ЫРСАЛИЕВ Жамалбек: ЖАМАЛБЕК ЫРСАЛИЕВ: “ЭР ЖАКШЫСЫ ТАЗ БОЛОТ”

АҢГЕМЕ

Ичиркенген наристенин башындай калтырак баскан башынан ак жоолугун түшүрбөгөн апам байкуш мени жетелеп алып, айылдын аягынан өйдө кыдырып жөнөр эле. Менин чачыма колу тийбеген аял аттуу калбаса керек биздин айылда.

— Кайратынын баары чачына чыгып кеткен, кирпинин ийнесиндей болуп катуулугун айт, — деп күңгүрөнүп, кээде ачууланып, бирде мени алдап-соолап жетелешип кете берчүбүз.

“Бурул апанын колу катуу, Аниса апа буту чолок, Курманбүбү апанын бою кичинекей, Арсар апанын колу катуу…” – деп кыскасы жолдо карай шылтоом даяр. Байкуш апам, оюм менен болот. Эркелигиме чыдайт. Айласы кеткенде “Самарбек келсин анда…” дейт. Анын алаканында чоң сөөлү бар, аты жогу менен чыпалагынын томугу бырыйган колун элестетем. “Жо-ок…” Ыйлай баштайм. Кимиси болсо да алдырам дейм. Анан кайра баягы өнөрүм башталат. Зуурабүбү апа жибитет. Айымжан апа чаңкылдап ала баштайт. Мен чылапчынды тоголото тээп бакыра баштайм. “Көчүгү түшкөн аюудай өкүргөн өлүгүңдү көрөйүн, тур…” – деп Сейилкан апага алып жөнөйт. Ал кичине алганда, анын да таштегин тоголото тебем… кыскасы, айылды түтүнмө-түтүн кыдырып жүрүп, кечинде “чупа-чупстай” жалтырап үйгө кирип келем. Ырсаалы атам жанына чакырып, башымдан шуу-шуу жыттап алат.

Төртүнчү күн сайын тазалык деген ар бир класстан чогулган сол ийининде ак болотнайдын бетинде кызыл чүпүрөк менен же кызыл жип менен саймаланган «+»  деген белгиси бар кыздар кирет. Партанын үстүнө колду коёбуз. Бирөөсү тырмактарды текшерет. Экинчиси чачыбызды текшерет. Үчүнчүсү көйнөктү өйдө көтөрөт да, майкабызды текшерет. Майкасы жокторго эскертүү берет. Майкасы барлардын тигиштерин сыдырып карайт. “Фашист” чыгып калбаса экен класстан деп, биздин класстын тазалыгы Балбаева Жаркындын жүлжүйгөн көзү тептегерек болуп карап турат.

Эгер бит чыкса, биринчи Жаркын сурак берет. Кудум эле Жаркын үчүн биттегендей. Класстан “фашист” чыкпаса, баарыбыз жыргап калабыз. Эртеңки “линейкада” биздин класс уят болбойт. Чач дагы ошондой уят иш эле.

Агайлар кармап туруп кайчы менен атыбыздын баш тамгасын жазып койчу. Ошондой күндөрдүн биринде Тыныстанов Алмаз деген классташым экөөбүз сабакка даярдандык. Алмаздардын мончосун жагып мончого түштүк. Ич кийимдерибизди тазалап жуудук. Анан энеден туума жылаңачтанып алып чачыбызды алмай болдук. «Нева» деген лезвиядан экөөнү алып келип даярдана баштадык. Менин чачымды Алмаз алып баштады. Жарымына жеткенде лезвия сынып калды.  “Экинчиси сынса түн ортосунда кайдан лезвия издемек элек, кел сеникин алайын, анан меникин ал, менин чачым катуу”, — деп мен тыңсынып, Алмаздын чачын ала баштадым.

Пушкиндикиндей тармалдашкан сары чачы бар эле. Анын да чачынын жарымын алган кезде лезвия так ортосунан бөлүнүп калды. Мына кызык, экөөбүз ыйлай албай, күлө албай, жарты чеке калак баш болуп отуруп калдык…

Эртеси сабакка барбасак болбойт, Карып агайдын математика сабагы бар. Чунгул балбандын небересинин сабагына катышпай калсаң, көңүлү жакшы болсо чо-оң “2” коюп, күндөлүгүңдүн көңүлүн түшүрөт. Көңүлү чөгүп турса доскага чакырып туруп, кулак түпкө бир коёт. Ага караганда эки алган жакшы. Арызданган менен арга жок. Ата-эне анда болушчу эмес. “Күнөө өзүңдө, жакшы окубайсыңбы”, — деп урушуп коёт.

Эртеси тумактарды баса кийип мектепке жөнөдүк. Класстан тумак чечпейбиз. Классташтарыбыз шылдыңдашат. Экөөбүз бири-бирибизди күнөөлөп коюп отурабыз. Карып агай кирди. Класс тым-тырс. Тумак чечпей отурган кебетебизди көрүп: “Эмне, Сибирден келгенсип? Алгыла тумакты!” Бизди баары карап калды.

Тумактарды алсак эле Карып агай: “Кебетеңер эмне, жүнү чала жулунган тооктой болуп!” Тунжурап, жооп бере албай калдык. Экөөбүздүн кебетебизге кыжыры келдиби же күлкүсүн ошентип тыйдыбы, белгисиз, “Үйүңөргө барып чачыңарды алдырып келгиле” деп чыгарып жиберди. Жолдун эки жээгине түшүп алып, тумакты баса кийип, үн-сөз жок үйгө жөнөдүк…

Кайран ошол кайраттуу чачым! Айылдын аялдары баарылап ала албай убара болгон катуу чачым… Бүгүн сугарылбай калган эгиндей суюлуп барат. Түшкөнү менен кошо өмүрүмдүн өтүп жатканын түшүнүп турам. Бирок эч эле мойнума алгым келбейт. Чачтын түшүшүнө каршы шампунь менен жуумуш болом. Ар бир түшкөн чачымдын талы ойлондурат. “Сууда хлор болгон үчүн түшкөн жокпу” дейм… “Акылдуу баштан акмак чач түшө качат же кендүү жерге чөп чыкпайт” деп коем… “Ат жакшысы боз болот, эр жакшысы таз болот” деп өзүмдү сооротом. Жок! Мен өзүмдү-өзүм алдап келем… Андай эмес, өмүр өз үлүшүн алып акыйкатка жакындатып келет. Чач түшсө мейли, баш аман болсо болду!