
Жек ЛОНДОН
Аңгеме
Чоң Жим Белден «сууда калкыган муз» кызыктуу окуя экенин көңүлүндө эч кандай кири жок эле айта салганы эмнеге алып келерин өзү да билген эмес. Ага жооп катары суунун түбүнөн тоңгон муз — андан да кызык окуя экендиги жөнүндө айтып аткан Лон Мак-Фэйндин оюна да эчтеке кирип чыкпаган болчу; эч кандай муз суунун түбүндө тоңбостугу, бул анчейин гана балдарды мокочо менен коркуткан сыяктуу ороскел иш экендигин айтып талаша кеткенде Беттлздин да оюна эч нерсе келген эмес.
— Бул жерде ушунча жыл бирге жашагандан кийинки сенин мага айтып жатканың ушулбу! — деп Лон чаңыра кетти. — Экөөбүз бир казандан канча жолу оокаттанбадык!
— Бул чындыкка сыяр иш эмес,— деп талаша берди Беттлз,— билсең, музга караганда суу жылуураак келет…
— Эгерде музду талкаласа, суудан айырмасы аз.
— Тоңбогондон кийин суу муздан жылуурак да. Сен болсо музду суунун түбүндө тоңот дейсиң!
— Мен суунун түбүндө тоңгон муз жөнүндө, Дэвид, суунун түбүндө тоңгон муз жөнүндө гана айтып атам. Суунун агымы менен сүзүп баратсаң, суу айнектей көгүш тартып жалтырап турат, андан кийин эле кокусунан күндү булут каптаган сыяктуу суунун бетине шырык муздар калкып чыгат; көз ачып жумганча суунун тиги жээги менен бу жээгине чейин, кайрылыштан-кайрылышка чейин жер бети биринчи кар чүмкөгөнсүп, апапак боло түшөт. Сен мындайды учураттың беле?
— Ананчы, кайыктын үстүндө калак эшип баратып көзүм илинип кеткенде аны далай жолу учураткам. Бирок мен көргөн шырык муздар суунун түп жагынан калкып чыкпастан, ар дайым кандайдыр бир туш тараптан, куйган суудан агып келчү.
— Сен аны өңүндө бир да жолу көргөн жоксуңбу?
— Жок. Сен да көргөн жоксуң. Мунун баары чындыкка жанашпай турган нерсе. Ким да болсо сага ушуну айтат!
Беттлз мешти тегеректеп отургандардын баарына кайрылды, бирок эч кимиси ага жооп кайтарган жок жана Лон Мак-Фэйн экөөнүн өз ара кер-мур айтышы улана берди.
— Чындыкка жанашабы же жанашпайбы, айтор менин сага айтып атканым — бул чындык. Бул көрүнүштү былтыр күзүндө биз Ситка Чарли экөөбүз Форта Довериянын ылдый жагындагы босогодон сүзүп баратканда байкадык. Накта күз мезгили болчу, алтындай саргыч жалбырактуу дарактарга жана солкулдаган байтеректерге күндүн нуру түшүп, жалтылдайт, суунун бетинде майда толкундар жыбырайт; түндүк жактан болсо кыштын көгүлтүр мунарыгы бүлбүлдөп көрүнгөнсүйт. Анын кандай болорун сен өзүң деле жакшы билесиң го: өзөндүн кырка жээгин шырык муз каптай баштап, айлампа, ирим жерлерде кадимкидей келки муздар айланып турат; аба да кандайдыр жанга жагымдуу жана таза: ал абадан жуткан сайын сен өзүңдү жаңы күч кошулгандай сезесиң. Мына ошондо, досум, дүйнө жүзү тарып, селсаяктык сени алга айдайт.
О-о, кайсы сөзгө түшүп кеттим.
Ошентип, кээ бир айлампа жерлердеги бирин-серин музду эсептебегенде, келки муздун эч кандай белгисин байкабастан, калакты күрөй бердик. Бир убакта индеец калагын өйдө көтөрүп: «Лон Мак-Фэйн! Төмөн жакты карачы! Бул жөнүндө кулагым чалган, бирок өз көзүм менен көрөт экем деп эч ойлогон эмесмин!» — деп кыйкырды. Ал жерлерде мен да, Ситка Чарли да жашабагандыгыбызды сен жакшы билесиң, ошондуктан мындай көрүнүш бизге укмуштуудай кызык көрүндү. Биз калакты күрөөнү токтотуп, кайыкты суунун агымы менен коё бердик да, өзүбүз кайыктын эки жагына эңкейип, жылтылдаган сууну тиктедик. Менин баягы бермет издегендер менен өткөргөн күндөрүм кылт эсиме түштү. Ошондо мен деңиздин түбүнөн гүл бакчага окшогон шуру таштарды көргөмүн. Биз суунун түбүндө тоңгон музду көрдүк: суунун түбүндөгү таштарды келке муздар жаап, ак шуруларга окшоп калыптыр. Бирок эң кызыгы, али алдыда болчу. Босогону айланып сүзүп өткөнүбүзчө, кайыктын айланасындагы суу сүттөй апапак майда тегерек шырык муз болуп калды. Жазында майда ак балыктар суунун үстүнө жабалактап сүзүп чыкканда же өзөндө жамгыр жааганда мына ушундай боло турган. Суунун түбүндө тоңгон муздар жогору жакка калкып чыгып жатты. Оң жакты да, сол жакты да, айтор, көз көргөн жактын баарын майда тегерек шырык муз каптап алды. Калакка желимдей жабышкан коюу боткодо кайык алга араңдан зорго калкамандайт. Мен ал босоголордон шырык муз каптаганга чейин да, андан кийин да далай жолу сүзүп өттүм, бирок мындай укмушту эч качан көргөн эмесмин. Бул көрүнүш өмүр бою менин эсимде калды.
— Сүйлөй бер!— деди Беттлз көңүлкош.— Сенин ушу кайдагы жокту айтканыңа мени ишенет деп турасыңбы? Байкашымда, сенин көзүң да, тилиң да жайында эмес окшойт. Ошол күнү эртең менен көзүң менен тилиңди куюн даарып кетсе керек?
— Өз көзүм менен көргөм да; Ситка Чарли ушуерде болсо, ал далилдеп, күбө болот эле.
— Болгон ишти тана албайсың. Адегенде абдан алыс турган суу тоңот деш бул табигый нерсе эмес.
— Бирок, мен өз көзүм…
— Жетет! Эмне эле сен аны уламдан-улам кайталап калдың — деди Беттлз аны ынандыргысы келип.
Бирок Лон Мак-Фэйндин кельттик кырс мүнөзүнө тийип ачуусу келе түштү:
— Сен эмне, мага ишенгиң келбейби?!
— Эгерде сен айтканыңдан кайтпай кежеңдей берсең — ишенбейм; баарыдан мурда мен жаратылышка жана болгон ишке гана ишенем.
— Демек, сен мени калп айтты дегиң келип турат ко? — деп Лон жекире сүйлөдү.— Сен андан көрө өзүңдүн сиваш аялыңдан сурап көр. Менин чын же калп айтканымды ал айтып берсин.
Беттлз ачуусуна чыдабай кыжыры кайнап, туталанып кетти. Ирланд байкабастан анын намысына тийип алды. Анткени Беттлздин аялынын энеси индианка, атасы аң терилери менен соода кылган орус болчу. Ал аялы менен Нулатодогу православиелик[1] миссияда никелешкен, Юконду ылдый бойлоп жүргөндө мындан миң милдей ыраак келет. Демек, анын аялы ата-теги жагынан жергиликтүү сиваш аялдардан алда канча жогору турат. Бул түндүктөгү укмуштуу окуя издеген адамга гана түшүнүктүү, айырмалуулугу билинер-билинбес, кылдат нерсе эле.
— Ооба, ошондой деп түшүнө бер, — деп ал чечкиндүү түрдө ырастады. Андан кийин Лон Мак-Фэйн аны көз ачып жумганча жерге көтөрүп урду, мештин тегерегинде отургандар орундарынан ыргып туруп, алты-жети киши ошол замат чатакташкандардын ортосуна түшө калышты.
Беттлз эрдиндеги канды аарчып өйдө турду.
— Мушташуу жаңылык эмес. Бул үчүн мен сени менен эсептеше албайт деп турасыңбы?
— Өмүрүмдө мени эч ким эч качан калп деп айткан эмес,— деп Лон салабаттуураак сүйлөдү. — Өзүң каалаган жол менен менден өч алууга сага көмөктөшпөсөм эле жерге кирип кетейин.
— Сеники баягы эле 38—55?
Лон башын ийкеди.
— Андан көрө өзүңө жарактуураак калибр таап ал. Менин тапанчам сенин бир жериңе тийсе жаңгактай тешик калтырат.
— Мен үчүн убара болбой эле кой! Анткен менен тапанчамдын огунун учу жумшак, бирок тешип өтүп, чыккан жерин ородой эшип кетет. Мен сени менен качан беттешүүгө татыктуу болом? Менимче, муздагы суу алгычтын жээги ылайыктуу жер.
— Тандаган жериң жаман эмес. Туура саат бирде ошоерге кел, мен да көп күттүрбөйм.
Экөө тең мээлейин кийип, жолдошторунун акидей асылганына көңүл бурушпастан, Кыркынчы Милдин күзөт бөлмөсүнөн чыгып кетишти. Чатак бир болор-болбостон чыккансыды, бирок мүнөзү кырс жана оюна келгенин бербеген өжөр адамдардын майда-чуйда чыр-чатактары чоң жаңжалга айланып кетет. Анын үстүнө, ал кездерде алтын чыгуучу катмарларды кышында иштетүүнү эч ким билчү эмес, андыктан Кыркынчы Милде жашагандар арктикалык узакка созулган кышта үйлөрүнө камалып жатып, опкоктуктан жана аргасыз бекерчиликтен улам буулугуп, кулк-мүнөзү аябай бузулууга жана күзүндө балчелектер балга толуп кеткен кездеги аарылардай ачуулуу болуп калышат.
Ал убакта Түндүк Өлкөдө укукка негизделген мамлекеттик сот иштери жөнгө салына элек болчу. Королдун аттуу полициясы да келечекте боло турган иш эле. Кимде-кимдин өзүнө тийиштүү иши болуп калса, чатактын салмагын өзү өлчөп, жазаны өзү берчү. Экөө биргелешип, бирөөгө каршы озбодорчулук кылуунун зарылдыгы анда-санда гана учурайт, ал эми сегизинчи осуятты бузуу учуру Кыркынчы Милдин лагеринин бардык күңүрт тарыхында эч качан болгон эмес.
Чоң Жим Белден ошол замат шашылыш түрдө кеңешме уюштурду. Скрафф Маккензи председателдик орунду ээледи, чакырып келүүгө Рубо попко киши жиберишти. Кеңешмеге катышкандардын абалы эки ача болучу, буга алар өздөрү да түшүнүшкөн. Колдо бар мүмкүнчүлүк боюнча кокус алар кийлигишсе, эрөөлдү токтотуп коюуга болмок, бирок бул иш — алардын каалоосуна толук жооп берген менен, көз караштарына кайчы келет. Анын үстүнө, алар өзүлөрүнүн эскирген жөнөкөй этикасы боюнча муштумга муштум менен жооп берүү ар кимдин жеке акысы деп эсептешкени менен, Беттлз менен Мак-Фэйндей эки жакшы жолдошторунун бычак учунда кездешүүсүнө жол бергилери келбеди. Алардын түшүнүгү боюнча, чакырыкты кабыл албаган киши коркок деген атка конмок, бирок эми иш ошондой болуп калгандан кийин, атышуунун болбой калышын көздөштү.
Кеңешме жүрүп жаткан кезде кайдан-жайдан пайда боло калган тери чокойдун карда бат-бат кырчылдаганы, ач кыйкырык жана андан кийин атылган тапанчанын жаңырыгы угулду. Ошентип кеңешме токтоп калды. Эшиктер катары-катары менен шарт-шарт ачылып, оозунан түтүнү булаган тапанчасын кармаган бойдон эшиктен Мэйлмют Кид күлмүңдөп кирип келди.
— Турган жеринде жайладым,— деди тапанчанын огун алмаштырып атып: — Бул сенин итиң беле, Скрафф,— деп кошумчалады.
— Сары Азуубу? — деп сурады Маккензи.
— Жок, баягы бир шалпаң кулак бар эмес беле, ошол.
— Шайтан баскыр! Ал соо эмес беле!
— Эшикке чыгып, карап көрбөйсүңбү.
— Акыры жүрүп дал ушундай болмок. Мен өзүм да аны соо болбойт ко деп ойлогон элем. Бүгүн эртең менен келип Сары Азуу аны аябай талап кеткен, андан кол жууп кала жаздадым. Заринкага барып асылды, бирок аны этек-жеңи менен тумшукка чапкылап, иши кылып белдемчисин тыттырып, үстү-башынын баары кар болуп, араң качып кутулду. Андан кийин ал кайта токойго качып кетти. Менин билишимче эми кайрылып келбес. Эмне, сенин итиң да күмжам болдубу?
— Ооба, бирөө, иттеримдин эң жакшысы — Шукум кутуруп кетти. Бүгүн эртең менен кутурду, бирок көп алыс кеткен эмес. Ситки Чарлинин чанадагы иттерине барып бир тийди, алар көчөнүн аяк-башына чейин сүйрөп жүрүп, аябай талады. Аларга да жуккан окшойт, анын да эки ити кутуруп, чанадан чыгып кетиптир. Алдын-ала бирдеме колдонбосок, жазга чейин иттердин көбүнөн кол жууйт окшойбуз.
— Адамдардан да.
— Ал эмне дегениң? Бирөө бирдеме болдубу?
— Беттлз менен Лон Мак-Фэйн кер-мур айтышып калышты жана бир нече минутадан кийин төмөн жактагы суу алгычтын жанынан өч алышмак болушту.
Ага төкпөй-чачпай бардыгын айтып беришти. Анын сөзүн жолдоштору кыңк этпестен аткарарына абдан ишенген Мэйлмют Кид бул ишке өзү киришмекчи болду. Ал иштин планын өз ичинен тез ойлоно салды да, аларга айтып берди, анын бардык жардыгын так аткарууга убада кылышты.
— Мына өзүңөр көрүп турасыңар,— деди ал акырында,— биз аларды атышуу укугунан таптакыр ажыраткан жерибиз жок; бирок биздин пландын маанисинтүшүнгөндө алар өздөрү эле баш тартарына мен ишенип турам. Турмуш — оюн, адамдар болсо — оюнчулар. Эгерде утуу үчүн миңден бир мүмкүнчүлүк тапса, алар мал-мүлкүн бүт союуга даяр. Бирок алардан ошол жалгыз мүмкүнчүлүгүн тартып алсаң, алар ойнобой калат.— Анан ал күзөт үйүнүн чарбасын башкаруучу адамга кайрылып:
— Жарым дюймалык бышык арканыңдан мага он сегиз фут кесип берчи. Кылымдын аягына чейин Кыркынчы Милдегилер эстеп жүргүдөй окуя баштайбыз, — деди ал.
Андан кийин акырында колуна түрүп, негизги күнөлүүлөр менен өз убактысында кездешүү үчүн жолдошторун ээрчитип эшикке чыкты.
— Аялым жөнүндө ал эмне тантырайт?— деди Беттлз жоошутууга аракет кылгандарга моюн бербей чаңырып. — Антүүнүн кереги эмне эле? — деди ал чечкиндүү. — Антүүнүн кереги эмне? — деп кайталай берди да, Лон Мак-Фэйнди күтүп, ары-бери басты.
Лон Мак-Фэйндин өңү кумсарып, тилин тартпай, ачыктан-ачык эле чиркөөгө шек келтирип сайрап атты.
— Андай болсо, молдоке,— деп кыйкырды ал попко,— андай болсо, анда мен жүрөгүмдү зырпылдатып туруп, оттуу жууркандарга оронуп, күйүп жаткан көмүрдүн чогуна жатып алам. Лон Мак-Фэйн калпычы, анысын көз ирмебей мойнуна алат деп эч ким эч качан айта албайт. Мага сиздин батаңыздын кереги эмне! Көп болсо менин өмүрүм супсак өткөндүр, бирок эмне жакшы, эмне жаман экенин жүрөгүм ар дайым билчү.
— Лон, бирок биерде жүрөк эмес,— деди Рубо поп анын сөзүн бөлүп. — Сенин намыскөйлүгүң өз жакыныңды өлтүрүүгө түртүп жатат.
— Ай, ушу сиз француз! — деп жооп берди Лон. Андан кийин бурулуп кетүүгө бет алганда кайта кайрылып: — Айтыңызчы, эгерде менин көзүм жумулуп кетсе, сиз мага жаназа окуйсузбу?— деп сурады.
Бирок поп жооп берүүнүн ордуна жылмайып гана койду да, чокою менен карды балпылдатып, дымып жаткан өзөндүн кардуу мейкинин көздөй алга жөнөдү. Суу алгыч жерди карай кеткен туурасы он алты дюймдан ашпаган чананын изиндей кичинекей чыйыр жол. Жолдун эки жагында жумшак, терең кар жатат. Эл чыйыр жолдо чубашып үн катпай баратышты; алардын арасында бара жаткан кара кийимчен поп аза процессиясына салтанаттуу түр бергенсийт. Бүгүн Кыркынчы Милде күн адаттагыдан тышкары жылуу эле: көгөргөн асман жерге жакын салаңдагансыйт, термометрдин сымабы адетте жылдын ушул мезгилинде учурабай турган нолдон төмөнкү жыйырма градусту көрсөтүп турган. Бирок бул жылуулук жакшылыктын жышаанасы эмес болчу. Жерден узаган сайын аба аз сыяктуу сезилет: бир орундан жылбай түнөргөн булут кар алып келгендей, эми ал кышкы уйкуга кеткен, камаарабаган жер мемиреп гана күтүүдө.
Жолдугата өз ичинде чатакты териштирип келаткан Беттлз суу алгыч жерге жеткенде өзүнүн: «Антүүнүн кереги эмне эле!» — деген сөзүн акыркы жолу дагы айтты. Лон Мак-Фэйн мурункусундай эле түнөрүп үн катпады. Ачуусу абдан келгендиктен, ал буулугуп сүйлөй да алган жок.
Ошентсе да алар таарынчтарын бир паска унута калышканда өз ичтеринен жолдошторуна аябай таң калышты. Экөө тигилер талашып-тартышат деп ойлошкон эле, — ал эми мынабу унчукпай баратышкандары — экөөнүн күйбөгөн жерин күл кылды: Ушунчалык жакын көргөн досторунун кызуу катышуусун күтүүгө болот эле. Ошентип экөө өз ичтеринен аларга тымызын капа болушту. Ушунча достору чогулуп туруп, аларды арачалап койбостон, майрамдан бетер кайра экөө бирин-бири кандай өлтүрөрүн көрүшкүлөрү келгенине аябай таарынышты. Кыязы, аларды Кыркынчы Милде анча баалабайт окшойт ко. Жолдошторунун кылык-жоругу аларды айран-таң калтырды.
— Кыр арка тур, Дэвид. Канча алыстыкта атышабыз — элүү кадамбы же жүзбү?
— Элүү, — деп жооп берди тигил; бул сөз жеткиликтүү ачык айтылган менен, күңкүлдөбүрөөк угулду.
Мэйлмют Киддин жеңинде жашыруун, бирок, коомай оролуп жүргөн манилдик жаңы аркан ирландыктын көрөгөч көзүнө чалдыга түштү; арканды көрөр замат ал кулак түрүп сак болууга аргасыз болду.
— Сен алдагы арканды эмне кыласың?
— Кана, силер, тез кыймылдагыла! — деди Мэйлмют Кид жооп берүүнүн ордуна, анан саатына көз чаптырды — Мен нан жабайын дедим эле, камыр ачып-кычып кетпесе экен. Анын үстүнө бутум да тоңуп кетти.
Калгандары да сабырсызданып ар кимиси өздөрүнчө нааразылыгын айтышты.
— Болуптур, бирок аркандын кереги эмне, Кид? Бул таптакыр жаңылык, аркан менен тартып алгыдай сенин нандарың, албетте, ошончолук оор эмес да?
Ошол мезгилде Беттлз тегерегиндегилерге көз чаптырды. Кызык абалга эми гана түшүнө баштаган Рубо поп мээлейи менен оозун жаап, күлкүсүн жашырууда.
— Жок, Лон, бул аркан адам үчүн даярдалды.
Мэйлмют Кид кырдаалы келе калганда сөздү абдан тике айтчу.
— Кайсы адам үчүн? — деп Беттлз бул суроо аны да кызыктыра баштаганын сезе койду.
— Экинчиси үчүн.
— Аны менен сен кимди айтмакчысың?
— Угуп турчу, Лон, Беттлз, сен да! Биз силердин кичинекей чатагыңарды териштирип көрдүк жана баарыбыз бир чечимге келдик. Силерди атыштырбай коюуга акыбыз жок экенин биз жакшы билебиз…
— Мына ушул туура!
— Биз антпей деле койсок болот. Бирок мына ушул атышууну Кыркынчы Мил лагеринин мындан аркы тарыхында эң акыркысы кылып коюу биздин колубуздан келет жана сөзсүз ошентебиз. Бул Юкондо жашаган ар бир чечако үчүн сабак болуп калсын. Тирүү калганың ошол бакка асылат. Эми атыша бергиле.
Лон ишенбегендей жылмайып койду да, андан кийин мостоё калды.
— Элүү кадам чене, Дэвид; эки жакка бетме-бет туруп алып, бирөөбүз мерт болмоюнча атыша беребиз. Алар анте алышпайт! Билип кой, мунун баары бизди коркутуш үчүн ойлоп тапкан жанагы янкинин акылы!
Ал өзүнө-өзү корстон болуп, алга басты, бирок Мэйлмют Кид аны токтотуп туруп:
— Лон, сен мени көптөн бери билесиңби? — деп сурады.
— Көптөн бери, Кид.
— А сенчи, Беттлз?
— Июнда, суу киргенде беш жыл болот.
— Мына ошол убакыттын ичинде мен өз сөзүмө турбаган деги бир кокустук болду беле? Же болбосо ал жөнүндө башка бирөөлөрдөн укканыңар барбы?
Экөө тең башын чайкап, тигинин суроосунун маанисин түшүнүүгө аракеттеништи.
— Демек, менин айткан сөзүмө ишенүүгө болот экен да?
— Тилкаттай эле ишенүүгө болот, — деди Беттлз.
— Куду эле бейиштин жыргалчылыгынан үмүттөнгөндөй иш, — деп жиберди Лон Мак-Фэйн да.
— Анда эмесе, угуп тургула! Мен, Мэйлмют Кид, силерге сөз беремин— а менин сөзүм текке кетпесин силер билесиңер,— экөөңдүн тирүү калганың атышуу бүткөндөн он минут өткөндөн кийин дарга асылат.— Ал, колун жууп бүткөн Понтий Пилатка окшоп, кетенчиктеп кетти.
Айлана жымжырт. Кыркынчы Милдин адамдары үн катпай турушат. Асман түнөрүп, төбөгө дагы жакындап адамдын деминдей, жакшынакай жалтылдаган көзгө илешпес геометриялык майда сөлөкөттөрдү — суук боз чаңгытты жерге төгүп турат. Күн кайра тартып, өзүнүн түндүктөгү сапарынын жарымына жетмейинче ал чаңгыттар жашай берет. Беттлз да, Лон да мындан мурун далай жолу тобокелге салып көрүшкөн; бирок оюн-чындын ортосунан чыгып кеткен ал кооптуу окуяны баштаарын башташканы менен өз ичтеринен дайыма Бактылуу Учурга сыйынышчу. Бирок ал ырайымдуу кудайдын жардамы бу жолу таптакыр тийгидей эмес. Алар Мэйлмют Киддин оюн боолголош үчүн, анын иреңине алдыртан көз чаптырышат, бирок андан эчтеке чыкпасы белгилүү. Жымжырттык көпкө созулган сайын тигил экөөнүн сүйлөшкүлөрү келишет. Кокустан эле иттердин каңшылаганы тынчтыкты дароо бузду; уу-чуу Кыркынчы Миль жактан чыкты. Жаман жөрөлгөлүү дабыш өлүм алдындагы кайгыга жана сарсанаага кошулуп, күчөгөндөн күчөдү, акыры, узакка созулган улуп-уңшуудан кийин тынчып калды.
— Ушундай да болот экен ээ, шайтан баскырдыкы!— деди да, Беттлз жылуу бешмантынын жакасын өйдө көтөрүп, ырайым сурагандай эки жагын каранды.
— Пайдалуу оюн таптың сен, Кид! — деди Лон Мак-Фэйн. — Утугунун баары жалпыныкы, оюнчуга болсо сокур тыйын жок. Шайтандын өзү да ушу кезге чейин мындайды ойлоп тапкан эместир, эгерде антсем, мени ант урсун?
Кыркынчы Милди жердөөчүлөр муздагы оюлган тепкичтер менен жөрмөлөп жээкке
чыгып жана көчөдөн өтүп, посту карай кетип баратышып, алдыртадан чыккан тымызын күлкүлөрдү угушту жана бубак турган кирпиктен улам араң сезилген көз кысууларды байкашты. Бирок иттердин коркунучтуу улуп-уңшуусу, каңшылаганы улам жакындай берди. Бурчтан аялдын чаңырган үнү угулду. «Мына ал!» — деген кыйкырык чыгып калды. Аңгыча индеец бала тызылдаган бойдон келип тигилерге бир тийди, андан кийин беш-алты ит ажалдын өзү артынан кууп келаткансып зымырылып келип кишилерге аралаша түштү. Алардын артынан боз жүнүн дүгдүйткөн Сары Азуу кууп келатты. Янкиден башкасынын баары туш келди бытырап качып жөнөштү. Индеец бала мүдүрүлүп барып, көмөлөнүп кетти. Беттлз аны тонунан камтый кармап, дегдеңдете сүйрөгөн бойдон бийик жыйылган отунду карай жөнөдү. Анын бир топ жолдошу анын үстүнө чыгып кетишкен. Сары Азуу бир итти кубалап келип, кайра зымырылган бойдон бура тартты. Тигил ит кутура элек болчу, бирок коркконунан таптакыр эстен танып, куугундан кутулууга далбас уруп баратып, Беттлзди көмөлөтө коюп кетти да, көчөнү бойлоп, жогору карай сызды. Мэйлмют Кид мээлебей туруп Сары Азууну атып калды.
Кутурган ит каңшылаган бойдон оңко-чоңкосунан барып чалкасынан түштү, бирок ошол замат тура калып, Беттлзди карай так түйүлдү. Бирок экинчи чечүүчү секирик болгон жок. Лон Мак-Фэйн жыйылган отундун үстүнөн ыргып түшүп, секиргени бараткан Сары Азуунун алдынан тосту. Алар жерде будалана түшүштү. Лон итти алкымдан алып, сасык шилекей жаба берген тумшугун оолак кармап турду. Шилекей анын бетине да чачырап кетти. Тапанчасын колуна алып, ыңгайлуу шартты күтүп турган Беттлз мына ошол кезде жекеме-жеке күрөштүн аягына чыкты.
— Мына бул накта салгылашуу, Кид, — деди Лон өйдө туруп, жеңиндеги карды кагып жатып,— чынында жеңиш меники.
Ошол күнү кечинде Лон Мак-Фэйн чиркөөнүн бардыгын кечирүүчү кучагына кайтып келүүнү ойлоп, Рубо поптун кепесин көздөй баратканда, Мэйлмют Кид дээрлик натыйжа чыкпай турган узак аңгеменин үстүндө болду.
— Эгерде алар атышып калса, — деди Маккензи көшөрүп,— сен чыны менен эле ошентет белең?
— Мен айткан сөзүмө турбаган жерим барбы?
— Жок; бирок кеп анда эмес. Суроого жооп берчи. Ошентет белең?
Мэйлмют Кид керилип койду.
— Билесиңби, Скрафф, мен да өзүмдөн дайыма ошону сурайм…
— И, анан эмне?
— Азырынча мен ал суроого жооп бере албайм.
Которгон С.ЭРМАТОВ
[1] Православие—христиан дининин бир түрү.