
XV ГЛАВА
— Алгачкы кармаш болуп өттү окшойт, — деди Мартин он чакты күндөн кийин күзгүнүн жанында туруп, — бирок эми экинчи, үчүнчү кармашуу болот, ушинтип отуруп…
Ал сөзүн бүтпөстөн, өзүнүн кунарсыз бөлмөсүн кыдырата карап, анын бир бурчунда додолонуп жаткан сүйрү конверттердеги кол жазмаларына көзү түштү. Буларды жаңы даректерге салып жибергенге акчасы жок эле, ошондуктан апта ичинде кол жазмалар көбөйүп үйүлүп кетти. Кол жазмалар эми ушинтип күн сайын кайра кайтарылып келе берет, ошентип отуруп баары кайтып келет окшойт. Аларды мындан ары жөнөтүүгө алы жок эле. Ижарага алган машинкенин акчасын бир айдан бери төлөй элек, төлөй да алмак эмес, анткени акчасы эптеп жанын багып турганга, анан ортомчу кеңсенин мүчөлүк акысына гана араң жетип атты.
Отурду да үстөлүнүн бетине тигилип калды. Андагы сыянын тагын көрүп, күтүлбөгөн жерден эреркеп кетти.
— Менин байкуш эски үстөлүм, -деди ал, — далай бактылуу мүнөттөрдү сенде отуруп өткөрдүм, сен чыныгы досум болдуң эле. Эч качан мени көкүрөккө түртүп, эч качан ыгы жок баш тартып, мени таарынтпадың, иштин ооруна бир да жолу кайгырган эмес элең.
Үстөлгө башын коюп, колдору менен бетин басты. Кирпиктери нымдала түшүп, көзүнөн жаш атып кеткени араң турду. Эсине алгачкы жолу мушташканы түштү, анда алты гана жаштагы балакай эле, өзүнөн эки жаш улуу бала менен чабыша кетип, көзүнөн жашы чубуруп турса да тигинин эси оогончо токмоктогунан качпай, өлармандана жанталашып каршылык көрсөткөнү элестей түштү. Чуулдаган балдар аларды тегеректеп алышкан эле, мурдунан атып кеткен каны муштум тийген көзүнөн аккан жашына аралашып, жерге жыгылып түшкөн учурун даана көргөндөй болду.
— Байкуш балакай, — деди ал өзүнө өзү, — мына, сени эми кайра сабап кетишти. Сабаганда да ордуңан туралгыс кылып жанчып кетишти.
Ошол алгачкы салгылаш жөнүндөгү эскерүү жоголуп кетпей, анын артынан кийинки мушташкандары чубурду. Жарым жылдан кийин жанагы Тултук Бет (балдар ушундай деп аташчу) деген неме ага дагы бир жолу кол салды. Бирок бул жолу Мартин анын көзүн көгөртө сокту. Бул эми башка иш эле! Экөөнүн согушкандары биринин артынан бири эсине түшө берди. Тултук Бет дайыма ага үстөмдүк кылып койчу. Ошенткени менен Мартин бир да жолу андан качкан эмес. Ушуну ойлогон сайын эдиреңдеп эрдемсип калар эле. Келтектин айынан жаны ооруп, жабыркап турса да Мартин акыр аягына чейин көгөрө салгылаша берчү. Тултук Бет колунан баары келген карамүртөз жоо болуп, эч кимди аёо дегенди билчү эмес. Бирок Мартин дайыма аягына чейин туруштук берчү!
Кийин Мартин үстү оюлуп, жыгачтары көрүнүп калган чалдыбар үйлөр турган чолок көчөнү эстеди. Көчөнүн этегиндеги кыштан салынган бир кабат үйдөн «Жарчы» деп аталган гезиттин күндүзгү санын басып жаткан машинкелердин бир калыптагы гүүлдөгү угулуп турчу. Мартин анда он бирде, Тултук Бет болсо он үч жашта эле, экөө тең гезит таратып сатышчу. Күн сайын таң заардан экөө басмакананын ачылышын күтүп, анын дарбазасынын түбүнөн кездешишчү. Тултук Бет Мартинге тийишмейинче тура алчу эмес, анан экөө чарпыша кетишчү, бирок саат төрткө туура он беш мүнөт калганда дарбаза ачылып, кармаш дароо токточу да, топурап турушкан балдар гезитти көздөй чуркашчу.
— Сенин мурдуңду эртең талкалайм, — деп убада берди ошондо Тултук Бет, Мартин болсо ыйлап калтыраган үнү менен эртең дал ушул жерде болорун айтты.
Эртеси Мартин мектептен качып чыгып, кармашуучу жерге Тултук Бетке караганда эртерээк келип турду. Чогулуп калган балдар Мартинди макташып, кантип согушуш керек экенин айтып, чурулдаша кеңеш берип жатышты. Ушундай эле кеңешин балдар Тултук Бетке деле беришчү. Бир тыйын төлөбөй бул балдар канча жыргашты дейсиң алардын кармашына! Ушуну эстегенде Мартин токтой калды да ошондо балдардын кандай кумар кандырышканын ойлоп, аларга эрксизден суктанып да кетти. Кармаш башталып, басмаканын дарбазасы ачылганга чейинки жарым саат бою уланды.
Мартин кайра-кайра күн сайын мектептен басмакананы көздөй шашып чуркаган балакайды – өзүн көрө берди. Катуу чуркай алчу эмес. Тынымсыз мушташтардан улам дайыма капталына кыйрайып, аксап басчу. Колдорунун тамтыгы кетип, көгөрбөгөн жери жок, денесинин соо жери калбай, жаракат алган жерлери ириңдеп да кетчү. Буттары, колдору, желкеси, бүт денеси сыздап ооручу; коргошун куюп койгондой башы салмактанып, ичинде туман тургансыдай эле. Балдар менен куушуп ойной албагандан кийин окууну деле таштап салды. Күн бою партада отурган ага өлүм эле. Күн сайын боло турган бул мушташтар башталгандан бери тимеле кылым өткөндөй; убакыт болсо улам бир кагылышууну тынбай күтүү менен ордунда катып калгансып жатты. «Тултук Бетти эмнеге сабап салууга болбойт?» деп ойлоду ал. Эгерде ушинте турган болсо, анда бардык азаптан кутулмак эле. Бирок эч качан сырын алдырып, Тултук Беттин өзүнөн күчтүү экенине моюн сунуп, ага багынып бериш түк оюна келген эмес.
Мына ушинтип ал күн сайын жүрөгү үшүп, денеси жанчылганына карабай, туруктуулук жана чыдамкайлык деген улуу илимди өздөштүрүү менен басмаканын дарбазасына барып, ал жерден өзүн күтүп турган сөөгөчтү душманы Тултук Бет менен беттешүүгө барчу. Тултук Бет деле бул кармашуудан ага окшоп тамтыгы чыгып, шайы ооп калган эле, шыкактаган мобул балдардын көзүнчө уят болорун ойлобогондо, ал келтектешкенди дароо эле жан дили менен токтотуп коймок. Бир жолу жыйырма мүнөткө созулган кармаштын бардык эрежелери сакталган (бирин бири белден ылдый тийбеш керек, жыгылганды урбаш керек) аянышпаган согушуудан соң Тултук Бет ишти тең чыгуу менен бүтүрүүнү сунуш кылып калды. Муну эстегенде өзүнө ыраазы болгон Мартиндин каны азыр деле дүргүй түштү: айрылган эриндеринен дирилдеп аккан канга какап-чакаган Мартин Тултук Бетке атырылды, сүйлөөгө тоскоолдук кылган канын түкүрүп таштап, тең чыкканга макул эмес экенин айтып кыйкырды, эгерде Тултук Беттин шайы оогон болсо, анда жеңилип берсин деди. Бирок Тултук Бет жеңилип бергиси келбей, мушташ андан ары уланды.
Мушташ эртеси күнү да, андан кийинки күндөрү да кайрадан улана берди. Дайыма мушташаар алдында Мартин оорудан жабыркап турар эле, анан оору өзүнөн өзү жоголуп, маңдайындагы Тултук Беттин уркуюп чыгып турган жаактары менен жырткычтыкындай жылтырап күйгөн көздөрүн гана көрчү да, жини башка тээп, аянбай согуша кетчү. Өзүнүн болгон дитин ушул тултуйган бетке гана коюп, баары жоктун баарын унутуп калар эле. Мартинге дүйнөдө ушул беттен башка жек көрүнгөн нерсе жок болчу, качан гана аны биротоло бачагын чыгарып, талпагын ташка жаймайынча, же өзү талкаланмайынча жаны жай албасын билчү. Мелдешти ошондо гана токтотсо болот. Бирок тең чыканга макул болуш ага, Мартинге, эч бир мүмкүн эмес эле!
Бир жолу Мартин белгиленген убакта басмакананын дарбазасына келсе, Тултук Бет жок. Ошол бойдон келген жок. Чогулуп турган балдар анын жеңилгени ошол дешип, Мартинди куттуктап калышты. Бирок Мартин иштин мындай бүтүшүнө ыраазы болгон жок. Талаш чечилбей калды. Кийин укса, так ошол күнү Тултук Беттин атасы каза болуп калган экен.
Мартин кыялында бир нече жылдарды аттап өтүп, өзүн театрдын жогорку катарында отурган жерден көрдү. Анда он жетидеги курагы, деңизден жаңы эле келген. Оюн көргөндөрдүн арасынан чыр чыгып кетпеспи. Бирөө бирөөнү түртүп жиберген го. Мартин чырга аралаша кетип, күтпөгөн жерден көздөрү өзүнүн эзелки душманы — Тултук Беттин чачыраган көздөрү менен чагылыша түштү.
— Сенин өпкөңү оюндан кийин үзөм, — шыбырады Мартинге душманы.
Мартин башын ийкеди. Чыр чыккан жерге тартип сакчылары жетип келишкен эле.
— Бүткөндөн кийин сырттан жолугабыз, — шыбырай жооп кылды Мартин сахна жактан көзүн албай.
Тартип сакчысы аларга карап коюп, артына бурулуп кетти.
— Чогуу жүргөн балдарың барбы?- сурады Мартин оюндун бир көрүнүшү бүтөрү менен Тултук Беттен.
— Албетте!
— Болуптур анда, мен дагы бирөөлөрдү табайын.
Антракт убагында ал сырттан өзүнө топ курады: ал мык заводунан тааныш үч досун, бир өрт өчүргүчтү, алты матросту жана базардагы аянттан да алтоону чогултту.
Оюн бүтөрү менен эки топ экиге бөлүнүп, көчөнүн эки жагы менен жүрүп олтурушту. Алар шаардын караңгы чет жагына чыгышып, өз ара аскер кеңешин өткөрүштү.
— Эң ыңгайлуу жер — бул Сегизинчи көчөнүн көпүрөсү, — деди Тултук Беттин тобунан бир сары неме, — мынабу ортодо, электр жарыгында мушташасыңар, биз болсок фараондорду саксактап турабыз. Эгерде алар жолдун бир учунан көрүнсө, биз башка жагына дыр коёбуз.
— Болуптур. Жарайт, — деди Мартин өзүнүн жолдоштору менен кеңешип.
Сан-Антонио куймасына салынган Сегизинчи көчөнүн көпүрөсүнүн узундугу үч кварталга барабар болучу. Көпүрөнүн ортосунда жана эки башында электр чырактары күйүп турат. Ошондуктан бир дагы полицей байкалбастан келип калышы мүмкүн эмес эле. Мартиндин көз алдына ошол мушташ өтө турган жердин ыңгайы ийне-жибине чейин тартылып турду. Кабактарынан кар жааган, бири бирин өлөөрчө жек көргөн өчөгүшкөн эки топ ар бири өз жоокеринин артында турганын көрдү. Мартин менен Тултук Бет бел кырчоого чейин чечиништи. Атайын дайындалган күзөтчүлөр көпүрөнүн эки башынан өздөрүнүн орундарын ээлешти. Матростордун бирөөсү эгерде кокустан полиция келип калчу болсо, коопсуз жакка жылт коюп кеткенге ыңгайлуу болсун деп Мартиндин курткасын, көйнөгүн, шапкесин чогултуп алды. Мартин ошондо өзүнүн мушташ майданынын чок ортосуна кантип чыгып баратканын, анан Тултук Беттин көзүнө тике карап туруп, муштумун кезей мындай дегени таптак көз алдына келе түштү:
— Сен ойноп атат дебе! — Түшүндүңбү? Акырына чейин салгылашабыз! Уктуңбу? Тайсалдамай жок. Экөөбүздүн бири-бирибизде эски карыздарыбыз бар, азыр ошону толук эсептешип алышыбыз керек! Түшүндүңбү?
Тултук Беттин олку-солку боло түшкөнүн Мартин сезди, бирок ал дымактуу неме болгондуктан, топ балдардын көзүнчө шерменде болгусу келбеди.
— Болуптур эмесе, чыксаң чыкпайсыңбы! — кыйкырды ал, — эмне эле какылдайсың, акырына чейин болсо, акырына чейин.
Мына ошондо муштумдарын түйгөн бул экөө жаштыктын болгон кызуу кандуулугу менен жолундагыны уруп, талкалап, майып кылмакка ээленип алган эки жаш букадай бири бирине атырылышты. Адамзаттын узак жана оор жолдо жетишкендиктери заматта бырын-чырыны чыгып кетти. Прогресстин унутулган доорундай болуп электр фонары гана жанып турду. Мартин менен Тултук Бет үңкүрдө, жыгач баш баанектерде жашаган таш кылымдагы жапайы адамдар эле. Алар барган сайын алгачкы жашоонун сазына тереңдеп батып баратышты, бири бирин ар качан өзүнө тартып, кайра эле артка түрткөн, капылеттен кагышкан атомдор сыяктуу бирде тартылыша калып, бирде кайра артка кетип, кагылышып атышты.
— О, Кудай! Накта айбан болгон экенбиз! Эмне деген жырткыч болгонбуз! — бул салгылашууну баштан аяк эстеген Мартин онтоп жиберди. Элестетүүсүнүн чексиз күчү менен ошол окуяны көз алдына кадимки кино көрүп олтургандай дап-даана келтирди. Өзү болсо бир эле учурда катышуучу да, көрарман да болчу. Көп айлар бою жанталаша окуп ээ болгон билими менен маданияты бул жөнүндө ойлонгондо, аны селт этүүгө аргасыз кылып турду; бирок оюн ээлеп алган өтмүшү азыркысын ары сүрүп таштап, ал кайрадан мурдакы Мартин Иденге айланып чыга келди, деңизден жаңы эле кайтып келип, Сегизинчи көчөдөгү көпүрөсүнүн ортосунда Тултук Бет менен салгылашып жатты. Ал соккудан жабыркап, жаны ооруп, канга боёло кара терге түшүп жатса да, муштумдары көздөгөн жерге дал тийип атканына сүйүнүп жатты.
Булар адам эмей эле, бирине бири жапырылган эки куюн эле. Убакыт өтүп жатты, эки топ тең демин ичине ката катып турду. Мындай каны башына тепкен жиндиликти булар көрүшкөн эмес эле, бул алардын үрөйүн учуруп турганы. Алардын маңдайында өзүлөрүнөн да ашып түшкөн эки жырткыч кармашып жатты.
Кармашуунун алгачкы эпкини басаңдап, касташкандар эми абайлап, сактык менен согушуп калды. Бири да үстөмдүк кыла элек.
— Тең чыгышат,- деген сөз Мартиндин кулагы чалып калганы.
Ал кокусунан кандайдыр ыксыз кыймыл жасап жиберген кезде жаагын сөөгүнө чейин жырып жиберген оңбогондой соккуга кабылды. Жылаңач муштум мынчалык катуу уралмак эмес. Мартин дуу эте түшкөн үндөрдү угуп, жаагынан ылдый шорголой аккан ысык канды сезди. Бирок сыр алдырган жок. Анткени ким менен согушуп атканын, андан ар кандай пастыкты күтсө болорун жакшы билгендиктен, ошол замат сак боло түштү. Душманын кылдаттык менен байкап, анын колунан жылтырай түшкөн темирди көрүп калды да, кыябын таап шак колдон алды.
— Көрсөт колуңду! — өкүрдү ал, — сен мени кастет менен уруп жибердиң!
Өкүрүп-бакырган, ашата сөгүнгөн эки топ бири-бирине атырылды; дагы бир эле секунт болгондо кандыбулоон түшкөн калаймакан кармаш башталып кетмек да Мартин өчүн ала албай калмак. Ал таптакыр кутуруп кеткен эле:
— Тарт артка! — деди заар доошу менен кырылдап, — баарың артка! Уктуңарбы! Умтулгандар жапырт кетенчиктеди. Анткени булар айбан болсо, Мартин алардан ашкан айбан эле, андыктан Мартиндин жаалы тигилерди шүйшүндүрүп баш ийгенге аргасыз кылды.
— Бул менин ишим, эч кимиң аралашпа! — Эй, сен! Келе кастетти!
Тултук Бет баш ийди, азыраак корко да түшкөндөйбү, катып алган куралын Мартинге карматты.
— Эй, буга кастетти сен бердиң, сапсары болгон энеңди, — сөзүн улады Мартин кастетти сууну көздөй ыргытып жиберип, — биерде кыпчылып жүргөнүңдү көргөм, бирок түшүнгөн эмесмин. Дагы бир жолу кыпчылчу болсоң, өлөөрчө түйрүп таштайм. Билдиңби?
Салгылаш кайрадан жанданды, каршылаштар экөө тең алдан тайып, чарчап бүтүшсө деле аларды тегеректеген, өзүлөрүнүн каничме кумарын толугу менен кандырып, анан мунун арты жамандык менен бүтөөрүн сезип үрөйү учкан жырткычтардын үйүрү аларды урушту токтоткула дей баштаганга чейин бири бирин аянбай төпөштөй берди. Келтектен улам адам кейпинен ажырап, бутунда араң эле турган Тултук Бет буйдала түшүп токтоп калды, бирок Мартин болбой эле кайра атырылып, үстөкө босток сокку узата берди…
Өчөгүшүп алган бул экөө бир кылымдан бери согушуп атышкандай болушту. Акыры Тултук Беттин жеңилип берери ачык болуп калганда, күтүлбөгөн жерден карс эткен катуу үн чыкты да, Мартиндин оң колу шалдайып асылып калды. Колунун сөөгү сынып кетиптир. Муну баары укту да, эмне болгонун ошол замат түшүндү. Кайратына келе калган Тултук Бет кайрадан жолборстой атырылып, тапыратып уруп кирди. Мартиндин тобу карап турабы, дароо жардамга умтулду. Соо колу менен чабышып атып, аларга Мартин: аралашпагыла деп кыйкырды, ачуусу менен жанын кашайткан ызадан онтоп, ызырына сөгүнө жалгыз сол колу уруп атты, өзүн өзү унутуп, тапырата сого берди, сого берди. Кулагына тээ алыстан үрөй уча шыбыраган үндөр угулгансып барып, анан кимдир бирөөнүн: «Балдар, бул мушташ эмес! Бирин бири өлтүрүп салат! Буларды ажыратыш керек!» — деген калтыраган үнүн укту.
Бирок алардын бири да экөөнө жакындай алган жок, Мартин болсо сол колу менен улам эчак жанчылып, адам кебетесине окшобой калган, кан менен эт аралаш былжыраган жумшак нерсени былчылдата койгулай берди, бирок ал жоголуп кетпей, тунарыктаган көз алдында кыймылдап тура берди. Ал ура берди, барган сайын дарманы куруп, соккусунун зарпы да акырындап баратыры, кылым согушуп, жүз миндеген жылдардан бери уруп жаткандай сезилди, акыры канга жуулуп, бачагы чыгып кеткен дене көпүрөнүн тактайына шалк эте кулап түшкөнгө чейин урганын токтотподу. Мына ошондо ал өйдө туруп, муундары калтырай, мастай теңселе басты да таанылгыс үн менен кайра-кайра сурай берди:
— Дагы каалайсыңбы? Айт… Дагыбы?
Ал жооп күтө улам-улам сурай берди, анан күтүлбөгөн жерден жолдоштору аны колтуктай сүйрөп, көйнөгүн кийгизип атышканын сезди да эсинен танды.
Үстөлдөгү будильник шыңгырап жиберди, бирок Мартин аны укпай, бетин баскан бойдон былк этпей отура берди. Ал эч нерсени ойлогон да жок. Эчак алыста калган ошол салгылашуу азыр эле болгондой таасир этип, баарын кайрадан башынан өткөрүп жаткандай, ошол түндө Сегизинчи көчөнүн көпүрөсүндөгүдөй азыр да эсинен танып турду. Бир нече ирмемге тегереги аңылдай түштү. Анан өлүп тирилген арбактай болуп, ордунан шарт ыргып тура калды, чачы маңдайына жабышып, көздөрүнөн от чагылып турду.
— Мен сени баары бир сабадым, Тултук Бет! — деп кыйкырып жиберди. — Буга алты жыл кетсе да, бирок акыры талпагыңды ташка жайдым!
Анын башы айланып, буттары калтырап кетти, теңселе басып төшөгүнө жетип отурду. Ал дагы эле өткөндүн таасиринде эле. Эки жакты элейе карап, кай жакта жүргөнүнө түшүнбөй, анан бурчта үйүлүп жаткан кол жазмаларын көргөндө гана эсине келе түштү. Ошондо акыл-эси батыраак иштеп кетип, төрт жылды катары менен зуу койдуруп зымыратып өттү, китептерди, алар ачып берген дүйнөнү эстеди, өзүнүн асман чабыттаган кыялдарын, үлпүлдөгөн жибектей назик, ак жуумал кызга болгон махабатын эстеди, ал кыз жок дегенде бир эле көз ирмемге азыр өзү эстеген окуяларга күбө болчу болсо, жашоонун өзү кечип өткөн ыпыластыгынын четин эле көрсө, үрөйү учканынан жүрөгү жарылып өлүп калмак экенин эстеди!
Ал ордунан туруп, күзгүдөн өзүн дагы бир жолу карады.
— Сен эми, Мартин, ал ыпластан кол үзгөнсүң, — деди ал салтанаттуу түрдө өзүнө өзү, — көзүң ачылып, жылдызга кол сермеп турасың, толук кандуу жашап, кылымдардын баа жеткис мурастарын аларды ээлеп алгандардын колунан талашып атасың.
Мартин кунт коё кайра өзүнө тигилди да күлүп жиберди.
— Бираз туталанып, кайгырып да алдыңбы? Мейли да! Мунун коркунучу деле жок. Сен бир кезде Тултук Бетти жеңген элең, — сага андан үч эсе ашык убакыт кетсе да басма кызматкерлерин да так ошондой жеңесиң! Бирок токтой көрбө. Алдыга умтул. Күрөшсөң — акырына чейин күрөш!
XVI ГЛАВА
Сааттын кескин чарылдаганы Мартинди катуу чочутуп, ойготуп жиберди, ден соолугу начарыраак киши болсо уйкуга канбай башы ооруп жата бермек. Катуу уктаган экен, бирок мышык сыяктуу ошол замат ойгонду, беш сааттын өтүп кеткенине кубанып да алды. Уктаганды өлөөрчө жаман көрөт. Анткени кыла турган, аткара турган иштери толтура эле! Ошондуктан уйку уурдаган ар бир мүнөт ага кымбат болчу, будильниктин шыңгыраганы басыла электе дагарадагы муздак сууга башын салып жуунуп кирди.
Бирок бул күндү ал өзүнүн демейдегидей эрежесинен башкача кылып баштады. Жазып бүтүрө турган аңгемеси жок эле, кагазага түшүрсөм деген жаңы ою да жок. Түнү менен окуп чыккандыктан, эртең мененки тамактын убактысы да келип калган экен. Анан Фисктин китебинен бир главасын окуюн деди эле, башы салмактана ооруп туруп алганынан китепти таштоого туура келди. Бүгүн аны жашоо менен жаңыча кармашуу күтүп турду, андыктан жазганын азырынча токтото турууну чечти. Бурчта жаткан кол жазмаларына карап, Мартин өз үйүн жана бала-бакырасын таштап кетип бараткан адам сыяктуу кыйыла кападар боло түштү. Буларды эми эмне кылат, эч ким башбаанек бергиси келбеген, жолу болбогон байкуш балдарындай аларды таштап кеткенге аргасыз болуп атпайбы. Эңкейип кол жазмаларын иреттеп, өзүнө жаккан жерлерин окуп кирди, “Казан”, “Укмуш окуяларын” үн чыгарып да окуду.
Айрыкча өзүнө жакканы жакында эле жазылып, бирок марка жоктугунан жөнөтө албай бурчка ыргытып койгон “Сүйүнүч” деген аңгемеси мыкты чыккан экен.
— Түшүнбөйм, — деди өзүнчө күбүрөнүп, — же балким, редакторлор түшүнбөй жатышат. Аларга мындан артык дагы эмне керек? Алар мындан да начар нерселерди басып атышат ко? Баскандарынын баары анын аңгемелерине караганда чынында бир топ эле чабал болчу.
Чай ичип алып басчу машинкени кутусуна салды да Окленге жеткирип берди.
— Бир айлык карызым бар, — деди ал приказчикке, — азыр жумушка кетип баратам, кожоюнга айтып коюңуз, келерим менен кутулам. Бир айда келип калам.
Анан Сан-Францискодогу жумушка кабыл алуучу мекеменин кеңсесин көздөй кетти.
— Кандай иш болсо да боло берет, — деп сөзүн жаңы эле баштап келатканда бирөө кирип келип сөздү бөлүп кетти. Кирип келген кардар «кооз жашоону» жакшы көргөн, арзан болсо да болушунча сылан короздонуп кийингенге көнгөн жумушчу эле неме окшоду.
Агент аны түңүлтүп башын чайкады.
— Кантип эле эч ким жок болсун? — деди кирип келген киши кайталап. — Мага бүгүн абдан бир адам керек эле.
Айтты да Мартинге карап койду, Мартин болсо аны карады, сулуучасынан келген жылдыздуу киши экен, бирок таң атканча бир жерде зыяпатта күүлдөп отурган түрү бар, бети шишимик тарта бозоруп, уйпаланган кебетесине караганда.
— Иш издеп жүрөсүңбү? — сурады ал. — Колуңан эмне келет?
— Кандай эле жумуш болсо иштей берем, деңиз ишин билем, машинке баса алам, бирок стенографияны билбейм, атка мингенге да шыктуумун, деги кандай иш болсо баарын жасай берем.
Берки ыраазы болгондой башын ийкеп койду.
— Андай болсо жакшы экен. Менин атым Даусон, Джо Даусон, кир жуугучканада иштегенге өзүмө жардамчы издеп жүрөм.
— Кир жуугучкабы? — деп сурады Мартин, ошол замат ага аялдардын ар кандай жылтур-жултур жука ич кийимдерин үтүктөгөн кызык көрүнүп кетти. Жалдоочу да ага жагып турду, ошондуктан минтип кошумчалап койду: — Кир жууган деле колуман келет. Деңизде жүргөндө өзүм эле жууп алчумун.
Джо Даусон ойлоно түштү да анан:
— Экөөбүз келише алат окшойбуз. Кандай иш экенин билгиң келеби?
Мартин башын ийкеди.
— «Кайнар булак» деген жерде курорттук конок үйүнүн алдында кичинекей бир кир жуугучкана бар. Ал жерге бир башчы, бир жардамчы болуп иштегенге эки киши керек. Мен башчы болом. Ар ким өз ишин аткарат, бирок сен мага баш ийесиң. Кандай дейсиң, туура келеби?
Мартин ойлонуп калды. Бул ишке кызыгып турду. Бир нече ай иштеп койсо — окуганга кайрадан убактысы болот. Ал катыра иштегенге да, окуганга да жөндөмдүү болчу.
— Тамак-ашы жакшы, жатчу бөлмө өзүнчө, — деди Джо.
Бул маселени чечти. Өзүнчө бөлмө болсо, демек, ага таң атканча чыракты жандырып алып окуганга эч ким тоскоолдук кылбайт экен.
— Бирок тозоку иш, — кошумчалады Джо.
Мартин чытырап турган булчуңдарын сылап койду.
— Жумушка бышып бүткөм.
— Эмесе сүйлөштүк!
Джо чекесин сыйпалады.
— Туй энең, дагы эле көзүм караңгылап туру. Кече өлө ичип койгон экем… Ии, баса, иштин шарты мына мындай: эки кишиге айына жүз доллар, анан жатакана берилет. Мен алтымыш, жардамчым кырк доллар алчу. Бирок ал иштин жайын мыкты билчү да — а сен үйрөнчүксүң. Көңгүчөктү сен үчүн да иштөөгө туура келет. Ошондуктан, адегенде сен отуз доллардан баштайсың, анан бара-бара кыркка жетесиң. Сени алдабайм. Качан ишке абдан көнүгүп, кадимкидей иштей баштаганыңдан тартып, өзүңдүн кырк долларыңды ала баштайсың.
— Макул, — деди Мартин Джо менен кол алышып. — Бирок мага бышмана акча берип турсаңыз жакшы болор эле. Жолго, башка чыгымдарга акчам жок.
— Кап, баарын жоготуп салбадым беле, — деди Джо кабагын сала, чекесин дагы сылап, — кайра кеткендей гана тыйыным калды.
— Мен акыркы центке чейин жатакана акысын төлөшүм керек эле.
— Түкүрүп сал, энесин урайын, — кеңеш берди Джо.
— Анте албайм. Себеби бир тууган эжекеме карызмын.
Джо ишиң чатак экен дегендей созолонто ышкырып койду да, терең ойго бата түшкөнсүдү.
— Жанымда жарым бөтөлкөгө жеткидей бар. Жүрү, бирдеме кыларбыз.
Мартин бул сунуштан баш тартты.
— Ичпейсиңби? — деди Джо.
Мартин башын чайкады, Джо болсо супсуну сууй түшүп мындай деди:
— Мен болсом ичпей тура албайм, сен жакшы экенсиң. Кантесиң, жума бою эшек сыяктуу белиң майышканча иштейсиң, анан аракканага барбаска чараң жок. Эгерде мен ичпесем, анда кудай урсун, же ишкананы өрттөп, же кекиртегимди эчак кыя кесип салмакмын. Бирок сенин ичпеген кишилерден экениң абдан жакшы болду. Ичпей эле кой, энесин урайын.
Мартин өзү менен бул адамдын ортосунда китептер жараткан түпсүз туңгуюк жатканын көрүп турду, бирок аны менен дароо эле ымала табыша кетти. Өмүр бою өзү карапайым турмушта жашабадыбы, кара таман эмгектин кишилерине карата тилектештик сезими анын экинчи мүнөзү болуп калган эле. Джонун шишип турган башы жетпеген аны көчүрүп келүү маселесин Мартин бат эле чечип койду. Чамаданын Джонун белети менен салып жиберип, өзү «Кайнар Булакка» велесепет менен келмей болду. Ал аралыгы жетимиш миль (112 км.) келген «Кайнар Булакка» жекшемби күнү жетсе, дүйшөмбү күнү ишке киришет. Азыр үйүнө барып, буюмдарын жыйнайт. Коштошор деле эч кимиси жок, Руфь болсо үйүндөгүлөр менен Сиеррге, Тэхо көлүнө кетишкен.
Мартин абдан чарчап, бети-башы бозала чаң болуп «Кайнар Булакка» жекшемби күнү кечинде жетип келди. Джо аны барбалаңдап кубанып тосуп алды. Башын ным ак сүлгү менен таңып алыптыр, себеби керели кечке иштеген эле.
— Баягы мен сени жалдаганы баргандагычы, — деди ал, — өткөн жумадан бир топ кир калган болчу. Сенин чамаданың жетип келди. Бөлмөңө алып барып койдум. Оорун айтпа, тимеле, эмне салып койгонсуң ичине? Алтындын куймаларыбы?
Мартин чамаданын ачып буюмдарын чыгарганча Джо анын керебетинин кырына келип отура калды. Муну эми чамадан деп деле айтканга ооз барбас эле, мистер Хиггинботамга жарым доллар берип сатып алган кадимки эле консерванын жащигин алып туруп, жиптен кармагыч жасап, чамаданга окшоштуруп жасатып алган. Джонун көздөрү бирин-экин ич кийимдерден кийин чамадандан түгөнбөгөн китептер чыга баштаганын көрүп, көзү чанагынан чыга түштү.
— Койчу эй! Ушунун баары китеппи?
Мартин ооба дегендей башын ийкеп, китептерди кол жуугуч орнотулган үстөлгө чыгарып коё баштады.
— Укмушсуң го!
Джо ойлонуп калды, кыязы, башында кандайдыр бир ой пайда боло түштү окшойт. Анан ошол оюн курады окшойт, минтти:
— Айтсаң, кыздар жагына сен кандайсың? Мыктысыңбы? — сурады ал.
— Жок, — деп жооп берди Мартин, — мурдараак, китепке көп кызыга электе анча-мынча бара койчу элем. Эми ага убактым жок.
— Бирок бул жерде сенде китепке деле чолоң тийбейт. Иш менен эле уйку болуп калат.
Мартин өзүнүн беш сааттык уйкусун эстеп жылмайып койду. Анын бөлмөсү кир жуугучкананын үстү жагында орношуп, бөлмөлөргө жарык берип, сууну айдап чыгарган кир жуугуч бөлмөдөгү машинелерди кыймылга келтирген мотор да ушул эле жерде экен. Мартин менен таанышканы кире калган кошуна монтёр узун зымга лампичкени ыңгайлуу кылып илип берди. Эми лампичкени керебетке чейин жакындатып алса болот.
Эртеси күнү Мартин саат алтыдан жыйырма беш мүнөт өткөндө турду — эртең мененки тамак ушул убакта берилет деп айтышкан. Үй ичинде кызматкерлер үчүн атайын ванна бар экен, Мартин муздак сууга жуунуп Джону таң калтырды:.
— Мына, азамат болбосоң коё кал! — деп жиберди Джо тамакка отурганда.
Дасторкон үстүндө экөө, анан монтёр, багбан, анын жардамчысы жана эки-үч ат багар чогуу отурушту. Кабактарынан кар жаагансыган булар ара-чолодо күң-мыңк этип бирдемени айткандары болбосо, унчукпай алдыдагы тамакты апа-супа ичип атышты. Мартин алардын кобурашканын угуп отуруп, булардан канчалык ыраактап кеткенин түшүнүп турду. Алардын түшүнүгүнүн чектүүлүгү, айткандарынын түккө тургус маанисинин жоктугу Мартиндин чыдамын кетирди, ошондуктан булар качан ичип бүтүп туруп кетишер экен деп ичинен тилеп отурду. Акыры чыдамы түгөнгөндө муздак, даамы билинбеген супсак боткону алардан озуп, арыдан бери түгөтө салды да сыртка, таза абага атып чыкты.
Чакан киржуугуч көптөгөн ишти аткара турган жаңы машинелер менен мыкты жабдылыптыр. Мартин Джодон кыскача насаат алып, дөбө болуп үйүлгөн кирлерди иргеп кирди. Джо болсо бул учурда машинаны ишке киргизип, курамы химиялык жегич заттардан турган самынды сууга эзе баштады. Ал бул заттардын организмге зыяндуу таасиринен сактаныш үчүн көздөрү менен мурдун сүлгү менен таңып алгандыктан, кебетеси мунияга окшоп калды. Кирлерди иргеп бүтүп, Мартин эми жуулгандарын сыга баштады. Бул иш секундасына бир нече миң жолу айланып, кирди кургата турган өзгөчө машине менен жасалчу. Анан Мартин кир кургаткан машинеден сыга турган машинеге чуркап, ал ортодо байпактарды да иргенгенге үлгүрүп атты. Экөө түшкү тамактан кийин үтүктөр ысыганча байпактарды басышты. Кечки алтыга чейин ич кийимдерди үтүктөп жатып, Джо шектене башын чайкады.
— Балээни да бүтө албайбыз, — деди ал, — ужинден кийин да иштей турган болуп калдык.
Ошентип алар кечки тамактан кийин да көз талдырган электр жарыгында эртең ээлерине таратыла турган эң акыркы жуп ич кийим үтүктөлүп бүткөнчө түнкү онго чейин тынбай иштешти. Сыртта Калифорниянын үп түнү өкүм сүрүп турат, болгон терезенин баары аңырайып ачык турса да ысык үтүктөр менен темир мештердин деминен бөлмө ичи киши чыдагыс үп болуп турду. Бел кырчоого чейин жылаңачтанып чечинип алышкан Мартин менен Джо алка-шалка кара терге чөмүлүп, араң дем алыбатышты.
— Тимеле тропикалык портто жүк түршүрүп аткандай экен, — деди Мартин, тепкич менен өйдө бөлмөлөрүнө чыгып баратышканда.
— Жарайсың, — деди Джо. — Мыкты иштейт турбайсыңбы. Эгер мындан ары ушинтип иштесең, эмки айдан тарта эле кырк доллардан ала баштайсың. Бирок сенин мурда үтүк баспаганыңа ишенбей турам, мени алдай албайсың.
— Кудай урсун, өмүрүмдө алакандай да чүпүрөктү үтүктөгөн эмесмин.
Мартин он төрт саат катары менен тынбай иштегенин унутуп, өзүнүн чарчаганына таң калды. Будильниктин коңгуроосун алтыга коюп, уйкунун беш саатын эсептен чыгарып таштап, түнкү бирге чейин китеп окууну чечти. Бутун эс алдырмакка тапичкесин чечип, үстөлгө отурду да, тегерете жайып алган китептерине үңүлдү. Фисктин эки күн мурун окуп баштап токтотуп койгон жерин атчы. Башы зыңылдап, начар иштегендиктен, бир эле сапты эки-үч жолу кайталап окууга туура келди. Анан шишип чыккан булчуңдарынын зырылдап ооруганынан жана ачык терезеден соккон тоонун муздак желинен үргүлөп кеткен көздөрү ачыла түштү. Саатты караса түнкү эки болуптур. Демек, төрт гана саат эс алуу калыптыр. Ушуну ойлоду да башы жаздыкка тиер замат катуу уйкуга кетти.
Шейшемби да ушундай эле оор жумуш менен өттү. Баарынан да Мартинди суктандырганы – Джонун иштеги чапчаңдыгы болду. Джо шайтандан бетер чарчабай иштейт экен. Иштебатканда бир мүнөтүн да текке кетирбей, болгон дитин ишке буруп, анүстүнө Мартинге үйрөткөнгө да жетишип, беш кыймылдай турган жерде үч жолу, ал эми үч кыймылдаган жерде эки жолу кыймылдап атты.
Муну көргөн Мартин да көңүл буруп, андан үлгү алууга аракеттенди. Дегеле ал дээринен элпек, шамдагай, иштин көзүн билген кызматчы боло турган, көп учурда иштеген жагынан астына киши салдырбай иштей аларына өзү да ыраазы эле. Азыр деле бүт көңүлүн ишке буруп, Джонун айткан насаат-кеңештерин так орундатууга аракет кылып атты. Үтүктөгөн кезде көөп калган жерлери болбос үчүн Мартин жеңдин учтары менен жакаларындагы крахмалды эптүүлүк менен ушалап тургандыгы үчүн Джонун мактоосуна татыктуу болду.
Алар тыным албай иштеп атышты. Джо эч бир токтобой, күтпөй жана бир да ишти кийинкиге калтырбай, бирин бүтүрөр замат экинчисин шып эле колго ала коюп атты. Ошентип атып эки жүз ак көйнөктү крахмалдашты. Аларды крахмалдап жатып, сол колдору менен көйнөктүн жакасын, боорун жана жеңдерин ысык сууга матырып, оң колдору менен крахмалга тийгизбес үчүн көйнөктүн башка бөлүктөрүн кармап турушат. Суунун ысыктыгынан алар колдорун улам муздак сууга малып алып атышты. Бул күнү алар аялдардын бүйүрмөлүү ич кийимдерин крахмалдап түнкү он жарымга чейин иштешти.
— Тропикаларда да мындан жеңилирек, — дейт Мартин күлүп.
— Бирок мен үчүн эмес, — деди олуттуу Джо, — мындан башка кесип колуман келбейт.
— Бирок муну укмуш өздөштүрүп алыпсың го.
– Ананчы, мен он бир жашыманан тарта Окленде иштеп баштадым. Буу баскычта да тургам. Ошондон бери он сегиз жыл өттү, бирок мен башка бир да иш кылган эмесмин. А бирок мынабул жердеги сүргүндөгүдөй оор жумушту эч жерден көрбөдүм. Мында кеминде үч киши иштөөгө тийиш. Эртең түнкүсүн дагы иштейт окшойбуз. Шаршемби күндөрү дайыма түнкүсүн иштөөгө туура келет, анткени жакалар менен жеңдер күргүштөп келчү күндөр ушулар.
Бөлмөгө келери менен Мартин будильниктин коңгуроосун коюп, үстөлгө отурду да Фискти ачты. Бирок ал китептин бир да бетин окуй алган жок. Саптар көз алдынан бийлеп, башы шылкылдап, үргүлөп олтурду. Уйкуну качырайын деп тура калып ары-бери басты, колдору менен башын чапкылап да көрдү, бирок уйкунун азгырыгы ушунчалык күч эле, анысынан эч майнап чыккан жок. Анан китепти алдына такап коюп алып да, жаагын таяна окууга аракеттенди, бирок ошол замат көзүн жумбаган бойдон уктап кетти.
Чарчоо менен күрөшкөнгө такыр алы келбей койгон соң эмне кылыбатканын өзү да жакшы сезбей, кийимдерин чечинген болду да, керебетине учуп түштү. Ошо жаткан бойдон жети саат бою бут серппей уктады да, сааттын шыңгыраган үнүнөн чочуп ойгонуп, уйкусунун дагы эле канбай калгандыгын сезди.
— Көп окудуңбу? — деп сурады андан Джо.
Мартин жок дегендей башын тескери чайкады.
— Эч нерсе эмес! — деди Джо анын көңүлүн улай. — Биз бүгүн түнү таң атканча иштеп коёбуз, эртең болсо саат кечки алтыда бүтөбүз. Ошондо сенин окуганга убактың кокодон болот.
Мартин бу күнү самын эритилген чоң тепшиге жүндөн жасалган буюмдарды салып чайкады, бул жумуш да Джо өзү мактангандай, ыңгайлаштырып жасап алган жабдыктын жардамы менен жүргүзүлө турган.
— Менин ойлоп тапканым, -деди Джо. – Валекту алмаштырат, анан да жумасына жок дегенде он беш мүнөттү үнөмдөйт! Мындай тозоктун ичинде ар бир мүнөт эмне турарын билесиңби!
Жең менен жакаларды баса турган темир аспап да анын ойлоп чыгарган аспабы болчу. Джо аны мындай деп түшүндүрдү.
— Башка кир жуугучканаларда али мындайды ойлоп табыша элек. Мен мунун жардамы менен ишемби күнү жумушту саат үчтө аяктоо мүмкүнчүлүгүнө жетиштим. Болгону муну билгичтик менен гана пайдалануу керек. Бул үчүн бөтөнчө температура, өзгөчө басым талап кылат — кийимдерди үч жолу басыш керек. Мынакей, карачы.
Ал көйнөктүн жең учун басып көрсөттү.
— Колго минтип басалбайсың, туурабы?
Бейшемби күнү ишке келгенде Джону ачууландырып, жинин кайнаткан нерсе: крахмалдуу жука ич кийимдердин нормадан тышкары өзүнчө дагы бир чоң таңгагы келип калган экен.
— Түү, энеңди урайындыкы! — кыйкырып жиберди ал, — урдум баарын! Ишин да урдум! Мен энең, жума бою тыным албай эшектей иштегеним деле жетишет, эптеп бош убакыт болобу деп жанталашсаң, муну карабайсыңбы — дагы очойтуп таштап кеткен турбайбы! Мен эркин өлкөдө жашаган адаммын энең, коё тур, жанагы бок курсактын бетине эле айтам ит экенсиң деп! Французча сүйлөп да башымды оорутпайм аны менен, кудая шүгүр, ага айта турган сонун сөздөр Кошмо Штаттардын тилинен да табылат. Бир таңгакты нормадан ашык мында уруп жиберген тура! Акмак, энеңди урайын, киши эмес турбайбы!
— Эми дагы түнү менен иштешке туура келет, — деди ал эми эле буркан-шаркан түшкөнүн унутуп.
Бул түнү да Мартин эч нерсе окуй алган жок. Бир жумадан бери гезит бетин караган жок, карагысы да келбей турганына өзү да таң. Жаңылыктардын ага кызыгы да жок эле. Суй жыгылганча иштеген адамдын эмнеге көңүлү келмек, ошентсе да ишемби күнү велесепет менен Оклендге барып келейин деди. Жолдун ыраактыгы — барышы жүз он эки чакырым, келишиң да ошончо, башкача айтканда, таптакыр эс албайт, андайбы, демек, келерки жумага күч-кубат топтой албайт. Поюзга түшө калса деле эки жарым доллар менен барып келмек дечи, бирок Мартин бир тыйын болсо да үнөмдөп, акча чогултууну бекем чечкен.
XVII ГЛАВА
Мында иштегени Мартин кыйла жаңы иш көндүмдөрүн үйрөндү. Биринчи жумада Джо экөө бир эле күндүн ичинде эки жүз ак көйнөктү жууп, үтүктөп чыгышты. Джо машиненин басымын жөнгө сала турган темирдин учуна үтүктү илип коюп, андан көйнөктөрдүн крахмалдуу бөлүгүн үтүктөн өткөрүп, Мартинге ыргытып турду, тиги болсо аларды тактайга жайып алып, калган жактарын үтүктөп жатты.
Бул узак саатка тынымсыз созулган, адамдын жанын сууруп алгандай оор жумуш эле. Кир жуугучтун терезесинен көрүнгөн конок үйүнүн верандасында болсо апакай кийимчен мырзалар менен айымдар көңүл ачып, ары-бери серүүндөп басышып же үстөлдөргө отуруп алып, муздак суусундуктардан ууртап коюп эс алып отурушту. Бул жерде тозоктун төрүндөгүдөй ысык жана дем кыстыктырган үп болуп турат. Эрип кетчүдөй болуп кызарган плитадан лапылдаган ысыктын илеби уруп, ным кирлерди бышылдата баскан үтүктөрдөн буу бүркүлөт. Бул үтүктөр үйдөгү кожейкелер колдонгон үтүктөрдөй эмес, булар алда канча жогору температурага жеткенге чейин ысытылат. Ысыгын кадимки эле колуңду шилекейлеп же бетине түкүрүп текшерип көрчү үтүктөр Мартин менен Джого али ысый элек үтүктөр болор эле.
Бул жердеги үтүктөрдүн ысыгын алар жаагына жакын такап туруп аныкташчу. Мында кандайдыр бир өзгөчө сезгичтик болор эле, муну Мартин адегенде түшүнбөй жүрдү. Үтүк абдан ысып кеткенде анын бетин муздак сууга бир малып алышчу. Бул иш да эпчилдикти талап кылган иш болчу. Үтүктүн бетин муздак сууга бир секундага кармап туруп дароо кайра ала коюш керек; Мартин бул оор кыймылды ушунчалык эпчилдик менен автомат сыяктуу аткарганына өзү да таң калып жүрдү.
Бирок минтип укмуш турбаймынбы деп отурганга убакыт жок болчу. Болгон дитин ишке койгон. Тыным албастан иштей берип, бара-бара тирүү машинедей эле болуп калды, мындай иш адамды соо коёбу, анын болгон күч-кубатын өзүнө соруп алып атты. Башында баягыдай дүйнөнүн, жашоонун табышмактары жөнүндө ойлогонго жер калган жок. Мээсиндеги бардык кенен, мейкин жерлер чапталып, жабылгандай эле. Акыл-эси колуна, манжаларына үтүктү тигиндей карма, жеңдерди, көйнөктөрдүн этектерин, өңүрлөрүн, капталдарын тигинтип үтүктө, үтүктөлгөн көйнөктөрдүн бүктөөсүн жазба деген сыяктуу буйруктарды гана берип турган тар, кичинекей штурмандык рубкага айлангандай.
Мээси бир көйнөктү аяктап, экинчисине кам уруу менен гана алек эле. Ушинтип тыным албай алпурушкан узак сааттар Калифорниянын аптаптуу ысыгынан сырттагы дүйнөнүн кыбыр эткен кыймылы токтоп калганга дейре уланаар эле. Иш бир гана кир жууган жерде токточу эмес, анткени конок үйүндөгү сылаңкороз тургундарга таза кийимдер ар убакта керек болчу.
Мартинден тер суудай агып турду. Сууну чакалап ичип атса да, ысыктын катуулугунан денесинен шорголоп акпаган жер жок. Деңизде матрос болуп жүргөндө Мартин өз убактысына өзү кожоюн эле, бул жерде болсо кир жуугучтун ээси анын оюна да кожоюн болчу. Анткени жанын да, оюн да кыйнаган иштен башканы ойлогонго чамасы келбей калып атты. Башка ой деле жок эле. Жадагалса, Руфту да сүйөрүн унутуп калды. Тынымсыз оор иштен талкаланып, шалдырап бүткөн Мартиндин бирдемени эскерүүгө да шайы жок эле, бир гана төшөккө жатаарда же эртең мененки тамакты жеп отурганда анын бүдөмүктөгөн элеси эсине түшүп калып жатты.
— Тозоктон да жаман экенби э? — деп сурады күнү Джо.
Мартин ооба дегендей башын ийкеди да, күтүлбөгөн жерден жини келе түштү. Мунун себеби айтпаса деле түшүнүктүү болчу. Алар эч качан иш үстүндө сүйлөшчү эмес. Кеп ишке жолтоо болгондуктан азыр да Мартин Джонун суроосуна алаксый түшүп, эки жолу артыкбаш кыймыл жасап жиберди.
Жума күнү эртең менен алар кир жуугуч машинени ишке киргизишти. Конок үйүнүн тасмалдарын, сүлгү жана жаздык кап сыяктуу кирлерин жумасына эки жолу жууганга туура келчү. Булардын баарын жууп бүткөндөн кийин гана ич кийимдерге өтүшчү. Бул машакаты арбын, бат эле адамдын эсин оодарып салчу түйшүгү көп, анан да колду кармаган иш эле. Аткарганда да бул ишти абдан кылдаттык менен жасаш керек, ушуга байланыштуу Мартиндин иши жай бүтүп жатты; бир эле жаңышылса иши текке кетерин ойлоп да санаасы тынчыбады.
— Момуну көрдүңбү? — деди Джо бүктөп туруп алаканыңа катсаң батып кетчүдөй аялдын үлбүрөгөн жука жибек эмчек кабын көрсөтүп. — Күйгүзүп алсаң, сенден жыйырма долларды ошол замат кемитип коёт.
Кудай жалгап Мартин алардын бирин да күйгүзгөн жок. Ал мээси чыңалганы менен булчуңдарын эркинирек таштап, болгон ынтаасын коё абдан этияттык менен үтүктөгөндү билчү. Азыр да Джонун өздөрү жуубаган соң мындай жука ич кийимдерди кийген аялдарды ашата сөгүп атканын тыңшап коюп, ичинен туура айтыбатат деп иштей берди. Экөөнүн далай убактысын уурдаган мына ушул үлпүлдөгөн жука ич кийимдер эле да. Керели кечке алпурушуп атып, акыры бүтүп, кечки саат жетиде ишти токтотушту. Эми шейшептерди, тасмалдарды жана сүлгүлөрдү үтүктөш керек болду. Эл жаткан түнкү саат ондон тарта экөө кайрадан ич кийимдерге киришти, аларды жууп, үтүктөп даярдап койгончо саат түнкү эки жарымдан ары чаап кетти.
Ишемби күнү да эртең менен дагы толтура ич кийим, башка майда-чүйда кирлер келди, ошентип алпурушуп атып бир жумалык иш күндүзгү саат туура үчтө аяктады.
— Бу ирет Оклендге барбай эле коёт окшойсуң? — сурады Джо, экөө тепкичке келип эс алып олтуруп тамеки тартып атканда.
— Барышым керек.
— Эмнегеле аякка чуркап турасың ия? Кызга барасыңбы же?
— Жок, мен китепканага барып китеп алам. Эки жарым долларды үнөмдөш үчүн поюзга түшпөй, велесепет менен эле барып атам.
— Китебиңди почта менен эле жибербейсиңби? Көп болсо жыйырма доллар кетер.
Мартин ойлоно түштү.
— Сен эртең андан көрө жакшылап эс ал, — деди сөзүн улантып Джо. — Сөзсүз эс алышың керек. Баспай каласың. Мен өзүмдөн улам айтып жатам. Бачагым чыгып кетиптир.
Бул көрүнүп турду. Секунда менен мүнөттөрдү кыскартсам деген, тыным албай иштеп, жетер чегине жеткен адамдан жасалган мотор Джо бир жумалык ишин аяктап, тырп этерге дарманы жок шалдайып отурган кейпи эле бул. Кыйналып алы кеткени ушунчалык, кабагы кара булуттай түнөрүп, иреңи күлдөй бопбоз. Тамекини чыласына чейин соруп, үнү да каргылданып чыкпай калыптыр. Бул адамда азыр баягыдай шайдооттук, кайрат жок эле, жадагалса, аны алдыда турган эс алуу да кубандырбай турду.
— Дүйшөмбүдөн баштап дагы кайра башынан түшөбүз, ээ… — зирк этип алды Джо жерге чыйт түкүрө, — мунун баарынын эмне кереги бар деги? Ия? Мен кээде кайырчыларга ушунчалык суктанып кетем, энең. Эй, буларың иштебесе деле күн көрүп атышпайбы. Ох, энең, азыр бир крүшкө муздак пива болсо, сонун болмок эмес беле, бирок энең, пива ичиш үчүн кыштакка барыш керек да. А сен келесоо болбо, андан көрө китептериңди почтого салдырып ал да өзүң биерде калып эс ал.
— Биерде калганда кечке эмне кылам? — деди Мартин.
—Эс аласың. Өзүңдүн канчалык чарчаганыңды сен билбейт окшойсуң. Мен болсом жекшембиге чейин тимеле тырп этерге алым калбайт. Гезит караганга да чамам болбой калат. Бир жолу келте менен ооруган элем. Ооруканада эки жарым ай жаттым — бирок бир жолу кыбыр этип да койгон жокмун. Жыргадым эле атаңгөрү, ошондо бир!
— Ооба, сонун болгон эле! — кайталап койду ал кыялдана түшүп.
Мартин мончого түшкөнү кетип, кайра келсе, Джо жок. Пийва ичкени кеткен го деп ойлоп, бирок аны издеп кыштакка барууга көңүлү чаппады. Бөлмөсүнө келип, керебетке бутун чечпестен кыйшайды да, түркүн ойго батып кетти. Китепти баягы бойдон ачкан жок. Тимеле эзилип калган экен, кечки тамактын мезгилине чейин үнсүз-сөзсүз, чала жан кишидей сулап жатты. Джодон дагы эле дайын жок. Багбанчыдан сураса, аның арак ичкен жеринен чыга албай отургандыр деди. Кечки тамакты ичип келип эле кулаган бойдон терең уйкуга кетти, эртеси күнү эртең менен өзүн толук эс алгандай сезип, уйкусунан ойгонсо Джо дагы эле келбептир. Гезиттин жекшембилик санын алды да бактын астында окуп отурду. Гезитке кызыгып күн шашкеден кандай өткөнүн да билбей калыптыр. Ага эч ким жолтоо кылган жок, көзү талып уктап да кетпеди, бирок ошондой болсо да, гезитти акыр аягына чейин окуй албады.
Түштөн кийин кайрадан окууга киришти эле, бирок тез эле гезитти жазданган бойдон кайрадан уктап калды.
Жекшемби күн ушундайча өттү, ал эми дүйшөмбү күнү эртеңден баштап, Мартин кайра кир ич кийимдерди иргей баштады. Джо болсо, башын сүлгү менен таңып алып, ашата сөгүнүп самындан чылап, кир жуугуч машинени жүргүздү.
— Меники ушу, башка аргам жок, — деди ал, — ишемби күн келери менен эле ичким келип турат.
Тынымсыз оор эмгектенген дагы бир жума өттү, жума бою алар чакыйган электр жарыгында түнкүсүн иштешти. Ишемби күнү саат туура үчтө иш токтоору менен Джо зарыгып күткөн дем алышын алып, кайгысын унутуу үчүн кыштакка жөнөп кетти. Мартин бул жекшембини да, өткөн жекшембидей эле өткөрдү. Бактын көлөкөсүндө жатып алып, колундагы гезитти окуган киши болуп кечке дейре эч нерсе кылбай, эч нерсени ойлонбостон сулк жата берди. Аябай чарчагандыктан, ойлоого мээси да иштебей, өзүнүн мындай кебетесин жек көрө баштады. Анын көкөлөгөн кыялдары төмөн чөгүп, атак-даңкка болгон көксөөсү мокоп, кайраты азайгандыктан, баягыдай умтулууну сезбей да калды. Ал азыр тирүүнүн өлүгү болчу. Дем алып атканы менен жаны өлүү эле. Жумушка чегерилген бир малдай эле. Баштагыдай жашыл жалбырактарды көзөп жылоолончу күндүн шооласынын кооздугун сезбей, ай-ааламдын чексиз көк-жашыл түсү да баягыдай өрөпкүтпөй калды, өзү сырларын билүүгө дилгирленген, табышмак сыры толтура космос жөнүндө ойлоого да шайы жок болчу. Турмуш ага кунарсыз, супсак көрүнүп, оозунда анын ачкыл даамы гана калды. Анын элестеринин экраны кара парда менен жабылып, кыялдары болсо күн нуру жетпеген тым караңгы бурчка камалгандай сезилди.
Мартин эми утуру ишемби сайын кыштакка каттап, аракка өлө тоюп, ылжып мас боло келерки оор жуманын кайгысын басаңдатып келчү Джого суктана баштады.
Бул жерде иштегенине үчүнчү жума болуп баратты. Мартин өзүн өзү жектеп, жашоосуна наалат айтып жатты. Санаасын жеңилүү жөнүндөгү ой кара булуттай басты да калды. Аңгемелерин жараксыз деп четке каккан редакторлордуку чынында туура экен. Буга азыр ачык түшүнүп, кечеки эле дымагына, желбиреген кыялдарына кайра өзү күлдү. Так ушул кезде Руфь «Деңиз ырларын» почто аркылуу өзүнө салып жиберген экен. Кыздын катын көңүлсүз окуп чыкты. Руфь кыязы, анын ырларына суктанганын билдирем деп абдан аракеттенген окшойт. Ал эч качан калп айтканды билчү эмес, чындыкты жашыруу да ага кыйын эле. Ырларынын жакпай калганы Руфтун жазган катынын ар бир сабынан даана сезилип турат.
Бул туптуура деди ал, жазган ырларын кайрадан окуп чыгып, кооздукка болгон сезими таптакыр мокоп калгандыктан, буларды жазганга эмне мажбурлаганын эч бир түшүнө албай турду. Мыкты чыккан деген сөздөрү жана сөз тизмектери эми күлкүсүн келтирип, салыштыруулары абдан эле обу жок жана шумдуктуудай көрүндү. Азыр эле тура калып, «Деңиз ырларын» жан дили менен өрттөп салмак эле, бирок кагазды өрттөш үчүн машина бөлүмүнө барып, анан от жагыш керек эле, буга алы келген жок. Анткени болгон күчү чоочун адамдардын кир кийимдерин жууганга короп, өзүнүн жеке иштерин жасаганга шайы калган эмес болчу.
Мартин жекшемби күнү эптеп чыгынып, Руфка кат жазып жиберүүнү чечти. Бирок ишемби күнү кечинде ал жумуш аяктап, мончого түшүп келген соң көр түйшүктүн баарын унуткусу келип туруп алды. «Барып көрөйүнчү, Джо кантип көңүл ачып атты экен», — деди ал өзүнө өзү жана ошол замат өзүн алдап жатканын сезди, бирок бул жөнүндө ойлогонго анын кайраты жетпей турду, — жетишкен күндө деле өзүнүн алдамчылыгын билдирмек эмес, анткени көңүл ачуу баарынан жогору болуп турду ушу тапта. Ал шашпай басып, кыштакты көздөй бет алды бирок пийваканага жакындаганда кадамы өзүнөн өзү ылдамдап кеткендей болду.
— Мен сени суудан башканы ичпейт ко деп ойлодум эле! — деген Джо досу аны барбалаңдап тосуп алды.
Мартин анын сөзүнө жооп кайтарбай туруп, бир бөтөлкө кызыл вино алды да, өзүнө бир ыстыкан толтура куюп туруп, бөтөлкөнү Джого сунду.
— Кана, ал эртерек, — деди Мартин корс этип.
Джо буйдала түштү, Мартин ага карабай колундагы ыстыканды тарс согуп ийип, шалдырата кайра экинчисин куйду.
— Эми күтүп турайын, — деди Мартин кабагын ачпай, — ылдамыраак алып жиберели.
Джо көп суратпай экөө чогуу тартып жиберишти.
— Жетер жериңе акыры жеткиришкен экен э? — деди Джо.
Бирок Мартин бул теманы талкуулагысы келген жок.
— Бул иш эмес эле бир тозок деп айтпадым беле сага, — Джо сөзүн улап. — Чынын айтсам, мага сенин артка сийгениң жакпай турат, Март. Э, койчу, энесин урайын калжырак кепти! Келе, алып жиберели.
Мартин унчукпастан шыпкап ичип, улам жаңы шишелерди алып келдире берди, анын мындай марттыгы баарынан да кебетеси кызга окшош, көгүлтүр көз, чачын тең бөлүп жалпайта тараган, ушул эле айылдын жигити — барменге өлө жакты.
— Адамдарды минтип эшектей кылып эзип иштетүү — жеткен чочкочулук, — деди Джо. — Эгерде мен ичпесем, анда бар го, бул мекемени кудай урсун, эчак эле өрттөп иймекмин. Алардын бактысына мен ичип калганымды карачы, эй.
Бирок Мартин эч нерсе деп жооп кайтарган жок. Дагы бир эки ыстыкан соккондон соң башы эңги-деңги боло түштү да, ичимдик мээсине тепти. Ох! мына ушул бир нече жумадан бери ал жашоонун демин кайрадан сезип турду. Желбиреген кыялдары кайра жанды. Алар жанагы тумчуккан караңгы жерден атып чыгып, кайрадан бийикке көкөлөп учту. Элестөөсүнүн экраны кайрадан жарык кумүш түспөлдөнө жанып чыкты, бирин бири кубалашкан жаркын элестер кайрадан көз алдынан чубурду. Нурдуу, керемет кооз нерселер аны колдон жетелеп, мээсин кайрадан ээлеп алышты. Ал мунун баарын Джого түшүндүрөйүн деди, бирок ал бакылдап өзүнүн армандагандарын айтып кирди – Джо эптеп жан бакканын токтотуп, өзү чоң кир жуугучкананын кожоюну болсом деп эңсеп жүрүптүр.
— Ушундай Март, бирок мен жаш балдарды эч качан ишке салбайм, буга бөркүңдөй ишене бер. Кандай кыйынчылык болсо да аларды иштетпейм. Кечки саат алтыдан кийин кир жуугучканада тирүү жан калбайт. Уктуңбу? Машинелер да, адамдар да көп болот, иш өз убактысында бүтөт. Сени болсо өзүмө жардамчы кылып алам. Менин планым ушундай. Ичкиликти таштайм да анан акча чогултуп туруп, эки жылдан кийин…
Бирок Джонун планын жанында отурган айылдык балага таштап коюп, Мартин уккан да жок. Джо оюн акырына чейин айтып бүтүргөнчө кыштактык баланы шарапканага жаңы эле кирип келген жергиликтүү эки фермер чакырып калды. Мартин падышаныкындай жоомарттык менен ашарапканадагылардын түгөл баарын — эки-үч бир мандикер кедейди, багбандын жардамчысы менен конок үйүнүн атбагарын, эмелеки айылдык жигитти, анан кирген чыкканды көлөкөдөй ээрчип, шарапканадан кете албай айланчыктаган кайырчыны кошо сыйлады.
XVIII ГЛАВА
Джо дүйшөмбү күнү эртең менен сөгүнүп сагынып алып, кир кийимдердин бир таңгагын машинага ыргытты.
— Ошондуктан айтып атканым да…— деп баштады эле.
— Койчу! — деди араң турган Мартин ага зиркилдеп.
— Кечирип кой, Джо, — деди кийин Мартин, экөө тамакка отурганда.
Джонун көзүнө жаш тегерене түштү.
— Эч нерсе эмес, байкеси, — деди ал, — өзүбүз ит турмушта жашасак, анан кээде ушинтип карманалбай кетесиң да. Бирок мен сени башынан эле эмнегедир бөтөнчө жакшы көрөм. Кудай урсун. Ошондуктан кээде капаланып да кетем. Мен сага абдан көнө түшүпмүн.
Мартин анын колун бекем кысып койду.
— Баарына түкүрүп салалычы, — сунуш кылды Джо, — жүр, энесин урайын, селсаяк болуп кетели. Мен эч качан минтип көргөн эмесмин, бирок бул абдан жагымдуу болсо керек. Ойлоп көрчү: эчтеке кылбаган кандай сонун! Мен бир жолу келте менен ооруп, ооруканада оонап жаткан элем, муну эстегендин өзү жагымдуу, энең. Кайра бир ооруп калсам кана эми.
Жумалар өтүп жатты. Мейманканадан конок үзүлбөй, жуула турган жука ич кийим да көбөйгөндөн көбөйдү. Алар баарына бардаш уруп, электрдин жарыгында түн оогонго дейре иштеп атышты, тамактын убактысын да кыскартып, ишти таң заардан тура калып баштап жатышты. Мартиндин баягыдай муздак сууга жууганга да убактысы калбай калды. Джо болсо убакытты билгичтик менен пайдаланып, бир мүнөттү да текке кетирбейт, убакытты сараң пулун эсептегендей секундасынан өйдө эсептеп, аянбай, өзүн өзү унутуп, машинедей иштеп атты, аны менен тыгыз байланышта бир кезде Мартин Иден деп аташкан адам — экинчи тирүү машине иштеп жатты.
Мартин чанда гана ойлончу болду. Ойлорунун уясы жабык, терезелери кагылып салынган эле, өзү болсо анын эшигинин алдындагы караңдаган кароолчуга айланып калганы. Ооба, так караанга айланбадыбы. Джо туура айткан экен. Экөө башы менен аягы көрүнбөгөн эмгек майданындагы караңдаган караандар эле. А балким, мунун баары түшүндө болуп аткандыр? Колтойгон оор үтүктөрдү ысык буусун чыгара апакай ич кийимге ары-бери басып атып, Мартин чын эле мунун баары түш болсо керек деген ойго алдырчу. Балким жакында, балким миң жылдан кийин ал өзүнүн баягы тар, караңгы бөлмөсүндө уктап жаткан жеринен ойгонуп кетет да, сыяга булганган үстөлүнө отуруп, токтотуп койгон ишин улантаттыр. А балким анысы деле түшү болгон чыгаар, вахта алмаштырганга керебетинен ыргып туруп, палубага чыгар да, жылдыздар жайнаган тропиктин асманы астында штурвалга туруп, желдин салкын деми денесин ичиркентип жиберер.
Ишемби дагы келип, саат үчтө жумуш аяктады.
— Барып бир ыстыкандан пийва бастырып келсекпи ия? — деди Джо кайдыгер, ал бошошуп, көөнү майрам тилеп турду.
Бирок Мартин уйкудан ойгоно түшкөндөй эле. Ал велеспетин бир сыйра майлап жөндөп, рулун текшерип, бир сыйра тазалап чыкты. Ал велесепеттин рулуна жатып алып, педалын бир калыпта чимирилте айдап, алдыдагы жетимиш милдик чакырым баса турган чаңдуу жолду тиктеп, уруп жөнөгөн чакта Джо эчак шарапканада отурган. Жетти да ошо күнү Оклендде түнөп, эртеси жекшемби кайра тартты да дүйшөмбү күнү ишке чыгып кете берди, алыс жолдон чарчап келсе да бул жолу ичпей койгонуна ичинен кубанып жатты.
Арадан беш жума өтүп, артынан алтынчысы узады, Мартин болсо машине сыяктуу иштеп жашай берди, бир гана тээ жүрөгүнүн түпкүрүндө, аны жума сайын велесепет тээп, жүз кырк миль аралыкты басканга мажбурлаган оттун кичинекей учкуну сакталып турган эле. Бирок алыс сапарга барып келген эс алуу эмес болучу. Бул баягы эле тынымсыз иштеген машиненин дагы бир ого бетер алсыраткан иши эле, ушинтип жүрүп Мартиндин бара-бара жүрөгүндөгү бул учкун да күйүп бүттү. Жетинчи апта аяктаганда эч бир буйдалып отурбай Джону ээрчип айылдагы шарапканага келди да «турмуштун даамынан» аянбай татып, ошонун деми менен дүйшөмбүгө чейин жашады.
Бирок ал кийинки ишемби күнкү чарчап шалдайганын андан бетер күчөтүп, кайра жетимиш милдик жолго аттанып чыкты. Ошентип жүрүп, үчүнчү айдын этегинде гана Джо менен үчүнчү жолу айылга барып келди. Кайрадан көнүмүш жашоону улантты эле, бирок күтүлбөгөн жерден мээсин чагылгандай жарк эткен ой жанып өтүп, эсине келе түштү да өзүнүн айбан кейиптенип калганын көрдү, — ичкенден эмес, бели бүгүлбөй иштегенден ушул абалга жеткенин түшүндү.
Ичимдикке берилип кеткени себеп эмес, анын кесепети болду. Балекет баскыр ичкилик аны дайыма жумуштан кийин түн артынан таң аткандай эле артынан калбай ээрчип калган тура. Мындай макулукка айлансаң эңсеген бийиктигиңе өмүрү жетпейсиң; виски мына ушул ойду ага таңуулаганы, буга ал макул эле. Виски ага улуу даанышмандык кылды. Маанилүү акыйкатты ачып берди.
Мартин кагаз менен калем бергиле деди да шарапканага чогулгандардын баарын сыйламакка шарап алдырды, элдин баары бака-шака түшүп, анын ден соолугу үчүн ичип атканда Мартин үстөлгө эңкейип бир нерселерди кагазга жазып атты.
— Джо, телеграмма, — деди ал анан, — окуп көрчү.
Джо адегенде мастыгы менен жалжая күлүп окуп кирди да, катта жазылган нерсе аны ошол замат соолуктуруп койду. Бул эмне кылганың дегендей Мартинге карады да көздөрүнөн жаш кылгыра түштү.
— Сен мени таштап кетесиңби, Март? — муңая сурады ал.
Мартин башын ийкеди да, бир балакайды чакырып, телеграфка чуркатып жиберди.
— Токто! — деди тили булдуруктаган Джо, — сага бир нерсени айткым келип турат.
Ал кулап баратып, кайра бийик үстөлдүн кырынан кармай калды, Мартин да ошол замат белинен кучактап жөлөй кармап калды.
— Жаз, эки кызматчы тең кетет деп жаз! — бурк этти күтүлбөгөн жерден Джо. — Жаз.
— Бирок, сен эмнеге кетесиң? — сурады Мартин.
— Сен эмнеге кетибатсаң, мен да ошончүн кетем.
— Мен деңизге чыгып кетем, сен кайда бармак элең.
— Туура, — деди Джо, — бирок мен кайырчы болом. Өлө сонун да бул.
Мартин бир мүнөттөй ага тигиле карап турду анан мындай деп жиберди:
— Энесин урайын, туура айтасың! Жүк арткан мал болгондон көрө кайырчы болгон артык. Жок дегенде, анча-мынча болсо да жашайсың. Сенде ушуга чейин деги кишидей жашоо болду беле.
— Болгон, — Джо аны түзөтүп койду. — Бир жолу ооруканага жаткам.
Мартин телеграмманын текстин өзгөрткүчө, Джо мындай деди:
— Ооруканада жатканда таптакыр ичким келген эмес. Укмуш ия? Ал эми жума бою аттай иштейсиң, анан ичпей коёсуңбу? Ашпозчулардын аракты суудай ичкенин… наабайчылар деле алардан кем калышпасын элдин баары билет… Жумуш ушундай болубатса эмне кыласың анан. Токто! Телеграмманын жарым акысын мен төлөйм.
— Макул, эсептешебиз, — деди Мартин.
—Эй, баарыңар бери келгиле, мен сыйлайм! — кыйкырды Джо үстөлгө акчасын чачып таштап.
Дүйшөмбү күнү эртең менен Джонун тынчы кетип, толкунданып турду. Башынын сынып турганына да көңүл бурбай, ишти карап да койгон жок. Ал терезеден сырттагы күн нуруна, жашыл бак-дарактарга суктана тигилип отурганча бир канча убакыт өтүп кетти.
— Карачы, — деп кыйкырды анан. — Мунун баары меники эмеспи. Бул эркиндик да! Эгер кааласам, мен бул көк-жашыл бак-дарактын көлөкөсүндө миң жылга чейин уктасам да өзүм билем. Жүрү, Март. Бардыгына түкүрдүк. Маа десе, калганы камыран калсын! Эмнени күтөбүз! Алдыда бекерпостуктун өлкөсү жатат, мен ошол жакка белет алам, бирок кайра баспайм.
Бир нече мүнөт өткөндөн кийин Джо кир жуугуч машинени кир кийимдер менен толтуруп жатып, конок үйүнүн ээсинин белги салып койгон кир көйнөгүн көрө койду. Азыр эле төбөсүнө кулап түшкөн эркиндикке жетине албай, колундагы көйнөктү жерге бир чаап, буту менен тебелеп кирди.
— Энеңди урайын, бу сенин көйнөгүң эмес эле, башың болуп калса кана, семиз чочко! — деп кыйкырды Джо. — Ме сага! Ал! Ме! Ме сага! Эр болсоң мени бирөөң азыр токтотуп көрчү. Көрсүнчү!…
Мартин күлүп, аны акылына келтиргенге аракет кылды. Шейшемби күнү кечинде эки жаңы кызматчы келип, Мартин менен Джо жуманын акырына чейин аларды бардык эреже тартипке үйрөтүү менен алек болушту.
Джо насаат гана айтып, колун суук сууга уруп койбоду.
— Урдум! — деди ал. — Эми колумдун учун дагы кыбыратып койбойм. Мейли, мени мөөнөтүнөн мурда айдаса айдап чыксын, баары бир эч нерсе кылбайм. Мен иштеп бүттүм. Мындан ары жүк арткан вагондорго түшүп алып жүрө берем, бактын көлөкөсүндө каалашымча уктайм. Эй, силер! Ишмерлер! Аябай аракеттенгиле! Териңерди агызгыла! Шайтан баскырлар, кара териңерди төгө бергиле! Ал эми! Силер да так мага окшоп баспай калганда мендей чирип бүтөсүңөр, баары бир эмеспи? Ия? Чыныңарды айткылачы, баары бир эмеспи акыры, ия?
Алар ишемби күнү мекеме менен эсептешип, экөө жолдун айрылышына чейин чогуу келишти.
— Албетте, сен мага кошулбайсың да, буга сени үгүттөөнүн да кереги жок, — деди Джо, үмүтү үзүлгөндөй түр менен.
Мартин башын чайкады. Ал велесептке отурсам деп камданып калган. Экөө бирин бири кыялбай, коштошуп кол алышып турганда Джо мындай деди:
— Март, бул жарыкта экөөбүз дагы көрүшөбүз. Мен буга ишенем. Кош эми, Март, жолуң ачылсын, бактылуу бол, жигитим. Сени, ишенсең, абдан жакшы көрөм. Абдан!
Джо Мартиндин карааны бурулуштан көрүнбөй калганча жолдун ортосунда артынан муңая карап узатып кала берди.
— Кайран жигит, — деди ал күңк этип, — жигиттин гүлү эле да.
Андан кийин ал, бир таман жол менен илкий-калкый кадам шилтеп, жүк ташуучу поездди күтүшүп, эңкейиште жатышкан беш-алты сел-саяктардын сол жагындагы кичинекей көлчүкчөнү көздөй бет алды.
XIX ГЛАВА
Руфь үй-бүлөсү менен чогуу Оклендге кайтып келген соң Мартин аны менен кайрадан жолугуша баштады. Руфь окумуштуулук наамын алгандан кийин, андан ары окуганын токтотуп койду, Мартин болсо, бардык күчүн оор эмгекке жумшап, жазганын унутуп калган эле. Бул аларга бат-баттан көрүшүүгө мүмкүнчүлүк түзүп, алар жакындашып да кетишти.
Алгачкы күндөрү Мартин эч нерсе кылбай, жалаң гана эс алуунун үстүндө болду. Ал көп уктап, көп ойлонуп, айтор өзүн запкыдан соң акырындык менен оңоло баштаган адам сыяктуу алып жүрдү. Жандануунун биринчи белгиси анын акырындык менен гезитке кызыга баштаганы болду. Андан кийин ал кайрадан окуй баштады, адегенде ырларды, майда аңгемелерден баштап, анан бир нече күн өткөндөн кийин эчак унутулуп калган Фискти кайрадан колуна алды. Анын ден соолугунун мыктылыгы өткөндө жоготкон күч-кайратын калыбына келтиргенге жардам берип, кайрадан жаштыктын жалындаган демин сезе баштады.
Жакшылап эс алып алгандан кийин сүзүүгө кете турганын айтса, Руфь абдан капа боло түштү.
— Эмнеге? — сурады Руфь.
— Акча керек, — деди ал, — мага, басма кызматкерлерине каршы жаңы чабуул баштаганга акча керек. Акча менен сабырдуулук — бул күрөштөгү эң жакшы курал.
— Сизге акча эле керек болсо, анда эмне үчүн кир жуугучканада кала бербедиңиз?
— Себеби, кир жуугучкана мени малга айландырып салды. Мындай иш адамды ичкиликке түртөт экен.
Руфь аны жүрөгү түшө карап калды.
— Сиз эмне…— деп баштады Руфь.
Ал айтпайм десе Руфтан болгон ишти оңой эле жашырып коймок, бирок анын чынчылдыгы буга жол бербеди, анүстүнө жакында эле кандай болбосун, туурасын айтып жүрөм деп өзүнө берген антын эстей койду.
— Ооба, — деп жооп берди ал, — бир нече жолу ошондой болду.
Руфь селт этип чочуп кетип, андан кетенчиктей түштү.
— Менин тааныштарымдын эч кимиси мындай окуяны башынан өткөргөн эмес.
— Кыязы, алардын эч кимиси «Кайнар Булактагы» кир жуугучканада иштебесе керек, — деди ал, кейиштүү жылмая, — ар бир адам иштөөгө тийиш, эмгек адамга пайдалуу, муну диниятчылар деле айтып жатышат; кудай турат, мен эч качан иштен качкан эмесмин. Бирок ар нерсенин чеги бар эмеспи. Мен иштеген кир жуугучканада андай чек жок экен. Ошондуктан кайра деңизге чыгууну чечтим. Бул менин эң акыркы сапарым болот. Кайтып келгенден кийин басма кызматкерлерин жеңип чыгарыма ишенем.
Нааразы болгон кападар Руфь унчукпай калды, Мартин болсо өзүнүн башынан өткөргөндөрдүн баарын ал эч качан түшүнө албай турганын сезип турду.
— Качандыр бир кезде мен ушунун бааарын «Эмгектеги басынтуу» же «Жумушчу табындагы араккечтиктин психологиясы» деп же болбосо ушул өңдүү бирдеме жазам.
Алгачкы жолку таанышууну эстебегенде, бул экөө бирин-бири эч качан мынчалык алыс сезе элек болучу. Мартиндин кызуулана тарс эттире баарын ачык айтып таштаганы Руфту ирээнжитип турду. Бирок Руфту бул ахыбалга салган жагдайга караганда, анын келип чыгыш себеби кызды көбүрөөк таң калдырды. Руфь буга чейин экөө бири-бирине кандай жакын болгондорун эстеп, азыр Мартинге андан бетер жакын болгусу келди. Ичинен Мартинди оңосом деген ой пайда боло түштү. Ал жолунан адашкан бул жигитти айлана-чөйрөсүнөн, каршы болгонуна карабай анын өзүнөн куткарсам деп ойлоп кетти. Бул ага жөн гана жакшылык кылып аткандай көрүнгөнү менен анын тереңинде жигитке болгон кызганыч менен сүйүү катылып жатканын кыз билген жок.
Күздүн мээрими көлбүгөн ачык күндөрү экөө велесипет тээп, тээ шар четине чыгып кетишер эле, ал жерде баягы жакшы көргөн дөбөдө отуруп алып, бири бирине сезимди козгоп, кыялды көкөлөткөн, асыл ойлорго чакырган ырларды окуп беришчү. Руфь ага атасынын, мистер Бэтлердин жана мусаапыр кедей баладан бүт дүйнөнү китепке көөмп салып «китептердин падышасына» айланган Эндрь Карнегинин таржымалдарын айтып, бул жашоодо бирдемеге жетиш үчүн жан күйгүзүш керек экенин, сабырдуу жана эмгекчил болуш керек экенин кыйыр айтып сиңирүүгө аракет кылып жатты.
Руфтун бул аракетин Мартин да баалады. Ал эми кыздын ойлорун кыйла жакшы түшүнө баштагандыктан, анын ички жан дүйнөсү ага баягыдай жети кулпу салынган табышмак болбой калды. Алар кадыресе ой пикир бөлүшүп, тең адамдардай аңгемелешчү болду. Мындагы пайда боло калган анча-мынча пикир келишпестиктер Мартиндин сүйүүсүнө кедерги болгон жок. Анын Руфка болгон сүйүүсү ого бетер күч алды, ал Руфту мурда кандай болсо, дал ошондой эле терең сүйө берди, тескерисинче, анын үлпүлдөгөн назиктиги чырайын ого бетер көркүнө чыгара ачып турду.
Мартин узак жылдар бою буту шал болуп төшөктө жаткан, анан керемет бир күн келгенде буту кадимкидей асман астындагы катуу жерди басып, ашыгы Броунинг менен качып кеткен Елизавета Баррет жөнүндө окуп берди. Мартин да Руфь үчүн өз сүйгөнүнө Броунинг жасаганды жасайм деп чечти. Бирок аның үчүн Руфь да өзүн сүйүшү керек. Эң башкысы ушул эле, калганы баары жөнөкөй иш болчу. Мартин ага ден соолук жана күч кайрат бермек. Ал экөөнүн келечектеги чогуу турмушу жөнүндө көп кыялданчу. Кыялында өзү менен Руфту өз эмгегинин үзүрү менен тапкан, жасалгасы келишкен, ыңгайынын баары бар жаркыраган жашоодо көрө турган. Экөө окуп, поэзия туурасында кеп уруп отурушат, Руфь гүлдүү жаздыктарга кыңая чыканактап алып ага үн чыгара китеп окуп берип аткан болот.
Анын көз алдына дайыма экөөнүн келечектеги турмушунун ушул көрүнүшү тартыла берчү. Кээде Руфь эмес, ал Руфту белинен кучактай ага өзү китеп окуп берибаткан болот. Руфь болсо башын анын ийнине жөлөп турат. Кээде экөө бири-бирине кыналыша отуруп алышып бир китепти үн чыграбай чогуу окубатышкан болот. Руфь жаратылышты абдан сүйгөндүктөн, Мартиндин ээ жаа бербеген кыялы бул жагымдуу көрүнүштүн декорациясын улам-улам алмаштырып турат.
Экөө бирде бийик чокулар тегеректеген жылгада отурса, бир туруп жайкалган тоо шиберинин үстүндө, же деңиз толкуну шарпылдап келип уруп, кайра тартылып турган жээктеги кум үстүндө отурушкан болот; кээде өзүн кыз менен жанар тоолуу аралдарда, дүңгүрөп шаркыратма куюлуп, анын шамал айдаган чачырандылары деңизге чейин жетип аткан тропикада көргөнсүйт. Мына ушул керемет кооздуктун чок ортосунда дайыма китепке үңүлө Мартин менен Руфь турган болот, жаратылыш болсо назик жана тумандуу экинчи фонго – экөө дүйнөнүн болгон жыргалы менен ырахаттана турган эмгек менен ийгиликтин картинага алмашып чыга келет.
Бир күнү энеси Руфка эскерткендей кабатырлана минтип калды:
— Кызым, мен сага абайласаң экен деп кеңеш берер элем.
— Сенин эмне жөнүндө айтып жатканыңды билип турам, бирок бул мүмкүн эмес. Ал…
Руфь уялганынан кызарып кетти; мындай уялуу турмуштун ыйык сырлары жөнүндө биринчи жолу энеси менен сөз козгогон кыздын тартынчаактыгы эле. Энеси да кызга андан кем ыйык эмес болчу.
— Ал сенин теңиң эмес, — деди энеси анын айтайын дегенин аягына чыгарып.
Руфь башын ийкеди.
— Минтип айткым келген жок эле, бирок чынында ушундай да. Ал абдан орой, копол, кара күчү көп… абдан көп. Ал анчалык деле…
Кыз уялып кетип, токтой түштү. Мындай нерсе жөнүндө энеси менен биринчи жолу сүйлөшүп атканы өөн учурап, өзүн ыңгайсыз сезди. Анын айтайын дегенин кайра энеси айтып койду:
— Ал көбеле жакшы турмушта жашаган эмес. Ушуну айткың келди беле?
Руфь кайра башын ийкеп, кызара түштү.
— Ооба, так ушуну айткым келген. Бул албетте, анын күнөөсү эмес, бирок ошондой болсо да ал өзүн көп учурда…
— Жаман алып жүрөбү?
— Ооба. Коркуп да кетем. Кээде ал мага өзүнүн барып турган не бир ээн баш жоруктарын эч бир камырабай туруп айтканын укканда жүрөгүм түшөт. Тимеле эч нерсе болбогонсуп айтканычы. Минткенге болбойт да, туурабы?
Эне-кыз кучакташып отурушту, Руфь унчукпай калганда дагы эмнелерди айтаар экен деп күткөн энеси анын колунан сылап койду.
— Бирок ал мени эмнегедир кызыктырат, — деп сөзүн улантты Руфь, — биринчиден, ал менин кайсы бир даражада тарбиялануучум. Анан… жаш жигиттердин арасында эч качан досторум болбогондон кийин, — ал досум деле эмес. Бир эле убакытта досум да, тарбиялануучум да. Кээде ал мени коркутканда мен ырылдап азуусун арсайткан, мына-мына чынжырын үзүп кетчү бульдог ит менен ойноп жаткандай болом.
Руфь кайра үндөбөй калды, дагы эмне дээр деп энеси күттү.
— Мен ага ошо… ошо бульдогго кызыккандай кызыгам. Анын жакшы жактары деле бар, бирок менин ага… башкача мамиле кыла турган жактары тоскоол болуп тургансыйт. Азыр так ошолор жөнүндө ойлонуп турам. Ал сөгүнөт, тамеки чегет, ичимдик да ичет, мушташат, мунун баарын мага өзү айтып берген, алтургай, мушташканды жакшы көрөрүн да айткан. Бул чынында мен каалагандан таптакыр башка адам….
Ушул жерден үнү чыкпай калып, анан акырын гана:
— Самаган жигитим эмес. Андан тышкары анда кара күч көп. Менин сүйгөнүм арык чырай, шыңга бойлуу, баскан-турганы илбериңки, чачтары капкара болсо дейм. Жо, коркпой эле кой, мен Мартин Иденге ашык болбойм, антсем бул мага чоң бактысыздык болмок.
— Мен аны айткан жокмун, — деди энеси тайсалдай түшүп, — сен бир нерсени ойлодуңбу? Мындай адам сага баары жагынан туура келбейт… бирок ал сени сүйүп калсачы, анда кандай болот?
— Ал… ал мени эчактан бери эле сүйөт! — Руфь кыйкырып жиберди.
— Ушундай болмок эле, — деди мээримдүү миссис Морз. — Сендей кызды билген адам кантип сүйбөй коё алат?
— Олни болсо мени жек көрөт! — кызуулана айтып жиберди ал. — Мен деле аны жек көрөм. Ал жаныма жакын келип турганда өзүмдү мышыктай сезип кетем, тырмалап салгым келип турат, ага дегеле жакпай турганымды өзүм да билем, — канткен менен анын өзү мага жакпайт. Мартин Иден менен чогуу болгон мага жагат. Мени ушу кезге чейин эч ким сүйгөн эмес, “ушинтип” сүйгөн эмес. “Ушундай” сүйүктүү аял болгонуңду сезген сонун эмеспи. Эне, эмне деп айтайын дебатканымды түшүнөсүңбү? Өзүңдү чыныгы аялдай сезген ушунчалык жакшы экен… – Руфь бетин энесинин көкүрөгүнө ката койду. – Мен ушунчалык келесоо экенимди билип турам, бирок жок дегенде, ичимдеги сезимди ачык айтып атам.
Миссис Морз кызынын мунусуна бир чети кабатырланса, бир чети кубанып калды. Көз алдынан искусствонун бакалавры кызы жоголуп кетип, анын ордуна эми маңдайында аял-кызы отурду. Ойлогон иш ордунан чыкты. Руфтун мүнөзүндөгү түшүнүксүз жетишпегендиктин орду эми толду, болгондо да эч бир кыйынчылыгы менен опурталы жогеле толду. Олдоксон матрос өз милдетин аткарды, Руфь аны сүйбөсө деле ал анын аялдык сезимин ойготуп берди.
— Анын колдору калтырап турат, — деп атты Руфь, уяла жүзүн жаап, — күлкүң келет, бирок ага боорум ооруйт. Колдору катуу калтырап, көздөрүнөн от чачырай баштаганда мен ага насаат айтып, бардык кемчиликтерин көрсөтөм. Билем, ал мени кудайындай көрөт. Колдору менен көздөрү эч качан калп айтпайт. Мунусу мени чоң адамдай кылат, алтургай, муну ойлогондо эле ошондой сезип кетем өзүмдү. Өзүмдө кандайдыр мага гана таандык бир нерсе бар экенин түшүнө баштайм, башка кыздарга… жаш аялдарга окшоп баратканымды сезем. Билем, менин мурда башка кыздарга окшобогонум сени кабатырга салчу. Сен аны сыртыңан билдирбесең деле мен байкачумун, ошондуктан мен Мартин Иден айткандай, «мыкты» болгум келчү.
Бул эне менен кыздын алгачкы жолу ачык сыр чечишкен ыйык мүнөттөрү эле, күүгүмдөнүп келаткан кечте экөөнүн тең көздөрү нымдалышып турду; алардын бири – али күнөөгө бата элек, баладай баёо, башы ката элек Руфь болсо, экинчиси — перзентин сүйгөн, анын сырын билген жана акылын айткан энеси.
— Ал сенден төрт жаш кичүү экен, — деди энеси, — анын коомдо орду жок. Аның же бир жерде туруктуу иштебесе, маяна албаса. Абдан шалаакы болсо. Эгер сени сүйсө, анда кайдагы бир аңгемелерге кызыгып, баладай кыялданбай, сага үйлөнүүгө мүмкүнчүлүк менен укук берчү нерселер туурасында ойлонушу керек. Мен аның эч качан кадыресе чоң киши боло албайт ко деп корком. Анда эркектей болуп – сенин атаңдай, мистер Бэтлердей, дегеле биздин чөйрөнүн адамдарындай турмуштан чыныгы ордун табууга умтулуу деген жок. Менимче, Мартин Иден деген эч качан акча иштеп таба албайт. Жашоо болсо ушундай жаралган, акча керек: алар жок, бактылуу болуш кыйын, — о, мен ашып-ташкан чоң байлыкты айтыбатканым жок, түзүгүрөөк жашаганга мүмкүнчүлүк берген туруктуу киреше туурасында айтып атам. Ал деги өзүнүн сезими жөнүндө айтты беле?
— Ооз да ачкан эмес. Буга аракет да кылган эмес; мен муну айттырмак да эмесмин. Анткени мен аны таптакыр сүйбөйм да.
— Буга сүйүнүп калдым. Мен, өзүмдүн кызым, менин таза кызыкейим ушуга окшогон адамды сүйүп калышын каалабас элем. Бул дүйнөдө асыл, тыкан жана таза адамдар толуп жатпайбы. Бираз күтө тур. Бир бактылуу күнү сен дал ушундай адамды жолуктурасың да сүйүп каласың, ал да сени сүйүп калат. Сен аны менен, мен атаң менен кандай бактылуу болсом, дал ошондой бактылуу болосуң. Сен бир нерсени эч качан эсиңден чыгарбашың керек…
— Эмнени, эне?
Миссис Морздун үнү акырын жана назик боло түштү:
— Балдар жөнүндө, — деди.
— Мен бул жөнүндө ойлогом, — Руфь чынын айтып, күтүлбөгөн жерден эсине келе түшкөн орунсуз кыялдардан уялып, кайра кызарып кетти.
— Мистер Иден так балдардан улам сага күйөө боло албайт, — деди миссис Морз сөзүнө терең маани бере. — Балдар таза кандын тукумун улашы керек, а Мартин андай канды бере алат дейсиңби? Атаң мага матростордун турмушу жөнүндө айтып берген эле… сен алардын жашоосун… билесиңби?
Руфь бушаймандана энесинин колдорун кысып-кысып жиберип, баарын билип турганын, бирок өзүн санаркаткан коркунучка толгон бүдөмүк нерселер эч бир так, белгилүү ойдун шекилине ээ боло албай атканын сезип турду.
— Сени менен сүйлөшпөй туруп эч иш кылбайм, энеке, — баштады ал, — бирок сен менден кээде ушинтип өзүң сурап турушуң керек. Бул жөнүндө сага эчак эле айткым келген, бирок кантип баштаарды билбей жүргөм. Мунум балким, калп эле уялганым чыгар, бирок мага жардам берген сен үчүн энеке, оңой эле да! Сен кээде өзүң сурап, ичимдегини айтканга мага мүмкүнчүлүк түзүп беришиң керек. Сен деле аялсың го, энеке! — деп жиберди күтүлбөгөн жерден Руфь апасын колдон алып, бул экөөнүн ортосундагы жаңыча, али байкала элек теңдиктин сүйүнүчү эле. — Сен бул сөздү баштабасаң, мен эч качан бул жагын ойломок эмес экенмин. Сенин да аял экениңди түшүнүш үчүн мен да адегенде өзүмдү аял катары сезишим керек да.
— Биз экөөбүз тең аялбыз, — деди апасы аны кучактап, бетинен өөп, — биз экөөбүз тең аялбыз, — кайталады апасы бөлмөдөн кучакташып чыгып бара жатып кызы экөөнүн ортосунда кайрадан жаралган жолдоштук, жакындык сезимине эреркей түшүп.
— Биздин кичинекей кызыбыз, колукту болгусу келет экен, — деди бир саат өткөндөн кийин миссис Морз күйөөсүнө салтанаттуу жарыя кылып.
— Демек, бирөөнү сүйүп калыптыр дегени турасыңбы? — деди тиги аялына суроолуу тигилип.
— Жок, аны башкалар сүйүп калыптыр, — деген аялы жылмайып койду. — Экөөбүздүн тажрийба оңунан чыкты. Кызыңдын акыры аялдык сезими ойгонуптур.
— Анда Мартинди үйгө жолотпош керек, — деди мистер Морз оюн кыска, иштиктүү тон менен бүтүрүп.
Бирок аялы башын чайкады:
— Зарылдыгы жок: бир нече күндөн кийин ал деңизге чыгып кетет. Кайтып келгенде да Руфь бул жерде болбойт. Клара жеңесиникине жиберип иебиз. Бир жылча чыгышта жүрсө, башка адамдарды, башка жашоону көрсө, климатты, жагдайды алмаштырса ага абдан пайдалуу болот.
XX ГЛАВА
Мартиндин жазсам деген каалоосу кайрадан ойгонду. Аңгемелер менен ырлардын идеялары биринин артынан бири тынымсыз мээсинде жаралып жатты, жылт эте келип калган не бир ойлорду качырып жибербес үчүн аларды кагазга чиймелеп таштап коюп жатты. Кийин кереги тиет булардын. Ошенткени менен жазган жок. Мындай каникулду ал махабат менен эс алууга арнайын деди да, мунусу оюндагыдай болду. Ага жашоонун кайраты кайрадан кайтты, Руфь менен жолугушкан сайын баягыдай эле кызды мыкты ден соолугу, күчү менен азгыра тарта берди.
— Абайласаңчы, — деди бир күнү апасы ага эскерткендей, — Мартин Иден менен өтө эле көп жолугушуп аткан жоксуңбу?
Бирок Руфь жооп бергендин ордуна жылмайып гана койду. Ал өзүнө ишенчү, анүстүнө Мартин бир нече күндөн кийин деңизге чыгып кетет. Ал кайтып келгенде өзү алыскы чыгышта жүргөн болот. Ошондой болсо да Мартиндин саламаттыгы менен күчүндө аны тымызын суктандырган өзгөчө бир нерсе бар эле.
Мартин Руфтун чыгышка кетем дебатканын билчү, ошондуктан шашылыш керек эле. Бирок Руфтай кызга кандайча мамиле кылуу керек экендигин билбей турду. Мурдакы бардык тажрийбасы бул абалды ого бетер оордоткону гана болбосо, пайдасы жок эле. Өзү мамилелешип жүргөн кыз-келиндер таптакыр башка боло турган. Аларда махабат, бирөөнүн артынан чуркоо жана ашык болумуш этүү жөнүндө так, ачык-айкын көз караштары бар боло турган, ал эми Руфь болсо мындайды кайдан билсин. Кыздын аруулугу, бейкүнөө баёолугу, аны жакасын карматып, сөз дареметинен ажыратып, өзүн ага татыктуу эмес деген ойго түртчү. Аны кысынткан дагы бир башка жагдай бар болчу. Өзү ушуга чейин эч бир жанга ашык болгон эмес эле. Арийне, аялдар ага жакчу, алардын кай биринин артынан да түшүп көргөн, бирок анын баары чыныгы махабаттан алда канча алыс иштер болчу.
Жөн эле обу жоктонуп, кожоюндан бетер алардын кимисине болбосун ышкырып койсо болду, алар ошол замат багынып беришер эле. Бул ага мүнөттүк оюндай кеп эле, ар бир эркектананын жашоосундагы татаал оюндун бир тетиги, болгондо да экинчи орунда турган тетиги боло турган бул. Эми минтип алгачкы жолу оозунан кеби түшүп, уялып, кысынып отурганы. Сүйгөнүнүн кол тийгизип болбос аруулугунун алдында эмне деп сүйлөөрүн, кантип ымалага киришерин билбей апкаарып туру.
Мартин тынымсыз, өзгөрүп кубулуп турган түркүн-түс ааламды кезип жүрүп, бейтааныш оюнга аралашканда эч качан озуна биринчи болуп жүрүш жасаба деген даанышман бир эрежени өздөштүргөн. Бул эреже кийинки жашоосунда бир да жолу аны осол кылган эмес, алтургай, анын байкагычтыгын өстүрдү. Мартин туура багыт алганды, атаандаштын чабал жери байкалганча өз күчүн тең салмактап көргөндү үйрөндү. Мушташканда деле ал эң алды менен каршылашынын чабал жактарын көрүүгө умтулаар эле. Ошондо тажрийбасы аны мерчеген жерге сокку урууга, урганда да жазбай урууга көндүргөн.
Эми мына, Руфка өзүнүн сүйүүсүн айтайын деп турат, бирок айтканга шашкан жок. Кызды капа кылып аламбы деп өзүнө ишенбей турду. Бирок өзү байкабаганы менен түшкөн жолу туура болчу. Махабат адамзатка тил бүткөнгө чейин эле жаралып, кийин эч качан унутуп болгус ыкма усулдар менен толукталып жүрүп отурган. Мартин Руфтун көңүлүн алганга так ошо байыркы ыкмалар менен жетишмек. Муну ал оболу билбей жасады, өзүнүн кылык-жоругун кийин гана мойнуна алып, акыйкатты түшүндү.
Анын колунун кыздын колуна тийип кеткени эле ар кандай сөздөн артык болчу, анын күчүн сезүү саптар менен уйкаштыктарга, ашыктардын жүздөгөн муундарынын жалын бүрккөн сөздөрүнө караганда алда канча күчтүү эле. Сөз менен айтып түшүндүргөндө бул эң алды менен Руфтун акыл-эсин козгомок, ал эми колунун кокустан тийишип кеткени, кыз менен көз ирмемге жакындашуу болсо анда катылып жаткан аялдын табигый сезимине түздөн-түз таасир этмек. Кыздын акылы да анын өзүндөй жапжаш болучу. Бирок табигый сезими адамзат сыяктуу эле, балким, андан да эски.
Адамзатка ыроолонгон бул сезим махабат жаралганда кошо жаралып, анын көөнө даанышмандыгынын кудурети кийинки кылымдардын болгон айла-амалдары менен кылдаттыгын өзүнө багындырып алган эмеспи. Руфтун акыл-эси ушундан улам унчукпай аткандыр. Кыз өзүнүн сүйүүдөн мөгдөгөн жүрөгүнө Мартиндин тийгизген сыйкыр таасирин өзү аңдабай талдабай туруп, ага өзү биринчи болуп кол суналбай турду.
Мартиндин аны сүйөөрү чыгып баткан күндөй шексиз эле, ошондуктан Руфь мына ушул махабаттын көрүнүшүнөн – анын көздөрүнөн чагылган оттон, колдорунун титирегенинен, анын кызарып сүрдөгөнүнөн гана ыракат ала берди. Бир туруп Руфь аны атайын жалынга түрткөндөй, бирок муну абдан кылдаттык менен байкоостон баёо жасайт, аны өзү да, Мартин да сезбейт. Ал өзүнүн аялдык кудуретин сезгенине жетине албай кетет жана Умай эне сыяктуу аны менен ойногонуна, делебесин козгоп атканына ыракаттана берет.
Мартин болсо унучукпайт, анткени не дээрин билбейт, анткени анын дилин балкыткан сезимдердин ташкынынан тил ооздон калгандай, ошондуктан унчукпастан, бирок кызга жакындашуунун тартынчаак, өтүмсүз жолдорун издей берди. Анын колунун тийип кеткени эле кызга ушунчалык жагымдуу дейсиң. Мартин муну билбейт, бирок кызга жагып атканын өзү сезет. Чынында алар бири биринин колун учурашканда же коштошоордо гана кысышчу, велесипетти кармашканда, китеп беришкенде же чогуу барактаганда да манжалары дайыма жабыша калат.
Бир нече жолу кыздын чачтары да жаагына тийип кеткен же китептеги жаккан жерге үңүлө калганда бир ирмемге ийнине кыналыша да калган. Мындай кезде чырмап алган сезимдерге Руфь өзү да ичинен күлүп калчу: маселен, кээде ал Мартиндин чачтарын уйпалагысы келип кетер эле, тил катпаган Мартин болсо ичинде окугандан чарчаганда анын тизесине башын коюп, көздөрүн жуумп алып келечек туурасында кыялдансам деп самачу. Мурда жекшембилик сейилдердин маалында ал нечен ирет башын башка кыздардын тизесине койчу да камырабай уктап кетер эле, кыздар болсо аны күндөн калкалап, чачынан сылап, махабатка болгон кайдыгерлигине таң кала телмире тиктеп коюп башында отура беришчү. Кыздын тизесине башын койгон Мартин үчүн бул дүйнөдөгү эң жеңил иш эле ошол кездерде, эми Руфка карап туруп анткенге таптакыр мүмкүн эместиги, анткендин кереги да жоктугун түшүнүп турат.
Бирок так ушу мүмкүн эмес нерсени түшүнгөнү жана андан улам өзүн токтоо кармап турганы өзүнө байкалбай, Мартинди көздөгөн максатын көздөй алып баратты. Мындай токтоолугунан улам бир да жолу Руфту кабатырланткан жок. Тажрийбасы жок, башы ката элек ийменчээк кыз алардын жолугушуулары экөөнү барган сайын кандай опуртал багытка бурулуп баратканын байкаган да жок. Аны оюна койбогон сезим Мартинге тартып турду, ал болсо улам күчөп бараткан жакындыкты сезген менен кызды каалап турса да даай албай жүрөт.
Бирок акыры бир күнү Мартин агынан жарылды. Келсе Руфь пардалары тартылган бөлмөдө башы катуу ооруп жаткан экен.
— Эмне ичсем да жардам бербей жатат, — деди ал Мартиндин чебелектеген суроолоруна жооп кайтарып. — Доктор Холл болсо порошок ичпе дейт.
— Мен сизди эч кандай дарысы жок эле айыктырам, — деди Мартин, — толук ишендире албайм, бирок кааласаңыз аракет кылып көрөйүн. Бул жөнөкөй эле укалоочу ыкма. Мен муну Япониядан үйрөнгөм. Япондуктар мыкты массажчылар да. Ушунун эле өзүн, бирок анча-мынча өзгөртүүлөр менен гавайлыктардын жасашканын да көргөм. Алар бул массажды «ломи-ломи» деп аташат. Бул кээде дарыдан да жакшыраак таасир этет.
Мартиндин колу маңдайына тие электе эле Руфь онтоп жиберип мындай деди:
— Ох, жаным жыргай түштү.
Жарым саат өткөндөн кийин Руфь андан:
— Чарчаган жоксузбу? — деп сурады.
Бул суроонун артыкбаш берилип кеткенин сезип калды, себеби буга кандай жооп угарын жакшы билген. Руфь үргүлөй түшүп, анын эркине баш ийип берди. Анын манжаларынан ооруну кубалаган айыктыргыч касиеттин күчү тарап келип жаткандай сезилди кызга. Оору тимеле алып ыргыткандай басылып, Руфь көшүлө уктап калды, Мартин болсо акырын чыгып кетти.
Руфь кечинде Мартинге телефон какты.
— Кечке тимеле башка чапкандай уктаптырмын, — деди ал, — сиз мени таптаза сакайтып коюпсуз, мистер Иден, сизге кандай ыракмат айтаарымды да билбей турам.
Мартин мындай алкоого кубанганынан эмне дээрин билбей, бирдемелерди айткан болду, мээсинен болсо ашыгы Елизаветаны сакайтып алган жанагы Броунинг кетпей туруп алды. Броунинг өзүнүн сүйгөнү үчүн эмне кылса, ал, Мартин Иден деле Руфь Морз үчүн ошону кылууга даяр. Бөлмөсүнө кайра келген соң керебетке чалкасынан түшүп жатып алып, Спенсерднн «Социологиясын» окууга киришкен. Бирок башына эч нерсе кирген жок. Анын бүткүл эси-дартын сүйүү бийлеп алган эле, анан өзүнүн сыя төгүлгөн кичинекей үстөлүнө кандай келип олтурганын өзү да билбей калды. Бул кечте жазган сонети анын кийинки эки ай ичинде жазып бүтүргөн элүү түрмөк «Сүйүү жөнүндөгү сонеталарынын» эң биринчиси болуп калды.
Мартин муну улуу чыгарма жаратаарга бап келген эң сонун жагдайда — жүрөгүндө толкуп ташкан махабаттын деми менен шыктанып жазды.
Руфь менен көрүшпөй калган сааттарды ал «Сүйүү жөнүндө сонеталарына» жана китеп окуганга арнады. Үйдө же китепканада отуруп алып журналдардын ар бир санын кунт коюу менен окуп, басып чыгаруучулардын тандоо сырларын билгенге кызыкты. Руфь менен чогуу өткөргөн сааттар болсо дагы эле үмүт берип, бир жагынан белгисиздик жанын азапка салып турду. Мартин Руфту баш оорусунан айыктыргандан бир жумадан кийин Норман айлуу түндө Меррит көлүнө барып кайык менен сейилдеп келбейлиби деген сунуш киргизип калды да, Артур менен Олни муну ошол замат колдоого алышты.
Кайык башкарганды Мартинден башка эч ким мыкты билбегендиктен, капитандын милдетин өзүң ал деп суранып калышты, Руфь болсо кайыктын тумшук жагына аны менен чогуу отурду. Артка отурган үчөө болсо аны-муну бакылдаша бирдемелерди талашып-тартышып киришти.
Ай али көтөрүлө элек, Руфь унчукпастан жылдыздуу асманды тиктеп отуруп, күтүлбөгөн жерден жалгызсыроону сезе түштү да Мартинди карап койду. Шамал жүрүп кайык капталына бир аз кыңая түштү, Мартин бир колу менен кайыкты бура турган румпелди, экинчи колу менен парустун жибин бекем кармады да, жээктен бери чыгып турган урчукту айланып өтүүгө аракет кылып, кайыктын багытын саал өзгөрттү. Мартин кыздын карап койгонун байкабай кайык менен алектенип кете берди, кыз болсо кайра эле ага тигилип, бул өзгөчө шыктуу жигиттин убактысын коротуп, ортозаар аңгемелер менен ырларды жазганга түрткөн түшүнүксүз каалоосу туурасында ойлонуп отурду.
Кыздын назары жылдыздардын жарыгына күңүрт шекилденип турган Мартиндин чымыр мойнунан, жарашыктуу тармал чач башынан сыдырылып отуруп, колдорун анын мойнуна артып кучактап алсам деген кайра баягы эңсөөсү козголуп кетти. Ага жагымсыз сезилген мындай каалоо ошол убакта азгырып да турду. Жалгызсыроо сезими күчөгөн Руфь чарчоону сезе баштады. Кайыктын кылтылдап термелгени анын итиркейин келтирип атты, эсине баягыда башынын ооруганы Мартиндин колу тиери менен айыгып кеткени түштү. Мына ал өзүнө жанаша отурат, кайык да кыңая түшүп, аны Мартинге түртүп жаткандай эле.
Күтүлбөгөн жерден Руфь анын кең көкүрөгүнө башын жөлөп, таяныч издегиси келип кетти, бул оюн өзү баамдаганча болбой эле каалоосуна багынып, ага башын жөлөп жиберди. Мүмкүн бул кайыктын термелишинен болгондур? Руфь муну биле алган жок. Ошол бойдон билбей калды. Ал өзүнүн Мартинге ыктай түшкөнүн, эми көңүлү жайлана, мемирей түшкөнүн билди. Буга кайыктын чайпалганы күнөөкөр болгон күндө деле Руфь Мартинден бөлүнгүсү келбей турду. Алтургай, Мартин ага ыңгайлуу болсун деп оңдонуп отурганда да кыз ага ыктаган калыбынан жазган жок.
Бул кыз үчүн акылга сыйбас иш эле, бирок бул туурасында ал ойлонгусу да келбеди. Ал эми мурдакы Руфь эмес, кадимки эле эркектин таянычына муктаж аял заты эле, Мартинге бир аз гана кынала калса да каалоосу канааттандырылгансып калды. Чарчаганынын изи да калган жок. Мартин унчукпай отурду. Ал мындай керемет жакындыкты жоготуп албайын деп чочулап турду. Анын токтоолугу менен тартынчаактыгы ага унчукпай отурганга жардам кылып атты, бирок башы таттуу тегеренип, ойлору сапырылып кетти. Эмне болуп кеткенин эч бир түшүнө албай турду.
Бул ушунчалык керемет иш эле, өңүндө мындай болмогу мүмкүн эмес го. Кайыкты башкарганды таштап салып, кызды кучагына бекем кысып жибергенден өзүн араң кармап токтотуп жатты. Бирок анткенде иштин ойрону чыгаарын ал ички туюму менен туюп турду, ошондуктан колдорунун бош эмес экенине тагдырына ыраазы да болуп кетти. Ошентсе да парусту ылдайлата түшүрүп, кайыктын жүрүшүн атайлап акырындатты да кайыкты жайлатып, шамалдан тетири буруп койду.
Шамалдын агымы катуулап кетсе орун которуштуруп отурууга туура келерин, бул болсо экөөнүн кыналыша отурушкан калыбын бузуп жиберерин ал жакшы билчү. Бул иштин баарын ал артта отуруп алып талашып аткандардын шегин түк жаратпай, тажрийбалуу колу менен жасап койду. Муну менен ал деңизди, кайыкты, шамалды эркине багындырууну үйрөткөн матростук оор тагдырына азыр дагы бир ирет ыраазы болуп турду. Эми бул ага керемети сыйкыр айлуу түндө ашыгы менен болгон жакындыкты узартууга мүмкүнчүлүк берип жатты.
Өйдөлөп кеткен күмүш табактай айдын нуру аларга бермет жарыгын төккөндө Руфь Мартинден боюн оолактатып бери жыла берип, Мартин да ары боло калганын сезди. Бул экөөнө сыр бойдон калышы керек. Бети албырган Руфь эмне болуп кеткенин биле албай коркуп кетип эми четте отурду. Эмне кылганын агаларына да, Олниге да айталбас эле. Мындайга ал кантип барды экен? Айлуу түндөрдө буга чейин кыз жигиттер менен кайыкта көбеле жүргөнү менен башынан эч качан мындай өткөн эмес.
Мындай каалоо дегеле болгон эмес эле. Ошондуктан ойгонуп келе жаткан аялдык сезиминен уялып да, чочулап да турду. Акырын алдыртан Мартинди караса, ал кайыкты буруу менен алектенип калган экен, ушу тапта өзүн ушундай ойлонбогон, уят ишке барганына аргасыз кылгандыгы үчүн аны – Мартин Иденди жек көрүүгө даяр эле! Балким апасынын айтканы туура чыгар, алар чынында эле бат-баттан көрүшүп атышат, мындан ары эми мындай окуя эч качан кайталанбай турганын жана аны менен азыраак көрүшөрүн бекем чечти. Башына дагы бир жиндидей ой келе түштү, ыгы келгенде Мартинге ай чыгаар алдында кайыкта отуруп, көңүлү караңгылап, өзүн начар сезгенин да айтып койсомбу деп ойлоду. Бирок ал ай көтөрүлүп кетери менен алардын бетин ачып, биринен бири ары жылышып отура калышканын эстей калып, андай ойго Мартиндин ишенбей турганын түшүндү.
Кийинки күндөрү Руфь жанын коёрго жер таппай жүрдү; өзүнүн сезимин талдай албай, эмне болубатканын, аны эмне күтүп турганын ойлогонду токтотуп, эркин бирде жүрөгүн түшүргөн, бирде делөөрүтө азгырган жаратылыштын табигый чакырыгына таштап, кулак түрө берди. Бирок ичинде бекем бышыктап алган бир ою бар эле: Мартинге эч качан махабат туурасында сүйлөгөнгө жол бербеш керек деди. Азырынча ал унчукпай турабы, демек, иш ордунда. Анүстүнө бир нече күндөн кийин деңизге да чыгып кетет. Баса, ал сүйүүсүн айткан күндө деле эч нерсе болуп кетпейт. Анткени ал аны сүйбөйт эмеспи.
Арийне, бул көп болсо аны жарым саатка кыйнайт чыгаар, алгачкы жолу сүйөөрүн билдирип аткандан кийин анын өзү деле бир аз кыйын абалга тушугаар. Мына ушуну ойлоор замат кыздын муштай жүрөгү сүйүнүчтөн түрсүлдөп сокту. Ал чыныгы аял затына айланып, эркек анын колун сурап турбайбы. Аялдык болгон турпаты азыр мындай чакырыкка жооп берүүгө даяр эле. Тула бою чымырап, башында отко айланчыктаган көпөлөктөй болуп бир эле ой чимириле берди, көз алдына Мартин анын колун сурап атканы элестеп кетти, айта турган сөздөрүн Руфь өзү анын оозуна салып, өзү болсо бир нече жолу баш тартаарын кайталады, Мартиндин адамкерчилик кайраттуулугун эске алганда, муну мүмкүн болушунча жумшагыраак айтышы керек. Эң оболу ал тамеки тартканын таштасын. Муну ал катуу талап кылат.
Баса, жок, ага сүйүү жөнүндө айтканга эч качан уруксат бербейт. Бул анын колунан келет, апасына да бул туурасында убада берген. Кызарып калтырап чыккан Руфь ишке ашкыс бул кыялдарды өкүнүч менен алыска кубалады. Алгачкы жолу өзүнүн махабатын билдирүүнү ыңгайлуу учур жана татыктуураак талапкер менен жолугушканга чейин коё турууну чечти.
Орусчадан оодарган Бахтияр Шаматов