
Коскуш чал өтө кылдат тыңшап жатты. Көздүн курчу эбак өчкөнү менен, кулагы дале болсо курч, шыбырт эткен үн да текке кетпей, үлбүлдөгөн акылын тешип өтчү, бирок жылтыр бырыш баскан маңдайындагы акыл-эси мындан ары дүйнөдөгү болуп жаткан нерселерге үңүлүп кароого алсыз эле. Аа, бул болсо Сит-ким-туханын иттерди чанага кошуп жатып, аларды сабап жаткандагы ачуу кыйкырыгы эле. Сит-ким-ту-ха –кызынын кызы болчу; кардын үстүндө жалгыз отурган, баары унуткан, алдан тайган карыган таятасына көңүл бөлгөнгө убактысы жок эле.
Жайытты которуш керек. Жол али узак, ал эми күндүн кыскарганы кыскарган. Жашоо небересин өлүмгө эмес, эмгекке, жашоо түйшүгүнө чакырып жатат. Өзү болсо ушул тапта өлүмдүн босогосунда турат. Бул ой чалдын үрөйүн бир саамга учуруп жиберди да, анан калтыраган колдорун сунуп, жанындагы бир кучак отунду сыйпалады. Куурайдын жанында экенине көзү жеткенде эс ала түшүп, колдорун эскирген териге катып, кайрадан тыңшай баштады.
Сүзүлгөн, бугунун терисинен жасалган, чала тоңуп калган кийимчен адам уруу башчынын алачыгы жыйналды, азыр ага ылайыктуу жайыт изделип жатат деди. Башчы өзүнүн уулу болчу, узун бойлуу, күчтүү, уруунун башчысы жана укмуш аңчы эле. Мына, анын алачыкты жыйнап, жай кыймылдап жаткан аялдарга кыйкырган үнү угулду. Коскуш чал тыңшады. Бул үндү ал акыркы жолу угуп жатат. Ал жерге Жиохоунун жана Тускиндин алачыктары барды. Жети, сегиз, тогуз. Бир гана шамандардын алачыктары калды. Тигине, алар жүктөрүн чегилген чанага жүктөп жатышат.
Бала кыңкыстады. Аял аны акырын көмөкөйү менен ырдап сооротту. Бул кичинекей Ку-ти-деп чал ойлоду, Ал ыйлаак, алы жок, балким ал жакында чарчап калышы мүмкүн. Алар аны ызгаардуу, тоңгон тундранын бир жерин казып көөмп коюшат; карышкырлар казып кетпеш үчүн үстүнө таш бастырышат.
Ии, анан эмне болду? Тирүү калса, бир нече жыл жашайт, ток жүргөнүнөн ач жүргөнү көп болот. Аягында аны баарынан зулум, тойбогон ажал жалмап тынат. Эмнеси бар экен? Эркектер чана чегилген иттерди шапалак менен сабап, кайыштарын катуу тартып жатышат. Ал жакында таптакыр эч нерсе укпай калаарын туйду. Ышкырык ызылдап, иттерге камчы удаа-удаа урулат. Уктуңбу, аларды унутуп калышты! Иттердин улуганын укчу, алар азаптуу жолду кандай гана жек көрүшөт! Алар алыстап бара жатышат. Чана артынан чана акырын каалгып жылып, жымжыртыкка сүңгүп жатышат. Кетишти.
Алар анын жашоосунан жоголушту, акыркы оор сааттар менен өзү жалгыз бетме-бет жолугат. Жок, мына кимдир бирөөнүн бутунун алдынан кар кычырады. Анын жанында жаш адам турат, ал колун чалдын башына акырын койду. Баласы атасына кандай боорукер! Ал башка чалдардын балдары атасын көч менен алып кеткенин эстеди. Бирок баласы андай кылбады. Чалдын өткөндөгү ойлорун жаш жигиттин үнү бузуп жиберди.
— Жакшы элесиңби?- деп сурады.
— Жакшы эле, — деп чал жооп берди.
— Жаныңда отун турат, – деп жигит сөзүн улады. От жакшы күйөт. Эртең менен күн бүркөлөт, сууктун мизи кайтат. Жакында кар жаайт. Мына жаай баштады. “Аа, мынакей жаай баштады”.
— Эл шашып жатат. Алардын жүктөрү оор, ачкадан ичтери жабышып калды. Жол алыс, алар тез барышат. Мен кеттим. Сен жакшы элесиңби?
— Жакшы эле. Мен күзгү жалбырактай бутакта араң эле илинип тургансыйм. Бир аз шамал болсо эле учуп түшөм. Менин үнүм кемпирдин үнүнө окшоп калды. Көзүм эми бутум баскан жолду көрсөтпөйт, буттарым оордоду, чарчадым. Бардыгы жакшы.
Ал кардын аянычтуу кычырашын басылганга чейин башын салып отурду, эми баласы анын чакырыгына жооп бербесин түшүндү. Ошондо шашкалактаган колу отунду көздөй сунулду. Ушул таңгак отун аны көрүнүп турган түбөлүктүүлөктөн бөлүп турду. Акыры бир кучак чырпык анын жашоо ченеми болду. Чырпыктар биринин артынын бири тутанган сайын, ага өлүм жылып келе жатат. Качан акыркы чырпык өзүнүн жылуулугун берип бүткөндөн кийин, суук өзүнүн күчүнө кирет. Адегенде буттары үшүйт, анан колдору, денеси эч нерсе сезбей калат. Суук анын сөөгүнөн кирип чучугуна жетет, башы тизесине көздөй шылкыйып, анан жай алат. Бул оңой эле. Акыры башта бир өлүм.
Коскуш капаланган жок. Жашоонун жолу ушундай, ал калыс жана адилет. Ал жерде төрөлүп аны менен жакын жашады, анын мыйзамы ал үчүн жаңылык эмес. Бул — баардык түрүү жандардын мыйзамы. Табият кайсы бир жандарга боорукер эмес. Табият аларга тиешелүү да эмес. Ал бир гана өткүрлүккө, ылдамдыкка кызыгат. Коскуш чалдын акылы бул жөнүндө кеңири жалпылоого жөндөмдүү эмес эле, бирок ал муну терең түшүнчү. Мунун мисалдарын ал турмушунда көп көрдү. Алгачкы жаз келээр менен өсүмдүктөрдүн жашоо тиричилиги башталып, жашыл бүчүр алат, гүлдөйт, сары жалбырактар жерге түшөт, акыры куурайт. Бирок табият ар бир жандууга өзүнчө тапшырма коет. Аны аткарбаса, ал өлөт. Аткарса деле баары бир өлөт. Табият камкордук кылбайт, аны баш ийдиргендер да бар, бирок бул иште баш ийүүчүлүк баш ийгенге карганга дайым жашайт жана жашаган.
Коскуштун уруусу байыркы уруулардан эле. Ал бала кездеги карыяларды эстейт, алар өздөрүнө чейинки карыяларды эстешчү. Ошондуктан, уруу жашаары, анын баардык мүчөлөрүнө баш ийүүчүлүк милдети коюлганы чындык, бирок эстен чыгаргыс ата-бабаларынын көрүстөндөрү небак эле унутулган. Өлгөндөр эсепке алынбайт, алар бирин-серин. Алар асмандагы булуттар сымал тарап кетишти. Ал дагы туруктуу эмес, ал да өтөт бул дүйнөдөн. Табият камкор эмес. Жашоого бир тапшырманы коюп, бир мыйзам кабыл алат. Жашоонун максаты- тукум улоо жана өлүм — анын мыйзамы. Бойго жеткен кыз сүйкүмдүү бир жан, көргөндүн көзү кубанат, көкүрөгү көтөрүлүп, серпилип басат, күчтүү, көздөрү жанып турат. Бирок кыз милдети али алдыда. Анын көздөрү күйүп-жанып, басканы шайдоот, бирде бозойлорду кырданып же уяң тартып карап, алардын тынчын ала баштайт. Күндөн күнгө кулпурат, акырында кайсы бир аңчы аны тамак жасоого жана балдарынын апасы болсун үчүн үйүнө алып кетет. Тун баласын төрөгөндөн кийин сулуулугу кете баштайт.
Басышы оордоп, жай боло баштайт; көздөрү жашылданат; бир гана балдары отко жакын отурган кемпирдин бырыштуу жүзүнө кубаныч тартуулайт. Анын милдети аткарылды. Эми биринчи ачкачылыкта же жашы келгенде өзүн карга, бир кучак чырпыктын жанына таштагандай таштап кетишет. Жашоо мыйзамы ушундай.
Коскуш отко кургак отундан абайлап таштап, кайрадан ойдун кучагына жетеленди. Бардык жерде эле ушундай. Биринчи үшүктө чиркейлер жоголот. Кичинекей тыйын чычкан жорголоп жүрүп өлөт. Жашы жеткен коендор оордошуп мурункудай шамдагай секирип душманынан кача албай калат. Жада калса аюу да карылыктан көзү көрбөй, олдоксон тартып, акырында ажылдаган үйүрлүү иттер аны багынтат.
Коскуш атасын бир кышта Клондайка дарыясынын жогору жагына кантип таштап кеткенин эстеди, ошол жылы миссионер инжил китептери жана дары баштыкчалары менен келген кыш эле. Баштыктагыларды эстегенде Коскуштун уурутунан шилекейи куюлчу, бирок азыр оозу кургап, шилекей да жок эле. Алардын көпчүлүгү ооруган жерди басуучу дары экендиги эсинде калды. Бирок миссионер уруу үчүн ашка жүк башка жүк болуп чыкты, ал урууга илбээсиндин этин алып келген жок. Өзү көп тамак иччү, мергенчилер дайыма аны тилдешчү. Акырында Мейо көлүнүн жээгинде өпкөсүнө суук тийип өлдү. Табыттын жытын сезишкен карышкырлар үстүндөгү таштарды оодарышып, сөөктөрүн талашып кемиришти.
Коскуш отко кайрадан отун салып, өткөндөгү ойлоруна терең кирип кетти. Ал ачарчылыкты да, токчулукту да көрдү. Ачарчылык убагында чалдар отко жүгүнүшүп, байыркы күндөрдө Юкон дарыясынын жай айында үч жыл бою тоңуп жана үч жыл бою кыш айларында эрип турганда жасалган салттарын жасап жатышты. Бул ачарчылыкта Коскуш апасынан айрылды. Жайында багыштар келген жок. Уруулар чыдамсыз кышты жана багыштарды күтүштү. Кыш келди. Бирок бугулар келген жок. Чалдардын эсинде мындай кыш эч качан болгон эмес. Бугулар келген жок, бул жетинчи ачарчылык жыл эле, коендор тукумдашкан жок, иттердин терилеринен сөөктөрү гана көрүнөт. Балдар ыйлап, кыштын узун караңгы түндөрүндө чарчап жатышты; аялдар жана чалдар тиги дүйнөгө сапар алып жатышты. Ар бир он адамдан бирөө киши гана жазга, күндүн чыгышына жетти. Мына ушундай Ачарчылык болду. Бирок ал молчулук убагын да көрдү. Эт ушунчалык көп болгондуктан, бузулуп да жатты; иттер семирди; эркектер качып бара жаткан илбирсти көрүп, аны кармоодон эриништи, аялдардын көпчүлүгү кош бойлуу эле; бөбөктөр кыбырап эмгектеп жүрүштү. Эркектер ошондо тебекерлене башташты, кичине болсо эле эски уруш талаштарды эстешет. Пелли уруусун жок кылыш үчүн түштүккө тоо аркылуу ашуудан ашып өтүштү; батышка танан уруусунун отунун өчүүсүн көрүүгө барышты.
Чал молчулук убагында багышты карышкарлар кантип багынтканын көрдү. Ал Зинг-ха экөө кардын үстүндө жатышкан. Зинг-ха – анын досу, абдан мыкты мергенчи эле, өмүрүн акырын Юкон дарыясына кулап кетип көз жумган. Бир айдан кийин анын тоңгон денесинин жарымын гана муздан алып чыгууга туура келген.
Ии, багыштар. Ошол күнү Зинг-ха экөө аталарына туурап, аңчылык кылып ойноп жатышкан. Тоңгон көлдүн үстүнөн алар багыштын жаңы изине жана артынан кууган карышкылардын издерине токтолушту.
— Кары экен, — деп издерди абдан жакшы айырмалаган Зинг-ха айтты, үйүрдөн калып калыптыр, карышкырлар үйүрүнөн алып калышып кое бербей жатышат. Так ушундай болду. Карышкырлардын салты ушундай. Күнү-түнү эс албай, алар изин менен акмалашып, ыркырап, акырына чейин артынан калышпайт. Экөөнүн тең каны кайнап кетти. Бул кармаштын бүтүшүн көрүү татыктуу эле.
Чыдамдары кетип, алдыга карап жөнөштү, алардын курч көздөрү жана из билген шыктары болбосо да, алар алдыга көз жуумп болсо да барууга даяр эле. Из абдан жаңы эле, ар бир кадам сайын аягы кайгылуу болуп бүткөндүгү көрүнүп турду. Мына бул жерден багыш токтоптур. Бардык аралыкта үч киши бою кар тапталган жана казылган. Ортосунда багыштын кардагы терең туягынын изи жана айланасында карышкырлардын жеңил издери. Кээ бирлери курмандыгына башкалар асылып жатканда аларды карап кар үстүнө отуруп эс алгандай. Кардын үстүндөгү алардын тулкуларынын сөөлөтү абдан так, бул окуя бир нече мүнөт мурда болгондой сезилет. Бир карышкыр курмандыктын бутуна туш келген окшойт, карга жанын чыгарып басып салыптыр. Сөөктөрдүн үйүлүп, таза кемирилиши муну тастыктап турат. Калың карда кийилүүчү өтүктөрү менен экинчи кармаш болгон жерге токтошту. Мына бул жерде да жанынын барынча кармашкан күрөш. Кар үстүндөгү сүрөттөргө караганда багыш эки жолу жыгылып, эки жолу үстүндөгүнү силкип түшүрүп бутуна турган. Анын максат-тилеги эбак эле аткарылса да, ага жашоо кымбат эле. «Бул таң калыштуу окуя. Эч качан оодарылып түшкөн багыш бутуна кайра тура алчу эмес. Бул багыш бутуна кайра турган”, – деп айтты Зинг-ха.
Кийинчээрек бул жөнүндө шамандарга айтышканда алар абдан таң калышкан. Акырында багыш жээктеги дөңгө чыгып көтөрүлүп токойго келген. Душмандары артынан кол салышып, ал төрт аяктап арты менен жыгылып, экөөнү жерге жабыштыра оодарган. Дагы эки жерде кармаш болгон. Эми из кан менен боёлду, чоң жырткычтын салмактуу кадамы түз эмес, мүдүрүлгөн. Мына кармаштын биринчи добушун угушту, куугундун катуу чыгарып улуган үнү эмес, кыска ырылдаган үнү, багыштын денесиндеги тиштелген издер. Зинг-ха карга боору менен сойлоп жөнөдү; артынан өзүнүн уруусуна көп жылы башчы боло турган Коскуш сойлоп жөнөдү. Алар жаш балатынын бутактарынын алдына тыгылып отуруп алышып, алдыга карай тигиле карашты. Кармаштын эмне болуп аяктаганын көрүштү. Жаштык кезиндеги бул көрүнүш ага абдан каттуу таасир калтырган жана өмүр бою эсинде калды. Ошол кармаш тунарган көз алдында убакыт өткөнүнө карабай ачык жаркырап турду.
Коскуш кармаш учурунда чоочун ак адамды бычак менен сайып өлтүргөндүгү үчүн пеллис урусунун оозунда каргышка калгандыгын эске албаганда, убакыт өтүп, уурунун башчысы, кеңештин мүчөсү болуп көптөгөн улуу иштерди жасагандыгына таң калды.
От өчүп, суук күч ала баштанганга чейин көпкө Коскуш жаш кезин ойлонуп отурду. Бул жолу ал отко эки отунду бирдей таштап, жашоосун өлүм алдында өлчөдү. Эгерде Сит-кум-ту-ха таятасын ойлосо, ал көбүрөк отун таштамак; анын жашоосунун сааты бир аз да болсо узагыраак болмок. Бул кыйын беле? Бала чагынан бери эле Сит-кум-ту-ха бейкапар бала болчу; Зинг-ханын баласы Бобр менен мамиледе болгондон бери ата-бабасын сыйлоону да унутту. Бирок өзү деле курч жаш кезинде башкача жасамак беле. Бир мүнөткө Коскуш жымжыртыкты тыңшады. Мүмкүн, баласынын жүрөгү жумшарып, иттери менен келип өзү менен кошо алып кетээр.
Коскуш кулак түрдү; анын чымырканып тынбай иштеп жаткан мээси көз ирмемге токтоду. Эч дабыш жок, жымжырттык. Жымжыртыктын арасында ал гана жалгыз дем алат. Жалгыздык. Бул эмне? Денесин калтырак басты. Тааныш улуган үн жымжырттыкты бузду. Ал жакын эле жерден жаңырды. Көзү караңгылаган Коскуштун алдында кары, денеси тамтыгы жок тытылган, канга боелгон, жалын калбыр, бутак мүйүздүү, акырына чейин жанын коргоп чабалактаган багыштын элеси тартылды. Ал атырылган карышкырдын көк денесин, күйүп турган көздөрүн, оозунан шилекейин чачыраткан курч тиштерин көрдү. Ал ээ-жаа бербей келе жаткан үйүр тапталган кардын ортосундагы курмандыкты кара так болуп калгыча курчап жакындап келе жатканын көрдү. Муздак тумшук анын ээгине тийип кетти; бул анын жан дүйнөсүн ойготуп кайрадан өзүнө келтирди. Колун отко сунуп, чычала сууруп чыкты. Адам алдындагы тукум кууган коркунучка жетеленип, жырткыч өзүнүн уруусуна карай улуп токтоп калды; калган карышкырлар сугалыктык менен тез эле жооп кылып улушуп, шилкелейлерин чачыратып отту тегеректеп алышты.
Чал алардын курчап келе жатканын тыңшап турду. Ал чычаланы аларды көздөй шилтеди, бышкыруу эми ырылдоого өттү; бирок жырткычтар артка чегинүүнү каалышкан жок. Бирөө боору менен жылып, арткы эки буту менен сойлоп жөнөдү. Мына экинчиси, үчүнчүсү; бирок бирөө да артка чегинген жок.
— Жашоого эмнеге жабышабыз? -деп Коскуш өзүнөн өзү сурап, күйүп жаткан чычаланы карга ыргытты. Ал кышылдап барып өчүп калды. Тегеректеген карышкырлар коркунучтуу ырылдай башташты. Бирок ордунан жылышкан жок. Кайрадан Коскуш чал багыштын акыркы абалын көрдү. Ал тизесине башын чарчаңкы жөлөдү. Анан, акырында эмне болду?
Бул жашоо мыйзамы эмеспи?
Которгон С.Эрматов