
Которгон Фарида ИСАНОВА
БИРИНЧИ БӨЛҮМ
1-Бап
МАРСЕЛЬ. КАЙТЫП КЕЛҮҮ
Жыйырма жетинчи февраль 1815-жылы Нотр-Дам де-ла-Гарддын күзөтчүсү, Смирна, Триеста менен Неаполдон кайтып келе жаткан үч мачталуу «Фараон» кемесинин жакындап калганынан кабар берди.
Адаттагыдай эле порт лоцманы дароо эле буйткадан узап, Иф сепилин жандай өтүп барып, Моржион кысыгы менен Рион аралынын ортосунан кемеге жанашты.
Дароо эле ар качанкыдай ыйык Иоанн аянты ар нерсеге кызыкдар жардашкан көпчүлүккө толуп чыкты, себеби, Марселде кеменин келиши зор жаңылык, анын үстүнө бул байыркы Фокеяда курулуп, жабдыланып, толтурулган «Фараон» кемеси болчу, андан калса, ал жергиликтүү арматорго тиешелүү эле.
Аңгычакты кеме жакындай берди; ал Каласарень жана Жарос аралдарынын ортосундагы качандыр бир кезде жанар тоо атылышынан пайда болгон куймадан ийгиликтүү өтүп, Помегди ашып үч марсель, кливер жана контрбизанга удаалаш жай гана аза күткөндөй жакындай берди, жабалакташкандар алда немени туюшуп, алар менен эмне болушу мүмкүн деп өздөрүнөн сурап жатышты. Канткен менен көздөрү каныккан билермандарга айкын болгондой, эмнеси болсо да кеме жайында, ал мыкты башкарылган кеме катары сүзүп келди: якорь түшүрүлүүгө даяр болуп, ватербакштаг берилип, ал эми «Фараонду» марселдик кууш буйткага киргизүүгө даярданган лоцман жанында, кеменин ар бир кыймылына көзөмөл жүргүзүү менен лоцмандын ар бир буйругун кайталаган, курч жана шамдагай жаш жигит турду.
Жабалактаган элдин үстүндө калкыган дүрбөлөң ой, көрүүчүлөрдүн бирин өзгөчө түпөйүлгө салды, ошондуктан ал кеменин портко киришин күтпөстөн; кайыкка секирип түшүп «Фараонду» карай сүзүүнү буйруду жана аны менен Резерв бухтасынын каршысынан бет келди.
Жакындап келе жаткан адамды көргөндө эле жаш моряк лоцмандан алыстап барып, баш кийимин алып, бортко жакын тура калды. Бул он сегиз жыйырма жаштар чамасындагы бою узун, сымбаттуу, көздөрү карагаттай жайнаган, капкара чачтары көөдөй жигит эле; анын турган турпатында, бала чагынан коркунуч менен кармашып көнүп калган адамга тиешелүү, токтоолук менен чечкиндүүлүк жуурулушуп турду.
– А! Бул сизби, Дантес! – деп кыйкырды кайыктагы киши. – Тынччылыкпы? Эмне кемеңердин кабагына кар жаап калган?
– Моррель мырза, чоң жоготуу болду, – деп жооп кайтарды жигит, – өзгөчө мен үчүн чоң жоготуу: Чивита-Веккия жанында биз кажыбас капитаныбыз Леклерден айрылдык.
– Жүктөрчү? – деп тынчы кете суроо узатты арматор.
— Алар жайында, Моррель мырза, менимче алардан көңүлүңүз куштар болор… Бирок кайран капитан Леклер…
– Ага эмне болду? – деп сурады арматор, үстүнөн оор жүктү алып ыргыткандай. – Биздин кайраттуу капитанга эмне болду?
– Ал кайтыш болду.
– Борттон куладыбы?
– Жок, ал эс-акылдан танып, аябай катуу кыйналып жатып жан берди, – деди Дантес.
Анан экипажга кайрылып, кыйкырып калды:
– Эй! Ордуңарга баргыла! Якорго тургула!
Экипаж баш ийип турду. Анын тутумундагы сегиз-тогуз матрос дароо бири штокко, бири брас, бири фал, бири кливер-нирал, бири гатга чуркашты.
Жаш моряк баарына учкай көз жүгүртүп, буйрук кынтыксыз аткарылып жатканына күбө болгон соң, кайрадан маектешине кайрылды.
– А бул апаат кандайча болду? – деп арматор сураганда, үзүлүп калган маек кайрадан уланды.
– Ооба, күтүүсүздөн болду. Порттун коменданты менен узакка созулган сүйлөшүүдөн кийин капитан Леклер абдан кызуулана Неаполдон чыгып кетти; бир суткадан кийин анын табы кайтып, үч күндөн кийин акка моюн сунду… Биз аны урмат-сый менен абалтан келаткан каада-салтка ылайык, бутуна жана башына ядро коюп, ак кепиндеп, ээсине бердик, эми анын жаны Дель Жильо аралына тушташ жай тапты. Жесирге биз анын крести менен шпагасын алып келдик. – Түккө турбайт, – деп кошумчалады жигит маанайы пас жылмайып, – эгер эл сыяктуу эле төшөктө өлө турган соң, англичандар менен он жыл согушуунун кажети бар беле!
– Биздин колдон эмне келет, Эдмон! – деди арматор, убакыт өткөн сайын жүрөгү бир жаңсыл болуп. – Биз баарыбыз пендебиз, улуулар кичүүлөргө орун бошотушу керек, – болбосо жашоо токтоп калбайбы. Демек сиздин айтууңуз боюнча, жүк…
– Бардыгы жайында, Моррель мырза, мен сизге сөз берем. Менимче, жыйырма беш миң франк кирешеге топук кылсаңыз, арзанга саткан болосуз деп ойлойм.
Анан «Фараондун» тегерек мунарадан өткөнүн байкай калып, кыйкырып калды:
– Марска-гиттерди! Кливер-нирал! Бизанга-шкот! Якорду түшүрүүгө даярдан!
Буйрук аскер кемесиндегидей тездик менен ишке ашты.
– Шкотторду бергиле! Парустарды гиттерге койгула!
Акыркы буйрук боюнча бардык парустар коё берилип, кеме өз алдынча инерция боюнча кыймылга келип калды.
– Эми, Моррель мырза кемеге көтөрүлбөйсүзбү, – деди Дантес, арматордун чыдамы кетип турганын көрүп. – Мына Данглар мырза, сиздин бухгалтер, каютадан чыгып келатат. Ал сизге каалаган кабарыңызды чыпчыргасын коротпой айтып берет. Мен болсо якорго туруп, аза күтүүнүн белгилерине кам көрөйүн.
Экинчи ирет чакырууга муктаждык болгон жок. Арматор Дантес ыргыткан арканды шап кармап, ар бир моряк таңдана тургандай шамдагайлык менен кеменин капталына кагылган тутканы кармап чыга келди, ал эми Дантес болсо каютадан чыгып, түз эле Моррель тарапка бет алган Данглар деген немеге сөздү таштап, өзүнүн адаттагы ордуна кайтып барды.
Бул жыйырма беш чамасындагы, үңүрөйүп кабагы ачылбаган, чоңдор алдында кошаматка кой сойгону менен кол астындагыларды кууруган киши эле. Бухгалтер деген наамы матростордун кыжырын шакардай кайнатып, экипаж Дантести канчалык жакшы көрүшсө, аны ошончолук жек көрүшө турган.
– Эмне дейин, Моррель мырза, – деди Данглар, – бизди тооруган каргаша туурасында билдиңиз да?
– Ооба! Ооба! Байкуш капитан Леклер! Ал абдан чынчыл жана жакшы киши эле!
–Эң башкысы – асман менен суунун ортосунда карыган эң мыкты моряк эле, «Моррель жана Уул» сыяктуу ири фирманын кызыкчылыгы ишеним арткан адам ошондой болуш керек, – деп жооп кайтарды Данглар.
– Менин оюмча, – деди арматор, кемени токтотууга ыңгайлуу жер тандап жаткан Дантестен көздөрүн албай байкоо салып, – сиз айткандай, өз ишин билүү үчүн сөзсүз эле карыган моряк болуу шарт эмес. Мына биздин Эдмон досубуз өз ишин майын чыгара аткаргандыктан, менимче, эч кимдин кеңешине зарыл эмес.
– Ооба, – деп жооп кайтарды Данглар, Дантести көз кыйыгы менен жек көрө карап, – ооба, жаштык менен өзүнө ашыкча ишенүүчүлүк. Капитан өлүп-өлө электе эле эч ким менен кеңешпестен, команданы колго алып, Марселге түз келбей, Эльба аралында бир жарым күн коротууга аргасыз кылды.
– Команданы колго алуу менен, – деди арматор, – ал капитандын жардамчысы катары өз милдетин аткарганы эмеспи, эгерде эле кеме ондоп-түзөөгө муктаж болбосо, албетте Эльба аралында бир жарым күн короткону осолдук.
– Кеме жайында жана анда эч кандай мүчүлүштүк жок эле, Моррель мырза, ал эми анын бир жарым күн короткону экиленгендик, жээке чыгуу үчүн шылтоого шыноо.
– Дантес! – деди арматор, жигитке кайрылып. – Бери келиңизчи.
– Кечиресиз, мырза, – деп жооп кайтарды Дантес, – бир мүнөттөн кийин сиздин кызматыңызда болом.
Анан экипажга кайрылып, буйрук берди:
— Якорду түшүргүлө!
Буйрукту аткарып якорду коё беришкенде, чынжыр күү-шаа болуп ылдый чуркады. Дантес лоцман турганына карабастан, бул акыркы маневр аткарылмайынча өз ордунда кала берди.
Анан ал минтип кыйкырды:
– Учу ачакей желекчени жарымына чейин түшүрүп, байракты күрмөк байлап, рейди арчындагыла!
– Мына көрдүңүзбү, – деди Данглар, – сөз берем, ал эмитен эле өзүн капитан сезип алды.
– Эмне экен ал ансыз да капитан, – деди арматор.
– Ооба, бирок сиз же сиздин компаньон тарабынан бекитиле элек да, Моррель мырза.
– Аны эмнеге капитандыкка калтырууга болбосун? – деди арматор. – Ачыгын айтсак, ал жаш, ошондой болсо да өз ишин билет жана тажрыйбалуу экени байкалат.
Данглардын жүзү сумсая түштү.
– Кечириңиз, Моррель мырза, – деди Дантес, жакын басып келип, – якорь түшүрүлдү, эми мен сиздин кызматыңыздамын. Сиз, мени чакыргандай болдуңузбу?
Данглар бир кадам артка чегинди.
– Мен сизден, силер эмне себеп менен Эльба аралына кайрылганыңарды сурайын дегем?
– Өзүм да билбейм. Мен капитан Леклердин акыркы буйругун аткардым.
Жаны чыгып баратканда ал мага маршал Бертранга пакетти жеткирүүмдү буйруду.
– Демек, Эдмон сиз аны көрдүңүзбү?
– Кимди?
– Маршалды.
– Ооба.
Моррель эки жагын карады да, Дантести ары карай жетелеп кетти.
– Императорго эмне болуптур? – деп сурады ал жанталаша.
– Менимче, дени-карды соо.
– Демек, сиз императордун өзүн да көрдүңүзбү?
– Ал маршалга киргенде, мен ошол жерде элем.
– Анан сиз аны менен сүйлөштүңүзбү?
– Туурасы, ал мени менен сүйлөштү, – деп жооп кайтарды Дантес жылмая.
– Ал сизге эмне деди?
– Кеме жөнүндө, Марселге качан жол тартып, биздин сапарыбыз, жүгүбүз тууралуу сурады. Менимче, эгер кеме бош жана мага тиешелүү болгондо, ал сатып алууга даяр эле; бирок мен капитандын орун басары болгонумду жана кеме «Моррель жана Уул» соода үйүнө тиешелүү экенин айтканымда, «А, билем, – деди ал, – Моррелдер, укумдан-тукумга арматорлор, бир Моррель биздин полкто кызмат кылган, анда мен Баланста элем» – деди.
– Туура! – деп кубана кыйкырды арматор. – Ал капитандыкка чейин кызмат өтөгөн менин тайкем Поликар Моррель. Дантес, сиз менин тайкеме, император аны эстегенин айтыңыз, ошондо карыган чал кандай гана ыйлайт экен көрөсүң. – Бали, бали, – арматор досторчо жаш морякты далыга таптай, – Эльбада токтоп, капитан Леклердин буйругун аткарып, Сиз туура кылыпсыз, Дантес; бирок эгер сиз маршалга пакет алып барганыңызды жана император менен сүйлөшкөнүңүздү билип калышса, зыян тартып калышыңыз мүмкүн.
– Мага кандай зыян тийиши мүмкүн? – деп жооп кайтарды Дантес. – Мен ал пакетте эмне бар экенин билген жокмун, ал эми император биринчи жолуккан кишиге берчү суроолорун берди. Бирок уруксат берсеңиз: тигинде карантин жана салык аткаминерлери келе жатышат.
– Барыңыз, барыңыз, кымбаттуум менин!
Жаш жигит ары басканда, Данглар дароо пайда болду.
–Эмне болуптур? – деп сурады ал. – Ал сизге эмне себеп менен Порто-Феррайого киргенин түшүндүрдүбү?
– Албетте, урматтуу Данглар.
–А! Анда жакшы, – деп жооп кайтарды ал. – Жолдошуң өз милдетин аткарбаганын көрүү оңой эмес.
–Дантес өз милдетин аткарды, бул жерден кынтык таба албайсың, – деп каршы чыкты арматор. – Ага капитан Леклер Эльбага токтоого буйрук бериптир.
– Айтмакчы, капитан Леклер тууралуу; ал сизге жолдогон катты бердиби?
– Ким?
– Дантес.
–Магабы? Жок. А эмне анын каты бар беле?
– Менимче, капитан ага пакеттен тышкары дагы кат бергендей болду эле.
– Данглар, сиз кайсы пакет тууралуу айтып жатасыз?
– Дантес Порто-Феррайого алып барган пакет тууралуу.
– Сиз Дантестин Порто-Феррайого пакет жеткиргенин кайдан билесиз?
Данглар кызарып чыкты.
– Мен капитан каютасынын жанынан өтүп баратып, капитандын Дантеске пакет жана кат берип жатканын көргөм.
– Ал мага эч нерсе жөнүндө айткан жок, эгер анда кат болсо, анда аны мага берет.
Данглар ойлонуп калды.
– Андай болсо, Моррель мырза, сизден суранам, бул тууралуу Дантеске айта көрбөңүз. Мен, чын эле адашыпмын.
Ошол саамда жаш моряк кайтып келди. Данглар кайрадан артка кетенчиктеди.
– Эми, урматтуу Дантес, сиз бошсузбу? – деп сурады арматор.
– Ооба, Моррель мырза.
– Сиз абдан тез жайгардыңыз го!
– Ооба, мен салыкчыларга биздин жүктөрдүн тизмесин бердим, ал эми порттон лоцман менен кошо дагы киши жөнөтүшүптүр, ошолорго кагаздарды тапшырып келдим.
– Демек сиздин бул жерде ишиңиз жок тура анда?
Дантес тез арада жан-жагына көз чаптырды.
– Ишим жок, баары жайында, – деди ал.
– Андай болсо биздикине тамактанууга баралы.
– Кечиресиз, Моррель мырза, бирок мен алгач атам менен көрүшүшүм керек. Чакырганыңызга ыраазымын…
– Туура, Дантес, туура. Мен сиздин мыкту уул экениңизди билем.
– А менин атам, – деп сурады Дантес чечкинсиз, – күүлү-күчтүү, дарманы жакшы элеби, сиз билбейсизби?
– Менимче, ал күчүндө, урматтуу Эдмон, бирок мен аны көрбөдүм.
– Ооба, ал өзүнүн куркулдайдын уясындай бөлмөсүндө уктап жатса керек.
– Бул жок дегенде, сиз жокто анын эч бир кем-карчы болбогонунан кабар берет.
Дантес жылмайды.
– Менин атам өтө намыскөй, эгерде ал көп нерсеге муктаж болсо да, бул ааламда кудайдан башка эч кимден жардам сурамак эмес.
– Ошентип, атаңызды көргөн соң, биз жакка кайрыласыз деп үмүт кылам!
– Дагы бир жолу кечирим сурайм, Моррель мырза, бирок мен үчүн кымбат болгон дагы бир милдетим бар.
– Ооба! Каталанда, атаңыз сыяктуу эле сизди чыдамсыздык менен күткөн бирөө бар экени эсимден чыгып кеткен тура, татынакай – Мерседес.
Дантес жылмайды.
– А ошондой! – деп сөзүн улады арматор. – Мен эми түшүнбөдүмбү, эмне эле ал «Фараон» качан кайтат деп, үч ирет келди дейм да. Шайтандын шапалагы, Эдмон, сиз кандай гана бактылуусуз, дос кызыңыз керемет!
–Ал мага дос кыз эмес, – деди моряк олуттуу, ал менин – колуктум.
– Кээде бул бир эле нерсе, – деп каткырды арматор.
– Биз үчүн эмес, – деп жооп кайрыды Дантес.
– Болуптур эмесе, Эдмон, мен сизди кармабайын. Сиз менин ишимди ушунчалык мыкты аткардыңыз, эми мен сиздин ишиңиздин бүтүшүнө убакыт бөлөйүн. Сизге тыйын-тыпыр керек эмеспи?
– Жок, кереги жок. Менин болгон айлыгым сакталуу, тактап айтканда, үч айлык эмгек акы.
– Сиз сарамжал адам экенсиз, Эдмон.
– Моррель мырза, менин атам кембагал экенин эсиңизден чыгарбаңыз.
– Ооба, ооба, билем, сиз мыкты уулсуз. Атаңызга жөнөңүз. Менин да уулум бар, мен да үч ай ажырашуудан кийин аны менен кездешүүгө жолтоо болгон кишиге ачууланмакмын.
–Демек сиз уруксат бересиз? – деди жаш жигит, ийилип.
– Эгер мага айта турган сөзүңүз жок болсо, жөнөңүз.
– Башка сөзүм жок.
– Капитан Леклер, өлүп баратып, сизден мага кат жолдободубу?
– Анын кат жазганга дарманы болгон жок; бирок сиздин сурооңуз, менин эки апталык өргүүгө сурана турганымды эске салды.
– Үйлөнүү үлпөтү үчүнбү?
– Үйлөнүү үлпөтү жана да Парижге сапар тартышым керек.
– Жарайт. Биз алты апта бою жүктөрдү түшүрөбүз, деңизге эң кеч үч айдан кийин чыгабыз. Бирок үч айдан кийин бул жерде болушуң керек, – деди сөзүн улап жатып жаш морякты ийининен таптап.
– «Фараон» деңизге өз капитанысыз чыга албайт.
– Өз капитанысыз! – деп кыйкырып жиберди Дантес, анын көздөрү кубанычтан жайнап кетти. – Моррель мырза, абайлап сүйлөңүз, анткени сиз азыр эле менин жүрөгүмдүн түпкүрүндөгү жашыруун үмүткө жооп кайтардыңыз. Сиз мени «Фараондун» капитаны шайлаганы турасызбы?
– Мен жалгыз болсом, кымбаттуум менин, мен сизге дароо кол сунуп: «Иш даяр!» – демекмин. Бирок менин өнөктөшүм бар, анын үстүнө сиз: «Chi ha compagno ha padrone»[1] – деген италиялык макалды билесиз да. Бирок иштин жарымы аткарылды, себеби, эки добуштун бири азыр эле сизге таандык. Ал эми сиз үчүн экинчини табуу жолун – мага коюңуз.
– О Моррель мырза! – деди, жаш жигит көздөрүнө жаш алып, анын колун кыса, – Сизге, атам менен Мерседестин атынан ыраазычылык билдирем.
– Анда эмесе, жарайт, Эдмон, чынчыл адамдар үчүн асманда кудай бар эмеспи, шайтан алгыр! Атаңызга барып, Мерседес менен көрүшкөндөн кийин мага келиңиз.
– Мен сизди жээкке жеткирүүмдү каалайсызбы?
– Жок, чоң рахмат. Мен бул жерде калып, Данглар менен айрым эсеп-чотко көз жүгүртөйүн. Сиз, бул иш сапар мезгилинде ага ыраазысызбы?
– Ыраазымын да, жок да. Жолдош катары – жок. Менимче, бир сапар аны менен кер-мур айтыша кетип, биздин жаңжалды чечип алуу үчүн,Монте-Кристо аралына он мүнөт токтотууну талап-сунуш кылганым акмакчылык, мен муну айтпашым керек эле, ал токтобой коюп акылдуулук кылыптыр. Бухгалтер катары эч кандай күнөө коё албайм, сиз деле анын ишине ыраазы болсоңуз керек.
– Бирок айтыңызчы, Дантес, – деп сурады арматор, – эгер сиз «Фараондун» капитаны болсоңуз, сиз чын дилиңиз менен Дангларды өз ордунда калтырат белеңиз?
– Капитан боломбу же жардамчы боломбу, Моррель мырза, мен ар качан өз кожоюндарымдын ишенимине кирген адамдарга толук сый-урмат менен мамиле кылам.
– Туура, Дантес. Сиз бардык тарабынан мыктысыз. Эми жөнөңүз, менин байкашымча сиздин чыдамыңыз кетип турат.
– Демек мен өргүүдөмүн да, ээ?
– Жөнөңүз деп жатам сизге.
– Сиздин кайыкты алууга уруксат этесизби?
– Алыңыз.
– Жакшы калыңыз, Моррель мырза. Миң мертебе ыраазымын.
– Жакшы бар, Эдмон. Ийгилик каалайм!
Жаш моряк кайыкка секирип түшүп, анын баш жагынан орун алып, Каннебьер көчөсүнө карай сүзүүнү буйруду. Эки матрос калакка жабышты, кайык зыпылдаган ылдамдыкта алдыга атырылып, башка кайыктар сындуу эле, порттон Орлеандын жээгин бойлой эки катар кеме арасындагы кууш өтмөктү торогон башка кайыктардан кем калбай баратты.
Арматор ал жээкке чейин жеткиче жылмая, көз кырын салып сүймөнчүк менен карап турду, мына ал көпүрөгө секирип чыгып, таңкы саат бештен кечки саат тогузга чейин атактуу Каннебьер көчөсүндөгү жабалактаган калың элге аралашып кетти. Ал тууралуу заманбап фокейлер көкүрөк кере сыймыктана, өздөрүнө тиешелүү акцент менен олуттуу: «Парижде да Каннебьер көчөсү болгондо, Париж кичинекей Марсель болмок» дешет.
Артына кылчайып, арматор өз далысынан Дангларды көрдү, ал буйрук күтүп жаткандай көрүнгөнү менен чындап келгенде, арматор сыяктуу эле жаш морякты узата карап турган. Бирок бул бир эле жигитке эки көз чаптыруунун, асман менен жердей айрымасы бар эле.
2-Бап
Ата менен Бала
Жек көрүүгө алдырган Данглар, арматордун көзүнчө өз жолдошун каралоого аракет кылганча, Дантестин аркасынан жөнөйлү, ал Каннебьер көчөсүн толук басып өтүп, Ноайль көчөсүн буйтап, Мельян аллеясынын сол тарабындагы чакан тамга кирип, караңгы тепкичтен жогору бешинчи кабатка көтөрүлүп, бир колу менен тепкич тосмосун кармап, экинчиси менен дүкүлдөп соккон жүрөгүн умачтай, жарым-жартылай ачылган каалга астына токтоду, андан бул чакан бөлмөнү көрүүгө болот эле.
Бул төөнүн көзүндөй бөлмөдө анын атасы жашай турган.
«Фараондун» кайтып келгени тууралуу кабар, үстөлгө чыгып калтыраган колдору менен терезесин жаап турган настурция менен ломоносторду оңдоп жаткан бул чалга, жеткен эмес. Күтүүсүздөн кимдир бирөө аны артынан кучактап калды, анан ал тааныш үндү эшитти:
– Ата!
Чал кыйкырып жиберди да артына кайрылды. Уулун көрүп, бопбоз боло калтырап, анын кучагына боюн таштады.
– Ата, сага эмне болду? – деп жаш жигит чебелектеп жиберди. – Сен сыркоолоп калдыңбы?
– Жок, жок, секетиң кетейин Эдмон, кулунум менин, туягым менин, жок! Бирок мен сени күткөн эмес элем… Сен мени күтүүсүз басып калдың… бул сүйүнгөндөн. О, жараткан! Мен өлүп калат окшойм!Эс ал ата, бул мен эле. Элдер “кубаныч – кайгы алып келбейт” дешет го, ошондуктан мен сенин үстүңө капыл-тапыл кирип келбедимби. Жылмайсаң эми, мени акылдан адашкан көздөрүң менен карабай. Мен үйгө келдим, мындан ары баары жайында болот.
– Аның жакшы, каралдым, – деп жооп кайтарды карыя, – бирок баары кантип жакшы болот? Эмне эми биз мындан кийин эч айрылышпайбызбы? Мага өз бактың тууралуу айтып берчи!
– Кудай өзү кечирсин, менин бактым бүтүндөй бир үй-бүлөнүн көз жашына курулду, кудай акы мен мындай бакыт каалабагам. Ал өзүнөн-өзү келди, менин кайгырууга чамам жок. Капитан Леклер көз жумду, эми Моррелдин колдоосу менен мен анын ордун алат окшойм. Түшүнүп жатасызбы, ата? Жыйырма жашымда капитан болом! Жүз луидор айлык жана кирешеден үлүш алам! Мен, бир бечара матрос, мындайды үч уктасам түшүмдө көрөт белем?
– Ооба, садагам, сеники туура, – деди карыя, – бул чоң дөөлөт.
– Менин каалаганым, биринчи эле айлыктан биздин ломонос, настурций, жимолость үчүн бакчасы бар там сатып аласыз… Бирок сизге эмне болду, ата? Табыңыз жокпу?
— Эч нерсе эмес, эч нерсе эмес… азыр өтүп кетет!
Карыя алдан тайып алсырап тургандыктан, артка чалкалай жатты.
— Азыр, ата! Бир стакан шарапты тартып ийчи, ал сага дем берет. Сенин шарабың кайда?
– Жок, рахмат, издебей эле кой, кереги жок, – деди карыя уулун токтотууга аракет кылып.
– Кандайча кереги жок!.. Айтыңызчы, шарап кайда?
Ал үкөктү аңтарып кирди.
– Издебей эле кой… – деди карыя. – Шарап жок…
– Кандайча жок? – деп кыйкырып жиберди Дантес. Ал алаңдап бирде карыянын шалбырап турган жаактарына, бирде бош текчелерге карап жатты. – Кандайча шарап жок? Ата, сизге акча жетпей калдыбы?
— Сен жанымда болсоң, дүйнөм түгөл, – деп жооп кайтарды карыя.
– Ошенсе да, – деп шыбырады Дантес, жүзүндөгү терди сүртүп, – мен кетип жатып, үч ай мурун сизге эки жүз франк калтырбадым беле.
– Ооба, ооба, Эдмон, бирок сен кетип жатып, коңшубуз Кадрусска карызыңды кайрыбай кетипсиң; ал мага бул туурасында эскертип, эгер мен сен үчүн төлөбөсөм, Моррель мырзага кайрыларын айтты. Анын сага залакасы тийбесин деп корктум…
– Анан эмне болду?
– Мен төлөп салдым.
– Бирок менин Кадрусска болгону жүз кырк франк бересем бар болчу! – деп кыйкырды Дантес.
– Ооба, – деп чебелектеди карыя.
– Анан сиз мен калтырган эки жүз франктан төлөп салдыңызбы?
Карыя башын ийкеди.
– Анан үч ай бою болгону алтымыш франкка жан сактадыңызбы?
– Мага көптүн кереги не, – деп жооп кайрыды чал.
– Жараткан! – деп онтоп жиберди Эдмон, атасынын алдына тизелей жыгылып.
– Сага эмне болду?
– Сени эч качан жалгыз таштабайм.
– Койсоңчу, – деди карыя жылмайып, – сен келип баары унутта калды. Эми баары жайында эмеспи.
– Ооба, мен кайтып келдим, – деди жигит, – жаркыган үмүттөр жана анча-мынча тыйын-чакалуу болуп кайтып келдим… Мына ата, алыңыз, алыңыз, азыр эле бир нерсе алууга жөнөтүңүз.
Ошентип ал үстөлгө бир ууч алтын, беш-алты беш франктык акча менен майда тыйындарды төктү.
Кары Дантестин жүзү жаркып турду.
– Булар кимдики? – деп сурады ал.
– Меники… сеники, биздики! Ал, азык-түлүк сатып ал, акча аяба, эртең дагы алып келем.
– Токто, токто, – деди карыя жылмая. – Сен уруксат берсең, мен акчаны аз-аздан коротоюн, эгер мен дароо көп сатып алсам, элдер сенин келишиңди эле күтүп жүргөн турбайбы деп ойлоп калышпасын.
– Каалаганыңдай кыл, бирок алгач өзүңө кызматчы кыз жалда. Мен сенин жалгыз жашашыңды каалабайм. Менин трюмумда контрабандалык кофе менен тамеки катылуу, эртең эле аларга ээ болосуң. Акырын! Кимдир бирөө келе жатат.
– Бул, Кадрусс болушу ыктымал. Сенин кабарынды билип, сенин бактылуу кайтып келгениңди куттуктаганы келатса керек.
– Мына сага, ооз башканы айтканы менен ошол эле саамда көөдөн башканы ойлойт, – деп шыбырады Эдмон. – Мейли кантсе да ал биздин коңшу эмеспи, анан калса качандыр бир кезде бизге жардам кылды эле! Аны мээримдүү кабыл алалы.
Эдмон сүйлөп оозун жыйгыча, эшиктен Кадрусстун сакалы бапсайган башы көрүндү. Бул жыйырма беш-жыйырма алты жаштагы киши эле; өзүнүн тигүүчүлүк өнөрүнөн улам аны кийимге айлантып жиберчүдөн бетер, колуна кездеме кесиндисин илип алыптыр.
– А! Келдиңби, Эдмон! – деп марселдик акцент менен жылмайганда, пилдин сөөгүндөй болгон аппак тиштери кашкайды.
– Көрүп тургандай, Кадрусс кошуна, мен сиздин кызматыңыздамын, – деп өзүнүн муздактыгын илбериңки үн менен жымсалдай жооп кайтарды.
— Башымды ийип ыраазычылык билдирем. Бактыга жараша, мага эч нерсенин кереги жок, айрым учурда башкалар мага муктаж (Дантес ичиркенип кетти.). Мен сен жөнүндө айтканым жок, Эдмон. Мен сага карызга акча бергем, сен аны кайрып бердиң; мындай алака ымалаш коңшуларда эле болот, андыктан биз эсептештик.
– Бизге көмөк көрсөткөндөр менен эч качан эсептешпейбиз, – деди Дантес. – Качан акчалай аласа кайрылганда, ыраазычылык милдети пайда болот.
– Ал тууралуу сөз кылуунун кажети барбы? Болор иш болду, боёсу канды. Андан көрө сенин бактылуу кайтып келгениң тууралуу сүйлөшөлү. Мен портко күрөң мата издеп барып, өзүмдүн Данглар деген досумду кездештирип калдым.
«Кандайча, сен Марселдесиңби?» – дедим ага.
«Ооба, көрүп турбайсыңбы».
«Мен сени Смирнада го деп ойлогом».
«Ал жакта да болушум мүмкүн эле, анткени түз эле ошол тараптан келдим».
«А биздин Эдмон кайда?»
«Оо, албетте, атасынын жанында», – деп жооп кайтарды Данглар.
–Дал ошондуктан мен сага келдим, досума учурашып коёюн деп, – сөзүн улады Кадрусс.
– Кайран гана Кадрусс, ал бизди ушундай жакшы көрөт десең! – деди карыя.
– Арийне, жакшы көрөм жана урматтайм, анткени чынчыл адамдар өтө сейрек кездешет… Айтмакчы, сен кантсе да байып кеткенсиңби дейм, досум? – деп сөзүн улады тигүүчү, Дантес стол үстүндө таштаган алтын менен күмүштү көзүнүн кыйыгы менен карап.
Жаш жигит коңшусунун жалтыраган кара көздөрүнөн ач көздүктүн учкундарын байкады.
– Бул менин тыйындарым эмес, – деп жооп берди ал жөн гана. – Мен атама айтып жаткам, мен сени ачка отурабы деп корктум эле, – десем, ал мени жайгаруу үчүн капчыгында болгон акчасын үстөлгө төгүп отурбайбы. Акчаңызды катыңыз, ата, эгерде эле биздин коңшуга алардын кереги тийбесе.
– Жок, досум менин, – деди Кадрусс, – мага эч нерсенин зарылчылыгы жок; кудайга шүгүр, өнөр устаны багып жатат. Акчаңды сакта, алар эч качан артыкча болбойт. Аларды сунуштап койгонуң үчүн эле, колдогондон да чоң ыраазымын сага.
– Мен чын жүрөктөн сунуштадым, – деди Дантес.
– Ишендим. Демек, сен Моррель менен жакын дос экенсиң да, ой оңбогур, куусуң ээ?
– Моррель мырза, ар дайым мага чын дилден мамиле кылып келет, – деп жооп берди Дантес.
– Андай болсо сен түшкү тамактан бекер баш тарткан экенсиң.
– Кандайча түшкү тамактан баш тарттың? – деп сурады карыган Дантес. – Ал эмне сени тамактанууга чакырдыбы?
– Ооба, ата, – деп жооп кайтарды Дантес, анан анын уулуна көрсөтүлгөн мындай табышмактуу сыйга атасы таң калганын байкап күлүп койду.
– Балам, сен эмне үчүн баш тарттың? – деп сурады карыя.
– Сизге эрте келиш үчүн, ата, – деди жаш жигит. – Мен сизди эртерээк көрүүгө ашыктым.
– Моррель, таарынып калса керек, – деп сөзүн улады Кадрусс, – капитандыкты мээлеп жатканда, арматорго каяша айтпаш керек.
– Мен ага баш тартканымдын себебин түшүндүрдүм, ал мени туура түшүндү деген үмүттөмүн.
– Капитан болуш үчүн, кожоюндарга анча-мынча кошомат кылуу керек.
– Мен анысы жок эле капитан болууга аракет кылам, – деди Дантес.
– Баракелде, жарайсың! Бул сенин бардык эски досторуңду кубанычка бөлөйт. Ал эми тигил жактагы, ыйык Николай фортундагы, мен тааныган айрымдар, абдан ыраазы болсо керек.
– Мерседес? – деп сурады карыя.
– Ооба, ата, – деди Дантес. – Эми сизди көрүп, саламатта экениңизди билип, көңүлүм жайланган соң, эми мүмкүн болсо Каталанга барууга уруксат этерсиз.
– Бар, барагой, каралдым, – деди карыган Дантес, – Жараткан мага мыкты уул бергендей, сага да жакшы келинчек туш кылсын.
– Келинчек! – деди Кадрусс. – Кандайча, сиздер ашыгып кетиңер; ал азырынча буга аял эмес го дейм!
– Азырынча жок, бирок, ийгиликтин эрте кечи жок, буйруса жакында болот, – деди Эдмон.
– Кандай болгондо да, – деди Кадрусс, – эрте келип, туура кылыпсың.
– Эмнеге?
– Анткени, Мерседес – татынакай, ал эми сулуулар күйөрмандардан өксүк болбойт; ал – өзгөчө: алар анын артынан топурап, бир короо болуп, чуркап жүрүшөт.
– Чын элеби? – деп сурады Дантес жылмая, анысында кабатырлануу көлөкөсү бар эле.
– Ооба, ооба, – деп сөзүн улады Кадрусс, анан калса алар да мен-мен деген жигиттер; бирок өзүң түшүнүп турасың, сен жакында капитан болосуң, анан сага кантип жок десин.
– Демек, – деп Дантес жылмая сөздү жыра тартты, анысы кабатырланууну жымсалдай, – бул демек, эгер мен капитан болбой калсам…
– Гм! Гм! – деп күңкүлдөдү Кадрусс.
– Болуптур, – деди жаш жигит, – сизге караганда менин, дегеле аялдарга карата оюм түзүк, айрыкча Мерседес мен капитан боломбу же болбоймбу мени сатып кетпейт деп ишенем.
– Кудай жалгасын, – деди Кадрусс, – тилегиң берсин! Үйлөнгөн соң ишениш керек; бирок баары бир, досум, сага айтарым; убактыңды коротпой жөнө, өзүңдүн келгениңди кабарла да кыял-тилегиңден бөлүш.
– Жөнөдүм, – деди Эдмон.
Ал атасын өөп, Кадрусска башын ийкеп чыгып кетти.
Кадрусс карыянын жанында бираз отурган соң коштошуп, сыртка чыкты да, аны Сенак көчөсүнүн бурчунда күтүп турган Дангларга жөнөдү.
– Эмне болду? – деп сурады Данглар. – Сен аны көрдүңбү?
– Көрдүм, – деди Кадрусс.
– Ал сага капитандык тууралуу кыялын айттыбы?
– Ал тууралуу тим эле азыр эле капитан болгондой айтып жатат.
– Ошондой де! – деди Данглар. – Шашкан шайтандын иши!
– Кантсе да Моррель ага сөз берсе керек…
– Ошентип ал абдан бактылуу де?
– Чектен чыккандай; ал мага азыртан эле бийик даражалуу чоңдой өз кызматын көрсөтө; банкирден бетер мага тыйын да сунуштап ийди.
– Анан сен баш тартып койдуңбу?
– Баш тарттым. Андан карызга акча алсам деле болмок, анткени ал өмүрүндө көрбөгөн тыйынды мен карызга берген элем. Эми болсо Дантес мырза эч нерсеге ыктыяжы жок: ал жакында капитан болот!
– Эми, азырынча ал капитан эмес!
– Чынын айтсам, ал болбой эле калса жакшы болмок, – деп сөзүн улады Кадрусс, – антпесе аны менен сүйлөшүүгө мүмкүн болбой калса керек.
– Эгер биз кааласак, – деди Данглар, – ал азыркы абалында, керек болсо андан да төмөн бойдон калат.
– Сен эмне деп жатасың?
– Эч нерсе эмес, өзүм менен өзүм сүйлөшүп жатам. Анан ал дагы эле татынакай каталанкага ашыкпы?
– Акылдан адашкыча; азыр эле ошол жакка чуркап кетти. Же мен жаңылбасам, ал тараптан анын жолу болбойт.
– Ачык айтчы.
– Эмнеге?
– Бул сен ойлогондон да маанилүү. Сен Дантести жактыра бербейсиң да?
– Мен бой көтөргөндөрдү жактырбайм.
– Каталанка тууралуу билгениңди толук айтчы.
– Мен толук деле билбейм, бирок айрым нерселерди көргөм, ошондуктан биздин болочок капитанды Эски Оорукана жолунда бир мандем күтпөсө болду деп ойлойм.
– Сен эмне көрдүң эле? Бол, айтчы.
– Ар качан Мерседес калаага келгенде аны, кара көздүү, кызыл жүздүү, кара чачтуу, капалуу, каталандык чоң жигит, ээрчип жүргөнүн көргөм. Ал аны аталаш агам дейт.
– Чын элеби!.. Сениң оюңча бул жигит анын артынан самсаалып ээрчип жүрөбү?
– Ошентип ойлойм, – жыйырма жаштагы жигит менен он жети жаштагы жаш сулуунун ортосунда андан башка эмне болмок эле?
– Анан сен Дантести Каталанга кетти дедиңби?
– Менин көзүмчө кетти.
– Анда эмесе, биз да ал тарапка барып, «Резервге» токтоп, мальгиялык шарап ичип отуруп жаңылык күтсөк кантет.
– Аларды бизге ким жеткирет?
– Биз анын бет алдынан чыгып, Дантестин жүзүнөн эмне болгонун байкайбыз.
– Кеттик анда , – деди Кадрусс, – бирок сен төлөйсүң.
– Албетте, – деди Данглар.
Анан экөө тең шашыла кадам таштап белгиленген жерге ашыгышты. Алар трактирге келери менен бир бөтөлкө шарап жана эки стакан сурашты.
Алар Памфил карыядан, он мүнөт мурда эле Дантес трактир жанынан өткөнүн билишти.
Дантес Каталанда экенинен кабар алышкан соң, бутактарында жаздын жаркыраган алгачкы күндөрүн жар сала көңүлдүү сайраган чымчыктардын коштоосунда, платон жалбырактарынын алдында отурушту.
3-Бап
КАТАЛАНДЫКТАР
Эки дос кулактарын түрө мальгия шарабынан ууртап-татып жолдон көздөрүн албай отурушкан жерден жүз метр арыда күн менен түндүк-батыш шамал – мистралга тотуккан таз дөбөнүн ары жагында Каталан кыштагы жатты.
Бир сапар Испаниядан кандайдыр бир табышмактуу көчмөн эл чыгып, ушул жерге байыр алышып, бүгүн да жашап келишет. Алар кайдан-жайдан пайда болушту жана да бейтааныш тилде сүйлөшө турган. Провансаль тилин түшүнгөн кайсы бир башчы, Марсель шаарынан байыркы балыкчылар салты боюнча өз кайыктарын сүйрөп чыгышкан ушул чөлдүү кысыкты берүүнү суранат. Өтүнүчтү аткарышты, үч айдан кийин бул деңиз сыгандарын ташып келген ондогон кайыктардын айланасында чакан кыштак пайда болду. Бул жарымы мавритан жана жарымы испан, кайталангыс жана жарашыктуу кыштакта азыр деле ошол элдин ата-бабаларынын тилинде сүйлөгөн урпактары жашап жатышат. Үч-төрт кылым өтсө да алар, деңиз канаттууларынын тобундай конушкан өздөрүнүн ошол кысыгына кыныгуу таап кала беришти; марселдик жашоочулар менен камыр-жумур аралашып кетишпеди, ич ара турмуш куруу менен өз эне тили сыяктуу эле, ата-тегинин каада-салты менен кийим-кечесин бекем сактап тукум улап келишет.
Биз окурманды кыштактын жалгыз көчөсүн аралай биз менен чогуу жолго чыгып бир чакан үйгө баш багуусун өтүнөбүз; бул чөлкөмдүн бардык эски үйлөрүндөй эле анын сыртын күн күзгү жалбырак өңүнө боёп салганы менен ичкериге кирсең испандык posadas тиешелүү жалгыз кооздук болгон шыбакчынын колу тийген аппак түс кашкаят.
Көөдөй кара чачтуу, жейрендикиндей бакыракай көздүү татына жаш селки тосмого жөлөнүп, кадимки антикалык айкелчи чегергендей манжалары менен эч күнөөсү жок вереск бутагын мыжып турду, үзүлгөн гүлдөрү менен жалбырактары полдо жайнап жатты; Венера Альпскаяныкын көчүрүп койгондой күнгө тотуккан, чыканагына чейин ачык колдору тынчсыздангандан титиреп турду, ал эми жеңил буттары менен шашпай полду тыкылдатып турганынан, көк жана боз сызыгы бар кызыл байпакка оролгон анын түз, көзгө толумдуу балтырларын көрүүгө болот эле. Андан үч кадам арыда, отургучта селкилдеп, чыканагы менен эски үкөккө таянган, бою сомодой жыйырма-жыйырма эки жаштагы бозой ага тынчсыздана жана таарынгандай карап турду; анын көздөрүндө суроо турганы менен, бирок кыздын тайманбас жана кайраттуу көз карашы маектешти тизгиндеп жатты.
– Мерседес, укчу, – деди жаш жигит, – жакында пасха, үйлөнүү үлпөтүн өткөрүү үчүн сонун убак… Мага жооп кайтарсаң боло!
– Мен сага жүз жолу жооп бергем, Фернан, эгер кайра эле менден сураганың, демек өзүңө өзүң душман болгонуң.
– Анда, дагы бир кайтала, суранам сенден, мен ишенгидей болоюн. Сенин апаң бата берген, менин ашкымды четке какканыңды жүзүнчү жолу айт; менин бактым менен ойноп жатканыңды, мага түшүндүр, менин өмүрүм менен ажалым сен үчүн түккө турбайт экен да! О, Жараткан! Сенин күйөөң болом деп он жыл бою кыялданып жүрүп, Мерседес, анан ошол өмүрүмдүн жалгыз максаты болгон үмүтүмдү жоготомбу!
– Мен сага үмүт берген эмесмин, – деп жооп кайтарды Мерседес, – мен сени качандыр бир кезде азгырганым үчүн күнөө коюга акың жок. Мен ар качан сени агам катары жакшы көрөрүмдү айтып келем, менден агалык достуктан башканы талап кылба, анткени менин жүрөгүм башкага таандык. Мен сага бул туурасында айткан жок белем, Фернан?
– Билем, билем, Мерседес, – деп сөздү бөлдү жаш жигит. – Ооба, сен мага бетке чаап сүйлөп, бирок каталандыктар үчүн өз ара нике – ыйык мыйзам экенин эске албай келесиң.
– Сен, жаңылышасың, Фернан, бул мыйзам эмес, болгону каада-салт, болгону ошол, – ишенип кой, сен бул каада-салтка шылтабай эле кой. Сен чучукулакты сууруп чыктың, Фернан. Сенин эркиндикте жүргөнүң, бул болгону ырайымдуулук, бүгүн болбосо эртең сени кызматка чакырышы мүмкүн. Сен качан аскер болгонуңда, акчасы жок, урайын деген үйүнөн башка эч нерсеси жок, таятамдан апама андан мага калган чалдыбары чыккан эски тордон бөлөк, жупуну мурасынан башка мыдыры жок, бул байкуш жетим бир кызды эмне кыласың? Мына апамдын кайтыш болгонуна бир жыл болду, Фернан, ойлосоң, мен кайыр сурап жашап жатам! Кээде мен сага жардам берип жаткандай анткорлоносуң, мен сага жардам бергендиктен, сен кармаган ууңдан үлүшкө ээ экенимдей кайрылышасың, мен сени түшүнөм, Фернан, анткени сенин атаң менин атамдын агасы, биз бирге чоңойдук, ошондуктан менин баш тартуум сени аябай капа кылмак. Сенин балыктарыңдан түшкөн акчага, токуу үчүн лен сатып алууну – кайыр садагадай эле сезем.
– Мен үчүн баары бир эмеспи, Мерседес! Кедей жана жалгыз болсоң да мен үчүн, керсейген арматордун кызы эмес, Марселдин эң бай банкиринин кызынан да артыксың! Бизге окшогон кембагалга эмне керек? Чынчыл жана мыкты аял керек. Сенден артыгын кайдан табам?
– Фернан, – деди Мерседес, башын чайкап, – “кыз кезинде баары жакшы, жаман катын кайдан чыгат”, жаман кожойке болуш бир паста, күйөөндү эмес башканы сүйгөн чакта, эриңе туруктуу бойдон калуу кыйын. Менин достугума ыраазы бол, анткени кайталайм, бул менин сага сөз бергеним, мен колуман келген гана сөзүмө турам.
– Түшүнөм, – деди Фернан, – сен өз жакырчылыгыңа чыдаганың менен меникинен чоочуркап турасың. Билип кой, Мерседес, эгер сен мени сүйчү болсоң, мен бактымды сынап көрөм. Сен мага ийгилик алып келесиң, ошондо мен байыйм. Мен балыкчы бойдон калбайм; мен кеңсечи катары, өзүм деле соода жүргүзө алам.
– Мунун бири да колуңан келбейт, Фернан; сен аскерсиң, сенин Каталанда болушуң, согуштун жоктугу. Балыкчы бойдон кал, асмандагы айды айтпай эле кой, анткен сайын бул куу турмушуң ого бетер оорлошуп баратпайбы, андан көрө мени менен дос болгонуңа ыраазы бол. Мындан башка мен сага эч нерсе бере албайм.
– Ооба, сен туура айтасың, Мерседес, мен моряк болом; сен жек көргөн чоң атамдын кийиминин ордуна лакталган калпак, жол-жолу бар көйнөк жана топчуларында якорлору бар көк күрмө кийем. Анткени сага жага турган адам так ушинтип кийиниш керек да, ээ?
– Сен эмнени айткың келип жатат? – деп сурады Мерседес, аны курч, кайраттуу көз карашта тикчие карап. – Эмне деп айткың келип жатат? Мен сени түшүнбөй турам!
– Сен мага карата катаал жана тоңмоюн болгонуң, мен сүрөттөгөндөй кийинген адамды күтүп жатканың. А мүмкүн, сен күтүп жаткан адам туруксуз болсочу, а балким ал болбосо да, деңиз туруксуз?
– Фернан, – деп кыйкырып жиберди Мерседес, – мен сени боорукер деп ойлогом, бирок мен адашыпмын. Эгер өзүңдүн кызганычыңа кудайдын каарын жардамга чакырсаң, анда сен карамүртөзсүң! Ооба, мен жаап-жашырбайм: сен айтып жаткан адамды сүйөм жана күтөм, жана ал келбесе мен аны туруксуздукта жемелегендин ордунда, ал мени сүйүп көз жумган деп айтам.
Каталандык ачууланып муштумун түйдү.
— Мен сени түшүндүм, Фернан: мен сени сүйбөгөндүгүм үчүн андан өч алгың келип жатат. Сен өзүңдүн каталан бычагыңды анын канжары менен кайраштыргың келип жатат! Анан? Эгер утулуп калсаң, анда менин достугуман айрыласың; а эгерде сен утсаң, анда менин жолдоштугум жек көрүүгө айланат. Мага ишен, айымга жаккың келсе, анда ал айым сүйгөн адам менен кер-мур айтышуу жаман жорук. Жок, Фернан, сен жаман ойлорго азгырылбайсың. Мен сенин жубайың боло албасам, менден досуңду же болбосо карындашыңды көргөнгө көнүп каласың. Анан дагы, – деди ал жаш чайыган көздөрү менен, – токточу, Фернан: сен азыр эле мага деңиздин эки жүздүүлүгү жөнүндө айттың, ал кеткенине төрт ай болду, а ушул төрт айдын ичинде мен канчалаган бороонду эсептеп чыкпадым дейсиң!
Фернан тоңдоосун тартып тура берди; ал Мерседестин көзүнөн агып жаткан жаштарын аарчыганга аракет кылбады; а ошол эле учурда анын ар бир көз жашы үчүн өзүнүн кесе толо канынан берүүгө даяр болчу. Кашайып, бул көз жаштар башка бирөө үчүн төгүлүп жаткан эле!
Ал ордунан туруп, жылтыраган көздөрүнөн заар чачып, муштумдары түйүлүп, бөлмөдө ары-бери басты да Мерседестин бет алдына токтоду.
– Укчу, Мерседес, – деди ал, – дагы бир жолу жооп бер: бул чечилдиби?
– Мен Эдмон Дантести сүйөм, – деп кыз жайбаракат жооп берди, – жана да андан башка эч ким менин күйөөм болбойт.
– Анан сен аны ар дайым сүйөсүңбү?
— Өмүрүм өткөнчө.
Фернан акыркы үмүтү үзүлгөн адамдай, онтоп ийип башын шылкыйтты; бир оокумда эле башын көтөрүп, тиштене, суроо узатты:
– А эгерде ал каза болсочу?
– Анда мен да өлөм.
– Эгер ал сени унутуп калсачы?
– Мерседес! – деген сырттан шайыр үн угулду. – Мерседес!
– Ах!.. – деп, кубаныч менен ашыктыктан өзүн жоготуп, кыз кыйкырып жиберди. – Көрдүңбү, ал мени унуткан жок, ал бул жерде!
Ал эшикти көздөй чуркап, аны ачып жатып кыйкырды:
– Бул жакка, Эдмон! Мен мындамын!
Кубарган Фернан күтүлбөгөн жерден жыланды көрүп калган жолоочудай титиреп, артына карай кетенчиктеп барып өзүнүн отургучуна урунуп, шалдайып отуруп калды.
Эдмон жана Мерседес бири-биринин кучактай асылышты. Марселдин ысык күнү ачык эшиктен кирип, аларга өз жарыгын төктү. Башында алар айланасындагы эч нерсени байкашкан жок. Чексиз бакыт аларды ааламдан бөлүп турду; алар оорулуу онтогондой үн салышып, чексиз кубанычты түшүндүргөн, байланышсыз сөздөр менен сүйлөшүп жатышты.
Бир убакытта Эдмон Фернандын чала жарыктан чагылып турган боппоз жана капалуу жүзүн байкап калды; жаш каталандык аң-сезимсиз түрдө, белинде илинип турган бычагын кармап отурду.
– Кечиресиз, – деди Дантес кабагын бүркөп, – биз бул жерде үчөөбүз экенибизди байкабаптырмын.
Анан, Мерседеске кайрылып, суроо узатты:
– Бул таксыр ким?
– Бул мырза сиздин жакшы жолдошуңуз болот, Дантес, анткени бул менин байкем, менин досум Фернан, сизден кийинки бул дүйнөдөгү менин сүйүктүү адамым. Сиз эмне аны тааныган жоксузбу?
– Ооба, тааныдым, – деп жооп берди Эдмон, Мерседести колунан коё бербей, чын дилинен каталандыкка башка колун сунду.
Бирок Фернан бул достук ишаретке жооп кайрыбай, өз ордунда айкелдей катып тура берди.
Ошондо Эдмон калтыраган Мерседес менен түнөргөн жана каардуу Фернанды сынай карады. Бир көз караш ага баарын түшүндүрдү. Ал ачуулана туталанып кетти.
– Мерседес, мен сага шашып жатканда, бул жерден душманды табарымды билген эмесмин.
– Душманды! – деп кыйкырып жиберди Мерседес, өзүнүн аталаш агасын ачуулана карап. – Менин үйүмдө душманды табуу! Эгер мен ушинтип ойлосом, анда мен анын этегин кармап, үйдү таштап, Марселге кетип калмакмын.
Фернандын көзү жайнай түштү.
–– Эгер сени менен бир кырсык болсо, Эдмон, – деп Фернанга көрсөткөн токтоолугу менен сөзүн улай берди Мерседес, анын арам ойлорун аңдай, – Мен Моржион кысыгына чыгып барып, аскадан башым менен бой таштамакмын.
Фернан жууган чүпүрөктөй бозоруп чыкты.
– Сен жаңылышасың, Эдмон, – деп кошумчалады ал, – бул жерде сенин душманың жок, бул менин агам Фернан, азыр ал сага чыныгы дос катары колун сунат.
Кыз каталандыкка буйрук бергендей караганда, ал арбалгандай Эдмонго шашпай басып келип колун сунду.
Анын толкун сымал ташкындаган каары, анын үстүнөн үстөмдүк кылган бул кыздын алдында майтарылды.
Ал Эдмондун колун кысып-кыспай, колунан келгенин жасаганын түшүнүп, үйдөн чуркап чыкты.
– Каран күн! – деп онтоп, колун майыштыра ушалап жатты. – Бул адамдан мени ким куткарат! Каран күн!
– Эй, каталандык! Эй, Фернан! Сен кайда? – деп кайрылды ага бейтааныш үн.
Фернан дароо токтоп, эки тарабын карап, бак алдында Данглар менен отурган Кадруссту көрдү.
– Сен эмне бизди карабайсың? – деди Кадрусс. – Же эмне досторуң менен учурашканга убактың жок, ошончолук шашып жатасыңбы?
– Өзгөчө, азыр биздин алдыбызда толтура бөтөлкө турганда! – деп коштоду Данглар.
Фернан аларга беймаани карап, лам деп үн катпады.
– Бул таптакыр акылдан айнып калган го,– деп Данглар Кадруссту бутка тээп койду. – Эгер биздин тилегибиз таш каап, үмүтүбүздөн жаза тайып, Дантес жеңишин майрамдап жатсачы.
— Азыр билебиз,– деди Кадрусс, анан жаш жигитке кайрылып мындай деди:
–Ий, эмне каталандык, чечтиңби же жокпу?
Фернан жүзүндөгү терди сүрттү да бастырмага кирди; ал анын тынчсыздануусун басып, ал эми мээлүн шамал анын чаалыккан денесин сергитти.
– Арыбагыла, – деди ал, – сиздер, жаңылбасам, мени чакырдыңарбы?
Анан ал шайы ооп, үстөлдүн айланасына коюлган отургучтардын бирине күп отурду.
– Мен сени чакырган себебим, сен акылдан адашкан немедей чуркап баратыпсың, кара басып деңизге боюн таштап жибербесин деп чоочудум, – деди, Кадрусс каткыра. – Балакет баскыр! Достор шарап менен эле сыйлабастан; кээде суудан тоё ичүүгө да жолтоо болушат.
Фернан онтодубу, же эчкирдиби, айтор башын колуна жөлөдү.
– Билесиңби, Фернан, мен сага эмне дейм, – деди Кадрусс, уят-сыйытты жыйыштырган, карапайым адамдарга таандык орой ачык-айрым сөз баштады. – Билесиңби, сен сүйгөнү таштап кеткен бозойго окшоп турасың!
Ал кара күчкө каткырды.
– Жок, – деп жооп кайтарды Данглар, – бул келишимдүү жаш жигит сүйүүдөн бактысыз болууга жаралбаса керек. Кадрусс, сен тамашалаба.
– Тамашалабай эле, сен андан көрө мунун үшкүргөнүң уксаң. Кана, Фернан, башты көтөрүп жооп берчи. Досторуң ден соолукту сурап жатканда жооп кайтарбай коюу адепсиздик эмеспи.
– Менин деним соо эле, – деди Фернан, муштумдарын түйө, бирок башын көтөрбөдү.
– А! Мына көрдүңбү, Данглар, – деди Кадрусс, досуна көз ымдай, иш мындай: сен көрүп турган, Фернан, боорукер жана чынчыл каталандык, марселдик мыкты балыкчылардын бири, Мерседес аттуу сулууга ашык, бирок кара басып, ал сулуу, өз кезегинде, «Фараондун» капитан жардамчысына ашык, ал эми «Фараон» бүгүн портко кайтып келгендиктен… түшүнөсүң да?
– Жок, түшүнбөдүм, – деп жооп кайрыды Данглар.
– Байкуш Фернан отставка алса керек, – деп сөзүн улады Кадрусс.
– Алса эмне экен? – деди Фернан, башын көтөрүп Кадрусска карап, дооматын кимге коёрун билбей. – Мерседес эч кимге көз каранды эмес, чынбы? Ошондуктан кимди сүйсө, өз эрки.
– Эгер сен ошентип ойлосоң, анда иш башка! – деди Кадрусс. Мен сени каталандык го деп ойлогом; мага каталандыктар сүйүктүүсүн тарттырып жиберчүлөрдөн эмес деп айтышкан; анын үстүнө Фернан абдан каардуу өч алат дешкен.
Фернан жек көрө жылмайды.
– Ашык адам каардуу болбойт, – деди ал.
– Бечара! – деп кошумчалады Данглар, аны чын дилден аягандай анткорлоно. – Эмне кылуу керек? Ал Дантестин мынча тез кайтып келерин күтпөсө керек. Ал балким, Дантес өлдү, же башканы тапты, деп ойлогондур, ким билет? Мындай күтүүсүз соккулар абдан оор болот.
– Кандай гана болбосун, – деди, тынбай шыңгыта бергендиктен, мальга шарабы таасир эте баштаган, Кадрусс, – кандай гана болбосун, Дантестин эсен-аман кайтып келиши бир эле Фернанга кайгы алып келген жок: туурабы, Данглар?
— Туура, ал үчүн бул жаман аяктайт деп сөз берем.
— Ошентсе да, – деп сөзүн улады Кадрусс, Фернан менен өз стаканына сегизинчи же тогузунчу жолу куюп жатып, ошол эле маалда Данглар ооз тийип гана отурган, – кантсе да ал Мерседес сулууга баш кошот; акыры ал ошол үчүн кайтып келди да.
Ушул убактан бери, Кадрусстун сөздөрү анын жүрөгүнө ээриген коргошундай таамп жатканын, Данглар көздөрүн Фернандан албай тикчие карап байкап отурган.
— А үйлөнүү үлпөт качан? – деп сурады Данглар.
— О! Үйлөнүү үлпөткө иш жете элек! – деп шыбырады Фернан.
– Ооба, бирок жетет, – деди Кадрусс. – Бул Дантес «Фараондун» капитаны болот дегендей эле анык. Туурабы, Данглар?
Данглар мындай ачуу сөздөн селт этип чоочуп кетти да, бул сөздөр кандай мааниде айтылганын билүү үчүн, Кадрусска кайрылып үңүлө тиктеди, бирок анын мастыктан аңкоого айланган түрүнөн көрө албастыктан башка эч нерсе окуган жок.
– Ошентип, – деди ал, стакандарды толтуруп жатып, – Татынакай каталандыктын жубайы, капитан Эдмон Дантес үчүн ичели!
Кадрусс оорлошкон колу менен стаканды эрдине алып барып бир дем менен тартып ийди. Фернан өз стаканын алып, быт-чытын чыгара чапты.
– Токтогула! – деди Кадрусс. – Тиги дөбөдөгү эмне, Каталандан келаткан жолдо? Фернан, карачы, сенин көзүң курч го. Менин көздөрүм эмитен ала-чакмактап жатат. Сен билесиң да, шарап – саткын. Чын эле эки ашык кол кармашып келе жатышат. Ах, Жараткан кудай! Алар биздин көрүп турганыбызды байкашпай, өбүшүп жатышат!
Данглар, өң-алеттен кеткен Фернандын ар бир кыймылына байкоо салып отурду.
– Фернан, сиз аларды тааныйсызбы? – деп сурады ал.
– Ооба, – деп күңк этип жооп берди ал, – булар Эдмон менен Мерседес.
– А! Ошондой де! – деди Кадрусс. – А мен аларды тааныган да жокмун. Эй, Дантес! Эй, сулуу! Бери келип бизге айткылачы, үйлөнүү үлпөтү жакындабы? Фернан көгөрүп, бизге айтпай жатат.
– Жаагыңды басасыңбы сен? – деп сөздү бөлдү Данглар, мас адамдын жоругундай, башын бастырмадан чыгарып алган Кадруссту токтотууга аракет кылып.
— Бутуңа тың туруп, ашыктарды жайына кой. Фернандан үлгү алсаңчы: жок дегенде анын акылы тунук.
Балким, Фернан, ачуусу келип, аренадагы козутулган бука сыяктуу Данглар менен шыкакталып, тим койсо азыр тура калып мына-мына атаандашына атырыла турганда, бирок көңүлү куунак Мерседес жарашыктуу башын көтөрүп баарына көз кырын салды. Анан эгер Эдмон өлсө, ал да өлөм деп коркутканын эстеп, алсыз отургучка отура кетти.
Данглар, бири шараптан алжыган, бири ашыктыктан утулган – өз маектештерине карап турду.
– Бул акмактардан мен эч нерсе ала албайм, – деп шыбырады ал, – аракеч жана коркок менен алышып отурамбы деп корком. Мына каардангандын ордуна шараптан өчүн алган ичи тар; бул болсо ашыгын тартып алса жаш балача даттанып ыйлап отурган аңкоо. Ошол эле маалда мунун испандык, сицилиялык менен калабрийдик сыяктуу жалжылдаган көздөрү өзү үчүн ушунчалык чебер өч алып турат; анын муштуму кармаган жеринен кан чыгарып, буканы деле былчыйта жаткырмак. Бак карап, кыдыр даарыган, Эдмонго гана оңдой берди болуп турат; ал татынакай сулууга баш кошуп, капитан да болуп, бизди шылдыңдамай болду, бир гана… – кытмыр жылмаю Данглардын эрдин кыйшайтты, – бул жерде мен кийлигишпесем болбой калды.
– Эй! – деп кыйкырганын улантты Кадрусс, столго муштумдары менен жөлөнө тура калып. – Эй, Эдмон! Сен эмне досторуңду көрбөй турасыңбы, же алар менен сүйлөшүүнү каалабай бой көтөрүп калдыңбы?
– Жок, кымбаттуу Кадрусс, – деп жооп кайтарды Дантес, – мен бой көтөрбөй эле бактылуумун, көрсө, бакыт, бой көтөрүүчүлүктөн да жаркырап көз уялтат тура.
– Иш башка! – деди Кадрусс. – Мына мунуң түшүнүктүү! Арыбаңыз, Дантес айым!
Мерседес каадалуу баш ийкеди.
– Мени азырынча андай атай элек, – деди ал. – Бизде бул, эгер жигит кыздын күйөөсү боло электе, аны күйөөсүнүн аты менен атоо жаман жөрөлгө деп эсептелинет; ошондуктан, сизден сураныч, мени Мерседес деп атаңыз.
– Кадрусс коңшу, күнөөлүү эмес, – деди Дантес, – ал анчалык деле жаңылган жок!
– Демек, үйлөнүү үлпөтү жакында болот экен да? – деп сурады Данглар, эки жаш менен кошо жүгүнүп жатып.
– Мүмкүн болушунча эртерээк. Бүгүн менин атамдын үйүндө акылдашып, эртең же бүрсүгүнү, андан кеч калбай, никебиздин урматына «Резервде» түшкү тамак беребиз. Бардык досторубуз келет деп ишенем: бул демек Данглар мырза сиз да чакырылдыңыз дегенди билдирет; андыктан Кадрусс сени да күтөбүз.
– А Фернанчы? – деп сурады Кадрусс, мастык күлкү менен. – Фернан да болобу?
— Менин аялымдын агасы – менин агам, – деди Эдмон, – анан биз, Мерседес жана мен, ошол мүнөттөрдө ал биз менен болбосо абдан капа болобуз.
Фернан жооп кайтаргысы келди, бирок анын тамагы кысылып, лам деп сүйлөй албады.
– Бүгүн шакек салып… эртең же бүрсүгүнү үйлөнүү той… шайтан алгыр, капитан, сиз абдан ашыгып жатасыз!
– Данглар, – деп жылмая жооп кайтарды, – мен да сизге Мерседес Кадрусска айтканды кайталгым келип турат: мен татыктуу боло элек наамды ыйгарбай туруңуз; бул жакшы жышаан эмес, көз тийбесин.
– Кечирип коюңуз, – деди Данглар. – Менин айтайын дегеним, сиз аябай ашыгып жатасыз. Биздин убактыбыз жетиштүү эмеспи: «Фараон» деңизге үч айдан кийин чыгат да.
– Бактылуу болууга ар дайым шашабыз да, Данглар мырза, – ким узак азап тартса, ал өз бактысына ишениши кыйын экен. Бирок бул өзүн сүйүү эмес, – мен Парижге барышым керек.
– Ошондойбу! Париж дечи! Сиз ал жакка биринчи жолу баратасызбы?
– Ооба.
– Сиздин ал жакта ишиңиз барбы?
– Меники эмес: биздин байкуш капитан Леклердин акыркы буйругун аткарышым керек. Сиз түшүнөсүз да, Данглар, бул ыйык иш. Айтмакчы, кабатыр болбоңуздар, мен барып эле кайра тартам.
– Ооба, ооба, түшүнөм, – деп угуза айтты Данглар.
Анан ичинен кошумчалап койду:
«Парижге, маршал берген катты өз дарегине жеткиргениби? Шайтан алгыр! Бул кат мени бир ойго түртүп жатат. А, Дантес, досум менин! Сен азырынча «Фараондун» реестринде биринчи номур менен каттала элексиң!»
Анан ал узап бараткан Эдмондун артынан кыйкырды:
– Жолуң шыдыр болсун!
– Чоң рахмат, – деп жооп кайрыды Эдмон, ийнинен артка карап, досчо башын ийкеп жатып.
Ашык болгон жаштар, кудай колдогон эки ашыктай, жай баракат гана бакытка балкып баратышты…
4-БАП
КУТУМ
Данглар, Эдмон менен Мерседес, ыйык Николай фортунан ары көрүнбөй калганча көзүн албай карап турду; анан ал кайра өз бөтөлкөлөштөрүнө бурулду, Фернан өң-алеттен кетип калчылдап, мелтиреп отурса, а Кадрусс болсо кайсы бир отуруш ырын кыңылдап жатты.
– Менимче, – деди Данглар Фернанга, – бул үйлөнүү үлпөтү баарына эле бакыт алып келбегендей.
– Ал менин жанымды кашайтып жатат, – деди Фернан.
– Сиз Мерседести сүйөсүзбү?
– Мен аны жанымдан артык көрөм.
–Качантан бери?
– Бири-бирибизди билгенден бери; мен аны өмүр бою сүйгөм.
– Анан сиз кайгыңызга чара табуунун ордуна бул жерде отуруп алып чачыңызды жулуп жатасыз! Шайтан алгыр! Мен каталандыктар мындай болбойт го деп ойлогом.
– Сиздин оюңузча мен эмне кылышым керек? – деп сурады Фернан.
– Мен кайдан билем? Бул менин ишим эмес? Менимче, мадемуазель Мерседеске мен ашык эмесмин да, а сиз Евангелиеде айтылгандай издеп кайрылып жатасыз.
– Мен аны тапканым качан.
– Эмнени?
– Мен аны канжар менен саймакчы болгом, бирок ал, эгер аны кырсык басса, өзүнө кол саларын айтты.
– Койсоңчу! Мындай иштер айтылганы менен дайыма эле аткарыла бербейт.
– Сиз Мерседести билбейсиз. Эгер ал коркутса, анда аткарат.
– Кемпай! – деп шыбырады Данглар. – Ал мага десе жексен болуп кетсин, менин ишим канча, эмнеси болсо да Дантес капитан болбосун жетет.
– Анда Мерседес өлөрдөн мурда, – деп так кесе сөзүн улады Фернан, – мен өлөм.
– Сүйүү деп ушуну айт! – деп мас үнү менен кыйкырды Кадрусс. – Мына сүйүү болбосоң коё кал, же мен андан ныпым түшүнсөмчү!
– Укчу, – деди Данглар, – сиз, менимче, мыкты жигитсиз, мен сиздин кайгыңызга жардам бермекмин, шайтан алгыр, бирок…
— Ооба, – деп коштоп кетти Кадрусс, – айт.
— Кымбатуум, – деп анын сөзүн бөлдү Данглар, – сен мас болуп калыпсың; бөтөлкөнү ичип бүтсөң, даяр болосуң. Ич дагы биздин ишибизге кийлигишпе. Биздин иш үчүн тунук акыл керек.
– Мен маспы? – деп кыйкырды Кадрусс. – Мына сага! Мен мындай бөтөлкөдөн дагы төрттү ичип берем: бул деген атырдын бөтөлкөсү эмеспи! Памфил атаекси, шарап!
Кадрусс стакан менен столду бир чапты.
– Сиз эмне дедиңиз… – деди Фернан Дангларга, үзүлүп калган сөздүн аягын жанталаша күтүп.
— Мен эмне деп айтканым да эсимде жок. Бул аракеч менин оюмду онго салбадыбы.
– Аракеч болсом эмне экен; шараптан корккондор үчүн эле жаман; алардын арам ою бар го сыягы, ошондуктан шарап аларды сыртка чыгарып койбосун деп коркуп жатса керек.
Кадрусс ошол учурдагы белгилүү болгон ырды созуп кирди:
Бардык зулумдар – суу ичкичтер,
Бул топон сууда далилденген.
– Сиз менин кайгыма аралжы боло турганыңыз тууралуу айтып келатып, – деп сөзүн улады Фернан, – бирок, деп кошуп кетиңиз…
– Ооба. Бирок сиздин кайгыңызга көмөк көрсөтүү үчүн, Дантести сиздин сүйүктүүңүзгө үйлөнүшүнө жолтоо болуу керек, үйлөнүү үлпөтү Дантестин өлүмүсүз эле болбой калышы ыктымал.
– Өлүм гана аларды ажырата алат, – деди Фернан.
– Сиз деңиз моллюскасы сыяктуу ой жүгүртөт экенсиз, досум, – деп анын сөзүн бөлдү Кадрусс, – а Данглар биздин акылман, куу, окумал, ал сиздин жаңылып жатканыңызды далилдеп берет. Далилдеңиз, Данглар. Мен сиз үчүн кепилдик берем. Дантеске өлүм жок экенин далилдеңиз; анын үстүнө Дантес өлсө жаман эле болот. Ал боорукер бала, мен Дантести жакшы көрөм. Сенин ден соолугуң үчүн, Дантес!
Фернан, түңүлө колун шилтеп, столдон турду.
– Жайына кой, – деди Данглар, каталандыкты кармап, – ал мас болсо дагы, чындыкты айтып жатат. Айрылуу өлүмдөн калышпай ажыратып коёт; Дантес менен Мерседес ортосуна түрмө дубалы өнүп чыканын элестетиңиз; ал экөөнү кабыр ташындай эле ажыратып коёт.
– Ооба, бирок түрмөдөн чыгышат да, – деди Кадрусс, акылын топтой маекке аралашып, – адам качан түрмөдөн чыкканда, жана анын аты Эдмон Дантес болсо, ал өч алат да.
– Мейли! – деп шыбырады Фернан.
– Анын үстүнө, – деп баса белгиледи Кадрусс, – эмне үчүн Дантести абакка камоо керек? Ал уурдабады, өлтүрбөдү, мууздабады…
— Жаагың бас! – деп анын сөзүн бөлдү Данглар.
– Унчукпай калууну каалабайм! – деди Кадрусс. – Не жазыгы үчүн, Дантес абака камалышы керек, мен ошону билгим келет. Мен Дантести жакшы көрөм. Дантес, сенин ден соолугуң үчүн!
Ал дагы бир стакан шарапты жутуп жиберди.
Данглар таптакыр алачакмактап калган тигүүчүнүн көзүнө карап турду да, Фернанга кайрылып мындай деди:
– Эми сиз аны өлтүрүүнүн зарылчылыгы жок экенин түшүнүп турасызбы?
– Албетте, кереги жок, эгерде эле сиз айткандай, Дантести түрмөгө тыгуунун бир чарасы табылса. Бирок ошол каражат кана?
– Эгер жакшылап издесең, табылат, – деди Данглар. – Айтмакчы, – деп сөзүн улады, – мен эмнеге эле бул ишке аралашып жатам десең? Анын мага тиешеси жок эмеспи.
– Ал сизге тиешелүүбү билбейм, – деп кыйкырып ийди Фернан, аны колдон алып, – бирок сиздин Дантести жек көрүүгө себебиңиз бар экенин билем. Ким өзү жек көрсө, ал башкалардын сезиминен да жаңылбайт.
– Дантести жек көрүүгө менде кайдагы себеп? Эч кандай, сөз берем. Сиздин бактысыз экениңизди көрүп, сиздин кайгыңыз менин каңырыгымды түтөтүп турат, болгону ошол. Эгер сиз мени өзүм үчүн жан тартып жатат деп ойлосоңуз, анда, урматтуу досум, жакшы калыңыз, бул каргашадан өзүңүз суурулуп чыгууга аракет кылыңыз.
Данглар кетүүгө кам ургандай түр көрсөттү.
– Жок, калыңыз! – деди Фернан, ач кенедей чап жабышып, кетирбей. – Дантести жек көрөсүзбү же жокпу, мага баары бир эмеспи. Мен аны жек көрөм жана аны жашырбайм. Бир чарасын табыңыз, мен аны аткарам; бир гана өлүм эмес, эгер Дантести өлтүрүшсө, Мерседес да өлөм деген.
Башын столго койгон, Кадрусс, башын көтөрүп оор жана беймаани көз карашы менен Фернан менен Дангларга карады.
– Дантести өлтүрүшөт! – деди ал. –Дантести ким өлтүргөнү жатат? Аны өлтүрүшүн каалабайм. Ал менин досум, бүгүн эртең менен эле, мен да бир кезде кайрылышкандай, ал өзүнүн акчалары менен бөлүшүү сунушун айткан болчу. Дантести өлтүрүүнү каалабайм!
— Сага ким айтты аны өлтүргөнү жатат деп, акмак! – деп, анын сөзүн бөлдү Данглар. – Биз болгону тамашалашып жатабыз. Анын ден соолугу үчүн ичип жибер да, – деп Кадрусстун стаканын толтуруп жатып сөзүн улады ал, – бизди жайыбызга кой.
– Ооба, ооба, Дантестин ден соолугу үчүн! – деди Кадрусс, шарап ичип жатып. – Анын ден соолугу үчүн!.. Анын ден соолугу үчүн!.. Мына!..
– Бирок… каражат?.. каражат? – деп сурап жатты Фернан.
– Сиз эмне дагы эле аны таба элексизби?
– Жок, себеби сиз өзүңүз кириштиңиз го…
– Аның туура, – деди Данглар. – Испандыктардын француздар алдындагы артыкчылыгы, испандыктар ойлонушканча, француздар ойлоп табышат.
– Эми, кана ойлоп табыңызчы! Чыдамы кете кыйкырды Фернан.
— Жигит! – деп, кыйкырды Данглар. – Калем, сыя жана кагаз!
– Калем, сыя жана кагазбы? – деп булдуруктады Фернан.
– Ооба, мен бухгалтермин: калем, сыя жана кагаз – менин куралым, аларсыз менин эч бир ишим жүрбөйт.
– Калем, сыя жана кагаз! – деп кыйкырды Фернан.
– Тээтигил үстөлдө, – деп колу менен жаңсай көрсөттү трактир кызматчысы.
– Ошону алып келиңиз мында.
Кызматчы калем, сыя, кагазды алардын тапчанына алып келди.
– Адамды токой четинде аңдып турбастан, ушул менен деле өлтүрүүгө болот, – деди Кадрусс, колу менен кагазды уруп жатып! Мен кылыч менен тапанчага караганда, калем, сыя жана кагаздан көп коркконум тегин эмес.
— Бул куудул көрүнгөнүндөй мас эмес тура, – деп байкай койду Данглар. – Фернан, ага дагы куйчу.
Фернан Кадрусстун стаканын толтурду, ошондо ал накта аракечтей, колун кагаздан тартып алып, стаканга жүткүндү.
Каталандык, Кадрусс жаңы куюлган шарапты ичип болуп, стаканды койгончо, тагыраагы стаканды столго таштап жибергиче күтүп турду.
– Ошентип? – деди каталандык, Кадрусстун акыркы аң-сезими бул стаканга чөгүп кеткенин көргөн соң.
– Ошентип, – деп сөзүн улады Данглар, – эгерде, мисалы, мындай деңизге чыгуудан кийин, Дантес Неаполь менен Эльба аралына кайрылганын кимдир-бирөө падышалык прокуратурага ал бонапарттык агент экенин жеткирсе…
– Мен жеткирем! – деп жандуу кыйкырды каталандык.
– Ооба, бирок сиз ал тоголок арызга кол коюшуңуз керек, сизди кимге тоголок арыз жазсаңыз, ошол менен беттештиришет. Мен, күнөө коюу үчүн керектүүлөр менен сизди жабдып берем, бирок Дантес абакта түбөлүк турбайт да. Качандыр бир кезде ал абактан чыкканда, анын жолун тооруганга оңой болбос!
– Мага болгону, ал мени менен урушуп кеткени эле керек.
– А Мерседесчи? Анын сүйүктүүсү, Дантеске, колуңдун учу тийсе эле сизди жек көрө турган Мерседес!
– Аның туура, – деди Фернан.
– Жок, жок, – деп сөзүн улады Данглар, – эгер мындай жорукка бара турган соң, анда калемди мындай алып туруп аны сыяга салып кол жазмаңды билбеши үчүн сол колуң менен жазуу керек, төмөнкүдөй маанидеги тоголок кат.
Данглар, акыл-насаатын мисал келтире толуктап жатып, сол колу менен тамгаларды кыйшайтып, өз кол жазмасына эч тиешеси жок тамгалар менен төмөнкү документи жазып, аны Фернанга берди.
Фернан үнүн жарым чыгара окуп чыкты:
– «Тактынын жактоочусу менен ишеними падышалык мырзага, „Фараон“ кемесинин капитан жардамчысы Эдмон Дантес, бүгүн Неаполь менен Порто-Феррайого кайрылып Смирнадан келди, Мюраттан катты узурпаторго, ал эми узурпатордон Париждеги бонапарттык комитетке жеткириши керек.
Эгер ал кармалчу болсо, анын айыбын ача турган кат өзүнөн, же атасыныкынан, же болбосо анын «Фараондогу» каютасынан табууга болот.”
– Мына, – деди Данглар, – бул ишке окшоду, анткени мындай тоголок кат өзүңүзгө кайрылып келбейт, баары өзү менен өзү болот. Болгону катты мындайча бүктөп туруп: «Урматтуу падышалык прокурорго» деп жазып коюу керек. Баары бүткөн болот.
Анан Данглар, каткырып жатып, даректи жазды.
– Ооба, баары аягына чыкмак, – деп кыйкырды Кадрусс, ал акыркы акылын топтоп, окуп жаткан катка байкоо салып, бул тоголок кат адам башына кандай оор мүшкүлдү саларын ички туюму менен сезип турду – ооба, баары бүткөн болот, бирок бул кандай гана кара ниеттик!
Анан ал катты алууга колун сунду.
– Дал ошол үчүн, – деп жооп кайтарды Данглар, андан каты алыс жылдырып жатып, – мен айтып жаткандын баары, мен жасап жаткандын баары тамаша, биздин кымбаттуу Дантесибизди кырсык басчу болсо, мен биринчи капа болмокмун. Мына кара!
Ал катты алып, бырыштырып туруп, тапчандын бурчуна ыргытып жиберди.
— Бул башка иш! – деди Кадрусс. – Дантес – менин досум, мен анын зыян тартып калышын каалабайм.
– Эч ким ага зыян кылууну ойлогон да жок! Мен да, Фернан да! – деди Данглар, бурчта жаткан кагаздан көз айрыбай турган каталандыкты, туруп баратып карады.
– Андай болсо, – деп сөзүн улады Кадрусс, – дагы шарап! Мен Эдмон менен татынакай Мерседес үчүн ичким келет.
– Сен ансыз деле көп ичтиң, аракеч, – деди Данглар, – эгер дагы иче турган болсоң, бул жерде түнөп калууга туура келет, ансыз деле сен бутуңа туралгыс массың.
– Менби? – мастык менен мактана сүйлөдү Кадрусс, ордунан туруп баратып. – Мен бутума туралгыс масмынбы? Аккуль мунарасына чейин бир да кыйшаңдап койбой жетем, кел мелдешебиз.
– Жакшы, – деп сөзүн бөлдү Данглар, мелдешебиз, бирок эртең. А бүгүн үйгө кайтуу керек. Келе колунду, жүрү кеттик.
– Кеттик, – деп жооп кылды Кадрусс, – бирок мага сенин колуңдун кереги жок. А, Фернан, сен дагы келе жатасыңбы? Биз менен Марселге барасынбы?
— Жок, – деди Фернан, – мен үйгө, Каталанга барам.
– Бекер кыласың; жүр биз менен Марселге, жүрү.
— Мага Марселге суутуп коюптурбу, ал жакка баргым келген жок.
– Сен эмне дедиң? Каалабайсыңбы?.. Мейли анда, барбасаң кой! Казанчынын өз эрки…Жүрү, Данглар, бул мырза кааласа Каталанга кете берсин.
Данглар Кадрусстун сөз угуп калганынан пайдаланып, аны Марселдин жолу менен алып жөнөдү. Бир гана, Фернанга кыска жана ыңгайлуу жолду калтырып, ал Рив-Нев тарапка эмес, Сен-Виктор дарбазасы көздөй басты. Кадрусс, чайпалып, анын колуна жөлөнө, ээрчип жөнөдү.
Жыйырма кадам узаган соң, Данглар кылчайып, бырышып жаткан катты далбастап алып, тапчандан чуркап чыгып, калааны көздөй чуркап жөнөгөн Фернанды көрдү.
– Ал эмне кылып жатат? – деди Кадрусс. – Ал калп айтты: Каталанга барам деген эле, ал эми өзү болсо калаага баратат. – Эй, Фернан! Сен туура эмес баратасың, досум!
— Антпей эле сенин көздөрүң, мунарыктап жатат, – деп сөздү бөлдү Данглар, – ал түз эле Эски Ооруканага баратат.
— Чын элеби? – деди Кадрусс. – А мен аны оңго бурулду деп жанымды жемекмин… Көрсө, шарап – саткын деп бекер айтышпайт тура.
– Иш оңдой берди болду, – деп шыбырады Данглар, – эми ал өзүнөн өзү илгерилемекчи.
5-БАП
ШАКЕК САЛУУ
Эртеси күн жылуу жана ачык болду. Таң жаркып аткандыктан, анын алгачкы кызгылт нурлары көбүктөнгөн толкундарды жакутка бөлөдү.
Дасторкон, бизге тааныш тапчаны бар, «Резервдин» экинчи кабатында жайылды. Бул алты терезелүү, алардын ар биринин үстүндө (эмнеге экени ким билсин) ири француз шаарларынын аты чегерилген чоң зал эле.
Бул терезелерди бойлой, бүтүндөй имарат сыяктуу жыгач галерея жатты.
Түшкү тамак чак түшкө белгиленсе да, он бирден баштап эле галереяда ашыккан коноктор ары-бери басып жүрүштү. Алар «Фараондун» моряктары жана Дантестин достору болгон бир нече аскер эле. Алардын баары күйөө жигит менен колуктуну сыйлап, жасана кийинип алышкан.
Коноктор арасын, салтанатка «Фараондун» кожоюндары да келет экен, деген сөз аралады, Дантес үчүн чоң сыймык эле, буга эч ким ишенбей турду.
Бирок Данглар, Кадрусс менен бирге келип, өз кезегинде бул жаңылыкты тастыкташты. Эртең менен ал өзү Моррель мырзаны көргөнүн, жана Моррель мырза өзү «Резервде» тамактанарын айткан.
Чындап эле бир нече мүнөттөн кийин залга Моррель кирип келди. Матростор аны чогуу-чаран кол чаап тосуп алышты. Арматордун келиши жакында Дантес капитан болуп шайланары тууралуу айың кепти далилдегендей болду. Алар Дантести аябай жактырышкандыктан, жок дегенде бир жолу анын тандоосу дегдеген тилегине дал келип жатканына кубанып жатышты. Моррель мырзанын кирип келиши жалпыга кубаныч тартуулагандыктан, алар Данглар менен Кадруссту бир добуштан күйөө жигитке арматор келгендигин кабарлап, ал тез келсин деп айттырууга жиберишти.
Данглар менен Кадрусс чуркап жөнөштү, бирок алар жүз метр узаганда эле, алардын астынан күйөө жигит менен колукту бет келишти.
Төрт каталанка, Мерседестин курбулары, колуктуну жандап, Эдмон болсо аны колунан кармап алган. Колуктунун катарында карыган Дантес, артынан Фернан ээрчип келатты. Кытмыр жылмаю анын ууртун кыйшайтып турду.
Мерседес да, Эдмон да бул жылмаюуну байкашпады. Алар бакытка балкып, өздөрүн жана аларга бата берип жаткандай ачык асманды гана көрүп турушту.
Данглар менен Кадрусс аларга тагылган буйрукту аткарышты; анан, Эдмондун колун досторчо бекем кысышып, өз ордуларын алышты, Данглар Фернандын, а Кадрусс көпчүлүктүн көңүл чордонунда болгон Дантес карыянын жанына отурду.
Карыя бурчтары чегеленген болот топчулары бар шайы күрмө кийип алган. Анын арык бирок булчуңдуу буттары, түймөлөрү бар жарашыктуу кагаз байпактарда көркүнө чыгып турду, алар алыстан эле англис контрбандасынан кабар берип турду. Үч бурчтуу калпакта ак жана көгүлтүр ленталар тагылыптыр. Ал антикалык аса-мусадай, жогору кайрылган, өрүлгөн таяк таянып келатты. Бир сөз менен айтканда, ал 1796-жылдагы, кайрадан ачылган Люксембург жана Тюильрий хан сарайларынын бакчаларында сейилдеп жүргөн көйрөңдөргө окшоп турду.
Анын катарына, жогоруда айткан, Кадрусс кошулду, берекелүү түшкү тамакка болгон үмүт аны Дантестер менен биротоло элдештирмек, өткөн күнү болгон окуя анын аң-сезиминде элдир-селдир эле калган, мындай абал эртең менен турганда түндө көргөн түшүң эсиңде элес-булас калганда болот эмеспи.
Данглар, Фернанга басып келип, таарынган күйөрманды тикчие карады. Фернан, болочок жубайлардын соңунда, өз арзуусуна эңги-деңги болуп Эдмондон бөлөк эч ким көрүнбөгөн Мерседес тарабынан таптакыр унутта калып, бир бозоруп, бир кызарып келатты. Маал-маалы менен Марсель тарапка көз чаптырып алып, селт этип чоочуп кетип жатты. Фернан күтүп же алдына ала боло турганын көрүп тургандай сезилди.
Дантес жупуну кийинип алган. Соода флотунда кызмат кылгандыктан, ал аскер формасы менен штаттык көйнөк ортосундагы форма кийип, анын кубанычтан жаркыган ачык жүзү, көрктөнүп турду.
Мерседес, карагаттай кара көздөрү жайнап, эриндери алчадай албырып, кипрдик же хиостук грек кызы сыяктуу, татынакай эле. Ал арлезиан менен андалуз кыздарындай ээн-эркин басып келе жатты. Шаардык кыз, балким өз кубанычын бет жапкыччы же баркыт кирпиктерине жашырмактыр, ал эми Мерседес болсо тегеректегинин баарына жылмая карап, бул жылмаю менен көз караш: «Эгер силер менин досум болсоңор, анда мени менен кошо кубангыла, анткени мен чындап бактылуумун!» – деп айтып жатты.
Күйөө жигит, колукту менен аларды коштоочулар «Резервге» келишкенде, Дантеске, маркум Леклердин ордуна капитан кылууга сөз бергенин, аларга да кайталап, матрос менен аскерлер курчоосунда Моррель мырза аларды каршы алды. Аны көрө сала, Дантес Мерседестин колун коё берип, Моррель мырзага орун бошотту. Арматор менен колукту, конокторго өрнөк көрсөтө, тепкич менен ашканага киришти, дагы беш мүнөт бою коноктордун оор кадамдарынын алдында тепкичтер качырап турду.
– Атакебай, – деди Мерседес, үстөлдүн ортосуна токтоп, – менин оң кол жагыма отуруңуз, ал эми сол тарабыма мага агамды алмаштырган адамды отургузайын, – деп назик айтканы менен Фернанды канжар менен дал жүрөккө сайгандай болду. Эриндери көгөрүп, анын күнгө күйгөн терисинен бардык каны жүзүнөн жүрөк тарапка агып кеткендей болду.
Дантес жанына Моррель мырза менен Дангларды отургузду: биринчисин оң жагына экинчисин сол тарабына; анан колу менен калгандарды каалагандай отурууга ишарат кылды.
Үстөлдү кыпкызыл жана керемет жыттанган араль колбасалары, көз жоосун алган лангустар, кызгылт раковиналуу венеркалар, өзүнүн учтуу сырты менен каштанды элестеткен деңиз кирпилери, түштүк тамак сүйүүчүлөрүнө түндүк устрицаларын алмаштырган кловисстер; кыскасы, толкун жээкке сүрүп чыккан жана ага ыраазы болгон балыкчылар жалпы ат менен «деңиз түшүмдөрү» деген атка ээ даамдуу дүр-дүйүм тамактарга толуп, ийилип турду.
– Кандай жымжырт! – деди Дантес карыя, кожоюн өзү алып келип, Мерседестин астына койгон топаз сыяктуу шараптан ооз тийип отуруп. – Бул жерде качан бака-шака түшөбүз деп күтүп отурган отуз киши бар деп ким айтат?
– Күйөө жигит ар качан эле шаңдуу боло бербейт, – деп байкай калды Кадрусс.
– Ооба, – деп анын сөзүн жыра тартты Эдмон, – шаңдуу болууга, өтө эле бактылуумун. Эгер сиз ушуну айткыңыз келсе, кошуна, сиздики туура. Кубаныч айрым учурда таң калычтуу абалга кептейт, кайгы сымал көңүл чөгөрөт.
Данглар жан-дүйнөсүнүн ар бир кыймылы жүзүнө чыккан Фернанга карады, – Жетишет! Же сиз бир нерседен коркуп турасызбы? – деп сурады ал. – Менимче, тескерисинче, сиздин эңсеген тилегиңиз орундалганы турат
– Дал ошол мени кооптонтуп жатат, – деп жооп кайтарды Дантес. – Менимче, адам мындай оңой бактыга жаралбаса керек! Бакыт каалгаларын ажыдаарлар кайтарган, жомоктогудай сарайларга окшош. Ал үчүн күрөшүү керек, а мен болсо, Мерседестин күйөөсү болуу бактысына кандайча татып отурганымды аңдабай турам.
– Күйөөсү болууга!.. – деди Кадрусс күлө. – Жок шашпа, капитан; күйөө болууну ойноп көр, ошондо сени кандай кабыл аларын көрөсүң.
Мерседес кызарып чыкты.
Фернан отургучта ойдолоп, ар бир ызы-чуу болгон сайын калчылдап, чагылгандуу жамгырдын тамчылары сыяктуу чекесинен тамган терди аарчып жатты.
– Майда-барат үчүн талашуунун зарылчылыгы жок, кошуна, – деп жооп кайрыды Эдмон Кадрусска, – Мерседес азырынча менин аялым эмес, аның туура…
Ал саатына карады.
– Бирок бир жарым саатан соң болот!
Дагы эле бекем тиштерин көрсөтө, ырсайган Дантес карыдан башкасынын баары таң калгандарынан кыйкырып жиберишти. Мерседес эми кызарбастан жылмайып койду, Фернан титиреп бычагынын сабына жабышты.
– Жарым сааттан кийин! – деди Данглар, кубарып. – Кандайча?
– Ооба, досторум менин, – деди Дантес, – бул жарыкта атамдан кийин баарына карыздар болгон Моррель мырзанын колдоосу менен, бүткүл тоскоолдуктар алынып салынды. Биз жарыя салбастан эле үйлөнүү үчүн акчалай салык төлөдүк, ошентип үч жарымда Марсель мэри бизди ратушада күтмөкчү. Ал эми азыр бирден он беш мүнөт өткөндүктөн, эки же жаңылбасам, бир саат отуз мүнөттөн кийин Мерседес Дантес айым деп аталат.
Фернан көздөрүн жуумп жиберди: оттуу туман анын көз жапкактарын өрттөп баратты; ал жыгылып кетпейин деп үстөлгө таяна калды, бирок канчалык аракет кылбасын, онтоп ийди, аны каткырык менен коноктордун бака-шакасы басып кетти.
– Мына бул башка иш, – сиз кандай дейсиз? – деди Дантес карыя. – Бул убактыңды текке коротпо деп аталат! Кечээ эртең менен келген. Бүгүн саат үчтө үйлөндү! Моряктар гана ушинтет!
– Бирок ар түрдүү формалдуулуктар, – чечкинсиз сөзгө аралашты Данглар, – келишим, кагаздар?..
– Келишим! – деди Дантес күлүп. – Келишим даяр. Мерседестин эч нерсеси жок, менин дагы! Биздики баары жалпы… Аны жазуу убакыт деле талап кылбады, анан калса баасы да текейден арзан экен.
Бул тамаша күлкү менен кол чабуунун жаңы толкунун жаратты.
– Демек, биз шакек салууда эмес эле, үйлөнүү үлпөттө отурган турбайлыбы – деди Данглар.
– Жок, – деп каршы алды Эдмон, – сиз эч нерсе коротпойсуз, кабатыр болбоңуз.
Эртең менен мен Парижге кетем. Төрт күн анда, төрт күн мында, бир күн мага тапшырылган буйрукту аткарууга кетет, ошентип тогузунчу мартта мен бул жерде болом, онунда чыныгы үйлөнүү үлпөт тою болот.
Жаңы той тууралуу үмүт жалпыны шаңга бөлөдү, башта жымжырттыкка нааразы болуп жаткан Дантес кары, эми болсо ызы-чуу арасында болочок жубайлардын бактысы үчүн каалоо айтып коюуга аракет кылып жатты.
Дантес атасынын оюн таап, ага сүйүү толо жылмаю менен жооп берип отурду. Мерседес дубалдагы саатка карап, Эдмонго башын ийкеди.
Карапайым адамдардын тамактануусу аягына чыгып бараткандагы, ызы-чуу жана жайдак көңүлдүү абал коштоп турду. Өз орундарына нааразы болгондор ордуларынан туруп өздөрүнүн көңүлдөрү сүйгөн жагымдуу маектештеринин жанына барып алышкан. Баары бир учурда бакылдашып, эч ким суроого жооп кайтарбастан, ар ким өзүнүн жеке ойлору менен алек.
Данглар Фернан сыяктуу эле өң-алеттен кетип турду; акыркысы болсо араң эле дем алып, оттуу көлгө чумкуган кылмышкердей болуп турду. Ал биринчилерден болуп ордунан туруп, күрү-күү менен кагышкан стакандардын каңгырынан кулагын түрө тыңшап, залда ары-бери баса баштаган эле.
Кадрусс Фернандын жанына басып келгенде, ошол замат аларга, андан Фернан качып жаткандай болгон, Данглар кошулду.
– Кантсе да, бул чындык, – деди Кадрусс, Эдмондун берешендиги менен Памфил карыянын шарабы, Дантестин күтүүсүз бактысынан улам анын жүрөгүндө ичи тарлыкты түп-тамырынан бери алып таштаган эле. – Дантес – мыкты жигит; анын колуктусу менен отурганын көрүп ойго батам да: кечээ биз ойлогон арам тамашаны жөн койгонубуз оңго деп турам.
– Ооба сен көрдүң го, биз ага жол бербедик, – деди Данглар. – Байкуш Фернан ушундай капа болуп тургандыктан алгач мен аны аяп кеткем; кантсе да ал өз тагдырына баш ийип, а түгүл өз атаандашына өкүл катары макул болуптур, эми аны сөз кылуунун да кажети жок.
Кадрусс Фернанга карап калды. Ал арбактай куп-куу эле.
– Курмандык ушунчалык чоң, колукту чындап эле адеми, – деп сөзүн улады Данглар. – Шайтан алгыр! Менин келечектеги капитаным – жолдуу! Мен жок дегенде бир күн Дантес болгум келип турат.
– Жүрү? – деген Мерседестин назик үнү угулду. – Мына саат эки болгону калды, а бизди экиден он беш мүнөт өткөндө күтүшөт.
– Ооба, ооба, жүрү, – деди Дантес, дароо ордунан туруп жатып.
– Жүргүлө! – коноктор чогуу коштоп кетишти.
Ошол мүнөттө терезе текчесинде отурган Фернандан көзүн албай карап турган Данглар, тигинин көздөрү чанагынан чыгып, ордунан атып туруп кайра терезе текчесине отура калганын көрдү. Сырттан бүдөмүк кажы-кужу угулду; оор кадамдардын дабышы, күңкүл добуштар менен курал-жарактын каңгыры, дароо дүрбөлөң салган тынчтык орноп, шаңдуу коноктордун үнүн басып кетти.
Күрү-күү жакындап келатты; каалганы эки-үч ирет кагышты. Коноктор таң калып, бири-бирин карап калышты.
– Мыйзамдын аты менен! – деген өктөм үн жаңырды; эч ким жооп кайрыган жок.
Ошол замат эшик ачылып, моюн орогуч оронгон, полиция комиссары, куралданган төрт аскер жана капрал коштоосунда залга кирип келди.
Күмөн ой алааматка алмашты.
– Эмне болуп кетти? – деп сурады арматор, тааныш комиссарга басып барып. – Бул, балким, жаңылыштык болбосун.
— Эгер бул жаңылыштык болсо, Моррель мырза, – деп жооп кайрыды комиссар, – анда кабатыр болбоңуз, бул дароо анык болот, ал эми азырынча менин колумда камакка алуу тууралуу буйрук турат, ошентсе да мен бул милдетти зор өкүнүч менен аткарып жатканыма карабастан, аны аткарышым керек. Мырзалар, Эдмон Дантес, деген ким?
Бардык көз караштар Эдмонго тигилгендиктен, ал толкундана түшүп, бирок өз намысын сактап, бир кадам алдыга чыгып:
– Мен. Сизге эмне керек?
– Эдмон Дантес, – деди комиссар, – мыйзам аты менен мен сизди камакка алам!
– Камакка аласызбы? – деп кайталап сурады Эдмон, бираз бозоруп. – Мени эмне себеп менен камакка аласыз?
– Билбейм, бирок биринчи эле суракта сиз баарын билесиз.
Моррель эч нерсе кыла албасын түшүндү: моюн орогуч курчанган комиссар, – адам эмес; бул мыйзамга чулганган айкел, муздак, керең, дудук.
Бирок Дантес карыя комиссарга асылды; ата менен эненин жүрөгү түшүнбөгөн нерселер болот. Ал суранды, жалбарды. Көз жаштар менен жалынуулар текке кетти. Бирок анын жанынан түңүлгөнү ушунчалык жогору болгондуктан, комиссардын боору ооруп кетти.
– Эс алыңыз, мырза! – деди ал. – Балким, сиздин уулуңуз, кайсы бир карантин же бажы буйруктарын аткарбай калгандыр, качан ал керектүү түшүндүрмөнү бергенде, аны дароо коё беришет.
— Бул кандайча? – деп сурады, Кадрусс кашын серпип, таң калымыш болуп, анткорлонуп жаткан Данглардан.
– Мен кайдан билем! – деп жооп кайрыды Данглар. – Мен да сен сыяктуу эле, эмне болуп жатканына түшүнбөй, таң калып турам.
Кадрусс көздөрү менен Фернанды издеди, бирок ал житип кеткен эле.
Ошондо кечээги коркунучтуу көрүнүш көз алдына даана тартылды: кечээги мас абалдагы акыбалды ойго салган, бул ойнолуп жаткан трагедия анын пардасын күбүп кеткендей болду.
– Бул кечээги силер сөз кылган тамашанын кесепети эмеспи? – деди ал киркиреп.– Андай болсо, аны ким ойлоп тапса да, оңбой калсын, – анда эч кандай күлкү жок.
– Ой жок! – деп кыйкырды Данглар. – Сен билесиң да мен ал кагазды айрып салбадым беле.
– Сен аны айрыган эмессиң, – деди Кадрусс, – болгону, бурчка таштап койгонсуң.
– Жаагың бас, сен эч нерсе көргөн эмессиң, сен мас болчусуң.
– Фернан кайда? – деп сурады Кадрусс.
– Мен кайдан билем? – деп жооп кайрыды Данглар. – Өз иштери менен кетсе керек да. Жүр бекер турганча, бечара чалга жардам кылалы.
Дантес бардык достору менен жылмая кол алыша коштошуп, аскерлер колуна түшүп берди.
– Кам санабаңыздар, ката териштирилип, балким мен түрмөгө жетпей калармын, – деди ал.
– О, албетте, мен кепил болууга даярмын! – деп жакын басып келген Данглар коштоп кетти.
Дантес тепкичтен түштү. Анын алдында комиссар, эки тарабында аскерлер баратышты. Каалгалары ачык карета босогодо күтүп туруптур. Дантес отурду, аны менен бирге комиссар жана эки аскер да отурушту. Каалга жабылып, карета Марселге сапар тартты.
— Кош, Дантес! Кош, Эдмон! – деп кыйкырды, галереяга чуркап чыккан, Мерседес.
Кылмышкер бул боздоп окшогон колуктунун жаралуу жүрөгүнөн чыккан акыркы кыйкырыкты угуп, карета терезесинен карап: «Көрүшкөнчө, Мерседес!» – деп кыйкырды да, ыйык Николай фортунун бурчунан көрүнбөй калды.
– Мени ушул жерде күтүңүз, – деди арматор, – мен алдыман чыккан биринчи каретага отуруп, Марселге барып жаңылыктар менен кайтайын.
– Жөнөңүз, – деп бир ооздон кыйкырышты баары, – жөнөңүз да тезирээк кайтып келиңиз!
Ошол кош катар коштошуудан соң, калгандарды бир нече мүнөт чарасыздык каптап турду.
Эдмондун атасы менен Мерседес ар кимиси өз кайгысына чөмүп жалгыздап турушту; акыры алардын көздөрү кездешти. Экөө тең, бир соккуга дуушар болгон курмандык экенин аңдашып, бири-биринин кучагына асылышты.
Ошол маалда залга Фернан кайтып келип, өзүнө бир стакан суу куюп, ичип жиберип отургучка отурду.
Капысынан коңшу отургучка Мерседес отура кетти.
Фернан эрксизден отургучун алыс жылдырды.
– Бул ошол! – деди Дангларга Кадрусс, каталандыктан көзүн албай.
– Антип ойлобойм, – деди Данглар, – ал абдан эле аңкоо; эмнеси болсо да, ким муну жасаса да оңбой калсын.
– Ага ким ошондой кеңеш бергенин унуткан жоксуңбу, – деди Кадрусс.
– Койсоңчу! – деп жооп кайтарды Данглар. – Эгер ар бир шамал айткан сөзгө жооп кайрып отурсам эмнем калат!
– Жооп беришиң керек, шамалга айтканың, башка бирөөнүн башына балээ болуп тийип отурат!
Ошол эле маалда коноктор Дантестин камалышын өз деңгээлине жараша талкуулап жатышты.
– А сиз, Данглар, – деп сурады кайсы бир үн, – бул туурасында сиз кандай ойдосуз?
– Менин оюмча, – деди Данглар, – ал кандайдыр бир тыюу салынган товарды алып өтпөдү бекен.
– Бирок сиз, Данглар, бухгалтер катары, ал туурасында билишиңиз керек да.
– Ооба, албетте, бирок бухгалтер ага көрсөткөндөрдү гана билет. Мен пахта кагаз алып келгенибизди билем, болгону ошол; Александриядагы Пастреден жана Смирнадагы Паскалдан токтодук; башка менден эч нерсе сурабагыла.
– О! Мен эми эстеп жатам, – деп шыбырады курган ата, акыркы үмүткө тырмышып. – Ал мага кечээ, мен үчүн бир жащик кофе менен бир жащик тамеки алып келгенин айткан.
– Мына көрдүңүздөрбү, – деди Данглар, – ошондой болмок! Биз жокто бажычылар «Фараонду» тинтип чыгышып, контрабанданы табышкан тура.
Мерседес буга ишенген жок. Узакка ичке катылган кайгы сыртка атылып, ал буркурап ыйлап жиберди.
– Жетишет, жетишет, үмүт кылалы, – деди карыя, өзү эмне деп сүйлөп жатканын аңдабай.
– Үмүт кылабыз! – деп кайталады Данглар.
«Үмүт кылабыз!» – деп Фернандын айткысы келгени менен, эмнегедир сөздөр тамагында кысылып, болгону эриндери гана үнсүз кыймылдап жатты.
– Мырзалар! – деп кыйкырды галереяда кароолдо турган коноктордун бири. – Мырзалар, карета! Моррель! Ал буйруса, бизге жакшы кабар алып келаткандыр!
Мерседес менен карыя ата арматорду каршы алышты. Алар каалгадан бет келишти. Моррель абдан кумсарып чыгыптыр.
– Эмне болду? – деп жапырт бир добуштан суроо узатышты.
– Досторум менин! – деп жооп кайтарды арматор, башын чайкай. – Иш биз ойлогондон да олуттуу болуп чыкты.
– О, Моррель мырза! – деп кыйкырды Мерседес. – Ал күнөлүү эмес!
– Мен ага ишенем, – деп жооп кайтарды Моррель, – бирок ага айып тагышууда…
– Эмне деп? – деп сурады кары Дантес.
– Ал бонапарттык агент дешти.
Менин баяныма тиешелүү ошол доордо жашаган, окурмандарым, бул кандай оор күнөө болгонун билишет.
Мерседес кыйкырып ийди; карыя отургучка кулап түштү.
– Баары бир, – деп шыбырады Кадрусс, – Данглар, сиз мени алдадыңыз, эми оюндан от чыкты; бирок мен бечара карыя менен колукту кайгыдан курман болушун каалабайм, мен азыр эле баарын айтып берем.
– Жаагың бас, келесоо! – деп кыйкырды Данглар, аны колдон алып. – Эгер сага жашоо кымбат болсо, унчукпа. Ким айтты сага, Дантес күнөөлүү эмес деп? Кеме Эльба аралына кирген, Дантес жээке чыгып, бир күн бою Порто-Феррайодо болгон. Эгер андан кандайдыр бир күмөн санаган кат табышса эмне болот? Анда эле ага болушкандардын баарына, бир топтогулар деп айып коюшат.
Кадрусс, өзүмчүлдүккө таандык сезим менен дароо эле бул күнөөлөрдүн салмагына баа бере салып; Дангларга айласы кеткен кишидей карады да, алдыга бир кадам таштоонун ордуна эки кадам артка секирди.
– Эгер ошондой эле болсо, күтө туралы, – деп шыбырады ал.
– Ооба, күтө туралы, – деди Данглар. – Эгер ал күнөөлүү болбосо, аны коё беришет; эгер күнөлүү болсо анда саткын үчүн өзүңдү азапка салуунун кажети жок.
– Анда кетели, менин бул жерде калууга алым жок.
– Кетсе, кетели, – деди Данглар, чогуу кете турган бирөө жарым табылганына кубана. – Кеттик, булар билгендерин кылышсын…
Баары тарап кетишти. Фернан, кайрадан Мерседестин жападан жалгыз жөлөгү катары аны колдон алып, Каталанга жеткирди. Өз кезегинде, Дантестин достору, алы кеткен чалды Мельян аллеясындагы үйүнө алып кетишти.
Көп өтпөй Дантестин бонапарттык агент экендиги тууралуу аңыз бүт шаарга тарады.
– Ким ойлоптур, Данглар? – деди Моррель, өз бухгалтери менен Кадруссту кууп жетип. Ал Дантес тууралуу жаңылыктарды угууга, падышалык прокурордун жардамчысы Вильфор мырза менен тааныштыгына үмүт үзбөй, калаага ашыгып баратты. – Кимдин оюна келиптир?
– Мырза, сиз кандай дейсиз, – деп аста сөз жылдырды Данглар. – Мен сизге айттым эле го, Дантес эч себепсиз Эльба аралына токтогонун; бул мага шектүү көрүнгөн.
– А сиз өзүңүздүн шек санооңуз тууралуу менден бөлөк кимдир бирөөгө айтпадыңызбы?
– Кантип айтайын, – деп кошумчалады Данглар акырын. – Сиз өзүңүз билесиз да, сиздин агаңыз, Поликар Моррель мырза, ал учурда кызмат кылганын жашырбай айтып келет, андыктан сиздин Наполеонго жан тартканыңыздан шек санашмак… Мен Эдмонго ошондой эле сизге зыян келтиремби деп корктум. Кызматчылар башкага айтпаганды кожоюнга гана кабарлап, аны бирөө жарымдан сактоо керектиги тууралуу кеп бар.
– Туура, Данглар, туура, сиз чынчыл жигитсиз! Ошентсе да, мен бул бечара Дантес «Фараон» капитаны ордун алчу болсо, анда сизге орун камдап койгом.
– Кандайча?
– Ооба, мен алдынала Дантестен сиз тууралуу кандай ойдо жана сизди өз ордуңузда калтырууну сурагам; эмнеге экенин билбейм, бирок мага экөөңдүн ортоңордо кара мышык аралап өткөндөй сезим болгон.
– Анан ал сизге эмне деп жооп берди?
– Ошондой бир окуя болуп өткөнүн, – бирок кандайча болгонун так кесе айтпады, – ошондо ал чындап сиздин алдыңызда күнөөкөр болгон экен, бирок ал арматор кимге ишенсе ошого ишенүүгө даяр экенин айткан.
– Анткор! –деп шыбырады Данглар.
– Бечара Дантес! – деди Кадрусс. – Ал ушунчалык мыкты эле!
– Ооба, бирок азырынча «Фараон” капитансыз, – деди Моррель.
– Эми биз деңизге үч айдан кийин чыга турган болгон соң – деди Данглар, – анда ага чейин Эдмонду коё беришет деп үмүт кылалы.
– Албетте, бирок ага чейин?
– А ага чейин, Моррель мырза, мен сиздин кызматыңыздамын, – деди Данглар. – Сиз билесиз да, мен алыска сүзүүчү кеме капитанынан кем калбай башкара алам; а түгүл сизге мени алуу пайдалуу, анткени качан Эдмон абактан чыкканда, сиз эч кимге карыздар болбойсуз. Ал өз ордуна келет, мен өз ордума барам, болгону ошол.
— Ыраазымын, Данглар, – деди арматор, – бул чындап эле калетсиз. Анда эмесе, командачылыкты колго алыңыз да, жүктөрдүн түшүрүлүшүнө көз салыңыз, айрым адамдарды кандай гана кесепет торобосун, ал биздин ишке таасир этпеши керек.
– Кам санабаңыз, Моррель мырза; бирок бечара Эдмонду барып көрүүгө болор бекен?
– Мен аны азыр билейин; мен Вильфор мырза менен көрүшүп, ага абактагынын абалы туурасында айтайын. Ал кудай аткандай падышалык бийликтин жактоочусу, канчалык ал роялист жана падышалык прокурор болбосун кантсе да адам эмеспи, анын үстүнө каардуу адамдай көрүнбөйт.
– Жок, каардуу эмес, бирок мен аны мактоону сүйгөн неме деп уккам, бул бир эле нерсе.
– Кыскасы, көрө жатарбыз, – деди Моррель үшкүрүп. – Бортко жөнөңүз, мен бир аздан кийин барып калам.
Анан ал соттун имаратын көздөй басты.
– Көрдүңбү, иш кандай өңүттө бурулду? – деди Данглар Кадрусска. Сен болсо, Дантеске болушкуң келген?
— Албетте, жок, бирок оюндан от чыгып мындай кесепет болгону өкүнүчтүү.
– Ким тамашалады? Сен эмес, мен дагы эмес, а Фернан. Сен менин кагазды ыргытканымды көрдүң го; ал гана эмес аны айрып да салгандай болгом.
– Жок, жок! – деп кыйкырып жиберди Кадрусс. – Мен азыр дагы анын тапчандын бурчунда бырышып, ушаланып жатканын көрүп турам, анын ошол мен көргөн жерде болушун кандай гана каалар элем!
– Эмне кылмакчыбыз? Көрсө, Фернан аны алып, көчүрүп чыгып же башка бирөөгө жаздырткандыр, а мүмкүн ага да чамасы жетпеген чыгар… О жараткан!
Эгер ал менин жазганымды жөнөтсө эмне болот! Мен, кудай жалгап, кол жазмамды өзгөрткөнүм дагы жакшы болуптур.
– Сен эмне Дантес – кутумчу экенин билчү белең?
– Мен эч нерсе билчү эмесмин. Мен сага айткам, болгону тамашалайын дегем, болгону ошол. Байкашымча, мен арлекин сыяктуу, тамашалап чындыкты айткан турбаймынбы.
– Баары бир, – деп сөзүн улады Кадрусс, – мен мунун баары болбой калышы үчүн баарын берүүгө даярмын, же болбосо жок дегенде мен бул ишке аралашпаган болсом не. Сен көрөсүң акыры, бул бизге эртеби-кечпи азап тартуулайт, Данглар.
— Эгер ал кимдир бирөөгө азап алып келсе, анда чыныгы күнөөкөргө алып келсин, ал эми чыныгы күнөөкөр, биз эмес – Фернан. Биздин башыбызга кандай алаамат түшмөк эле? Биз болгону лам деп ооз ачпастан, тынч отурушубуз керек, ошондо нөшөр жаныбыздан чагылгансыз өтүп кетет.
– Омийин, – деди Кадрусс, Дангларга башын ийкеп, тим эле аябай ойго баткан кишидей, башын чайкап, бир нерселерди күңкүлдөп, Мельян аллеясына бет алды.
«Ошентип, – деп ойлоду Данглар, – иш мен болжогон нукта баратат; убактылуу болсо да мен капитанмын, тиги кемпай Кадрусс эле далдырап койбосо, анда түбөлүк дей бер. Болгону бир жагдай калат, эгерде эле укук коргоо Дантести өз чеңгээлинен чыгарып жибербесе… Бирок укук коргоо деген укук коргоо да, – деп жылмайды ал, мен ага толук ишенем».
Ал кайыкка секирип түшүп, бизге белгилүү болгондой, арматор ага жолугушууну болжогон «Фараонду» көздөй калак шилтөөнү буйруду.
6-БАП
ПАДЫШАЛЫК ПРОКУРОРДУН ЖАРДАМЧЫСЫ
Дал ошол күнү, ошол саатта, Гран-Кур көчөсүнүн, Медуз фонтанынын каршысындагы, архитектор Пюже тарабынан курулган, эски ак сөөк үйлөрдүн биринде дагы шакек салуу салтанатын майрамдап жатышкан.
Бирок бул шаан-шөкөттүн каармандары жөнөкөй адамдар, матростор менен аскерлер эмес, алар марселдин каймактары эле. Булар узурпатор учурунда өргүүгө чыккан карыган аткаминерлер; Конде армиясына француз армиясынан качып кеткен аскер кызматчылары; жаш жигиттер, алардын коопсуздугуна күмөн болбогон ата-энелери алар үчүн төрт же беш рекурт коюшкан, – аларды беш жыл куугунтукта жүргөндү – азап тартканга, ал эми он беш жыл болсо – Ал Кудайга тете болгондорго, жек көрүүчүлүктө тарбиялашкан.
Баары үстөл тегеректеп отурушуп, ошол учурдун талылуу маселелерин кызуу талкуулап жатышты, өзгөчө Франциянын түштүгүндө беш жылдан бери саясий күрөштүн диний күрөш менен каршылашып келгени талашка түшүп жатты.
Кол астындагы жүз жыйырма миллион элдин дүйнөнүн он тилинде: «Жашасын Наполеон!» – деп кыйкырып турган чакта, императордун, Эльба аралынын падышасы аталып, бүтүндөй аралга кожоюндук кылып, беш-алты миң жанга эгедер болушу, салтанаттын катышуучуларына Франция жана такты үчүн таптакыр жок киши катары көрүндү. Аткаминерлер анын кетирген саясий каталарын эске салып кеп курушса, аскер кызматкерлери Москва жана Лейпциг тууралуу сөз кылышты, аялдар – Жозефина менен ажырашканын саймедирешти. Адамдын тактан кулаганына эмес, принциптин жоктугуна кубанган бул падышалык бийликтин бирууч тобу, коркунучтуу түштөн ойгонуп, эми гана жаңы жашоо башталгандай сезишти.
Төшүндө ыйык Людовиктин орденин тагынган шыңга бойлуу кары, ордунан туруп конокторуна Людовик XVIII үчүн алып жиберүүнү сунуш кылды. Бул маркиз де Сен-Меран эле.
Бул гартвель куугуну менен Франциянын падышасын тынчтандыруучунун урматына айтылган каалоо катуу кыйкырык сүрөөн менен коштолду; англис салты боюнча баары бокалдарын көтөрүштү; аялдар өз гүл чамбарларын сындырышып аларды тасмалга чачышты. Бул бир бүтүн толкунданууда ыргак бар эле.
– Алар моюндарына алышат беле, – деди маркиза де Сен-Меран, ичке эриндүү, аристократиялык жүрүм-турумга ээ, элүү жашка чыгып калса да, дагы эле сынынан жана элек, серт көз караштагы аял, – алар бул жерде болушканда моюндарына алышат беле, бизди кууп чыгышкан жана Террор учурунда бир үзүм нанга сатылып кеткен биздин өзүбүздүн хан сарайларыбызда бизге каршы арам ойлошкон ошол эле революционерлер, –чыныгы курмандыкка чалуу, биз тарапта болгонун моюндарына алышат беле, анткени биз талкаланып бараткан монархияга берилүү менен кызмат кылдык, ал эми алар тескерисинче, биз жакырланып бара жаткан чакта, чыгып келаткан күндү мактап байып жатышты. Алар биздин падыша чынында Сүйүктүү Людовик, ал эми алардын узурпатору ар качан кудай аткан Наполеон бойдон каларын моюндарына алышабы; чынбы, де Вильфор?
– Эмне дедиңиз, маркиза?.. Кечиресиз, мен укпай калдым.
– Балдарды жайына коюңуз, маркиза, – деди тост сунуш кылган карыя. – Бүгүн булардын шакек салган күн, анан аларга албетте, саясат кызык беле.
– Кечиресиз, апа, – деди, ак жумал, нымдалышкан баркыт көздүү, жаш сулуу кыз, – мен де Вильфор мырзаны кармап койдум окшойт. Урматтуу де Вильфор, апам сиз менен сүйлөшсөм дейт.
– Эгер мен укпай калган суроону кайталаса, мен маркизага жооп берүүгө даярмын, – деди де Вильфор мырза.
– Рене, мен сени кечирем – деди маркиза, анын муздак жүзүндөгү бул назик жылмаюу олдоксон көрүндү; бирок аялдын жүрөгү ушундай жаралган экен, ал канчалык эски көндүм адат менен жүрүм-турум талаптарына азгырылбасын, анда ар качан мөмөлүү жана жандуу бурч калат, – ал жараткан тартуулаган энелик мээрим. – Менин айтканым, Вильфор, бонапартисттерде биздин ишеним да, биздин берилгендик да, биздин курмандык да жок.
– Мырза айым, аларда биздикилердин баарын алмаштыра турган бир сапат бар, – ал фанатизм. Наполеон – Батыштын Мухамбетти; бул мактоого зар карапайым эл үчүн, ал мыйзам чыгаруучу жана улуу урматтуу гана эмес, ошондой эле – теңдиктин символу.
– Теңдиктин! – деп кыйкырды маркиза. – Наполеон – теңдиктин символубу? Анда мырза де Робеспьер ким? Менимче, сиз анын ордун тартып алып корсикандыкка ыйгарып жаткандайсыз; бир эле узурпация жетиштүү болду эле.
– Жок, мырза айым, – деп каршы чыкты Вильфор, – мен ар кимди өз тактысында калтырып жатам: Робеспьерди – Людовик Он Бешинчинин аянтындагы, даргада; Наполеонду – Вандом аянтында, анын колоннасында калтырдым. Бирок алардын бири кемсинткен теңдикти киргизсе, экинчиси көкөлөткөн теңдикти киргизди; бири падышаны өлүм машинасына теңесе, экиниси, элди так деңгээлине чыгарды. Булар, – деп кошумчалады Вильфор, күлүп, – булардын экөө тең – көөндү айныткан революционер жана тогузунчу термидор менен төртүнчү апрель миң сегиз жүз он төртүнчү жылы – Франция үчүн эки бактылуу күн, аларды тартип достору менен монархия бирдей майрамдашы керек эле; бирок бул эмне үчүн Наполеон, тактан куласа да, – түбөлүк деп үмүт кылам, – ичи тар тарапташтарды сактап калды. Сиз эмнени каалайсыз, маркиза? Кромвель Наполеондун жарымы эле болгон, ошондо да аларга үстөмдүк кылган!
– Билесизби, Вильфор, мунун баары жүз метрден эле төңкөрүш жыттанат го. Бирок мен сизди кечирем, – себеби, жирондисттин баласы болуп туруп, төңкөрүшчүл рухту сактап калуу мүмкүн эмес.
Вильфордун жүзүнө кызыл жүгүрдү.
– Менин атам жирондист болгону чындык; бирок менин атам падышанын өлүмү үчүн добуш берген эмес; ал да сиз сыяктуу эле террор болгон күнү куугунтукка алынып аз жерден, сиздин атаңыздын башы ыргыган, эшафотто башынан ажырап кала жаздаган.
– Ооба, – деп жооп кайтарды маркиза, ошол кандуу эскерүү анын жүзүнөн эч бир байкалган жок, – болгону алар карама-каршы принциптер үчүн эшафотко чыгышканы буга далил: биздин үй-бүлөбүз куугундагы Бурбондорду жактап бекем турушту, а сиздин атаңыз болсо дароо жаңы өкмөткө ооп кетти; Нуартье атуул жирондист болгон, а граф Нуартье сенатор болду.
– Апа, – деди Рене, – сиз, биздин шартыбызды билесиз да: эч качан кайгылуу эскерүүлөргө кайрылбоо керек.
– Мырза айым, – деди Вильфор, – мен мадемуазель де Сен-Меранга кошулам жана аны менен бирге өткөндү унутууну көптөн көп суранам. Анын астында кудай да күчсүз болгон нерсени талкулоонун кереги барбы? Кудай келечекти өзгөртүүгө эгедер күчкө ээ; өткөнгө ал эч кандай өзгөртүү киргизе албайт. Биз өткөндөн таптакыр кол үзбөсөк да, жок дегенде аны жаап салсак болот. Мен маселен, өз атамдын түшүнүгүнөн гана эмес, анын атынан да баш тарткамын. Менин атам, балким болмок, бирок, ал эми бонапартист жана ысымы Нуартье; мен – роялистмин жана аты-жөнүм де Вильфор. Эски кара шакта революциялык ширелер соолуй берсин; сиз болгону андан бөлүнүп чыккан бутакка гана карап жатасыз, балким ал андан таптакыр айрылгысы келбей тургандыр.
– Жаша, Вильфор! – деп кыйкырып жиберди маркиз. – Баракелде! Жакшы айтылды! Мен дагы маркизаны өткөндү унут деп канча айтканым менен анымдан түк пайда жок; сизди бактылуураак болосуз деген үмүттөмүн.
– Жакшы, – деди маркиза, – өткөндү унуталы, мен өзүм да ошону каалайм; ал эми Вильфор келечекте туруктуу болушу керек. Унутпаңыз, Вильфор, улуу урматтуунун алдында сиз үчүн жоопкерчилик алдык, биздин кепилдик менен улуу урматтуу унутууга макул болду, (ал ага колун сунду), Сиздин өтүнүч боюнча мен да унутайын. Бирок сиздин колуңузга кайсы бир кутумчу түшчү болсо, эсиңизде болсун: сизди ушунчалык кылдат иликтешет дейсиз, кутумчулар менен алакадагы үй-бүлөгө тиешелүү деген таризде сизге тыкыр аңдуу жүргүзүшөт.
– Тилекке каршы, мырза айым, – деп жооп кайтарды Вильфор, – менин кызматым жана өзгөчө биз жашап жаткан доор мени кайраттуу болууга милдеткер кылат. Ошондуктан мен тартипти бекем сактайм. Бир нече жолу саясий иштерди колдоо башыман өткөн, бул алакада мен өзүмдү көрсөтө алгам. Тилекке каршы, бул ошону менен эле аяктап калбас.
– Сиз ошентип ойлойсузбу? – деп сурады маркиза.
– Мен ошондон чоочуркайм. Эльба аралы – Францияга өтө эле жакын жайгашкан. Наполеондун биздин жээктен болсо да көрүнүшү анын тарапташтарына үмүт берет. Марсель жарым айлык алган аскерлерге жык толгон; алар роялисттер менен кантип урушсак деп эле шылтоо таппай турушат. Мындан улам – светтик адамдар ортосунда дуэлдер, ал эми карапайым калк ичинде бычакташуу болууда.
– Ооба, – деди граф де Сальвье, маркиз де Сен-Мерандын эски досу жанаграф д’Артуанын камергери. – Бирок сиз эмне, Ыйык Кеңеш аларды көчүргөнү жатканын билбейсизби?
– Ооба, бул туурасында биз Парижден узап жатканда сөз болгон, – деп жооп кайтарды маркиз.
– Бирок аны кайда айдашат?
– Ыйык Еленага.
– Ыйык Еленага! Бул кантип болсун? – деп сурады маркиза.
– Бул жерден эки жүз чакырым алыстагы, экватордун ары жагындагы, аралга, – деп жооп кайтарды граф.
– Жолу шыдыр болсун! Вильфор туура айтат, мындай адамды өзү төрөлгөн Корсика менен анын күйөө баласы үстөмдүк кылган Неаполь жана өз баласына падышалык кылууну каалаган Италия арасына калтыруу акылдан айныгандык.
– Тилекке каршы, – деди Вильфор, – миң сегиз жүз он төртүнчү жылдагы келишим бар, ошондуктан ал келишимди бузбай туруп Наполеонго тийүүгө болбойт.
– Анда аны бузушат! – деди граф де Сальвье. – Ал байкуш герцог Энгиевскийди атууга буйрук бергенде анчалык деле башын ооруткан эмес.
– Эң жакшы, – деди маркиза, – чечилди: Ыйык Кеңеш Европаны Наполеондон куткарат, а Вильфор Марселди анын жактоочуларынан тазалайт. Падыша салтанат курат же жок; эгер ал падышалык кылса, анда анын өкмөтү күчтүү жана анын аткаруучулары – туруктуу; ошентип гана жамандыкты жеңүүгө болот.
– Тилекке каршы, мырза айым, – деди Вильфор жылмая, – падышалык прокурордун жардамчысы жамандык болгондон кийин гана көрүп жатпайбы.
– Менин айтарым, мырза айым, биз жамандыкты оңдобостон, болгону жөн гана өч алып жатабыз.
– Ах, де Вильфор мырза, – деди жаш жана татына кыз, граф де Сальвьенин кызы, мадемуазель де Сен-Мерандын курбусу, – биз Марселде жүргөндө, кандайдыр бир кызыктуу процесс көрсөтүүгө аракет кылыңыз. Мен эч качан сотту көргөн эмесмин, бул абдан кызыктуу деп айтышат го.
– Ооба, чын эле абдан кызыктуу, – деп жооп берди падышалык прокурордун жардамчысы. – Бул жасалма трагедия эмес, чыныгы драма; анткор кайгы-капага батуу эмес, чыныгы азап. Сиз көрүп турган адам спектакль аяктаганда эртең бардыгын башынан баштоо үчүн үйүнө үй-бүлөсү менен тамактанып тынч жатып уктоого кайтпастан, аны күтүп турган баш кесерге, түз эле абакка жөнөйт. Ошондуктан күчтүү сезимдерди издеген асылкечтер үчүн мындан өткөн көрүнүш болбос. Эгер оңтою келсе мен ал учурду колдон чыгарбаганга аракет кылам – кам санабаңыз.
– Анын сөзүнөн соң бизди калтырак басып жатса… ал болсо күлөт да! – деди Рене, кумсарып.
– Эмне буйрук бересиз?.. Бул кармаш… Мен беш же алты жолу соттолгондорду, саясий жана башкалар үчүн дарга асууну талап кылгам… Ким билет, караңгыда канча канжарлар бүлөөлөнүп жатат, же канчасы мага карап турат болду экен!
— Кудай сакта! – деп кыйкырды Рене. – Чын эле олуттуу айтып жатасызбы, де Вильфор мырза?
– Чын айтам, – деп жооп кайтарды Вильфор жылмайып. – Анан ошол графиня эңсеген, а мен мактоого татыган ошол кызыктуу процесстерден соң, мен үчүн коопсуздук ого бетер күч алат. Анткени душманга сокурдай тике качырууга көнгөн ошол наполеондук аскерлер, качан ок чыгаруу керек же штык менен уруу керек экенин талкуулап отурушабы? Алар өмүрү көрбөгөн орус, австриялык же венгерди ойлонбостон өлтүрүп жүргөн немелер, жеке душманым деген адамын өлтүрүп жатканда чын эле колдору калтырайбы? Анын үстүнө коркунуч керек; антпесе биздин ишибиз актанууга болбой калмак. Мен өзүм да тутанып кетем, күнөөкөрдүн көзүнөн каардануу көргөндө: бул мага күч берет. Бул сотто эмес, күрөш; мен аны менен кармашам, ал коргонот, мен жаңы соккуларды жаадырам, бардык эле кармаш сыяктуу күрөш жеңиш же утулуу менен аяктайт. Соттошуу деген ушундай болот! Коркунуч кызыл тилдүүлүктү жаратат. Эгер күнөөкөр менин сөзүмөн кийин жылмайса, анда мен жаман сүйлөдүм, менин сөздөрүм супсак, начар, маңызсыз болду деп чечем. Анын кызыл тилдин кылычтай шилиген соккусунан жана ага коюлган күнөөнүн оордугунан кылмышкердин башы шылкыйып, өңү бозоруп чыкканда, кылмышкердин күнөөлүү экендигин көргөн прокурордун жаны жыргап, магдырай түшкөнүн өзүңүз элестетиңиз! Кылмышкердин башы ийилет да кулап түшөт!
Рене акырын кыйкырып жиберди.
– Кандай гана сүйлөйт! – деп баса белгиледи коноктордун бири.
– Биздин заманда так ушундай адамдар керек, – деди башкасы.
– Акыркы процессте, – деп жыра тартты үчүнчүсү, – сиз керемет болдуңуз, Вильфор. Эсиңиздеби – өз атасын мууздап салган акмак? Сиз аны баш кесердин колу тийгиче эле өлтүрүп салдыңыз го.
– О, ата өлтүргүчтөр – аларды мен аябайм. Мындай адамдар үчүн андан өткөн оор жаза болбос, – деди Рене. – Бирок байкуш саясий кылмышкерлер…
– Алар андан да жаман, Рене, анткени падыша – калк атасы, анан падышаны кулатуу же өлтүрүү – демек отуз эки миллион адамдын атасын өлтүрүүгө тете.
– Баары бир де Вильфор мырза, – деди Рене. – Мага сөз бериңиз, мен сизден сурангандарга ырайым кыларсыз…
– Кам санабаңыз, – деп жооп кайтарды Вильфор жаркылдай жылмайып, – биз экөөлөп каралоочу актыларын жазабыз.
– Сүйүктүүм менин, – деди маркиза, – өзүңүздүн колибри, иттер жана кездемелер менен алпурушуңуз да болочок күйөөңүзгө өз ишин так аткаруусуна жол бошотуңуз. Азыркы тапта курал эс алып, тога баркталып жатат; бул тууралуу керемет латын макалы бар.
– Cadant arma togae[1], – деди Вильфор.
– Мен латынча айтканга батынган жокмун, – деди маркиза.
– Менимче, мен сизди доктур катары көргөнүм ыймандуураак, – деп сөзүн улады Рене. – Жазалоочу периште, ал чындап периште болсо да мени ар качан чоочуркатат.
– Менин боорукер Ренем! – деп шыбырады Вильфор, сүйүү толгон көздөрү менен жаш кызга карап.
– Мырза де Вильфор, – деди маркиз, – биздин аймактын ахлак жана саясий дарыгери болмокчу; бул ардактуу роль, ишен мага, кызым.
– Анан бул анын атасы ойногон ролду унуткарууга көмөкчү болобу, – деп кыпчылды тежик маркиза.
– Мырза айым, – деп жооп кайтарды Вильфор мундуу жылмая, – мен сизге айткандай, менин атам, мен ошондой деп үмүт кылам, өзүнүн мурдагы пикиринен баш тартып, дин менен тартиптин жактоочусу болуп, мага караганда мыкты роялист болуп кеткен, мындайча айтканда ал өкүнгөн роялист болсо, мен сезимге таянам.
Анан Вильфор, сотто үнүн бийик чыгарып өкүм чыгарган сындуу, отургандарга жалпы көз жүгүрттү, өзүнүн кызыл тилинин таасирин текшергендей.
– Туура, Вильфор, – деди граф де Сальвье, – ушул эле сөздөрдү мен Тюильри министрге үчүнчү күнү айтканымда, жирондисттин уулу менен Конде армиясында кызмат кылган офицердин кызы баш кошоруна таң калганы менен министр мени түшүндү. Падышанын өзү бул кошулуу ымаласын колдоого алат. Ал бизди угуп жатат деп ойлогон да эмеспиз, бир маалда ал сөзгө аралашып: «Вильфор (байкасаңыздар, падыша Нуартье дебестен, Вильфор деген атка басым жасады), Вильфор, – деди падыша, – алыска кетет; бул жаш жигит жетишинче калыптанып калды жана менин дүйнөмө таандык. Мен маркиз менен маркиза де Сен-Меран өздөрүнүн кызын ага берип жатканын зор кубаныч менен кабыл алдым, алар мага уруксат сурап келбесе деле, алардын баш кошушуна кеңеш бермекмин».
– Падыша эмне деди, граф? – деди сыймыктанган Вильфор.
– Анын жеке сөздөрүн сизге айтайын; эгер маркиз да ачык айта турган болсо, бул сөздөрдү падыша өзүнө да айткан жайы бар, жарым жыл мурун сизге кызын берерин падышага кабарлаган болчу.
– Бул чындык, – деп тастыктады маркиз.
– Анда эмесе, мен баары үчүн падышага милдеткер экемин да! Ага кызмат өтөө үчүн мен эмне кылбай коё алам!
– Сиз мага ушундай жагасыз, – деди маркиза. – Эми кутумчу келип көрсүн, – эшик ачык!
– А мен, апа, – деди Рене, – жаратканга жалбарарым, ал сизди укпай де Вильфор мырзага майда уурулар, алсыз банкроттор жана тартынчаак кисебирлерди жөнөтсө экен; ошондо мен тынч уктайм.
– Бул дарыгерге жалаң гана баш оору, чакалай, аары чаккан жана ушул сыяктууларды каалагандай эле кеп, – деди Вильфор күлүп. – Эгер сиз мени падышалык прокурор катары көрсөңүз, тескерисинче, оор жараттарды каалаңыз, аларды айыктыруу дарыгерге сыймык алып келет эмеспи.
Дал ошол мүнөттө тагдыр де Вильфордун тилегин күтүп тургандай лакей кирип келип анын кулагына алда нени шыбырады.
Вильфор, кечирим сурап столдон чыкты да жүзүндө жайдары жылмаюу менен кайтып келди.
Рене өз күйөөсүнө суктануу менен карады: анын көк көздөрү кара бакенбарддары менен чегерилген ак жүзүндө жылтырап; ошол мүнөттө ал чындап келишимдүү эле. Рене ал эмне себептен чыгып кеткенин түшүндүрүүсүн күтүп калы.
– Сиз азыр эле күйөөңүз дарыгер болушун каалап жатпадыңыз беле, – деди Вильфор, – анда эмесе менин Эскулап окуучуларына (дал ушинтип миң сегиз жүз он бешинчи жылы айтышчу) айрым окшоштуктарым бар: мен өз убактыма ээ эмесмин. Мени а түгүл бул жерде, сиздин жаныңызда, биздин үйлөнүүгө бел байлаган күндө да таап алышты.
– А сизди эмне үчүн чакырышты? – деп сурады жаш кыз бир аз кабатырлана.
– Тилекке каршы, оорулуу үчүн, мага айткандарына ишенсем кайсы бир оорулуунун абалы начар экен. Өтө кооптуу учур, жана ал оору эшафот менен аяктайбы деп турам.
– Жараткан! – деп, өң-алеттен кетип кыйкырды Рене.
– Чын элеби! – деп коноктор бир ооздон кыйкырышты.
– Байкашымча, кеп бонапарттык кутум тууралуу болуп жатат окшойт.
– Койсоңчу! – деп кыйкырды маркиза.
– Тоголок катта мындайча айтылат.
Вильфор окуп кирди:
– «Такты менен ишеним жактоочусу падышалык прокурорго төмөнкүлөрдү кабарлайт, Эдмон Дантес „Фараон“ кемесинде капитан жардамчысы, бүгүн Смирнадан келатып Неаполь жана Порто-Феррайого кайрылып, Мюраттан узурпаторго кат алып келип, ал эми узурпатордон Париждеги бонапарттык комитетке жеткирет.
Эгер ал кармалса, анын күнөөсүн далилдеген кат анын жанынан, же атасыныкынан, же «Фараондун» каютасынан табылат”.
– Уруксат этсеңиз, – деди Рене, – бул кат сиздин дарекке эмес, падышалык прокурорго жолдонуптур го.
– Ооба, бирок падышалык прокурор жок болгондуктан; аны ачуу үчүн катты анын катчысына беришет; ал катты ачып мага киши чаптырат, мени үйдөн таппаган соң, өзү камакка алуу тууралуу буйрук берет.
– Ошентип кылмышкер камактабы? – деп сурады маркиза.
– Жок күнөөкөр, – деп ондоо киргизди Рене.
– Ооба, камалды, – деп жооп берди Вильфор, – жана мен айткандай мадемуазель Рене, эгер андан катты табышса, анда менин пациентим абдан оорулуу.
– Ал бечара кайда? – деп сурады Рене.
– Мени күтүп жатат.
– Жөнөңүз, досум менин, – деди маркиз, – өз милдетиңизге кайдыгер болбоңуз. Падышалык кызмат сиздин жеке катышууңузду талап кылат; сизди чакырып жаткан падышалык кызматка жөнөңүз.
— Ах, де Вильфор мырза! – деп Рене, колдорун жалбаргандай кайчылаштырып:
– Ырайымдуу болуңуз, бүгүн сиздин баш кошууга сөз бекиткен күнүңүз.
Вильфор үстөлдү айланып өтүп, анын болочок колуктусу отурган отургучтун жөлөнгүчүнө таянып, мындай деди:
– Сиздердин бейкут жашооңуздар үчүн колуман келгендин баарын жасаймын. Эгер коюлган айып талашсыз, күнөөсү адилеттүү болсо, анда бул бонапарттык отоо чөптү орду түбү менен отоп салуу керек.
Рене «отоо» деген бир сөздөн титиреп чыкты, болбосо бул отоо чөп, Вильфор айткандай баш эле.
– Аны укпаңыз, Вильфор, – деди маркиза, – бул балалык; ал көнүп кетет.
Анан маркиза Вильфорго сунган кургак колун ал Ренеге карап өптү; анын көздөрү: «Мен сиздин колуңузду өөп жатам, же жок дегенде өпкүм келет» – деп айтып турду.
– Кайгылуу жоромол! – деп шыбырады Рене.
– Токтот, Рене, – деди маркиза. – Сен өзүңдүн балалык жоруктарың менен менин чыдамымды кетирип жатасың. Мамлекеттин тагдырыбы же сезимтал кыялдануу – маанилүүбү, ошону билгим келет?
– Ах, апа, – деп үшкүрдү Рене.
– Маркиза, сиздин чабал роялистканы кечириңиз, – деди де Вильфор, падышалык прокурордун жардамчысы катары колуман келгенин жасайм, башкача айтканда ташбоор болом деп сөз берем.
Бирок бул сөздөрдү маркизага прокурордун жардамчысы катары айтып жатып, күйөө жигит уурдана колуктусуна карады, ал эми бул көз карашта: «Кам санабаңыз, Рене; сиз үчүн мен ырайымдуу болом» – деп жазылып турду.
Рене ага назик жылмайып жооп кайтарды, ошондо Вильфор бакытка батып чыгып кетти.
7-БАП
СУРАК
Ашканадан чыгары менен Вильфор дароо жүзүндөгү шаттык бет кабын чечип ыргытып, өзүнө улуу милдет тагылган, кайсы бир адамдын тагдырын чечүүгө белсинген, кадырлуу кишинин кейпи кийди. Бирок чебер актер сындуу күзгү астында ойногон анын кыймылдуу жүзүнө карабастан, бул сапар кабагын чытып жүзүн түнөртүүгө болбой жатты. Чындап келгенде, анын карьерасына терс таасир тийгизчү, атасынын саясий көз карашынын өтмүшү болбогондо, андан чечкиндүү баш тартуу керек, Жерар де Вильфор ушул мүнөттөрдө таалайлуу адам кандай бактылуу болсо ошондой балкып турду: бир топ кирешеге ээ болуу менен жыйырма жети жашында сот дүйнөсүндө көрүнүктүү орунга ээ эле; ал жаш жана сулуу кыздын күйөөсү, аны жан-дили менен сүйбөсө да падышалык прокурордун жардамчысы катары акылга салып жактырып турду. Мадемуазель де Сен-Меран сулуу гана болбостон, падышалык сарайга жакындыгы бар үй-бүлөдөн эле. Ата-энесинин байланышынан тышкары, башка балдары жок болгондуктан, аларды күйөө баласы катары өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланмак, колукту элүү миң экю калың алып келип, үмүттөндүрүп (ортомчу жеңелер тарабынан ойлонуп табылган коркунучтуу сөз), убакыт өтүшү менен жарым миллиондук байлыкка көбөймөк. Мунун баары көз жоосун алган бакытка тундургандыктан, эгер ага чейин өз жан дүйнөсүн ички көзү менен караганда, Вильфор күндөн да так таап чыкмак.
Эшик алдында аны полиция комиссары күтүп туруптур. Бул кебетеси суук аны алты кабат асмандан биз басып жүргөн жерге түшүүгө аргасыз кылды; ал жүзүнө тиешелүү сур берди да полициянын жанына басып барды.
– Мен даярмын! – деди ал. – Мен катты окудум, сиз ал адамды камап жакшы кылыпсыз; эми ал жана кутум тууралуу чогултууга үлгүргөн маалыматтардын баарын мага кабарлаңыз.
– Кутум тууралуу биз эч нерсе билбейбиз; бардык кагаздар анын жанынан табылып, бир байламда чапталып сиздин столдо жатат. Күнөөкөр тууралуу айта турган болсок, сизге тоголок каттан дайын болгондой, Эдмон Дантес, ал үч мачталуу «Фараон» кемесинде капитандын жардамчысы болуп кызмат өтөйт, ал кеме «Моррель жана Уул» марселдик соода үйүнө тиешелүү болуп Александрия менен Смирнадан пахта ташыйт.
– Соода кемесине келгенге чейин ал флотто кызмат өтөгөнбү?
– О, жок! Бул аябай жаш жигит.
– Канча жашта?
– Ашып кетсе, он тогуз-жыйырма жашта.
Качан Вильфор, Гранрю көчөсүн басып өтүп, өз үйүнө жакындаганда, аны көздөй бир адам бет алды, ал күтүп тура керек. Бул Моррель мырза эле.
– Мырза де Вильфор! – деди өктөм. – Сизди жолуктурганым кандай жакшы болду! Ойлосоңуз, кандайдыр бир түшүнбөстүк болуп кетти көрүнөт, менин капитанымдын жардамчысын Эдмон Дантести камакка алышты. – Билем, – деп жооп кайтарды Вильфор, – дал азыр аны суракка алууга бара жатам.
– Мырза де Вильфор, – деп кызуулана сөзүн улады Моррель, – сиз күнөөкөрдү билбейсиз, мен билемин. Абдан момун, чынчыл, жана мен кепилдик берем соода флотундагы өз ишин билген мыктынын мыктысы экенин элестетиңизчи… Мырза де Вильфор! Ал үчүн жан-дилим менен суранам.
Вильфор, биз көргөндөй аристократиялык лагерге тиешелүү болсо, а Моррель – кара таман эле; биринчиси чектен чыккан роялист, экинчисин жашыруун бонапарттыкта шектүү каралган. Вильфор Моррелге үстүртөн карап тоңдоосун жооп кайтарды:
– Сиз билесизби, төрөм, үйдө момун, соода алакасында чынчыл жана иш билги, ошол эле маалда саясий мааниде кылмышкер да болушу ыктымал. Сиз муну билесиз, чынбы, төрөм?
Вильфор акыркы сөздөргө басым жасап, Моррелдин өзүнө тийишкендей болду; анын сынагандай көз карашы жүрөгүн жаралап жатты, эчки тууй албай жатып койго арачы болот дегендей, өзү ырайымга муктаж болгон чакта да башка бирөө үчүн ортого түшүп жатты.
Моррель кызарып чыкты, себеби саясий көз караштар өңүтүндө анын абийири анчалык таза болбой, анын үстүнө Дантестин маршал менен жолукканы жана императордун айткандары, анын акылын уяткарып турду. Бирок ал чын дилинен:
– Сизден көптөн көп өтүнөм, де Вильфор мырза, сиз мурдагыдай эле боорукер болгондой, адилет болуп, эртерээк бизге байкуш Дантести кайрып бериңиз!
Бул «бизге кайрып бериңиз» деген сөз падышалык прокурордун жардамчысынын кулагына төңкөрүшчүл желаргыдай туюлду.
«Ооба! – деп ойлоду ал. – „Бизге кайрып бериңиз…“ Бул Дантес кайсы бир карбонарийлер сектасында эмеспи, анын колдоочусу аярдана көптүк түрүндө суранып жатканында бир мандем бар? Эсимде, комиссар, аны кабакта, эл көп чогулган жерде камакка алдык дегендей болду эле, – бул кандайдыр бир сырдуу топ болуп жүрбөсүн».
Ал үнүн чыгарып сөзүн улады:
– Төрөм, сиз кам санабай эле койсоңуз болот, эгер айыпталгандын күнөөсү жок болсо, адилеттүүлүк сурабай эле койсоңуз болот; эгерде тескерисинче, ал күнөөлүү болсо, биз оор заманда жашап жатабыз, ошондуктан жазасыз калуу жаман өрнөк болушу мүмкүн. Ошондуктан мен өз милдетимди аткарууга аргасызмын.
Ал тоңдоосун сыпайыгерчилик менен ийиле, кекирейип, соттун имаратына жабышып турган үйүнө кирип кетти, ал эми бечара арматор, таштай катып көчөдө кандай турса, ошондой кала берди.
Кире бериш жандармдар менен полицияларга жык толгон; алардын ортосунда, жек көрүүгө толгон көздөр арасында, комсоо жана кыймылсыз айыпкер турду.
Вильфор, далистен өтүп баратып, көз кыйыгы менен Дантеске учкай көз чаптырды, полициянын колунан тутам кагазды алып, эшик артына кирип баратып, кыйкырып калды:
– Күнөөкөрдү алып киргиле.
Вильфор тарабынан айыпталуучуга ташталган көз караш канчалык учкай болбосун, ошентсе да ал суракка ала турган киши тууралуу пикир түзүүгө жетишти. Ал анын жазы жана ачык маңдайы – акылды, тик көз караш менен чытып турган кабагы – кайратмандыкты, жарым жартылай ачылып турган толук эриндеринен жылтырап эки катар тизилген, пилдин сөөгүндөй болгон аппак тиштери – ачык-айрымдуулукту билдиргенин аңдап турду.
Биринчи таасир Дантес тарапта болду; бирок Вильфорго көп айтышкандай, саясий акылмандык катары биринчи сезимге алдырба, анткени бул жүрөктүн үнү; жүрөк толкушу менен таасирдин айрымасын унутуп, ошондуктан ал муну биринчи таасирге чегерип койду.
Ал жүрөгүнө кирип, акылын алууга ашыккан жакшы сезимдерди муунтуп, күзгү астында койкондой түшүп, иш үстөлүнө сүрдүү жана айбаттана отурду.
Бир мүнөттөн соң Дантес кирди.
Ал адатынча эле кубарып турганы менен, токтоо жана жайдары эле; ал өз сотуна жайдарылана ийилип салам берди да, андан соң арматор Моррелдин конок үйүндө тургандай көздөрү менен отургуч издеди.
Ошондо ал де Вильфордун мунарык көздөрүнө көздөрү чагылыша түштү – ал көз караш акыйкат жактоочуларга тиешелүү, алар кимдир бирөө алардын оюн окуп коюшун каалабагандыктан, көздөрүн боз айнекке айландырып алышат. Бул көз караш Дантеске ал сот алдында турарын билдирди.
– Сиз кимсиз жана атыңыз ким? – деп сурады Вильфор, ага далистен берилген кагаздары иреттеп жатып; болбогон бир саатын ичинде иш көлөмдүү дептерге айланып калыптыр: ушинтип тыңчылык жара күнөөкөр деп табылган денени жеп баштайт.
– Менин атым Эдмон Дантес, – деп тегиз жана уккулуктуу үн менен жооп берди жигит, – «Моррель жана Уул» фирмасына тиешелүү “Фараон” кемесинде капитандын жардамчысы болуп иштейм.
– Сиз канча жаштасыз? – деп суроо узатты Вильфор.
– Он тогуз, – деп жооп берди Дантес.
– Сизди абакка алганда, сиз эмне кылып жаттыңыз эле?
— Мен досторум менен шакак салуу салтанатында отургам, – деп бираз калтарыган үн менен жооп кайтарды Дантес, майрамдык салтанат менен ушул тапта, Вильфордун мырчыйган жүзү менен айдай жаркыган Мерседестин жамалынын ортосундагы карама-каршылык ушунчалык азаптуу болду.
– Сиздин шакек салуу салтанатыңызбы? – эрксизден силкинип алды прокурордун жардамчысы.
– Ооба, мен үч жылдан бери сүйүп жүргөн кызга үйлөнгөнү жатам.
Вильфор, өзүнүн демейдеги тоңдоосундугуна карабастан, мындай дал келүүгө таң калып турду, анан да толкунданган жигиттин үнү анын жан дүйнөсүндө аёо сезимин жаратты, ал да колуктусун сүйчү, бактылуу эле, мына анын кубанчына жолтоо болгондой, эми ал өзү сыяктуу жыргалга туна турган кишинин бактысына балта чапканы турат. «Кандай философиялык салыштыруу, – деп ойлоду ал, – маркиз де Сен-Мерандын конок бөлмөсүндө зор кызыгуу жаратчудай; Дантес андан аркы суроолорду күтүп турганда, ал акылында антитезаларды талдай баштады, алардан сөзмөрлөр кол чабууларга татып жана ошол замат чыныгы укмуш сөз берметтери катары кабыл алышат.
Акылында укмуштуу кыска сөздү даярдап, Вильфор жылмайып Дантеске карап мындай деди:
– Уланта бериңиз.
– Мен эмне улантайынбы?
– Адилет сотко маалымат бериңиз.
– Анда адилет сот мага айтсынчы, ал эмне тууралуу билгиси келет, мен ага билгенимдин баарын айтып берейин. Болгону, – деп күлдү ал кошумчалап, – эскертип коёюн, мен көп деле билбейм.
– Сиз узурпатор учурунда кызмат өтөдүңүз беле?
– Ал кулаган чакта, мени аскер флотуна чакырышмак.
– Сизди ашыккан саясий түшүнүктөгү деп, айтып жатышат го – деди Вильфор, ал тууралуу ага эч ким айтпаса деле, бул суроону айып тагуу иретинде суроо берүүнү чечип.
– Менин саясий түшүнүктөрүм!.. Кечиресиз, мен моюнга алгандан уялып турам, бирок менде сиз айткан түшүнүктөр эч качан болгон эмес, сизге дайын болгондой мен болгону он тогуз жаштамын; мен эч нерсе билбейм жана эч кандай жогору даражага да ээ болбойм; мен киммин жана ким болом, эгер мен каалаган орунду беришсе, анда мен бир гана Моррель мырзага милдеттүүмүн. Ошондуктан менин түшүнүгүм, алар да саясий эмес, жеке, үч сезимге такалат: мен атамды жакшы көрөм, Моррель мырзаны сыйлайм жана Мерседести жанымдан артык көрөм. Мына, урматтуу төрөм, менин адилет сотуна билдире турганым ушулар; көрүп тургандай булар ал үчүн анчалык кызыктуу эмес.
Дантес сүйлөп жатканда, Вильфор анын чынчыл, ачык жүзүнө карап туруп аргасыздан Рененин сөзүн эстеди, ал айыпкерди көрбөй туруп ага ырайым кылууну суранган эле. Кылмыш жана кылмыштуулар менен иш алып бара берип прокурордун жардамчысы Дантестин ар бир сөзүнөн күнөөсү жок экендигинин жаңы далилдерин көрүп жатты. Чындап келгенде, бул жигит, дагы эле баладай, жөнөкөй, ачык-айрым, чечен дегендей чечендик жүрөккө издегенде келбеген, баарын тегиз сүйүү менен карайт, анткени бактылуу эле, ал эми бакыт ар бир каардуу адамды боорукерге айландырат, – өз сотуна, өз жан-дүйнөсүн толтуруп жаткан назиктик менен мээримди төгүп турду. Вильфор аны менен суз жана тоң болду, ал эми Эдмондун көз карашында, үнүндө, кыймылында аны суракка алып жатканга карата достук жана жакшылыктан башка эч нерсе жок эле.
«Чын сөзүм, – деп ойлоду Вильфор, – кандай мыкты жигит, менимче, Рененин биринчи өтүнүчүн аткаруу менен ага жагам; ошону менен ал жердегилердин кол кысышына арзыйм, ал эми бурчтан жашыруун назик өбүүгө татыйм».
Бул таттуу үмүттөн Вильфордун жүзү жайнап чыкты, анан өз ойлорунан алаксып, Дантеске карады, Дантес да анын жүзүндөгү өзгөрүүлөргө байкоо салып тургандыктан, ал да жылмайды.
– Сиздин душмандарыңыз барбы? – деп сурады Вильфор.
– Душмандар? – деди Дантес. – Мен, бактыга жараша, алар болушуна татыбас жанмын. Мүмкүн мен ачулуу болушум ыктымал, бирок мен кол астымдагыларга аяр мамиле жасайм. Менин кол астымда он-он эки матрос бар. Урматтуу төрөм, алардан сурасаңыз, алар сизге, мени атасы катары эмес, – мен ал үчүн жаштык кылам, – улуу агасы катары мамиле кыларымды айтып беришет.
– Эгер сиздин душмандарыңыз жок болсо, анда көрө албастар бардыр. Сиз болгону он тогуз жаштасыз, ал эми сизди капитан кылып шайлаганы жатышат, бул сиздин наамыңыздагы жогорку кызмат; дагы сизди сүйгөн сулуу кызга үйлөнүп жатасыз, бул ааламдагы наамдардын эң сейрек бактысы. Мына булар көрө албастардын пайда болушуна жүйөлүү себептер.
– Ооба, сиздики туура. Сиз мага караганда адамдарды жакшы билесиз да, балким ошондойдур. Бирок ошол көрө албастар менин досторумдун арасында болсо, мен аларды жек көрүп калбаш үчүн аларды билбей эле калганым артык.
– Бул туура эмес. Ар дайым айлананы мүмкүн болушунча, ачык көрүү керек. Жана да чындыкты айта турган болсом, сиз мага ушунчалык татыктуу жигит көрүнөсүз, сиз үчүн мен адилеттиктин адаттагы эрежелеринен тайып, акыйкатты ачууга жардам кылайын… Мына бул тоголок кат, сизди күнөөлөйт. Кол жазмасын тааныдыңызбы?
Вильфор чөнтөгүнөн катты алып чыгып, Дантеске сунду. Дантес карап, окуду да чекесин тырыштырып, мындай деди:
– Жок, мен бул кол тамганы тааныбайм; кол жазма өзгөртүлгөн, бирок жетишинче катуу экен. Эмнеси болсо да муну чебер кол жазган.
– Мен өтө бактылуумун, – деп кошумчалады ал Вильфорго ыраазы боло карап, – сиздей киши менен алакада болгонума ыраазымын, чын эле бул көрө албас – накта душман!
Бул сөздөрдү айтканда анын көздөрүнөн жаркылдаган чагылгандан улам, анын сырткы момун энөөлүгүнүн ичинде кандай күчтүү жан дүйнө катылганын түшүндү Вильфор.
– Эми, – деди Вильфор, – мага ачык жооп бериңизчи, соттогу айыпталуучу эмес, оор кырдаалга туш болгон адамдын тагдырына ортоктош болгондой: бул аты жок каттын чындыгы барбы?
Вильфор көөнү айныгандай Дантес ага берген катты столго ыргытты.
– Баары чын, ошол эле маалда кылдай да чындык жок; мына накта чындык, моряктын абийири, менин Мерседеске болгон сүйүүм, атамдын өмүрү менен ант берем!
– Айтыңыз, – деди Вильфор.
Анан ичинен кошумчалап койду:
«Эгерде эле Рене мени көргөн болсо, ал мага ыраазы болуп, мени баш кесер дебес эле».
– Анда эмесе мындай: биз Неаполдон чыканда, капитан Леклер акыл азыткысы менен ооруп калды; кемеде дарыгер жок эле, ал болсо жээкке чыккысы келбеди, анткени Эльба аралына аябай ашыгып жаткан, анан абалы начарлап кеткенде, үчүнчү күнү, ажал жакындап калганын сездиби, мени өзүнө чакырды.
«Дантес, – деди ал, – азыр мен сизге бере турган буйрукту аткарууга, мага абийириңиз менен ант бериңиз; иш өтө маанилүү».
«Ант берем, капитан», – деп жооп бердим мен.
«Мен каза болгон соң командалык сизге өтөт, капитандын жардамчысы катары сиз командалыкты колуңузга алыңыз, багытты Эльба аралына буруңуз, Порто-Феррайодон токтоп, маршалга барыңыз да ага бул катты бериңиз; балким ал жактан сизге башка кат же башка буйрук бериши мүмкүн.
Ал буйрукту мен алышым керек эле; сиз, Дантес, аны менин ордума аткарасыз, анан бардык сыйлык сиздики болот».
«Аткарам, капитан, бирок, балким, маршалга жетүү оңойго турбас?»
«Мына шакек, аны ага берип коюну суран, – деди капитан, ал бардык тоскоолдуктарды алып салат».
Ошол сөздөрдү айтуу менен ал мага шакекти берди. Эки сааттан кийин эстен танып, эртеси күнү каза болду.
– Анан сиз эмне кылдыңыз?
– Эмне кылуу керек болсо, менин ордумда ким болсо да ошону жасамак. Өлүм алдында жаткандын керээзин аткаруу ыйык парз; бирок бизде, моряктарда башчынын өтүнүчү – бул буйрук, аны аткарбай коюга болбойт. Ошентип, мен Эльбага багыт алып, ал жакка эртеси күнү келдим; мен баарын бортко калтырып өзүм жээкке чыктым. Мен ойлогондой эле, мени маршалга коё берүүнү каалашпады; бирок мен ага шартуу белгини түшүндүргөн шакекти жөнөттүм; анан бардык эшиктер ачылды. Ал мени кабыл алып, бечара Леклердин өлүмү тууралуу сурады, анан тиги көрө билгендей мага кат берип, аны жеке өзүм Парижге жеткирүүмдү буйруду. Бул менин капитанымдын акыркы аманаты болгондуктан, сөз бердим. Бул жакка келген соң, кемедеги болгон ишти жайгарып бүтүп, колуктума чуркадым, ал мага мурдагыдан да сулуу жана сүйкүмдүү көрүндү. Моррель мырзанын шарапаты менен биз чиркөөдөгү бардык формалдуулуктарды чечип алдык; ошентип, жогоруда айткандай, мен түшкү тамакта отуруп, бир сааттан кийин никем кыйылмак, эртең Парижге жол тартмакмын, бир оокумда эле, бул мен сыяктуу эле, сиз да жек көрүп турган тоголок кат боюнча мени камакка алышты.
– Ооба, ооба, – деп сүйлөндү Вильфор, – мунун баары мага чындай сезилет, эгер сиз күнөөлүү болсоңуз анда да энөөлүктөн; анан да сиздин энөөлүк капитандын буйругу менен акталып жатат. Эльба аралынан алган катты бизге бериңиз, анан бизге алгачкы чакырууда келе турганыңыздан сөз бериңиз да, өз досторуңузга кайтып барыңыз.
– Мен эркин экемин да! – деп кубана кыйкырып жиберди Дантес.
– Ооба, болгону мага катты бериңиз.
– Ал сизде болуш керек, аны менден башка кагаздарым менен бирге алышкан, айрымдарын бул тутамдан таанып турам.
– Токтоңуз, – деди Вильфор, баш кийими менен кол кабын алууга камынган Дантеске, – токтоңуз! Кат кимге жолдонгон?
– Париждеги, Кок-Эрон көчөсү, Нуартье мырзага.
Эгер чагылган Вильфорго түшкөндө да, ал мынчалык тез жана күтүүсүз жараламак эмес; ал Дантестен тартып алынган кагаздарды алуу үчүн туруп бараткан отургучка кулап түштү, анан далбастап аларды тинтип, ошол каргашалуу катты сууруп чыгып, аны сөз менен жеткире алгыс коркунуч менен карап турду.
– Нуартье мырза, Кок-Эрон көчөсү, он үчүнчү номур, – деп шыбырды ал ого бетер кумсарып.
– Дал ошондой, – деди Дантес таң калып. – А эмне сиз аны тааныйт белеңиз?
– Жок, – деп бат жооп кайтарды Вильфор, – падышанын кызматчысы кутумчуларды тааныбайт.
– Бул жерде, сөз кутум тууралуу бекен? – деп сурады, өзүн эркин сезе баштаган, эми иш башка өңүттө өнүгө баштаганын сезген, Дантес. – Эмнеси болсо да мен сизге айттым, бул катта эмне деп жазылганы тууралуу кабарым жок.
– Ооба, – деди Вильфор каткалаң үн менен, – бирок сиз ал кимдин дарегине жөнөтүлгөнүн билесиз!
– Катты жеке өзүнө берүү үчүн, анын атын билишим керек эле.
– Сиз аны эч кимге көрсөткөн жоксузбу? – деп сурады Вильфор, катты окуган сайын өң-алеттен кетип сумсая.
– Эч кимге, абийрим менен ант берем!
– Сиз катты Эльба аралынан Нуартье мырзага алып келгениңизди эч ким билбейби?
– Аны мага бергенден бөлөк эч ким.
– Ошол дагы өтө көп, өтө эле көп! – деп шыбырады Вильфор.
Анын жүзү катты окуган сайын ого бетер түнөрүп баратты; анын кумсарган эриндери, калтыраган колдору, жалжылдаган көздөрү Дантеске бир шойкомдуу уйгу-туйгулардан кабар бергенсиди.
Катты окуп чыгып, Вильфор башын мыкчып, катып калды.
– Төрөм, сизге эмне болду? – деп апкаарып сурады Дантес.
Вильфор жооп берген жок, анан кан-сөөлү жок, сурданган жүзүн көтөрүп, катты дагы бир жолу окуп чыкты.
– Анан сиз бул катта эмне деп жазылганынан кабарыңыз жок деп ишендиресизби? – деди Вильфор.
– Кайталайм жана абийрим менен сөз берем, эч нерсе билбейм. Сизге эмне болду. Табыңыз жакшыбы? Каалайсызбы, телефон чалайын? Кимдир-бирөөнү чакырайын?
– Жок, – деди Вильфор, тез ордунан туруп, – ордуңузда туруңуз да унчукпаңыз; бул жерде мен буйрук берем, сиз эмес.
– Кечириңиз, – деп таарына сүйлөдү Дантес, – мен жөн гана сизге жардам кылайын дегем.
– Мага эч нерсенин кереги жок. Көз ирмемдик алсыздык – болгону ошол. Өзүңүз тууралуу ойлоңуз, мен жөнүндө эмес. Жооп бериңиз.
Дантес суроо күттү, бирок майнапсыз; Вильфор креслого отуруп, шалдайган колдору менен жүзүндөгү терин сүртүп, үчүнчү жолу катты окууга киришти.
– Эгерде ал бул жерде эмне жазылганын билсе, – деп шыбырады ал, – анан ал качандыр бир кезде Нуартье – Вильфордун атасы экенин билчү болсо анда менин өлгөнүм, кайрылгыс болуп өлгөнүм!
Анан ал маал-маалы менен Эдмонго карап, анын көз карашы, кымырылган уурттары, жүрөктөгү сырды калкалап, көрүнбөс дубалдан өтчүдөй болду.
– Күмөн санабаңыз! – деди, өктөм ал бир маалда.
– Көк асман үчүн, – деди бактысыз жигит, – эгер сиз менден күмөн санап, менден шектенип жатсаңыз, суракка алыңыз. Мен жооп берүүгө даярмын.
Вильфор өзүнүн жана үнүнүн үстүнөн күчкө салып, өзүнө ишеним берүүгө шыктанып, мындай деди:
– Сиздин көрсөтмөңүздүн натыйжасында сизге абдан кескин айыптоолор тагылат; ошондуктан мен үмүттөнгөндөй, сизди дароо коё берүүгө күчүм жетпейт. Мындай кадамга баруу үчүн, мен тергөөчү менен байланышуум керек. Ага чейин сизге кандай мамиле кылганымды көрдүңүз.
– О ооба, мен сизге ыраазымын! – деди Дантес. – Сиз мага сот эмес, дос катары мамиле кылдыңыз.
– Анда эмесе, мен сизди дагы бир азга кармайм, узакка созулбайт деп үмүт кылам, сизге карата башкы шек саноо – бул кат, анан сиз көргөндөй…
Вильфор каминге келип, катты отко таштап ал күйүп бүткүчө күтүп турду.
– Сиз көрүп турасыз, – деп сөзүн улады ал, – мен аны жок кылдым.
– Сиз адилеттүү соттон да улуксуз, – деп, кыйкырды Дантес, – сиз ырайымдуулуктун өзүсүз!
– Бирок мени угуп туруңуз, – деп сөзүн улады Вильфор. – Мындай кадамдан кийин сиз, албетте, мага ишенишиңиз керек.
– Буйрук бериңиз, мен сиздин бардык буйругуңузду аткарам.
– Жок, – деди Вильфор, Дантеске басып келип, – жок, мен сизге буйрук бергим келген жок; мен болгону сизге кеңеш гана айткым келет, түшүнөсүзбү?
– Айтыңыз, мен сиздин кеңешти, буйрук катары аткарам.
– Мен сизди бул жерде, кечке чейин, сот залында калтырам. Балким башка бирөө сизди суракка алышы мүмкүн. Мага айткандын баарын чыпчыргасын коротпой айтыңыз, бирок кат тууралуу лам дебеңиз!
– Сөз берем, төрөм.
Эми Вильфор, жалбарып, ал эми айыпкер сотту тынчтандырып жаткандай болду.
– Сиз түшүнөсүзбү, – деп сөзүн улады Вильфор, каттын калыбын сактап турган күлгө карап туруп, – эми кат жок кылынды. Бир гана сиз менен мен анын болгонун билебиз; аны сизге көрсөтүшпөйт; эгер ал тууралуу айта башташса, таныңыз, караманча таныңыз, ошондо аман каласыз.
– Мен танам, кам санабаңыз, – деди Дантес.
– Жакшы, – деди Вильфор анан телефон чалууга киришти; анан токтоп туруп:
– Сизде болгону ушул эле кат беле? – деп сурады.
– Болгону ушул.
– Ант бериңиз!
Дантес колун көтөрдү.
– Ант берем! – деди ал.
Вильфор телефон чалды.
Полицей комиссары кирип келди.
Вильфор анын кулагына бир нече сөз айтты; комиссар жооп иретинде башын ийкеди.
– Комиссар артынан жөнөңүз, – деди Вильфор Дантеске.
Дантес жүгүнүп, Вильфорго дагы бир ирет ыраазы боло карап туруп чыгып кетти.
Эшик жабылары менен, Вильфордун күчү кайтып, креслого жалп кулады.
Бир мүнөттөн кийин, ал минтип шыбырады:
– О, Жараткан! Кээде өмүр менен сүйүү эмнеден көз каранды!.. Эгер падышалык прокурор Марселде болуп, менин ордума тергөөчүнү чакырганда, анда мен өлмөкмүн… Анда бул кат, бул кара жолтой кат, мени жардан алыс ыргытмак!.. Ах, ата, ата! Эмнеге сен менин жер бетиндеги бактыма жолтоо болосуң? Эмнеге мен сенин өтмүшүң менен түбөлүк күрөшүүм керек?
Бирок бир маалда ал шаңдана түштү: кыйшайган эриндеринде жылмаюу пайда болду; анын тайсалдаган көз карашы, кайсы бир ойго кептелгендей болду.
– Ооба, ооба, – деп кыйкырып жиберди ал, – бул менин түбүмө жете турган кат, менин бактымдын булагы болушу ыктымал… Кана, Вильфор, иш илгери!
Анан, айыпталуучу далисте жок экенинен кабардар болгон соң, падышалык прокурордун жардамчысы да чыгып, кадамдарын арыштай басып өзүнүн колуктусунун үйүнө бет алды.
8-БАП
ИФ СЕПИЛИ
Полиция комиссары, далиске чыгып, эки жандармга ишарат кылды.
Бири Дантестин оң тарабына, беркиси сол жагына тура калышты. Соттун имаратына кирүүчү каалга ачылып, калтаарыганга негиз жоктор да калтырай турган, узун жана мунарык далис менен алып жөнөштү.
Вильфордун ижарасы сот имаратына жабышып тургандай, сот имараты да, түнөргөн курулуш, түрмөгө катар жайгашкандыктан, ага катар асман тиреп турган Аккуль коңгуроо кагуучу жайы өзүнүн болгон жылтыраган көзөнөкчөлөрү менен кызыга көз салып турду.
Далистен бир нече жолу бурулган соң, Дантес терезелери тордолгон эшикти көрдү. Комиссар темир балка менен үч жолу урганда, бул Дантеске аны балка менен жүрөккө уруп жаткандай туюлду. Каалга ачылганда, дагы эле дендароо болуп турган айыпкерди жандармдар астыга түртүштү.
Дантес босогодон аттаары менен артынан каалга калдыр-шалдыр жабылды. Ал башка, оор жана үп аба менен дем ала баштады; ал абакта эле.
Аны кадыресе тыкан, бирок оор каалгалуу жана терзелеринде темир тору бар камерага алып келишти. Жаңы турагынын көрүнүшү ага анча деле коркунуч туудурбады; кантсе да падышалык прокурордун жардамчысы ушунчалык берилүү менен жан тартканы, анын кулагында канагат бере жаңырып жатты.
Качан Дантести камерага алып келишкенде, күн түштөн ооп саат төрт болуп калган. Булардын баары жогоруда айткандай, 28-февралда болуп; айыпкер көп өтпөй караңгыда калды.
Ошол замат анын угуусу эки эсе курчуп, ага угулуп жаткан болор-болбос шыбырттан улам, ага эркиндик тартулоо үчүн келе жатышабы деп ойлоп, ордунан атып туруп каалгага чуркап турду; бирок күрү-күү башка багытка кетип, Дантес кайрадан орундукка отура калып жатты.
Акыры, кечки саат ондо качан Дантес үмүт үзө баштаган кезде, эч күмөнсүз, тике анын камерасына келаткан жаңы добуш угулду. Анан далисте кадамдардын дабышы угулуп алар каалга алдына келип токтоду, кулпунун ачкычы буралып, оор буроолор кыйчылдап, оор эмен каалга ачылып, караңгы камерага эки жаркыраган шамчырактын жарыгын чачты.
Анын жарыгында Дантес куралдардын жаркыраганын жана төрт жандарм плащын көрдү.
Ал алдыга жүткүндү, бирок мындай күчөтүлгөн кароолду көрүп токтой калды.
– Сиздер мага келдиңиздерби? – деп сурады Дантес.
– Ооба, – деп жооп кайтарды жандармдын бири.
– Падышалык прокурордун жардамчысынын буйругу мененби?
– Албетте.
– Жакшы, –деди Дантес, – мен силердин артыңардан барууга даярмын.
Де Вильфордун атынан келиши жаш жигиттин жүрөгүн түпөйүлгө салган кыжаалаттыкты таркатып чечкиндүүлүк пайда болду; ал токтоо жана жайбаракат чыгып, жандармдар ортосунан орун алды.
Абактын алдында ат кошуну турган; секичеде арабакеч анын жанында пристав отурган.
– Бул карета мен үчүнбү? – деп сурады Дантес.
– Сиз үчүн, – деп жооп берди жандармдын бири, – отуруңуз, Дантес баш тарта бурган болгондо каалга ачылып, аны каретага түртүп жиберишти. Ал каршылык көрсөтүүгө алы жок жана көрсөтүүнү каалаган да эмес; бир паста ал арткы орундукта эки жандарм ортосунда калды; башка экөө каршысына отурушту, анан оор экипаж калдыр-шалдыр тартып жөнөп кетти.
Туткун терезелерге карады; алар темир менен тордолуптур. Ал болгону абакты алмаштырып турду; жаңы абак дөңгөлөктүү болуп белгисиз багытта баратты. Колду да оңою менен батыра албаган, жыш жайгашкан тор арасынан, Дантес аны Кессари көчөсүнөн алып өтүп, андан соң Сен-Лоран жана Тарамис көчөлөрүнөн өтүп жээке түшүп барышканын байкады.
Көп өтпөй терезе көзөнөкчөлөрү менен алар жанынан өтүп бараткан эстеликтин тосмосунан ал порттук башкармалыктын жарыгын көрө калды.
Карета токтоду, пристав текчеден түшүп кордегарияга барды, андан ондогон аскер чыгып эки катарга тизилип тура калышты. Алардын куралдары жээктеги жанган шамдын жарыгында жаркырап турду. «Кантип эле ушунун баары мен үчүн болсун?» – деп ойлоду Эдмон.
Эшикти ачкыч менен ачып, пристав бул суроого үнсүз жооп кайтаргыча, Дантес каз катар тизилген аскерлер ортосундагы каретадан жээке чейинки ал үчүн калтырылган кууш тилкени көрдү.
Алдыңкы орундукта отурган эки жандарм каретадан биринчилерден болуп чыгышты, алардын артынан ал, анын соңунан эки тарапта отурган берки экөө чыгышты. Баардыгы салык кызматчысы чынжырда карма турган кайыкты көздөй бет алышты. Аскерлер Дантеске жапайы кызыгуу менен карап жатышты. Аны дароо төрт жандармдын ортосундагы рулга отургузушту, ал эми пристав баш жагынан орун алды.
Күчтүү жүткүнүү кайыкты жээктен алып кетти; төрт кайыкчы Пилон багытына калак шилтеп баратты. Кыйкырык боюнча портту тосуп турган чынжыр кайыктан кое берилип, акыры Дантес Фриулда, башкача айтканда порттон тыш кала берди.
Таза абага чыккандагы күнөөкөрдүн алгачкы сезгени, кубаныч болду. Аба – эркиндиктин өзү эле. Ал өз канатында түн менен деңиздин табышмактуу жытын алып келген абадан көкүрөк толо дем алып жатты.
Көп өтпөй, ал оор күрсүндү: камакка чейинки бир мүнөт мурда, эртең менен эле бактылуу болгон, жаркыраган терезелеринен бийдин куунак добушу угулган «Резервдин» жанынан баратты.
Дантес колун кайчылаштырып, асманга карап дуба кыла баштады.
Кайык өз жолун улай берди; ал Өлүк Башты жандай өтүп Фаро булуңуна теңелип, батареяны ийе баштады; Дантес эч нерсеге түшүнбөй турду.
– Мени кайда алып бара жатышат? – деп сурады ал жандармдын биринен.
– Азыр билесиз.
– Капырай…
– Бизге сиз менен сүйлөшүүгө тыюу салынган.
Дантес жарым жартылай аскер; жооп берүүгө тыюу салынган жандармдардан суроо, ага кеңкелестиктей сезилди, ал унчукпай калды.
Ошондо ар түрдүү сандырак ойлор анын башына келе берди; ыңгайсыз кайыкта алыс кете албайт эле, жакын арада якордо турган бир да кеме көрүнбөйт; ал аны жээктен алыс алып барып ошол жактан эркин экенин айтышат го деп ойлоду. Аны байлашкан жок, колуна кишен да салышпады; мунун баары жакшылыктын жышааны эле; анын үстүнө, боорукер жана мээримдүү, прокурордун жардамчысы, ал Нуартье деген каргашалуу ысымды айтпасаң эле баары жайында болот дебедиби, андай болсо эмнеден коркмок? Себеби анын көз алдында Вильфор, ага каршы болгон бирден бир шек туудурган ал коркунучтуу катты өрттөп салбадыбы.
Мунун баары эмне менен аяктаар экен деп жымжырттыкта күтүп, караңгыда мейкиндикти өлчөөгө көнгөн моряктын көзү менен айланага көз чаптырып жатты.
Маяк күйүп турган Ратонно аралы сол тарапта калды, кайык жээкке жакын ыктай Каталан булуңуна бет келди. Кылмышкердин көзү курчуй берди: бул жерде Мерседес болгондой, караңгы жээктен аялдын бүдөмүк карааны чыга калчудай туюла берди.
Мерседеске анын сүйгөнү болгону үч жүз метр алыстыкта экени алдына ала сезүүсү шыбыраган жокпу?
Каталан боюнча бир гана терезеде жарык жанып турду. Үңүлө тигилип, бул анын колуктусунун терезеси экенине ынанды. Айыл боюнча бир гана Мерседес уктаган жок. Эгерде ал катуу кыйкырганда, анын добушу ага жетмек. Куру намыс аны токтотуп турду. Ал жин ургандай кыйкырып кирсе, жандармдар эмне дейт? Ошондуктан ал лам деп ооз ачпастан, жарыктан көзүн албай, жандап өтө берди.
Кайык алдыга жылды; бирок айыпкер кайык туурасында эмес, Мерседес жөнүндө ойлоп баратты. Акыры, жарык терезе аска артына жашынды.
Дантес кайрылып, кайык жээктен узап баратканын көрдү.
Ал өз ойлору менен алек болгон чакта, калактарды парустарга алмаштыргандыктан, эми кайык желге жортуп баратты.
Дантес жандармдан кайрадан сурагысы келбесе да, бирок ага жакын жылып аны колдон алып, мындай деди:
– Жолдоштор! Абийир сотуңар жана аскер атынар менен суранам: мага боор ооруп жооп берип койгулачы. Мени кайсы бир кутумчулукта күнөөлөп жатышканы менен, мен капитан Дантес, боорукер жана мээримдүү французмун. Силер мен кайда алып баратасыңар? Айткылачы, мен силерге моряктын анты берем, өз милдетимди аткарып тагдырыма баш ийем.
Жандарм желкесин кашып, өз жолдошуна карады. Тиги: «Эми айта берсе болот да» дегендей ишарат кылды, ошондо жандарм, Дантеске кайрылып:
– Сиз Марселдин тургуну жана моряксыз, анан дагы кайда бара жатабыз деп сурап коёсуз?
– Ооба, билбей турганымдан ант берем.
– Сиз божомолдогон жоксузбу?
– Жок.
– Мүмкүн эмес.
– Ааламдагы болгон ыйыктыр менен ант берем! Кудай акы айткылачы!
– А буйрукчу?
– Буйрук, он мүнөт, же жарым саат, балким бир сааттан кийин мага белгилүү боло турганды айтууга тыюу салбайт. Болгону силер мени түбөлүк кыжаалаттыктан куткарасыңар. Сизден дос катары суранам. Караңыз, мен каршылык көрсөтүп, же качып кетүүгө чамынган жокмун го. Бул мүмкүн да эмес. Биз кайда баратабыз?
– Сиз же көр болдуңуз, же сиз марселдик порттон эч кайда чыкпагансыз; болбосо кайда баратканыбызды аңдайт элеңиз.
– Билбей турам.
– Айланаңызга караңыз.
Дантес туруп, кайык багыт алган тарапка карап, жүз саржан алдыда капкара аскадагы түнөргөн Иф сепилин көрдү.
Бул табышмактуу көрүнүш, бул абак, коркунуч туудуруп, үч жүз жылдан бери марселдиктердин жүрөгүнүн үшүгүн алган бул сепил, ал туурасында ойлоп да койбогон Дантестин алдынан чыга келгенде, ага үчүн кылмышкердин башын алган дарга сыяктуу эле сезилди.
– Кудай сакта! – деп кыйкырып жиберди ал. – Иф сепили? Биз ага эмнеге баратабыз?
Жандарм жылмайып койду.
– Бирок мени анда кармоого болбойт! – деп жатты Дантес. – Иф сепили – ашынган саясий кылмышкерлерге арналган, мамлекеттик абак. Мен эч кандай кылмыш кылган жокмун. А эмне Иф сепилинде тергөөчүлөр, соттор бар бекен?
– Менин билишим боюнча, – деди жандарм, – ал жакта болгону комендант, абакчылар, гарнизон жана бекем дубалдар бар. Жетишет, жетишет, дос, анчалык таң калбаныз, антпесе менин жоомарттыгымды шылдыңдап жатат деп ойлоп калышым ыктымал.
Дантес жандармдын колун ушунчалык кыса кармагандыктан, аны сындырып коё таштады.
– Демек мени Иф сепилине алып барып ошол жакка таштайт деген турасызбы?
– Балким, – деди жандарм, – ошондой болсо да менин колумду анчалык бекем кысуунун кереги жок.
– Эч кандай териштирүүсүз? Эч кандай формалдуулук жок элеби?
– Бардык формалдуулук аткарылып, тергөө аяктаган.
– Вильфор мырзанын сөз бергенине карабастанбы?
– Мен де Вильфор мырза сизге эмне сөз бергенин билбейм, – деди жандарм, биз Иф сепилине бара жатканыбызды билем. Эге! Сиз эмне кылып жатасыз? Жолдоштор мага! Кармагыла!
Чагылгандай тез кыймыл менен Дантес деңизге боюн таштагысы келгенин кыраакы жандарм байкай калып, анын буту кайык түбүнөн көтөрүлөрү менен ошол эле замат төрт күчтүү каруу аны шап кармашты.
Ал каардана ырылдап, кайыкка кулады.
– Эге, байкеси! – деди жандарм, анын көкүрөгүн тизеси менен басып. – Моряктын антын сен ушинтип кармайсыңбы! Жооштон жоон чыгат деген ушул! Эми, карагым, кыймылдап эле көр, мен сенин чекеге жайлайм! Мен буйруктун биринчи бөлүгүн буздум, эми экинчиси так аткарылат.
Анан чындап эле мылтыгын Дантестин чыкыйына такады. Алгачкы көз ирмемде Дантес өмүргө кооптуу кыймыл жасап, кыргыйдай чеңгелдеп алган күтүүсүз каргашанын аягына чыккысы келди. Бирок дал ушул каргаша күтүүсүз болгондуктан, ал узакка созулушу мүмкүн эмес деп ойлоду Дантес; анан ал Вильфордун сөз бергенин эстеди; анын үстүнө моюнга алыш керек, кайык түбүндө жандарм колунан каза табуу ал үчүн аянычтуу жана жийиркеничтүү туюлду.
Ал тактайга жатып, алсыз кыжырдана өз колун тиштеди.
Кайык катуу силкинүүдөн жүткүндү. Калакчылардын бири кайыктын мурун тарабы тийген аскага секирди, аркандар кыйчылдап, мамыга ороло баштаганынан, Дантес жээкке чыгып жатканын түшүндү.
Аны колдорунан жана желкесинен кашыра кармаган жандармдар, аны туруп жээкке чыгууга мажбурлашты да сепил дарбазасына алып барган тепкичтерге сүйрөп жөнөштү; артта штыгы бар мылтыкчан пристав келе жатты.
Айтмакчы, Дантес пайдасыз каршылык көрсөтүүнү ойлогон да жок. Анын жайбаракат болгону карама-каршы туруудан эмес, көңүл чөгүүдөн эле. Анын башы айлангандыктан, аракеч кишидей чайпалып турду. Ал кайрадан тик кырда эки катар тизилген аскерлерди көрдү, бул тепкичтер анын бутун көтөрүүгө аргасыз кылганын туйду, дарбазага киргенин анан ал дарбаза жабылганын сезди, мунун баары бейаң, туманда болуп жаткандай эч нерсе айрымалай албаган абалда болуп жатты. А түгүл ал камактагылардын кыйноого алган башатты, анын көз мелжиген учу-кыйыры жок чегине карап аны сүзүп өтүү мүмкүн эмес экенин сезишкен, деңизди көрбөй турду.
Бир мүнөттүк тыныгууда Дантес бираз өзүнө келе түшүп жан жагына карады.
Ал төрт дубалы бийик, төрт бурчтуу короодо турду; нөөмөтчүлөрдүн ыргактуу кадамы угулду, эки-үч жарык терезе жанынан өткөн сайын алардын куралдары жарк-журк этип жатты.
Алар он мүнөт туруп калышты. Дантес качып кетпесине көздөрү жеткен жандармдар аны коё беришти. Алар буйрук күтүп жатышканы маалым; акыры, кимдир бирөөнүн үнү жаңырды:
– Айыпкер кайда?
– Мында, – деп жооп кайтарышты жандармдар.
– Менин артымдан жөнөсүн, мен аны камерага алып барайын.
– Жөнөңүз, – дешти жандармдар Дантести түртүшүп.
Ал коштоочунун артынан жөнөдү, ал чындап эле аны жарым жер алдындагы камерага алып келди; жылаңач жана ным дубалдардан, жаш агып тургандай сезилди. Табуретке коюлган төрт бурчтуу табактагы билик каңырсыган майда күйүп, бул коркунучтуу турактын самсаалаган дубалдары менен коштоочуну жарык кылды; бул начар кийинген, орой жүздүү адам – абактын төмөнкү кызматтагыларынан болсо керек.
– Мына бул камера бүгүнкү түнгө, – деди ал. – Эми кеч жана комендант мырза уктап калды. Эртең ал турганда сиздин эсебиңизге келген, буйрукту окуп, балким сизге башканы буйрук берер. Ага чейин мына бул нан; мына бул кружкада суу; тигил бурчта саман бар. Мунун баары кылмышкер каалаган нерселер. Түнүң бейпил болсун.
Дантес ага жооп бергиче, абакчы нанды кайда койгонун караганча, суу куюлган кружка кайда турганын, кайрылып анын болочоктогу жатагы – саман кайда жатканын көргүчө, – абакчы алыстан чагылган жарыгындай жаркырап абактын ным дубалдарын көрсөткөн бүдөмүк жарыктан да кур калтырып төрт бурчтуу табакты алып, каалганы жапты.
Ал жымжырттык менен караңгылыкта жалгыз калды, ың-жынсыз, күңүрт, жер алды дубалдарынан ал өзүнүн алоолонгон жанын ичиркенткен муздактыкты сезди.
Качан күндүн алгачкы нуру бул кылмышкерлер уюгун жарык кылганда, абакчы кылмышкерди мында калтыруу буйругу менен кайтып келди. Дантес ошол эле жерде турган.
Темир кол аны кечээги турган жерине кадап койгондой; болгону анын көздөрү ыйланбай калган ыйдан шишип чыккан. Ал кыймылдабастан, жерге карап турду.
Ал түнү бою тик туруп, уйкуну бир мүнөт да ойлоп койгон жок.
Абакчы анын жанына басып келип, айланып чыкты, бирок Дантес, аны көрбөгөндөй элес калтырды.
Ал аны ийинден булкту. Дантес чоочуп кетип башын чайкады.
– Сиз уктаган жоксузбу? – деп сурады абакчы
– Билбейм, – деп жооп кайтарды Дантес.
Абакчы аны таң кала карады.
– Сиз ачка болбодуңузбу? – деп сөзүн улады ал.
– Билбейм, – деп кайталады Дантес.
– Сизге эч нерсе кереги жокпу?
– Мен комендантты көргүм келет.
Абакчы ийнин куушуруп чыгып кетти.
Дантес аны көз караш менен узатып, жарым ачылган каалгага колун сунду, бирок эшик жабык эле.
Ошондо анын көкүрөгүнөн катуу өкүрүк чыкты. Чогулган жаш булактай агып жатты. Ал тизелей калып, башын полго коюп, жаш чагында мындай оор кайгыга баткыдай кандай күнөө кылганын эсине сала өзүнөн сурап, узакка дуба кылды.
Ошентип күн да өттү. Дантес нандын бир күкүмүн араң жеп, бир ууртам суу ичти. Ал бирде ойго чөмүлө отурса, бирде темир тордогу жырткычтай дубал бойлой жортуп жүрдү.
Бир гана ой аны бушайман кылды: аны кайда алып баратканын билбеген жол жүрүүдо, ал жайбаракат жана беймарал отурду, ошондо ал сууга он жолу боюн таштап, Марселдеги сууда чебер сүзгөн, чумкуганды билгендиктен, кароолду алдап, жээкке чыгып, кайсы бир чөлдүү булуңга жашырынып, генуэздик же каталондук кемени күтүп, андан ары Италияга же Испанияга кетип, ал жактан Мерседеске бул жакка кел деп кат жазса болмок. Өзүнүн тамак-ашы тууралуу ал сар-санаа болгон жок: аны тагдыр кандай гана өлкөгө таштабасын — мыкты моряктар бардык жерде тартыш; Кастилья баласы катары ал испанча, тосканалык катары италиянча сүйлөчү. Ал Мерседес жана атасы менен эркин жана бактылуу жашамак, анткени атасын да чакырып алмак. Анын ордуна ал Иф сепилинде камалган айыпкер, бул абактан сыртка чыккан жан болгон эмес, атасы менен эмне болду экен, Мерседес менен эмне болду экен; ушунун баары Вильфордун сөзүнө ишенгенден болуп отурат. Эмнеден жинди болууга себеп бар эле, ошондуктан Дантес абакчы алып келген жаңы саманда жиниккендей оонап жатты.
Эртеси күнү ошол эле саатта абакчы келди.
– Эмне болду, – деп сурады ал, – бираз акылыңа келдиңби?
Дантес жооп бербеди.
– Маанайыңды чөгөрбөсөңчү! Айтыңызчы, сиз эмне каалайсыз. Кана, айтыңыз!
– Мен комендантты көргүм келет.
– Мен башта айтпадымбы, бул мүмкүн эмес, – деп жооп кайтарды абакчы кыжырлана.
– Эмнеге мүмкүн эмес?
– Анткени абак жобосу боюнча кылмышкерлерге кимдир бирөөгө кайрылуу тыюу салынат.
– А бул жерде эмне уруксат? – деп сурады Дантес.
– Мыкты тамак-аш — акча үчүн, сейилдөө, кээде китептер.
– Китеп мага кереги жок; сейилдегим келген жок, а тамак-ашка ыраазымын. Менин бир гана каалоом – комендант менен көрүшүү.
– Эгер сиз мага муну менен тийише берсеңиз, мен сизге тамак ташыбай коём.
– Болуптур анда? – деп жооп кайтарды Дантес. – Эгер сен тамак ташыбасаң, мен ачкадан өлөм, болгону ошол!
Бул сөздөрдү Дантес берилүү менен айткандыктан, абакчыга кылмышкер өлүмгө кубангандай көрүндү; ал эми ар бир кылмышкер абакчыга ортолой эсеп менен күнүнө он су алып келгендиктен, ал өлүп калса эмне болот дегендей, ошол замат Дантестин абакчысы чыгашаны эсептей коюп, мээримдүү сүйлөп кирди:
– Угуңузчу: сиз сурап жатканыңыз мүмкүн эмес; себеби сиз абдан көптү сурап жатасыз; кылмышкердин өтүнүчү боюнча комендант камерага келиши тарыхта болгон эмес; ошондуктан өзүңүздү тынч алып жүрүңүз, ошондо сейилдөөгө уруксат беришет, анан сейилдеп жүргөндө балким комендантка кез келерсиз. Ошондо ага кайрыласыз, эгер ал кааласа гана сизге жооп бериши мүмкүн.
– А мен бул кездешүүнү канчага чейин күтүшүм керек?
– Ким билет? – деди абакчы. – Ай, үч ай, жарым жыл, балким бир жыл.
– Бул абдан узак, – деп сөздү бөлдү Дантес, – мен аны азыр көргүм келет!
– Бир аткарылбас каалоо боюнча көгөрө бербеңиз, болбосо эки аптадан кийин акылдан айныйсың.
– Сен ошентип ойлойсуңбу? – деди Дантес.
– Ооба, жинди болосуң; жиндилик дал ушинтип башталат. Бизде ушундай окуя болгон; бул жерде сизге чейин аббат жашаган, ал комендантка тынбай эле өз эркиндиги үчүн миллион сунуштай берип акыры жинди болуп тынды.
– Ал бул жерде көптөн бери жашайбы?
– Эки жылдай.
– Аны эркиндикке коё бериштиби?
– Жок, карцерге отургузушту.
– Уксаң, – деди Дантес, – мен аббат да, жинди да эмесмин; балким мен жинди болормун, бирок азырынча тилекке каршы, менин акылым тунук; мен сага башканы сунуштайм.
– Эмнени?
– Менин сага сунуштай турган миллионум жок, бирок сага жүз экю берейин, эгер сен макул болсоң, Марселге барганыңда Каталанга кайрылып Мерседес аттуу бир кызга кат берсең… кат деле эмес, эки ооз куш кабар.
– Эгер мен бул куш кабарды берсем мени кармап алышат, киреше менен тамак-ашты эске албаганда жылына миң ливр алган ордумду тартып алышат; көрүп тургандай, үч жүз алуу үчүн миң ливрди тобокелге салгыдай мен эмне жинди белем.
– Жакшы! – деди Дантес. – Уккун да жакшылап эсиңе түй: эгер сен Мерседеске катты бербесең, же менин кабарымды билдирбесең, анда мен качандыр бир кезде эшик артында аңдып туруп отургуч менен башынды былчыйта коём!
– Дагы коркута түш! – деп кыйкырды абакчы артка кадам таштап, коргонууга ашыгып. – Туптуура сиздин башыңызда мандем бар; аббат да сиз сыяктуу баштаган, үч күндөн кийин сиз да ал сыяктуу буркан-шаркан түшөсүз; дагы жакшы Иф сепилинде карцерлер бар.
Дантес отургучту алып башынан жогору айлантты.
— Жарайт, жарайт, – деди абакчы, – эгер сиз ушунчалык эле каалап жатсаңыз, мен комендантка кабарлайын.
– Бая эле ушинтпейт белең, – деди Дантес, башын төмөн салып көздөрүн алаңдата, чындап эле акылдан айнып бараткан кишидей, отургучту ордуна коюп жатып ага отура кетти.
Абакчы чыгып бир нече мүнөттөн кийин төрт аскер жана капрал менен кайтып келди.
– Коменданттын буйругу боюнча, – деди ал, – кылмышкерди төмөнкү кабатка которгула.
– Демек, караңгыга, – деди капрал.
– Караңгыга; жиндилерди жиндилер менен отургузуу керек.
Төрт аскер кандайдыр бир дендароо болгон Дантести шап кармашты, ал эч каршылык көрсөтпөстөн алардын артынан жөнөдү.
Алар төмөн карай он беш тепкич түшүштү; караңгы камеранын каалгасы ачылып, ал ага күбүрөнө кирди:
– Ал туура айтат, жиндилерди жиндилер менен отургузуу керек.
Каалга жабылды, Дантес колдорун сунуп, дубалга жеткиче ичкери басты; анан ал бурчка отуруп көздөрү караңгыга көнүп буюмдарды айрымалагыча ордунан далайга жылбай отура берди.
Абакчы жаңылбаптыр: Дантестин акылдан айнып жинди болушуна аз калган.
[1] Курал да тогага жол бошотот (лат.)
[2] Кимдин өнөктөшү болсо, ошонун кожоюну (ит.)