
АҢГЕМЕ
Биздин колхоз дыйкан чарбасына тарагандан бери жаныбыз жай таппай көртирликтин удургуган айлампасына тушукканбыз. Айылдын күн батыш тарабындагы сайдан нары жактагы талааны «Ой» деп коёбуз. Ойдогу көп жылдык чөп аянтынан жер тийип, анын бедесин чаап, жыйноочу мезгил келди.
Жай саратаны. Торгойдун таңдайын шакылдатып тынбай сайраганы, түпсүз көк асмандагы түркүн ыр-күүсү менен саймалайт. Кантсе да көңүл көтөрүңкү. Ак куу деген жигит (өз аты Бердигул) МТЗ-80 трактору менен үймөктөлгөн чөптү тартат. Ак куу – ак куу дегендей эле, трактору менен жашыл талаада бирде мында болсо, бирде тигинде шашпай сүзгөн ак куудай чөп тартып жүргөнү жүргөн. Аркы жээктеги ак сарайда – Таабалдынын эшигинин алдында бош жүргөн тележка көрүндү. Эгер аны чиркештирсек, жумушубуз ылдам бүткүдөй. Аны сураганы сыздык. Учураштык. Сураганыбызды эки айттырбай эле берди. Тележканын капталдарындагы узун шыргыйларды бекемдеп зым менен тартып жаттык. Дагы бир нерсе алыш үчүн мончо сыяктуу салынган үйгө кире калганымда, бөтөлкөдөгү майга жыланды чылап, оозун бекитип, илип коюптур бет маңдайга.
Аны көргөндө жүрөгүм бир болк этип алды. Эшикке чыга качтым. Ээ, Табыке, бул эмне шумдугуң? – деп сурасам, жылмайып күлдү да, төмөнкү окуяны айтып берди.
Ал дары, өзүнүн уусуна өзүн чылап койдум. Керек. Анын эмнеге керек экенин айткан жок. Кечээ жаман атымды минип алып, өзүмө тиешелүү жерде уулум суу сугарып жүргөн, ошону көрүп келүү үчүн бараттым. Келберсиген берекелүү кең талаам, бойго жетип пейилин салып жайкалып турган убак. Анда-санда кыңылдап токтогулдун «Өмүр» аттуу ырын созуп бараттым.
«Ат арыбас болсочу, эй,
Жаш карыбас болсочу, эй,
Жаратканы чын болсо э-эй,
Деги, жай-жайына койсочу, э-эй» – ушунчалык эргийм. Бир маалда жолдун таманында, оң жагымда жылан тикесинен тик болуп, билинер-билинбес термелип туруптур.
– Хе, вассалоому алейкум, – деп учураштым. – мени менен арбашайын дедиңби? Жо-ок, мен аны билбейм, досум. Сен мага керексиң! – деп аттан түштүм да желкесинен мыкчый, ийрелеңдетип кармап, эки жактан бөтөлкө издедим.
Бу байкуш бөтөлкө кайсы гана жерде, бийик-бийик тоолордогу кийик жолдорунда, кой кайтарган адырларда, чөптүү талааларда жатпайт. Ылдам эле таптым да ага куйругу менен суналтып салып, оозун кепкек менен бекитип чөнтөккө салдым да, кайра аттандым. Дагы Токомдун ыры эсиме түшөт:
«…Кайран жанды кол менен,
Жасап алар болсочу, эй…»
Бир маалда кепкектин «боп» эткен үнү угулду. Негедир ага анча маани бергеним жок. Эки жагымды каранып, не болуп кетти деген ойго келип, жолумду уланттым… Дагы эле жашоого тойбос узун өмүр эсиме түшөт.
Күн ысык. Далым оорлой түштү. Эмне болуп кетти деп күйшөлүп артымды карасам, жыландын эки ачакей тили соймоңдоп, чакчайган көзү менен менин көзүм чагылыша түштү. Бетимден чагуугабы же мойнума оролуугабы, жакындап калыптыр. Камчынын учу менен жыланды жерге ыргытууга жандалбастап шилтей баштадым. Улам силксем жерге түшүүнүн ордуна кайра жакындап улам бийиктеп, улам узарып мына, мына… төбөмө жакындап ышкырат.
Ошентип жашоо же өлүү үчүн эң акыркы жан аябас, айыгышкан кармаш ушинтип уланып жатты. Өзүм ээрден кыйшайып аттан учуп түшөрүмө аз эле калды… Акыркы жолу го, камчынын учу жыландын денесине теңделе түштү бейм, күч менен катуу силккенимде ал учуп барып аттын жалына чабылды. Мен оңоло калдым. «Эй, кудай, колдой көр» деген сөз оозума келе калды.
… Жылан дагы акыркы күчү менен ат жалында мага атырылды, мен кайрадан желкесинен колум менен ыкчам илип алдым да коё бербестен аттан түшүп, жерден анын башын согончогум менен жанчыдым. Ошондо биринчи жолу ушунчалык шумдук кармаш болгонун сезбей ысыкта илээлеп турган тору атыма тан берип, ызам келди да: «Айбан мал!» – деп сөгүнүп жибердим. Алыстан мени карай далдалаңдап, уулум кетменин таштап чуркап келатат. Атам жалгыз эле аттын үстүндө кыйшаңдап жатат, жинди болдубу деди го?
– Ээ, Табыке, сени чоң кудай өзү сактаган тура. Өмүрүң узун болсун. Ме, бул бөтөлкөнү ич, аман бол, – деп колуна самопалды карматтым да, кетүүгө шаштым.