
Бир кеч тууралуу ыр
Сөздөр болуп туулган күнгө айтылган,
Ыр окулган кечте тамак жеп атып:
«Таза, жапжаш, көрүнөсүң бир башка,
Биз да сендей болдук беле?» – деди Акын.
«Болгонбуз», – деп жооп беришти олтурган
Үстөлдөгү башка аялдар баш ийкеп.
Ырга гана кол шилтебес тагдырга,
Мезгил, турмуш – үч нерсеге баш ийген.
Үнүн уктум, келген жарык төр жактан
Күңүрт тиет. Көр тирликтен кол бошоп.
Жакшы отурдук, кээде шарап ачканга
Эркек жогу билингени болбосо.
Конушу көп койнуң кенен кут калаа,
Эртең башка жолдор менен кетээр бүт.
Жакындардын кебин кеп деп укпаган
Акыл уктум бир өмүргө жетээрлик.
«Бар бол!» – дешти. Көңүлдөрүн кыялбай,
Шарап таттым улуубу деп уялбай.
Сүйүнгөндөн. Көңүл сүйгөн бул Акын
Үчүн ичтим, бийик эле кыялдай.
… Өз калдык деп кетиштиби бөтөндөр,
Ашканадан таңда тамак жеп атып:
«Сен да биздин өткөн жолдон өтөрсүң,
Биз да сендей болгон элек», – деди Акын.
ӨМҮР
Сүйүүгө да жолугасың –
Балалыктан кол жууйсуң.
Табасыңбы – жоготосуң,
Дагы нени болжойсуң?
Болчулардын баары болот,
Шашпа жүрөк, шашпа эс.
Көргүн көгүш бул таң дагы,
Чоочун эмес, башка эмес.
Ишенгендер жалган чыгып,
Чындык акыр угулат:
Алдыдагы келчү өмүрдөн
Арткы шоола жылуураак.
Жарык болсун жарып маңдай,
Жашоо барда жалынбыз.
Келээр бакыт жөнү кандай,
Кеткен бакыт табылгыс.
Колдо болот, колдо баары,
Болот баркы билинбей.
Өңчөй күндөр өмүрдү алып,
Өтөт көптүн бириндей.
Ошол жолдо, ооба, ошол,
Кимге жагып ниетиң,
Кимдин орой ойлоруна
Жолугарың билесиң?
Эмнелерден дене муздап,
Эмнелерге калыңбыз?
Келээр бакыт жөнүн билбейм,
Кеткен бакыт табылгыс.
* * *
Кездешпес көчөлөрдүн
Жарыгы,
Жакын жерде
Же алыста каласыңар.
Жашылы жашыл болуп короолордо
Койкоёт тушуңарда балатылар.
Дүрүлдөп турмуш өтөт,
Дүңүнөн жүктөп алып курактарды.
Ырларым жарык көргөн гезиттерден,
Мештерге керек болот от тамызгы.
Кар ак жаайт. Калың түшөт.
Кар күрөйт калакчандар.
Киши күткөн үй-бүлө тынчы кетип,
Кар күрөйт, калың күрөйт.
Кечте эмес, а таңга жуук
Калыңын калың топтоп,
Калдайган куда келет.
Кездешпес көчөлөр эй,
Жол жетпей, өмүр жетпей.
Жакының жакын бойдон,
Узагың узап кеткен.
Узундуу-кыскалуубу,
Уулдарың нускалуубу.
Убакыт желдей учуп,
Өмүрлөр кыскарууда.
Күтүүгө түтөсүңөр,
Көп учат көзүңөрдөн –
Жарыкты күтөсүңөр,
А жарык өзүңөрдө.
Келүүнүн жолу жакшы,
Кетүүнүн айбы барбы…
Күткөндөй жалгыз Күндү,
Көргөндөй жалгыз Айды –
Баарыбыз баарыңарга,
Биргебиз байланышсыз.
Көрүшүп, көрүшпөйбүз,
Тагдырга байланыштуу.
Кездешпес көчөлөр эй,
Туурасы тутам болгон.
Көрүшпөйм – өмүр жетпейт,
Көгөргөн кусам бойдо.
АЛГАЧКЫ ЫР
Тагдырыма катаал болду ушул кыш,
Билбегенди билгизди бир жыл ушу.
Бир күттүргөн күндөр эле кыялдуу,
Бир кейиткен өмүрүмдүн жылышы.
Кагаз жазып кашында мен сыр бербей,
Түшүнсөм да… жолдогулар жолдогу…
Өткөндөрүн бүгүнкүдөн айра албай,
Күйөм иргеп сүрөттөрүн колдогу…
Желди узатып эшиктеги дарактар,
Күндү узатып миң түрүлгөн ой менен.
Түгөй турмуш башка түшсө, саналуу,
Капалуу да болбойм деген ойдо элем.
Жолукканы жолдош болор түбөлүк,
Ашык жанды ашыксыңар дебедим.
Кошуп турган ийиндеги бир өмүр,
Бөлгөн дагы кийин болор бир өлүм.
Тасмал жаям, тагдырлашка чай берем,
Аздан кийин кезектеги кирет кеч.
Баш бакканы жыйналбаган үйдү эмес,
Ойлоруңду кыйын экен ирээттеш.
Элдей эрке болбосом да, энелүү,
Мен деле бир адам элем аталуу.
Сурайт элем сура десе соңку ирет,
Ата-энеден буюрбаган батаны.
ОБОН
Күз баш бакса күүсү күчөп көңүлдө,
Бир мен гана кайрый алчу бир обон.
Мээрим, сүйүүм, аруу, таза көз жашым,
Ал обондун кайрыгына корогон.
Билип туруп акылымдан айныгам,
Көрүп туруп көзүм көрдөй жумулган…
Өмүрүмдүн ал опуртал саатында,
Алы-ыс жактан ушул обон угулган.
Ак дегендин баары ак эмес сыяктуу,
Кымбаттардын баары кымбат эместей.
Ийменбечү жакындардан ийменип,
Кеңешпечү пенделерге кеңешкем.
Оомал-төкмөл турмуш даамын сездирип,
Оо, андагы жаңылышкан учурум.
Оорусундай жандүйнөмдүн бүгүнкү,
Сыздоосундай анан жүрөк тушумун.
Кайрыгында ал обондун ыр жазып,
Жолду бастым, бүлө күттүм кыз төрөп.
«Бакыт» десем, «бакытың бул эмес» – деп,
Кайтып кайра кайгы козгоп күз келет.
Ушул обон уга албаган эч бир жан,
Жүрөк тилип, көкүрөктү канаткан…
Жетпей турган назик, ичке шооланы,
Күтсөм экен эми кайсы тараптан.
Кайтмак кайда-а, кайтканында ошо кез,
Илбериңки чечим кылып бир күндө.
Керек болсо тынчтыгы үчүн жүрөктүн,
Бир өзүңдөн баш тартмакмын, Ырдүйнө.
БИЗДИН КҮНДӨР
Бааласак да бакыт күткөн жолдордо,
Байлыктын баа, жашоонун кооз, аземин.
Буулугабыз менин ырым жазылбай,
«Манасыңды» угар жан жок а сенин.
Түптөп ушул түбү чакан бөлмөнү,
Түрүлтүп ой, түмөн түйшүк көргөнү.
Оокатыбыз оңолсо да анчейин,
Өнөрүбүз бир аз өйдө өрдөдү.
Болбой козгоп бошсураган убакта,
Кечээ баштап, эртең бүтпөс баянды.
Кезигебиз эбак өткөн күндөргө,
Эзилебиз эркелетип Аянды.
Көчөдө шаң, бүгүн жай да, эртең күз,
Күндөр учат жаштыгыбыз кылактап.
Гүл кучактап келбесең да майрамда,
Үйдө өстүргөн гүлдөрүңө рахмат.
АПАМА
Жалбырагын дарак жакшы билгендей,
Мени дагы сенден артык билет ким.
Турмушумдан жаза тайган күндөрдө,
Убайым жеп уктабай түн күзөттүң.
Балдарымды беттен сүйүп турсаң да,
Таарынычың көкүрөктө тирелүү.
Тарткан санаа жана тоодой түйшүгүң,
Жок дегенде бөксөрттүмбү бир эли.
Келтирилген келме сындуу жат болуп,
Өзүңдү ойлоп уктап, анан ойгоном.
Жүрөгүмдү көзөп өтүп көп суроо,
Мээмди ой жейт деле жанды койбогон.
Жашадым деп жүрөм кыркты бет алып,
Жаштык деле көз ирмемче кетет бейм.
Маанайыңды басмырт кылган күндөрдү,
Жашабаган күндөрүм деп эсептейм.
Жалбырагын дарак жакшы билгендей,
Мени дагы сенден артык ким билет.
Жерде жаткан жалбырактай сезилем,
Бийиктигиңен сүрдөп турган делдиреп.