, жазуу маданияты бийик калктардын катарында улуттук чектелүүчүлүктөн чыгып, пенде баласынын аркыл сезим-туюмдарын чагылдыруунун бай ыкмаларын өздөштүрүүгө киришти.

60-жылдары адабиятка бийик дымак менен келген муундун аракетинин аркасында кыргыз поэзиясынын арымы кеңейди, жалаң өз эне тилинде гана китеп окуган ышкыбоздор  кыргыз акын котормочулардын колунан чыккан дүйнөлүк акындардын биртоп чыгармаларын окуу мүмкүнчүлүгүнө жетишти. Таржымачылыктын натыйжасында поэзиянын туюнтуу мүмкүнчүлүгү кеңейди. Салтуу формага көнүп алган кыргыз акындарынын бир тобу ак ыр, верлибрди байралтуу аракетине киришти. Анын натыйжасында, жайдары уйкаштыктан таптакыр тумсак калган чыгармалар жаралды, аларды эч ким өгөйлөбөй да калды. Алыкенин күлгүн курагындагы ырларында мына ошондой формалык эксперименттердин бир топ белгилери бар. Маселен, акын карт Уитменге арналган ырында ойду так жеткирүүнүн аргасын таппай сөз азабын тартканы, эне тилдин мүмкүнчүлүгүн поэзия тилине көчүрүүнүн кыйындыгы тууралуу кеп кылат.

“Билдире алсам бар жашоомду эгерде мен бир гана кыймыл менен, түшүрө алсам ойлорумду эркин гана чыпчыргасын коротпой бу кагазга жана да ылгабасам ал ойлордун керексиз, керектүүсүн” дейт акын “Уитменче” деген ырында. Саптарга бөлүп сындырып жазбаса аталган ырдын кара сөздөн айырмасы деле жок. Бирок да уйкаштык ырдын ичине сыйдырылып, анын структуралык түзүлүшү менен акындык пафоско байланып, адаттан тыш формага алып келген. Алым Токтомушевдин “Поэзия” деген ырында ойду туюнтуунун аллитерациялык ыкмасы момундай салыштырууга алып келет.

Бир сүрөт тартып алды кыз асфальтка,
эмнени тартканын да түшүнбөйт ал.
Окшойбу башы Күнгө,
а мүмкүн жөн эле бир күнкарама,
жылдызбы тегереги;
а мүмкүн жылдыз эмес тирүү көздүр…
чачтары тармал-тармал.
А мүмкүн бул чач эмес, түрдүү чөптүр…

Бул ырда поэтикалык мазмун менен форманын шайкеш келиши, аны кабылдоонун эмпирикалык жолу, дегеле жаңыны таанып билүүнүн татаалдыгы таамай берилген. Кыргыз поэзиясына “күнбаш кыздар” келип, “космостук манифест” жазылып, “аэропанорама” алдыга жайылып, “космос сындуу” алп кары айланасына абай салып турган кезде асфальт жолго (көнүмүш ыкмага) адаттан тыш сүрөттүн тартылып калышы эмне болуп калыптыр, ансыз жаңылыкка жакын кыздын өзүнө жаккан чыгармасын сокур адам тебелеп кетти. (“Кыз болсо өксөп-өксөп ыйлап ийди”).

Ички сезим-туюмду элестүү чагылдыруунун кыйынчылыгы Батыш поэзиясынын дагы бир классиги Рилькеге арналган саптарда да кыйыр эскертилет. Поэзиянын алп-дөөлөрүнө кайрылып, алдыга койгон максат-милдетин бийик пафосто жар салуунун эрөн-төрөнү а кезде байкалчу деле эмес. Кыргыз поэзиясы көркөм туюнтуунун формасын жаңылап, образ ассоциацияга, образ символго ыктап, поэтикалык чектелүүдөн чыга баштаган кызыктуу учур эле. Ошондон Алым Токтомушев жеке дүйнөсүн жалпылыктын символу катары кабылдап, макродүйнө менен микродүйнөнүн өтмө катар байланышын алдыга алып чыккан.

Дүйнө бар мени менен бирге келген,
дүйнө бар мени менен бирге кеткен…
О менин махабатым айтылбай калган,
о менин искусством өрткө күйгөн.
Күндөрүм аян күткөн.

“Жашоо” деген ырында ушул эле ойдун башка бир өңүрүн алдыга жаят.

Коргошундай оор басырык абийирлер менен
денелердин ортосунда күрөштөн,
адамкерчилик балластары төрөлбөсө эгерде…
Тартынбастан бердим сага (тартуум ушу түбөлүккө)
Ачарчылык, түрмө жана согушту…

“Кумардын гладиатору” ырынан:

Менде жок эч бир максат кетип калыш
эркектик   кумарымды жазып алып.
Сен бир жымжырттыксың тунжураган
(Жымжыртыкка жымжырттык менен жооп береби?!)
дендердин вокзалысың жүргүнчүлөр каттаган
каалашынча кыйма-чийме.
(Имарат айыптуубу, ар кандай жугуштуу ооруларга).
Тунжурсуң көк асманда тунуп калган,
Күнөөкөрсүң күнөөсүз күнөөлөнгөн…

Кыргыз поэзиясында мынчалык ачык (денелердин ортосунда күрөштөн,  адамгерчилик балластары, сен бир жымжырттыксың тунжураган) ачык стилдештирүү, туюнтуунун аллитерациялык ыкмасы колдонулчу эмес. “Хрущёвдук алабаарда” поэзиядагы алдагыдай ачыктыкка азыноолок жол ачылып, формалык изденүүлөргө байланыштуу кээде апачык адюлтердик ойлор да кирип кеткен. Анын үстүнө Алым Токтомушевдун жогоруда мисалга тарткан саптары акындын архивинде калган кол жазмаларынан. Алардын баары эркиндик заманда китеп болуп чыкпадыбы.

Ал эми акындын абактагы көңүл суз күндөрү, сырттагы ар бир шоокумду, табышка кулак түрүп, убактын өтүшүн зарыга күтүп жашоосу бир топ ырларда кыйла эле ачык, эркиндиктен  ажырап калган жаш адамдын кайгысы менен азабы, ичте сыгылган сезими жаап-жашырылбай ортого салынган:

Менде жок келчү мейман, кетчү мейман.
Кар гана балбалактап көмөт тышты.
Баштадым даа бир кышты…

Менде жок келчү мейман, кетчү мейман.
Түн узун бир шумдуктуу.

Бул ырда акындын арылгыс арманы, күйүтү, аргасыз абалдагы коогалуу түндүн кооптуу шыбыртына чейин сезип жаткан абалы, суз өтүп жаткан жылдардын жай көчү, сырт жашоонун кобуруна кошул-ташыл болуп, ички сезимди  туюнтуп турат. Олжобай Шакир туура белгилегендей, Алыкең мыкты ырларынын бир тобун мына ушул абакта жатып жазыптыр.

Акындын күлгүн курагында жараткан мыкты ырларынын катарында жамгырга калып ашыгып жолдо бараткан эшекчен карынын көңүлгө кыт куйгандай таамай тарткан элесин таасын тартып берген мынабу поэтикалык этюду турат. Ыр жөнөкөй, бирок элестүү, анын мазмуну менен формасы да табигый бүтүндүккө жетип, жашоо-турмуштун парадоксалдуу бир көрүнүшүнө окурмандын көңүлүн бурат. Жамгырга калган карынын абалы:

Наары ачылып атайы
Асман бети эшет жаш.
Жер шыпырып сакалы
Ээси кары, эшек жаш,
Ээси кары, эшек жаш.

Көңүлүндө көп үмүт,
Наспай болуп бир чегим.
Кээде чыйыр көрүнүп,
Курчап кетет күн чегин,
Курчап кетет күн чегин.

Жылдар кашаң, айлар аз,
Жетээр маалы кай убак?
Бешимдеги жайнамаз,
Билбейм кайда жайылат,
Билбейм кайда жайылат.

Бар тарабы келишкен салттуу формадагы бул ырды Алым Токтомушев 1967-жылы жазган. Ырда айыл турмушу, кайдадыр бир жакка ашыккан кары, асман жашын төгүп, жолдо эшегин теминип бараткан адам айтылат. Жолго чыккан карынын эшеги жаш, ал  бешим намазын окууга шашып баратабы же башка жумуштарбы – ырда бул тууралуу кабар жок. Жашоо турмуш жолунда каруу-күчкө толо элек эшегин теминген кары адам, ал эмнеге шашат, кайда шашат? Кары шашкан менен эшек шашпайт. Сапарга эшек минип чыккан карыны шаштырган себеп эмне болду экен? Ырдын турум-турпатынан бир топ суроолор калкып чыгат. Чыгарманын кызыктуулугу ушунда болсо керек.

60-жылдардын аягында чыгармачылыкка активдүү киришкен жаш акын өзүн таанытуу, поэтикалык максат-мүдөөсүнүн маани-жайын окурман журтуна жеткирүү камылгасын көрүп, бул дүйнөгө адам болуп жаралганын, “бүт клеткасы” эне тилден куралганын ырастап, жаңылыктар арасында жашап жатканын, акындык сезим-туюму аркылуу бул дүйнөгө келип аткандардын, кетип аткандардын баки-жогун баамдап, дүйнө деген айлампанын агымында келатканын билдирет. “Жок менин арам ойдон бир да ашык нерсем”, деген сырын алдыга жаят. Атажурту дүйнөнүн чатыры экенин айтып, эне тили бийлик кылган жерде намыска жарай турганын жар салат. Акындын поэтикалык манифести деп айтарлык автопортреттин кыскача сыпаттамасы ушундай.

Алым Токтомушев адабиятка баш баккан чакта улут көркөм сөз өнөрү кыйгас жаңыланууну баштан кечирип, чыгармага көркөмдүк талаптар коюлуп, нукура ренессанс доорун башынан кечирип аткан. Ошол кезде кыргыз поэзиясына  “каркырадай катарын бузбаган” топ келди. Бул жаңы муундун “бунтардык духу”, советтик коммунисттик партиянын айткан-дегенин эки кылбаган улуу  муун акындарды, өзүн партиянын идеологиялык жоокери катары эсептегендерди кыйла сестентип, көркөм сөздүн эстетикалык жамалы бар көркү менен бажырайып ачылды. Поэзия үчүн тыюу салынган эч нерсе жок экени, поэзия асылдык дүйнөсүнүн “эркеси” экени ырасталды. Ошентип кыргыз поэзиясынын өзүн-өзү ачып, көркөм туюнтуу мүмкүнчүлүктөрүнүн кенендигин аңдап, улуттук поэтикалык кыртышка ак ыр, верлибрди байралтуу аракети жанданып, орус жана европалык жаңычыл акындардын чыгармалары которулуп, акындардын көбү аларды туурап, үйрөнүүнүн, такшалуунун доору башталды. Рилькенин ассоциациясын алдыга жайган Алым Токтомушев ошол кезде мына бул саптарды жазган:

Күүгүм чалды. Жол чабыты карайды.
Бүлбүл жарык алдыбызда. Бел аштык
Асман бетин алмустактай, калайдай.
Авалаган даңза мисал убакыт

Калды катып… Же болбосо кайрадан
Кайтып жатты кар кетпестен кушка окшоп…
Зымда ойногон дарчылардай айлана
Калт-калт этип… турмуш өткөн из жоктой

Тунжуроодон жүрөк таят. Алдыда
Бүлбүл жарык жанат жомок соңундай.
Кожожашты корго салган жар мына –
Пастыгынан Молдожашты корунткан.

Кожожаш менен Молдожаш антиномиясы бул жерде муундар айырмачылыгынан, мурдагы түшүнүк, көз караштардын кескин өзгөрүп кетишинен улам чыгууда. Кожожаш туңгуюкка капталган аскадан баласы секирип ойноп, айтылуу мергендин эмнеликтен ал жерден өтө албай камоодо калганы баласына түшүнүксүз, атасын Аблетимдин бийик аскасында кор кылган Сур эчки чындыкка чыйыр салып кайып болгон. Себеп дегенде “бул турмушта чоңбу же бир майдабы, ар өлүмдүн өз эрдиги” бар. Күүгүмдө бараткан жолоочу, жүрөктү эзген тунжуроо, алдыда бүлбүл жанган жарык, көңүлдү мыжыккан кусалык – баарысы биригип келип “жолугуунун, жоготуунун майрамын, тагдырлардын кеч күүгүмүн” алдыда болчу “таң нурун” ырастайт. Аркыл ассоциациялардан, символдук белгилерден, сезим рефлексиясынан жаралган түшүнүктөрдөн куралган татаал ырда бул дүйнөнүн татаалдыгы, ага ылайык көркөм туюнтуу мүмкүнчүлүгү ырасталган. Ырда өткөн менен бүгүн, сезимдин тереңинде катылган туюмдар, ага үндөшкөн сырт күчтөр ыктуу кыйыштырылып, акындын айтайын деген ою – бул жашоонун утурумдугу, өтөр-кетер дүйнө экени ачыкка чыгат.

Акындын “Электр тогу, же карт Уитмен түшүп эске” деген ырында шаардагы акын турмушу контрасттык планда чагылдырылат. Тоңуп калган трамвайларга төбөсүнөн жамгыр уруп, станоктор токтоп, антенналар “уктап”, ХХ кылымдагы шаар түнкү тынчтыкка чөмүлгөн. Ушундай абалда акын америкалык устатын эстейт, карылуу колдору менен “чөптөрдүн жалбырагын” шилеп, арасынан акыркы тамгаларын издеп атты бекен, же Бруклинде акча издеп жүрдү бекен дейт (“Ушундай элестеттим, билбейм аны”). Он китебин чыгарып манчыркап калган жаш акын тирүүсүндө “опоосун көрбөй кеткен ырларымды” өлгөндөн кийин “урганым барбы” дегени эскертилет. Китеби көп акын качандыр бир кезде каза болору, жаш мүрзөгө анын турпак түстүү боёк менен тартылган портрети илинип калары баяндалат. “А тагдырды жоруп көргүн” дейт акын. Жаш акындын китептеринин тагдырын эмне күтөрү белгисиз. Карт Уитмендин ыр китеби толукталып Москвадагы “Прогресс” басмасында басылып жатканы кабарланат. Алым Токтомушевдин карт акын менен жаш акынды, гений менен дымактуу графоманды салыштырган ырынын кара сөз менен баяндагандагы мазмуну ушундай.

Кийинчерээк ал автоэпитафияга кайрылат. Негизи эле “авто” сөз курулмасы а кездеги акындар арасында абыдан көп колдонулган, поэтикалык “менди” туюнтуунун көнүмүш ыкмасына айланып калган эле. Ошол эле автопортреттин экинчи бир сүрөттөмөсүндө автор дагы бир сырдын башын ачат:

Алдыда жылдар… айлар…
мунарык андан нары,
чабылган бир-бирине горизонттор,
келемин тагдыр мүшкүл жолдор менен,
турмуштун дал өзүндөй кайгы-шатмын.
Болгон бактым:
зар какшап, азап чекпөө бакытты эңсеп.
Болгон кайгым:
бир ишти баштап атып кетип калуу.
Кубанычым:
бир ишти бүтүп туруп өлүп калуу.

Мына ушундай автопортрет. Бирин экинчиси танып, кайра эле экинчиси биринчисин толуктап турган кызык дүйнө.

Жана кеп башында мисалга тартылган Генийдин кейпин эңсеп, ойчулдун даңкын  самап” саптары акындын көзү өткөндөн кийин жарыкка чыккан “Ачылбаган дүйнө” (2015) жаңы китебинде. Алыкенин көпчүлүк ырлары, котормолору архивинде калганын, 60 жылдыгына тушташ чыгарылган “Эски дептер” да Олжокеңин эрикпеген аракетинин аркасында жарык көргөнү китептин баш сөзүндө жакшы эле айтылыптыр. Бирок да бир кызык жагдайды белгилей кетиш керек, жазылгандардын көбү китеп болуп чыкпасын билгени менен, Алыкең өмүрү өткөнчө кагаздан башын албай, ырларды аз жазган менен котормочулукка өзгөчө көңүл бурганын, артында калган кол жазмалары ырастап  турат. Алардын бир тобу — балдарга арналган кызыкдар дүйнөсү Роза Отунбаеванын эл аралык фондунун көмөгү менен китеп болуп чыкты. Алыкең жазгандарынын сыясы жакшы кургай электе басмага ала чуркабаганы менен, артында калган өрнөктүү тексттери адабиятка чындап күйгөн азаматтардын демилгеси менен китеп болуп чыгууда. Окурман журтун ыраазы кылчу чыгармаларынын бир тобу ушу кезге чейин жарыялана да элек.

Сөз ыңгайы келгенде белгилей кетчү дагы бир жагдай, Алым Токтомушев бул дүйнөгө акын катары келип, акындык тагдырга ээ болуп, нукура акындардын гана энчисине берилчү улуу жолго катарлаштарынан эрте түшүп алган талант экен. Анын адамдык, акындык абийири тазалыгынан, дурус жазылган чыгармаларын деле жактырбай, бирок жазбай да коё албай, ичте кайнаган жөндөм-шыкты чыгармачылыктын башка салааларына буруп, ошондон ал эмне жазса да, анысына токтомушевдик гана “эн-белгисин” кашкайта басып, кыргыз тилинде өрнөктүү текст жаратып кеткен саналуу классиктердин бири, кайталангыс улуу акын, нукура көркөм сөз чебери катары адабият тарыхынан өзүнө тиешелүү ордун алып отурат.

Алыкең өзү мыкты деген акындардын чыныгы көркөм талапка жооп берчү он-он бештей эле чыгармасы болорун көп айтчу. Анысын маектеринин биринде да атайын белгилеп кеткен экен. “Салижан Жигитович бир ирет кыргыз жазма поэзиясынын бүрлөрүн тандап түркчө чыгарайын дедим эле, тандашып берчи деп калды. Түбөлүк окулат деген деңгээлге сала келгенде андай ырлар кыргыз поэзиясында өтө аз экен. Саналуу экен. Салижан агай экөөбүз аябай таң калганбыз. Эсеби маселен, Алыкулда бар экен 10-15 ыр. Сарногоевде, Эралиевде, Турар Кожомбердиевде, Султановдо деле ошончо экен. Көрдүңбү, беш манжаң толук жумулбайт. Анан, ошол саман-топондорду мен да көбөйтүшкөндө эмне опаа? Ошентсе да бир китеп чыгарып койсомбу деп жүрөм”.

Мыкты делген акындардан табылган мына ушул “арифметиканы” Салижан Жигитов деле көп айтчу. Кыргыз поэзиясынын классиги деген улуу акындарыбыздын бири өмүр бою ыр жазып, арасынан он-он беши гана жарактуу болуп каларына нааразы болуп, поэзияны антип баалоо, “ала койду бөлө кырккан туура эместигин” айтып, чындап эле Салижан Жигитовго нааразы болду эле. Кыязы, ыр окуу өнөрүнө өмүрүн арнагандардын кыйласы, жазгандарынын баары болбосо да көпчүлүгү, эки-үч жылда чыгып турган ыр жыйнактарынын текши баарысы нукура поэзиянын катаал талаптарына жооп берет деп ойлойт шекилдүү. Анткен менен кыргыздын классик акындарынан чыныгы ыр бермети катары калчу чыгармалардын саны алдагы сандан арбын болуп калышы деле мүмкүн. Себеп дегенде, көркөм табиттин өзү субъективдүү нерсе, мыкты чыгармалардын саны арифметика менен өлчөнбөсү белгилүү. Маселен, ошол эле Алыкеңдин канча ыры кыргыз поэзиясынын “алтын корунда” каларын эч ким так айтып бере албайт. Салижан Жигитовдун чыгармалары жөнүндө деле ушуну айтууга болот. Салижан Жигитов да өмүрү өткөнчө өрнөктүү текст жаратуу аракетинде жүрдү. Шакирти Алым Токтомушевдин аракети деле ошол багытта уланды, ал дагы устатынын жолун улап өрнөктүү текст жаратуу абыгерчилигинде жүрдү, ушу жазгандарым башкаларга сабак болобу илгери үмүтүнө жетеленип, улут адабиятынын учурдагы абалына ичи чыкпай, дайыма алдыга умтулуп, көркөм сөздүн ичте катылган потенциалын болушунча чынга чыгаруу менен алектенип өтүштү. Бул эки улуу талантты жакындаштырган ички касиет ушундабы деп ойлойм.

Жана сөз башында белгиленгендей, Алыкең биринчи иретте акын, кыргыз поэзиясындагы саналуу классиктердин катарында турчу сөз чебери. Анын акындык деңгээлин ачык көрсөтчү чыгармалардын бири жаш кезинде жазган “12-колония” деген ыры. Бул анын тагдыр жолундагы татаал учур, чыгармачылыкка жан оту менен берилип турган кези. Сөзгө тартылган ырда айыбын абакта аткарууга мажбур болгон жаш адамдын трагедиясы, анын жан сыры камтылган.

Бул жерде түндөр узун, күндөр кыска…
селт этем сары жалбырак “шырп” деп учса…
Бул жерди бир жымжырттык сагаалаган
эч жан жок сени аяган…

Бул жерде түндөр узун, күндөр кыска…
Жаратылыш каткан бойдон
кунарсыз  бир сүрөттөрдөй
илинүү көңүлдөрдө…
Сезесиң антсе дагы
бир сындырым нан менен сага берген
суу шыбырын
чөп бактысын…

Айтыпсың:
экөөбүз  тайраңдачу мейкиндикке
сыя албай жүргөнүңдү…
саргарып жатканыңды өткөндү эңсеп…
китептин кыздарындай көз жаш төгүп…
узатып жатканынды ушул күздү…
Эх, деги, зор бакытың ушул сенин:
кайгырып, шаттана алган учуруңда…

Жазыпсың:
Эркиндиктин ЭРКИН гана сөзү менен…
чаалыгып-чарчаганың ушул күздөн,
бу дагы ЭРКИНДИКТИН ырыскысы…

Айтыпсың:
коркоруңду дендин эмес,
духтардын чабыттаган өлүмүнөн…
Айтыпсың:
духум эмес, жатканымды түрмөдө мен.

А бирок түндөр узун… күндөр кыска…
селт этем, сары жалбырак “шырт” деп учса…

Эркиндиктен ажыраган акындын абактагы аргасыз абалы, ээн-жайкын жүргөн курбалдашынын “китептеги кыздардай” көз жаш кылып, убакыттын бекер өтүп баратканына нааразы болушуна карата жообу, эки башка жагдайдагы жаш адамдын абалы чыгармада Алым Токтомушевге гана таандык ыкма, стилде баяндалган. Жалбырактын “шырт” этишинен “селт” чочулап отурган акындын, эркиндиктин ырыскысынан куржалак калган адамдын арманы, ички кылдат туюм-сезимдерди жаап-жашырбай ачыкка чыгарган ыр. Алыкең супсак көрүнгөн теманы кызыктуу кылып жазып салчу, анысын мынабул ыры да ырастап турат.

Айттымбы, болгонумду?! Айткан жокмун;
күч жетпес өмүр бою айтууга да…
негедир кусалык бар келүүлөрдө
негедир бук болуу бар кайтууларда.

Акындын мына ушул “Түн дептери”, “Терезе циклдери”, “Назым Хикметтин “Мажүрүм талына” деген ырларында ичти эзген кусалык, эркин жашоонун ырахаты, “дем алып эркин элдин арасынан, ыр жазып  бериш үчүн эркин элге” дүйнөгө жаралган акындын арманы баяндалып, анан ичти мыжыккан мынабул сыр ачыкка чыгат:

Ишенем актыгыма өзүм гана,
так ошол ишеничте кете берем
чаржайыт көп ойлордун бири сыңар…
Билемин “жалп” деп өчөм,
билемин “жалп” деп өчөт чындык мендей.

Акындын ышкы сезими, кысталыш жагдайдагы эки жаштын мамиле-катышы “Сен келесиң, бороон күндө келесиң”, “Кат”, “Эскерүү тумары”, “Көз байлоо”, “Күйгөндүн акыры”, “Айтчы, айтчы”, “Жарык сезимге” сындуу ырларында элестүү ачылган.

Болсо дагы биздин сарбан кайчылаш,
Тирүүлүктүн туу белинде бир жолу
Аалам кезген ала булут чокудан
Жок дегенде чогуу ырдайбыз бир жолу.

Сезим кылдарын черткен мындай ырлардын Алыкең көбүн жазды, ышкы маанайдын кыйласы жарыкка чыкпай, акындын архивинде катылып келди. Негизи ал сөз менен сөздү, сүйлөм түзүлүшүн кынаптоо жагынан, акыйкатта да, чебер болчу. Андай чеберчилик көп окугандыктан тышкары табиятынан сөзгө зиректигинен, дүйнө таанымынын өзгөчөлүгүнөн келип чыккан, буга кошумча текст үстүндө эрикпей иштөөнүн натыйжасында келип чыккан. Ошондон ал жөн эле гезиттик макала жазса деле кургак сандар менен статистикалык маалыматтар көркөм түс алып, окумдуу материалга айланып чыга келчү. Ага жетиш үчүн автору кандай түйшүк тартканын, канча убакыт башын мээнетке сайып отурганын өзү гана билер. Окурманга Алыкенин кыт куйгандай таамай салыштыруулары, бекем логикага таянган жүйөөсү, анан да аны окумдуу макалага айланткан чеберчилиги жакчу. Ошол “Асаба” гезитинде азыноолок чогуу иштешкен кездери Алыкенин кара кылды как жарган калыстыгын, текстке аяр мамилесин, окурман алдындагы автордун жоопкерчилигин, баарынан адабият классиктери менен философторду баарынан жогору коёрун көп байкадым. Алардын жазгандарын казып окуп, катуу таасирленип, зирек акылы менен ошол айтылган учкул ойлорду кулагына илип, анысын кези келгенде макаласына кошуп, сөзүнө кошуп айныксыз жүйөөсүн алдыга жайчу. Ошол чынчылдыгы, калыстыгы ырларынан да сезилип турчу.

Ырлар не?
Жашоомдун жаш жалбырак, беш ыргайы
(тагдырды табыштагам каламыма)
акыры  тартып алдым беш ыңгайда
духтардын сүрөтүн мен,- 
дейт “Академмаанай” деген ырында.

А бирок беш ыңгайда тартып алган духтардын сүрөтү бардыгына эле жага бербейт. “Бардыгы баш чайкашты текедей көк мээ болгон…” Туура, жаңы сөздүн жалпыга жагышы дайыма кыйынчылыкка кабылып келген, кабыла да бермекчи. Себеп дегенде, адамдар көнүмүштүн күүсү менен жашайт, бекем тамырлап алган трафарет-калыптардан чыккысы келбейт. Анын үстүнө жаңылыкты жактырбай коюу бир жөн, аны таптакыр жерип, алып келгендин артынан түшүп, сары изине чөп салып, коркутуп-үркүтүү, опузага алуу деген бар (“анан да коркутушту акелер, э-эй!”). Жаамы журттун көңүлүн буруп, көнүмүш түшүнүк, көз карашты четке каккан ойчулдарды орто кылымдагы Европада аянтка алып чыгып өрттөп ийишкен. Жаңылыкка умтулган жаркын поэзиянын жаалдуу душманы  “академизм”, чылгый терминдерге шыкалган, ойдон табылган опсуз түшүнүктөргө чулганган ашкере акылдуу илимий түспөл сын.  “Жиберем сезимиңе академ таажы кийген жаңы ырымы. Сен аны даяр жебей, чайнап  жуткун…”.

Өткөн кылымдын 60-жылдарынын маанайында, “бунтардык духту” өзүндө алып жүргөн жаш акындын а кездеги көнүмүш көз караш, түшүнүктөргө мамилеси ушундай. Предметтин ички мазмунун ыктуу формада сыпаттап берүүнүн үлгүсүн Алым Токтомушев кыйла жылдарга созулган адабий сынчылык, редакторлук өмүрүндө таасын көрсөтүп кетти. Ал кишинин колунан өткөн канча тексттер социализм доорундагы эң окумдуу “Кыргызстан маданияты” гезитинин баркын көтөрүп, кадырын арттырып турган. Алыкең текст көрсө эле оңдогусу келип, андагы кожогой сүйлөмдөрдү, логикалык ыраатка коошпогон абзацтарды керте чаап, айрымдарын кайра жазып, көпчүлүгүн кыскартып, окурманга түшүнүктүү текст токуп чыкчу.

Алыкең өмүрүнүн кыйла жылдарын гезит түйшүгү менен өткөрдү. Өмүр бою убакты-саатын аябай окуган-билгендеринин текши баарын басма ишине жумшады. Анын каламдаш акындары, замандаштары тууралуу эскерүүлөрү, кайталангыс улуу таланттар менен болгон маектери, классик акындардын чыгармачылыгын талдоого алган сын макалалары ушу азыр да кызыгуу менен окулат. Бай фактылык материалдары, кепке алынып жаткан автордун жетишкендиги менен мүчүлүштөрүн кылдат талдоо, жүйөө-бүтүмдөрүн ишенимдүү далилдеп берүү жагынан Алыке башкалардан кадимкидей айырмаланып  турчу.

Мээнеткеч кишиге айла жок экен, Мелис Эшимкановдун айтылуу “Асабасына” каттар жаачу, анын үстүнө ал гезитке чыгууну калам кармагандардын көбү сыймык көрүшчү. Гезитти гезит кылгандардын бири Алыке болчу.

Алым Токтомушев

Столго өбөктөй отуруп колго тийген материалды кызыл-жаян кылмайын Алыкенин кычуусу канбайбы, иши кылып, автордун жазганынын кыйласы чийилип, негиздүү делген, керектүү делгендери гана калчу. Алым Токтомушевдин кыйла өмүрү ушу басма менен гезитте өттү. Канчалаган тексттер анын колунан чыгып, окумдуу макалага айланып, мактоосу авторуна тийчү. Макаланын багын ачкан редактор көлөкөдө калчу. Алым байкеге кыргыз жазмакерлеринин чама-чаркы беш колдой белгилүү болчу. Жалаңтөш текстте ачылбай калган ойдун “көзүн ачып”, автордук ойду дагы тереңдетип, материалдын окумдуулугун арттырыш үчүн Алым байке кээде текстти кайрадан жазып чыкчу. Анын кызыл сыя калеми тийбеген авторлор аз эле болчу. Аларга Алым байкенин сый-урмат, мамилеси өзгөчө эле.

Эсимде, учурунда Кыргызстанды чейрек кылым узактан-узак башкарган Турдакун Усубалиевдин “Балыкчы-Кара-Кече” темир жолун “ашар ыкмасы” менен эле жабыла куруп салуу демилгесин көтөрүп, аны өкмөттүк басылмалар өзгөчө өнтөлөп, демилге колго алынып, уу-дуу түшүп эле жатып калдык. А кезде ашар жолу абдан өтүмдүү болуп аткан. Менин макалаларымы Алым байке көздөн өткөрчү. Социализм заманында “дорогой Леонид Ильичти” басса-турса оозунан түшүрбөгөн Турдакун Усубалиевичтин бул демилгеси жону жука калкка оорчулук келтиргенден башкага жарабастыгын жазгандай болгом. Арасында “дорогой Леонид Ильичти басса-турса кайталоодон тажабаган аксакал” дегендей сөз курулмасы да бар эле. Алыке макаланын рубрикасына “Уйга жүгөн салбайт, Усубалиевге да!” деп бакыйта жазып, “дорогой Леонид Ильичти додолонтуп айтуудан тажабаган” деген сөздү кошуп, сүйлөмдүн “көзүн” ачкан. Айтса, “Асаба” гезитиндеги журналисттерди жапырт сотко берген урматтуу аксакалыбыз ал макалама да атайын токтолуп  “мени айбанга теңеди” деп айып койбодубу. Алыкенин колунан чыккандан кийин кандай макала болсо да өңүнө чыгып, кыйла жанданып калчу. “Асабага” чыкчу макалалардын текши баары Алым Токтомушев менен Шайлообек Дүйшеевдин элегинен өтө турган. Алыкенин кыйла убакты-сааты гезитке чыкчу материалдарды ийине келтирүү, окумдуулугун арттыруу, стилдик катасынан арылтууга жумшалчу.

Редакторлук иш болобу же өзүнүн макалалары болобу – баарында Алыке кара кылды как жарган калыстыгы, акыйкат үчүн баарына кайыл болгон чынчылдыгы аркылуу көпчүлүк каламдаштарынан айырмаланып турчу. Өзү билген акыйкат үчүн ал эч нерседен тартынчу эмес, пенделик майдалык, пастыктан өйдө туруп туура сөздү оппонентинин көңүлүнө карабай айтып койчу. Ошон үчүн адабиятка жаңыдан баш багып  жаткан чагында:

Өз жайыма койгула мени,
бейиштин, жайлоонун да жок кереги.
Бул түрмө жетет мага, ошенткиле
кай  үмүт орден, кызмат, атак-даңктан,
акчадан, зер-алтындан, жыйындан, салтанаттан
оолак жашап көрөйүн бир оокумга,
бир оокумга, жок дегенде секунддарга, мүнөттөргө,- 
деп жазып отурбайбы.

Чыгармачылыкка ак дилден кызмат кылып, ал үчүн атак-даңкка жетиш, жазуучулуктун аркасы менен элге таанылып, материалдык жагынан туйтунуу, көпчүлүк жазарман калкы сындуу кулакты жапырып китеп артынан китеп чыгарып, кандай да болсо бардар жашоого жетишүү Алым Токтомушевге жат болчу. Ал өзүнүн жазганына өзү канааттанбай, устаты Салижан Жигитовдун “бу кыргыз китеп чыгарса эле тарыхта калам деп ойлойт” дегенин турмуштук принцибине айлантып алды окшойт.

Буга кошумча анын аябай окумалдыгы да чыгармачылыгына чоң тоскоолдук кылды шекилдүү. Негизи эле орус же, дүйнөлүк классиктердин көркөм дүйнөсүнө кирип кеткен ышкылуу таланттардын көбү оригинал чыгарма жаратууга мойну жар бербей, “генийлердин күчтүү кучагынан” бошоно албай калышат. Негизи эле окуу-үйрөнүү кош байланыштагы, илим тилинде амбиваленттүү көрүнүш. Мезгил сынынан өткөн классикалык адабиятты казып отуруп алуу көп убакта оригинал чыгарма жаратчу сүрөткердин чыгармачылык демин басып, ишенимин мокотуп салат. Андай чыгармачылык кризиске кабылган сүрөткер кээде жазганын токтотуп, оригинал чыгармачылыктан алыстап кетет. Мен байкагандан, Алыке да классикалык адабияттын керемет дүйнөсүнө арбалып, биртоп убакты-саатын ошого сарптады окшойт. Башында демдүү башталган акындык өнөрүнө айрым учурларда гана кайрылбаса кыйла убактысын публицистикага арнап, өзүн адабияттан оолак тутту. “Кыргызстан маданияты” жумалыгында иштеген кезде жазчу адабий сын макалалардын ордун “Асаба” гезитиндеги айтылуу “Жолбүгүнү” ээлеп, публистчилик өнөрүн өркүндөтүүгө киришти. Бул жааттагы анын табылгасы саясый-экономикалык темадагы макалаларга көркөм өң-түс берип, окумдуулугун арттыргандыгында болду окшойт.

Кыйла жылдык окуп-үйрөнүүнүн натыйжасы жеке Алым Токтомушевдин өзүнө карата жемиштүү же начар болгонун так кесе айтыш кыйын. Көркөм дүйнөнүн тереңине сүңгүгөн сайын буга чейинки жараткандарын жаратпай салуу жосуну, орто жолдон пайда болгон мына ушул чыгармачылык психологиялык жагдай Алыкени да биртоп жылдар акмалап жүрдү окшойт. Непадам, жакындары менен каламдаштарынын өтүнүчү болбосо, көзү тирүүсүндөгү “Жолдогулар” менен “Эски дептерин” ал киши чыгарбайт деле болчу. Ал эми: “Салижан Жигитовдун сабактары” – улуу ойчулдун көзү өткөндөн кийин, анын айткандары менен жазгандарын чогултуп чыгаруу демилгесинен улам жарыяланган. Өкүнүчтүүсү, башында кыйла демдүү башталып, аягында ара жолдо калган ошол иш уланса, Салижан Жигитовдун томдуктары окурман текчесинде турмак. Ал киши менен “Асаба” гезитинде оголе көп маек уюштурган Алыкең бардык иштерин жыйыштырып салып, “өз алдынча ойлоно алчулар үчүн” табылгыс белек катары ошол жыйнагын чыгарган. Гезит жанрындагы мына ушул өтүмдүү форманын мыкты үлгүлөрүн калтырган Алыкенин дагы бир улуу талант Мурза Гапаров менен маектери жыйнактуу китеп болуп чыгып калса, маданий турмушубуздагы дагы бир орчун окуялардын бири болмок.

Алыкең адабияттын кайсы салаасына кол тийгизбесин – баарында тең өзүнө гана тийиштүү өзгөчөлүгүн көрсөтүп, баарында тең үлгү болорлук иштерди жасаган, анан да сөзгө өзгөчө маани берген, өзүнө да, башкаларга да талапты бийик койгон улуу талант эле. Ошондон улам, анын акындыгын котормочулугунан, же сынчылыгынан, болбосо публицистчилигинен бийик, же кем коюш, аларды бири биринен ажыратып кароо мүмкүн эмес. Кайсы жанрга, кандай темага кайрылбасын ал ийине чыгара иштечү. Ыраматылык Салижан Жигитовдун “ыр жазасыңбы, сын жазасыңбы – баары тең бир эле баштан чыгат” дегени, дал ушул Алым Токтомушевге карата гана айтылганбы деп ойлоп кетесиң. Алым Токтомушев бул жарыкчылыкка акын болуп келишинин өтөлгөсүн эң мыкты өтөдү, адабиятчылык менен котормону, публицистиканы поэзияга айлантып, кеп жанрда эмес, кеп ага кайрылган авторго байланыштуу экенин, кайталангыс талант кайсы жерде болсо да, өзгөчөлүү “эн тамгасын” калтырып кетерин кашкайта далилдеп берди.

Адабий чыгармачылыкка Алым байке өмүрүнүн соңку кезинде кайтып келди, адабий журналдын түйшүгүн мойнуна илип, аны менен кошо балдарга арналган кызыктуу долбоорду баштап, анын аягына чыгышына ташбоор ажал тоскоолдук кылып, актыкка моюн сунуп кете берди. Көркөм адабият Алым Токтомушевдин бу жарыкчылыкта таап алган айныксыз сүйүүсү, болгон шык-жөндөмүн арнаган жүрөгүнө жакын табериги эле. Көркөм дөөлөт жараткандарды баарынан жогору коюп, кагаз менен каламга күчүн чыгаргандарды жакын адамдары катары эсептеп, жазгандары жаккан адамын өзүнө жакын көрүп, ылым санап турчу, кайран киши.

Каргадай кезинен аты басма сөзгө чыгып, тестиер чагынан акын болуу кыялы менен жашап келген улуу инсан акыркы демине чейин адабиятка ак кызмат өтөөнүн үлгүсүн көрсөтүп, кагаз менен калам аркылуу бу жарыкчылыкта таап алган акыйкаттарын алдыга жайып, агынан төгүлүп, пенде сезиминин жөн адамга кармалбас нюанстарын кылдат күүгө салды. Алыке чыгармачылыгына калп айтпады, утурумдук кызыкчылык үчүн улуу өнөрүн садагага чаппады. Ал чыныгы акын, сөз зергери катары жашап, жеке турмуш жолундагы толгон-токой тоскоолдорго карабай, убакты-саатынын көбүн окуп-үйрөнүү, изденүүгө сарптап, көркөм ойлоонун ары түйшүктүү, ары татаал жолунда такай изденүүдө жүрдү, өмүрүн чыгармачылык түйшүккө арнады. Кыйла убакты-саатын орус менен дүйнөлүк классиктердин көркөм дүйнөсүн өздөштүрүүгө жумшады. Болушунча терең аңдап түшүнүүнүн аракетин көрдү.

А кишини кыйла жылдар этектеп келаткан өкүттүү өксүгү  бар эле. Бир учурда адабиятка чогуусу менен келген курбалдаштарынын көбүнүн бул дүйнөдөн эрте өтүп кетишкени каңырыгын түтөтүп, калп дүйнөнүн артын калтырып кеткенине ичи эңшерилип, ал кайрандар алдында өзүн айыптуудай сезер эле. Кыргыз поэзиясына чогуу келген, чогуу жүргөн, бар дүйнөсүн ачык жайып койгон агедил жаштардын өзүнчө бир мууну – Табылды Муканов, Беганас Сартов, Аман Токтогулов, Турдалы Алыбаев, Манас Казакбаев, Курбанбай Калдыбаев, Курбаналы Сабыров, Тургунбай Эргешов… санай берсе узара берчү кайгылуу тизме. Алыке менен сүйлөшүп калганда көзү өтүп кеткен кайрандарды эскерүү тууралуу айтып калар элек. Жазыш керек деп, бирок да убакты-саатынын аздыгынанбы, алардын айрымдарын гана эскерип, ичте чогулган кайгысын бөксөртүп алды окшойт. Табылды Мукановдун өлүмүнө арнаган эки ырынан үзүндү:

Калп каңырык түтөтүп,
Каражанды жебейли:
Өттү-кетти бир акын
Өз бала эмес, өгөйдөй.

Жол бербедиң сен да ага,
Кол бербедим мен да ага.
Тааныгансып тентегин
Тартты өзүнө жер гана.

Табылды Муканов, Алыкең айтмакчы, “жетеси акын эле, тагдыр аны жетелеп кудум сокур таягындай бастырды талаа-түздү, ойду-дөңдү”. Кыргыз поэзиясынын асманында жаркырап жарык чаччу улуу акын тагдырдын оор сыноосуна кабылып, жолу оң түшпөй, “так ушул жерге келип болду деди”. Жашоо жиби чарт үзүлүп, “ал кетти аян күтүп жашылданып. Ай тийген арабызга батырбадык. Бир кезде жем жеш үчүн жерге түшкөн, бийикте бийлик жетпес акын жаны: далайга бузуп биздин уйкубузду, далайга алар биздин тынчыбызды”.

Акындын досу Беганас Сартовду эскерүүсүнөн:

Сөздөрдү  сүйлөп сөзгө окшобогон
биз калдык. Калдык сансыз дос, жоролор.
Жалпак тил, жалган кайгы, көз жаш түгүл
сени эми козгой албайт боздоп алар.

Анда не аянычтуу кашымдасың,
кардай ак, кыштай муздак асыл досум.
Биринчи сен билдиңби, сайран менен
сан иштин кайнап каны кошулбасын.

Билебиз бардыгыбыз. Тоодой ишке
тирликтен бийик туруп эрегишкен
Эрк гана жетпейт бизге. Ошондуктан
түшөбүз  түбү-учу жок белен изге…

 “Аман Токтогулов каза болгондо”

Каз элек катар учуп каркылдаган,
Канаттар күн нуруна жаркылдаган.
Кайдадыр кайып болуп жок болдуңар,
Калтырып калп дүйнөнүн артын маган.

Тиленип, тийбей калган бата сыңар,
Тирелип ар кай жерде жатасыңар.
Ар бириң кеткен сайын ойлоп келем:
Кудайдын тизмесинин катасы бар.

Акындык өнөрдүн ойур-буюрмалуу татаал жолуна чогуу чыккан курбалдаштарынын ара жолдо кайткыс сапарга узап кетишинин кайгылуу жүгүн Алыкең айласыз көтөрүп, ичте буккан кайгы ызасын ырга салган. Бул саптар анын жалпы курбалдаштарына арналган жоктоосу, азасы болуш керек.

Таланттын учурунда таанылышы, көркөм сөз өнөрүнөн өзүнө тиешелүү ордун табышы карама-каршылыктуу, татаал процесс.

Карады: дүрт карады, бүт карады,
Дешкенсип кур закымга алданбайлы!
Жылт эте түшкөнсүдү  куш карааны.
Көздүүлөр көрбөй калды,-  кандай кайгы!

Тыңшады: бүт тыңшады, үп тыңшады,
Дешкенсип: сүрөөн кана, айгайлаган?
Шырт эте түшкөнсүдү куштун шаңы.
Кулактуу укпай калды,- кандай жаман!

Ушундай бу шор дүйнө, кулактуулар укпай, көздүүлөр көрбөй калат. Жогорудагы саптар Алым Токтомушевдин дагы бир сөз зергери Кубат Жусубалиевге арнаган ырынан.

Нукура таланттын учурунда баамга урунуп, баасын алышы адабият тарыхында сейрек кездешчү көрүнүштөрдөн. Алдыга умтулган сүрмө топтон суурулуп чыгыш, өзгөчөлүү үнү бар талант экенин адабият күйөрмандары, кесиптештер арасында ырастоо андан бешбетер кыйын. Ошон үчүн “шырт” эткен жаңы доошту бары эле уга бербейт,  жылт эткен куш караанын көпчүлүк байкабай калышы толук ыктымал.

Аны Алым Токтомушевдин өзүнөн деле баамдоого болот. Кайталангыс чоң талант, гениалдуу акын, кылдат туюмдуу сынчы, окуган адамды муютчу мыкты публицистчи, анан да кылдат тилдик туюму бар таасын котормочу келгенин биз деле байкаган эмеспиз. Алыкенин  баскан-турганы, сүйлөгөнү – баарысы анын өзгөчөлүү дүйнөсүнүн жашырып-жапса болбой чыгып калган сырт көрүнүшү эле. Көңүлүнө төп келип калган адамын жанынан чыгарбай аны менен чечилип сүйлөшүп, болгон дүйнөсүн алдыга жайып салып агынан жарылчу. Табиятынан сөз дыйканы болуп жаралган адамга айла жок экен, адабияттын кайсы салаасына кол салса да ал жерден окуган адамды моокумун кандырчу, сезимин козгочу ой келебин таап чыкчу.