
Жазуучу, художник, скульптор, балдар китебинин иллюстратору Лео Лионни (1910-1999) Амстердамда туулган. Кошмо Штаттарда жашаган 20 жылды эсепке албаганда, бүт өмүрү Италияда өткөн. Балдар үчүн жазган төрт китеби АКШнын библиотекарлар ассоциациясынын Калдекотт медалына татыктуу болгон.
Англис тилинен которгон Амирбек УСМАНОВ (АЗАМ уулу)
“Күн чубак” авизинин ортосунда талпактай аралча бар эле. Жапжашыл папоротниктер менен уй тилиндей жалбырактары сеңселген куурайлар өскөн арал жээгине корголдой майда шагылды табият өзү тасмадай төшөп койгон. Бул аралда Мильтон, Руперт жана Лидия деген үч ажаан бака жашайт. Бакалар күн чыккандан иңир түшкөнгө чейин бирин бири укпай бажылдашканы бажылдашкан.
“Авизга жолобо!» — деп кыйкырат Мильтон. — “Суу меники».
“Аралдан кет!» — деп чыйылдайт Руперт. — “Жер меники».
“Аба меники!» — деп айкырат көпөлөк кармайм деп секирип жүргөн Лидия.
Бир күнү үч баканын маңдайына бир килейген курбака келди.
“Мен аралдын башка четинде жашайм», — деди ал. — “Бирок силердин “Бул меники! Бул меники! Бул меники!» деген үнүңөрдү эртеден кечке угам. Силердин кажылдаган үнүңөрдөн аралда тынчтык жок. Силер мага окшоп секире албайсыңар!»
Курбака сөзүн бүтүп, акырын бурулуп, куурайларды аралай секирип жөнөдү. Ал кетер замат Мильтон чоң куртту тиштеп алып, таскактап аралдын чет жагына багыт алды. Эки бака анын артынан чырылдап жүгүрдү. “Курттар баарыбыздыкы!» Бирок кербезденген Мильтон өкүм өкүрдү. “Бул жердегинин баары меники!»
Капылеттен асман карарып, алыста күн күркүрөдү да анын жаңырыгы аралдын үстүнө жетип токтогондой болду. Шаркыратмадай куюлган жамгырдан асман көрүнбүй, кирген суулардан, дарыялар менен көлдөр топурак эзгендей булганды. Авиздин суусу көтөрүлүп, кичинекей аралдын бетин каптай баштады. Бакалардын буттары калчылдап, үндөрү чыкпай калды. Алар ылай суудан төбөсү көрүнгөн үч ташка чыгып, чочоюп отурушту.
Суу көбөйө берди. Акыры сууктан үшүгөн да, корккондон да денелерин калтырак баскан бакалар жан соога издеп, жалгыз оркойгон таштын үстүнө чогулушту. Эми алар кайгысын да, үмүтүн да тең бөлүшүп, өздөрүн жакшы сезишти. Акырындап суу тартыла баштады. Жамгыр да басаңдап барып токтоду. Бакалар эсине келип байкашса, алардын өмүрүн сактаган чоң таш — таш эмес экен. “Сен бизди сактап калдың!» — деп кыйкырышты астындагы курбаканы тааныган бакалар.
Эртеси күнү суулар тунду. Күндүн нуру авиздин кумдуу түбүндө майда балыктарды кууп ойносо, бакалар шатыра-шатман сууга секирип, аралдын чар тарабында сүзүп жүрүштү. Үч бака жарыша асманга секирип, чарчаганча көпөлөк кармайбыз деп жандары тынбады. Кечинде куурайдын арасында эс алып жатып, алар өздөрүн мурда эч болуп көрбөгөндөй бактылуу сезишти.
“Азыр кандай жыргал!» — деди Мильтон.
“Азыр кандай кооз!»- деди Руперт.
“Дагы кандай? Силер билесиңерби?» — деди Лидия.
“Жок. Айтсаң?» — деди башка бакалар.
“Мунун баары биздики!» — деди Лидия.