
V ГЛАВА
Эртеси уйкудан ойгонору менен мурдуна кир кийимдер менен самындын жыты келип жатканын сезип, көргөн таттуу түштөрүн да унутуп койду. Кулагына күнүмдүк тириликтин гүрү-гүүсү, бирин бири тилдеп, кудайдын куттуу күнүн жаакташуу менен баштабаткан адамдардын ачуулуу дооштору угулду. Бөлмөсүнөн сыртка чыгып баратып, кыжыры кайнаган эжесинин балдарынын кимдир бирөөсүнө кыйкырган заар үнүн жана колуна тийген бирдеме менен карс дегизе уруп калганын угуп калды. Баланын кокуйлап чыңырган үнү кулагын канжар менен шылып ийгендей болду.
Бул жердегинин баары, жадагалса, өзү дем алып турган аба да ага жийиркеничтүү сезилди. Мунун бири да Руфь жашаган үйдө өкүм сүргөн мемиреген бейпил, бардар турмушка окшобойт! Ал жерде баарысы жаркырап турат, маанайлар көтөрүңкү, кудайы пейил сылык-сыпаалык, бийик рух өкүм сүрсө, бул жерде – эзилген кара таман жашоо, дүйнөкорлукка малынган көр турмуш, бири бирин боктомой, жулмалашмай.
— Бергелчи, Альфред, — деди ал ыйлап жаткан баланы чакырып, акча жаткан чөнтөгүнө колун сала. Дегеле Мартин акча дегенде эт-бетинен кеткен сараң эмес эле, пейилин дайыма кең салчу. Балакайга тыйын карматып колуна алды да сооротуп кирди.
— Кана эми, буга чуркап барып момпосуй алып жей гой. Агаларың менен эжелериңе да бер. Эрип кетпей турганынан ал э?
Ошентип атканда эжеси кир жууган тепшисинен өйдө боло калып карап калды.
— Бир пенс берсең деле жетишмек да? — деди ал, —деги ушу сен акчанын баркын билбейсиң. Анүстүнө бала эми таттуу жеп, оозу оюлуп кептейби.
— Эч нерсе болбойт, — деди Мартин куунак, — менин акчам өз баасын билет. Кутман таң, эжеке, сенин колуң бош болгондо, кудай урсун, тимеле кучактап өөп жиберет элем.
Ал эжесин ушинтип эркелеткиси келди, эжеси да боорукер жан эле, ал да инисин (муну ал билүүчү) өзүнчө жакшы көрө турган. Ырас, жылдар учкан сайын, эжесинин келишимдүү ажары күлдөй өчүп, барган сайын урушчаак, күңкүлдөп жемекор, ачуулуу болуп баратат. Мартин мунун баарын оор эмгектен, этегин бура бастырбаган баласынынын көптүгүнөн, анан эринин жадатма мүнөзүнөн көрөт. Бүгүн эмнегедир ага чирик жашылчалардын жана кир кийимдердин, соода кылыбатып алган ар ким кармалаган жез тыйындардын сасык жыттары эжесине сиңип калгандай сезиле түштү.
— Үйгө кирип, андан көрө тамак ичип ал, — деди эжеси, сыртынан сүр көрсөткөнү менен ичинен ыраазы боло; анткени ар кайсынысы ар жакка темселеп, аалам бетин кезип тентип кеткен бир туугандарынын ичинен Мартин ага эң сүйкүмдүүсү эле.
— Кана, келчи мага, сени бир өөп коёюн, — деди Мартинге күтүлбөгөн жерден элжирей түшкөн эжеси.
Ошентип туруп, адегенде бир колундагы, анан кийин экинчи колундагы самындын көбүгүн шыпырды. Мартин анын салмактуу денесинен кучактап, буудан нымданышкан эриндеринен өптү. Эжесинин көздөрүнө жаш кылгыра түштү. Бул эреркеген сезимдин таасиринен гана эмес, тыным албаган ченеми жок чарчоодон алсызданып бараткан адамдын көз жашы эле. Ал Мартинди өзүнөн саал арыраак түртүп койду, бирок иниси баары бир анын көз жашын байкай койду.
— Тамак мештин үстүндө турат, — деди эжеси шашып кетип, — Жим эмгиче ойгонгон чыгар. Мен бүгүн кир жуюн деп таңзаардан тургам. Бар эми, тезирээк барып тамагыңды ич да, үйдөн алысыраак чыгып кет, бүгүн кыла турган жумушубуз толтура. Том да кетип калыптыр, эми кирени Бернард өзү тартат окшойт.
Жүрөгү зырп эте түшкөн Мартин ашкананы көздөй бет алды. Эжесинин чоктой кызарган жүзү, жүдөгөн кебетеси ичин ачыштырып турду. Анын колу бошурак болсо, мага көңүл бөлмөкпү деп ойлоду. Бирок ал зоруктурган оор иштен башын көтөрө албайт. Эжесин минтип иштегенге мажбурлаган Бернард Хиггинботам деген неме айбан экен да. Ошол эле учурда эжесинин өпкөнүндө эч бир ашем кооздук жок экени туурасында пайда боло калган жабышкак ойдон да арылалбай жатты.
Чынында эжесинин өпкөнү өзүнчө алганда, бөтөнчөрөк эле. Себеби көп жылдардан бери эжеси аны сүзүүгө кетип баратканда же үйгө кайтып келгенде алдынан тосуп чыгып өбө турган. Өпкөндө эриндери самындын көбүгү даамданып, былбырап турчу. Эриндери аныкына кадимки өбүшкөндөгүдөй чап жабыша калчу эмес. Бул өлөрчө чарчаган, жадагалса, кантип өбүшкөндү да унутуп калган аялдын өпкөнү эле. Мартин эрксизден эжесинин күйөөгө чыга элек кыз кезин эсине түшүрдү, агезде ал кечке баш көтөрбөй иштеген оор жумуштан кийин деле түнү бою тарсылдата бийлеп чыгып, анан таң атканда эч нерсе болбогонсуп өзүнүн кир жуугучканасына түз эле бий аянтчасынан кетип калчу.
Мартин кайрадан Руфту ойлоп кетти, анын эриндери да өзү сыяктуу эле аруу болсо керек деди. Алтургай, анын эриндери өзүнүкүнө кантип тийишерин элестеткенге даады, муну ушунчалык жандуу элестетти дейсиң, андан башы айланып да кеткендей болду. Өзүн жытына мас кылган роза гүлүнүн таажыларынан жасалгандай ачык кызгылтым булуттардын арасында каалгып сүзүп жүргөндөй сезип кетти.
Ашканага кирсе сулу боткону чалпылдата шашпай жеп, эки жакты аңкоо, бейкапар карап коюп, ушул үйдүн дагы бир тургуну Жим отурган экен. Ал слесардын шакирти эле, мунун бошоң мүнөзү, ага кошуп маңыроо кемпайлыгын билдирип турган кемшийген ээги ага жашоо үчүн болгон күрөштө чеке жылытарлык ийгиликти ыроолоосу да күмөн эле.
— Сен эмне эчтеме жебейсиң? — деди ал Мартиндин боткону кашык менен көңүлсүз шилеп олтурганын карап, — Кечээ дагы тоюп келдиң беле?
Мартин жок дегендей башын чайкады. Ал өзүн курчап турган чөйрөнүн итке минген кедейлигине кейип, басынып турду. Руфь Морз эми ага ого бетер кол жеткистей алыс көрүнүп кетти.
— А мен өлө сокком, — деди Жим калчылдай кыткылыктап, — тимеле түбүнө түшүп кетиптирмин, энең. Эх, жанагы кызчы, укмуш экен да эми! Үйгө мени Билл сүйрөп келиптир.
Мартин угубаткан кишидей башын ийкеп коюп олтурду, — бул анын ким менен болбосун сүйлөшүп жаткан учурдагы көнүмүш адаты. Анан ал өзүнө чала жылымтык кофеден бир чыны куйду.
— Бүгүн «Лотоско» бийге барасыңбы? — сурады Жим. — Пийвадан согобуз. А эгерде темескалыктар келе турган болсо, анда сөзсүз мушташ чыгат. Менин урганым да жок. Кызымды болсо баары бир ал жакка ээрчитип барам. Өф!.. Оозумдун ичи эмне даамданып кеткен, ия? Туй ата!
Ал бети-башын бырыштырып, кофе менен буркулдата оозун чайкап жиберүүгө ашыкты.
— Сен Жулияны билесиңби?
Мартин башын чайкады.
— Ал эми мени менен жүрүбатыры, — түшүндүрдү Жим. — Кыз эмей эле, таттуу момпосуй, энең. Мен аны сага тааныштырмакмын, бирок тартып аласыңбы деп корком. Деги эмнеге эле кыздардын баары сага өзүлөрү жабышып турушат, түшүнсөм буюрбасын. Каалаган кызыңды оңой эле чимирип алганыңды көргөндө тимеле кыжырым кайнап кетет да.
— Ушу убакка чейин сенден кыз тартып ала элекмин го? — деди Мартин кош көңүл гана, тамактын аягын чатакка айландырбаска аракеттенип.
— Кантип?! — туталана түштү берки, — Мэггичи?
— Ортобузда эч нерсе деле болгон эмес. Ошондон кийин аны менен бийлегеним да жок.
— Мына, дал ошондой, — кыйкырып жиберди Жим дөөпөрөс, — сен аны менен бир эле бийлеп, бир-эки жолу карап койгонуңдан кийин эле иштин баары бүткөн. Сен мүмкүн, мындай деп ойлогон эместирсиң. Кыз болсо, ошондон кийин билсең, мени карабай да койду. Кайра-кайра эле сени сурайт. Эгерде сен биртике эле көңүлдөнсөң, ал сага ошол замат эле жолугушууга учуп жетип келмек.
— Бирок мен каалаган жокмун го.
— Кызыгы жок. Баары бир мен андан кол үздүм, — анан Жим Мартинге суктануу менен карады. — Муну сен кантип эле жасай коёсуң, ия Март?
— Мен алар жөнүндө аз ойлоймун, болгону ошо, — деди ал.
— Менимче, сен аларга теңиңе албагансып мамиле жасайсың го дейм? — деп Жим дагы жабышып такыктап сурады.
Мартин саам ойлоно түштү.
— Болсо болгондур, бирок мен чындыгында алар жөнүндө эч бир ойлонбойм деле. Сен деле ошентип көрсөң, мүмкүн бирдеме чыгар.
— Ка-ап, кечээ сенин Райлиникинде болбой калганыңчы, — деди Жим күтүлбөгөн жерден, аерде Батыш Окленден келген бир кыйын неме жүрдү, «Келемиш» деп коюшат экен. Эми мушташта мышыктай буйтаганын айт, энең! Биздин балдардын бири да аны чаап салганга жараган жок. Сенин жоктугуңа баарыбыз арман кылдык! Кече кайда жүрдүң темселеп?
— Оклендде эле, — деди Мартин.
— Театрда болдуңбу?
Мартин табагын четке жылдырып коюп, эшикти көздөй тура жөнөдү.
— Анда кандай, бүгүн бийлеп келелиби анда? — деди Жим Мартиндин артынан узата кыйкырып.
— Жо, бара албайм го, — деди Мартин.
Ал тепкичтен чуркап түшүп, сыртка чыгары менен таза абадан кере-кере дем алып жебирди. Анткени бул үйдүн абасы демин кыстыктырып, Жим менен болгон аңгемеден жадай түшкөн эле. Анын былжырагын угуп отуруп, кээде ордунан тура калып, табактагы боткого Жимдин тумшугун матыра койгусу келген учурлар болду. Жим калжаңдаган сайын Руфь Мартинден ошончолук алыстай баштагансып кеткен. Мындай макулуктардын арасында жашап жүрүп, качандыр бир кезде ал Руфка өзүн тең коё алмакпы?
Алдыда турган ушул сыяктуу чиеленишкен оор маселелер айласын алты кетирип, өзүнүн абалынын, жумушчу табынан чыккан адамдын ахывалынын аргасыз экенин сезди. Ага көнүмүш болуп, жашоосу тамырлашып кеткен мына бул курчап тургандын баары – эжеси да, анын үйү, үй-бүлөсү, слесарь Жим да ага өлүү жүк сыяктуу жондон ныгыра басып, өйдө тургуза койбой тартып турду. Жашоонун кызыгы жоголуп кеткенсиди.
Жашоону буга чейин ал кандай болсо, дал ошондой көрчү. Ал жашоо жакшыбы же жаманбы деп китеп окуп атканда гана элдир-селдир ойлобосо, түк ойлочу эмес. Бирок окугандары деги эле болбогон кооз аалам жөнүндө жомоктор жазылган гана китептер эле. Эми ал жок деген ошол ааламдын чынында бар экенин жана Руфь аттуу кыздын гүлү ошол дүйнөнүн чок ортосунда турарын көрбөдүбү. Ага жетишим керек деген бүлбүлдөгөн үмүттүн убайымына түшүп алгандан баштап ал жашоонун ачкыл ызасын, кусасын жана аргасыздыктын ачуу даамын алгачкы ирет таткандай болду.
Мартин көпкө чейин кайда барарын билбей башы катты: Берклейдеги ортолук окуу залына барсабы же Оклендеги китепканага эле бара калсамбы деп туруп, акыры Оклендке бармай болду. Билгендей эле тандаган экен! Бул жер Руфтун эң жакшы көргөн, дайыма келип турчу жери эмеспи, балким Руфту ошоерден жолуктуруп калгысы бардыр. Китепканадагы бөлүмдөрдүн иретин кайдан билсин, кылтылдаган турпатына караганда француз окшойт, бир кыз чыга калып жол көрсөткөнгө чейин ар кайсы текчелерди аралап жүрө берди. Сол жакта отурган кишиден деле сураса болмок экен, бирок ага башы жетпей, түз эле кирип барган жери философия бөлүмү болуп чыкты. Мартин философиялык китептердин бар экендигин уккан, бирок бул илим жөнүндө ушунчалык көп нерселер жазылгандыгы оюна да келбеген.
Колтойгон калың томдорго шыкалган бийик шкафтар бирде санаага батырса, бир туруп намысын көкүтүп жатты. Акылды ишке сала турган жай эмес бекен бул жер. Анан ары басып математика бөлүмүнөн тригонометрия боюнча бир нече китептерди таап алды. Быжыраган түшүнүксүз формулалар менен чиймелерди көпкө чейин тигилип карады. Окубаткандары англис сөздөрү болгону менен биринин да маанисине мээси жеткен жок. Бул кандайдыр бир бөтөнчө тил эле. Норман менен Артур болсо бул тилди билишет. Бул тилде алардын сүйлөшкөнүн укпадыбы өткөндө. Анткени алар Руфтун бир туугандары эмеспи.
Философия бөлүмүнөн Мартин болгон үмүтүнөн ажырагандай сезим менен чыгып кетти. Тегеректеген китептер аны ортого алып басып кала тургансып сезилип кетти. Ал адам баласынын билими мынчалык зор экенин түк билбептир. Коркунучтан жүрөгү оозуна тыгылгансып кетти: мунун баарын өздөштүрө алар бекен? Анан булардын баарын окуган өзүндөй эле адамдар толтура экенин ойлоп дагы кайраттана түштү. Башы менен жер казса да башкалар жеткенге мен да жетем деп ичинен кайраттана өзүнө өзү бекем шерт бекитти.
Мына ушинтип өзүн эрдемситкен Мартин чылк даанышмандыктын казынасы жыйылып турган текчелердин арасында басып жүрдү. Жалпы бөлүмдөн Норринин «Кыскача багытын» таап алды да урматтоо менен абайлап барактап чыкты. Жок дегенде ушул китептен ал өзүнө анча-мынча түшүнүктүү бир нерселерди тапчудай. Анткени мунун автору өзү сыяктуу матрос болгон экен. Андан кийин колуна «Боудич» деген бадырайган жазуусу бар китеп — Лекки менен Маршалдын биргелешип жазган чыгармасы урунду. Сонун экен. Навигацияны мына ушундан үйрөнөт. Ичкиликти таштайт, чымыркана иштеп, акырында капитан болот. Ушул ирмемде Руфь ага өтө жакын боло түшкөнсүдү.
Эгер Руфь кааласа, капитан болгондон кийин үйлөнөт. Ал эми каалабай койсо — анда айла жок, бирок анын таасиринен улам адамча, татыктуу жашоону үйрөнөт, ичкиликти болсо ансыз деле биротоло таштайт. Бөлмөнү кыдырата карады да миңдеген том китептерден көзү талый түштү. Болду, эми деңизге чыкпайт. Бул сан жеткис китептерде эбегейсиз зор күч бар, ошондуктан ал улуу иштерди жасагысы келсе, аларды деңизден эмес, кургакта жасоого тийиш! Анүстүнө, аялдарын сүзүүгө кошо ала кеткенге капитандарга уруксат да берилбейт эмеспи.
Күн ооп, чак түш болду. Мартин тамак дегенди унутуп, улам бир китептин аталышын карап, жүрүм-турумдун эрежеси жазылган китепчени издей берди. Анын акылы азыр карьера жөнүндөгү ойдон башка, жөнөкөй эле маселе менен катуу алек болуп атты: эгерде жаш айым коштошуп жатып, дагы бир келип кетүүнү өтүнсө, анда муну кандай мөөнөттө орундатса болот? Ушуну табуу азап болду, табарын го бир китепти тапты, бирок анда кашайып так ушул жазылбаптыр да. Көз чаптырып көрүп, этикеттин формаларынын көптүгүнөн башы айланып кетти, светтик коомдо кабыл алынган адамдар бирине бири визиттик карточкаларын берүүнүн тартибин кеңештерден таптакыр башы адашып калды да, ындыны өчө четке чыга берди. Издегенин таппаса да бирок бул формалардын баарын үйрөнгөн көп убакытты талап кыларын жана мунун баарын билгенге чейин дагы бир өмүрдү жашоого туура келерин түшүндү.
— Кана, издегениңизди таптыңызбы? — жанагы кире бериштеги үстөлдө олтурган киши сурап калды.
— Ооба, сэр, китепканаңыздар мыкты экен, — деди Мартин.
Тиги башын ийкеп койду.
— Тез-тез келип туруңуз. Сиз матроссузбу?
— Ооба, сэр. Дагы келип турам.
«Бул менин матрос экенимди кайдан билди?» — деди таңданган Мартин тепкичтен төмөн түшүп баратып.
Көчөгө чыкканда олдоксон чайпалбай, зыңкыя түптүз басканга аракеттенди. Бирдемелерди ойлоп, терең ойго чумкуп кеткенче ошентип басып барды да, анан какыйганын унутуп, демейдеги эски басыгына түштү.
VI ГЛАВА
Мартинди өзөрткөн ачкалыктын азабы сымал жан тынчын кетирген кабатыр бир сезим бийлеп алды. Ал назик колдору менен күтүлбөгөн жерден анын бүткүл жашоосун бекем мыкчып алган кызды кайра бир көрсөм дегенге эки көзү төрт боло, күсөп турду. Барайын дейт, бирок ага даабайт. Тез эле жетип баргысы бар, бирок жанагы этикет дегендин баш айланткан эрежелерин бузуп аламбы деп да тынчы кетет бир туруп. Ошентип Мартин өзүн да, Гертруданы, Мэриенди, жадагалса, пиво менен жакшылап сыйлагандан кийин гана макулдугун берген Жимди да жаздырып салган китепканада узак сааттардын өткөнүн байкабай отуруп жүрдү.
Ал төрт кишиге тең китеп алып, өзүнүн кичинекей тар бөлмөсүндө таң атканча газды өчүрбөй окуп отура берчү болду. Анткени менен газ жакканы үчүн мистер Хиггинботамга жумасына элүү центтен ашык акы да төлөп жүрдү.
Бирок окурун окуганы менен китептер анын кабатырын күчөттү. Жаңы китептин ар бир барагы ага билим багына кирүүчү жылчык сыяктуу болуп көрүндү. Окуган сайын каалоосу ого бетер күчөйт, анүстүнө, эмнени окуп баштаарын билбей башы катып, өзүнүн даярдыгынын жоктугунун азабын да тартып атты. Байкаса, ал китепти колуна алган ар бир адам билүүгө тийиш болгон эң жөнөкөй нерселерден да кабары жок тура. Мартин өзү тимеле жата калып берилип окуган поэзия жөнүндө да ушуну айтууга болор эле. Суинберндин ал Руфь берген китепчесиндеги ырларын гана окубастан, анын «Долорессин» да окуп чыгып, айтылгандын баарын сопсонун эле түшүндү.
Руфь бул чыгарманы балким жете түшүнө албаган чыгар деп ойлоду ал. Ушундай кылдат, үлпүлдөгөн жашоо менен жашаган кыз муну кайдан түшүнсүн? Анан колуна Киплингдин ырлары тийип калды, өзүнө жакын, тааныш нерселер жөнүндө баяндаган бул ырлардын уккулуктуулугуна, шыр жаткан уйкаштыктарына, саптарынын кереметтүү элестүүлүгүнө муюду. Аны Киплингдин ырларындагы жашоого болгон терең сүйүү жана анын психологиялык жактан кылдат чеберчилиги укмуш таң калтырды. «Психология» деген сөз Мартин Идендин тил байлыгындагы жаңы сөз болуп калды. Чөнтөгү эңшериле түшкөнүнө карабай сөздүк да сатып алгандыктан, деңизге чыгуу мөөнөтүн тездетүүгө аргасыз болду, андан тышкары, бул акчаны сөздүккө короткончо жашаган бөлмөсүнө төлөсө болбойт беле деп жанталашкан жездеси — мистер Хиггинботамдын да каарына калды.
Күндүзү ал Руфтун үйүнө жакын жологонго даачу эмес, бирок кеч кирер замат ууру өңдөнүп Морздордун үйүн айланчыктап жүрө берчү, жарык күйүп турган терезелерге алыстан уурдана карап, жадагалса, аларды курчап турган дубалдар да көзүнө жакшы көрүнчү. Ушинтип акмалап жүрүп ал көп жолу байкоосуздан Руфтун бир туугандары менен сүзүшүп да кала жаздаган; бир күнү болсо, жарык көчө менен бараткан мистер Морздун өңүн жакшылап таанып алыш үчүн артынан байкатпай ээрчип жүрүп олтурду, ичинен, кана эми ушу кишиге кимдир бирөөлөр капылет кол салып калса, анан мен чыга калып куткарып калсам деп кудайдан тилеп да баратты. Дагы бир жолу Мартин кокусунан экинчи кабаттын терезесинен Руфту көрүп калды. Анын башы, ийини жана колдору көрүнүп турду. Кыймылына караганда кыз таранып аткан окшоду. Бул бир нече ирмемге гана созулганы менен жаш жигиттин жүрөгүн өрөпкүтүп, мас кылган шарапка айланууга жетишерлик ирмем болгону.
Руфь чыны, терезенин пардасын бат эле ылдый түшүрдү, бирок Мартин анын бөлмөсү кайсыл экенин эстеп калды да, ошондон кийин маңдайкы жөлөк жолчонун боюндагы бактын түбүндө улам тамекиден соруп коюп, сааттар бою кыздын терезесин карап тура бергенди адатка айлантты. Дагы бир жолу банктан чыгып келе жаткан Руфтун апасын көрө коюп, өзү менен алардын ортосундагы асман менен жердей айырманы дагы бир жолу сезген. Руфь акчасын банкта кармаган адамдардын катмарына кирет тура.
Муну көргөн соң тимеле моралдык революцияны башынан өткөргөндөй болду. Өзү болсо, башына жүн чыкканы өмүрү банк дегенге кирип көргөн жан эмес, андыктан андай жерге байлыгы ашып ташкан, кудуреттүү адамдар гана барат деп ойлочу. Кыздын периштедей аруулугу жана пакизалыгы ага ушунчалык таасир этти дейсиң, кандай болбосун, мен да ошондой таза болушум керек деп чечти Мартин. Эгерде кыз менен бир абадан дем алганга татыктуу болгусу келсе, анда ал да ошондой таза болууга тийиш. Күн сайын тишин тазалап, дүкөндүн терезесинен тырмак тазалагыч кичинекей щеткачаны көрүп, анын эмнеге керек экенин тапканга чейин, колун идиш жууган щетка менен кызарганга дейре жышып, жууп жүрдү. Көрөр замат жетип барды эле, анын тырмактарын көргөн дүкөнчү тырмак тазалагычты сунуштады, ошентип, анын даарат буюмдарынын саны дагы бир буюмга көбөйдү.
Ал китепканадан адамдын жеке тазалыгы жөнүндөгү китепти таап алып, андан күн сайын эртең менен сөзсүз муздак суу куюнуп туруу керек экенин окуду. Бул өнөрү Жимдин кызыгуусун ойготсо, ал эми мистер Хиггинботамдын итиркейин келтирди, мындай апендичиликти жактырбаган жездеси тескерисинче, Мартинден эми суу үчүн өзүнчө акы ала башташ керек деген маселени шак эле кабыргасынан койду. Мартиндин прогресстин жолундагы кезектеги кадамы шымынын тигилиши туурасында кам көргөнү болду. Бул маселеге кызыга баштаган Мартин мүшөктөй көлбөктөгөн жумушчулардын дамбалдары менен мартабалуу таптын адамдары кийишкен кыры бычактын мизиндей шымдардын ортосундагы айырманы бат эле байкады. Мунун сыры эмнеде экенин түшүнгөн соң, Мартин эжесинин ашканасына барды да үтүк менен үтүктөй турган тактайды издеп кирди; бирок алгачкы аракети ордунан чыкпай, шымын күйгүзүп алып, кайра жаңысын сатып алууга чыгаша болду, мындан улам деңизге чыгып кете турган мөөнөтү ого бетер кыскарды.
Бирок иш сырткы кебетени оңдоо менен гана чектелип калган жок. Ал тамекини али таштабаганы менен, ичкиликти биротоло токтотту. Ушул күнгө чейин мас болгонду ал анык эркектердин иши деп эсептеп келген, кала берсе, өзүнүн канча ичсе да көтөрө турганына, бөтөлкөлөш достору мурду менен чочкочо жер сүзүп калганда да өзү бир чым деп койбогонуна маашырланып мактанып калчу.
Сан-Францискодо аны менен бир кемеде деңизге сүзгөн достору көп болчу, жолуккан сайын аларды баягыдай эле бапыраган марттыгына салып вино менен сыйлачу, өзүнө болсо, бир кружка гана пиво же башка жеңил ичимдиктен алып ууртап коюп, тигилердин тийишкендерин көтөрүп, жылмая отура берер эле. Ал жолдошторунун улам ичип олтуруп, акырындык менен ылжып мас болуп, айбан кебетесине жеткенин кызыгуу менен назар салып отуруп, өзүнүн сопсоо экенине кубанып калчу болду. Арийне, алардын ар биринин өз кайгы-капасы боло турган, ичимдик болсо аларга мунун баарын жеңилдеткенге, бир аз болсо да унутуп, таттуу кыялга чөмүлө кайгысы жок, алыс бир керемет ааламга кирип кеткенге жардам берер эле. Бирок Мартинге эми ичкиликтин таптакыр кереги жок. Анткени ал адамды арак менен виного караганда алда канча тереңирек мас кыла турган махабатка мас эле, өзүн жаңы жаркыган жашоого шыктандырган Руфка, мурда сезип көрбөгөн не бир чексиз каалоолорун ойготкон китептерге мас болучу. Өзүн тазалыгынан улам саламаттыгынын чың экенин ого бетер сездирген, жашоонун сүйүнүчүнөн улам денесин чымыраткан ойлорго мас эле.
Күндөрдүн биринде Мартин Руфту көрөмбү деген бүдөмүк ой менен театрга барып, чын эле театрдын экинчи кабатынын балконунда отуруп Руфту көрүп калды. Ал Артур, анан көз айнекчен, чачын тикчийтип кыска алдырган бир чоочун жигиттин узатуусунда партер менен өтүп баратыптыр. Жанындагы немеге көзү түшөрү менен эле кызгануу сезими дүрт этти. Карап туру, ана, Руфь биринчи катарга келип отурду, ошону менен Мартин оюн бүткөнчө анын сымбаттуу ийиндери менен алтындай сары чачын карап гана отургандан башка эч жакты көргөн жок. Бир-эки жолу бурулуп, эки жагына көз жиберди эле, өзүнөн бир нече орун нарыраакта отурган эки кызды байкады, кыздар ага жылмая, ойноктогон көздөрү менен жооп кыла карашты. Мынчалык көңүл бурубатышкан соң жоопсуз калтыруу табиятына жат Мартин мындай учурду жаза кетирбей дароо тааныша калчу. Саал мурдарак болгондо, ал сөзсүз буларга жооп кылып жылмайып коёр эле, андан аркы иш нугу менен кетмек. Бирок азыр эч анте албайт. Ошентсе деле тигилерге жооп кыла жылмайып карап койду да, ошол замат кайра бурулуп кетти, башка карабаганга аракет кылды.
Катарлаш отурган кыздарды унутуп койгону менен баары бир болбой эле бир нече жолу алар менен көздөрү чагылыша түштү. Адамдын бир эле күндө өзгөрүлүп кетиши кыйын, анүстүнө ал табиятынан жароокер, кичи пейил жан эле, ошондуктан гана кыздарга бир нече жолу жылмайып, жөн эле досторчо карап койду. Мунун баары дүйнө жаралгандан бери келаткан эски салт эмеспи. Ал тигилердин жөн эле кылыктанып атышкандарын түшүнүп турду. Бирок ага эми мунун баары башкача. Анткени тетигин биринчи катарда Мартиндин өзү чыккан катмарга таандык бул эки кызга таптакыр окшобогон, болгондо да ченемсиз окшоштугу жок, ал дүйнөдө эңсеген бирден бир ашыгы Руфь олтургандыктан, тиги бечараларга ичинен гана боор тарткандан башкага жараган жок.
Мартин бул кыздарга Руфтун жогеле дегенде тырмагынчалык сулуулугун чын дилинен каалап турду. Бирок аларды минтип ачык эле кылыктанып атышкандарына кенедей да күнөөлөгүсү келген жок. Ошол эле маалда мындай кылыктануу ага мурдагыдай жакпады: Мартин эгерде Руфтун чөйрөсүнө таандык болгондо, бул кыздар эч качан ага минтип тийише алмак эмес экенин түшүнүп жатты. Алар караган сайын өзү жашаган ааламдын тарбалаңдаган колдору аны туш-туштан мыкчый кармап, ылдыйга тартып жаткандай сезилип турду.
Мартин акыркы актынын бүтөрүнө бир аз калганда ордунан туруп, Руфь чыгып баратканда дагы бир жолу көрүп калайын деп сыртка эртелеп чыкты. Театрды тегеректеп жүргөн бекерпоздор көп эмеспи, акырын арлашып кетсең сени ким таанымак эле, маселен, кепкасын баса кийип байкатпай Руфтун артынан да узата басса болот. Ошентип элден мурда жанталашып чыга калып, жөөлөшкөндөрдүн арасынан Руфту акмалаганга ыңгайлуу орун тапкан кезде кырсыктай болуп жанагы эки кыз чыга калса болобу.
Бул кыздар так өзүн издеп жүргөнүн билип, ошол замат аялдарды ар качан ага желимдей тартып турган касиетине наалат да айтып жиберди. Адегенде алар байкамаксан болуп калышты, бирок бул жөн эле амалдануу экенин Мартин жакшы түшүнүп турду. Алар Мартинге жакындап келишти да басыгын жайлатып калышты, кыздардын бирөө өтүп баратып билмексенге сала ийни менен Мартинди коюп кетимиш болду да, эми гана тааныгандай карап калды. Бул сымбаты келишкен, кара чач, кара көздөрү ойноктогон кыз болчу. Эки кыз Мартинге дагы бир жолу жылмайышты эле, Мартин да аларга жооп кайтара жылмая:
— Салам, — деп койду.
Бул анын мындай учурда дайыма айта жүргөн көнүмүш сөзү. Дээринен ак көңүлдүгү, ачыктыгы башкача мамиле кылганга жол бербес эле. Кара көз кыз куунак кылыктана жылмайды да, курбусун чыканактан алды, кыязы токтой турчу дегени го. Курбусу да мейли дегенсип шыңк этип койду. Мартиндин жүрөгү шуу дей түштү: Руфь өтүп бара жатып анын бул кыздар менен сүйлөшүп тургандыгын көрүп калышы ыктымал. Ошондо ал кара көз кызды көздөй бурулуп, анын катарында бараткан кишидей болуп басымыш болуп калды. Азыр эми мындагы сүйлөгөн сөздөрүнөн жана кыймылынан Мартин эч бир тартынбас эле. Бул жерде ал өзүн үйүндө жүргөндөй эркин сезип, керек болсо, оттуу тамашаларынан ыргытып коюп же калпты чынды койгулай каткырып кете бермек. Жүрүп олтуруп, көчөнүн бурчуна жеткенде, алдыга умтулган элден арттыраак калып, чолок көчөнү көздөй бурулуп кирип кеткиси келди эле, бирок кара көз кыз курбусунун кармаган колун коё бербей туруп, Мартинди шак чыканактан алды да кыйкырып жиберди:
— Токтой турчу, Билл. Мынчалык кайда шашасың? Же бизден качып кетейин деп турасыңбы?
Мартин токтой калып күлүп, кыздарды көздөй бурулду. Алардын арт жагында күндүзгүдөй жарык көчө менен адамдар чубап келе жатышкан эле. Алар сүйлөшүп турган жер бир топ караңгы болгондуктан, эгерде ушул жерден Руфь өтүп бара жатса, өзүн байкатпай аны көрүп калса да болот. Руфь болсо ушул жерден сөзсүз өтөт, анткени аны үйүнө алып бара турган башка жол жок.
— Курбуңуздун аты ким болот? — деди Мартин кыздын кара көз курбусун жаңсап.
— Анын өзүнөн сураңыз, — деди чоюлган кыз.
— Кана, атыңыз ким болот? — деди ал, эми кара көз кызга бурулуп.
— А сиз мага өз атыңызды айтып койдуңуз беле? — деди кыз жооп бергендин ордуна.
— Сиз сураган жоксуз да, — деди Мартин жылмайып, — бирок менин атымды билет турбайсызбы. Билл деп атпайсызбы. Чын эле атым Билл болот. Туура айттыңыз!
— Койсоңузчу! — деди ал кылыктана жоодураган көздөрүн Мартинден көпкө чейин албай. — Чын эле айтып жатасызбы?
Кыз дагы карады. Көздөрүндө жер каймактагандан бери эч бир өзгөрүлбөгөн ургаачылык насил ачык чагылышып турду. Андан ары эмне болорун Мартин беш колундай билет: кыз тартынчаактанымыш этип артка чегине баштайт, бирок жигиттин кубалай ээрчигени бир аз эле жайлап калганын сезер замат кайра чабуулга өткөнгө даяр боло калат. Кантсе да эркек эмеспи, уургаачынын жайган торуна, жалооруп үнсүз чакырып турганына кайсы эркектана каршы тура алат. Мартин бул кыздарды жакшы биле турган, билгенде да колунун беш манжасындай билчү! Булар жалаң оор жумуш менен нан тапкан чөйрөдөн чыккан эң эле чырайлуу делинген кыздар эле. Өз абийирин сатканды намыс көргөн бул байкуштар кенедей болсо бактыларын жашоо чөлүнөн издеп, акыр-аягы көрүнгүс, жакшы акы төлөнгөнү менен тайкы тагдырлуу, татаал жолдуу, жалаң оор, кара жумуш күтүп турган келечек деген аты бар чексиз түпкүргө үңүлгөнгө аракет кылышчу эмес.
— Ооба, Билл, — деди ал кайра. — Кудай урсун! Менин атым Билл Пит.
— Тамашалап аткан жоксузбу? — кайталап сурап калды каракөз.
— Таптакыр Билл эмес, алдап атыры,— кепке аралашты беркиси.
— Сиз кайдан билесиз? Сиз мени эч качан көрбөсөңүз.
— Көрбөсөм эмне экен! Алдап атканыңызды ансыз деле билип турам!
— Кандай деги? Чын эле Биллби? — кайра сурады биринчи кыз.
— Мейли, Билл эле болсунчу, — тамашалап жылмайып койду Мартин.
Каракөз кыз анын ийининен кармап, далыга акырын чаап койду.
— Сиздин алдап жатканыңызды билгем. Келбетиңиз келишкен жигит экенсиз.
Мартин анын ынтызар колун кысып койду эле, алаканынан өзүнө тааныш быдырлуу кесиктерди сезди.
— Консерва заводунан эчак эле кеттиңиз беле? — сурады ал.
— Аны кайдан билесиз? Көзачык эмессизби? — таңгала жарыша сурап жиберишти эки кыз тең.
Ушинтип кыздар менен ар кайсы келжирек тамашаларды айтышып атканда күтүлбөгөн жерден көз алдына кылымдардын даанышмандыгын ичине камтыган китепкананын зор томдору элестеп кетти. Кайдан жайдан чыга калган бул көрүнүшкө кейиштүү жылмайды да, ошол замат кайрадан сарсанаа ойлорго кептелди. Башындагы куюндаган бул ойлорго, сөзгө алаксыганы менен көчөдөгү адамдардын агымын да көз кырынан чыгарган жок. Тигине, шамдардын жаркыраган жарыгынан иниси менен көз айнекчен бейтааныш жигиттин ортосунда бараткан Руфту көрдү. Жүрөгү сокпой токтоп калгансыды. Жанатан бери арзыгып күткөнү ушул эле.
Ал Руфтун башынын үстүнөн кандайдыр бир айым нур балкыгансып кеткенин, анын сымбаттуу денесин, маралдай каалгый басканын, көчөдөн туура өтүп бара жатып этегин өзүнө куп жарашкан кыймылы менен абайлап өйдө көтөрө кармап алганын көрдү. Ошентип карап турганча Руфь өтүп кетти, ал болсо эки жумушчу кыздын жанында, алардын айла жоктон эптеп жарашыктуу кылып кийүүгө тырышкан кунарсыз көйнөктөрүнө, арзан баа туфлийлерине, иштен туурулган манжаларына салып алган арзан шакекчелерине, арзан боолоруна кадала караган бойдон кала берди. Ошо маалда кимдир бирөө аны чыканакка түртүп жиберип, кулагына мындай деген үн кирип келди:
— Көзүңдү ач, Билл. Сизге эмне болду?
— Эмне дейсиз? — кайталап сурады Мартин.
— Жөн эле, эч нерсе деле эмес анчалык, — деди каракөз кыз башын чайкап, — мен жөн гана ойлодум эле…
— Эмнени?
— Эгерде сиз мобул курбума да жигит таап берсеңиз жакшы болмок, — деди ал жолдош кызын көрсөтүп, — анда биз төртөөбүз бир жерге барып кофе ичип, балмуздак жеп отурмакпыз.
Ал күтүлбөгөн жерден көңүлү айный түшкөнүн сезди. Себеби Руфтан кийин кайрадан буларга кайтыш ага өтө эле орой көрүндү. Бул кыздын жалооруган көздөрү менен катар Мартин тазалыктын кол жеткис бийиктигинен өзүн карап турган Руфтун нур чачыраган туптунук көздөрүн көрүп тургансыды. Өзүндө кандайдыр бир улуу күчтү сезгендей болду. Ал мунун баарынан жогору турат.
Жашоо ал үчүн жигиттер менен балмуздактан башканы ойлобогон мына бул кыздарга караганда алда канча маанилүү. Ал буга чейин деле кыялында таптакыр өзгөчө жашоо менен жашаганын эстеди. Кээде бул кыялдарын башкаларга да айтып бөлүшкүсү келчү, бирок алиге чейин муну түшүнө турган бир да аял, анан калса, эркек деле чыкпады. Оюнда жүргөнүн башкаларга айтса, аны баары келесоодой карашар эле. Ооба десең, эгерде анын оюна башкалардын акылы жетпесе, демек, бул анын алардан жогору турганы эмеспи. Ал кайра бир зор күчтү сезип, муштумдары түйүлдү. Эгерде жашоо ага кандайдыр бир зор нерсе болсо, демек, ал да жашоодон чоң нерсени үмүт эткенге акысы бар, бирок аны бул жерде мобул адамдардын жанында эмес, башка жерде талап кылмакчы. Мына бул ойноктогон кара көздөр ага эч нерсе бере албайт. Анткени аларда эмне кыялдар жатканын Мартин билет – балмуздак, балким, дагы бир башка нерсе бардыр. Ал эми Руфтун нур чачыраган каректери болсо, ал умтулган нерселердин баарын — китептерди, картиналарды, сулуулук менен бейпилдикти, руху бийик жана кылдат жашоону, андан да чексиз көп нерселерди убада кылып турду.
Мына бул кара көздөрдө ага эчактан тааныш ой жоруму жүрүп жатты. Бул сааттын механизми сыяктуу эле, Мартин анын ар бир бурамачасына дейре байкап тура алмак. Бул көздөр аны акыр түбү үңүрөйгөн көр күтүп турган беймаани, ыплас жыргалга чакырып турду. Ал эми Руфтун нур чачыраган каректери болсо аны эзели ачып болгус сырларды баамдап билгенге, түбөлүк жашоонун кереметине чакырып тургандай эле. Бул каректерде кыздын жан дүйнөсү, анан өзүнүн да жан дүйнөсү чагылышып турганын көрчү.
— Бирок бүгүнкү программада бир катачылык бар, — деди ал эки кызга үнүн бийик чыгарып, — менин бүгүн колум бош эмес.
Кыздардын жүздөрү сумсая түштү.
— Оорубаткан досуңузду көргөнү барам демекчисизби? — каракөз кыз какшыктап калды.
— Жок, эмнеге… — ал мукактана түштү, — бир кыз менен жолугушмак элем.
— Алдап аткан жоксузбу? — кыз кескин сурады.
Мартин анын көздөрүнө тигилип туруп жооп берди:
— Чын айтам. Бирок биз башка бир күнү жолугушарбыз. Сиздин атыңыз ким? Каерде турасыз?
— Менин атым Лиззи, — деди анын колун бекем кыскан кыз бүткүл денеси менен ага ыктап, — Лиззи Конолли. Базардын маңдайындагы Бешинчи көчөдө жашайм.
Алар дагы беш мүнөттөй аны муну сүйлөшүп туруп калышты. Мартин түз эле үйүнө кайткысы келбей турду. Анан өзүнө тааныш баягы бакка жетип, Руфтун терезесинин тушундагы көнгөн ордуна турду да жүрөгү өрөпкүй шыбырады:
— Руфь, менин жолугуша турганым сиз. Мага башка менен жолугушуунун кереги жок.
VII ГЛАВА
Мартин Руфь менен таанышкан күндөн бери бир жума өттү, бирок ал алиге кызга барганга даабай жатты. Кээде мына азыр эле барам деп эрдемсип кетип, бирок күдүк ойлорго жеңдире кайра токтоп калчу. Жолугушууну канча мөөнөт өткөндөн кийин кайталаса туура болорун ал билчү эмес, ага муну айткан да киши жок эле, ошондуктан катуу бир катачылык кетирип аламбы деп коркуп жүрү. Мартин эски досторунун баарынан четтеп, баштагы адаттарын баарын таштады, бирок жаңы достору али жок эле, ошондуктан китеп окугандан башка менен иши болбой калды. Окуганда да жата калып окуду, башка жөнөкөй адамдын көздөрү мынчалык ашыкча күч келтиргенге чыдамак эмес. Бирок анын көздөрү да, саламаттыгы да мыкты эле. Мындан тышкары, ал ушул кезге дейре китепке таандык абстракттуу ойлордон четте жашагандыктан, анын мээси али кол тие элек дың жердей, үрөн сепкенге табылгыс жагымдуу кыртыштай эле. Ал илим менен алпурушуп чарчаган эмес, ошондуктан китептеги даанышмандыкка өзүнүн бекем чеңгели менен чып жабышты да калды.
Кубалаша зымыраган апталарды Мартин элес да алчу эмес, бирок ушул жума ичинде ал жүз жыл жашагандай туюлду – мурдакы жашоосу менен дүйнөгө болгон мурдагы көз карашы эми ушунчалык алыс эле. Бирок ага дайыма даярдыгынын жоктугу кедерги болуп жатты. Ал көп жылдар бою атайын үйрөнүүнү талап кылган китептерге чейин колуна алып жүрдү. Бүгүн көөнө философияны окуса, эртеси эле жаңысына киришип жаткандыктан, ойлорунун баары баш-аламан түшүп чаташып, аралаша жатып калды. Экономика туурасында окуган китептери деле ошондой эле. Китепкананын бир эле текчесинен Марксты да, Адам Смитти, Рикардону жана Милди таап алды, бирок алардын бирөөсүнүн формулалары экинчисиникин төгүндөп жаткандыктан, эч нерсеге түшүнбөй да калып жатты.
Эмне кыларын билбей абдырап калса да, бир эле убакытта экономиканы да, индустрияны да, саясатты да билгиси келгендиктен, алмак-салмак четинен окуй берди. Бир жолу Сити-Холл-Паркты аралап баратып, беш-алты адамды тегеректеп алган топту көрдү, кыязы, алар бирдемени абдан кызуу талашып атышкансыды. Жакыныраак барып турду да ошол жерден алгачкы жолу элдик философтордун өзү угуп көрбөгөн бейтааныш сөздөрүн укту. Алардын бирөө кадимки эле селсаяк, экинчиси — профсоюздун үгүтчүсү, үчүнчүсү — университеттин студенти эле, тегеректеп алгандар болсо талаш-тартышты угуп кызыгып келген жумушчулар экен. Мартин анархизм, социализм, бирдиктүү салык жана социалдык философиянын бири-биринен айырмалуу, кала берсе кас системасы жөнүндө алгачкы жолу ушулардын оозунан укту.
Илимдин тармактарынан өзүнүн маалыматтарынын жарды куржунуна кире элек жүздөгөн жаңы көптөгөн терминдерди да ушул жерден кулагы чалды. Ошондон улам ал талкуунун анан ары жүрүшүнө көз сала алган жок, бирок кылдат сезгичтиги менен бул таңгаларлык сөздөрдүн ичинде кандай ойлор катылып жатканын боолголоп гана түшүнүп турду. Ажылдаша талашып жаткандардын ичинде ресторанда малай болуп иштеген, арбактар менен сүйлөшө билген теософ — кара көз малай, наабайчылардын кесиптик кошуунунун мүчөсү – жашоо бир гана ушул дүйнөдө деген агностик, тегеректеп тургандардын баарын жаратылыш бул чындык деген шумдук философиясы менен ооздорун ачырган бир чал, анан космос, атом – ата менен атом-эне жөнүндө баш-аягы жок талкуу жүргүзгөн дагы бир карыя бар эле.
Бул талкуулардан Мартиндин башы шишип кеткендей болду, бирок ошол замат китепканага ашыгып, азыр эле уккандары эсинен чыгып кеткичекти алардын маанилерин билип алгысы келди. Кийин китепканадан Блавадская айымдын “Купуя доктрина” деген төрт томдугун, «Прогресс жана жакырчылык», «Социализмдин квинтэссенциясы», «Илим менен диндин согушу» деген олчойгон томдорду колтуктап чыкты. Апкелип кара басып ал «Купуя доктринадан» баштаган экен, андагы сансыз татаал сөз айкаштарынан эси ооду. Окугандан да керебетте отуруп алып сөздүккө көбүрөк көз жүгүртүп, үңүлүп жатты. Окугандарынын бирин эстеп калса, экинчиси унутуп, анан жанталаша анын маанисин улам сөздүктөн издеп убара тартты. Аргасы кеткенде сөздөрдү дептерге тизмектеп жазып да көрдү, ошентип атып бир маалда караса эки-үч дептерди толтуруп да салыптыр.
Канча ынтаа коюп окуганы менен эч нерсе түшүнгөн жок. Тикчие тиктеп окуп атып саатты караса үчтөн ооп кеткен экен; мээси чирип кеткичекти үңүлсө да тексттеги бир да сөздүн маанисин түшүнө алган жок. Башын көтөрдү эле, бөлмөнүн ичи кудум деңиз толкунунда калган кемедей ары-бери чайпалып тургансыды. Сөгүнүп алды да китепти ыргытып жиберип газды өчүрдү. Берки үч китепти да жарытып окуй албады. Мунун баары анын мээсинин начарлыгынан же кабыл алуусунун жетишсиздигинен эмес, буга машыкпагандыктан, анан да сөз байлыгынын жардылыгынан эле. Акыры буга акылы жеткенде мындан ары бейтааныш сөздөрдү толук билип алмайынча бир гана сөздүктү окуп чыгууну чечти.
Мартиндин бирден бир көңүлүн жубаткан поэзия эле: ал өзүнө ар бир сабы апачык жана түшүнүктүү жөнөкөй акындардын ырларын суктануу менен окуп чыкты. Ал сулуулукту сүйчү, ал эми бул ырларда андай сулуулук жетишээрлик эле. Поэзия ага музыкадан кем эмес таасир этип, байкалбаган жол менен анын акыл-эсин алдыдагы мындан да оор ишке даярдап жаткандай эле кыйын иштерге даярдачу. Анын эстутуму азырынча эч нерсе жазылбаган таза барактай эле, андыктан ал эч бир кыйналбай ал жакка ыр саптарын биринин артынан бирин шыкап толтура берди да анан бат эле көлөмдүү ырларды жатка айтып калды. Бир жолу анын колуна кокусунан Гэйлинин «Классикалык мифтери» менен Бельфинчтин «Жомоктор кылымы» тийип калды. Китеп болбосоң коё кал, тимеле анын караңгы кемпайлыгын жаркыраган күндүн нуру көзөп өткөндөй болуп, анын поэзияга болгон жан ышкысын ого бетер козгоп кетти.
Китепкананын кире беришинде олтурган адам Мартинди таанып калган, андыктан ал кирип келери менен жан алы калбай жалпаңдап учурашып, ал-жай сураша кетчү. Мындан пайдалангысы келген Мартин бир жолу тобокелге салмай болду. Бир нече китеп алып жатып, китепканачы анын карточкасына белги коюп жатканда акырын мындай деп калды:
— Сизден бир нерсени сурайын дедим эле?
Китепканачы жылмая, сурай бер дегендей башын ийкеди.
— Эгерде сиз бир жаш кыз менен таанышып, анан ал сизди келе кет деп өтүнсө… кыскасы… муну кантип жасаш керек?
Мартин толкунданганынан көйнөгү жонуна жабыша түшкөнүн сезди.
— Менимче, каалаган убакта жолугууга болот, — деди китепканачы.
— Жок, сиз түшүнгөн жоксуз, — деди Мартин, — ал… билесизби… үйүндө болбой да калышы мүмкүн. Университетте окуйт.
— Анда башка күнү деле жолуга бериңиз да.
— Чыны, кеп мында деле эмес, — деди Мартин китепканачыга боор тарта, — көрүп турасыз го, мен карапайым матросмун, анын чөйрөсү менен анчалык кооштугум жок. Ал кыз таптакыр мендей эмес, мен да андай эмесмин… Бирок сиз мени калп эле өлүмүш болубатат деп ойлобоңуз, — деди өз сөзүн өзү бөлүп.
— Жо, жок, -деп жиберди китепканачы шашкалактап, — албетте, сиз сураган нерсе маалымат берүүчү бөлүмдүн иши эмес, ошондой болсо да мен сизге колумдан келишинче жардам бергенге аракет кылайын.
Мартин аны суктана карап калды.
— Эх, атаңгөрү, мен да ушинтип шыпырылта сүйлөгөндө, иш башкача болмок экен, — деп жиберди ал.
— Түшүнбөдүм…
— Эгерде мен да так сиздей куюлуштуруп, маданияттуу сүйлөй алганымда өлө сонун болмок дебатам.
— А! — деди китепканачы, Мартинге боору ачыгандай түр менен.
— Айтсаңыз, кызга качан барсам болот? Күндүзбү? Бирок түшкү тамактын үстүнөн чыгып калсам жаман го? Же кечинде барсамбы? А, мүмкүн, жекшемби күнү барсам кандай болор экен?
— Билесизби мен сизге эмне кеңеш айтам, — деди жылмайган китепканачы, — сиз ага адегенде коңгуроо кылып көрүңүз.
— Чын эле! — кыйкырып жиберди сүйүнүп кеткен Мартин, китептерин жыйнады да эшикти көздөй шашты.
Босогого жеткенде кайрыла калып дагы сурады:
— Баса, жаш кыз менен, маселен, мисс Лиззи Смит аттуу кыз менен таанышып калсаңыз, ага кантип кайрылар элеңиз: мисс Лиззи деппи же мисс Смит деппи?
— «Мисс Смит» деңиз, — деди китепканачы биларман түр менен, — абдан жакын таанышканыңызча «мис Смит» дей бериңиз.
Маселе ушинтип чечилди. Ошол эле күнү Мартин кызга алган китептерди качан жеткирип берсем деген тартынчаак шылтоо менен коңгуроо какты:
— Каалаган убактыңызда келе бериңиз. Мен дайыма түштөн кийин үйдө элемин, — деди Руфь.
Мартинди ал өзү тосуп чыкты. Кыздын сынчыл көзү Мартиндеги өзгөрүүнү бир карап эле байкады, шымын кырын чыгара үтүктөптүр, сырткы кебетеси да баягыдай жүдөө эмес, зыңкыйган мырза болуп чыга келиптир. Баарынан да өңү таң каларлык эле, андан ташкындап турган күчтүн толкуну кайрадан Руфту каптап өткөндөй болду. Кыз ага кайра ыктагысы келип, денесинин ысыктыгын сезгиси келип кетти да жигиттин келиши ага мынчалык таасир эткенине кайрадан таңгала түштү. Жигит болсо кыз колун сунганда кайрадан жагымдуу майда дирилдек тула боюн аралай чаап кеткенсиди. Маңдайлаш турган экөөнүн ортосундагы бир гана айырма — кыз сыртынан сыр бербей кебелбегенсип турса, жигит болсо тескерисинче, чачтарынын түбүнө чейин кызарып кетти.
Мартин баягыдай эле олдоксон чайпала басып анын артынан ээрчиди. Алар конок тоскон бөлмөгө келип отурушкан кезде Мартин күтүлбөгөн жерден өзүн эркин сезди. Кыз болсо ого бетер анын эркин отурушун каалап, жан алы калбай аракеттенип жатты, бирок мунун баарын ал табигый сыпайылык жана кылдаттык менен жасагандыктан, Мартиндин көзүнө мурдагыдан жүз эсе сүйкүмдүү көрүнүп турду.
Алды менен алар окуган китептери жөнүндө, Мартинди таң калтырган Суинберн, анан ага түшүнүксүз болгон Броунинг жөнүндө кеп кылышты. Руфь аңгеменин нугун багыттап олтурганы менен эки оюнун бири Мартинге кантип жардам берсем дегенде болду. Муну ал абдан самап турду. Ага карата кандайдыр бир аяган, боорукер сезим ойгонду, бирок мында эч кандай жаман ой жок эле: бул кыз буга чейин бир да сезип, башынан өткөрүп көрбөгөн дээрлик энелик сезим болучу. Муну кадыресе эле боор ооругандык деп болорбу, анткени мындай сезимди чакырган бул адамда кыз эркекти сезип турду, анын бир эле жакындаганы кыз жүрөгүн тырпыратып, түшүнүксүз ойлор менен сезимдерден улам катуураак согууга аргасыз кылып жатты.
Кайрадан анын мойнунан кучактап алгысы же ийнине башын жөлөгүсү келип кетти. Мындай жабышкак сезим дагы эле аны уялтып турду, бирок ал буга көнө түшкөн. Жаңыдан гана ойгонуп келаткан махабат мына ушундай формага ээ болот деген анын башына да келген жок. Бирок эси-дартын чырмап алган бул сезимди махабат деп атоо да анын оюна келген жок. Мартин аны чексиз мүмкүнчүлүктөрү катылып жаткан өзгөчө адам катары гана кызыктыргандай, өзүн болсо ага жардам берсем деген каалоо гана жетектеп тургандай көрүндү.
Ал Мартинди каалап турганын өзү да билген жок; ал эми Мартин менен болсо иш таптакыр башкача эле. Мартин Руфту сүйөрүн билчү; аны өмүрүндө болуп көрбөгөндөй кааларын билчү. Баса, ал поэзияны башка сонун нерселер сыяктуу эле буга чейин деле жакшы көрчү, бирок Руфь менен кездешүү анын алдына махабат лирикасынын чексиз ааламынын дарбазасын ачып таштады. Руфь ага Бельфинч менен Гэйлиге караганда алда канча көптү берди. Мындан бир эле жума мурда ал мисалы: «Сүйүүгө чалдыккан муңдуу жигит, бир өөп туруп анан өлсө арманы жок» деген саптар туурасында ойлонуп да койчу эмес, бирок эми бул сөздөр таптакыр эсинен кетпей туруп алды.
Бул сөздөргө эми ал эң улуу ачылыш сыяктуу суктанып турду; ошол саптар эсине түшкөнү азыр Руфка карап туруп ичинен: ооба, сени бир өпсөм, менин да арманым болбос эле деп ойлоду. Мындан улам өзүн ошол ырдагы “муңдуу жигитке” теңеп, ага тимеле рыцарлык даражага көтөрүлгөнсүп сыймыктанып калды. Мына, эмне үчүн туулуп, эмнеге умтулуп жашоо керек, мында жаткан турбайбы көрсө.
Мартин Руфтун сөзүн уккан сайын ойлору чечкиндүү болуп баратты. Анын колун кармагандагы ыракат сезимди эстеп, ошол дагы бир кайталанса экен деп самап турду. Кыздын сөзүн угубатканы менен бир туруп ачкөздүк менен анын эриндерине тигиле калат, бирок мында эч кандай жаман ой жок эле. Сүйлөп жаткан Руфтун эриндеринин ар бир кыбыраганын суктана кароо ага чексиз лаззат тартуулап жатты, бул эриндер аялдар менен эркектердикиндей эле кадимкидей эриндер эмес эле. Бул эриндер кан менен тандан жаралган эриндер эмес, адамдан төрөлбөгөн рухтуку эле жана жигиттин бул эриндерди өпсөм деген каалоосу башка аялдар козгогон көнүмүш каалоого түк окшош эмес эле. Ал кыздын үлбүрөгөн эриндеринен бир сүйсөм деп турду, эгерде ошентсе, анда бул кылганы теңирдин элеси түшүрүлгөн сүрөттү өпкөн менен барабар эле.
Мартин дилинде алпурушуп жаткан бул өзгөрүүлөргө баа бере албай жатты, бирок кызды караган жалындуу көздөрүндө болбой эле махабат эңсеген кадыресе эркектананыкындай каалоо турганын түшүнбөй турду. Ошол эле учурда өзүнүн делөөрүй караганы кыздын жан дүйнөсүн аңтар-теңтер түшүрүп, бүлүк салып атканын да билген жок. Кыздын эч кимдин колу тие элек аруулугу анын ышкысын анын өзүнөн коруй тосуп, ээ жаа бербеген ысык каалоосун тээ бийикте жымыңдаган жылдыздардын муздак пакизалыгы менен суутуп тургансыды. Кадала караган өзүнүн каректеринен тарап жаткан сырдуу жылуулук кыздын жан дүйнөсүнө жетип, алоолонтуп атканын жок дегенде түкшүмүлдөп билгенде буга өзү да таңгалмак.
Жигиттин караганынан бир туруп уялган, бир туруп чочулаган кыз кептин учугун бир нече жолу колунан чыгарып жиберди, кайра араң дегенде чачылган ойлорун жыйнады. Демейде Руфь сүйлөшүү учурунда эч качан минтип өзүн жоготчу эмес, эми да өзүнүн мындай абалын аңгемелешинин өзгөчө адам экендиги менен түшүндүрүүгө аракет кылып жатты. Ар кандай нерсени аша чапкан сезгичтик менен кабылдаган кыз акыры өзүн чоочун ааламдан келген мына бул адам аны тартынып уялууга аргасыз кылып турганына таң кала турган деле эч нерсе жок деген ой менен өзүн өзү жоошутту.
Жигитке кантип жардам берсем деп ойлонуп, аңгеме нугун ошол жакты көздөй бурганда Мартин андан өзү жардам сурап кайрылып калды:
— Сизден бир кеңеш суроого болор бекен? — деди ал, анан Руфтун ошол эле замат жооп кайтарып, кеңеш бергенге жан дилимен макулмун дегенине кубанып кеткенинен жүрөгү жарылып кете жаздады.
— Эсиңиздеби, өткөн жолу мен китептер жана ушул сыяктуу башка нерселер жөнүндө бирөө менен сүйлөшө албайм, бул колуман келбейт деп айтпадым беле. Анан жатып алып көпкө ойлондум. Китепканага барып толтура ар кайсы китептерди да алып келип окудум, бирок аларга акылым жеткен жок. Балким, мунун баарын кайра башынан баштоо керектир? Мен негизи эч качан чындап окуган эмесмин. Бала кезден бери тырбалаңдап иштеп келатам, эми китепканага барып китептерди көрсөм, мурда керектүү нерселерди таптакыр окубаптырмын. Түшүнсөңүз, фермада же пароходдун кубригинен маселен, сиздердин үйдөгүдөй китептер табылбайт. Мен иштеген жерлерде китеп окуш деген таптакыр башкача, мен ошого көнгөн экенмин. Мактаныч болсо да айтып коёюн, мен өзүм менен чогуу үлпөттөшүп жүргөндөрдөн таптакыр башка адаммын. Кеп эми мында деле эмес. Кеп, сиздердикиндей үйлөрдө мен эч качан болбогонмун, ошондо. Өткөн жумада сиздердикине келип, ага-инилериңизди, апаңызды, кандай турарыңызды көрүп мага баары абдан жакты. Мындай нерселер туурасында мурда мен китептен гана окуган элем, эми китептерде жазылгандар чын экенин көрдүм. Мен да ушундай жашоону каалап турам, мен да китептер толтура, картиналар, башка толгон-токой кооз буюмдар бар, адамдар кыйкырбай акырын сүйлөшкөн, кийген кийимдери да таза, ойлору да таза сиздердикиндей үйдүн абасы менен дем алгым келет. Буга чейин мен дем алып келген аба ашкана, вино, сөгүшүү менен батир акысы жөнүндөгү сөздөр менен гана жыттанат. Сиз ордуңуздан апаңызды өбүш үчүн тура калганыңыз мага тимеле сонун болуп көрүндү – мындайды мен өмүрүмдө көрелек элем. Мен деле көптү көргөнмүн, керек болсо, башкаларга караганда алда канча көп нерсе башыман өткөн. Мен дагы көргөндү абдан жакшы көрөм, дагы бир сонун нерселерди көргүм келет.
Бул гана эмес. Эң башкысы бул: мен да сиздер жашаган жашоого жетким, мына ушундай үйдө жашагым келет. Жашоо деген жалаң араккечтик менен мушташтан, белиң ийилген оор жумуштан гана турбайт да. Эми мунун баарына кантип жетиш керек деген суроо туулат. Мен эмнеден башташым керек? Жумуштан мен эч качан корккон эмесмин; мынчалык кеп болуп калды, жумуш иштегенде мен кимди болбосун артта калтырып кеталам. Баштап эле алсам болду, күн түн дебей, башымды көтөрбөй иштейт элем. Муну сизге айтып атканыма балким күлкүңүз келип жатпасын? Балким, мен сизге бекер эле кайрылып аткандырмын, кайрылганга башка эч кимим болбосо, кимге кайрылам анан? Артургабы? Мүмкүн ага келишим керек беле? Эгерде мен…
Ал күтүлбөгөн жерден токтоп калды. Артурдан сураш керек эле деген ой келгенде камдап келген планы оңунан чыкпай тургансып кетти. Руфь шак эле жооп бере койгон жок. Анын бүткүл ою Мартиндин байланышы жок, баёо ойлорун көзүнөн окулуп турган каалоолоруна байланыштыруу менен алек болчу. Мындай эбегейсиз күч байкалып турган көздөрдү ал эч качан көргөн эмес. Бул адамдын колунан баары келет – карап турган көздөр ага ушуну айтып турду жана мындай кайраттуулук анын сөз жактан алсыздыгына коошпой турду. Кыздын өзүнүн акылы ушунчалык кылдат жана татаал эле, ошондуктан ал жөнөкөйлүк менен ортозаарлыктын чыныгы айырмасын өзү да ажырата билалбай жатты. Жадагалса кекечтей көрүнгөн ойлордон да күч байкалып атты. Мартин кызга өз чынжырын өзү үзгөнгө жандалбас урган дөөдөй көрүнүп кетти. Ошондуктан ага жооп кайтарарда кыздын жүзүнөн мээрим балкый түштү:
— Сиз өзүңүзгө эмне жетишпей турганын өзүңүз билесиз, — сизге билим жетишпейт. Баарын кайра башынан баштасаңыз болор эле. Адегенде мектепти бүтүрүп, анан университеттин курсуна өтсөңүз жакшы болмок.
— Ага акча керек да, — Мартин анын сөзүн бөлүп кетти.
— О, — таң кала түшүп Руфь, — мен бул жөнүндө ойлобоптурмун! Бирок туугандарыңыздын эч кимиси сизге жардам кыла албайбы?
Ал башын чайкады.
— Ата-энемдин көзү эчак өтүп кеткен. Бир эжем, бир карындашым бар: бирөө күйөөгө чыккан, экинчиси, менимче жакында турмуш курушу керек. Эркек бир туугандарым толтура, мен кенжесимин, бирок агаларым эч качан эч кимге жардам беришкен эмес. Ар кимиси кара жанынын камын көрүп, ар кайсы жакка тентип кетишкен. Улуу агам Индиядан каза тапкан. Экөө азыр Түштүк Африкада — бирөө кит уулоочу кемеде, экинчиси көчмө цирк менен кыдырып элге оюн көрсөтүп жүрөт, кылган кесиби акробат. Мен деле ошолордун биримин. Апам өлгөндөн кийин он бир жашымдан тарта өз жанымды өзүм багып келатам. Андыктан мында да баарына өз күчүм менен жетишим керек. Бирок муну эмнеден башташ керек, ошону гана билгим келет.
— Сиз биринчиден тилди үйрөнүшүңүз керек. Кээде сөздөрдү («өтө орой» деп айтайын деди эле, бирок карманып калды) туура эмес айтасыз.
Мартиндин чекесинен тери чыга түштү.
— Ооба, кээде ушундай бир сөздөрдү айтып жиберем, аны сиз түшүнбөй да каласыз. Бирок мен жок дегенде ал сөздөрдү кантип туура айтканды билем. Китептен үйрөнгөн кээ бир сөздөрдү сактап турам, бирок мен алардын кандайча айтылышын билбегендиктен айткым келбейт.
— Кеп бул жерде жалаң гана сөздө эмес, жалпы сүйлөм тизмегинде. Сизге ачык эле айта берейинби? Мага таарынбайсызбы?
— Жо, жок! — кыйкырып жиберди Мартин кыздын кең пейилдигине ичи ысый түшүп. — Түк аябаңыз! Мунун баарын башкадан уккандан көрө, сизден укканым жакшы эмеспи!
— Анда угуп туруңуз. Керектүүнүн баарын грамматикадан табасыз. Мен сиз арыла турган бир топ сөздөрүңүздү белгилеп койдум. Грамматиканы болсо азыр эле алып келем.
Руфь ордунан турганда Мартин китептен жаттаган этикет жөнүндө бир эрежени эстей койду да олдоксон козголуп кошо тура калды, ошол замат Руфь аны кеткени жатабы деп ойлобосун деген ойдон чочуй да түштү.
Грамматиканы алып келген кыз өз отургучун Мартинге жакын жылдырып койду, кап, тура калып өзүм жылдырып койсом болмок экен деп калды Мартин ичинен өкүнө. Руфь китепти ачканда экөөнүн башы тийише түштү. Мындай жакындыктан катуу толкунданган Мартин кыздын эмнени түшүндүрүп киргенин да башы жетпей жатты. Руфь этиштин жакталыш сырларын түшүндүрө баштаганда, баары жоктун баарын унутту. Ал мындайды өмүрү уккан эмес, ошондуктан тилдин сырдуу мыйзамдарына таштаган бул алгачкы кадамдан башы тегеренип кеткендей болду. Китепке үңүлө ылдый ийиле берди эле, кокусунан кыздын чачтары жаагына тийип кетти.
Мартин өмүрүндө бир гана жолу эс учун жоготкон, азыр болсо дагы ошондой болот ко деген ой кетти. Деми кыстыгып, жүрөгү кабынан ыргып кетчүдөй түрсүлдөп согуп кирди. Кыз ага эч качан мынчалык жакын келген эмес эле, андыктан экөөнүн ортосун бөлүп турган туңгуюктун көз ирмемге жакындаткан көпүрө орной түшкөнсүдү. Мартиндин өрөпкүгөн сезими ого бетер көкөлөдү. Себеби Руфь ылдыйдагы ага түшүп келген жок, ал өзү булуттан бийикке чыгып, Руфка жакындап барды. Анын айтылбаган махабаты дагы эле диний кастарлоого толо эле. Ага кандайдыр бир ыйык храмдын төрүнө кирип кеткендей сезилди, ошондуктан ага электрдин тогундай таасир эткен бул жакындыктан оолактап, башын акырын тартып алды. Кыз эч нерсени байкаган жок.
VIII ГЛАВА
Арадан көп апта зуулдап өтүп кетти, Мартин Иден болсо грамматиканы кунт коё окуп жүрдү, ара чолодо сылык сүйлөө боюнча көрсөтмөлөргө көз жүгүрткөндү да унуткан жок, анан да колуна тийген китепти эле баса калып окучу болду. Ошентип атып өзүнүн мурдагы чөйрөсүнөн биротоло алыстады. Мындан улам «Лотостогу» кыздар Мартинге эмне балекет болуп кеткенин билалбай, кайра-кайра сурай берип Жимди тажатып бүтүрүштү, ал эми башка балдар болсо Мартиндин Райлидеги мелдешке каттабай калганына чексиз курсант эле.
Көп өтпөй ал китепкана казынасынан дагы бир баалуу нерсени таап алды. Грамматика ага тилдин негизин ачып берсе, бул жаңы китеп ага поэзиянын негиздерин түшүндүрдү. Ал метрди, форманы жана ырдын түзүлүш мыйзамдарын окуп, өзүн ушунчалык суктандырган сулуулуктун кантип жараларын аныктады. Жаңы бир жыйнак поэзияны сүрөт өнөрү катары карап, андагы теорияда адабияттын эң мыкты үлгүлөрүнө шилтеме берилиптир. Мартин бир дагы романды мынчалык кызыгып окуп чыккан эмес. Анын билимге чаңкап турган жыйырма жаштагы тунук акылы мунун баарын катардагы студентке таандык эмес активдүүлүк жана тездик менен өздөштүрүп жатты.
Көз чаптырса Мартиндин өзүнө тааныш аалам — алыскы өлкөлөрдүн, деңиздердин, кемелердин, матростор менен эркектей болуп калган аялдардын дүйнөсү мунун баары ага өтө эле майда болуп көрүндү; ал эми өзүнүн кайсы бир кыры менен бет алдынан жаңыдан ачылган чоң дүйнө менен тийишип турду. Анын акылы ар качан бүтүндүккө умтулучу; ошентсе да адегенде бул эки дүйнөнүн өз ара байланышын аныктаганда таң кала түштү. Ал китептен алган көтөрүңкү кыялдары менен сезимдеринен улам эски дүйнөнүн үстүнө чабыттап чыгып кетти. Ал эми жогорку чөйрөгө таандык болгон Руфь, анын үй-бүлөсү, калган аял эркектердин баары тең ушундай көтөрүңкү кыялдары менен өз ара бөлүшүп жана ага ылайык жашарына ишенди.
Буга чейин ал ыпылас баткакта жашап келген тура, эми анын баарынан тазаланып, жогорку чөйрөгө көтөрүлгүсү келип турду. Тээ бала чакта, анан өспүрүм кезде кандайдыр бир бүдөмүк сезимдер анын жанын кыйнап, кээде өрөпкүтүп жиберчү, бирок Руфка кезиккенге дейре өзүнө эмне керек экенин бир да түшүнбөй жашап келген экен. Эми анын кусадарлыгы ого бетер күчөгөн чакта өзүнүн сулуулукту, акылды жана махабатты күсөп келгенин ачык түшүндү.
Бул жумалар ичинде ал Руфь менен алты жолу жолугушту, аны менен болгон ар бир кездешүү Мартинди шыктандырып жатты. Кыз анын тилин жана сөздү туура айтуусун оңдоп, арифметиканы да үйрөтө баштады. Бирок алардын аңгемелери бир гана окуу менен чектелип калган жок. Мартин турмуштан далайды көргөндүктөн, акылы абдан баамчыл эле, ошондуктан бөлчөктөр, кубдун тамырын чыгаруу, сүйлөмдөрдү баш мүчөлөргө ажыратуу жана этиштин жакталышы сыяктуу нерселер менен гана канааттанып калган жок. Кээде экөөнүн сүйлөшкөнү таптакыр башка темаларга да бурулуп кете турган, — ал азыр эле окуган ырларын жөнүндө айтып кирсе, Руфь болсо таржымалын үйрөнүп жаткан акын жөнүндө кеп салчу.
Баарынан да Мартинди чексиз жыргалга бөлөгөнү – Руфтун ага өзү сүйгөн ыр саптарынан окуп бергени болду. Ал эч качан мындай керемет үндү уккан эместир. Руфтун майин добушунан эле анын сүйүүсү гүлдөп жаткандай, ар бир сөзү жан дилин чалкытып турду. Кыздын үнүндө оор басырыктуулук, маданияттын улуу жана бай жемиштерине жана руханий кең пейилдикке ширелишкен музыкадай угумдуулук бар эле. Анын үнүн тыңшап олтуруп, Мартин эрксизден жапайы уруулардын аялдарынын, порттордогу жалаптардын кыйкырчаак орой үндөрүн жана фабрикада иштеген аялдардын уккулуксуз сөздөрүн эстеп кетти. Ага улай эле көз алдынан алар убай-чубай топурап өтүп жатышкандай болду, бирок аларга салыштырганда тегерек атырабынан айымнур балкып тургандай Руфь кол жеткис бийик жана чексиз пакиза эле. Мартин анын үнүнө гана куштарлана тыңшап отурбай, окуп аткандарын Руфтун түшүнүп жана поэтикалык ойлор менен жандуу жуурулушуп жатканына да жетине албай отурду. Ал “Каныкейден” өзгөчө көбүрөк окугандыктан, кез-кезде көздөрүнүн кычыктарына жаш тегеренип да кетип жатты – бул анын жанда жок сезимталдыгынан жана сулуулукту аяр сезе билгенинен эле.
Мындай мүнөттөрдө Мартин өзүн жараткандын баары жокко назар салган бийиктигине көтөрүлүп бараткандай сезчү; жашоонун маңызын даана көрүп тургандай, анын кол тийгис терең сырларын окуп жаткандай болуп кетер эле. Делбиреген мындай сезимдердин туу чокусуна чыккан Мартин махабат деген мына ушул болорун жана анын дүйнөдө чексиз улуу экенин түшүндү. Анын көз алдынан кайра тынымсыз элестер чубап, жашоонун буга чейин өзү таткан жыргалы – мас кездери, аялдардын эркелете мойнуна оролгондору, кылыктанган оюндар жана төшөктөгү күрөшмөйлөрдүн кызыгы тизмектеше чууруп өткөнсүдү, эми азыр анын баары учурдагы сезимдери менен салыштырып караганда Мартинге чыдап болгус ыпыластык менен пастыктай сезилип кетти.
Руфь болсо эмне болубатканын түшүнгөн жок. Анын мындай иштерде эч кандай тажрыйбасы жок болчу. Эмнени билсе анын баарын ал китептерден алган, китептерде болсо күндөлүк супсак турмуш ойго келбегендей кооздолуп жазылат эмеспи; мына бул карапайым матрос анын жүрөгүнө чок ыргытып, анан ал бир күнү жалынга айланып, жан-дүйнөсүн бүт ээлеп алары кыздын оюна да келген жок. Махабаттын куйкалаган жалыны кандай болорун башынан өткөрбөсө байкуш кыз кайдан билсин. Анын махабат туурасындагы түшүнүгү теориялык гана жактан эле жана “сүйүү” деген сөздүн өзү ага жылдыздардын жымыңдаган нурун, мелмилдеп тынч жаткан деңиздин бетинде майда толкундарды чыбырчыктаткан ойноок желди, жайкы таңдын мөлтүр шүүдүрүмүн элестетчү.
Махабат ага эки адамдын ортосундагы назик эңсөөдөй, атыр жыты аңкыган гүл бакчада сүйгөнүң менен кыналыша отуруп алып, ага эркелөөдөй деп билер эле. Махабаттын оту жанартоодой ысык болору, анан да сүйгөн жүрөктү бир күнү додолонуп ысык күлү гана калган чөлгө айлантып кетери Руфтун оюна да келген эмес эле. Ал ааламда, өзүндө катылып жаткан не бир зор күчтүн бар экенин билген жок; ага жашоо турмуштун мелмилдеген тереңдиги элестердин түтүнүнөн көрүнбөй жоголуп кетип жатканынан да кабары жок эле. Махабаттын кошулушкан идеалы деп атасы менен энесинин жубайлык жакындыгын эсептечү, андыктан качандыр бир кезде же бир күнү эч бир толкундануу, кооптонуусу жок эле сүйгөн адамы менен кошулууну камырабай күтүп жүрөт.
Мына ошентип, ал Мартин Иденге апенди чалыш жанга карагандай эле мамиле кылып жатат, андан улам жаралган башкача таасирлерин болсо жигитти башкалардан өзгөчөлөнткөн жаңылык гана деп эсептеп турду. Бул кадыресе табигый нерсе болчу. Ал ажайыпканадагы жапайы айбанатты, же куюндаган бороонду, чагылгандын чарт эткенин көрүп, чочуп кеткенде деле ушундай эле сезимге кабылчу, анын эмнеси бар экен. Мындай кубулуштарда космостон келгендей туюк ишара боло турган, ушундай эле нерсени кыз Мартинден да сезип туюп тургансыды. Мартин ага деңиздин салкын демин, көз жеткис кыйырлардын чексиздигин алып келгендей болду. Анын жүзүндө тропикалык аптаптуу күндүн нуру калып калыптыр, темирдей булчуңдарында болсо адам атанын доорундагыдай жашоонун күчү бар экен. Анын денесинде Руфь өмүрүндө көрбөгөн, укпаган катаал дүйнөнүн ырайымсыз адамдарынан алган сансыз кесиктери менен тырыктары толтура. Айтор, бул али колго көнө элек жапайы неме эле, ошондуктанбы, анын оозунан чыкканды аңкая тыңшап, эмне десе баш ийип турганы Руфка жагып да турду.
Ушундан улам аны мына бул жапайыны колго үйрөтсөм деген гана каалоо жылоолоп турганы. Болгону эле ошол. Мындай каалоо акылына баш ийбей, кыз андан өзү жетишкендиктин эң мыкты үлгүсүндөй көрүнгөн атасына окшош адамды жасагысы келип туруп алды. Бирок Мартин анын жүрөгүндө ойготкон космостук сезим чынында эле махабат экенин, мунун аял менен эркекти бүтүндөй бир аалам аркылуу бири бирине умтулткан, ошол эле жаныбарлардын дүйнөсүндө деле бугуларды күүгө келген ургаачысын талашып, бирин бири жара сүзүп өлтүргөнгө аргасыз кылган, дегеле тирүү жандын баарын кошулууга шыктандырган оңбогондой күч экенин кыз али аңдап түшүнө элек болчу.
Мартиндин бат эле идиректенип баратканы кызды абдан таңгалтырып, кызыгуусун ого бетер арттырды. Кыз анын жан-дүйнөсүнүн катылып жаткан ушундай бир кырларын ачты дейсиң, муну ал өзү да билбеген, туйбаган экен, алар жумшак, ыңгайлуу кыртышка сайылган гүлдөй күндөн күнгө ачылып баратты. Руфь ага үн чыгара Броунингди окуп берип жатып Мартиндин түшүнүксүз жерлерди билгичтик менен түшүндүргөнүнө таңгалганын айтпа.
Жашоону, адамдарды жакшы билгендиктен, Мартиндин түшүндүрмөлөрү өзүнүкүнө караганда алда канча туура экени кыздын оюна келген жок. Анын талкуулагандары кызга баёо көрүнгөнү менен, бир туруп анын өзү артынан ээрчип жете албаган, алыскы жылдыздардын мейкинин аралай сызып кеткен ойлорунун учкулдугу таңгалдырса, бир туруп туюлбаган кандайдыр бир орошон күч менен кезигишкендей болуп жатканы тула боюн чымыратып да турду. Анан Руфь ага рояль ойноп берди жана музыка Мартиндин жан-дүйнөсүн Руфь ченей албаган тереңдигине сүңгүп кирип кетти. Ал музыканын үнүн уккан сайын дили күн нуруна баш көтөрө бажырая ачылып бараткан гүлдөй жаркып баратты; буга чейин угуп жүргөн кулагына көнүмүш дүпүлдөгөн ыргактарды жана джаз музыкасынын кескин жагымсыз үнүн ошол замат унутуп, Руфь сүйгөн классикалык музыкага ооп, алтургай, аны баалаганга да жарап калды.
Адегенде Вагнер жаккансып турду эле, Руфь жакшылап түшүндүрүп берген соң анын «Тангейзер» увертюрасы баарынан да ашып түштү. Анткени бул чыгарма кай бир даражада өз жашоосуна үндөшүп тургандай сезилип кетти. Анын мурдакы жашоосу айрыкча «Венериндин үңкүрү» деп аталган темада абдан таасын ачып берилиптир, ал эми Руфту болсо өзүн бул керемет дүйнөнү зыяраттатып жүргөн жолоочусундай көрдү; Вагнердин сыйкырдуу музыкасы аны рухтун жакшылык менен жамандыктын жер каймактагандан бери жүрүп келаткан таймашынын падышачылыгына ээрчитип кеткенсиди.
Мартин кээде ага суроолорду берип атты, бир туруп кыз өзү да музыканы туура эмес түшүнөт окшойм деген ойлорго кептелип жүрдү. Бирок ал ырдаганда Мартин суроо бергенди да унутту. Ырга гана ынтаасын коё угуп, былк этпей отурду. Ошону менен кайра эле фабрикадагы кыздардын чыйылдап ырдаган жагымсыз секетбайлары менен порттордун аракканаларындагы мас шуркуялардын киркирей улуп-уңшуп ырдагандарын эстеп кетти. Руфь ага роялда ойноп, ырдап бергенди жакшы көрчү. Анткени мындай ийкем жана ийилчээк тирүү жан менен биринчи жолу кездешип, мамилелешип отурат; эңсегени аны калыпка салсам дейт, буга өзү да ыраазы, муну кол менен ийлеп жасап аткандай сезилет кызга, андыктан жан дили менен ак ниетте жасагысы келет бул ишти. Баарынан да кызга Мартиндин жанында отурган абдан жагат, андан эми баягыдай чочулабай калган.
Чын эле башында жан-дүйнөсүндө бүдөмүк чочулоо ойготкон эле, эми ал коркунуч өтүп кетти. Мындан тышкары, өзү билбей туруп, ага кандайдыр бир укугу бардай да сезет. Башка жагынан алып караганда, жигит ага жагымдуу таасир эте да баштады. Руфь университеттеги окуудан башы чыкпагандыктан, кээде китептин чаңын жутуп отура бергенден көрө Мартинге сиңип калган деңиздин таза салкын шамалынан дем алып туруу пайдалуу болору анык эле. Күч! Ооба, кыз күчкө муктаж эле, Мартин болсо аянбай этпей эле өз күчү менен бөлүшүп жатпайбы. Аны менен бир бөлмөдө отуруу, эшиктен тосуп алуу – көкүрөк менен кере дем алганга тете эле. Анан ал кеткен соң Руфь эки эселенген дем менен кайрадан китепке үңүлчү.
Руфь адамдын ички дүйнөсүнүн чебери Броунингди мыкты биле турган, бирок адамдын жан-дүйнөсү менен ойноо коркунучтуу экенин ал эч качан ойлогон эмес. Ал Мартинге канчалык кызыккан сайын, анын жашоосун өзгөртсөм деген каалоосу ошончолук күч алып баратты.
— Мына маселен, мистер Бэтлерди караңыз, — деди бир күнү Руфь грамматика, арифметика жана поэзия сабагы аяктаган соң, — бул киши деле көрбөгөндү көргөн убагында. Атасы банкта кассир болуп иштеген экен, анан кургак учук менен узакка ооруп, Аризонада каза тапкандан кийин мистер Бэтлер, — ысмы Чарльз Бэтлер — таптакыр коколой баш калган. Атасынын теги австриялык болгондуктан, Калифорнияда жакын туугандары жок эле. Басмаканага кирип иштеп, — бул жөнүндө ал мага өзү бир нече жолу айтып берген, — адегенде жумасына үч доллардан таап жүрүптүр. Эми болсо ал жылына отуз миң табат. Ал кантип буга жетишти? Ал буга чынчыл, эмгекчил жана сарамжал адам болгонунан жетишип отурат. Жаш кезинде ар кандай оюн-зооктон, шапар тепкенден баш тартып коюптур. Өзүнө өзү бекем шерт кылып, эреже катары жума сайын баарына кайыл болуп жок дегенде аздан болсо да акчасын чогултуп жүрүүнү чечиптир. Албетте, көп өтпөй ал үч доллардан ашыгыраак иштеп таба баштаган жана кирешеси көбөйгөн сайын анын жыйнаган акчасы да көбөйө берген.
Күндүз иштеп, жумуштан кийин кечки мектептен окуган. Келечек жөнүндө тынымсыз ойлонгон. Андан кийин кечки курска да барып окуй баштаган. Он жети жашында эле тамга терүүчү болуп иштеп, жакшы эле таба турган болуптур, бирок ал атак-даңкты жакшы көрчү экен. Жалаң кара жанын баккандан тышкары, келечекте мансапка жетишүүнү да эңсегендиктен, кыйынчылыктын баарына кайыл болуптур. Адвокат болууну чечиптир да менин атамдын кеңсесине, — ойлоп көрсөңүз! – жумасына төрт гана долларлык акыга кат ташуучу болуп орношуптур. Бирок абдан сарамжалдуулукка көнгөндүктөн жадагалса, ошо төрт доллардан да арттырып жүрүптүр.
Ушул жерге жеткенде Мартин анын айткандарын кандайча кабыл атканын байкамакка токтой калды Руфь. Жүзү мистер Бэтлердин тагдырына кызыккандай жандана түшкөнү менен кабагы саал бүркөлө түшкөндөй.
— Чын эле, оор болгон экен, — деди Мартин, — жумасына төрт доллар деген эмне! Бул эмнеге жетет. Мына мен жатакана менен тамагыма жумасына беш доллардан төлөп турам, кудай урсун, ошондо да эч нерсеге жетинбейм. Ал байкуш иттей эле жашаса керек. Ичкен тамагы да балким…
— Ал тамагын кересин меште өзү жасачу экен, — деп Руфь анын сөзүн бөлүп кетти.
— Менимче, ал балык уулоочу кемедеги матростордой эле эптеп тамактанса керек, ошондой болсо, андан жаманы жок…
— Бирок ойлоп көрүңүзчү, ал азыр эмнеге жетишти! — Руфь шыктангандай кыйкырып жиберди. — Ал жаш кезинде көргөн бардык азап-тозогунун эсесин өзүнө эми эки эселеп кайтарып алалат!
Мартин ага сүрдүү карады.
— Сизге момундай бир нерсени айткым келип турат, — деди Мартин каршы болуп, — сиздин мистер Бэтлериңиз азыр деле куунап жашабатат дейсизби. Мурда жакшылап тамак ичпей жүрсө, анда ашказаны деле болбой калгандыр. Ушинтип ойлойм.
Руфь Мартиндин көз карашына чыдай албай көздөрүн ала качты.
— Мелдешесизби, анын ашказаны да оорукчал…
— Ооба, — деди Руфь макул боло, — бирок…
— Ошондуктан балким, — деди Мартин сөзүн улантып, — ал азыр картаң үкүдөй үңкүйүп, көңүлү да эч нерсеге чаппайт чыгар, ачуусу да мурдунун учунда болсо керек, тапкан отуз миңине деле сүйүнө албайт чыгар. Андыктан башкалардын көңүл ачып атканын да көргүсү жоктур. Ушундайбы же андай эмеспи?
Руфь туура дегенсип башын ийкеп, түшүндүргүсү келди:
— Бирок ага оюн-зооктун да кереги жок. Анын башынан бери эле мүнөзү ошондой ичиментап түнт. Дайыма эле ушундай болчу.
— Антпегенде анан кантип жүрмөк эле! — деди кызууланган Мартин, — алганы жумасына үч-төрт доллар болсо! Анан да акчасынан арттырам деп өзү тамак жасаса. Күндүз иштеп, кечкисин окуса, окуу менен иштен башка, эч бир көңүл ачуу дегенди билбесе, анан кандай оокат, кайсыл жашоо болгон аныкы! Ха! Ага бул отуз миң абдан эле кеч келген экен.
Мартиндин зирек туюму ошо замат бул ашкан сарамжал жигиттин бүткүл өмүрүн ийне-жибине чейин, анан акырында аны жылдык отуз миң кирешеге жеткирген турмуштун тар руханий жолун көз алдына айкын тарта койду. Чарльз Бэтлердин бардык ою менен иши Мартинге телескоп аркылуу карап тургандай даана көрүндү.
— Сиз билсеңиз, — деди ал, — мистер Бэтлерге боорум ачып турат. Ал башта жаштык кылып, ушу отуз миңге жетем деп өмүрүнүн күлгүн курагын өзүнөн уурдап алыптыр, мына эми жеткени менен андан эч кандай кубаныч деле жоктур. Эми ал бул отуз миңге бала кезинде он центке сатып ала турган нерсесин – балмуздакпы, момпосуйбу же театрга белетпи, бирин да сатып алалбайт!
Мындай ой Руфту таң калтырды. Бул ага жаңылык сезилип, анын көз караштарына туура келбегенинен тышкары, анын дүйнөгө карата болгон көз карашын түп-тамырынан бери оодарып жибере турган чындыктын үлүшү бар экенин да боолголоп турду. Эгерде кыз жыйырма төрттө эмес, он төрттө болгондо, анда Мартиндин таасиринен чыга алмак эмес. Бирок ал жыйырма төрттө, ага кошо табиятынан эски көз карашка ыктап турат, ал эми алган тарбиясы болсо аны өсүп чоңойгон чөйрөсүнүн жашоосуна жана ой жүгүртүүсүнө ыңгайлаштырып турат. Чынында сүйлөшүп жатканда кээде Мартиндин таңгаларлык ой жүгүртүүлөрү аны ыңгайсыздандырып жиберчү, бирок муну анын өзгөчөлүгү менен тагдырына шилтеп, муну батыраак унутканга шашчу. Айтор Руфь анын айткандарына ичинен ынана бербесе да, сыртынан анын сүйлөгөн сөздөрүнүн ушунчалык ишенимдүү экенине, от күйүп тургансыган көздөрүнө жана олуттуу жүзүнө магниттей тартылып турчу.
Руфь таптакыр башка чөйрөдөн келген бул адам кээде анын акылы жетпеген, анын көнүмүш деңгээлинен алда канча бийик, терең ойлорду айталат деген оюна да келген эмес эле. Кыз өзүнүн акылынын азыркы жеткен чегин бирден бир туура деп эсептечү; бирок чолок акылдуулар мындай чектүүлүктү башкалардан гана байкайт эмеспи. Ошентип өз акылын абдан терең жана туура деп эсептеп алган Руфь Мартин экөөнүн ортосундагы идеялык пикир келишпестиктин себебин ушундан гана көрүп, Мартинди дүйнөгө өзүнүн көзү менен кароого үйрөтүүнү жана анын дүйнө таанымынын чектерин өзүнүн чектерине чейин кеңейтүүнү кыялданар эле.
— Бирок мен аңгемемди аягына чейин айтып бүтө элекмин, — деди Руфь. — Атамдын айтымында мистер Бэтлер абдан тырышып, өлармандык менен иштегенди билген. Иш дегенде ичип аткан ашын таштай чуркачу дешет. Өмүрү ишке кечиккен эмес, баарынан эрте келип, элдин эң акырында кетчү экен. Ошентип иштеп жүрүп да убактысын үнөмдөгөнгө үйрөнгөн. Бош мезгили боло калганда эле окуганга ашыгып турган. Ал бухгалтерияны, машинкеде басканды үйрөнгөн, стенографиядан да сабак алып жүрүптүр. Сабактын акысын төлөш үчүн соттун тажрыйбага муктаж бир кабарчысына жалданып иштептир, ага түнү менен кагаздарын окуп берчү экен. Анан бат эле кат ташыгычтан кеңселик ишке өтүп, ал жерде табылгыс кызматкерге айланган. Атам аны баалап, келечеги кең экенин алдын ала көргөн.
Мистер Бэтлер атамдын кеңеши менен юридикалык мектепке кирип, адвокат болгон соң атамдын ишканасына кайра келип, анын кенже компаньону болгон. Бул чынында абдан көрүнүктүү адам. Бир нече жолу Кошмо Штаттардын сенатындагы орундан да баш тартпаганда, эмкиче ал жогорку соттун мүчөсү да болуп калмак. Мындай өмүр баарыбызды шыктандырууга тийиш. Анткени бул таржымал адам өжөрлүгү жана эркинин кайраттуулугу менен каалаган нерсесине жетише аларын далилдеп турат!
— Ооба, ал мыкты адам экен, — деди чын жүрөгүнөн Мартин.
Ошондой болсо да бул баяндын кайсы бир жери Мартиндин сулуулук жана турмуш жөнүндөгү түшүнүгүнө коошпогонсуп турду. Ал мистер Бэтлер башынан өткөргөн азап-тозокторго жетишерлик негиз таппай жатты. Эгерде ал мунун баарына аялды катуу сүйгөндүгү же сулуулукка умтулгандыгы үчүн барганда Мартин аны түшүнмөк. Махабаттан делбетап болгон жаш жигит кайдагы бир жылына отуз миң доллар үчүн эмес, арзыганын бир өпкөнгө жанынан кечип кеткенге кайыл эмеспи! Андыктан кыз мактап аткан мистер Бэтлердин мансапка жетишсем деген таржымалында боор ооруткандай бирдеме бар эле жана бул Мартинди анчалык деле шыктандыра албады. Отуз миң доллар деген албетте жаман эмес дечи, бирок анын ашказанын талкалап, жашоонун кубанычынан ажыратканы алардын баалуулугун жокко чыгарып турду.
Мартин Руфка айткан ойлордун көпчүлүгү кызда аны кайра тарбиялоо керек деген пикирди дагы бир жолу тастыктады. Руфка өз чөйрөсүндөгү тар ой жүгүртүү мүнөздүү эле, жана бул белгилүү чөйрөдөгү адамдарды өздөрүнүн гана расасы, дини жана саясий ишеними туура, ал эми дүйнө бетине чачылып кеткен башка бардык адам пенделери бизден алда канча төмөн турат деп ойлогонго мажбурлап турар эле. Бул эркек болуп төрөлгөнү үчүн кудайга салават айтып, эми аалам бетин кезе башкаларга да өз кудайын таңуулап жүргөн байыркы жөөттүкүндөй тар ой жүгүртүү эле. Таптакыр башка жашоонун шарттарында өсүп жетилген бул немени да алып туруп, өз чөйрөсүндөгү адамдардын үлгүсү боюнча кайра жасап чыгууга Руфту ишендирген да мына ушундай ой жорум болду.
IX ГЛАВА
Махабаттын кусасы жанын кыйнаган Мартин Иден деңизден кайтары менен Калифорнияны көздөй ашыкты. Мындан сегиз ай мурда ал акчасы түгөнгөндөн соң, Соломон аралдарына көмүлгөн байлыкты издеп чыккан кемеге жалданып жөнөп кеткен эле. Канча издеп убара тартышпасын майнабы болбогондон кийин оңунан чыкпаган бул иш токтотулган. Матростордун акысын Австралияда төлөп берер замат Мартин ошол эле жерден Сан-Франциского жөнөп турган кемеге жалдана калды. Иши кылса өткөн сегиз ай ичинде ал кара жанын бакканга жетишерлик акча гана иштеп албастан, окуусун улантууга да убакыт таба алды.
Ал зээндүү жан эле, анүстүнө табиятынан тырышчаактыгы да, Руфка болгон сүйүүсү да Мартинди алга сүрөп турду. Грамматиканы үйрөнүп бүтсө да бир нече ирет кайталап атып, акыры толугу менен өздөштүрүп алды. Эми ал матростордун сүйлөшкөндөрүнүн ката жактарын оңой эле аныктап, оюнда алардын айткандарын жана орой жактарын оңдочу болду. Өзүнүн угуу жөндөмү да кыйла өөрчүп, грамматикалык жактан кандайдыр бир өзгөчө сезгичтиктин пайда болгонуна жетине албайт. Туура эмес айтылган ар бир сөз жагымсыз угулчу болду, ошентсе да көнгөн адаты менен өзүнүн оозунан деле кез-кезде орой сөздөр чыгып кеткенин шак эле байкай турган болду. Мындай сөздөрдөн биротоло арылууга болбой эле убакыт керек окшобойбу.
Грамматиканы бүткөндөн кийин сөздүккө киришти жана күн сайын өзүнүн сөз байлыгына жыйырмадан сөз кошуп турууну эреже кылып алды. Бул оңой иш эмес эле, вахтада же штурвалды кармап турганда үйрөнгөн сөздөрүн тынбай кайталап, ар бир сөздү туура айтууга тырышып жүрдү. Руфь айткан насаат кеңештерди эстеп жүрүп бат эле кеме офицерлеринен жана бул тобокелчил ишти каржылап каюталарда отурган мырзалардан да англисче тазараак да, туура да сүйлөй баштаганын байкап, буга өзү да таң калды.
Норвегиялык балык көз капитанда кокусунан эзели өзү бетин ачпаган Шекспирдин толук жыйнагы табылып калбаспы. Кийимдериңди жууп берип турайын деп ага асылып атып Мартин акыры бул кымбат нарк китепти окуп чыгууга уруксат сурап алды. Андагы трагедиялардын айрым бир жерлери ага ушунчалык күчтүү таасир эткендиктен, аларды эч бир кыйналбай эле эстеп калып жатты, ошондон бир топко чейин бүт дүйнө ага елизаветалык театрдын образдары менен формасындай көрүнүп жүрдү, ойлору болсо өзүнөн-өзү кадимки ак ырга айланып кетип жатты. Бул анын угуу жөндөмүн машыктырып, тилине көптөгөн эски, сейрек сөз айкалыштарын киргизгени менен англис тилинин асылдыгын баалоого үйрөттү.
Мартин бул сегиз айды жакшы өткөрдү. Ал туура сүйлөгөндү жана ойлогонду үйрөнүп, өзүн да жакшылап билди. Бир жагынан, өзүнүн дагы эле караңгылыгын салкын кандуулук менен түшүнсө, экинчи жагынан, өзүндө алп күч бар экенин сезип турду. Ал өзү менен жолдошторунун ортосунда зор айырмачылык бар экенин көрдү, бирок мындай айырма азыркы жетишкендигиндеби же келечекте көбүрөк болушу мүмкүнбү дегенге башы толук жетпей турду. Ал кылыбатканды башкалар деле кыла алмак, бирок өзү алда канча көп нерселерге жөндөмдүү экенин айтып турган бир ой бар эле. Ал ааламдын сулуулугуна суктанып, оюнда Руфь да анын менен чогуу суктанса жакшы болмок эле деп каалачу. Барганда ага Тынч океандын улуулугун сүрөттөп бергиси келди. Бул ай ага чыгармачылык дем берип, аааламдын сулуугун Руфка гана эмес, башкаларга да айтып берсем кандай болор эле деген каалоону ойготту.
Дилинде дүрт эткен бул ой көздү уялткан улуу идеяны жаратты: ал жаза баштайт. Ал дүйнө анын көзү менен караган, анын кулагы менен уккан, анын жүрөгү менен сезген адамдардын бири болот. Ал бүт баарын – поэзияны, прозаны жана романдарды, очерктерди жана Шекспирдей пьесаларды жазат. Чыныгы карьера деп мына ушуну айт, аны Руфтун жүрөгүнө жеткире турган жол да мына ушул. Жазуучулар аалам алптары эмеспи, жылына отуз миң алып, кааласа жогорку соттун мүчөсү болмок деген кайсы бир мистер Бэтлердин аларга жетмеги кайда.
Чагылгандай чарт этип келген бул ой анын эси-дартын толугу менен чырмап алды да, Сан-Франциского кайткан жолу тим эле түштөгүдөй болуп көрүндү. Өз күчүнө, баары колуман келет деген сезимине мас болуп турду. Улуу океандын тынч, кыйырсыз ээн мейкиндиктеринде бул ою келечектүү көрүндү. Алгачкы жолу Руфту да, анын жашаган чөйрөсүн да даана көрдү. Акылында так формага ээ болгон бул көрүнүштөрдү ал колуна алып кармап, ары-бери айландырып карай алчудай да болуп кетти. Бул дүйнөдө дагы эле түшүнүксүз, тумандаган нерселер көп эле, бирок ал андагы майда-баратты эмес, бир бүтүндүктү, ошол эле маалда аны кантип колго киритүүнүн ыкмасын да көрүп турду. Жазыш керек! Бул ой аны оттой куйкалап турду.
Келери менен эле токтоосуз жазып баштайт. Адегенде катылган казына издеген экспедицияны жазат. Анан ал аңгемени Руфка билдирбей туруп, Сан-Францискодогу кайсы бир журналга жөнөтөт, анын ысмын басма сөздөн көргөн Руфь таңгалып кубанбайбы. Ушинтип окуй да, жаза да берет. Суткеде жыйырма төрт саат деген бар эмеспи. Иштегенди билгенден кийин ал түк жеңилбейт, ошондо урагыстай көрүнгөн бардык тоскоол чептердин бырын-чырыны чыгат. Анан ага деңизде жөнөкөй матрос болуп сүзүп жүрүүнүн деле кажети жок болуп калат, ушуну ойлобатып көзүнө өзүнүн менчик яхтасы көрүнгөндөй боло түштү. Ушундай менчик яхтасы бар жазуучулар болот да!
Албетте, ийгилик деген асмандан түшө калбайт, азырынча жазгандарынан тапканы, жок дегенде, окуусун улантканга жетип турса жакшы болор эле. Андан кийин бир нече убакыт өткөн соң, — аз эле убакыт өткөн соң, – окуп бүтүп, даярданып алып улуу чыгармаларды жаза баштайт, атагы чыгып, ысмы ооздон оозго тарайт. Бирок мындан да маанилүүсү, болгондо да эң маанилүүсү – ал акыры Руфка татыктуу болот. Атак-даңк деген жакшы дечи, бирок бул кыялдардын баары аны эңсегенден эмес, Руфту сүйгөндөн улам жаралып атпайбы. Мартин даңк күсөгөн жигит эмес, махабатка баш оту менен малынган жигит эле.
Чөнтөгүн акчага толтуруп Оклендге кайткан Мартин кайрадан баягы Бернард Хиггинботамдын үйүндөгү кичинекей тар бөлмөсүнө келери менен эле жазууга киришти. Сапардан кайтканын Руфка билдирген жок. Ага адегенде кенч издегендер жөнүндөгү очеркин жазып бүтүрүп туруп, анан баргысы келди. Чыгармачылыктын кумарына кирип кеткен Мартин муну эч бир кыйналбай эле жазып койду. Жазган ар сабы аны кызга улам жакындаткансып атты. Ал аңгеменин канчалык узун болушу керек экенин билчү эмес, ошондуктан апта сайын чыгуучу «Сан-Франциско баяндамачысы» деген гезиттин жекшембилик тиркемесиндеги эки тилкени ээлеген очеркти көрүп, так ошондой кылып жазгысы келди. Баштаган очеркин Мартин үч күн баш көтөрбөй отуруп жазып бүтүрдү, анан окууга жеңил болгудай кылып бадырайган тамгалар менен тыкан көчүрүп кайрадан жазып чыкты; бүттү да кокусунан китепканадан ала келген сөз жөнүндөгү окуу китебин карай коюп, ал жактан абзац, тырмакча дегендер болорун окуду. Муну түк ойлогон эмес экен!
Мартин окуу китебин улам карап коюп, очеркин кайрадан көчүрүп кирди, ошентип отуруп бир эле күндүн ичинде жат жазуунун эрежелерин, жөнөкөй мектеп окуучусу бир жылда да өздөштүрө албай турган дагы толтура маалыматтарды үйрөнүп алды. Очеркин экинчи жолу көчүрүп чыгып, тыкандык менен түтүкчө кылып ороп койду да, дагы бир гезитти карай койсо анда жаңыдан жазып баштаган авторлорго — кол жазманы түтүкчө кылып оробош керек, барактын бир жак бетине гана жазыш керек деген эрежени окуп калды. Мартин мунун экөөн тең бузган экен. Дагы андан ары окуса, эң мыкты деген журналдарда тексттин ар бир тилкесине он доллардан кем төлөбөйт деп жазылыптыр. Шыктана түшкөн Мартин очеркин үчүнчү жолу кайрадан оңдоп көчүрүп чыгып, он тилке тексти он долларга кайра-кайра көбөйтүү менен өзүн бир топ сооротту.
Санаган эсеби жүз доллар болуп чыга берди, бул матрос болуп жүргөндөн көрө алда канча пайдалуу тура деп калды. Эгерде эки ирет ката кетирбегенде, аңгеме үч күндүн ичинде даяр болмок экен. Үч эле күндө жүз доллар! Мындай акчаны табыш үчүн ал үч ай бою деңизден деңиз кезип жүрүшү керек. Эми колуңан жазыш келип турганда кемеде сүзгөнүң келесоочулугуң эмеспи. Жазгандын тыйынын санаганы менен акчанын Мартин үчүн баркы деле жок эле. Акчаң барбы, бош убактың болот, жакшыраак костюм сатып аласың, ал үчүн акчанын мааниси ушунда эле, бул болсо аны бүткүл жашоосун аңтар-теңтер түшүрүп, өзүн шыктанткан ак жуумал, сымбаттуу кызга жакындатууга тийиш эле.
Мартин кол жазмасын чоң конвертке салып, чаптап бекитип туруп, «Сан-Франциско баяндамачысынын» редакторуна жөнөтүп жиберди. Ал редакцияга келип түшкөндүн баары эле токтоосуз басылып чыгат деп ойлочу, ошондуктан очеркин жума күнү жиберип, жарыкка жекшемби күнү чыгып калат деп токпейил күттү. Руфка да так ошо күнү бармай болду. Өзүнүн келгенин кызга мына ушундайча кабарлаган жагымдуу сезилип турду. Ал ортодо башына дагы бир шумдук ой келип, дароо артынан түшмөй болду; балдар үчүн укмуш курч окуялуу аңгеме жазып, «Жаштык жолоочусу» аттуу журналга жиберүүнү чечти. Дароо окуу залына барып, «Жаштык жолоочусунун» бир нече санын алып окуп көрдү. Көрсө, көлөмдүү аңгемелер менен повесттер аталган жумалыкка үзүндү-үзүндү болуп, сандан санга болжолу үч миңден кем эмес сөз өлчөмүндө басылып чыгат экен. Ар бир повесть беш санга чейин, айрымдары жети санга чейин созулат экен, ал да ушундай эсепке тууралап иштемей болду.
Мартин бир жолу Түндүк Муз океанында кит уулаган кемеде матрос болгон жери бар; иш үч жылга эсептелген эле, бирок кеме капылеттен кыйроого учурап, аңчылык жарым жылга жетпей токтогон. Анын кыялы ар качан алып учуп турганы менен бирок дайыма чындыкты сүйө турган, ошондуктан өзү жакшы билген нерселер жөнүндө гана жазгысы келди. Ал кит уулоо кесибин мыкты биле турган, ошондуктан болгон фактыга негиздеп, каарман кылып алган эки баланын ойдон чыгарылган укмуштуу окуялары жөнүндө жазмак болду. Бул анчалык кыйын иш эмес эле, повесттин үч миң сөздөн турган биринчи бөлүгүн ишемби күнү кечинде эле шилтеп бүтүрүп койду; Жим кошунасы буга жетине албай кубанса, жездеси Хиггинботам, үйүнөн чыга калган «жазмакерди» басмырлай мазактап, бир топко күңкүлдөп алды.
Мартин териккен да, унчуккан да жок, ичинен «Баяндамачынын» жекшембидеги санын ачып, анын кенч издегендер жөнүндөгү очеркин окуган жездеси кантип мыш болуп, оозу ачыларын жыргай элестетип отурду. Жекшемби күнү ал таң ата электе эле гезиттин келерин күтүп көчөдө турду.
Акыры колуна тийген гезитти бир нече жолу кунт коё карап чыкты да, жазганын таппаган соң бүктөп туруп, кайра ордуна коюп койду, муну эч кимге айтпаганы абийир болгон экен. Ойлонуп көрсө, аңгемелер шак эле басылып чыгып кетет деп жаңылышкан тура. Анүстүнө анын очеркинде эч кандай деле көйгөй маселе айтылбагандыктан, мүмкүн редактор алдын ала өз пикирин жазып, жообун билдирер.
Эртеси ал чай ичери менен эле кайрадан повестине киришти. Улам бир сөздүктү, бир окуу китебин карап алагды болсо да, сөздөр өзүнөн-өзү эле куюлушуп келип жатты. Кээде токтой калып жазган главасын бир нече жолу кайрадан окуп чыгат; өзүн чыгармачылык улуу иштен алагды кылыбатса да бирок тыныга калган учурда жат жазуунун эрежелерин карайт, анан өз оюмду так айтканды үйрөнүп атпайымбы деп сооротуп коёт. Ошентип көшөрө отуруп караңгы киргенче жазат да, анан тура калып окуу залын көздөй урат, ал жакта кечки саат онго чейин, же китепкана жабылганга чейин жума, ай сайын чыгып туруучу журналдарды аңтарып окуп чыгат. Анын бул жумадагы планы деле дал ушундай болчу.
Күн сайын үч миң сөздөн жазып, анан кечкисин окуу залында отуруп журналдарды барактайт, басмаканадагыларга кандай ырлар, повесттер, аңгемелер жага турганын билгиси келет. Буларды окуп чыккандан кийин Мартинге бир нерсе шек туудурбай калды: сайдын ташындай мобул жазуучулардын жазгандарынын баарын өзү деле жаза алат экен, болгону мөөнөт гана керек, ошондо булар эзели жаза албаган чыгармаларды да жазып салат. Ал «Китеп бюллетенинен» калем акы жөнүндөгү макаланы окуп, көөнү көтөрүлө түштү, анда Киплингдей жазуучулар бир сөзүнө бир доллардан алышат экен, ал эми, — аны өтө кызыктырганы ушул, — жаңыдан жаза баштаган жазуучулардын мыкты журналдардагы акысы эки цент деп айтылыптыр. «Жаштык жолоочусу» болсо, шексиз биринчи класстык журнал эле, андай болсо, күнүнө жазган үч миң сөзү үчүн ал алтымыш доллардан алууга тийиш — мындай акы анын матрос болуп жүрүп тапкан эки айлык акчасына барабар болот экен.
Жума күнү кечинде ал повестин бүттү. Анда туптуура жыйырма бир миң сөз бар эле. Ар бир сөзү эки центтен болгондо — ага төрт жүз жыйырма доллар тийиши керек. Бир жумалык ишке бул дурус акы эмеспи. Өмүрүндө анын мынчалык акчасы болгон эмес. Ушунча акчаны кантип коротсо болоруна акылы да жетпей турат. Бул деген накта алтындын кени болуп атпайбы! Андан каалашыңча сузуп ала бер. Колуна тийчү болсо бул акча, анда жакшылап кийинет, жайнаган гезит-журналдарга жазылып, мындан ары китепканага чуркап жүрбөстөн, керектүү маалыматтардын баары бар справочниктерди сатып алат. Ушунун баарынан кийин деле төрт жүз жыйырма доллардан артып калып атпайбы, калганын эмне кылсам деп баш катырып атып, акыры Гертрудага кызматчы жалдап берип, берки карындашы Мэриенге велосипед сатып бермек болду.
Мартин «Жаштык жолоочусуна» көлөмдүү кол жазмасын жөнөтүп жиберди да, ишемби күнү кечинде бермет кармоочулар жөнүндөгү очеркинин планын ойлонуштуруп коюп, Руфка жөнөдү. Адегенде телефон чалып сүйлөшүп койгон эле, андыктан Руфь аны эшигинин алдынан өзү тосуп чыкты. Жигиттен күпүлдөп уруп турган өзүнө тааныш күч менен ден соолук сезими кайрадан анын тула боюн ээлеп алды. Бул күч кыздын бүткүл денесин толтура, кан-тамырларын аралай чаап, толкунданганынан ысып чыкканга аргасыз кылды. Кыздын колуна колу тийишип, анын көпкөк көздөрүнө карары менен жигит да кызарып чыкты. Бирок сегиз ай бою деңизде жүрүп күнгө күйгөн Мартиндин жүзүнөн Руфь муну байкаган жок.
Мойнундагы байлама жака өйкөгөн такка күн тийбептир, аны көрө койгон кыз баягыдай шыңк эте күлүп жибере жаздагандан араң карманып турду. Бирок Мартиндин үстүндөгү костюмун көрөрү менен күлкүсү тып басылды. Шымы өзүнө куп жарашып турат, – бул Мартиндин алгачкы жолу буйрутма берип тиктирген костюму эле, андыктан келбети зыңкыйып, шыңга да болуп көрүндү. Анан да жанагы кепкасын таштап, жумшак шляпа кийип алыптыр, муну байкаган Руфь дароо аны кайра кийип көрүүсүн суранып, тышкы келбетин мактап жиберди. Кыз бактысына жетине албай турду. Мартиндеги жакшы өзгөрүү анын колунан чыккан иш эмеспи, буга сыймыктануу менен аны мындан ары дагы кандайча багыттаарын ойлоп жатты.
Айрыкча аны өзгөчө маанилүү бир жагдай кубанычка бөлөдү: Мартиндин тили өзгөрүлүптүр. Ал азыр туура гана эмес, алда канча эркин да сүйлөп калыптыр, сөз байлыгы да кыйла өсүптүр. Ошенткени менен кай бир учурларда ал кызып кетип, баягы эски куйкум сөздөрдү урдура калат, уланды мүчөлөрдү да жутуп жиберет, кээде жакында эле үйрөнгөн сөзүн айтам деп унутуп, мукактана түшөт. Бирок сүйлөгөнү тышынан эле жакшырбай, Руфту өзгөчө кубантып, кыйла кооз да, элестүү да, курч да болуп калыптыр. Мындан анын табигый шайырлыгы сезилип турду, жолдоштору аны ушунусу үчүн жакшы көрүшөр эле, бирок тилинин чоркоктугунан муну Руфка мурда көрсөтө алган эмес. Эми ал барган сайын кыздын чөйрөсүн өздөштүрүп, өзүн баштагы жат адамдай сезбей калды. Бирок баары бир өтө сак эле, ошончүн жандуу аңгеменин учугун Руфка карматып, ошол эле учурда андан калышпаганга аракет кылып жатты, бирок бир жолу да өзү демилге кылып кеп баштаган жок.
Ал Руфка өзүнүн жазмакерликти баштаганы туурасында айтып берип, акча табыш үчүн кандай жазуунун планын ачыкка чыгарды, ушундай жол менен окууга да мүмкүнчүлүк аларын айтты. Бирок айтаарын айтып алып, шагы сына түштү. Руфь анын бул оюна ишенбегендей салкын мамиле жасап, ачык эле мындай деди:
— Билесизби, адабият деле башка кесиптер сыяктуу кесип. Мен албетте, адис эмесмин, ошондой болсо да, элдин баарына маалым чындыкты айткым келип турат. Маселен, адегенде үч жылдай же беш жылдай үйрөнбөй туруп, темир уста болуш мүмкүн эмес. Бирок жазуучулар темир устага караганда көп табышат, андыктан жазуучу болсом деген адам толтура, баарысы эле күчүн сынап көргүсү келет.
— А эмне үчүн сизге менин буга жөндөмдүү экеним туурасында ой келбейт? — деп сурады Мартин, өзүнүн туура суроо бергенине ыраазы да боло түштү; ошол замат алып учкан кыялы иштеп кетип, экөөнүн конок бөлмөдө сүйлөшүп отурганын четтен көрүп тургансыды. Тегерегинде болсо анын мурдакы жашоосунун жүздөгөн орой жана жийиркеничтүү элестери чарк айланып аткансыды.
Бирок бул түркүн түс көрүнүш анын ой агымын бузбай, кеп ыргагын жайлатпай, көз алдынан заматта зуу коюп өтүп кетти да, Мартин өз кыялынан жаралган экрандан китептер менен сүрөттөргө толтура жасалгалуу бөлмө ичинде таза англис тилинде сүйлөшүп отурган ай жамал кыз менен өзүн көрдү, мунун баары тегиз чачыраган ачык нурга шоолаланып тургансыды.
Ал эми экрандын бул капталынан, тиги капталынан, айланасынан таптакыр башка көрүнүштөр улам пайда болуп, кайра житип кетип жатты. Ал кадимки көрарман сыяктуу анын улам бирин тандап көрө алмак. Мунун баарын ал ачык кызгылтым нур көзөп турган тумандын мунарыгы аркылуу көрүп тургансыды. Тигине, оттуу суудан ууртап коюп шарапканада ковбойлор отуру, ажылдаган уятсыз, орой сөздөр угулат, өзү болсо жеткен баш кесерлердин ортосунда туруп алып кыйкыра сөгүнүп, ичип атат, же карта таратып, фишкаларды шалдырата кересин жыттанган сасыган чырактын астындагы үстөлдө чогуу отурат. Анан бир караса, өзү бел кырчоодон жылаңачтанып алыптыр, муштумдарын түйүп, “Сасквеганнанын” палубасында ливерпулдук сары быштак неме менен болгон атактуу мушташтын алдында турганы го; андан кийин козголоң чыккан бүркөк күндүн эртеси канга боёлгон «Жон Рожерстин» палубасын, жаны чыга албай кыйналып, тырышып жаткан улук жардамчыны, колуна тапанча кармаган капитанды, тапанчанын оозунан бүркүлгөн от менен түтүндү, анан кандары башына тээп, өң алеттен кеткен матростордун жаалдуу жүздөрүн көрдү; кайрадан жайбаракат жана бейпил мемиреген, нурга бөлөнгөн борбордук сахнага көз чаптырып, китептер менен сүрөттөрдүн арасында өзү менен акырын баарлашып отурган Руфту көрдү; ал кийинчерек ойноп бере турган чоң роялга көзү түштү; анан кулагына өзүнүн азыр эле туура түзүп айткан: «А эмне үчүн сизге менин буга жөндөмдүү экеним туурасында ой келбейт?» — деген суроосу кирип келди.
— Эгерде, адамдын темир усталыкка шыгы болгон күндө да, — деди Руфь каршы чыга жылмайып, — ал жетиштүүбү? Мен адегенде үйрөнбөй туруп, темир уста болуп кеткен эч кимди уккан эмесмин.
— Сиз мага эмне деп кеңеш берер экенсиз? — деди Мартин, — Бирок эсиңизде болсун, мен жаза аларымды чын эле сезип турамын. Муну түшүндүрүү кыйын, бирок чынында эле ушундай.
— Сизден жазуучу чыгабы, чыкпайбы, буга карабай сиз окууңуз керек, — деди Руфь. — Билим сиз кайсы гана кесипти тандап албаңыз, сөзсүз керек жана ага жетишүү кокусунан эмес, системалуу түрдө болууга тийиш. Сиз мектепке барышыңыз керек.
— Ооба… — дегенче болбой, кыз анын сөзүн бөлүп жиберди:
— Ошол учурда деле жазганды уланта берсеңиз болот.
— Улантканга аргасызмын да, — деди Мартин ойлоно түшүп.
— Эмнеге минтип жатасыз?
Руфь нараазылана карады: ага Мартиндин өжөрлүгү жага бербей калды.
— Себеби, мунсуз окуй да албайм. Анткени мага тамак, китеп жана кийим керек да.
— Мен аны унутуп койгон турбаймынбы, — деди Руфь күлүп. — Эмне үчүн сиз, даяр жылдык кирешеңиз менен төрөлгөн эмессиз!
— Мен баш аман болуп, ден соолук болсо, адамга дүнүйө табылат деп ойлойм. Мен… — ал «сиз үчүн» деп айтып жибере жаздады, — башка нерселерге жетиш үчүн көп эмелерди иштээр элем.
— «Эмелер» деп, айтпаңыз! — деди Руфь чочугандай тамашага чаптыра, — бул абдан орой угулат.
Мартин уяла түштү.
— Туура айтасыз, — деди ал. — Суранам, мени дайыма ушинтип оңдоп туруңуз.
— Мен… мен жан дилим менен макулмун, — деди Руфь иймене. — Сизде көп жакшы жактарыңыз бар, мен бул сапаттарыңыздын мындан да сонун болорун каалар элем.
Мартин ошол замат Руфтун колундагы чопого айланып кеткендей болду, эми менден эмнени жасагысы келсе, жасай берсин деди ичинен; кыз болсо андан өзү кынтыксыз деп эсептеген идеалдуу эркекти жасаганды чын дилинен каалап турду. Руфь ага орто мектепке кабыл алуу сынактары дүйшөмбү күнү башталарын айтканда, Мартин ага даяр экенин билдирди.
Анан адатынча Руфь роялга отуруп, көпкө чейин Мартинге музыка ойноп, ырдап да берди, жигит болсо көздөрүн кыздан алалбай, сугун арта аңкайып карап отурду, эмне үчүн бул кыздын тегерегинде өзүнө окшоп чарк айланган, азап тарткан ашыктар жок деп ичинен таңгалып да отурду.
Орусчадан оодарган Бахтияр Шаматов