ЛОНДОН Жек: Мартин Иден (роман, которгон Б.ШАМАТОВ): X-XIV глава

X ГЛАВА

Бул кечте Мартин Морздордукуна конок болуп калды жана Руфту чексиз кубандырып, анын атасына жагымдуу таасир калтырды. Аңгеме Мартин беш колундай жатка билген матростук кесип жөнүндө жүрдү: кийин мистер Морз аны абдан тапкыч жана акыл-эстүү жигит экен деп сыпаттады. Кеп үстүндө Мартин орой жана ыксыз сөздөрдөн сактанып, адептүү конок катары шашпай, айтайын дегенин жакшылап түшүндүрүп жатты. Түшкү тамактын алдында былтыркыдай кысынып-кымтынбастан алда канча эркин отурду, Мартинде пайда болгон мындай бурулуш кыздын апасы мисс Морзду да абдан таңыркатып, жагымдуу таасир калтырды.

— Бул Руфка таасир эте алган биринчи жигит, — деди ал күйөөсүнө кийин. — Кызыбыз жигиттерге эч качан көңүл да буруп койчу эмес эле, мунусу эмнеси деп чочуңкурап да жүрдүм эле.

Мистер Морз аны таңгала карады.

— Сен, эмне, ушул жаш матрос кызыңдын аялдык сезимин ойготсо деп турасыңбы? — деп сурады.

— Мен анын кара далы болуп, дүйнөдөн так өтүшүн каалабайм. Эгерде Иден Руфтун жалпы эркек атмайга болгон кызыгуусун козгой алса, анда мунун өзү эле жакшы болбойбу деп ойлоп атам да.

— Жакшы болбойбу! — кайталады мистер Морз. — Мм! Бирок жоромолдоп көрөлүчү кымбаттуум, ии, кээде ушинтип жоромолдоого да туура келет, мисалы айталык, ал Руфтун кызыгуусун жалпы эмес, өзүнө гана козгоп койсочу?

— Мындай болушу мүмкүн эмес, — деди миссис Морз күлүп, — Руфь андан үч жаш улуу, экинчиден, мындай болушу таптакыр мүмкүн эмес! Жок, эч кандай чекилик иш болбойт. Мага ишенип кой.

Ошентип Мартин Идендин ойной турган ролу так аныкталды. Ал ортодо Артур менен Норманга жакындашкысы келип жүргөн Мартиндин өзүндө да өзгөчө бир ой жаралды. Кеп жекшемби күнү шаар тышына велесепет сейилин уюштуруу туурасында эле, негизи сейил Мартиндин өзүнө анчалык деле кызыгы жок эле, бирок Руфтун да кошо барарын укканда маселе шарт чечилди да калды. Мартин эч качан велесепет тепкен эмес, бирок Руфь тээп аткандан кийин ал да сөзсүз үйрөнүшү керек болуп калды. Ошондуктан үйгө кайтып келатып, дүкөнгө кайрылды да кырк долларга велесепет сатып алды.

Мындай акчаны ал кара терге түшүп атып бир айда да тапса араң тапмак, ошондуктан мындай чыгаша анын чөнтөгүн кыйла жукартып койду. Бирок ал “Баяндамачыдан” ала турган жүз долларга “Жаштык жолоочусу” төлөй турган жанагы төрт жүз жыйырманы кошту да акчанын бир бөлүгүн ыгы менен жумшай турганына корстон да боло түштү. Бирок жаман жери, велесепетти алары менен тээп көрөм деп костюму менен шымын айыртып алганы кыжаалаттантып турду. Ошол замат Хиггинботамдын дүкөнүндөгү тикмечиге коңгуроо кагып, жаңы костюмга буйрутма берди. Анан велосипедди кууш тепкич менен сүйрөп чыгып өзүнүн бөлмөчөсүнө жеткирип алды да, дубалга такай коюлган керебетин саал бери жылдырып велесепетин койду эле, бөлмө ичинде көчүк бурулар жер калбады.

Жекшемби күндү кабыл алуу сынагына даярданууга арнамак болду эле, бирок акак кармоочулар жөнүндөгү аңгемеси ушунчалык ышкысын козгоп туруп алгандыктан, керели кечке мээсинде жанып турган картиналардын сулуулугуна азгырылып, чыгармачылыктын кумарына батты. Бул жекшембиде да «Баяндамачы» анын кенч издегендер туурасындагы аңгемесин жарыялаган жок, бирок ага ал анчалык деле капа болбоду. Кыялы менен абдан бийикке чыгып кеткен окшобойбу, жадагалса тамак ич деп эки жолу чакырган үндү да укпай калыптыр. Ошентибатып мистер Хиггинботамдын жекшемби сайын атайын жасатчу даамдуу тамагынан да ооз тийбестен кетти.

Мистер Хиггинботам мындай тамактарды өзүнүн жашоодогу шумдук ийгилигинин чыныгы далили деп эсептер эле жана тамактануу дайыма америкалык турмуш ыңгайынын даанышмандыгы жана ал адамдарга бай мүмкүнчүлүктөрдү тартуулары тууралуу ой жүгүртүүлөрү менен коштолчу. Ал өзү буга ичинен абдан ишенчү жана эч кимге алардан шектенүүгө жол берчү эмес, мисалы, мындай жашоо тартиби дечү ал, — муну атайын баса белгилеп, — адамды жашылча дүкөнүнүн карапайым сатуучусунан анын кожоюнуна чейин көтөрүлүүгө жол ачат.

Дүйшөмбү күнү эртең менен Мартин өзүнүн бүтпөй калган акак кармоочулар жөнүндөгү очеркине кападар боло көз жүгүртүп алды да, сынак тапшырмакка Окленддеги мектепти көздөй жөнөдү. Эки-үч күндөн жыйынтыгын билейин деп келип, грамматикадан башка бардык сынактардан өтпөй калганын укту.

— Сиздин грамматика боюнча билимиңиз мыкты экен, — деди профессор Хилтон, калың көз айнеги аркылуу Мартинге тигиле карап, — бирок башка сабактарды билбейт экенсиз, тагыраак айтканда, таптакыр эч нерсе билбейсиз, айрыкча Кошмо Штаттардын тарыхы боюнча берген жоопторуңуз тимеле теңирден тескери, мындайды атайлап ойлоп да таппайсың. Ошондуктан мен сизге бир масилет берер элем…

Профессор Хилтон ушул жерден токтой калды да, Мартинди өзүнүн лабораториялык айнек түтүкчөлөрүнүн бирине карагандай жактырбагансып, көңүлкош карап калды. Физика боюнча профессор бул кишинин чоң бүлөсү бар эле, жарыбаган айлыгы аны багууга жетчү эмес, бирок билиминин көптүгүн айтпа, физиканы тимеле чемичкедей чагып, анын болгон мыйзамдарын тоту куштан бетер жаттап бүткөн эле.

— Макул, сэр,— деди Мартин токтоо гана, мына бул профессор Хилтондун ордуна маалымат бөлүмүндөгү китепканачы менен сүйлөшүп жатпаганына өкүнүп.

— Айтаар кеңешим башталгыч мектепте дагы бир-эки жылча окусаңыз жакшы болор беле демекчимин. Саламатта болуңуз!

Сынактан кулап калганы Мартинди анча деле кейишке салган жок, бирок профессор Хилтондун кеңешин Руфка айтканда анын аябай капалана түшкөнүнө өзү да таң калды. Анын кайгырганын көрүп туруп, иши болбой калганынан эмес, кызды капалантканына өкүндү.

— Мына, көрдүңүзбү? — деди кыз, — мен сизге туура айтканмын. Сиз кээ бир студентке караганда чынында көптү билесиз, бирок карачы, сыноодон да өтө албай олтурасыз. Мунун себеби системалуу эмес, тийди-качтыга сала окуп келгенсиз. Сиз белгилүү бир система боюнча окушуңуз керек, буга жакшы мугалим керек. Билим бышык болууга тийиш. Профессор Хилтон туура айтат, эгерде мен сиздин ордуңузда болсом, кечки башталгыч мектепке бармакмын. Курсту ал жактан бир жарым жылда бүтөсүз, дагы алты айды үнөмдөп каласыз. Ошондо сизге жазганга да, андан майнап чыкпаса, башка бир иш менен алектенгенге убактыңыз болот.

«Макул, күндүз иштесем, кечкисин мектепке барсам, анда сиз менен качан жолугушам?» — деп Мартиндин чочуган биринчи ою ушул болду. Бирок айтканга дааган жок, анын ордуна:

— Кечки мектепке барып окуган мага жаш балдардын ойнундай эле көрүнүп жатат. Эгер мындан чындап пайда чыга турган болсо, ага деле карабас элем. Менимче, мунун эч бир пайдасы жок! Мен мугалимдерден окугандан көрө өз алдынча окусам кыйла тезирээк үйрөнөм. Мектепке барган жөн эле убакытты текке кетирген менен барабар болубатпайбы (ал Руфка жетүү жөнүндөгү каалоосун эстей калды), а мен убактымды жоготкум келбейт! Менде убакыт деген таптакыр жок!

— Бирок сиздин кыла турган иштериңиз толтура болуп атпайбы.

Ал Мартинге мээримдүү карады. Мартин ага каршы айтканы үчүн өзүн ичинен көк мээ айбан экенсиң деди.

— Физика менен химия үчүн лаборатория керек, — деди Руфь. — Алгебра менен геометрияны сиз эч качан өз алдыңызча үйрөнө албайсыз. Сизге сөзсүз жетекчи, тажрыйбалуу адис мугалимдер керек.

Мартин буга эмне деп жооп берсем дегендей бир мүнөткө ой жүгүртүп, унчукпай калды.

— Мени мактанып атат дебеңиз, — деди ал, — кеп таптакыр мында эмес. Бирок менде баарын бат эле өздөштүрүп кете аларымды сезип турам. Баарын өзүм эле үйрөнөм. Мени окуу казды сууга тарткандай эле өзүнө тартып турат. Грамматиканы кандай өздөштүргөндүгүмдү өзүңүз көрдүңүз го. Мындан башка да көп нерселерди окуп үйрөндүм, аны сиз элестете да албайсыз… А мен окуганды жаңыдан гана баштап атпайымбы. Мага бир гана…— деп ал мукактана түшүп, анан кийин так айтты: — түрткү жетишпейт. Мен эмитен гана чийинге түшүп келатам да.

— Чийинге түшүү деген эмне? — Руфь анын сөзүн бөлүп кетти.

— Тиги кандай, бу кандай экенин билүү, — деди ал.

— Бул фраза эч нерсени түшүндүрбөйт, — деди кайра Руфь.

Мартин оюн башкача кылып түшүндүрүүгө аракеттенди:

— Өзүмдүн багытымды эми гана түшүнүп келатам.

Руфь боору ачып кетип, унчукпай калды. Мартин андан ары улады:

— Илим мага деңиз карталары сакталып турган штурмандын бөлмөсү сыяктуу көрүнөт. Китепканага барган сайын ушул жөнүндө ойлойм. Мугалимдин милдети окуучуларды бардык карталар менен ирети менен тааныштырып чыгуу гана. Болгону ушул. Ал өткөргүч сыяктуу. Өзү эч нерсени ойлоп чыгара албайт. Жаңы нерсени жарата да албайт. Картада баары ачык көрсөтүлүп туру, мугалим болсо окуучулар адашпас үчүн эмненин кайсы жерде экенин көрсөтүп гана коёт. А мен адашпайм. Кайсы жер болбосун, тааный алам. Не кылуу керек экенин жакшы билем… Дагы бирдемени ката айттымбы?

— «Не кылуу» эмес, «Эмне кылуу» — деди Руфь.

— Туура айтасыз, эмне кылуу, — кайталады Мартин ыраазы боло. — Эмнени айтып аттым эле, ии, ооба, деңиз карталары жөнүндө. Кээ бир пенделерге…

— Адамдарга, — Руфь дагы түзөттү.

— Ооба, кээ бир адамдарга жол көрсөтүүчүлөр керек. Туура. Бирок мага алардын кереги жок. Анткени мындай карталардын далайын көргөм, мага кайсыл жээк керек, кайсынысын изилдеримди жакшы билем. Багытымды да батырак тандап алам. Флоттун ылдамдыгы дайыма эң жай жүргөн кеменин ылдамдыгы менен ченелет. Мектеп деле так ушундай. Мугалимдер ишин эң начар окуган окуучулардын деңгээлине карап жүргүзүүсү керек. А мен жалгыз эле батыраак жыла алам.

«Бирок жалгыз эмес, сиз менен бирге жылганды каалар элем», — деп айтып жибере жаздады. Ушул тапта көз алдына чексиз ааламдын көз талдырган улуу картинасы, күн нуруна чагылышкан мейкиндик, сансыз жылдыздардан куралган жол элестеп, аларды аралап экөө кол кармашып учуп бараткандай көрүндү, Руфтун аксаргыл алтын түс чачтары жайыла желбиреп, Мартиндин бетине тийип жаткандай сезилип кетти. Ошол замат өзүнүн тилинин аргасыз кедейлигин дагы бир жолу сезип, деми кыстыгып кетти. Эх, атаганат! Эгерде ал азыр өзү көргөндүн баарын Руфь да көрсөчү! Көз алдына капылеттен пайда болуп чыга келген ушул көрүнүштү Руфка сүрөттөп айтып берсем деп ээ жаа бербей тула боюн дүүлүктүрүп жиберген каалоосу жанын кыйнап да жиберди. Так ушул жерден ал бир нерсени түшүндү! Көрсө, сырдын кулпусу бул жакта жаткан турбайбы!

Мындай ишти бир гана улуу чеберлер — акындар менен жазуучулар гана кылып атышпайбы! Алардын улуулугунун сыры – өзүлөрүнүн көргөн сезгендерин, бук болгон ойлорун сөз менен айтып бергенди билишкенинде турбайбы. Күнөстөп ургүлөп жаткан ит деле түшүндө үрүп жиберет эмеспи, бирок аны буга эмне түртүп атканын макулук тили менен түшүндүрүп бералбайт эмеспи. Өзүн да азыр так ошол итке салыштырып турду: не деген сонун ажайып нерселерди көргөнү менен бирок аларды Руфка сүрөттөп бералбаган соң ошол иттен эмнеси артык. Эми уктаганы жетишер. Эми көзү ачылып, өз көргөндөрүнүн жомоктогудай кооздугун тили менен бөлүшө алганга жетишкенге чейин, талыкпастан окуп иштей бермекчи. Ойду түшүндүрүүнүн бөтөнчө сырларын билген жана сөздөрдү өзүнө кул сыяктуу багындырып, аларды таң каларлыктай керемет айкалыштыралган адамдар да бар эмеспи.

Бир ирмемде эле өзүн буга дейре кыйнап келген терең сырдын түйүнү кокусунан чечилгенине таңгала түштү да, көз алдына кайрадан күн менен жылдыздардын чалкыган мейкиндиктери тартылгандай болду. Капылет келе калган жымжырттыкка таңданып, эсине келди да, жылмая карап турган Руфту көрдү.

— Мен өңүмдө кыялданып кеткен турбаймынбы, — деди Мартин, толкундана түшүп, айтарын айтып, жүрөгү түрсүлдөп кетти.

Ал бул сөздү кантип тапты? Анын кыялын азгыра түшкөн бул паузанын себебин туптуура түшүндүрбөдүбү бул айтканы. Бул укмуш эле! Ал эч качан сонун ойлорун минтип сонун сөздөр менен айталчу эмес, ага аракеттенип да көргөн эмес. Эми баары түшүнүктүү болду. Буга деле аракеттенип көрбөптүр. Суинберн, Теннисон, Киплинг жана башка улуу акындар буга аракеттенип жетишкен эмеспи. Ушул жерден өзүнүн «Акак кармоочулары» аңгемеси түштү. Ойлосо эч качан өзүндө жаткан кооздукту сөз менен сүрөттөп бергенге аракет кылган эмес экен. Эгерде буга башынан умтулганда, мүмкүн аңгемеси таптакыр башкача чыкмакпы. Эмне деген керемет нерселерди жазмак экенмин деп ойлогондо чочуй да түштү; кыялы болсо андан ары алып учуп кетти, өзүн толкуткан кооздуктун баарын жанагы улуу акындар сыяктуу куюлушкан, кудайы пейил ырлар аркылуу сүрөттөп бергенге аракет кылса болбойбу? Жогеле дегенде Руфка болгон махабатын, сүйгөн жандын сырдуу жыргалы менен сүйүүнүн бийик рухун жеткирип бере алса кана. Акындар кылганды эмнеликтен ал кыла албайт экен? Сүйүүнү алар ырдай алат экен да, Мартин ырдай албайт бекен!

— Миң жолу шайтан алгырдыкы!

Угуза айтып жибергендиктен өзүнүн кулагына күн күркүрөгөндөй катуу угулду. Кыялга терең берилип кеткен экен, бети албырып, чачтарынын түбүнө чейин кызарып кетти.

— Мен… мени… кечирип коюуңуз, — шыбырады ал, — мен ойлонуп кетиптирмин…

— Сиз муну тимеле «сыйынып аттым эле» дегендей кылып айттыңыз го, — тайманбай тамашалады Руфь, бирок аны майда калтырак басып турду.

Анткени кыз өмүрүндө биринчи жолу өзүнө тааныш адамдын оозунан мындай сөгүнгөндү угуп отурат, ошондуктан азыркы сөз анын кулагына тимеле таш менен ургандай катуу тийди, анын бейкапар жаштыгы өтүп жаткан жылуу-жумшак, камдуу орун-очогуна муздак шамалдай жулуна кирип келген бул сөз ага акаарат келтирип, сыпаа сезимин чыңалтып коркутуп да жиберди.

Ошентсе да кыз аны кечирип, мындай ырайымдуулугуна өзү да таң кала түштү. Аны кечирүү эмнегедир оңой эле. Жигиттин турмуш шарттары ага башкаларга окшогонго мүмкүнчүлүк бербесе да муну оңдоого тырышып, көп нерселерге жетишип отурбайбы. Руфь өзүнүн ырайымдуулугун түшүндүргөн дагы башка жөнөкөй себептердин бар экени оюна келген жок.

Кыз Мартинге чын жүрөгүнөн берилип, бирок бул сезимдин эмне экенин өзү али түшүнө элек болчу. Түшүнө да алмак эмес. Анткени жыйырма төрт жылдык өмүрүндө бейкапар жашап, бир да жолу сүйүүгө, жок дегенде, жеңил-желпи кызыгууну башынан өткөргөн эмес, өз сезимдерин билбеген кыз махабат деген адамды табы менен жылытарын, азыр да өзүн ушул сезим жылытып турганын түшүнгөн жок.

XI ГЛАВА

Мартин кайрадан өзүнүн «Акак кармоочуларын» жазууга киришти, бирок анын көңүлүн ыр жазуу кумары азгырып кетпегенде аны бат эле бүтүрүп коймок. Бул Руфь шыктандырган махабат жөнүндөгү ырлар эле. Баштарын баштап алып, бирок бир да ырынын аягына чыккан жок. Кыска убакыт ичинде поэзия деген укмуш өнөрдү өздөштүрүп алуу мүмкүн эмес эле. Ыр дегендин ыргагы, көлөмү, жалпы эле түзүлүшү оңой нерсе эмес тура, андан тышкары, ал улуу акындардын ырларынан адамдын акылы менен ою жеткис не бир көзгө илешпеген касиеттерди тапканы менен аларды өзүнүн ырларына такыр киргизе албай койду. Бул болсо поэзиянын эч бир ага баш ийбеген, кармап калалгыс духу эле.

Мартинге бул оттуу туман уюлгуган кандайдыр бир нур сыяктуу көрүнүп, жакындап барганда кайра эле тарап кетип жатты, болгону үзүктөрүн гана кармап, өзүнчө кооз саптарга киргизсе болор эле, бул уккулуктуулугу жанда жок саптар анын мээсинде музыка сыяктуу жаңырып, же караңдаган элестер сыяктуу чубалып жатты. Бул азаптын азабы болчу. Ойду удургутуп, дене балкыткан бул сезимдер тил учуна келип турса да, жаза келгенде кагаз бетине супсак, кунарсыз бирдеме болуп түшүп жатты. Жазгандарын өзүнө өзү үн чыгара окуп берсе, ырдын өлчөмү, уйкаштыгы жана ыргагы дурустай болгону менен, анда жалын, көңүл көкөлөткөн эргүү жок эле. Мунун эмне себептен ушундай болубатканына такыр түшүнбөй койду, аргасы кеткен учурларда ырды жыйнаштырып коюп, кайра эле аңгеме жазганга киришип кетип жатты. Кара сөз кыйла тил алчаак каражат эле.

Акак кармоочулар жөнүндөгү очеркти улантып жатып, Мартин дагы башка, — деңиз кызматы, таш бакаларды кармоо, ысык өлкөлөрдөгү түндүк-чыгыш кургак шамалы жөнүндө да очерктерди жазды. Анан тажрыйба иретинде окуясы курч чакан аңгеме жазсамбы деп кызыгып кетип, бирдин ордуна алты аңгеме жазып салды да аларды ар башка алты журналга жөнөтүп жиберди. Руфка же китепканага барган сааттарды кошпогондо, Мартин көшөрө отуруп, таң заардын түн ооп кеткенге дейре тынбай жазаар эле. Мындай күндөрү ал өзүн чексиз бактылуу сезчү, жашоо ага мазмундуу жана сонун көрүнүп, чыгармачылыктын кумары тарабай турчу. Буга чейин ал кудайлардын гана колунан келет деген жаратмандыктын кубанычы эми анын да колунда эле. Курчап тургандын баары – чирип кеткен жашылчалар менен самын суунун жыты, эжесинин күйпөйгөн карааны жана мистер Хиггинботамдын күлкүнү келтирген кебетеси ага түш сыяктуу. Чыныгы дүйнө анын мээсинде гана жашап, ал эми жазган аңгемелери болсо, ошол дүйнөнүн чачыранды сыныктары эле.

Күндөр ага өтө эле кыска болуп жатты – анткени сүңгүп кирсем деген илимдердин тармагы болсо абдан арбын эле. Уйкусун беш саатка кыскартып, ошону жетиштүү деп чечти. Бул мөөнөттү ал төрт жарым саатка чейин кыскартып көрдү эле, бирок кайра эле өкүнүп, мурдагы беш сааттык нормага кайтууга аргасыз болду. Калган башка бардык убактысын ал сабактарына жумшады, кээде жазыш үчүн гана окуусун токтотууга мажбур эле, окуусун болсо китепканага барыш үчүн токтотууга туура келди: илимдин штурмандык рубкасын таштап кетүүгө шашпай, чыгармаларын кантип болсо да жайгаштырган сырдуу жазуучулардын аңгемелери толгон журналдардан кыйылып атып башын көтөрөөр эле.

Руфтун үйүндө болгон кезде дайыма кетип баратып ал жакта жүрөгүнүн жартысын калтырып жаткандай болор эле; ал жактан чыгары менен эле убактысын жоготпой, китептерине батырак жетиш үчүн караңгы көчөлөрдөн таскактап чуркап кетчү. Баарынан кыйыны – алгебра же физика китебин жааап, уручке менен дептерди жыйнаштырып коюп, талыган көздөрүн жумуп уйкуга кетиш азап болчу. Жашоодон жок дегенде мына ушул кыска убакытка чыгып калыш Мартинге ушунчалык оор эле, аны соороткон сезим будильниктин беш сааттан кийин аны кайрадан ойготору. Ал болгону беш гана саат жоготот, андан кийин сааттын чырылдаган үнү аны пайдасы жок уйкудан сууруп чыгат да, кайрадан он тогуз саат иштегенге убактысы болот.

Ал ортодо убакыт өтүп жатты, Мартиндин акчасы түгөнүп баратты, күткөн калем акыларынан болсо алиге кабар жок. Бир айдан кийин «Жаштык жолоочусуна» жиберген кол жазмасы кайра кайтып келди. Басуудан баш тартуу абдан кылдат жазылгандыктан, алтургай Мартинде басмканадагыларга карата кадырлоо сезимин ойготкондой болду. Бирок «Сан-Франциско баяндамачысы» жөнүндө кеп таптакыр башкача эле. Мартин эки жума күтүп, жооп келбегенден кийин ал жакка кат жазып жиберген; бир жумадан кийин кайра кат жазып жиберди. Акыры жооп болбогон соң редактор менен көзмө-көз жолугушууга барайын деп чечти. Барса эшикти кайтарып турган куйкул сарыбаш жигитче аны өтө урматтуу редактордун дидарын көрүүгө жолоткон да жок.

Бешинчи жума аяктап калганда кол жазма эч кандай түшүндүрмө жообу жогеле кайра кайтарылды. Не баш тартуу, не түшүндүрмө кат – эч нерсе жок. Ошондон көп өтпөй анын Сан-Францисконун башка журналдарына жиберген аңгемелери да кайтып келди. Анда Мартин өз очерктерин чыгыш штаттарынын газеталарына жөнөтүп, бирок ары карап, бери караганча эле алары да чыкпай калды деп коштолгон жооптор менен кайра келди.

Анын аңгемелери да ушундай эле тагдырга туш болду: Мартин аларды бир нече жолу кайрадан окуп чыгып, абдан жактырды, бирок алар эмнеликтен редакторлордун купулуна толбой чечкиндүү кайтарып жатышканына башы жетпеди. Мунун себеби бат эле анык болду. Көрсө, кол жазма деген сөзсүз машинкеде басылууга тийиш тура, Мартин муну бир гезиттен окуп калып, иштин жайын ошондо билди. Туура да, редакторлордун иши чачтан көп эмеспи, анан ийрелеңдетип кол менен жазылгандарды көз жоорутуп окуп отурганга убактысы болмок беле. Мартин ошол замат эле баса турган машинкени прокатка алды да керели кечке басканды үйрөндү.

Күн сайын жазгандарынын четинен машинкеге терип отуруп баарын кайрадан басып чыкты. Анан машинкеге басылгандары деле кайрадан кайтып келе баштаганда Мартин таңгалып, эси ооду. Ага бош келчү ал бекен, өңү сурданып, жаагы сөөктөрү оркоюп чыкты, кол жазмаларын болбой эле өжөрлөнүп жаңы даректердин улам бирине жөнөтө берди.

Акыры ал адам өз чыгармасына өзү баа бериши өтө кыйын экенин түшүнүп, аңгемелеринин айрымдарын сынатып көрүү үчүн эжеси Гертрудга окуп берүүнү туура тапты. Эки-үчөөн окуп берди эле, эжесинин көздөрү жашылдана түшүп, Мартинге сыймыктануу менен карады да мындай баасын берди:

— Сенин мындай нерселерди жазганың жакшы да!

— Ооба, ооба, — деди Мартин шашкалактап. — Бирок сага жагабы же жакпайбы — ошону айтчы?

— Кудай урсун! — деди ал, толкундана түшүп, — жакпагандачы! Чындыгында көңүлүмдү эритип жиберди!

Бирок Мартин эжеси аңгеменин баарын эле түшүнө бербегенин сезип турду. Анын жайдары жүзү бирдемени түшүнбөгөндөй эле. Мартин ойлонуп калды.

— Айтсаң Март, мунун акыры эмне болуп бүтөт? — деди эжеси бир топко чейин унчукпай тургандан кийин, – Ыя? Жанагы тили булбулдай сайраган жигит эмне болот, берки кызга үйлөнөбү же үйлөнбөйбү?

Мартин өзү көркөмдүк жагы мыкты деп эсептеген бул аңгемесинин эмне болуп аяктарын айткандан кийин эжеси:

— Мына сага, мен деле дал ушундай деп ойлогом. Эмнеге сен түз эле ушундай болот деп жазган жоксуң?

Гертрудга он чакты аңгемесин окуп берип, байкаса, эжесине аягы жакшылык менен бүткөн аңгемелер гана жагарын түшүндү:

— Бул аңгемең абдан жакшы жазылыптыр, — деди ал тепшиден өйдө боло берип үшкүрүп алды, буудан кызарган колдору менен чекесин сүртүп койду. – Бирок бир гана жери мени капаланатты. Ыйлап да жибергим келди. Ансыз деле тегеректин баары кайгы-капага толуп турбайбы. Жакшы нерселер жөнүндө уксам, өзүм да жеңилдей түшөм. Эгерде ал жигит сүйгөн кызына үйлөнгөндө… Мени жаман көрбөйсүңбү, Март, — деди ал чочулай түшүп. — Мүмкүн мага ошондой көрүнүп жаткандыр, анткени мен аябай чарчадым. Ал эми аңгемең тимеле укмуш, эң сонун. Эми муну кайда жиберейин дебатасың?

— Бул башка кеп, — күлүмсүрөп койду ал.

— Эгерде бир жерге чыгарып калсаң, ушуга канча акча алар элең?

— О, анда кеминде жүз доллар алмакмын.

— О-о! Чыгарып алсаң, жакшы болмок экен ээ!

— Аз акча эмес, туурабы эжеке? — анан мактана кошумчалап койду: — Билип кой, мен муну эки эле күндө уруп салдым. Ошондо күнүнө элүү доллардан тапкан болом!

Мартин аңгемелерин Руфка ушунчалык окуп бергиси келип, бирок ага даабай жүрдү. Ал жазгандарынын жок дегенде бирөөсү жарыкка чыкканга чейин күтүп турууну чечти, — мына ошондо Руфь анын чыгармачылыкка болгон умтулуусун жакшыраак баалар. Ошол эле учурда ал окуусун да уланта берди. Ага баштан өткөргөн мурдагы окуяларынын бири да азыркыдай акыл-эстин али жол салына элек чытырман токоюна жасаган саякатындай кызыктуу эмес эле. Ал физика менен химия китебин сатып алды да, алгебра менен катар физиканын мыйзамдарын, анын далилдерин үйрөнө баштады. Лабораториялык тажрыйбаларды оюнда жасады, андыктан кыялынын күчү ар кандай химиялык реакциялардын жүрүп жатканын тимеле көзү менен көрүп жаткандай жардам берип, бул болсо тажрыйба жасоого катышып жүрүшкөн студенттердин кимисинен болсо да, реакциянын формуласын жакшы түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берди.

Окуган китептеринен Мартин акырындык менен жаратылыштын, дүйнө сырларын биле баштады. Мурда дүйнөнү ал өзүнөн өзү жаралып калгандай кабыл алып келсе, эми анын түзүлүшүн, кубулуштурды жана күчтөрдүн катышын, материянын курамын аңдап биле баштады. Анын акылы дайыма эчактан тааныш нерселерди кайрадан түшүнүп жатты. Рычагдар менен чыгырыктар деңизде жүргөн кезиндеги оор жүк тарткан машинелер менен крандарды анын эсине салды. Кемелерге ачык деңиздеги багытынан адашпоого мүмкүнчүлүк берген навигациянын теориясы күтүлбөгөн жерден айдан ачык болуп чыга келди. Аны менен кошо Мартин бороон-чапкындардын, жамгырдын, суунун көтөрүлүшүнүн, тропикалык кургак шамалдардын сырларын ачты. Муну билгенде өзүнүн түндүк-чыгыш тропикалык кургак шамал туурасындагы очеркин да эртерек жазып койгон окшойм деп да ойлонуп кетти.

Ошентип канткенде да окуп билгендери эми аны жакшыраак жазганга шыктандырарын түшүнүп турду. Бир жолу ал Артурга кошулуп университетке барды да демин ичине ката, пейили кенен жайылып, ал жактагы лабораторияларда жүргүзүлгөн тажрийбаларга тыкыр көз салуу менен профессорлордун окуган лекцияларын кунт коё тыңшап отуруп кайтты.

Окууга катуу киришкени менен Мартин чыгармачылык иштерин таштап койгон жок. Чакан аңгемелер мурдагыдай эле калеминен куюлуп атты, алтургай, башка журналдарга чыгып жаткан ырлар сыяктуу бир топ ырларды жазууга да убакыт тапты; ананыраак чымыркана калып эки жумада ак ырлар менен трагедия жазып жиберди эле, тилекке каршы, басмаканачылар мунусун да жараксыз деп табышты. Бир күнү ал Гэнлини абдан окуп, анын «Оорукана керебетинен жазылган поэмаларынын» үлгүсү боюнча деңиз жөнүндөгү ырлардын өзүнчө бир түрмөгүн жазып салды. Булар жөнөкөй, жарык жана кооз, эрдик менен романтикага шыкалган ырлар эле. Мартин аны «Деңиз ырлары» деп атап, өзүнүн чыгармаларынын эң мыктысы деп тапты. Бул түрмөк отуз ырдан турду; ал күн сайын күндүзгү кара сөздөн кийин бирден ыр жазып отурду, — эл мода катары окуган башка жазуучу буга толук бир аптасын жоготмок. Бирок эмгектенгендин өзү Мартинге эч кандай мааниси жок эле. Башкысы ал эми сөз касиетин багынтты, нечен жылдар бою дилинде үнсүз катылып жаткан аруу ойлор эми көзү ачылган булактай шаркырап сыртка атылып чыгып, токтотуп болбос кубаттуу, шыңгыр агым менен албууттана акты.

Мартин «Деңиз ырларын» эч кимге көрсөткөн да, эч кайда жөнөткөн да жок. Редакторлордон түңүлүп калган эле. Бирок бул ирет мунун себеби башка болду. Оюнда бул чыгарма ушунчалык көркөм эле, андыктан муну ыгы келгенде бир гана Руфь менен бөлүшүүнү каалап туруп алды, жан дүйнөсүнө бүлүк салган ошол ирмем келсе, акыры даап, кызга өз чыгармаларын окуп бермекчи. Ага чейин өзүндө тура турсун деп чечти да, ырын кайра-кайра окуй берип жаттап да алды.

Мартин ар бир ирмемди өңүндө да, түшүндө да күйүп-жанып жашап атты; ал аргасыздыктан текке кетирип жаткан беш саатына да каршы чыккысы бар эле, күн бою ойлонуп эсине орноп калгандын баарын андан ары өнүктүрүүгө далбас уруп, укмуштуудай жаңы ойлор менен не бир ширин кыялдарды жаратып жатты. Ушинтип атып эс алуу дегенде таптакыр унутту, анын ордуна саламаттыгы начарыраак жана жүүнү бош башка бирөө болгондо эчак баспай калмак. Руфь менен жолугушуусу да улам сейрек болуп баратты: кыз сынак тапшырып университеттин дипломун ала турган июнь айы да жакындап кирип келди. Искусствонун бакалавры болмок! Мартин бул наам туурасында ойлогондо Руфь андан кол жеткис бийиктикке учуп кетип, ал жетпей кала тургандай сезилер эле.

А Руфь болсо канткен менен аптанын бир күнүн Мартинге арноочу, бул күнү Мартин Морздордукунан чай ичип, түштөн кийин музыка угуп кетер эле. Мындай күн ага майрам болчу. Морздордун үйүндөгү маанай Мартин жашаган ыплас шарттарга түк окшобой турган, Руфтун жакындыгы ага канат бүтүрүп, ар дайым үйгө кайтып келе жатканда өзүнө өзү кандай болбосун, мына ушундай бийиктиктерге жетем деп ант берер эле.

Ээ жаа бербеген чыгармачылыктын илхамына жана дайыма сулуулукту эңсеп турганына карабай, ал махабат үчүн гана иштеп жатты. Баарынан мурда ал ашыглык өртүнө баш оту менен малынган жан болгондуктан, эмне кылса, баарын бир гана махабатка баш ийдирип алган эле. Анын махабаттан издегени ар кандай руханий изденүүлөрүнөн маанилүү болучу. Дүйнө ага кандайдыр бир сырдуу мыйзамдар менен өз ара аракеттенген атом менен молекулалардан куралганы үчүн эмес — анда Руфь жашаганы менен кызыктуу, таңгалыштуу эле. Руфь буга чейин өзү кезиктирбеген, кыялданбаган, алтургай, таптакыр билбеген бир керемет болчу.

Бирок кыз экөөнүн ортосундагы аралыктын таасири Мартинди кээде көңүлүн чөгөрүп жибере турган. Руфь андан кол жеткис чексиз алыс эле, ага жакындаш үчүн дагы эмне кылсам деп ойлонуп атып, башы маң болду. Мурда ал өз чөйрөсүндөгү кыз-келиндерге кадыры жогору эле. Бирок алардын бирин да сүйгөн эмес, Руфка болсо бир көргөндө эле катуу ашык болуп калды. Кеп Руфтун башка чөйрөгө таандык экендигинде эмес эле. Мартиндин сүйүүсү Руфту бардык чөйрөдөн өйдө койгон болчу. Руфь бөтөнчө жаралган жан эле, бөтөндүгү ушунчалык, Мартин өз сүйүүсү менен ага кантип жакындаганды да билбей жүрөт. Чыны, кругозорун кеңейтип, туура сүйлөгөндү үйрөнгөндөн кийин ал кызга жакындап барды, алар тил табышкандай болушту, жалпы темалар, кызыкчылыктар, окшош табит пайда болгону менен бул махабат ышкысын канааттандырган жок.

Ал оюнда Руфту ушунчалык ыйык жана кол тийгис аруу затка айлантып алгандыктан, дене жагынан жакындашуу жөнүндө ойлоого да батынбас эле. Сүйүүнүн өзү Руфту андан алыстатып, кол жеткис кылып койгондой. Сүйүү ал жан дили менен каалаган Руфту да өзүнөн тартып алгандай.

Ошентип бир күнү күтүлбөгөн жерден алардын ортосун бөлүп турган чексиз туңгуюкка көпүрө салына калгандай, экөө көз ирмемге жакын боло түштү. Алар чогуу отуруп, ширеси аккан чоң-чоң кара алчадан жеп олтурушту. Руфь ага «Канайымды» окуй баштаганда, Мартин анын эриндеринен кызыл алчанын изин байкап калды. Ошол замат Руфтун ыйыктыгы жоголо түшкөндөй болду. Көрсө ал деле карабашыл адамдын баласы тура, анын денеси да башкалардыкындай эле бир мыйзамга баш иет тура. Эриндери деле Мартиндикиндей эле тура, алчанын ширесинин изи аныкында деле калып жатпайбы. Демек анын эриндери ушундай болсо, калган тулку бою деле ушундай болууга тийиш эмеспи.

Руфь башка аялдардай эле аял тура. Бул ой ага чагылгандай тийгендей таңгалдырып, эсин оодарды. Бул ага чыныгы ачылыш болду. Көзүнө кудум күн асмандан кулап келаткандай же бир ыйык нерсени маскаралоого катышып тургандай сезилди. Мартин бул ачылыштын маанисин түшүнгөн соң, бул асмандан түшүп келген пери эмей эле, эриндери алчанын ширесине боёлгон кадимки эле аял болуп чыкканда, анын жүрөгү туйлай согуп, ушул аялга жетсем деген кадыресе эркектик ышкысы ойгонду. Бул осол оюнан өзү да чочуп кетти, бирок анын туура экенин билдирип, анын акылы менен жүрөгү шаттанып турду.

Кыязы, Руфь Мартиндин маанайындагы күтүлбөгөн бул өзгөрүүнү байкай койду окшойт, окуп атканын токтото коюп, аны карады да жылмайып койду. Мартиндин көзү кыздын жүзүнөн жылып отуруп алчанын ширеси тамган эриндерине жетти, кенедей мала кызыл так анын бүткүл делебесин козгоп жиберди. Колдору өзүнөн өзү кызга сунулуп баратты, каалагандай чалчактап жашап жүргөн тээ бир кездерде ал аялдарга ушинтип кол сунар эле. Руфь да кудум ушуну күткөндөй ага ийиле ыктай калган экен, бирок Мартин болгон эркин күчкө салып, өзүн араңдан зорго кармап калды.

— Сиз бир да сөздү уккан жоксуз, — деди Руфь таарына.

Ошол замат Мартиндин жаш баладай сүрдөп турганы ого бетер жагып кетти. Мартин анын туптунук көздөрүнө караганда эле өз оюндагыны кыздын сезбегенин түшүндү да, уяла түштү. Аша чаап кеткен окшобойбу! Ал Руфтан башка муну түшүнбөгөн бир да аялды учураткан эмес эле. Руфь болсо сезген жок. Айырма мына ушунда болчу! Көрсө ал таптакыр башка тура! Мартин өзүнүн оройлугуна жана кыздын аруулугуна сына түштү, экөөнүн ортосундагы көпүрө кулап, түпсүз туңгуюк дагы кеңейе түшкөндөй болду.

Ошентсе да бул окуя аны Руфка жакындаткансыды. Эстеген сайын бул окуя көңүлү калган, эки анжы болуп турган учурларда аны сооротуп жүрдү. Экөөн эки жакка бөлүп турган аралык эми баягыдай алыс болбой калды. Анткени Мартин искусствонун бакалавры наамына караганда алда канча узун жолду басты. Руфь аруу экени чын, болгондо да ушунчалык пакиза дейсиң, ал мындай аруулукту дегеле билбеген. Мейли, анын эриндеринде алчанын ширесинин изи калыптыр, ал дүйнөдө жашаган башка адамдардай эле физиканын мыйзамдарына баш иет экен, башкалардай эле тамак ичип же суукка урунуп сыркоолошу мүмкүн экен, анын канчалык мааниси бар? Маанилүүсү, ал ачкалыкты, суусаганды, үшүгөндү, ысыганды сезеби, демек, сүйүүнү, эркекке болгон махабатты да сезе билет эмеспи. Өзү эркек эмеспи! Анда эмнеге мындай учурда ушундай адам боло албасын? “Мен бактылуу болом, — деп шыбырады ал. – Мен анын сүйгөн адамы болом! Колуман келет. Мен бактылуу болом!”.

XII ГЛАВА

Бир күнү кечинде Мартин мээсин тиреп жүргөн керемет элестердин тумандай бүдөмүк экенине карабай сонетке кантип киргизсем деп азаптанып отурганда аны телефонго чакырып калышты.

— Аялдын үнү. Абдан жагымдуу үн, — деди аны чакырып жатып, мыскылдагандай мистер Хиггинботам.

Мартин бөлмөнүн бурчунда турган телефонго келип, андан Руфтун тааныш үнүн укканда тула боюн ысык толкун аралап кеткенсиди. Сонет жазам деп убараланып атып, анын бар экенин да унутканын кара, бирок тааныш үн угулары менен чагылган келип ургансып, сүйүүсү кайрадан жалындап кетти. Эмне деген керемет үн. Алыстан угулган музыкадай назиктигин жана уккулуктуулугун айт, тимеле күмүш жылаажындай шыңгырыган тазалыгычы! Жок! Мындай үн жөнөкөй аял атмайда болбойт. Бул үн теңирдин өзүнөн келип жаткандай таптакыр өзгөчө эле. Толкуп кеткен сезимдерден улам кыздын эмне деп жатканын да жакшылап уккан жок, анткени так ушул маалда ал мистер Хиггинботамдын чычкандыкындай көздөрү өзүнө тикирейе кадалып турганын байкап, сыртынан сыр алдырбаска аракеттенип жатты.

Руфь бөтөнчө эч нерсе деле айткан жок: бүгүн кечинде Норман менен ачык лекцияга барууга даярданган экен, бирок кашайып Норман бир аз сыркоолоп калыптыр, белеттер болсо сатылып алынган экен, Руфь эгерде Мартин колу бош болсо, чогуу бара алар бекен, ошону билейин деген экен.

Эгерде колу бош болсо! Мартин эмне дээрин билбей, үнү калтырап чыкканын көрсөтпөгөнгө тырышты. Уккан кулагына өзү ишенбей турду. Буга чейин ал кыз менен анын үйүндө гана жолугушуп, кызды бир жакка чакырууга даай алган да эмес эле! Телефондун туткасын кармап туруп, күтүлбөгөн жерден Руфь үчүн жанынан кечип кетүүгө да даяр экенин сезди, анын көз алдынан каармандык образдар, махабат үчүн өз жанын берген элестер чубурду. Ал Руфту жан дили менен ушунчалык күчтүү, ушунчалык чексиз, ушунчалык үмүтсүз сүйчү. Кыз менен чогуу бир жерге барарын ойлогондо жүрөгү кабынан ыргып кете тургандай сүйүнүчкө өрөпкүп кетти, кыз аны менен — Мартин Иден менен лекцияга чогуу баргысы келет турбайбы, калдалактаган Мартиндин оюна кыз үчүн жанын берүүгө даяр экенинен башка ой келбей турду ушул учурда. Бул анын кызга болгон чексиз жана чыныгы сүйүүсүнүн бирден бир далили болучу. Мындай абал махабаттын балдай даамын таткан ар бир пендеге тааныш эмеспи, — телефон менен кыска сүйлөшүп жатканда өзүн оттуу куюндай чимирилтип кеткен мына ушул жандан кечип кетчүдөй улуу сезим эле. Ал үчүн курмандыкка барууга даярмынбы, демек, бүткүл ыкласымды сүйүүгө арнап жашашым керек деген ойдо болду ал. Бул болгону жыйырма бир жаштагы жаш жигиттин алгачкы сүйүүсү эле да.

Мартин калтыраган колу менен тутканы ордуна илип, толкунданганынан шалдырай түшкөн денесин араң кармап турду. Чекесинен периште сүйүп кеткендей көздөрү чачырап, күнөөсү арбын кара жердин бардык ыпыластыгынан арылып тазалангандай жүзү нурданып чыкты, ушул тапта андан өткөн ыйык, наристедей күнөөсүз адам жок эле.

— Бирөө менен четтен жолугушат экенсиң да? — деген кер какшыгын салып, кышылдады жездеси. — Бул эмне менен аяктаарын билесиңби? Байка, эргул, так полициянын сотуна түшүп калып жүрбө.

Бирок Мартин муну уккан да жок, ал көкөлөп кеткен бойдон жерге али түшө элек болчу. Жездесинин мындай орой кеби да кулак сыртынан кетти. Ал азыр ар кандай ачуулануудан, туталануудан жогору эле. Дагы эле керемет элестин туткунунда магдырап турду, мындай пейили кенен абалда ал жездесине окшогон кайдагы бир макулуктарга боор ачуудан башканы сезген жок. Жадагалса, өзүн теше тиктеп турган мистер Хиггинботамды деле байкабады, түш көрүп жаткан адамдай басып, кийингени бөлмөдөн чыгып кетти. Күзгүнүн маңдайында туруп галстугун байлап атканда гана анын кулагына кандайдыр бир жагымсыз доош кирип келди. Көрсө, бул ага азыр эле угулуп жаткандай сезилген, эчак сиңип калган Бернард Хиггинботамдын каздыкындай каркылдаган кемпай күлкүсү тура.

Мартин Руфка жетип экөө чогуу сыртка чыкканда гана буга араң ишенди, бирок ошол замат дагы бир сарсанаа ойго кабылды. Кыз менен басканда кантип басуу керек экенин билбеген жаны эмне кыларын билбей калды, мына ушул болбогон жагдай алдыда боло турган сейилдин кубанычын жокко чыгарганы турду. Мартин мартабалуу адамдар көчөгө чыкканда аялдарына колтуктатып алаарын көп көрчү, бирок кээде башкача да көрүп калчу, андыктан деги колтукташып качан жүрүш керек, кечкисинби же минтип кыз менен эркек бир туугандары гана жүрөбү, ошонун айырмасын билбей башы катты.

Руфь менен тепкич аркылуу түшүп келатып, Мартин Миннини эсине түшүрдү. Ал саркечтенип кийингенди жанындай көргөн кыз эле. Минни ага кыз менен басып баратканда, мырза сыяктуу жөлөк жолчонун ич жагы менен эмес, сырты менен басыш керек деп үйрөткөн эле. Эсинен чыгып баратканда бутун басып коёр эле Минни. Бирок анда Мартин мындай майда-баратка башын ооруткан да эмес, аксөөктөрдө ушундай эреже болсо, өзүлөрү баса берсин деп койгон.

Ойлонуп атып акыры Мартин мындан эч кандай кырсык деле болуп кетпестир деди да, көчөгө чыгары менен Руфту алдыга өткөрүп, өзү жөлөк жолчонун сыртына чыгып ага катарлаш басты. Бирок ошол замат дагы бир көйгөй жаралды: колтуктап ал деп колун кызга сунуш кылабы же кандай? Мартин өмүрү кыз менен баратып, колтуктап ал деп суранган эмес, кыздар деле эч качан жигиттер менен колтукташып басышчу эмес. Маселен, алгачкы жолу таанышканда алар жигиттер менен катарлаш эле басышчу да, анан бара-бара жакшылап таанышкандан кийин мүмкүн болушунча караңгы көчөгө салып, баштарын жигиттеринин ийиндерине жөлөп, жигиттер болсо алардын белдеринен кучактап басыша турган. Бирок бул жерде иш башка эле. Руфь башка чөйрөнүн кызы. Ошондуктан кантсем деп ойлонубатып, Мартиндин башы шишип кетмей болду.

Аңгыча башына бир ой келе калды. Мартин оң колун тимеле көнгөн кишиче акырын ийип койду эле, керемет иш болуп кетти. Руфь аны өзү эле колтуктап алса болобу. Анын денесин майда калтырак басып, ысып кеткендей болду, буттары жерден көтөрүлүп, ийиндерине канат бүткөнсүдү. Көп өтпөй пайда боло калган дагы бир мүшкүл маселе аны эсине келтирди окшойт. Алар көчөдөн өткөн соң Мартин эми жөлөк жолчонун ич жагында калып калбаспы. Эми дагы бир жолу ары өтсө, анан үчүнчү ирет кайра өтсө, анда эмне кылышы керек? Мартин эрежеси жогеле эч нерсе билбеген киши болумуш этсечи? Бирок бул оюна ичи чыккан жок, жөлөк жолчонун ички жагында калганы менен аңгемеге кызыгып орун алмаштырууну унуткан киши болуп кете берди. Руфь деле муну ушинтип түшүнөр деди ичинен.

Бродвейде аны дагы бир жаңы сыноо күтүп турган эле. Көчө шамдарынын жарыгынан ал күтүлбөгөн жерден Лиззи Коноллини менен анын күлкүчү курбусун көрүп калды. Мартин бир аз ыңгайсыздана, олку-солку боло түштү да, анан шляпасын алып ыклас көрсөтө башын ийкеп койду. Анын өз чөйрөсүнөн уялайын деген ою жок эле, анүстүнө Лиззи Коноллиге гана башын ийкеген жок да. Кыз да ага жооп кайтарып, Руфтун назик жана ишенимдүү көз карашына таптакыр окшобогон кылыктана кылгырган көздөрү менен ата жылмайып, башын ийкегенсип койду. Анан кийин Руфту башынан аягына дейре сынай карап, кыязы, коомдук абалын да түшүнгөндөй болду. Өз кезегинде Руфь да кызды мээримдүү тиктеп, анын жупуну кийимин жана жумушчу кыздар кийгенди абдан жакшы көрчү шумдук жасалгалуу шляпасына таң кала түшкөнүн Мартин дароо байкап койду.

— Абдан сулуу кыз экен, — деди Руфь.

Мартин анын сөзүнө ыраазычылык айтайын деп ойлоп, бирок айткан жок. Жөн гана:

— Ким билет. Ар кимдин табити ар башка эмеспи; мен бул кызды аша чапкан сулуу деп айтпас элем.

— Коюңузчу! Мындай татынакай кыз миңден гана бирөө чыгат. Чырайы тимеле акактай экен. Жоодураган көздөрү да укмуш!

— Сиз ушинтип ойлойсузбу? — деди кайдыгер Мартин, анткени ал үчүн дүйнөдө бир гана сулуу бар эле, ал сулуу мына, өзү менен бирге кол кармашып келе жатпайбы.

— Эгерде ушул кызды жакшынакай кылып кийиндирип, өзүн кандай алып жүрүүгө үйрөтсө, ал бардык эркектерди, анын ичинде сизди да багындырып алмак, мистер Иден.

— Ал адегенде жөндөп сүйлөгөндү эле үйрөнүп алсынчы, — деди Мартин, — анткени анын сөздөрүнө көпчүлүк жигиттер түшүнүшпөйт. Эгерде ал сиз менен көнгөн адатынча сүйлөшө турган болсо, анын сөздөрүнүн жарымысына да түшүнбөй каларыңыз турган кеп.

— Болбогон кеп. Сиз деле өз оюн бербеген так эле Артурдай өжөр экенсиз.

— Сиз менен биринчи жолуккан кезде менин кандай сүйлөгөндүгүмдү унутуп калдыңызбы? Азыр мен таптакыр башкача сүйлөп калдым. Ошондо дал ушул кыздай эле сүйлөдүм го. Андан берки убакыт ичинде мен сиздердин тилиңерге үйрөндүм, андыктан сиз анын сөздөрүнүн бирине да түшүнө албайсыз деп так түшүндүрүп айта алам. Сиз эмне үчүн бул кыз өзүн мындай кармайт, билесизби? Мен эми мындай нерселер туурасында дайыма ойлоно баштадым, ал ойлор мурда башыма түк келген эмес экен. Көп нерсеге эми түшүнүп жатам.

— Эмнеге ал өзүн мындай кармайт экен?

— Бул кыздын фабрикада иштегенине бир топ жыл болду. Денеси жаш жана момдой ийилчек болгондуктан, аргасыз оор жумуштун ыгына жараша калыптанат да, ошого көнөт. Мен көчөдө жолуккан жумушчуну бир көргөндө эле анын кандай жумуш аткарарын билип коём. Мына, мени карасаңыз. Эмнеге басып баратканда чайпалып басам? Анткени мен өмүр бою деңизде жүргөм. Эгерде мен матрос эмес, касапчы болсом, минтип баспайт элем, бирок буттарым кыйшык болмок. Бул кыз деле ошондой. Сиз анын көз карашынын катаал экенин байкадыңызбы? Анткени ал эч качан бирөөнүн канатына калкаланып жашаган эмес. Ал дайыма кара жанын кантип багууга өзү гана кам көрүп, дайыма ойлогону ошол. Ошондуктан өзүнө өзү кам көргөн кыздын көз карашы эч качан, мисалы… сиздикиндей назик болбойт.

— Туура айтасыз, — деди акырын Руфь. — Жаман экен! Өзү татынакай экен абдан…

Руфка караса ал карапайым кызга боору ооруп, убайым тартып алыптыр, ошол замат аны ого бетер жакшы көрүп, аны менен колтукташып лекцияга бараткан бактысына жетине албай кетти.

«Мартин Иден, сен кимсиң өзүң? — деп сурады ал өзүнөн-өзү, ошол күнү кечинде үйүнө келген соң күзгүнүн маңдайында туруп. Өзүнө көпкө дейре кызыга карап турду. – Сен кимсиң, колуңан деги бирдеме келеби? Сенин ордуң каякта? Сенин ордуң Лиззи Конолли сыяктуу кыздардын жанында. Сенин ордуң котолошкон кара таман жумушчулардын арасында, сен ошол уятсыздыктын, оройлуктун, пастыктын уюгунан чыккан эмессиңби. Сенин ордуң иштей берип малга айлангандардын арасында, ыпылас көңдүн арасында. Тигине, маңдайындагы жашылчалардын таштандысы. Картөшкө жатат чирип. Ошонун сасыгын эле жыттап жата бербейсиңби жыргап! Сен болсоң, көзүң кашайганча китеп тиктеп, жагымдуу музыка уккуң, кооз сүрөттөрдү көргүң келет, тилге үйрөнөм дейсиң, анан да Лиззи Коноллидей өзүңө тең кыз турса, сен жылдыздардын арасында жашаган байдын кызын сүйгүң келет э? Сен кимсиң өзү? Мунун погун жейсиңби, иттин баласы! Бул сага жакшылык апкелеби деги?»…

Ал күзгүдөн өзүнө өзү муштумун көргөзүп, анан керебеттин четине келип олтурду да, терезени телмире тиктеп көпкө отурду. Анан жаздыктын алдынан дептерин, алгебра окуу китебин алып чыгып, теңдеме чыгарганга киришти. Саат жылып, жылдыздар күңүрттөнүп, терезеден жаңыдан кылая баштаган таңдын мунарык шооласы түшүп баратты.

XIII ГЛАВА

Жайдын аптаптуу күндөрүнүн биринде Сити-Холл — сейил багында чогулган сөзгө чечен карапайым жумушчулардан чыккан социалисттер менен философтордун ийриминдеги талкуу күтүлбөгөн жерден Мартинди бир улуу ачылышка түрткөндөй болду. Айына эки жолу Мартин велосипед тээп, ушул парк аркылуу китепканага баратканда ушул жерден түшө калып, алардын кызуу талкуусун тыңшап калчу, кызыгына ушунчалык баткандыктан, кыйылып атып араң кетчү. Бул талаш-тартыштардын жалпы тону мистер Морздун үйүндөгү талкуудан алда канча айырмаланып турар эле, талашкандар бирине бири сыпайылык көрсөтүп отурушчу эмес, жеткен богооз булар кээде заарын чачып, бирин бири ашата сөгүп да жибергенден кайра тартышчу эмес, бир эки курдай мушташып да кетишкенин Мартин көргөн.

Эмнеге экенин билбейт, бирок булардын талкуусунда жан бар эле, алар Мартинге мистер Морздун катып калгансыган тең салмактуулугунан алда канча катуу таасир этчү. Англис тилин шумдуктуудай орой бузуп сүйлөгөн, көбүнесе жиндиден бетер ыма-ишара менен сүйлөгөн бул адамдар каршылаштарына аянбай чабуул жасай турган, — ошентсе да алар мистер Морз менен анын досу мистер Бэтлерге караганда алда канча жандуу да көрүнөр эле.

Герберт Спенсердин ысмын Мартин бир нече жолу ушул жыйындардан укту. Бир күнү ал жакка анын шакирти менен жолун жолдоочусу – ичинде көйнөгү жок экенин билдирбес үчүн кыкыйта топчуланып алган тытык күрмөчөн селсаяктан айырмасы жок куучуйган бирөө келиптир. Булар көрүнөр замат үстөккө босток тартылган тамекинин көпкөк ыш түтүнүнө, какырык менен түкүрүккө карабай башкы салгылашуу — философиялык талаш от алып кетти, жанагы селсаяк өлөрман неме экен, улам бир чабуулдун мизин билгичтик менен кайтарып, жадагалса, социалист – жумушчулардын ичинен бирөө келекелеп: «Таанылбастыктан башка кудай жок, Герберт Спенсер анын пайгамбары!» — деп кыйкырып жибергенде да келиштирип туруп жооп бергенге жарады. Талаштын эмне туурасында болубатканына Мартин түшүнө берген жок, бирок Герберт Спенсер деген ким болду экен деп кызыгып калып, китепканага жеткенде «Негизги башталыштар» аттуу китепти сурады, анткени талаш убагында жанагы селсаяк улам ушул китептин атын айтыбаткан.

Ачылыш болбосоң коё кал! Болгондо да бул улуу ачылыштын башталышы болду. Мартин буга чейин бир жолу Спенсерди окууга аракеттенип көргөн жайы бар, бирок «Психологиянын негиздери» деген татаал чыгармасын тандап алган экен, башка философ айым Блаватскаяны түшүнбөгөндөй эле аракети дагы текке кетти. Окуп атып эч нерсе түшүнө албай, акыры китепканага кайра өткөрүп берди. Бул күнү кечинде алгебра менен физикадан соң сонет жазам деп көпкө кыйналып отуруп, анан керебетине жатты да «Негизги башталыштарды» ачып окууга киришти. Таң атса да китептен көзүн алган жок. Уйку деген кайда жоголгонун сезбеди, күн бою колуна калем кармабады. Капталы ооруп чыкканга чейин окуду, анан төшөгүнөн турду да жылаңач полго жатып алып китепти бирде төбөсүнө кармап, же кырынан чыканактап жатып алып окуй берди.

Экинчи түнү уктады да турары менен жазайын деп отурду, бирок китептин кумары ушунчалык азгырып алгандыктан, баары жоктун баарын унуткарып, кайра эле китеп окууга киришип кетти. Жадагалса, кечинде Руфь күтөрү да жадынан чыгып кетти. Качан гана Бернард Хиггинботам эшикти ачып кирип келип, бирдеме деп күңкүлдөгөндө гана ал эсине келди. Эмне тамакка түшпөйсүң, же мени даяр тамак жеткирип берчү ресторан кармайт деп ойлойсуңбу дебаткан экен көрсө.

Мартин дайыма бирдемени билгенге ынтызарлыгы менен айырмалана турган. Баарын билгиси келгендиктен, бир чети матростук кесипти да ушундан улам тандап алган. Эгерде деңизден деңиз кыдырып кетпегенде, көп нерсени билбей да калмак экен. Азыр да Спенсерди окубатып, дагы эле эч нерсе билбей турганын түшүндү, канчалык деңиз кыдырганы менен муну эч качан биле алмак эмес экен. Ал өзүн курчап турган дүйнөгө үстүртөн карап, байкаган ар кандай чачыранды кубулуштарды гана кээде жалпылап жүргөн тура. Дүйнөдөгү болуп аткан иштерди кокустуктардын гана чынжыры деп эсептеп, алардын ортосундагы өз ара байланышка түк маани берген эмес экен. Мисалы, учуп бараткан куштарды карап туруп, алардын учуу механизмдери туурасында гана ой жүгүртчү; бирок бул көрүнүштү эч качан жалпылап ойлонуп көрбөптүр, дегеле учуп жүрүүчү тирүү жандыктардын пайда болушуна алып келген өнүгүү процесси туурасында дегеле ойлонбогон экен.

Мындай процесстин бар экени оюна да келген эмес. Куштар өнүгөт дегенди ким билиптир, ал барбы, бар, кептин болгону ушул эле.

Дал ушул куштар жөнүндө анын ою кандай болсо, башка бардык нерселер жөнүндө да ошондой эле. Билими менен ой жүгүртө билүүсүнүн жоктугунан анын философиялык жыйынтык жасасам деген бардык аракети оңунан чыкпады. Канттын орто кылымдык метафизикасы ага эч нерсени ачып бералган жок, тескерисинче, өзүнүн акылынын чабалдыгына дагы бир жолу шек жаратты. Ромсистин атайын китеби боюнча теориянын эволюциясын окуп баштап ушундай эле абалга туш болду. Бул китептен бир гана түшүнгөнү бул – эволюция деген оюндагысын кургак, дөөдүрөк тил менен баяндоого көнгөн бышыктардын ойлоп тапкан негизи жок теориясы имиш. Мартин эми бул теория чынында таптакыр жылаңач теория эмес, жалпыга маалым өнүгүү мыйзамы экенин көрдү. Эгерде бул маселе боюнча окумуштуулар ортосунда талаш жүрө турган болсо, анда эволюциянын формалары жөнүндөгү жекече маселелери боюнча гана болушу мүмкүн тура.

Мына эми, Спенсер деген адам чыгып, мунун баарын бириктирип бир системага келтирди, анан корутундусун чыгарды да Мартинди таңгалдырып, түшүнүктүү, тартипке салынган дүйнөнү алаканга салгандай көрсөтүп берди; көрсөткөндө да ал матростор колго кооздоп жасап, анан айнек банканын ичине салып алып тыйынга сатышчу кеменин кичинекей моделин элестеткендей, даана көрсөттү. Мында эч кандай күтүлбөгөн же кокус нерселер жок эле. Баарысында мыйзам бар. Куш да ушул мыйзамга баш ийип учат, формасы жок кан кыймылга келип, ары-бери чоюлуп отуруп, канаты, анан таманы пайда болот экен да куш дүйнөгө жаралат тура.

Акыл жашоосуна оогону Мартин улам бир чокудан кийинкисине жүрүп отуруп, эми эң бийигине жеткендей болду. Ал күтүлбөгөн жерден заттардын сырдуу маңызына сүңгүп кирип, жаратылыштын сырларын ачуу аны мас кылып жибергенсиди. Түнкү көргөн түштөрүндө кудайлар менен жашап, эсти оодарган не бир улуу көрүнүштөр артынан ээрчип жүргөндөй эле. Күндүзү болсо Спенсер ачкан дүйнөнү гана көрүп, делбетаптай басып калды. Тамак ичип олтурганда да тиричиликтин көйгөйлөрү туурасындагы майда-барат сөздөр кулагына кирбей, акылы тынымсыз көз алдындагы бардык нерселердин себептүү байланыштарын аныктоо менен гана алпурушчу болду.

Тарелкада жаткан эттен да күндүн нурун көрүп, анын баштапкы жаралып чыккан булагына чейинки миллиондогон чакырымдарга көз чаптыргысы келет, анан өзүнүн булчуңдарын кыймылга келтирип, аны эт кесүүгө мажбур кылган күч жана аларга буйрук берип турган өзүнүн мээси жөнүндө кайрадан күндүн энергиясы жөнүндөгү ойго келип такалганга чейин ойго бата берет. Мартин ушунчалык терең ойго батып кеткен экен, Жимдин: «Бул айнып калган го» деген сөзүн уккан жок, эжесинин кабатырлана карап калганын да байкабады, Бернард Хиггинботамдын болсо сөөмөйүн чыкыйына такап айландырып койгонуна да көңүл бурган жок.

Мартинди баарынан да таңгалдырганы – бардык илимдердин өз ара байланышы болду. Ал дайыма эле билимге ынтызар болгондуктан алган билиминин баары мээсинин өзүнчө бир клеткасына чогулуп аткандай эле. Маселен, бир клеткасында деңиздеги сүзүү туурасында абдан арбын, бирок үзүл-кесил маалыматтар чогулуп кетсе, башкасында аялдар бар эле. Бирок бул эки клетка эзели бири менен бири катыша албаган. Анткени аялдардын долулугу менен бороондуу күндөгү кеменин чайпалышынын ортосунда байланыш бар деш Мартинге дегеле мүмкүн эмес нерседей же дөөдүрөк кептей эле. Бирок Герберт Спенсер азыр эле мында эч кандай дөөрүгөндүк жок экенин гана эмес, тескерисинче, бул эки кубулуштун ортосунда байланыштын өзү болбой коюусу мүмкүн эместигин далилдеп бербедиби. Дүйнөдө баары, асман тереңдигиндеги алыскы жылдыздардан тартып, адамдын таман алдында жаткан кумдун ар бир бүртүгүнө чейин бири-бири менен тыгыз байланышта тура.

Бул Мартинди дайыма таңгалдырып, эсин оодаргандыктан, эми ал тынымсыз жер планетасындагы заттар менен кубулуштардын жана башка планеталардагы да өз ара байланышын издеп табуу менен алектенчү болду. Өзүнчө ар түркүн нерселердин бүтүндөй тизмесин түзүп алып, алардын ортосундагы байланыштарды тактап, аныктаганга чейин жаны жай албас болду. Ошентип атып махабаттын, поэзиянын, жер титирөөнүн, оттун, калдыркан жылаандын, радуганын, асыл таштардын, майыптыктын, күндүн батышы, арстандын айкырышы, күйүүчү газдын, киши этин жегендердин, сулуулуктун, адам жанын кыюунун, ойноштордун, таяныч чекиттердин жана тамекинин ортосундагы өз ара байланыштарын аныктады. Эми аалам анын көзүнө бүтүн бирдиктүү нерсе болуп көрүнүп, ал анын булуң-буйткаларын, сырдуу чытырман туюк токойлорун, аралап, мурда эч ким ишке ашыра албаган максаттарды көздөй өларманданган өжөрлүк менен бара жатты; баратканда да жолунан адашкан жолоочудай болбой, эч нерсени көз жаздымында калтырбаган, байкагандарынын баарын картага тыкандык менен түшүрүп бара жаткан байкоочу — саякатчы сыяктуу болуп сапар тартып баратты. Канчалык көптү билген сайын, ошончолук бул дүйнөгө жана анда жашап жаткан өз өмүрүнө суктануусу артты.

— Эх, чалагайым! — деп кыйкырды ал өзүнүн күзгүдөгү түспөлүнө, — жазам, кыйратам дедиң эле, жазып да көрдүң, бирок жаза турган нерсең жок экен го! Жаза турган эмнең бар эле? Түшүнүгүң баланыкындай, сезимиң бышып жетилген эмес, сулуулукту деле кыйратып баалаганды билбейсиң, жүрөгүң болсо махабаттан жарылып кетүүгө даяр, өзүмчүлдүгүң башыңан ашып турат, дагы эле наадан бойдонсуң. Анан жазам дейсиң! Эмнени жазыш керектигин эмитен гана билип келатпайсыңбы? Сулуулукту жаратам дедиң, өзүңдө болсо сулуулуктун табияты туурасында ныпым түшүнүк жок. Маани-маңызын өзүң билбей туруп, жашоону жазам дедиң. Дүйнөнү жазам дедиң, ал болсо сага кытайдын ийме-кыйма катындай баш оорутма. Эмнени жазсаң да наадандыгыңды дагы бир жолу көрсөттүң. Бирок чөкпө, Мартин балакай! Сен али дагы жазасың. Эми бирдемени билип калдың, азыраак болсо да сен туура багыт тандадың, жакында мындан да көптү билесиң. Эгерде башың аман болсо, бир кезде барып сен билбеген эч нерсе калбайт, баарын билесиң. Мына ошондо жазганды көрүп ал!

Өзүнүн улуу ачылыш жөнүндөгү кубанычы менен таңгалганын жетине албай Руфка сүйүнчүлөдү эле, бирок кыз буга салкын карап, өтө токтоо кабыл алды. Кыязы, ал мунун баарын эчак билип алган окшобойбу. Руфтун мындай мамилеси аны таң калтырган жок, анткени өзүнө шумдук сезилген ачылыш ага жаңылык деле болбосо керек да. Кийин билсе, Артур менен Норман экөө тең эволюциялык теориянын жактоочулары тура, анчалык зор таасир этпесе да Герберт Спенсерди окушкан экен. А берки көз айнекчен жигит Вилли Ольни болсо Спенсердин атын укканда, текебер күлдү да Мартин баягыда уккан: «Таанылбастыктан башка кудай жок, Герберт Спенсер — анын пайгамбары» деген укумчул сөздү кайталады.

Бирок Мартин бул Олни деген неме Руфка ашык эмес экенин түшүнгөндөн кийин, анын жанагы келекесин кечирди. Анан мамиледеги майда-барат фактылардан улам Олни Руфту сүймөк тургай, экөөнүн таптакыр эле мунасасы келишпеси анык болду. Ушундай кызды кантип сүйбөйт деп Мартиндин башы маң. Бул ааламдагы башка кубулуштар менен эч байланыштырып болбогон феномен эле. Алтургай Мартин бул жигитчеге боору да ооруп кетти, анткени анын табиятындагы кайсы бир кемчилик Руфтун сулуулулугу менен жароокерлигин баалоого тоскоол болгонбу деген ойго кетти.

Ар жекшембиде алар чогуу велосипед тебишер эле, мына ушул сейилдердин учурунда Мартин Руфь менен Олнинин кайнаса каны кошулбай турганына көзү анык жетти. Олни Руфь, Артур жана Мартин үчөөн таштап коюп, көбүнесе Норман менен достошконуна Мартин өтө ыраазы болду.

Бул жекшемби Мартин үчүн тимеле эки эселенген майрам болду, анткени — Руфь менен сейилдесе, бир жагынан анын чөйрөсүндөгү жаштар менен таанышып аралашты. Үзгүлтүксүз окуган булар билимдүү болгону менен Мартин өзүн булардан кем калышпай турганын сезди; ошентсе да алар менен аңгемелешүү ага туура сүйлөгөнгө жакшы практика болуп берди. Өзүнүн байкагычтыгына ишенген Мартин этиканын эрежелери турасындагы китепти эчак эле окубай койгон. Ал кээде гана бөлөк нерсеге алаксып кетпесе, калган учурда жанындагы жолдошторунун бардык кылык-жоруктарына, кыймылдарына, сүйлөгөн сөздөрүнө чейин дыкат көңүл буруп, алардын бири-бирине кылган мамилелерин ийне-жибине чейин калтырбай эсине сактап калууга аракеттенип жатты.

Мартинди баарынан таңгалдырганы – элдин баары эле жабылып Спенсерди окубаганы болду. Аны акылы ченемсиз улуу адам деген китепканачынын өзү деле аны жакшы биле бербейт окшобойбу. Бир күнү Морздордун үйүндө түштөнүп отуруп Мартин мистер Бэтлердин көзүнчө Герберт Спенсер жөнүндө кеп кылып калды. Мистер Морз бул англиялык философтун идеалисттик теориясын катуу сынга алды да, анын «Негизги башталыштарын» окубагандыгын эскерте кетти, ал эми мистер Бэтлер болсо, Спенсердин чыгармалары аны эриктирип жиберерин жана бир дагы барагын акырына чейин окуй албасын, Спенсери жогеле оокат кыла турганын саймедиреди.

Мартин бир азга олку-солку боло түштү, эгерде ал мындай өзгөчө жан болбогондо, балким булардын оюна багынып, Спенсерди окугандан баш тартып да коймок беле, бирок Спенсердин дүйнө таанымы ага бирден бир талашсыз чындыктай көрүнүп, андан баш тартуу Мартинге деңиздеги матрос картасы менен компасын сууга ыргытып жибергени менен барабар эле. Ошондуктан Мартин эволюция теориясын үйрөнүүнү улантты, улам барган сайын аны тереңдеп окуп, Спенсердин көз карашын кубаттаган миңдеген башка жазуучулардын чыгармаларын тапты. Ал канчалык бат окуп үйрөнгөн сайын, ага илимдин али изилдене элек тармактары ошончолук ачылып баратты, философиянын кызыгына батып алганы ушунчалык, Мартин бир суткада жыйырма төрт гана саат бар экенине да өкүнө турган болду.

Бир күнү ал күндүн кыскалыгын эске алып, алгебра менен геометрияны таштап салгысы келди. Тригонометрияны болсо, али колуна да кармай элек болчу. Анан тизмесинен химияны да сызып таштап, физиканы гана калтырды.

— Мен адис эмесмин да, — деди ал бир күнү Руфка актангандай, — адис болоюн деген оюм да жок. Ал эми илим деген ушунчалык көп экен, анын баарын үйрөнүп чыгууга адамдын өмүрү да жетпейт. Мен жалпы билим алгым келет. Эгер мага атайын билим керек болсо, мен аларды китептерден эле окуп үйрөнө алам.

— Бирок бул билимди өз күчүң менен алганга таптакыр жатпайт, — каршы чыкты Руфь.

— Эмнеге аны алыш керек? Биз ар дайым адистердин эмгектеринен пайдаланабыз да. Алар ошончүн адистер эмеспи, эгерде андай болбосо, адистердин эмне кереги бар? Сиздикине келип, мен мор тазалагычтардын иштеп жатканын көрдүм. Алар деле адистер, өз ишин бүткөндөн кийин, силер мештин түзүлүшүн билбесеңер деле тазаланган куурларды пайдалана аласыңар.

— Койчу, ушуларды да адис деп!

Руфь ага жактырбагандай карап койду, Мартин анын көз карашынан жана үнүнөн зекүүнү байкады. Бирок ал өзүнүкү туура экенинен эч бир шектенген жок.

— Жалпы маселелерди ойлонгон бардык ойчулдар, бардык акылы жетик адамдар адистердин эмгектеринен пайдаланышкан. Герберт Спенсер да ошенткен. Ал миңдеген окумуштуулардын ачкандарын жалпылап чыккан. Мунун баарына ал миң жыл жашаса да жетмек эмес. Дарвин деле ушундай. Ал багбандар менен малчылардын изилдөөлөрүн пайдаланган.

— Туура айтасыз, Мартин, — деди Олни, — сиз эмне кааларыңызды билесиз, Руфь болсо билбейт. Өзүнө эмне керек экенин деле билбейт болушу керек. Ооба, ооба, — деди ал каршы чыгууга Руфка мүмкүндүк бербей сөзүн улантып, — билип турам, сиз муну жалпы маданияттуулук деп атайсыз. А мындай маданияттуулукка жетишүү үчүн эмнени билиш керек, баары бир эмеспи. Сиз француз тилин үйрөнсөңүз да, немис тилин, же болбосо эсперантону үйрөнсөңүз да — баары бир «жалпы маданиятка» жетишесиз, туурабы? Же болбосо, эч колдонбосоңуз деле грек менен латын тилдерин үйрөнөсүз дейли. Мында деле маданиятка жетишкен болосуз. Мына Руфь деле эки жыл мурда англо-саксондук тилди жакшы эле үйрөнүп алган болучу, азыр эми «жыпар жыттуу апрель айынын жамгыры кандай сонун» деген бир сүйлөмдөн башка бир да сөзү эсинде жок, унутуп салган. Ушундайбы, Руфь? Алган «жалпы маданиятыңыз» ушул, — деп күлүп жиберди ал Руфка каршы чыгууга мүмкүндүк бербестен. — Билем, билем. Экөөбүз бир курста окубадык беле.

— Сиз маданият туурасында максат эмес, каражат деген сыяктуу сүйлөп жатасыз! — деп кыйкырып жиберди Руфь. Анын көздөрү жылтылдап өңү кызара түштү. — Маданият өзүнчө баалуу нерсе.

— Бирок Мартинге мунун кереги жок.

— Сиз кайдан билесиз?

— Мартин, сизге эмне керек? — деди Олни шак эле ага бурулуп.

Мартин ыңгайсыздана түштү, бирдеме деп койчу буга дегенсип Руфту жалдырай карады.

— Ооба, Мартин, айтыңыз сизге эмне керек экенин, — деди Руфь, — Бул биздин талашыбызды чечет.

— Албетте, мага маданият керек, — деди Мартин чечкинсиз. — Мен сулуулукту сүйөм, ал эми маданият болсо, мага бул сулуулукту жакшыраак баалоого жана түшүнүүгө мүмкүндүк берет.

Руфь салтанат курган түр менен башын ийкеди.

— Болбогон кеп! Сиз муну өзүңүз да жакшы түшүнүп турасыз, — деди Олни. — Мартин маданиятка эмес, мансапка жеткиси келип олтурат. Анын карьерасынын маданиятка байланыштуу болгону кокустан гана дал келишип отурат. Ал химик болгусу келсе, маданияттын ага кереги деле жок болмок. Мартин жазуучу болгусу келет, бирок сизди талаштан утулуп калбасын деп айткысы келбей турат. А эмне үчүн Мартин жазуучу болгусу келет?- кебин улады Олни. — Себеби анын материалдык абалы начар. Эмнеге сиз англо-саксон тилин үйрөнүп «жалпы маданиятка» жетишүүгө аракеттендиңиз? Анткени сиз келечек үчүн башыңыз оорубайт, анткени баарына атаңыз кам көрүп койгон. Ал сизге көйнөккө чейин сатып берет, калганын да жасайт. Сиз, мен, Артур, Норман баарыбыз алган билимден не пайда? Баарыбыз азыр «жалпы маданиятка» кокодон тоюп турабыз, эртең непадам аталарыбыз сызга отуруп калса, биз мектептин мугалимдигине да жарабай калабыз. Руфь ашып кетсе кыштак мугалими болмок же кыздардын мектебинде музыкадан сабак бермек.

— Сиз эмне кылар элеңиз анда? — сурап калды Руфь.

— Эмне кылмак элем. Кара жумуш иштеп, күнүнө бир жарым доллар табат элем, же болбосо, ганлейдик бирикмеге инструктор болуп кирер элем, — иштээр элем дебей «кирер элем» деп жаткан себебим, бир жума өткөндөн кийин, балким мени, жарабайсың деп иштен кууп да чыгышмак.

Мартин ичинен Олнинин пикирин туура көрүп унчукпай отурду, бирок анын Руфту урматтабаган мамилесин жактырган жок. Бул талаштын жүрүшүндө анын оюнда махабат жөнүндө жаңы көз караштар төрөлгөндөй болду. Акыл-эс сүйүү ишине аралашпоого тийиш. Сүйгөн кызың бир нерсени туура түшүнөбү же туура түшүнбөйбү, кеп анда эмес. Сүйүү акылдан күчтүү. Руфь бул учурда Мартин үчүн мансаптын мынчалык маанилүү экендигин» туюнбаса да мындан сулуулугу кемий түшкөн жок. Руфь чүрөктөй кыз эле, бирок азыр анын ойлоп турганы буга эч кандай тиешеси жок болчу.

— Эмне дедиңиз? — деди Мартин өзүнүн оюн күтүлбөгөн жерден бөлүп жиберген Олниге бурулуп.

— Мен, балким, сиз латын тилин үйрөнгүңүз келбейт ко дебатам.

— Латын тили, — деди Руфь Олнинин сөзүн бөлүп, — маданиятка гана жеткирбестен, акылды да машыктырат.

— Демек, кандай дейсиз, Мартин, латын тилин үйрөнөсүзбү? — такып калды Олни.

Мартин ыңгайсыз абалда калды. Анын үстүнө Руфь да чыдамсыздык менен жооп күтүп турган эле.

— Менин убактым жетишпейби деп корком, — деди Мартин акырында. — Үйрөнөр элем, бирок менин убактым жетишпейт.

— Түшүндүңүзбү эми, Мартинге сиздин «жалпы маданиятыңыздын» таптакыр кереги жок! — деди Олни. — Ал өзүнө эмне керек экенин жакшы билет жана ошого жетишет.

— Ооба, бирок бул акылды машыктыруу жана тартип эмеспи! Латын тили акылды тартипке салат! — бул сөздөрдү айткан Руфь кеп нугун өзгөртсөңчү дегендей Мартинге карап калды. — Сиз оюнчулардын мелдеш башталаар алдынан машыккандарын көрдүңүз беле? Латын тили да ойчулдар үчүн дал ошондой машыгуу болуп эсептелет.

— Былжыр кеп! Бизге муну бала чактан башыбызга куюп коюшкан! Бирок бизге өз убагында айтканды унутуп калышкан бир чындык бар, — деди Олни, ошол замат айткандарым кандай таасир этип атат дегендей, бир саамга токтой түштү да, анан салтанаттуу түрдө мындай деди: — Латын тилин жентельмен үйрөнүүгө тийиш, бирок аны билүү ага шарт эмес.

— Бул туура эмес! — кыйкырып жиберди Руфь. — Сиздин бардык кепти тамашага айландырып жиберериңизди билгем.

— Бирок ии десеңиз, менин тамашам куйкумдуу бекен! — деди Олни маанай көтөрүлө түшүп, — анүстүнө бул чындыкка жараша тамаша, латын тилин билгендер — булар аптекачылар, адвокаттар анан латын тилинин мугалимдери гана. Эгерде Мартин ушулардын бири болгусу келсе, анда мен сөзүмдү кайра алайын. Бирок мында Герберт Спенсердин кандай тиешеси бар? Мартин болсо Спенсерди жаңы эле ачып, болуп көрбөгөндөй суктанып алыптыр. Себеп? Себеби Спенсер ага бирдеме берди да. Ал эми Спенсер сизге да, мага да эч нерсе бере албайт. Себеби, бизге эч нерсенин кереги жок. Сиз болсоңуз бир күнү күйөөгө чыгып кете бересиз, менин болсо кыларга ишим жок калат, себеби менин ишимди түрдүү агенттер аткарышат, алар кала берсе, атамдан калчу байлыктын да камын көрүп коюшат.

Муну айткан Олни эшикке чыгып баратып босогодон токтой калды да акыркы огун атып калды:

— Руфь, Мартинди жайына койгулачы. Өзүнө эмне керек экенин ал жакшы билет. Караңызчы, ал эмнеге жетише алды. Кээде анын кайраты мени уялганга аргасыз кылат. Ал азыр дүйнө, жашоо-турмуш жана адамдын орду, максаты жөнүндө Артур менен Норманга, сиз же мага караганда, маданияттуу, тил билген биздин баарыбызга караганда алда канча көбүрөк билет.

— Бирок Руфь менин мугалимим, — деди мырзалыкка сала Мартин, — мен эмнени билсем, анүчүн Руфка милдеттүүмүн.

— Болбогон кеп! — Олни Руфту жактырбагансып бурула карады. — Мүмкүн сиз мага Спенсерди да Руфтун кеңеши менен окудум дээрсиз. Руфь чынында, Дарвин менен эволюция жөнүндө мен Соломон падышанын алмаз кени жөнүндө канча билсем, ошончо гана билет. Эсиңиздеби, бир нече күн мурун сиз бизди Спенсердин бүдөмүктүк, байкалбастык жана бир кылкалуулук туурасындагы айтканын чечмелеп берип баарыбыздын оозубузду ачырдыңыз эле. Мына ошону азыр Руфка түшүндүрүп көрүңүзчү, ал сизди түшүнөр бекен, же түшүнбөс бекен? Көрбөйсүзбү, бул «маданият» эмес да! Ээ-э! Уксаң Мартин, эгерде сиз латын тилин жаттап кирчү болсоңуз, анда менин сизге карата болгон урматым жокко чыгат.

Бул сүйлөшүүнү кызыга угуп олтурганы менен Мартин бирдемеге ичи чыкпай турду. Аңгеме окуу, сабактар, билимдердин негиздери жөнүндө жүрүп, бирок мектеп окуучуларынын талашындай болгон анын мазмуну — Мартинди терең ойго түрткөн, ичинде ойгонуп келаткан күчтөн толкундаткан чоң маселелерге теңешпей турду. Ал өзүн буга чейин таанып билбеген чоочун өлкөгө барып калган, бирок ал жактын көз жоосун алган сулуулугун жергиликтүү жапайы тургундардын тили менен сүрөттөөгө далбас уруп аткан акындай элестетип турду. Дүйнөлүк улуу акыйкатты таанып билүүгө азаптана умтулганын сезгени менен анын ордуна — латын тилин үйрөнүү керекпи же жокпу деген баланыкындай болбогон кыжың-мужуңду угуп отурду.

— Латын кайсы кара текеге керек! — деди ал ошол күнү кечинде күзгүнүн маңдайында отуруп өзүнө өзү. — Өлүк деген өлүк бойдон калууга тийиш. Бирок менин буга кандай тиешем бар? Мына сулуулук деген түбөлүк жана ар качан жандуу. Тилдер пайда болот анан жок болот. Алар — өлүктөрдүн күлү.

Ал өз оюн туура түзүүгө үйрөнгөнүн сезип, кубанып кетти да, төшөгүнө жатып атып, эмне үчүн Руфтун жанында бул шыгы кайда жоголуп кетерин түшүнгүсү келди. Кыздын жанында ал мектеп окуучусуна айланып, тили да окуучунукундай болуп калчу.

— Мага убакыт бергилечи, — деди ал үн чыгара. — Убакыт гана бергилечи.

Убакыт! Убакыт! Убакыт! Оозунан түшүрбөгөн жалынычы ушул эле.

XIV ГЛАВА

Руфту сүйгөндүгүнө карабай, Мартин латын тилин үйрөнгөн жок. Олнинин кеңешинин бул жерде тиешеси да жок эле. Ага баарынан кымбат убакыт эле, ошондуктан латын тилине караганда алда канча маанилүү илимдерге көңүл бурушу керек болду. Анүстүнө ал жазууга да тийиш, анткени ага акча иштеп табыш керек. Бирок анын жазгандарын эч ким баскан жок. Кол жазмалар редакциядан редакцияга саякаттап жүрө берди. Бирок башка жазуучулардыкын басып эле жатышпайбы? Көптөгөн убактысын окуу залында отуруп, башка чыгармаларды окуганга арнады, аларды өзү жазгандарга салыштырып, сын көз менен карап, талдап окуп жатты, бул жазуучуларга өз чыгармаларын орноштурганга жардам берген сырларды табууга аракеттенди.

Окуп чыккан чыгармалардын көпчүлүгүндө жандуу турмуштун жок экенин көрүп таң калып да жатты, бирок ошого карабай алар басма сөз беттерине чыгып кетиптир го. Бул аңгемелерде не жарык, не боёк деген ныпым жок эле.

Бирок жашоонун деми таптакыр сокпогон бул чыгармалардын ар бир сөзүнө эки центтен, ал эми ар бир миң сөзгө болсо, жыйырма доллардан төлөнгөн экен, — гезиттеги кулактандырууда ушинтип жазылыптыр болчу. Болуш керек. Ал жеңил жана курч (ал муну моюнга албай коё албады), бирок эч кандай турмуш чындыгы жок бул көп сандаган аңгемелерди биринин артынан бирин таң калуу менен окуп чыгып, кайталап да окуду. Турмуштун өзү бирок ушунчалык таң каларлык, керемет нерсе эмеспи, анда чечилбеген маселелер, таттуу кыялдар, каармандык аракеттер толтура, мына бул аңгемелерде болсо баштан аяк күндөлүк турмуштун адамды жадатып жиберчү тузу жок аштай супсак окуялары гана баяндалыптыр.

Мартин турмуштун улуулугун, чексиз алп күчүн, анын кайнактыгын жана назиктигин, анын козголоңчул духун сезип турду, — жазсаң, атаңгөрү, мына ушуларды жаз! Ал башын тобокелге байлап не бир опурталдарга тике караган кашкөй эрлерди, ашыктыктын отунан жинди болуп кете жаздаган жаш жигиттерди, күчү жашоону титиреткен, чыркыраган чымын жандын азабын тартып, үрөй учурган коркунучтардын арасында жакшылык үчүн кармашып жүргөн алптарды даңазалагысы келген. Мынабул басылып чыккан аңгемелерде болсо мистер Бэтлерге окшогон доллардын артынан кууган бечаралар, кунары качкан пенделердин өзүлөрүнө окшогон майда сүйүүлөрү даңкталып атканы. “Бул балким редакторлордун өзүлөрүнүн ушундай майдачыл, жарыбаган адамдар экенинен улам чыгаар? – деп сурачу Мартин өзүнөн. – Же бул редакторлордун, жазуучулардын баары жашоодон коркушабы?”.

Аны баарынан көбүрөк кысындырган нерсе, ал редакторлор менен да, жазуучулар менен да тааныштыгы жок эле. Ал бир да жазуучуну билчү эмес, жадагалса, жазайын деп аракет кылган пендени да жолуктурган эмес. Андыктан аны менен сүйлөшүп, дурусурак кеңеш берип, туура жолго салган киши болбоду. Мындан улам анда редакторлор деги тирүү кишилер болот бекен деген күдүк ой пайда болду. Балким алар машиненин дөңгөлөгү чыгар деп ойлоду. Так ошондой болсо керек. Азаптанып аңгеме, очерк, повесттерди жазып, аларга болгон жан дилин төгүп, анан аларды жаны жок машинелерге тапшырып аткан турбайбы көрсө. Ал кол жазмасын чоң конвертке салып, чаптап бекитип, анан кайра жооп алыш үчүн марканы кошо салып, почто жашигине таштаар эле. Кол жазма кыйла күн кыдырып жүрүп, анан башка конвертке салынып, кайра колуна келип тиер эле. Кыязы, буга караганда эч кандай редактор деле болбойт окшойт, болгону кыйтыр иштеген механизм гана кол жазманы башка конвертке салып, маркасын чаптап туруп кайра жөнөтүп коёт окшойт. Кээ бир ушундай автоматтар болот ко, тыйын ыргытсаң, ичинен чайначу сагыз же бир тиштем шоколад чыгарып берген. Бир тешигине таштасаң – сагыз, экинчисине таштасаң – шоколад чыгат эмеспи. Редактор деген машине да так ушундай болсо керек. Бир жылчыгынан калем акынын чеги чыкса, экинчисинен куру жооп чыгат. Мартин болсо жалаң экинчи жылчыкка гана туш келип туруп алды.

Көңүл чөгөргөн бул жооп каттар деле ошол машинеге окшошуп турду. Булар сыртына автор менен аңгеменин аты гана коюла турган стандарттуу басма кагазы эле. Мартин мындай каттардын кеминде жүзүн алды окшойт. Аны күйгүзгөнү – каттарда жок дегенде, өзүнө карата айтылган бир ооз жылуу сөз болсочу. Бир да редактор тирүү адамга окшоп жооп берип койгонго жараган жок. Акыры үмүтү үзүлгөн Мартин бечара бул дүйнөдө дегеле редактор атмай болбой, жалаң гана жакшылап майланып, өз ишин кынтыксыз аткарган автоматтар гана бар экен деген ойго келди.

Мартин кайраттуу жана чыдамкай жан болгондуктан, бул жансыз машинелерди узак жылдар бою кагаз камсыз кылып турууга эрки жетишээр эле. Ал майданда жарадар болуп кансыраган жоокердей эле, ошондуктан иштин тагдырын жылдар эмес, жумалар гана чечмек. Апталык батир акысы анын таптакыр сызга отура турган учурун жакындатып келатты, ага почтого кетип жаткан чыгымдар да кошул-ташыл болуп жатты. Ал эми китеп сатып ала албай деле калды, туш тарабынан кысмактап келген жашоосун бир азга болсо да жеңилдетиш үчүн эптеп майда-бараттан акча үнөмдөгөнгө өттү; бирок үнөмдөө дегенди түк билбеген жаны эжеси Мериенге көйнөк сатып берем деп беш долларынан кол жууду да, каптап келаткан кыяматты бир жумага тездетти.

Ушинтип өз шоруна өзү кайнаган Мартин кыйынчылыктар менен жападан жалгыз кармашып жатты, кеңеш берип, жылуу сөзү менен колдогон кишиси жок эле; тескерисинче, айланасындагылар тегиз жабыла анын кайратын мокотууга биригип алышкандай. Алтургай, Гертруда да ага сыртын сала баштады: адегенде бир боор эжедей анын жазам дегенин элес албай, муну балалык макоолугу деп сезди, анан кайра эле бир бооруна күйгөн киши катары тынчы кете баштады. Ага Мартиндин тентектиги ашынып бараткандай көрүндү.

Мартин анын кооптоно караганын байкап жатты, бирок бул ага мистер Хиггинботамдын жанга тийген шылдыңынан да катуу тийип жүрдү. Өз күчүнө ишенгени менен, мындай ишеним жалгыз өзүндө гана болчу. Кала берсе, Руфь да анын ишенимин бөлүшкөн жок. Анын адабиятка болгон ышкысын Руфь эч качан ачык сындап, колдоого албаганы менен анын өз алдынча окуу менен гана алектенүүсүн каалар эле.

Мартин жазгандарынын бирин да ага көрсөткөн эмес. Аны өзүндөгү кандайдыр бир өзгөчө кыйкымчылдык токтотуп турду; мындан тышкары, университеттен бошобогон кыздын убактысын алып, окуусунан алаксыткысы келбеди. Кудай жалгап, сынактарын тапшырып бүтүп, даража алган соң Руфь андан жазган чыгармаларыңды көрсөт деп өзү суранып калбаспы. Мартин кубанып да, сүрдөп да кетти. Руфь анын накта сынчысы эле. Анткени ал искусствонун бакалавры деген наамын албадыбы. Адабиятты килейген профессорлордун жетекчилигинде үйрөндү. Мүмкүн редакторлор деле тажрыйбалуу сынчылардыр, бирок Руфь анын чыгармачылыгына башкача мамиле кылат да. Руфь ага басуудан баш тартылды деген бланканы карматпайт, аңгемелериңиздин баары сонун жазылыптыр, бирок тилекке каршы, бул басылмага чыгарганга ылайык келбеди деген кепти айтпайт. Ал анын жазгандарына кадимки тирүү кишидей мамиле кылып өз оюн айтат, эң маанилүүсү — чыныгы Мартин Идендин ким экенин таанып, билет. Жок дегенде, Руфь анын жан дүйнөсүнүн аялуу сырларын төгүп жазган чыгармаларында ал эмнелерди кыялданганын түшүнөр, анда катылып жаткан күчтү сезээр.

Мартин өзүнүн бир нече кыска аңгемелерин тандап алып, аларга «Деңиз ырларын» да кошуп койду. Ошентип июндун ысык күндөрүнүн биринде Руфь экөө велосипед минип алып, шаар четиндеги өзүлөрү жакшы көргөн дөңсөөлөрдү көздөй жол тартышты. Бул алардын экинчи жолку сейили. Күндүн ысык илебин кайтара соккон деңиздин салкын шамалын жиреп, зыпылдап баратып Мартин жашаган дүйнө менен махабаттын кандай керемет экенин бүткүл жүрөгү менен терең сезип жатты. Анан велосипеддерин жолдун жээгине жөлөп коюшуп, экөө күнгө күйүп калган чөптүн кургак, буруксуган жыты жетип турган дөңсөөнүн чокусуна чыгып кетишти.

— Бул өз милдетин аткарды, — деди Мартин, экөө жаңы эле жетип, Руфь анын күрмөсүнө, өзү болсо түз эле ысык жерге отуруп атышканда.

Ал башты эңги-деңги кылган ширелүү жыттын илеби урган абадан жыттап, көнгөн адатынча жекече ойлордон дүйнөлүк маселелерди талкуулаганга өттү.

— Мына бул чөп өзүнүн милдеттерин өтөдү, — деди ал куурап саргайган чөпкө тигиле, — кыштагы калың кардын нымы менен сугарылып, жазгы катуу шамалдар менен кармашып, гүл ачып, курт-кумурскаларды жана аарыларды тамактандырып, өзүнүн уругун чачып, мына эми жаратылыштын алдындагы милдетин аткарып бүттү…

— Сиз эмне үчүн баарына кандайдыр бир практикалык көз менен карайсыз? — деди Руфь анын сөзүн бөлүп.

— Бул балким менин эволюциянын теориясын үйрөнүп жаткандыгымдан болсо керек. Чынын айтсам, баары нерсенин чыныгы түсүн жакындан бери эле көрө баштадым.

— Мындай практикалык мамиле менен сулуулукту түшүнө албайсыз го дейм. Сиз көпөлөктү мыжыгып ойногон жаш бала сыяктуу сулуулукту жок кылып жатасыз.

Ал андай эмес дегендей башын чайкады:

— Сулуулуктун да өзүнчө мааниси бар дечи, бирок мен ушул убакка чейин муну сезе элекмин. Мага кооз нерсе кооз болгону үчүн гана жага турган. Мен сулуулуктун маңызын түшүнгөн эмес экемин. Муну эми гана түшүнүп жатам, тагыраагы, түшүнгөнгө аракет кылыбатам. Бул чөп мага азыр алда канча кооз болуп көрүнөт, анткени анын бул дөбөдө өсүп чыгышы үчүн күндүн, жаандын жана топурактын химиялык таасири тийгенин билип атам да. Бир сабак чөптүн деле тарыхында романтика бар эмеспи, анткени ал көп окуяларды башынан өткөрдү. Ушул ойдун өзү эле мени шыктандырат. Күч менен материянын кубулуштары жана жашоонун өзү улуу күрөш экенин ойлогондо мен ушул чөп жөнүндө эле бир канча поэмаларды жазгым да келип кетет.

— Кандай сонун сүйлөйсүз, — деди көңүлү бир нерсеге алагды Руфь, бирок Мартин анын сынагандай көз карашын байкап калды.

Ал оңтойсуздана түшүп, кызарып кетти.

— Сүйлөгөндү акыры үйрөнгөнүмө кубанычтамын, — деди ал, — менде айта турган далай нерселер жатат. Бирок алар ушунчалык зор нерселер, андыктан кантип айтканга сөз таппайм. Кээде мага бүт дүйнө, бүт жашоо, ар бир тал чөп биз үчүн сүйлө дегенсип талап кылыбаткандай болот. Мен муну сезип турам — эми муну канткенде айтып бере алам? — баарынын улуулугун сезип турам, бирок айта келгенде эле аным баланын балдыраганындай болуп калат. Өз оюң менен сезимиңди сөзгө айландырыш, сөз кылып жазганда да алар угарман менен окурмандын сезимин козгоп, ошондой эле сезим менен ойду жараткыдай кылыш – бул абдан зор маселе. Болгондо да бул эч нерсе тең келе албаган укмуш милдет. Мына, караңыз, мен көмкөрөмөн түшүп алып чөптү жыттап жатам, мен дем алып аткан бул жыт кыялымда миңдеген ойлор менен элестерди ойготконсуйт. Анткени мен ааламдын жытын жыттап атпаймынбы? Кулагыма ыр менен күлкү угулат, кайгы менен муңду, күрөштү, ажалды көрүп турам. Кыялымда жылоолонгон чексиз көрүнүштөрдү сизге жана бүт ааламга билдиргим келет! Бирок муну кантип жасашым керек? Тилим кыска. Мына ушул чөптүн атыр жытын жыттап жатып, эмне сезсем ошонун баарын сизге айтып берсем дегем, бирок бул колуман келбеди. Болбогон эле маңызы жок бирдемелерди айткан болдум. Эч бир байланышы жок эле сөз болуп калды… а мен ушунчалык сүйлөгүм келди эле. О…— деди ал улам-улам манжаларын бүктөп, — бирок бул мүмкүн эмес! Айта албайм! Айтып жеткирүү мүмкүн эмес!

— Бирок сиз сопсонун эле сүйлөп жатсыз го, — деди Руфь, — ушунчалык кыска убакыт ичинде сүйлөгөндү кантип үйрөнүп алганыңыз таң каларлык. Мистер Бэтлер — элге таанымал оратор. Штаттын комитети аны дайыма шайлоо алдындагы өнөктүктө сөз сүйлөп берүүгө чакырып турат. Баягыда түшкү тамак учурунда сиз андан кем калышкан жоксуз. Ал сизге караганда саал токтоорок. Сиз өтө кызууланып кетесиз, бирок бул бара-бара өтүп кетет. Сизден мыкты оратор чыгышы мүмкүн. Эгерде чындап кааласаңыз… алыска кетер элеңиз. Сизде күч бар. Башкаларды артыңыздан ээрчитип кете аласыңар, буга көзүм жетип турат. Сиз алдыңыздан чыккан кандай кыйынчылык болбосун, грамматиканы жеңгендей эле жеңип кетесиз. Таанымал адвокат же саясый ишмер болуп кетишиңер да ыктымал. Силерге мистер Бэтлер жеткен ийгиликтерге жетишүүгө эч нерсе тоскоолдук кыла албайт. Болгондо да ашказаныңызды оорутпай эле жетесиз, — жылмая кошумчалап койду Руфь.

Экөөнүн аңгемеси улана берди. Руфь демейдегидей эле сөзсүз окуу керек экенин жумшак, бирок кайра-кайра баса айтып атты, бардык билимдин негизи деп латын тилинин маанисине дагы бир токтолуп өттү. Кыз айтор, Мартинге өзүнүн кыялында ушундай болсо деп самаган адамынын элесин, алтургай, кылык-жоругуна чейин мүнөздөп берди. Ал адамдардын башында албетте өзүнүн атасы турду, анан мистер Бэтлердин да анча-мынча сапаттарын кошту. Чалкасынан түшүп жаткан Мартин сүйлөп жаткан Руфтун эриндеринин ар бир кыймылына суктануу менен карап жатты, бирок анын айтып жаткан сөздөрүнүн бири да аны козгоп, толкунданткан жок.

Руфь сүрөттөгөн келечеги аны кызыктыра албады, дилинде сүйүү азабы коштолгон үнсүз өкүнүч чыркырап турду. Кыз анын чыгармачылык иштери жөнүндө сөз козгоп да койбоду, окуп берем деп дегдеп атайын көтөрүп келген кол жазмалары эч ким карабай, жерде чачылып жатты.

Акырында бир аз унчукпай калышканда Мартин күндү карап, анын горизонттогу бийиктигин көз менен өлчөдү да кол жазмаларын чогултуп кирди.

— Ии, унутуп калган турбаймынбы? — деди Руфь ошол замат, — аңгемелериңизди абдан уккум келет!

Мартин ага өзү эң мыкты деген бир аңгемесин окуп берди. Ал аны «Турмуш шарабы» деп атаган эле; аңгемени жазып жатканда аны мас кылган сезимдер аны азыр да окуп жаткан кезде кайрадан башына тээп чыкты. Аңгеменин өзгөчө идеясында өзүнө арбаган бир сыйкыр бар эле, андыктан аны күчтүү сөздүн, сүйлөмдөрдүн кубаты менен ого бетер күчөтүүгө абдан аракеттенген. Жазып аткан чактагы өзүнө шык берген жалын аны эми кайрадан ээлеп алып, эч бир кемчиликтерин байкабастан, ого бетер зор кызыгуу менен окуп жатты. Бирок Руфь анчалык толкунданган жок. Анын кылдат уганаактыгы аңгеменин начар жактарын, үйрөнчүктүн аша чапкан шаңдуулугун, фразалардын ыргактуу түзүмдөрүнүн бат-бат бузулушун дароо эле байкап койду.

Ал аңгеменин ыксыз кекирейме-салмактуу жерлерин кошпогондо, жалпы ыргагын таптакыр кармай албай койду, бул аны обу жок дилетанттык сыяктуу жагымсыз таңгалдырды. “Дилетанттык” — Руфтун эң акыркы өкүмү мына ушундай болду, бирок ал муну ачык айткан жок. Тескерисинче, ал бир нече майда эскертүүлөрдү гана жасап, аңгеме негизинен өзүнө абдан жакканын айтты.

Бирок Мартиндин көңүлү чөгө түштү. Сабыры суз боло түшкөнү мындан: ал чыгармасын Руфка мектеп окуучусунун жазганын бул жагына чекит коюш керек, мына бул жагында үтүр калып кетиптир дегендей майда-барат оңдоолорду киргизиш үчүн окуп берди дейсиңби. Аны Мартин өзү деле көрүп-билип турат. Кеп мында эмес эле. Майда кемчиликтин жарасы жеңил, эртеби кечпи, аларды оңдоп атып, биротоло арылышы мүмкүн болчу да. Ал Руфка кайнаган жандуу турмушту көрсөткүсү келди эле, өз көзү менен көрүп, жүрөгү менен сезген чалкыган жашоонун зор, маанилүү окуяларын Руфь да сезсе деп дегдеген. Бирок андай болбоду. Мүмкүн редакторлордуку туурадыр. Ал зор жана маанилүү нерселерди көрүп турганы менен аларды сөз менен жеткире албайт окшойт. Мартин өзүнүн ирээнжигенин жашырып, Руфь айткан сынга дароо макул болду, Руфь болсо азыр эле айткандарынан Мартиндин дилинде нараазылыктын эмне деген албуут бороону жүрүп кеткени оюна да келбеди.

— Муну болсо атын «Казан» деп атадым, — деди Мартин экинчи кол жазмасын барактап жатып, — бул аңгемени төртпү, бешпи журнал жаратпай салды, бирок өзүмө абдан жагат. Албетте, кишиге өзүнүн аңгемесине өзү сын берүү өтө кыйын, бирок ошондой болсо да, менимче, бул аңгемеде анча-мынча дурус нерселер бар. Мүмкүн, бул аңгеме сизди менчелик толкундатпас чыгаар, аңгеме кыска эле, болгону анда эки гана миң сөз бар.

— Үрөй учат! — кыйкырып жиберди Руфь, Мартин аңгемени окуп бүтөрү менен. — Бул үрөйдү учурат! Тимеле жүрөктү түшүрөт ко!

Мартин ичинен кым дей түшүп, анын кубара түшкөн жүзүнө, жылтыраган көздөрүнө, кыса жумуп алган колдоруна тигилди. Өз максатына эми жетти. Өзүн чексиз бийлеген сезимдер менен ойлорду Руфка жеткире алды. Аңгеме Руфка жактыбы, жокпу, мааниси жок, маанилүүсү, ага таасир эте алды, аңгемени кунт коюп угууга аргасыз кылгандыктан, ал майда-барат кемчиликтерди да байкаган жок.

— Бул жашоо, — деди ал жооп кылып, — а жашоо бардык эле убакта сонун боло бербейт. Мүмкүн мен апенди чалыштырмын, бирок ушундан да сулуулукту сезип турам. Тескерисинче, ал мага он эсе баалуудай…

— Бирок эмне үчүн бул байкуш аял… шылдың болуп калды… — деп жиберди Руфь анын сөзүн бөлүп. Анан кайра эле ачуулана кыйкырып жиберди. — О! Бул маскарачылык! Жүзү каралык! Бул ыпыластык!

Мартиндин жүрөгү токтоп калгансыды. Ыпластык! Ал эч качан мындай деп санап, ойлогон да эмес. Бүт аңгеменин тамгалары көз алдынан от болуп күйгөнсүп турду, жана анын нурунан көзү уялган ал эч кандай жийиркеничтүү нерсени сезген эмес. Мына, эми жүрөгү кайрадан иштеп кеткенсиди, анын абийири тынч эле.

— Сиз эмне үчүн жакшыраак сюжетти тандаган жоксуз? — деди Руфь. — Дүйнөдө ыпыластык деген толубатканын билебиз го, бирок ошондой болсо да…

Кыжырланып алган Руфь бирдемелерди сүйлөй берди, бирок Мартин ага кулак түргөн жок. Кыздын сүйкүмдүү, айыпсыз жүзүнө тигиле карап отура берди, кыздын аруулугу Мартиндин тээ жүрөк түпкүрүнө чейин жетип, жан дүйнөсүн кошо тазартып, аны жылдыздын жарыгы менен жууп, аруулап жатты. «Дүйнөдө ыпыластык көп экенин билебиз го» дейт да. Ичинен Руфь эмнени «билет» болду экен деп ойлоду Мартин, анан жылмайып койду. Жарк эте түшкөн көз ирмем ичинде анын көз алдынан өзүнө тааныш, нечен ирет өзү ары бери кечкен турмуш дайрасынын не бир ыпылас жактары тартыла калды да, Руфтун аңгемени түшүнбөй калганын кең пейилдик менен кечирди.

Мындай турмушту көрбөгөн билбегени үчүн анда эмне күнөө, тескерисинче, Мартин кыздын мындай турмушту көрбөгөндүгү, анын кадыресе ыпыластыгынан алыс төрөлүп өскөндүгү үчүн кудайга ичинен ыракматын айтып турду. Бирок өзү бул жашоонун асмандай улуулугун да, кара көрдөй пастыгын да жакшы билчү, мына ошону жазып, башкаларга айтып жеткирсем деген ою бар эмеспи, шайдан алгырдыкы. Асмандагы ыйыктардын аруулугу жана айыпсыздыгы таң каларлык эмес. Алар башынан эле ошондой жаралган эмеспи.

Ал эми ыпластыктын арасында аруу бойдон калган — укмуш керемет деген мына ушул эмеспи! Мына ошончүн жашаш керек! Адилетсиздиктин көңүлдү жипкирткен айласыз ыпластыгынан бийик көтөрүлүп, өз аракетиң менен боор көтөрө өсүп жетилиш, али кир чампаланган көзүң менен сулуулуктун алгачкы нурларын көрүш, алсыздыктан, бузукулуктан жана пастыктан күч менен акыйкаттын, асылзаттыктын гүлдөп өсүп чыкканын көрүш не деген улуу керемет ов!

Аңгыча болбой кулагына Руфтун мындай дегени кулагына шак дей түштү:

— Аңгемеңиздин тону кандайдыр бир кара ниеттүүдөй! Сонун жана көтөрүңкү нерселер көп ко: «Jn Memoriam»[1]ды эстеңизчи.

Мартин ага «А Локсли Холлчу?» деп айтайын деди эле, кайрадан кыялдары азгырып кетпесе айтмак деле. Ал Руфтан тигилген көздөрүн албай туруп, нечен жүз миңдеген кылымдар бою кандай татаал жолдор менен жашоонун тепкичтери аркылуу жогору көтөрүлүп отуруп, акырында жаратмандыктан түспөлү так эле Руфка окшош аруу жана сулуу аял жаралганы жана ал өзүн ашык кылып дегдетип аруулукка умтултканы жөнүндө ойлоду.

Ушул перизат эми пейили кенен кудайы күчтү алгачкы жашоо деңгээлинен, түбөлүк жаратмандык процессиндеги сансыз катачылыктар менен алаамат кырсыктардын баш аламандыгынан көтөрүлгөн Мартин Иденге ыроолоону каалап турганын ойлоп жатты. Мына, романтика, сулуулук, керемет деген кайда жатат! Жаза турган нерселер ушулар эмеспи: атаганат, буга жетер анда сөз болсочу! Асмандагы ыйыктар ошол жакта ыйык бойдон кала берсинчи. Ал болсо – адам.

— Сизде күч көп, — деген Руфтун үнүн укту, — бирок бул кандайдыр бир ооздукталбаган күч.

— Идиш-аяк саткан дүкөндөгү пилдей дейсизби? — деген Мартиндин тамашасына жооп кыла Руфь жылмайып койду.

— Сиз темаларды териштире билишиңиз керек. Өзүңүздөгү табитти, көркөмдүктү, анан стилиңизди калыптандырышыңыз керек.

— Мен өзүмдү оорураак ишке салып алган көрүнөм, — деген болду Мартин.

Руфь аны кубаттагандай жылмайып койду да, анын экинчи аңгемесин угууга даярданып калды.

— Билбейм, сизге жагабы, жокпу, — деди Мартин актангандай. — Бул таң каларлык аңгеме! Мүмкүн, мен бул жерде аша чаап кеткендирмин, бирок чынын айтсам, мунун идеясы абдан мыкты. Майда-чүйдөсүнө көңүл бурбай эле коюңуз. Эң башкысы, негизги ойду кармап калууга аракеттениңиз болгону. Бул маанилүү жана туура ой, бирок мен аны түшүнүктүү кылып бере алдымбы же жокпу, билбейм.

Ал окуп жатып, кез-кезде Руфту карап коюп жатты. Байкаса, аңгеме Руфту кызыктырып калгандай. Руфь ал жараткан образдарга суктана, андан көзүн албай, демин ката былк этпей угуп олтурду. Бул аңгемени ал «Укмуштуу окуя» деп атаган, ойдон чыгарылган эмес, аңгеме чынында эле баш тамгалуу окуя эле; бул сый менен жазага бирдей март, кесири башынан ашкан арамза, баш ийип, кулдай иштегенди талап кылган, бирде көз уялткан күнөстүү мейкиндиктерге алып чыгып кетсе, бир туруп чаңкоо менен ачкачылыктын азабын тарттырган, узак, кыйын жолго салып, же ажал апкелчү оор дартка чалдыктырган, тер менен кан кечтирген, уусу күч бөөн-чаянга чактырып, дагы да толгон токой майда-барат жагымсыз окуялардын узак чынжыры аркылуу акыры барып шумдук жеңиш менен аяктаткан каардуу өкүмдардын салтанаты эле бул аңгеме.

Мартин өзүнүн аңгемесинде мына ушуларды жана башка дагы көп нерселерди көрсөткөн эле. Мунун баары Руфту күйүп жанган көздөрү менен угууга аргасыз кылгандай сезилди ага; кыздын бети албырып чыкты, аңгеменин аягына жеткенде кулап калчудай сезилди Мартинге. Руфь чынында эле аңгемеден эмес, анын өзүнүн таасиринен аябай толкунданып чыккан эле. Кеп аңгемеде эмес болчу; кызды Мартинден уруп турган баягы тааныш күч кайрадан ээлеп, азгырып, жүрөгүн дирилдетип жиберген эле. Таңгалыштуусу – аңгеменин өзү да ошол күчкө сугарылыптыр, азыр эми бул күчтүн толкундары Руфту көздөй умтулган бирден бир нук болуп турду.

Кыз эмне ортомчу болгонун байкабай, ушул күчтү гана сезип турду; азыр эле окулган аңгеме азгырып алгансыганы менен чынында кызды селт эттирген нерсе — мээсине таптакыр башка, тыштан келген, жүрөгүн түшүрүп күтүүсүздөн пайда боло калган ой болду. Ал күтүлбөгөн жерден нике туурасында ойлонуп кетти, бул ойдун жабышкактыгы аны чочутуп да жиберди. Бул аны ыңгайсыз абалга кептегенсиди. Буга чейин мындай сезим дегеле ага жат болчу. Аялдык сезим аны эч качан мынчалык азапка салып көргөн эмес эле, буга дейре ал Теннисондун ырлары менен сапырылган кооз түштөрдүн гана дүйнөсүндө жашап келген, жадагалса, акындын рыцарлар менен канышалардын ортосундагы ысык мамилелерине жасаган кылдат ишараларын да түк байкаган эмес.

Буга чейин катуу уктап аткан экен, турмуш эми анын эшигин өктөм каккылап кирип келди. Коркуп кеткен Руфь жанталаша болгон илгичтерин илип алып жашынып калсам дейт, бирок ойгонуп алган сокур сезими болбой эле аны бул кызыктай жана жамалы келишкен конокко эшигин кенен ачып бергенге аргасыз кылып турду.

Мартин болсо эмне айтар экен деп бул да ичинен толкундана күтүп туру. Бул жолку өкүм да мурдагыдай болорунан шеги жок эле, бирок Руфтун:

— Ушунчалык кооз экен! — деген сөзүн угуп таң кала түштү.

Кыз унчукпай калды да, анан болгон ынтаасы менен:

— Бул абдан кооз! — деп кайталап жиберди.

Чынында аңгеме абдан көркөм болчу; бирок аңгемеде, көркөмдүк болгону каражат катары гана кызмат кылган андан да маанилүү нерселер бар эле. Мартин дагы эле чалкасынан түшүп көк чөптө жатты, башына кайрадан шектенүүнүн кара булуту жылып келе жаткансыды… Ойлогону дагы ордунан чыкпады. Анда тил деген жок экен. Ал дүйнөнүн улуу кереметтерин көрүп турганы менен аларды так өзүндөй кылып айтып бералбагандан кийин көргөндөн не пайда.

— А аңгеменин…— деди ал, кокустан башка сөздү айтып жибербеске аракеттенип, — сюжети жөнүндө эмне дейсиз?

— Бир аз чаташып кеткен, — деди Руфь жооп берип, — менин жалпы пикирим ушундай. Мен негизги багытын кармаганга аракеттендим, бирок бул кыйын экен. Абдан эле көп сөздүү экенсиз. Сиз таптакыр башка материалды аралаштырып жиберип, окуянын жүрүшүн күңүрттөндүрүп жибергенсиз.

— Бирок негизги мазмууну кандай экен? – Мартин ошол замат сурап жиберди да кайра өзү түшүндүрүп кирди: — Бул ааламдык жана дүйнөлүк идея. Аңгемени так ушул идея менен байытсамбы дегем. Негизи аңгеме ушул идеянын сырткы гана кабыкчасы. Мен туура жолго түшкөнүм менен милдетти аткарууга келгенде кыйналып калдым. Айтайын деген оюмду ачык бералбай калганым көрүнүп турат. Мүмкүн бара-бара үйрөнүп кетермин.

Руфь анын сөзүн уккан жок. Ал кылдат искусствонун бакалавры болгону менен Мартиндин ойлорун түшүнө албады. Бирок муну Мартиндин өз оюн жеткиликтүү бере албагандыгы деп билди.

— Сиз абдан эле көп сөздүү экенсиз, — деди ал кайталап, — бирок мунун кээ бир жерлери абдан мыкты.

Анын үнү Мартинге тээ бир алыстан жетип жаткансыды, анткени так ушул учурда Руфка «Деңиз ырларын» окуп берсемби же бербесемби деп ыргылжың болуп турган чагы эле. Ал аргасыздыктан супсуну сууп, чалкасынан түшкөн бойдон жата берди, кыз болсо дагы эле ага тигилип, жанагы жанын жай алдырбаган нике туурасындагы оюнан арыла албай турду.

— Сиз атактуу болгуңуз келеби? — сурап калды Руфь.

— Ооба, ошондой болсо керек, — макул болду Мартин, — бирок бул эң башкы нерсе эмес. Мени азыр даңк жөнүндөгү ой эмес, ошол атакка жетүүнүн жолу көбүрөк ойлондуруп турат. Андан тышкары, даңк мага башка нерсе үчүн керек. Мен атактуу болууну каалаганымдын себеби бар.

Ал «сиз үчүн» деп айтып жибере жаздады, эгерде Руфь анын чыгармаларына ысыгыраак көз карашта болгондо айтып да жибермек.

Бирок кыз бул тапта анын келечеги жөнүндө терең ойго батып турду, ошондуктан Мартинден эмнеге ишара кылыбатканын сураган да жок. Анын адабий карьера жасай аларына Руфь дегеле ишенбейт. Ал муну үстүртөн, баёо жазылган чыгармалары менен азыр эле далилдеп койбодубу. Мартин сүйлөгөндү билгени менен адабий стили жок. Ал аны Теннисон, Броунинг жана өзүнүн эң эле сүйүктүү прозаиктери менен салыштырып көрдү, — бул салыштыруу ого бетер эп келишпей турду. Бирок Руфь Мартинге эмне деп ойлогондорунун баарын эле айткан жок. Мартин козгогон түшүнүксүз азгырык кызыгуу кызды ага карата жумшагыраак болууга мажбурлап турду. Чындап келсе, Мартиндин жазуучулукка ынтаасы анын бираз эле чабалдыгы эмеспи, ошондуктан бул бара-бара өзүнөн өзү жоголуп кетээр. Ошондо ал өз күчүн сөзсүз башка бир олуттуу нерселерде сынайт чыгар да ийгиликке жетишер. Руфь буга бөркүндөй ишенет. Мартин кайраты ашып-ташкан жигит, ошондуктан турмушта эмнени көздөсө, ошого жетет… бирок жазганын эле эртерээк таштаса болду деп ойлоп турду кыз.

— Жазгандарыңыздын баарын мага окуп берсеңиз деп каалап турам, мистер Иден, — деди Руфь.

Мартин кубанганынан терисине батпай калды. Көрсө, Руфь анын чыгармаларына чындап кызыгып калган тура. Негизи Руфь анын чыгармаларын таптакыр жараксыз деген жок да. Айрым бир жерлерин өтө сонун чыгыптыр дебатпайбы.

— Жарайт, -деди ал көөнү көтөрүлө түшүп, — эми менин сизге берер убадам мисс Морз, келечекте сөзсүз мыкты жазуучу болом буюрса. Мен алыс жактан келгендигимди билем, алдымда дагы баса турган узак жол жатат, бирок мен төрт аяктасам да аны басып өтүшүм керек, — деди ал Руфка аңгемелердин таңгагын сунуп атып:

— Мына бул «Деңиз ырлары». Үйгө ала кетип убактыңыз болгондо окуп чыгарсыз. Бирок анан өз пикириңизди жашырбастан айтсаңыз э. Мен абдан сынга муктажмын! Мархамат, болгонун болгондой айтсаңыз экен!

— Мен эч нерсени жашырбайм, — убада кылды Руфь, ичинде бул жолу ага ачык айта албаганын билип турду, бирок мындан кийин да чечилип сүйлөшө аларын билбей турду.

Орусчадан оодарган Бахтияр Шаматов

[1] Jn Memoriam (лат.) — эстөө, эске алуу.