ЛОНДОН Жек: Мартин Иден (роман, которгон Б.ШАМАТОВ): XXI-XXV глава

XXI ГЛАВА

Эрте күздүн Калифорнияда бат-бат кайталанчу мээрими көлбүгөн, жанды жыргалга батырган керемет күндөрү келип турду. Күн жука түтүн менен курчалгандай, шамалдын алсыз соккон илеби ойго чөккөндөй тымтырс каткан абаны араңдан зорго термеп тургансыйт. Түркүн-түс жиптерден согулгандай жеңил кызгылтым туман дөңсөөлөрдүн этегинде жаткансыйт, алардын чокуларында болсо түтүндүү темгилдер өңдөнүп Сан-Франциско калаасы жайыла чалкып жатат. Ортодо болсо эритилген темирдин тилкесиндей болуп булуң жалтылдайт, анын бетинин кээ бир жеринде токтоп турган же агым менен жай жылжып бараткан кемелердин парустары агарат.

Тээ алыста, күмүш тумандардын арасынан асман тиреген Тамалпайс заңкаят, батып бара жаткан күндүн шооласында ичке жөлөк жолчодой болуп Алтын Дарбаза созулуп туру, алардын артында болсо туман чулгаган, учу-кыйыры жок, горизонттогу келаткан кыштын кабарчылары – коюу ак булуттар менен кыргакталган Улуу мухит көгөрөт.

Жайдын кайтаар маалы келип калган эле. Бирок ал кайтканга шашылбайт, дөңсөөлөрдүн арасында, өрөөндөрдүн кочкул мала боёкторун улам коюуландырып, чарчоо менен чегине жеткен ыракаттын мунарык кепинин астында жашаганына жана жашоосу үзүрлүү болгонуна акырын жана мемирей кубанып, жайбаракаттык менен өлүп баратты. Мына ушундай күзгү дөңсөөлөрдүн арасында бири бирине кыналыша, бир китепке үңүлүп Мартин менен Руфь отурушат; үн чыгарып окуп аткан Мартин, Руфь болсо, Броунингди чексиз сүйгөн аял жазган сүйүү ырларын жан дилин бере угуп отурат, мындай ырды жазса, саналуу гана аялдар жазаар.

Китеп окуу жай жүрүп жатты. Жаратылыштын өңү өчүп бараткан кооздугунун керемети укмуш эле. Алтындай бул учур кандай жашаса, так ошондой – айыбына тобо келтирбеген сулуудай өлүп баратты, жадагалса, абанын өзү да таттуу эскерүүлөрдү эңсөө менен сугарылгандай болуп турду. Бул эңсөөлөр Мартин менен Руфтун канына кирип, алардын эркинен ажырата, акыл-эси менен руханий эрежелерин өрөпкүгөн үмүттөрдүн туманына чырмап алгансыды. Мартин мас кылып бараткан алсыздыкка багынып, кан тамырларынан от аралай чаап өтүп жаткансыды. Экөөнүн баштары тийишип, кокусунан желп эткен шамалдан Руфтун чачтары жаагына тийип кеткенде, саптар мунарыктап көзүнө көрүнбөй калды.

— Менимче, сиз окуп атканыңызды өзүңүз укпай атасыз го дейм, — деди Руфь Мартин окуп жаткан жеринен күтүлбөгөн жерден адашып кеткенде.

Мартин балбылдаган көздөрү менен Руфту жалт бир карап алды, бирок сыр алдырбастан:

— Сиз деле уккан жоксуз го. Кана, акыркы сонетте эмне жөнүндө айтылды?

— Билбейм, — күлүп жиберди Руфь. — Унутуп калдым. Эми окубай эле коюңуз. Карачы, күн кандай сонун болуп турат!

— Биз эми көпкө сейилдей албайбыз, — деди Мартин олуттуу, — көрдүңүзбү, тээтетиякта, горизонтто бороон көтөрүлүп келатат.

Жабылган китеби анын колунан жылмышып түшүп, Руфь экөө үн катпастан, үргүлөп бараткан океандын кооз булуңун көпкө чейин кыялдана карап отуруп калышты. Руфь астыртан Мартиндин мойнуна кайрадан карап койду. Ошол замат кандайдыр белгисиз, тартылуу мыйзамынан да алда канча өкүмү зор, тагдырдын дал өзүндөй кудурет күч аны капылеттен азгырып кетти. Ал кыңая калып Мартиндин ийнине колун тийгизиш үчүн болгону сөөм аралык бар эле, андыктан болор иш эркине багына албай болуп кетти. Кыз колун ага көпөлөк гүлгө конгондой жеңил гана тийгизди да, ошол замат жигиттин ийни да ага кынала калып, бүткүл денесинен дирилдек чаап өткөнүн сезди. Так ушул ирмемде кыз өзүн кармашы керек эле. Бирок ал эркине багына алган жок. Эмне кылыбатса да эркинен тыш өзүнөн өзү болуп жатты, кубанычтан өзүн жоготкон кыз эми бир нерсени ойлоого да чамасы келбей калды.

Мартиндин колу акырын сунулуп барып анын белинен кучактады. Кыз жан азабына түшө күтө берди, эмнени күтүп атканын өзү да боолголой албады; эриндери өрттөнүп, жүрөгү туйлап чыкты, каны улам катуу айланып баратыры. Мартин кызды акырын, абайлап өзүнө тартты да кучагына бекемирек кысты. Кыз чыдап туралган жок. Кыңкыстап онтоп жиберди да башын жигиттин көкүрөгүнө таштап жиберди. Мартин ошол замат эңкейди да, экөөнүн эриндери бири бирине жабыша калды.

Бул махабат болсо керек деп ойлоду Руфь бир ирмемге эсине келе түшкөндө. Эгер бул сүйүү болбосо, анда абдан эле уят иш. Албетте, бул сүйүү гана болушу керек. Ал колдору өзүн кучактап, эриндери эриндерине жабыша түшкөн бул адамды сүйөт. Кыз табигый сезими менен ого бетер бекемирек эркелей кыналды, анан бир маалда анын кучагынан шарт суурулуп чыкты да, өзүн жоготуп коюп, чечкиндүү түр менен Мартин Идендин күнгө күйгөн мойнуна колдорун орой бекем кучактап алды. Каалоосун акыры канааттандырган кубанычы ушунчалык күчтүү жана чексиз болгондуктан, кыз кыңкыстап жиберип, колдорун коё берди да, акылын жогото Мартиндин ысык кучагында туруп калды.

Көпкө чейин эч кимиси үн каткан жок. Мартин эки жолу эңкейип, аны өпкүлөдү, ал өпкөн сайын кыздын эриндери өзүнөн өзү аны көздөй умтулуп, денеси ыңгайлуу тынч абалды издеп жатты. Кыз Мартинден ажыраганга каалоосу да, алы да келбей турду, жигит болсо аны үнсүз кучагына кыскан бойдон булуңдун аркы жээгиндеги чоң шаардан көзүн албай карай отура берди. Ал жактан боёкторду, анан ачык, ушул керемет күндөй жылуу, өзүнүн махабатындай ысык нурларды көрүп жатты. Ал кызга кайра эңкейгенде ал акырын шыбырап сурады:

— Сиз мени качан сүйүп калдыңыз?

— Биринчи эле күнү, сизди бир көргөндө эле. Ошондо сүйүп калгам, андан бери күн өткөн сайын ого бетер катуу сүйө баштадым. Эми андан да катуу сүйөм, кымбатым. Мен таптакыр акылымдан адаштым. Бакыттан башым тегеренип турат.

— Мартин… кымбаттуум. Мен аял болгонума абдан бактылуумун, — деди кыз терең дем алып.

Мартин аны кайрадан катуу сыга кучактап, акырын мындай деп сурады:

— А сиз менин сүйөрүмдү качан түшүндүңүз? Азыр элеби?

— О, эчак эле түшүнгөмүн. Адегенде эле түшүнгөм.

— Демек, мен жарганаттай сокур болгон экемин да? — кыйкырып жиберди Мартин, үнүнөн өкүнүч сезилип турду. — Мен муну азыр гана, сизди өпкөндө түшүндүм.

— Мен аны айтайын деген жокмун.

Ал саал кетенчиктей калып, Мартинге тигилди.

— Сиздин мени сүйө тургандыгыңызды, мен эчак эле түшүнгөм.

— Сизчи? — деп сурады Мартин.

— Мен муну күтүлбөгөн жерден сездим. — Руфь бул сөздү акырын айтып, көздөрү ымыр-чымыр боло түшүп, жүзү кызарып кетти. — Сиз мени кучактаганга чейин буга түшүнгөн эмесмин. Сизге турмушка чыгамын деп эч качан ойлогон эмесмин, Мартин. Мени сиз кантип өзүңүзгө тартып алдыңыз?

— Билбейм, — жылмайып койду ал. — Бир гана сүйүүм менен тартып албасам, башка эмне… Менин сүйүүм аялдын жүрөгүн эмес, ташты да эритип жиберүүгө жарайт.

— Мунун баары мен элестеткендей сүйүүгө окшобойт, —деди ойлуу Руфь.

— Сиз кандайча элестеттиңиз эле?

— Мен сүйүүнү мындай болот экен деп ойлогон эмесмин.

Кыз бир азга Мартинди карап турду да, анан жер карап калды:

— Мен таптакыр эч нерсе түшүнчү эмесмин.

Мартин Руфту кайрадан өзүнө тартып, кучактап өпкүсү келип турду, бирок аны чочутуп аламбы деп коркту. Руфту кучактаган колу гана эрксизден дирт эте түшкөндөй болду. Мына ушул учурда Руфь өзү ага умтулуп, экөөнүн эриндери кайрадан узакка чейин чапталышып турду.

— Бирок менин ата-энем эмне дейт? — деп сурады Руфь күтүлбөгөн жерден кабатырлана.

— Билбейм. Бирок кааласак билүү муну кыйын эмес дечи.

— Эгерде апам макул болбой койсо эмне кылабыз? Мен ага бул жөнүндө эч качан айта албаймын.

— Эмесе, мен айтайын, — деди Мартин кайраттанып. — Менимче, сиздин апаңыз мени анчалык деле жактырбагандай сезилет, бирок эч нерсе эмес, мен а кишини багындыра алам. Сизди багындырган адам, кимди гана болбосун багындырганга жарайт. Бул непадам ишке ашпай калса…

— Анда эмне болот?

— Биз баары бир ажырашпайбыз. Апаңыздын макул болоруна көзүм жетип турат. Ал сизди абдан жакшы көрөт.

— Мен анын жүрөгүн жаралап аламбы деп корком, — деди ойлуу Руфь.

Мартин эненин жүрөгү оңой-олтоң жаралана коюучу нерсе эмес деп айтайын деп баратып, бирок анын ордуна:

— Сүйүү дүйнөдөгү эң улук нерсе эмеспи!

— Билесизби, Мартин, мен кээде сизден корком. Мен азыр деле сиздин мурда ким, кандай болгонуңузду ойлосом, коркуп кетем. Сиз мени менен абдан жакшы болууга тийишсиз. Билсеңиз, мен али жаш баламын! Мен эч кимди сүйүп көрө элекмин!

— Мен да. Биз экөөбүз тең балабыз. Биз эң бактылуубуз. Биздин алгачкы сүйүүбүз эки жактан тең болуп атпайбы!

— Бирок мындай болушу мүмкүн эмес! — күтүлбөгөн жерден кыйкырып жиберди Руфь анын колунан булкуна бошонуп, — болушу мүмкүн эмес, анткени сиз… Сиз матрос болгонсуз, а матростор болсо, мен билем…

Үнү буулуга түштү.

— Ар бир порттон аял алып көнүп калышкан дейсизби, — деди Мартин анын сөзүн улап, — сиздин ушуну айткыңыз келди беле?

— Ооба, — деди акырын Руфь.

— Бирок ал сүйүү эмес да, — деди ал олуттуу түрдө. — Мен далай эле порттордо болгом, бирок сизге жолукканга чейин мен сүйүүгө окшогон эч нерсени сезе алган жокмун. Билесизби, баягыда мен биринчи жолу сиз менен жолугуп, анан үйгө кайра келатканда мени аз жерден кармап кете жаздады.

— Кандайча кармап кете жаздайт?

— Ушинтип эле, полицейский мени мас деп ойлоптур. Мен чынында эле мас болчумун… сүйүүдөн мас болучумун!

— Кептен четтеп кеттик. Сиз эми эле экөөбүз тең балабыз деп айтпадыңызбы, а мен мындай болушу мүмкүн эмес деп айттым. Сөз ушу туурасында эле, — деди Руфь.

— Бирок мен сизге мурда эч кимди сүйгөн эмесмин деп айтыбатам го, — деп каршы чыкты ал, — сиз менин эң алгачкы, менин эң биринчи ууз махабатымсыз, — деди Мартин.

— Бирок баары бир матрос болгонсуз да, — деди айтканынан кайтпаган Руфь.

— Ошондой болсо да мен сизди биринчи жолу сүйүп жатам, — деди Мартин.

— Бирок аялдар… башка аялдар болгон да… О! — ушул жерден кыз Мартинди таңгалдырып, күтүлбөгөн жерден көз жашын көлдөтө ыйлап жиберди, аны сооротуш үчүн бир топко чейин өпкүлөгөнгө туура келди.

Эрксизден Мартиндин оюна Киплингдин: «Бирок ак сөөк бийкеч менен Жуди О, Греди калган башка жактарынан тең болучу» — деген сөзү келе түштү.

Анын окуган романдары аны башкача ойлоого үйрөтсө да, азыр муну туура көрүп турду. Романдардан ал: ак сөөк чөйрөдөгү аялга жетүүнүн бирден бир жолу — бул ага үстүртөн гана сунуш кылуу керек деген тыянак чыгарган. Өзү чыккан чөйрөдөгү кыздар менен жигиттерге кучакташуу менен эркелетмейлер кадыресе эле иш боло турган. Бирок жогорку чөйрөнүн кылт эткен кылдат өкүлдөрүнүн арасында сүйүүсүн мындай ыкма менен билдирүү ага мүмкүн эместей туюлчу. Демек романдар калп айтышат экен да. Мунун далилин ал азыр гана көрбөдүбү. Үнсүз-сөзсүз эркелетүү кедей кыздарга да, жогорку коомдун кыздарына деле бирдей эле таасир этет тура, көрсө. Сыртынан окшошпогону менен алар калган жагынан бирдей эле окшош тура.

Эгерде Герберт Спенсерди эстебесе, буга өзүнүн деле акылы жетмек экен. Руфту эркелете өпкүлөп сооротуп жатып Мартин ак сөөк айым менен кембагал кыз Жуди О’ Греди негизинде бирдей эле экен деген оюна канааттанып турду. Бул ой аны Руфка жакындаштырып, аны жеткиликтүү кылганга жардам берип атты. Кыздын сымбаттуу денеси кадимки эле башка денелердей эле. Экөөнүн никеге турарына да мүмкүн эместей эч нерсе жок болчу. Экөөнүн ортосундагы айырмачылык болгону тап жагынан гана болгону менен, бирок ал сыртынан гана эле. Муну эске албай деле койсо болот да. Мартин римдик бир кулдун мартабалуу бачайы чапанга чейин жеткенин окубады беле. Кул жеткен нерсеге Мартин кантип жете албайт, Руфка чейин кантип көтөрүлө албайт?

Бул кыздын деле аруулугунун, бейкүнөөсүздүгүнүн, маданияттуулугунун жана жан дүйнө сулуулугунун кабыкчасынын астында Лиззи Коноллиникиндей, деги кой, дүйнөдөгү бардык Лиззи Коноллилердики сыяктуу эле кадимки эле аялдын табияты катылып жатат эмеспи. Алардын баарына эмне мүмкүн болсо демек, бул кызга деле мүмкүн да. Руфь деле сүйө алат, кызганат, жек көргөндү билет: ал деле аялчасынан туталанган чыгаар; ал деле кызганаар, эмитен эле анын порттордогу ойнош аялдары жөнүндө ойлонуп, кызганып атпайбы.

— Андан тышкары мен сизден улуумун, — деди Руфь күтүлбөгөн жерден ага тигиле карап, — болгондо да төрт жашка улуумун.

— Ошондой болсо да сиз али бала бойдонсуз. А мен турмуштук тажрыйбам жагынан сизден жыйырма төрт жаш улуумун, — деди Мартин.

Чынында экөө тең махабат жагына келгенде али жаш баладай болушчу: бирөөсүнүн университеттик диплому менен илимий даражасына, экинчисини философиялык билими менен турмуштук катаал тажрийбасына карабай, экөө тең өзүлөрүнүн ашыктык сезимдерин бирине-бири балача, баёо жана эпсиз билдирип жатышты.

Алар батып бараткан күндүн шооласында кадимки ашыктарча сүйлөшүп отурушту, экөөн табыштырган махабат менен тагдырдын эбегейсиз кереметине тан берип, бирин бири буга чейин эч ким сүйбөгөндөй сүйө тургандыктарына бекем ишенип турушту.

Батыштагы булуттар батып бара жаткан күндү жутуп алган болуп, асман кызгылтым тарта түштү, тегеректин баары эми кызгылтым нурга чайынып турду. Руфь: «Кош бол, бактылуу күн» деп ырдап жиберди. Башын Мартиндин ийнине жөлөп алып, ырдап жатты, колдору болсо Мартиндин колунда эле, ушул ирмемде ашыктар биринин жүрөгүн бири кармап турду.

XXII ГЛАВА

Жадагалса, миссис Морздун энелик сезими болбогон учурда да, ал Руфту бир эле карап туруп баарын сезип коймок. Кызынын кызара түшкөн бети, сүйүнүч менен жеңиштин салтанатынан жанып турган көздөрү ансыз да баарын айтып турду.

— Эмне болду? — сурады миссис Морз, Руфь керебетине жаткандан кийин.

— Сен эч нерсе сезген жоксуңбу? — сурады өз кезегинде Руфь, дирилдеген үнү менен.

Жооп кайтаруунун ордуна апасы мойнунан кучактап, чачынан сылап койду.

— Ал мага эч нерсе айткан жок! — Руфь кыйкырып жиберди. — Мен мындай окуя болушун эч качан каалаган эмесмин, ага бул туурасында эч качан ооз ачууга уруксат бербейт элем, — бирок ал эч нерсе айткан жок.

— Демек ал эч нерсе айтпаса, анда эч кандай окуя деле болгон эмес экен да.

— Бирок баары бир болду.

— Айланып кетейин, кызым, эмне деп жөөлүп атасың! — деди миссис Морз. — Эмне болду! Эмне болуп кетти?

Руфь апасына айран-таң кала карады.

— Мен сени эчак эле билген экен деп ойлогом, — деди ал. — Мартин экөөбүз колукту-күйөө болуп калдык.

Миссис Морз кекээр каткырып жиберди, үнүнөн ишенбегендик менен өкүнүч сезилип турду.

— Бирок ал мага эч нерсе айткан жок, — кайталады Руфь. — Ал мени жөн эле сүйөт, болгону ошол. Бул сен үчүн кандай күтүлбөгөн окуя болсо, мен үчүн да дал ошондой күтүлбөгөн жерден болду. Ал лам деп ооз ачып, сөз айткан жок. Мени жөн гана кучактап алды, мен болсо… мен таптакыр акылымды жоготуп койдум. Ал мени, мен аны өптүм… Башкача боло алмак эмесмин. Мен аны өбүшүм керек болчу. Мына ошондо аны сүйөөрүмдү түшүндүм.

Руфь унчукпай калды, апасы сооротуп өбөт ко дегендей күттү, бирок миссис Морз заарын ичине ката унчуккан жок.

— Албетте, бул өтө жаман, түшүнөм, — деди Руфь ындыны өчө, —сен мени кечиресиңби, жокпу, билбейм. Бирок мен башкача кыла алган жокмун. Мен ошол мүнөткө чейин аны сүйө турганымды билген эмесмин. Бирок муну атама өзүң айтчы.

— Мүмкүн атаңа эч нерсе дебей эле коюш керектир? Мен Мартин Иден менен өзүм сүйлөшүп, ага баарын түшүндүрөм. Ал түшүнөт да, сенин башыңды айландырбайт.

— Жок, жок! — ошол замат кыйкырып жиберди Руфь. — Мен анын менден баш тартуусун каалабайм. Аны сүйөм, сүйүү деген кандай жакшы. Албетте, силер каршы болбосоңор, мен ага күйөөгө чыгам.

— Бирок кагылайын, Руфь, атаң экөөбүздүн пландарыбыз башкачараак… жок, жок, бирөөнү сага таңуулап атат деп ойлобо. Бирок биз сенин өзүбүздүн чөйрөнүн жигитине, өзүң тандаган, баары урматтаган чыныгы жентельменге турмушка чыгышыңды каалайбыз.

— Бирок мен Мартинди эчактан бери сүйөм да, — деди жалооруган Руфь.

— Сенин каалооңо, албетте, каршылыгыбыз жок, бирок сен кызыбызсың, ошондуктан сенин ушундай адамга күйөөгө чыгышыңа жол бере албайбыз. Сенин назиктигиң менен сылыктыгыңа ал оройлук жана тарбиясыздыктан башка эч нерсе менен жооп бере албайт. Кайсы жагынан алсаң да ал сенин теңиң эмес. Башкасын айтпай эле кой, жадагалса, ал сени бага да албайт. Биз байлыктын артынан куубайбыз, бирок күйөөсү аялына жашоо үчүн ыңгайлуу шарт менен жетишерлик оокатты камсыз кылып берүүгө милдеттүү, ошондуктан биздин кызыбыз итке минген авантюристке, матроско, ковбойго, дагы ким экенин кудай билет, чыкпастан, келечеги кең адам менен турмуш курууга тийиш. Анүстүнө аныңда эч бир жоопкерчилик сезим деген жок.

Руфь энесинин туура айтып жатканын түшүнүп, унчукпай калды.

— Аның бирдемелерди жазымыш болуп убактысынын көбүн ошого коротот, ошонусу менен жадагалса, өзгөчө таланты бар, жогорку билимдүү адамдар чанда жеткен нерселерге жетишкенди каалайт экен. Үйлөнө турган адам мындай кадамга даярдыгы болушу керек да. Муну ал ойлоп да койбойт. Мен сага айтпадымбы, анда жоопкерчилик сезими жок деп, сен буга кошуларсың дейм. Жоопкерчилик анда кайдан болмок эле? Матрос атмайдын баары эле ушу да. Аның эч качан сарамжал жана токтоо болууга көнгөн эмес. Тапканын эле чачып жиберип отуруп калат экен, канына сиңген да бул. Арийне, бул анын күнөөсү эмес дечи, бирок бул иштин жагдайын өзгөртпөйт. А сен анын буга чейинки көрүнгөн жерде бытпылдык аткан чаржайыт, аягы суюк жашоосу туурасында ойлодуңбу – ал башкача болушу да мүмкүн эмес болчу. Айланайын кызым, сен деги турмуш куруу деген эмне экенин билесиңби?

Руфь селт эте түшүп, энесине жабышка калды.

— Мен ойлогом…— Руфь керектүү сөздү издеп көпкө ойлонуп калды. — Бул албетте, абдан жаман. Бул жөнүндө ойлоо мага өтө оор. Менин сүйүүм — чоң бактысыздык экенин түшүнүп турам, бирок азыр өзүмө алым келбей турат. Сен атамды сүйбөй коё алат белең? Мен да ошондой болуп турам. Анда да, менде да бири бирибизге тарткан бир нерсе бар сыяктанат – муну ушул кезге чейин билген эмесмин, мени сүйүүгө мажбурлаган нерсе мен да бар. Аны жактырып калам деп дегеле ойлогон эмесмин, бирок эми сүйүп калдым,— деди ал сөзүнө салтанаттын шаанисин кошо.

Бул майнапсыз сөз көпкө чейин созулду, акырында алар эч нерсе кылбай, дагы бир азга күтө турууну чечишти.

Бир саат өткөндөн кийин куулугу күтүлбөгөн натыйжа бергенин аялы өзү айтып мойнуна алган соң, мындай чечимге мистер Морз да макул болду.

— Башкача болушу да мүмкүн эмес эле, — деди мистер Морз, — себеби кызың бул орой матростон башка эркек атмайга жолоп көрбөсө эмне кылсын. Эртедир, кечтир, анда аялдык сезим ойгонушу керек эле, ана ойгонуптур, эми кубана бер, жанында болсо мобереки неме туруп калыптыр, эмне кылалык эми… Кызың ошол замат аны жактырып калганы түшүнүктүү да же мээси айланып ошентип ойлоп алгандыр, эми кандай болсо да баары бир эмеспи.

Миссис Морз күйөөсүнө Руфтун каалоосуна шак эле каршы чыкпастан, акырын билгизбей кыйыр жолдор менен таасир этиш керек деген кеңешин айтты. Буга убакыт да жетишээрлик, анткени — Мартиндин деле азыр үйлөнө коёюн деген ою болбосо керек.

— Мейли анда, канча жолугам десе жолуга берсин, — деген чечимин айтты мистер Морз. — Ал канчалык аны жакындан билген сайын, көңүлү ошончолук бат муздайт. Анысын башка бирөөлөр менен салыштырып көргөнгө мүмкүнчүлүк бериш керек. Демек, үйгө жаштарды, кыздарды, биздин чөйрөнүн маданияттуу, таалимдүү, чыныгы жентелмендерин көбүрөк чакырып туруш керек. Алардын жанында ал таптакыр башкача көрүнөт. Ошондо кызың анын кандай неме экенин даана көрөт. Анан калса – аныңар али жаш бала. Жыйырма бирге келиптир араң эле. Руфь деле таптакыр бала. Бул деген жөн эле балалык сүйүү, бара-бара өтөт да кетет.

Экөө ушундай чечимге келишти. Үй-бүлө Мартин менен Руфту турмуш курганга убадалары бекиген деп эсептеп, бирок муну ачыкка чыгарууга шашкан жок. Ата-энеси мунун кереги деле болбой калар деп ичтеринен эңсеп турушту. Албетте, бекиген убаданын ишке ашышы абдан узакка созулары турулуу иш болчу. Мартинге жүрүшүңдү оңдо, жашооңду өзгөрт, жазганыңды токтотуп, пайдасы чыгаар бир ишти карма деп эч ким айтып, кеңеш берген да жок. Айтор, Мартинди жашоодо ийгиликтерге жетишине таасир этүү жагы үй-бүлөнүн планына кирген жок. Мартин болсо өзүнө ниети бузуктардын чырагына май тамызып, түзүгүрөк бир иш издөө туурасында ойлоп да койбой жүрө берди.

— Сиз менин демилгемди жактырасызбы же жокпу, билбейм, — деди Мартин бир нече күндөн кийин Руфка. — Мага эжемдикинде турганга акчам жетпей калды, бир жерге өз алдымча тургум келет. Түндүк Оклендден бир батир таптым, тынч үй экен, кересин мешче да сатып алдым, тамакты өзүм жасап ичмей болдум.

Руфь чексиз сүйүнүчкө бата түштү. Айрыкча ага кересин мешче өзгөчө жакты окшойт.

— Мистер Бэтлер да мына ушундан баштаган, — деди ал.

Мартин бул кадырлуу мырзанын ысмын укканда кабагын чытый түшүп, кайра улады:

— Кол жазмаларымдын баарына марка чаптап туруп, дагы редакцияларга жөнөтүп жибердим. Бүгүн башка батирге көчүп өтөм да, эртеңден баштап ишке киришем.

— Эмне, кызматка орноштуңузбу! — деп кыйкырып жиберди бул кубанычтуу кабарды уккан Руфь, анан токтоно албай ага кыналыша түшүп жылмайды да колунан бекем кысып калды. — Эмне үчүн мага эч нерсе айткан жоксуз! Кандай кызмат экен?

Бирок Мартин башын чайкады.

— Мен эртеңден баштап, кайрадан жазайын деп атам.

Руфтун өңү бузула түштү, Мартин сөзүн шашкалактап улантты:

— Мени туура түшүнүңүз. Эми мен таттуу куру кыялдарга берилбейм. Кадыресе эсеп менен иш кылгым келет. Бул деңизге чыкканга караганда пайдалуураак жана мен окленддик катардагы кызматчыга караганда алда канча көп табарыма ишенип турам. Иштебей жаткан акыркы айларда мен көп нерселерди ойлондум. Чобур аттай иштеген жокмун, дээрлик эч нерсе жазган жокмун, жазсам, басмага эмес, өзүм үчүн гана жаздым. Болгон убактымдын баарын сизди сүйүүгө жана ар кайсы нерселер туурасында ой жүгүртүүгө арнадым. Чыны, бирдемелерди окуган болдум, бирок алар деле менин ой толгоорума жакыныраак нерселер – негизинен журналдарды окуп аттым. Өзүм жөнүндө, дүйнө, андагы ордум, сизге бериш үчүн кантип мартабага жетерим туурасында ойлондум. Андан тышкары Спенсердин «Стилдин философиясын» окуп чыктым, анан тике менин өзүмө, — тагыраак айтканда, менин жазгандарыма жана журналдарда ай сайын басылып чыгып жаткан адабиятка тиешелүү болгон көп кызыктуу нерселерди таптым. Мунун баарынын — ой толгоолордун, окуунун жана сизге болгон махабатымдын натыйжасында мен адабият кесипчиси болоюн деп чечтим. Шедеврлерди убактылуу унута турам да болбогон майда-баратты: күнүмдүк талапка ылайык фельетондорду, анекдотторду, жанытма юморду, — деги койчу, эмнеге талап болсо ошонун баарын шакылдатып жаза берем. Баса, гезиттердин жекшембилик тиркемелерин материал менен камсыз кылыш үчүн макалаларды, күлкүлүү чыгармаларды берип турган адабий агенттиктер бар эмеспи. Мен так ошолорго жаккандай кылып жазып, жакшы акча таба баштайм, ишенип коюңуз. Айына кеминде төрт жүз же беш жүз доллардан айдап турган азаматтар бар экен. Мен аларга окшошкум келбейт, бирок жок дегенде, жан бакканга жетерлик акча табам, менде окуганга да, иштегенге да убактым болот, мындай шартты эч кандай кызмат жаратып бералбайт.

Акырындык менен күчүмдү чыныгы чыгармаларды жазууга сынап көрө баштайм жана чыныгы ишке окуп даярданам. Ишенсеңиз, өзүмдүн ушунчалык тез алдыга кеткениме өзүм да таң калам. Адеп жаза баштаганда ар кандай окуяларды жөн эле баяндап жаза берчүмүн, менде эч кандай ой, идея деген жок болчу. Ой жүгүрткөнгө сөздөрүм да жок эле. Баштан өткөргөндөрүмдүн баары көз алдыма эч бир мааниси жок картиналардай тизилип калчу. Окуп баштап, сөз байлыгымды көбөйткөндө мен бул картиналардан мурда байкабаган көп нерселерге көзүм ачыла баштады. Мына ошондон тарта чыныгы нерселерди жаза баштадым; «Укмуштуу окуя», «Кубаныч», «Казан», «Турмуштун шарабы», «Көңүлдүү көчө», «Сүйүү жөнүндө сонеттер» жана «Деңиз ырларын» жаздым. Мындай нерселерди, мындан да сонун нерселерди мен али көп жазам, бирок мен буларды бош убактарда гана жазам. Мындан ары куру кыялга чөкмөй жок.

Эң оболу акча табыш үчүн кара жумуш, шедеврлер болсо анан. Кечээ кечинде мен сизге айткандарым чын экенин атайын далилдеш үчүн жума сайын чыгуучу күлкүлүү журналдарга беш-алты майда-барат нерселерди жаздым, жатаарда болсо башыма тамашалуу куплеттерден жазсамбы деген ой кылт этти да, бир сааттын ичинде төртөөнү шилтеп салдым. Ар бирине бир доллардан бериши мүмкүн. Уктаганы жатып баратып эле ара-чолодо төрт долларды шак таба коюу түзүк эле иш эмеспи. Албетте, бул иш өзү негизи эч бир баага деле татыбайт дечи. Ал тажатма жана бир беткей, бирок айына алтымыш доллар алам деп мекеме китебин жүргүзгөндөн же быжыраган сандарды кошуп отургандан көрө дурусураак. Ошол эле убакта бул иш кантсе да адабиятка тиешелүү жана мага чыныгы нерселерди жазганга мүмкүнчүлүк берет.

— Сиз аларды сата албагандан кийин мындай чыныгы нерселерди, шедеврлерди жазгандан не пайда? — деп сурады Руфь.

— Айтпаңыз…— деп баштады эле, Руфь анын сөзүн бөлүп кетти:

— Сиз азыр эле санап, өзүмө абдан жагат деген чыгармаларыңыздын бир да сабын алиге сата албапсыз. Экөөбүз сиздин эч ким сатып албаган чыгармаларыңызга ишенип үйлөнө албайбыз да.

— Андай болсо, баары сатып ала турган куплеттеримдин эсебинен үйлөнөбүз, — деп Мартин өжөрлөндү да Руфту кучактады. Бирок Руфь бул жолу эркелегенге көңүлү келбей турган.

— Мына, уксаңыз, — деди кара күчкө куунак болумуш эткен Мартин, — бул искусство эмес, бирок доллар:

Үйдө мен жок элем,
Келгенде менин таанышым.
Кирген экен шам сурап,
Үйдө мен жок элем.

Анан менин таанышым,
Мага болду эң капа.
Келдим азыр үйгө мен,
Бирок менин таанышым
Кетип калган ал жана.

Ырдын куунак, ойноктогон ыргагы анын ындыны өчүп, сумсайып бараткан жүзүнө коошпой турду. Руфь жылмайып да койбоду. Ал Мартинге түнөрө карап турду.

— Мүмкүн буга берсе бир доллар берер, — деди Руфь, — бирок бул доллар кайырчыга берген садагадан көп эмес. Сиз кантип түшүнбөйсүз Мартин, өзүңүздү кордоп жатпайсызбы. Мен өзүм сүйүп кадырлаган адамым кайдагы бир тантыраган уйкаш ырларды жазгандын ордуна олуттуураак жана татыктуураак иш менен алектенишин каалар элем.

— Сиз менин мистер Бэтлерге окшош болушумду каалар белеңиз? — сурады Мартин.

— Билем, — деди Руфь. — Мистер Бэтлер сизге жакпайт.

— Мистер Бэтлер абдан сонун адам, — деди ал. — Анын ашказанынын бузуктугу эле болбосо, калган жагынын баары абдан мыкты. Мен да түшүнөм, мекеме кагаздарына жүргүз менен машинке баскандан эмнеге куплеттерди жазган жаман болушу керек? Анысы да, мунусу да максатка жетүүнүн каражаты эмеспи. Сиз мени китептерди тешилип окуп, акырында бир адвокат же коммерсант болсо дейсизби? А мен адегенде майда гезиттик иштен баштап, андан соң чоң жазуучу болгум келет.

— Мында айырма болуп атпайбы, — деди Руфь такып.

— Кандай?

—Айырма сиз жок дегенде, өзүңүз мыкты деп эсептеген чыгармаларыңызды сата албай отурганыңызда. Сиз канча жолу аракет кылсаңыз деле редакторлор эч нерсени сатып албай атышат ко.

— Мага убакыт бериңизчи, жаным? — деп Мартин жалбарып жиберди. — Бул иштин башталышы гана. Мага эки жыл убакыт бериңизчи. Бул эки жылдын ичинде мен ийгиликке жетишем, бардык чыгармаларымды колдон-буттан жулуп кетишет. Мен эмне деп атканымды билип турам. Өз күчүмө ишенем жана эмнеге жөндөмдүү экенимди эң сонун билем. Мен адабият деген эмне экенин билем, гезит журналдар кайдагы бир жарыбаган жазмакерлердин акыр-чикирине толуп кеткенин да билем. Эки жылдан кийин ийгилик менен атактын даңгыр жолуна түшө аларыма ишенем. Кызмат жагынан мен эч качан карьера жасабайм. Анткени ага жүрөгүм чаппайт. Кызмат мага тажатма, майда, дөөпөрөстүн ишиндей көрүнөт. Канткенде да мындай иш мага туура келбейт. Мен эч качан катардагы кызматчыдан ары кете албайм, андыктан экөөбүз кеңсенин жарыбаган айлыгына жашап бактылуу боло алабызбы? Мен сиз үчүн бул дүйнөдөгү эң мыкты нерселерге жетишким келет, төбөм менен жер казсам да буга жетем. Жетем! Өзүнүн тапканы менен атактуу жазуучу мистер Бэтлер өңдүүлөрдүн онун артка таштайт. Сиз элге алынган китеп авторго элүү же толук жүз миң долларды алып келерине ишенсизби? Кээде көбүрөк же азыраак болуп калышы ыктымал, бирок орточо алганда мына ушундай.

Руфь унчуккан жок. Анын маанайы абдан пас эле, анысын жашырган да жок.

— Эмне, жаманбы? — сурады Мартин.

— Менин үмүтүм, пландарым таптакыр башкача болчу. Мен мурда да ушинтип эсептегем, азыр да сизге эң пайдалуусу — машинке басканды деги билесиз – стенография жазганды үйрөнүп, атамдын кеңсесине жумушка орношсоңуз жакшы болмок беле деп эсептейм. Сиз абдан жөндөмдүүсүз, ошондуктан сизден мыкты юрист чыгаарына ишенем.

XXIII ГЛАВА

Өзүнүн жазуучулук шыгына Руфтун минтип ишенбегени Мартиндин ага болгон сүйүүсү менен урматтоосун түк кемиткен жок. “Каникулдап” жүргөндө ал өзү туурасында көп ойлоп, сезимдерин дыкат изилдеп чыккан эле. Сулуулук ага атак-даңктан артык экенине жана Руфь үчүн гана даңктуу болгусу келгенине биротоло көзү жетти. Атакка жетсем деп жанталашкан аракети кыз үчүн гана эле. Өзү сүйгөн аял аны менен сыймыктанып, татыктуу деп эсептеши үчүн дүйнөнүн көзүнчө атагын көкөлөтүүнү кыялданчу.

Мартин сулуулукту ушунчалык сүйгөндүктөн, ага кызмат кылуунун өзү эле ана чексиз канаатандырган бакыт эле. Бирок Руфту андан да артык сүйчү. Махабат ага дүйнөдөгү эң кымбат нерсе болчу. Анткени анын жан дүйнөсүн аңтар-теңтер түшүрүп, ошол замат маңыроо матростон ойчулга жана сүрөткерге айландырган Руфь эмес беле? Андыктан ага махабаттын илим менен искусстводон артык турганына таң калыштын деле кереги жок эле. Ой жүгүртүү жагынан эми Мартин Руфтан жана анын атасынан, инилеринен алда канча күчтүү болуп кеткенин сезе баштаган.

Университеттик билиминин болгон артыкчылыгына, чебер искусствонун бакалавры деген наамына карабай Мартиндин бир жыл ичинде өзү окуп үйрөнгөндөн кийин жеткен дүйнө, искусство жана турмуш жөнүндөгү түшүнүгүнө жетиш Руфтун кыялына да кирбеген иш эле.

Мунун баарын билсе да бирок бул анын Руфка болгон сүйүүсүнө жана кыздын аны сүйгөнүнө түк таасир эткен жок. Сүйүү жанга артыкча сонун жана чексиз асыл сезим болгондуктан, Мартин чыныгы ашыктык отуна күйгөн адам катары бул ыйык нерсени сындап, кордогусу келбеди. Руфтун искусствого, француз революциясына карата көз карашы же жалпы элдик добуш берүү менен махабаттын эмне иши бар? Мунун баары акылдын иши, сүйүү болсо андан жогору. Сүйүүнүн кулу болгон Мартин аны эч кемсинте алмак эмес. Махабат ага улуу тоолордун көз жеткис бийик чокуларында, акыл-эстин өрөөнүнөн алда канча жогору жашагандай эле.

Сүйүү жашоонун маңызы, өмүрдүн эң жогорку чыңалган чеги болуп, ал ар кимдин эле шыбагасына туш келе берчү нерсе эмес. Өзү жанындай көргөн философтордун окуусунан улам Мартин сүйүүнүн биологиялык маанисин билчү, бирок алардын негизги жоболорун өнүктүрүүнү улантуу менен адам пендесинин организми сүйүүдө гана өз милдетин толугу менен актайт деген бүтүмгө келди, андыктан сүйүү эч кандай ашыкча сөзү жок эле жашоонун жогорку, жок, эң жогорку жыргалы катары кабыл алынууга тийиш. Ашык болгон адам Мартинге тагдырына жыргал ыроолонгон кандайдыр бир жогорку жандай сезилчү, ошондуктан ага өмүрдүн бардык жыргалынын – байлыктын, билимдин, ийгиликтин, керек болсо, жашоонун өзүнүн баасы жок “сүйүүдөн делбетап болгон жигитченин” образы жагымдуу болчу, анткени ал “ашыгын бир өөп туруп, анан жан бергенге” кайыл эле.

Бул сыяктуу ойлор Мартиндин башына мурда да келген, бирок ал бул ойлордун көпчүлүгүн азыр гана жеткире түшүнүп отурат. Ал барга жокко карабаган спартандык жашоо образын тутунуп, Руфь менен жолугуш үчүн гана анча-мынчада алаксый калбаса, калган бүт убактысын тынымсыз иштегенге арнап жатты. Мария Сильва аттуу португал аялдыкынан ижарага алган бөлмөгө ал айына эки жарым доллардан акы төлөп турду. Бул жайнаган балдары бар ашепке наалыма жесир аял байкуш күндөп-түндөп тытынып, балдарын эптеп баккан менен убара эле. Көчүгү жер жыттабаган иштен көзү чекчейип баспай калганда, арманын аргасыз кошунадан он беш центке сатып келчү ачкыл винодон чыгарып турчу.

Адегенде Мартин аны жаман көрүп жүрдү, анын итиркейин келтиргени аялдын колдур тили эле, бирок бара-бара балдарын багыш үчүн жан үрөгөн кайратына тан берип, сыйлап да калды. Үйдүн төрт кичинекей бөлмөсү болуп, анын бирин Мартин ээлеген. Экинчи бөлмө коноктор үчүн белгиленген, полго төшөлгөн чаар-ала таар үйгө куунак түр берип тургансыганы менен бирок дубалга илинген чарчап калган наристенин табытта жаткан сүрөтү көңүлдү чөгөрүп жиберчү. Конок бөлмөсү жалаң гана коноктор үчүн дайындалып, эшиги дайыма бек болор эле, жайнаган жылаң бут мадыраларга бул жакка киргенге өзгөчө салтанаттуу учурларда гана уруксат берилчү. Аялдын жашоосу негизинен ашканада гана өтчү, ошол жерден тамак жасап, ошол жерден балдарын тойгузуп, кир жууган, үтүктөгөн жер да ошол боло турган. Кара жанын карч урган бул жашоо күн сайын уланып, жекшембиге жеткенде гана аял өх деп бир эс алып кала түшчү.

Аялдын негизги тапкан кирешеси – кошуналардын да кирин жууп берип турчу. Уктаган канасы Мартин турган бөлмөдөй эле тар, бирок ал жакка аял жети баласы менен батып кетчү. Мартин алардын тар жерге кантип батканына таң кала берчү, түндөсү жука дубал артынан алардын чымчыктыкындай чуру-чууларын кадимкидей угуп жата берчү. Мариянын башка киреше булагы болуп эки ую эсептелчү, аларды күндө эки жолу – эртең менен анан кечкисин саап турчу. Уйларды ээн жерге чыгарып же жол жээгинде өскөн чөптөн уурдап келип багышчу. Уйларды кожейкенин кийимдери тытылып бүткөн эки баласы бакчу, тагыраак айтканда, аларды полицейскийдин көзүнө чалдыгып калбасын карап бакмалап турушчу.

Мартиндин уктап, окуп, жазып, ой жүгүртүп, чарбалык иштерин жүргүзгөн жер ушул тар бөлмөсү эле. Үйдүн кире бериштеги секичесинин тушундагы жалгыз терезенин астында турган ашкана үстөлү анын жаза турган үстөлү, китепканасы да, машинкесин коё турган да жайы болду. Арткы дубалга такай коюлган керебет бөлмөнүн үчтөн эки бөлүгүн ээлеп турат. Үстөлдүн жанында кичинекей кийим салчу шкаф турат, кыязы, аны кардардын ыңгайы үчүн эмес, киреше көбүрөк болсун деп жасап коюшса керек, аны каптаган фанеранын жука катмары тыйрайып да калганына караганда. Бул шкафча бир бурчта турат, башка бурчта болсо ашкана турат – бул болгону үстүнө кересин мешче турчу, ичинде болсо ашкана куралдары сакталган самындын жашиги болчу. Дубалда азык койчу тактайча илинип турат, анын жанында эле суусу бар чака туру, суу түтүк бул жерде жок болгондуктан Мартин сууну ушинтип ашканадан ташып ичет. Керебетинин үстүнө болсо велесепетин илип алган. Адегенде аны ылдый жакка эле калтырайын деген, бирок безери балакайлар дөңгөлөгүн дароо тешип ийишиптир. Кой деп анан бөлмөсүнө алып келди да илип койчу болду.

Кичинекей кийим салгыч шкафтын ичинде кийимдери илинип турат, жайнап эч жерге батпаган китептери үстөл бетинде жатат. Окуп атканда кай бир жерлерин көчүрүп жазып койчу адаты бар эле Мартиндин, анан ошолор абдан көбөйүп кеткен экен, Мартин бөлмөнүн ичине узун жип тартып, кыйма-чийме жазылган дептерлерди төшөнчү кургатып аткансып, жипке илип койчу болду. Мындан улам бөлмөдө ары-бери баскан бир топ кыйындады. Ал эшикти ачыш үчүн адегенде шкафтын эшигин жабышы керек эле, тескерисинче, алганда да ошондой кылышы керек. Анткени бөлмө ичинде түз басып өтө турган жер жок болсо кантет. Эшиктен керебетке жетиш үчүн ийри-буйру татаал жолду басып өтүш керек эле, андыктан караңгыда Мартин сөзсүз бирдемеге урунмайынча өтө алчу эмес. Эшиктен кирип, анан шкафтын эшигин айланып өткөн соң ошол замат жашикке чалынбайын деп оңго бурулуп, анан керебетти айланып солго кетиш керек, антпесе үстөлгө келип такалып калышы турган кеп.

Бул жолду баскандан кийин акыры бир чети керебет, экинчи жагы үстөл турган нукка түшүп алат. Бирок жалгыз отургуч өз ордунда, үстөлдүн жанында турган учурда бул нук менен өтүүгө мүмкүн болбой калчу. Кереги жок учурда отургуч дайыма керебеттин үстүндө турчу, бирок Мартин көпчүлүк учурларда тамагын олтуруп алып жасачу да, суу кайнап кеткенче же эт куурулганча китептин эки-үч бетин окуп да үлгүрчү. Ашкана ээлеген бурч абдан тар болгондуктан Мартин ордунан турбай эле керектү нерселерди кол сунуп эле алып алчу. Отуруп тамак жасаган агы ыңгайлуураак эле, анткени туруп турганда далысы менен электр жарыгын жаап калчу.

Мартин жейимдүү жана арзан тамактардын түрүн билчү, ошол эле маалда анын мыкты ашказаны темирди да сиңирип жибергенге жарай турган. Анын негизги тамагы мексикалыктардын ыкмасы менен даярдалган буурчак сорпо, картөшкө, анан төө буурчактан жасалган ботко боло турган. Бир да америкалык кожейке айым даярдай албаган сууга бышкан күрүч ботко Мартиндин үстөлүндө жумасына жогеле дегенде бир жолу пайда болор эле. Май жокто ал нан менен жаңысына караганда эки эсе арзан, кургатылган жемишти жеп алчу. Кээде ал тамагын бир кесим эт же сөөк сорпо менен алмаштырып турчу. Күнүнө эки жолу каймагы, сүтү жок кофе, а кечкисин куру эле чай ичет, бирок булардын экөөн тең демдегенди Мартин мыкты билчү.

Арга жоктуктан барган сайын үнөмкор болуп баратты. Анын ишсиз жүргөн күндөрү баягыда кир жууган жерден тапкан бүт акчасын мойсоп таштады, ал эми өзүнүн «нан таба турган чыгармаларын» болсо жообу бир нече жумадан кийин гана келе турган алыс жактарга салып жиберген. Ал кээде гана эжесиникине же Руфка жолугуш үчүн сыртка чыкпаса, камалып жашап, үч кишинин жумушун аткарып жатты. Мурдагыдай эле күнүнө беш гана сааттан уктайт, күнүнө он тогуз сааттык оор жумушту аткарууга анын темирдей бекем ден соолугу гана түтөт. Мартин бир мүнөтүн да текке кетиргиси жок. Ал кээ бир сөздөрдүн чечмеленишинин жана айтылыш эрежеси жазылган кичинекей баракчаны күзгүнүн бетине жабыштырып коёт да, улам күзгүгө каранганда же сакал-мурутун кырынганда дайыма ал сөздөрдү кайталап турат. Мындай баракчалар кересин мешченин үстүндө да илинүү, бул сөздөрдү тамак бышырып же идиш-аяк жууп атканда да жаттай берет. Жатталып бүткөн баракчалар улам жаңы баракчалар менен алмашылып турат. Китеп окуп жатканда кездешкен түшүнүксүз сөздөрдү тез эле сөздүктөн издеп таап, жанагы баракчага көчүрүп жазат да, дубалга же күзгүнүн бетине кайра жабыштырып коёт. Бул кичинекей баракчаларды жадагалса, ал чөнтөгүнө да салып алып, көчөдөн кетип баратып же дүкөндө кезек күтүп турган кезинде да кайталай берет.

Бул иште Мартин жарым жолдо токтоп туруп калган жок. Ийгиликке жетишкен авторлордун чыгармаларын окуп жатып, алардын бардык стилдик өзгөчөлүктөрүнө, баяндоосуна, окуялардын чагылдырылышына, мүнөздүү сөздөрүнө, салыштырууларына, эпиграммаларына, — айтор, бир сөз менен айтканда, алардын ийгиликке жетишине кол кабыш кылган нерселердин баарын кылдаттык менен белгилеп кетет берет. Мунун баарын кагазга түшүрүп, үйрөнүп жүрдү. Бирок аларды ээрчип, туурап кеткен жок. Ал кандайдыр бир жалпы принциптер эмеспи. Ар кайсы жазуучулардан байкалган, адабияттын табияты жөнүндө жалпы корутунду чыгарууга жардам бере турган адабий жасалма ыкмалардын узун тизмегин тизип алып, аларды таяныч кылуу менен өзүнүн жаңы жеке ыкмаларын иштеп чыкты да барын өз орду жана өлчөмү менен пайдаланууга аракеттенди.

Ошону менен бирге ал күнүмдүк турмуштагы сөздөрдүн ичинен оттой күйгүзгөн, кулакка жагымдуу жана назик же тескерисинче, карапайым келжирек кептердин кунарсыз чөлүнөн жаркырап жанып айырмаланып турган элестүү, таамай айтылган сөздөрдү чогултуп жазып жүрдү. Мартин дайыма ар кандай кубулуштун өзөгүн түзгөн принциптерди издечү. Ал кубулуштун кантип жаралышын түшүнүүгө аракет кылар эле, мындай кубулушту өзү жаратканга умтулчу. Ал сулуулуктун ашкан көркөмдүгүнө гана канааттанчу эмес, өзүнүн ашкана буюм-тайымдарына толгон, Мариянын балдарынын бапыраган кыйкырык чуусуна жык толгон тар бөлмөчөсүндө лабораториядагы химик өңдөнүп, сулуулукту курамдык бөлүктөргө ажырата анын кандай түзүлгөнүн билгенге ынтызар эле. Бул ага сулуулукту өзү жаратууга мүмкүнчүлүк бергенге тийиш эле.

Мартин мүнөзү боюнча ар кайсыл ишти аң-сезим менен гана иштей алчу. Ал караңгыда темселеген сокурча, калеминен эмне чыгаарын билбей туруп, кокус ийгиликке же талантына таянып иштечү эмес. Кокустан келе калган ийгиликке эч качан канааттанчу эмес. Ал «кантип» жана «эмне үчүн» дегенди билгиси келчү. Анын акылы зирек, ой ырааты күчтүү эле, ал ыр же аңгеме жазууга киришип жатып, алардын аягы кандай бүтөрүн так көрө алчу жана чыгарманын бүткүл планын эсинде тутчу. Мунсуз анын бардык аракети текке кетери анык эле. Башка жагынан алганда, ал мээсинде күтүлбөгөн жылт эте калган, анан сыноодон татыктуу өткөн, чыгарманын кооздугуна терс таасир этмек түгүл, бүтүндүгүнө кол кабыш кылчу кокус сөздөргө жана сөз айкалыштарына тан берчү.

Мартин мындай табылгаларга суктануу менен башын ийип, алардын адамдын акыл-эсинин чегинен тыш жаткан эң жогорку кудуреттүү чыгармачылык күчтөн жаралганын түшүнөр эле. Ошентип сулуулукту изилдөө менен анын өзөгүн түзгөн негиздерге чейин жетсем деп жүрүп Мартин анда кандайдыр бир улуу сыр бар экенин жана ал жакка канчалык улуу даанышман болбосун, бир да адам баш багып кире албаганы эсинде болчу. Ал жогеле дегенде Спенсердин жыйнактарынан заттын түпкү мазмунуна адамдын акылы жете албай турганын жана сулуулуктун баары кадимки турмуш сырындай эле түшүнүксүз нерсе экенин, алтургай, эч качан түшүнүүгө мүмкүн болбой турганын, сулуулук менен турмуш таң калаарлык түрдө бири-бири менен айкалышып турганын, ал эми пенде болсо күн нурунун айкалышынын, жылдыздардын чаңынын же дагы бир белгисиз нерсенин кымындай гана бүртүкчөсү экенин билчү.

Мына ушундай ойлорго таасирленген Мартин «Жылдыздар чаңы» деген темада макала жазды, бул макаласында сындын принциптерине дегеле тийишпей, ар кайсы сынчылардын ыкмаларына чабуул койду. Бул жазганы ою терең, чебер кылдаттык менен юморго шыкалган мыкты чыгарма эле. Ошондой болсо да мунусу деле кандай ылдам жазылса, ошондой ылдамдык менен журналдар тарабынан четке кагылды. Бирок Мартин өзүн кабатыр кылган ойлордон тез эле арылып, өз жолу менен кете берди. Ал эчак өзүн эң оболу чыгармасынын идеясын жакшылап бышыктап туруп, андан кийин гана машинкеге отурууга көндүргөн.

Ушул күнгө чейин аңгемелеринин бир да сабы басылып чыкпаганы аны анчалык деле убайымга салган жок. Жазуу ал үчүн татаал акыл эмгегинин аяккы чынжыры, чачкын ойлордун башын бириктирип, байланыштырган акыркы түйүнү болчу, топтолгон фактылардын жана жоболордун жыйынтыгы эле. Макаланы жазгандан кийин ал мээсин башка жаңы идеяларга жана көйгөйлөргө бошото турган. Бул эми акырында көпчүлүккө таандык болгон мезгил-мезгили менен «өз жанын сөз менен жеңилдетүү» адаты эле, анткени бул адат кээде адамдарга чыныгы же ойдон чыгарылган кусамат – кайгысын унутууга жардам бере турган.

XXIV ГЛАВА

Арадан жумалар өтө берди. Мартиндин акыркы акчасы түгөнүп, ал эми басмаканадан болсо, чек келчүдөй түрү көрүнбөйт. Көлөмдүү аңгемелери кайтып келип, «кирешелүү» чыгармаларынын да багы ачылган жок. Эми баягыдай түркүн тамактарды бышырып жей да албай калды, болгону беш күндүк гана жей турган жарым мүшөктөй күрүчү менен кургатылган өрүгү калган. Бул түгөнгөндөн кийин ал карызга жашоого аргасыз эле. Ошентип Мартиндин карызы үч доллар сексен беш центке жетери менен дүкөнчү-португал мурдагыдай азык-түлүк бергенин дароо токтотту.

— Себеби, — деди дүкөнчү, — сеники кызмат жок, кантип төлөйсүң?

Мартин эч нерсе дей алган жок. Дүкөнчүнүн айтканы туура да. Жалкоолугунан иш издегиси келбей жүргөн алдуу-күчтүү жумушчу жигитке карыз берүү мүмкүн беле?

— Тыйын тапсаң тамак болот, — деди дүкөнчү, — тыйын болбойт, тамак болбойт. Иш ушундай…

Айтты да анан ичинде эч кандай кастыгы жок экенин көрсөткүсү келди окшойт, португал минтип койду:

— Кана, ичип кой. Бир ыстыкан. Мен сыйлайт. Мен дос, сен дос.

Мартин достуктун белгиси катары стаканды көңтөрүп жиберди да, ошол бойдон кечки тамакты ичпей жатып алды.

Жашылчаны башка дүкөндөн сатып алып турууга туура келди, дүкөндүн ээси өзүнүн соода иштери жагынан мүнөзү бир кыйла жумшагыраак америкалык киши болчу, Мартиндин насыясын беш долларга чейин жеткирди да, андан кийин анысын да токтотуп койду. Акырында Мартин токоч саткычтан эки доллар, касапчыдан төрт доллар карыз алды. Бардык карыздарын эсептесе, баш аягы болуп он төрт доллар, сексен беш пенске жетиптир. Кычагансып басма машинкеге да акы төлөө мөөнөтү келип калды, бирок Мартин үстүнө сегиз доллар карыз болуп, машинкени дагы эки ай пайдаланууну чечти. Эсеби боюнча ушул мөөнөттө алган карыз акчалары да түгөнөт. Дүкөндөн алган эң акыркы азык-түлүгү бир кап картөшкө болуп, бир жума бою жалаң гана ушуну менен жанын бакты.

Ал кээде Морздордукуна келгенде тамак ичип, өзүнүн күч-кубатын сактап жүрдү, бирок тартынганынан үстөл үстүндөгү жайнаган түркүн тамактан кысынып атып, жыргатып деле бирдеме жей алчу эмес. Кээде уят-сыйытты жыйыштырып коюп, эжесиникине барып тамактанат, аерде ал Морздукуна караганда кенен-кесир ичип-жеп, курсагын кампайтып алчу. Ошентип Мартин кудайдын куттуу күнү көгөрө отуруп алып жазганын токтотподу, почточу болсо кол жазмаларын кайра ташыганын койбоду. Эми анын марка чаптаганга да акчасы түгөндү, андыктан кайтып келген кол жазмалар жөнөтүлбөй, дөбөдөй болуп үйүлүп, үстөлдүн астына батпай да кетти. Кээде эки-үч күн катары менен наар татпай, ачка калган күндөрү болду.

Руфтун үйүнө да мурдагыдай барып тамак иче албай калды, анткени ал эки жумага Сан-Рафаэльге конокко кеткен эле, ал эми эжесиникине болсо, улам бара бергенден тартынды. Эки буту бир кончко тыгылып, аргасы кетип турганда бир күнү какаганга муштаган болуп, почточу бир эмес, беш кол жазмасын апкелип таштады. Мына ошондо Мартин пальтосун алды да Оклендди көздөй кетти, бир нече убакыт өткөндөн кийин пальтосу жок, бирок чөнтөгүндө беш доллар менен үйгө кайтты. Келери менен дүкөнчүнүн баарына бир доллардан төлөп берди, ошентип кайрадан анын ашканасында кофе кайнап, пияз менен куурулган эттин быжылдаганы жана чоң карапа толтура кургак өрүк пайда болду. Шам-шум этип алып, кайрадан отуруп жазууга киришти, түн оой «Сүткорчулуктун күчү» деген жаңы чоң макала жазып бүтүрдү. Бүттү да үстөлдүн астына ыргытты — жанагы беш доллардан марка алганга бир тыйын да калган эмес эле.

Мартин адегенде саатын, анан бир нече күндөн кийин велесепетин күрөөгө койду. Азык-түлүк алгандан калган акчасына марка сатып алып, кол жазмаларын кайра бардык редакцияларга салып жиберди. Бирок «кирешелүү» чыгармалары Мартиндин үмүттөрүн таш каптырып, аларды эч ким сатып алган жок. Аларды күнүмдүк жана жума сайын чыгуучу гезит-журналдарга басылып жаткандарга салыштырып көрүп, баягыдай эле өзүнүн жазгандары алардан алда-канча өйдө деп таап атты. Ошентсе да жазгандарынын бир сабын да сата алган жок. Ал эми «хрониканы» жазсамбы деп киришип, бир нече макала жазды да, гезиттерди күнүмдүк материалдар менен камсыз кылып турчу ассоциацияларга жөнөттү, бирок жазгандары бат эле кайра кайтты, кошо келген жооп катта «бирикме макалаларды өз кызматкерлеринин гана күчү менен уюштурат» деп жазылган экен…

Өспүрүмдөргө арналган журналдардын биринен ал анекдоттор менен майда аңгемелердин бүтүндөй түрмөгүн көзү чалып калды. Мына, акча иштеп табуунун дагы бир жолу! Бирок бул жерден да ооматы болгон жок, мурдагыдай эле жиберген аңгемелери жараксыз деп табылып, артка кайтып келе берди. Кийин, мунун кереги жок болуп калганда Мартин редакциялардын кызматкерлери көбүрөк акча табыш үчүн мындай материалдарды өзүлөрү берип турушаарын түшүндү. Юмор жумалыктары анын бардык ырлары менен тамаша мыскылдарын кайтарып атышты; ири журналдарга жиберген ыр түрүндөгү фельетондору да өткөн жок. Гезит фельетондору бар эле. Өзүн дагы эле мыкты жазам деп эсептеген Мартин дагы эки жаңы адабий агенттиктин дарегин таап, аларды да майда аңгемелери менен толтуруп салды. Бирок жыйырма аңгеме жазып, анын бирин да орноштура албагандан кийин Мартин жазганын токтотту. Бирок күн сайын ондогон аңгемелер менен фельетондорду окуй берди, бирок алардын бири да өзүнүн бул жанр боюнча аракеттенип жазгандарына түк караандабай турду.

Таптакыр айласы куруган, бирок өзүнүн чыгармаларына гипноздой берилип алган Мартин болгон сындоо туюмун жана өзүнүн чыгармачылыгына олуттуу көз менен кароо жөндөмүн жоготту. Ырайымы жок «басмакана машинеси» өз ишин уланта берди. Мартин болсо өзүнүн кол жазмалары салынган пакеттерге марка чаптап почтонун кутусуна сала берди, арадан эки-үч жума өтпөй почточу эшигинин коңгуроосун кагып, кайра алып келе берди. Буга караганда, ал даректерде бир да тирүү жан отурбай эле, жакшы майланып, кынтыксыз иштеген автоматтар иштейт окшойт. Үмүтү үзүлүп, аргасы куруган Мартин редактор деген немелер деги табиятта бар кишилерби же жокпу деп башы катты. Ушу кезге чейин алардын бири да тирүүлүктүн жышаанын билдирбегени кандай, жазгандарынын баары эле эч бир түшүндүрмөсү жок кайра кайтып келибатса, анан редактор деген — адам эмей эле, арип тергендер, өлчөгүчтөр жана гезитчилердин өзүлөрү ойлоп тапкан жомокпу деген да ойго кабылды.

Руфтун жанында өткөргөн сааттар анын өмүрүнүн бирден бир эң жаркын жана бактылуу сааттары эле, бирок алар дайыма боло берчү эмес. Руфь ага сүйүүсүн билдиргенден кийин анын кабатыры ого бетер күчөдү, анткени Руфь ага мурдагыдай эле кол жеткис болуп турду. Мартин аны эки жыл күтө туруусун суранды эле, убакыт деген зымырап учуп атыры, өзү болсо эч нерсени кыйратып ийе элек. Андан тышкары, кыз кыязы, анын бул ишин жактырбай да жаткандай. Ал муну түз айтпаса да, түшүнө тургандай кылып кыйыр ишара менен жеткиргенге абдан аракет кылып атты. Бирок Руфь колдобогону гана болбосо, анын көөнүн оорутуп, эч кандай терс мамиле кылган жок, анын ордунда мүнөзү чукулураак башка аял болгондо эчак жарабаган өтүмсүздүгүн айтып, кокосунан алмак. Руфту кейишке салганы — кайра тарбияласам деген кишиси тарбияга келбей атканы болду. Адегенде Мартин ага бат эле ийге келе турган элпек жандай көрүндү эле, бирок кийинчирээк күтүлбөгөн жерден мистер Морзго да, мистер Бэтлерге да окшошоюн деген ою жок тоң моюн, өжөр болуп чыга келди.

Кыз Мартиндин мүнөзүндөгү эң татыктуу жана маанилүү сапаттарды байкаган жок же андан да жаманы – түшүнгөн жок. Кылт эткенди байкап турган сезимтал жана көңүлү назик, жашоонун кандай болбосун формасына ыңгайлашып кетет деп эсептеген бул адамды Руфь жөн эле айтканын бербеген көк бет, өжөр деп эсептеди — анткени аны өзү билген бирден бир чен өлчөмгө таптакыр сала албай койду. Руфь анын көкөлөгөн кыялдарынын артынан үлгүрө албай, өзү жетпеген бийиктикке чыгып кеткенин адашуу деп гана эсептеди. Ага атасы менен энесинин, бир туугандарынын, алтургай, Олнинин ойлору да дайыма айдан ачык, түшүнүктүү эле; ошондуктан Мартинге түшүнө албаганына кайра аны күнөөлөдү. Ошентип жалгыз адамдын акыйкатты дүйнөгө түшүндүрсөм деген эзелтен келаткан трагедиясы дагы кайталанды.

— Сиз өзүңүз татыктуу деп табылган нерселердин баарын кастарлоого көнгөн окшойсуз, — деди бир күнү Мартин, Руфь менен Прапс жана Вандеруотер жөнүндө талаша кетип. — Мен булардын ишенимдүү жана туруктуу кадыр-баркы бар экенин түшүнөм, аларды Кошмо Штаттардын көзгө басаар мыкты адабий сынчылары деп эсептешет. Ар бир мектеп мугалими Вандеруотерге америкалык сындын жол башчысындай карайт. Мен аны окуп чыктым, бирок ал мага куру келжиректиктин эң сонун үлгүсүндөй көрүндү. Прапс деле андан мыкты эмес. «Хемлок Моссес», албетте, шумдук жазылган. Бир да үтүрүн алып сала албайсың, ал эми жалпы тонучу — не деген шөкөттүү салтанат менен жазылган! Ошондуктан ага баарынан көбүрөк төлөшөт. Бирок менин оройлугумду кудай өзү кечирсин, чынында ал эч кандай сынчы деле эмес. Сынды катыра айтканды Англияда жакшы билишет. Кеп биздин сынчылар дайыма баарына эчак белгилүү жүйөөлөр менен ойногонунда. Мунун баары алардын сынында сонун, жогорку руханий жана көтөрүңкү угулат. Алардын сын макалалары мага жекшембилик дин үгүттөөнү эсиме салат. Алар сиздердин англиялык филология боюнча профессорлоруңуздарды коргоп жанталашат, тигилер мунусу үчүн аларды колдоп турушат. Ошентип алардын мээсинде уялаган өздөрүнө таандык ныпым оригиналдуу пикир жок. Алар жалпыга эчак маалым болгон нерселерди гана билишет, ушинтип жүрүп өзүлөрү да жалпы таанымал болуп алышкан. Эчак эле белгилүү болгон идеялар аларга пийванын бөтөлкөсүнүн этикеткасындай эле чап жабыша калат. Булардын башкы милдети университетте окуган жаштардын ар кандай өз алдынча ой жүгүртүү өзгөчөлүгүн жокко чыгарып, аларды эскирген калып менен ой жүгүртүүгө мажбурлоо болуп саналат.

— Менимче, — деди Руфь каршы чыгып, — белгилүү адамдарга ыйык сүрөткө атырылган жырткыч сыяктуу сизге караганда, жалпы кабыл алынган эрежелерди карманган мен чындыкка жакыныраакмын деп ойлойм.

— Миссионерлердин өзүлөрү жапайылардын ыйык сүрөттөрүн жулуп ыргытышкан, — күлүп жиберди Мартин, — бирок тилекке каршы, ал миссионерлердин баары түркүн кудайларга сыйынган өлкөлөргө тарап кетишиптир, андыктан, мистер Вандеруотер менен мистер Прапсты оңкосунан сайганга жардам бере тургандардын бири да бизде калган жок.

— Аларга кошо университеттин бардык профессорлорун да дебейсизби, — кошумчалап койду Руфь.

Мартин колун шилтеп койду.

— Жок, окумуштуулар калышы керек. Алардын мээнети зор. Бирок англия филологиясынын тоту куштай сайраган микроскоптук мээчелери бар профессорлорунун ондон тогузун кууп салса, зыян болбос эле.

Профессорлорго болгон мындай ырайымсыз текебер мамиле Руфка катуу тийди. Ал эрксизден зыңгыраган, келишимдүү кийинип, салабаттуу үн менен сүйлөгөн, кылдат маданият менен дем алган профессорлорду маңдайында турган мынабул эмнегедир өзү сүйгөн, шөлпүйгөн кастүмчөн, темир булчуңдуу орой матрос, чыдагыс адам менен салыштырып жиберди. Мартиндин талаш учурунда кишиден башкача дүүлүгүп, кээде өзүн жоготкону кыздын итиркейин келтирип жатты. Профессорлор го жок дегенде көп маяна алышат, алар – муну моюнга албай коюуга болбойт — чыныгы жентельмендер, ал эми бир тыйын иштеп таба албай атып, аларга сын таккан Мартиндин өзү ким болуп кетиптир, мунун эмнеси жентельмен.

Руфь Мартиндин жүйөөлөрүн талкууга алуунун да кереги жок деп тапты. Себеби анын баары жалган экени өзүнөн өзү түшүнүктүү эле, мунусу сырткы салыштырууларынан эле көрүнүп турбайбы.

Профессорлордуку шексиз туура болчу, анткени алар жашоодо ийгиликке жетишишкен, бир чыгармасын сата албай атып аларга сын таккан мынабул Мартин деген неме адабиятты кайдан түшүнсүн. Буга ишенсең тигилердин иши “оңунан келип атыптыр” да, мунуку эч жүрүшпөй атыптыр. Кечээ эле ушу бөлмөнүн ичинде уялганынан сүрдөп кызарып, кайсы бир буюмду кулатып аламбы деп алактаган, олдоксон, «Свайн — берн» эчак эле өлгөнбү деп дөөпөрөстөнө сурап, «Excelsior» менен «Турмуш ырларын» окуганын айтып мактанган бул неме адабиятка кайдан туура баа бералмак эле?

Муну менен Руфь да атактууларга тизе бүгөөрүн өзү тастыктады. Мартин анын оюн эң жакшы түшүнсө да бул туурасында ойлонгусу келбеди. Ал Руфту анын Прапс менен Вандеруотер жана англия филологиясынын профессорлоруна болгон мамилесине карабай сүйчү. Ошентсе да ой жүгүртүүнүн Руфтун акылы жетпеген башка тармактары бар экенин жана алардын бар экени кыздын түшүнө да кирбегенин барган сайын тереңирээк түшүнүп жатты. Руфь болсо өз кезегинде Мартиндин музыка жөнүндө түшүнүгү жок, анын опера жөнүндөгү пикирин болсо, туура эмес тургай, атайын жасалган каршылыгы деп саначу.

— Сизге жактыбы? — деп сурады бир жолу Руфь, экөө операдан кайтып келатканда.

Бул кечте бир ай бою тырышып атып тамагынан үнөмдөп калган акчасына Мартин кызды театрга чакырган эле. Оюндан абдан катуу таасирленген Руфь озунуп сөз козгобой, эмне дээр экен деп Мартинди күтүп жадаган соң акырында оюн сурады:

— Мага увертюрасы абдан жакты, — деди Мартин, — мыкты экен!

— Ээ? Операнын өзүчү?

— Опера да. Башкача айтканда, оркестр жакты. Бирок жанагы маскарапоздор ары-бери ойдолобой бир жерде турушса же сахнадан таптакыр кетип калышса андан бетер жакшы болмок.

Руфь таң калганынан эмне дээрин билбей калды.

— Тетралани менен Барильо жөнүндө айтып жатасызбы? — сурады кыз.

— Ошолорду айтып атам да… бүт эле алардын үйүрү жөнүндө.

— Бирок булар улуу артисттер эмеспи!

— Баары бир. Алардын келесоо чалыштана чоёктогондору бүт музыканы бузуп салды.

— Барильонун үнү кантип эле сизге жаккан жок? — чочуп кетти Руфь. — Карузодон кийинки эле ошол эмеспи.

— Жок, эмне үчүн, жакты, мага Тетралани өлө жакты. Билишимче, анкындай мыкты үн жок.

— Бирок… Бирок… — Руфь сөз таба албай калды. — Эч нерсеге түшүнбөй атам. Эмеле алар музыканы бузуп жатат дедиңиз, анан кайра алардын үнүнө суктанганыңыз кандай?

— Ушундай да. Мен алардын үнүн концертте угуш үчүн арбын акча төлөгөнгө даярмын, бирок булардын оркестр ойноп атканда үнүн укпай коюш үчүн андан да көп төлөмөкмүн. Кыязы, мен оңолгус реалист окшойм. Улуу ырчылар дайыма эле улуу актерлор эмес. Арийне, Барильо периштеникиндей доошу менен сүйүү ариясын ырдаганы мыкты, андан да ашкан үнү менен Тетралани айымдын коштогону ого бетер сонун. Мунун баары жаркыраган, түркүн түс боёктор менен кулпурган оркестрдик музыканын фонунда болуп атат. Мунун чексиз ырахат экенин талашпайм. Бирок алган ыракатыңдын баары сахнаны карап эле, боюнун узундугу эки метрден саал эле кыска, салмагы токсон беш килдик Тетраланини жана анын жанындагы Барильону, көкүрөгү темир устаныкындай төрт чарчы, бастек бойлуу адамды көргөндө кайда кеткени билбей каласың. Анан экөө катарлаша туруп алып, төштөрүн кармалап, жиндиканада жашаган немелердей колдорун ары-бери шилтешет. Мен болсо муну жаш канзаада менен ай чырайлуу канышанын ортосундагы махабаттын көрүнүшү деп элестетишим керек турбайбы. Жок, мен каршымын. Бул акмакчылык. Бул табигый эмес. Кеп так мына ушунда. Киши кантип өз сүйүүсүн ушинтип билдирсин? Мисалы, мен сүйүүмдү сизге ушинтип түшүндүрсөм, сиз жаактан ары тартып жибермексиз!

— Сиз түшүнбөй жатасыз, — деди кыжыры кайнап чыккан Руфь, — искусствонун ар бир формасы чектелген (Эсине жакында эле университеттен уккан искусствонун шарттуулугу жөнүндөгү лекция түштү). Маселен, биз живопистеги эки гана ченди билебиз. Бирок ага карабай сиз сүрөтчү өзүнүн өнөрүнүн күчү менен жараткан үч ченди кабыл аласыз. Адабиятта болсо автор баарын билет жана кудурети зор. Сиз мисалы, бул авторлор өздөрүнүн каармандарынын ички сырын баяндоого акылуу деп билесиз, чынында каарман ал ойду качан ойлогонун жанында эч ким угуп турган жок да? Бул театрда, скульптурада, операда, бүт эле жерде ушундай. Айрым карама-каршылыктар менен келишүүгө туура келет.

— Ооба, түшүнөм, — деди Мартин, — ар кандай искусство шарттуу (Руфь анын туура сүйлөгөнүнө таң кала түштү, ал ага китепканадан колуна тийгендин баарын окуган өз алдынча үйрөнчүк эмес, кадимки университетти бүтүргөндөй болуп көрүндү). — Бирок шарттуулукта да чындык болушу керек. Сахнанын эки капталында турган калың кагазга тартылган дарактардын сүрөтүн биз токой деп билебиз. Бул шарттуулук, бирок чындыгы бар шарттуулук. Бирок деңиздин сүрөтүн биз токой деп эсептебейбиз да. Минтип эч качан айта да албайбыз. Мындай кылсак өзүбүздүн болгон сезимибизди зордуктаган болор элек. Ошондуктан эмеле биз көргөн эки келесоонун чоёктогонун, өңү-башын кыйшалактатып, карышып-тырышканын сүйүү сезимдерин жана маанайларын билдирип атышат деп кабыл алууга таптакыр мүмкүн эмес.

— Кантип эле сиз музыка да бардык сынчылардан өзүңүздү жогору деп эсептейсизби? — деди Руфь жактырбагандай.

— О, жок, жок. Мен жөн гана өз пикирим болсо дейм. Мунун баарын сизге эмне үчүн Тетралани айым пилдикиндей келбети менен татынакай оркестрди бузуп турганын түшүндүрүш үчүн айткым келди. Балким, атактуу музыка сынчыларынын көз караштары туурадыр. Бирок менин да жеке көз карашым бар жана аны бир да сынчынын өкүмүнө баш ийдиргим келбейт. Мага эмне жакпаса, ошол жакпайт, баса, эмнеден улам мен бул мага жаккандай түр көрсөтүшүм керек? Же башкаларга жаккан үчүнбү? Өзүмдүн модага болгон табитимди баш ийдирүүнү мен каалабайм.

— Бирок музыка деген даярдыкты талап кылат да, — каршы болду Руфь, — ал эми опера болсо, өзгөчө даярдыкты талап кылат. Мүмкүн…

— …менин опера угууга али даярдыгым жетишпестир, — деди Мартин анын сөзүн улап.

Руфь ошондой дегендей башын ийкеп койду.

— Мүмкүн, — деди Мартин, — алтургай, буга кубанам. Эгерде мени кичинемден тартып опера укканды үйрөткөндө, балким, бүгүн бул маскарапоздордун тыйралаңдаганын көрүп олтуруп, элжирегенимден көз жашымды төкмөкмүн, алардын үнүн, оркестрдин доошун да сезбей калмакмын. Бирок сиздин айтканыңыз туура. Бул албетте, тарбия менен келет, мен болсом ал курактан өтүп калдым. Мага реалдуулук керек же жакшысы, таптакыр эч нерсенин кереги жок. Чындыкка ишара да жок көз жазгыруу мени козгой албайт, ошондуктан опера мага башынан аягына дейре жалган сезилет; айрыкча кенедей Барильо калтырап-титиреп, дөөдөй Тетралани айымды кучагына кысууга аракеттенип, аны өлө сүйөөрүн айтканына такыр ишенбейм.

Бирок Руфь демейдегидей эле Мартиндин көз караштарын сырткы белгилерден жана өзү баш ийген жалпыга маалым эрежелерден гана туруп баа берчү. Чындап келсе өзүмдүкү гана туура деп, калган маданияттуу дүйнөнү теңине албагыдай деги ал ким болуп кетиптир? Анын сөзү да, ою да Руфка эч бир таасир эте алган жок. Руфь жалпы кабыл алынган нерселерге абдан көнгөндүктөн мындай козголоңчул ойлорго жан тарткан жок; анүстүнө ал музыка менен бала кезинен алектенип, операны өз чөйрөсүндөгүлөр сыяктуу эле бала кезинен сүйчү. Анан рэктайм (америкалык популярдуу музыканын түрү – Б.Ш.) менен көчө ырчыларынын дүйнөсүнөн жаңы эле чыга калган Мартин Идендин бүткүл дүйнө суктанган музыкага баа бергенге кандай укугу бар деги?

Мартиндин жанында баратып, намысына келе түшкөн Руфь бүдөмүк таарынычты сезип турду. Мартиндин көз карашы менен ойлорун кежирлиги же болбогон тамашасы деп койсо болмок. Бирок Мартин аны эшигинин жанына чейин узатып барып, кучактап туруп назик өпкөндө сүйүүдөн делебеси козголгон Руфь баарын заматта унутуп калды. Кирпик ирмебей төшөктө жаткан бойдон Руфь бул кызыктай адамга кандайча ашык болуп калганын, сүйгөндө да ата-энесинин каршы болгонуна карабай сүйүп калганын ойлонуп жатты.

Эртеси күнү Мартин Иден кечеки операнын жана Руфь менен болгон кептин таасири менен «Куру кыялдардын философиясы» деген көлөмдүү макала жазды. Ошентип марка менен кооздолуп, кол жазма салынган конверт кайрадан саякаттап жөнөдү, бирок байкуш «Философияны» алдыда али дагы далай марка алмаштырып, дагы узакка созулган далай жол басып саякаттоо күтүп турду.

XXV ГЛАВА

Мария Сильва кедей болгондуктан, мунун эмне экенин жакшы билчү. «Кедейлик» деген сөз Руфка жашоонун айла жок шартын билдире турган. Кедейлик туурасындагы болгон түшүнүгү ушул. Ал Мартиндин кембагал экенин билчү жана оюнда анын жашоосун жаш Авраам Линкольндун же мистер Бэтлердин, дегеле итке минген жакыр турмуштан баштап, акыры ийгиликке жетишкен бардык адамдардын жашоосу менен салыштыраар эле. Жакырчылык бардык жагынан жаман экенин билген Руфь ошол эле учурда жакырдыктан өз чөйрөсүндөгү көп адамдардай эле, албетте, эгер жакыр адам жок дегенде бир нерсеге шыктуу болсо, карьера жасоо же жумуш үчүн мыкты түрткүнү көрчү. Ошондуктан Руфь Мартиндин пальтосу менен саатын күрөөгө койгонго аргасыз болгонун билди, бирок ага сар-санаа болгон жок. Тескерисинче, ал Мартин батыраак акылына келип, өзүнүн адабий демилгесин токтотор деп мындай жагдайга ыраазы да болду.

Мартиндин шылына түшкөн жаагы, чүңүрөйө арыктаган жүзүнөн анын ачка жүргөнү Руфтун оюна да келген жок. Кыз Мартиндин сырткы кебетеси өзгөрүп, арыктап, мурдакы өзүн бир туруп оолактаткан, бир туруп азгырган жаныбардыкындай москоол тарткан өңү назиктенип, жанданып калганына кубанып да алды. Руфь кээде Мартиндин көздөрүнүн таң каларлыктай жылтыраганын, бул аны акынга же окумуштууга окшотоорун карап туруп суктанар эле. Аны кыз так ушундай адам катары көргүсү келчү да. Кимге кимге, бирок батирдин кожейкеси Мария Сильвага бул көз караш таптакыр башка нерсени айтып турар эле, ал бир карап туруп эле Мартиндин абалынын кай тарапка өзгөрүлүп баратканын билип койчу.

Мария жаан куюп, күн сууктап турганына карабай Мартин үйдөн пальтосун кийип чыгып, кайра пальтосу жок келгенин көргөн. Ошондон кийин Мартиндин бети бир нече убакытка чейин толо түшүп, көздөрүндөгү ачкачылыктын оту өчкөн эле. Мария анын сааты менен велесепетинин жоголуп кеткенин да байкаган, бул да анын бир топ убакытка чейин тирлигин жандандырып, боюна күч-кубат кошту окшойт.

Мындан тышкары Мария анын кандай иштеп, бир түндө чыракка канча кересин жакканына чейин так билчү.

Иштеп атпайбы! Мария Мартиндин иши таптакыр башкалардыкына окшобосо да иштеп атканын жакшы билчү. Аны Мартиндин канчалык аз жесе, ошончолук көп иштегени таң калтырат. Кээде ал Мартин ачкадан баспай калган күндөрү, балдарынын биринен жаңы бышырган нанын берип жиберер эле, уялтпайын дейт окшойт, муну Мария калп эле сен мындай нан бышыра албайсың деген шылтоо менен жасаар эле. Кээде ал балдарынан эптеп-септеп арттырып, Мартинге бир табак ысык кесме берип жиберчү да анан ичинен өзүнүн чиедей болгон балдарынан тамакты тартып алганга акым барбы деп бушайманданып да кетер эле. Мартин буга чын жүрөгүнөн ыраазы болуп, өз тажрыйбасы көрсөткөндөй, эгерде дүйнөдө чыныгы кайрымдуулук бар болсо, анда ал ушул жерде, кедейлердин гана арасында болорун түшүнгөн.

Бир күнү Мария калган-куткан азыгы менен балдарынын курсагын тойгузуп атып, суу алганы ашканага кирип калган Мартинди акыркы он беш центине сатып алган арзан виносу менен сыйлады. Экөө бири биринин саламаттыгы үчүн алып отурушту. Анан Мария анын баштаган ишинин ийгилиги үчүн, Мартин болсо Жемс Грант батыраак келип, жуулган кийимдеринин акысын төлөсүн деп ыстыкан көтөрүштү. Жемс Грант деген жыгач устанын жардамчысы, акысын дайыма ушинтип кечиктирип бергендиктен, Марияга үч доллар карыз болуп жүрөт.

Жаңы эле ачытылган кычкыл вино ачкарын ичкенине экөөнүн ичтерин куйкалап, башка тээп чыкты. Бири бирине таптакыр окшошпосо да экөө тең кембагал жана жалгыз эле, ачык айтылбаганы менен кедей турмуш экөөнү тең бири-бирине боор тарттыра жакындаштырып турчу. Кеп үстүндө Мария Мартиндин өзү он бирге чыкканча жашаган Азор аралына барганын угуп, тимеле жетине албай сүйүндү. Анын Гавайдагы аралдарда да болгонун укканда ого бетер терисине батпай калды, анткени Мария кийинчерек так ошол жакка көчүп барбады беле. Бул да эч нерсе эмес, Мартин ага Мауйи аралында болгонун айтканда Мария кубанганынан таптакыр эле өзүн жоготуп койду. Дал ошол аралда Мария алгач ирет турмуш курган. Күйөөсү менен Кагулуиде биринчи жолу таанышканы эсинде, Мартин болсо ал жакка эки жолу барган тура! Эх, кант жүктөлгөн кемелерди Мария кантип унутсун! Демек Мартин анын издери калган, жүрөгүнө жакын жерлерде сүзүп жүргөн турбайбы? Кең деген дүйнөнүн тарын карачы! А, Вайлукудачы? Мартин аякта да болуптур. Баса, ошол жердеги плантациянын кароолчусун билет болду бекен? Кантип билбесин, алтургай, анын саламаттыгы үчүн бир ыстыкан винону да тартып жиберген болуп чыкты.

Ошентип ар кайсыны эскерген экөө ачкачылыгын вино менен басып отурушту. Бирок Мартинге келечек анчалык деле бүдөмүк караңгы эмес эле. Эртедир кечтир ал ийгиликти багынтып, атак-даңкка жетишет, ал кез деле алыс эместей. Болгону бир чымырканып койсо гана болду, көздөгөнү колуна тиет. Ушул жерден Мартин маңдайында отурган бечара аялдын жүдөгөн кебетесинен көздөрүн албай тигилип калды, анын өгүнчүрөөк берип ийген нанын, сорпосун эстеп, ага болгон чексиз ыраазылыгы толкуп-ташып кетти, ага кандайдыр бир жакшылык кылгысы келип кетти.

— Мария, — күтпөгөн жерден Мартин кыйкырып жибере жаздап, — сиз эмне каалар элеңиз?

Мария чочуп кетип түшүнбөй Мартинди карап калды.

— Кана, ушул мүнөттө сиз эмнени каалар элеңиз?

— Жети жуп тапичке каалайт — балдарга.

—Ал жакында колуңузга тиет, мен алып берем, — деди ал, Мария болсо башын салтанаттуу ийкеп койду. — Дагы, мындай бир чоңураак нерседен айтсаңыз?

Мариянын ыраазы болгон көздөрүнөн кубаныч жылт этти. Көптөн бери аны менен эч ким минтип көөнүн көтөрүп, тамашалашып сүйлөшө элек болчу, Мартин болсо тамашалашып атпайбы.

— Шашпай ойлонуңуз, — деди ал эскертип, Мария бирдеме демекке оозун ачып келатканда.

— Жакшы, — деди анда Мария, — мен абдан ойлонду, мага өзүмдүкү үй керек, — акы жок жашайт. Жэты доллар бир айга мен төлөбөш керек.

— Сиз муну аласыз, — деди Мартин, — жакында болот. Бирок мындан да чоң каалооңуз эмне? Мени кудай деп элестетип көрүңүз, — баарын аткаруу колуман келет. Кана, айта бериңиз, угуп атам.

Мария бир аз унчукпай калды.

— Сиздики коркуп кетет да.

— Жок, жок, — күлдү Мартин, — мен коркпойм. Айта бериңиз?

— Чоң нерсе, эх, абдан чоң нерсе, — деди эскерткенсип Мария.

— Макул, макул. Айтыңыз эми.

—Жакшы, — деди Мария бирдеме сурагысы келип, бирок сурагандан айбыккан жаш балача улутунуп, үшкүрүп да жиберди. — Мэн фэрма — жакшы фэрма каалайт. Көп уй, көп жайыт, көп чөп керек. Ушу Сан-Лиан тараптан. Сан-Лианда меники бир тууган жашайт. Оклендке мен сүт сатат. Көп тыйын болот. Жо менен Ник уй кайтарбайт. Алар жакшы мектеп барат. Чоң инженер болот, жол курат. Ооба, мен жакшы фэрма каалайт.

Мария унчукпай калды да, жылтыраган көздөрү менен Мартинди карап калды.

— Сиздин фермаңыз болот, — деди ошол замат Мартин.

Мария башын ийкеди, азыр эле айткан нерселердин бирин да эч качан ала албасына көзү жетип турса да квартирантынын айкөлдүгүнө ыраазы боло түшүп, анын ден соолугу үчүн ичип жиберди. Анын жакшы ниет менен айткандары чын эле колуна тие тургансып, убада бергенин эле баалады.

— Ооба, туура айтасыз, Мария, — деди Мартин. — Ник менен Жо уй бакпашы керек. Балдарыңыздын баары бекем, бышык бут кийим кийип, жыл бою мектепке барат. Сиздин эң сонун фермаңыз болот, өзүңүздүн үйүңүз, атканаңыз, чөп жыйнаган бастырмаңыз, уй байлачу жериңиз болот. Өзүңүздүн тоогуңуз, чочколоруңуз, чарбагыңыз, жемиш багыңыз, бир сөз менен айтканда, эмне керек болсо, ошонун баарысы болот; алтургай бир эмес, эки кызматчыны жалдаганга да каражатыңыз жетишет. Өзүңүз болсо колуңузду муздак сууга урбайсыз. Балдарыңызды гана тарбиялайсыз. Кокус түзүк бирөө туш келип калса, турмушка да чыгып аларсыз, ал чарба тирлигин жүргүзөт, сиз болсоңуз эс алып гана жата бересиз.

Мартин ошентип, өзүнүн кыялындагы келечек байлыгынан кең пейилдүүлүк менен бул аялга бөлүштүрдү да, ордунан туруп, сыйга кийген жалгыз кастүмүн күрөөгө коюуга кетти. Мындай чечимге келиш ага оор болду, анткени кастүмү жок Руфь менен кантип жолугушат. Анын башка бир да дурус кастүмү жок эле, кырк жеринен жамаачыланган матростук курткасы менен наабайчыныкына, касапчыга же эжесиникине барса боло берет, бирок мындай кебетеси менен Морздордукуна барганды ойлоп да болбос эле.

Үмүтү таптакыр үзүлүп баратканына ичинен зилдеп турса да Мартин иштегенин уланта берди. Экинчи жолку салгылашууну да уттурдум деген ой барган сайын мээсин көзөп жеп, чынында эле кара жумушка кайра барбаска аргасы калбагандай эле. Минте турган болсо, анда ага баары: дүкөнчүлөр, эжеси, Руфь, алтургай, өзү батирге бир айлык карыз болгон Мария да ыраазы болушмак. Эки айдан бери ижарага алган машинкенин акысын бере элек, ал жактагылар же төлө, же машинкени кайтар деп кысмактап атышат. Ошентип күрөшүн кийинки ыңгайлуу учурга ары сүрүп, багынууга даяр болгон Мартин темир жолдогу почточулук кызматка сынактан өтмөккө жөнөп калды. Сынактан биринчи болуп өтүп кеткенине өзү да таң калганы менен эми орундун бошошун күтүш керек экен, анысы да качан болорун ким билсин. Аргасы таптакыр түгөнүп, көңүл чөгөт болуп турган дал ушул учурда басманын машинасы күтүлбөгөн жерден өзүнүн демейдеги жүрүшүн өзгөрттү. Кайсы бир бурамасы ыргып кеттиби же бул жолу начар майланып калдыбы ал машина, айтор, бир күнү эле эртең менен почточу кичинекей конвертти апкелип Мартинге сунуп калса болобу. Карай салып, конверттин бурчунан айына чыгуучу «Трансконтинентал» журналынын штампын көрдү. Жүрөгү кабынан ыргып кетчүдөй туйлап барып, кайра токтоп калгансыды, денеси алсырап, тизелери өзүнөн өзү калтырап чыкты. Катты ачпай туруп акырын керебетине келип отурду да, ошол ирмемде чексиз кубанычтуу кабар адамды өлтүрүп коюшу да мүмкүн экенин анык түшүндү.

Бул чынында эле көптөн күткөн сүйүнүчтүү кабар болсо керек. Себеби кенедей конвертке кол жазма батмак эмес. Мартин беш миң сөздөн турган «Коңгуроонун үнү» деген өтө курч окуялуу аңгемесин ушул «Трансконтиненталга» жибергенин эстеди. Мыкты журналдар кол жазма жактырылар замат акчасын төлөйт дешкенин уккан эле, ошондуктан конверттин ичинде албетте чек болуш керек, андай болгондо ар бир сөзгө эки центтен төлөсө, миң сөзгө жыйырма доллар болушу керек, демек, каттын ичинде жүз долларлык чек болушу керек! Жүз доллар! Конвертти ачып-ачпай туруп эле Мартин өзүнүн бардык карыздарын эсептеп кирди. Азык-түлүк саткан дүкөнгө — 3 доллар 85 цент, касапчыга 4 доллар, наабайчыга 2, жашылчага 5 доллар болуп, карыз жалпысынан 14 доллар 85 центтке чыкты. Ал эми бөлмөгө — 2,50, бир айын алдын ала бергенде дагы — 2,50; машинкенин ижарасы — 8, ага да бир айлыгын алдыга төлөсө — 4, баары биригип 31,85 болот экен. Андан тышкары саатын тапшырган дүкөнгө — 5,50, пальтосуна — 5,50, велесепетине — 7,75, кастүмүнө — 5,50 (60 пайызы кетет экен – баары бир эмеспи?). Баарын кошуп келгенде — 56,10 болуп чыкты. Так мына ушул сан эми ага абада күйүп турган тамгалар менен жазылып тургансыды! Калган 43 доллар 90 цент батир менен машинкеге бир ай алдыга төлөөрүн эске алганда, ага зор байлыктай болуп турду.

Ушулардын баарын заматта оюнан сыдырып үлгүргөн Мартин конвертти ачып караса… алакандай каттан башка ташбалекет да жок экен.

Өз көзүнө өзү ишенбей, конвертти силкип, аңтарып көрдү. Жарыкка салып да карады. Чек жок. Каттагы редактордун мактоолорун аттап кетип, ток этер жерин, эмне үчүн чек келбегенин билгиси келди. Муну таппады, бирок кийинки окуганы аны башка чапкандай кылды. Кат колунан жерге түштү. Көздөрү караңгылап, керебетке кулады да, төшөгү менен башын чүмкөгөн бойдон бүк түшүп жатып калды.

«Коңгуроонун үнүнө» беш эле доллар төлөп беребиз деп жазылыптыр болчу катта. Беш миң сөзгө болгону беш доллар! Ар бир сөзгө эки центтин ордуна — он сөзгө бир цент! Анан бети жок редактор уялбай дагы чегиңизди аңгеме басылып чыгаары менен токтоосуз салып жиберебиз деп көңүлүн жооткотуп койгонун! Демек, бир сөзгө кеминде эки центтен төлөйт дегендин баары кыпкызыл калп тура. Калп болсо демек, ал жок жерден кайырмакка илинген экен да. Мунун баарын мурда билсе кана, кол жоорутуп жазмак да эмес экен. Андан көрө бир жерге кирип иштеп кетмек, Руфь үчүн иштемек. Болбогон ишке канчалаган кайран убактысын коротконуна каңырыгы көк түтүн боло түтөп кетти. Бул убаракерчиликтин болгон турган кызыл баасы акыры келип — он сөзгө бир цент тура! Жанагы гезиттерде айтылган калем акыларды алчу улуу жазуучуларың деле журналисттердин кыялында гана жашагандар турбайбы. Мартин башкалардан уккан жазуучулук карьера туурасындагы кептер жөн гана куру кыял болуп чыкты, мунун далилин ал көзү менен көрүп турбайбы.

«Трансконтинентал» журналынын бир саны жыйырма беш цент турат, анын кооздолгон мукабасы бул журналдын мыкты журналдардын катарына кирерин көрсөтүп турат. Бул көөнө, салабаттуу журнал Мартин төрөлө электен мурда эле жарыкка чыга баштаган. Тышкы бетине болсо дүйнөгө белгилүү бир жазуучунун журналдын ардактуу миссиясы жөнүндө айткан сөзү дайыма жазылып турчу, анткени ошол чыгаан жазуучу өзүнүн чыгармачылык чыйырына алгач ирет ушул журналдан кадам таштаган экен. Эми ошол көркөмдүгү, ыйман-ынсабынын бийиктиги жагынан укмуш деген журнал минтип беш миң сөзгө болгону беш доллар төлөбатпайбы! Ушул жерден Мартин бир улуу жазуучунун жакында эле мусаапыр жерде, итке минген жакыр турмушта каза тапканын эсине түшүрүп, мында таңгала турган деле эч нерсе жок турбайбы деди.

Ооба, алданган экен. Гезиттер жазуучулук калем акы жөнүндө былжырактын баарын айтып алдашкан турбайбы, аларга ишенип жүрүп, толук эки жылын коротту! Эми жетишет. Мындан ары бир да сап жазбайт! Эми Руфь, башкалар каалагандай кылат, — бир кызматка орношот. Ушул акыркы ой Жону – баягыда баарын урдум деп селсаяк болуп кеткен Жо досун эсине салды. Мартин ага суктана терең үшкүрүп алды. Күн сайын он тогуз сааттан иштегени күтүлбөгөн жерден кайра өзүн сездиргендей болуп кетти. Бирок Жо эч кимге ашык болгон эмес эле, ошондуктан эч кандай жоопкерчилиги жок жер бетин каалагандай кезип, тентиреп жүрө берсе болот, ага укугу да бар. Мартин анте албайт, анткени анда күрөшө турган, алдыда жетиш үчүн иштей турган улуу максаты бар. Ал эртең турары менен эле иш издеп жөнөйт, керек болсо, ошол эле күнү Руфка жолугуп, иштин жайын бүт айтат, акылы киргенин, эми башкача жашай турганын, эгер кабыл алса, анын атасынын мекемесине да иштөөгө даяр экенин айтат.

Беш миң сөзгө беш доллар, он сөзгө бир цент — мына искусствонун базар баасы! Бул цифранын ичинде катылып жаткан акыйкатсыздык, алдамчылык, пастык менен жүзүкаралык ага тынчтык бербей, жанына батып турду. Көзүн жуумп жатканы менен дүкөнчүгө карызы, башка бир цифра — 3,85 жанып турду. Мартиндин сөөктөрү какшап, чыйрыгып чыкты. Айрыкча бели үзүлүп түшүп бараткансыды. Оорубаган жери жок — башы, төбөсү, көк желкеси, алтургай, мээсинин ичи жанын коёрго жер таптырбай сыздатып ооруп кирди; баарынан да чекесинин жарылып кетчүдөй ооруганын айтпа. Көз алдында болсо, жанагы эле жанды кашайткан ырайымсыз сан — 3,85 кайра-кайра жана берди. Мартин бул өчөшкөндөй жабышкан элестен арылмакка көзүн ачты, бирок күндүн көз уялткан нуру жанын ого бетер сыздатып ийгендиктен, ошол замат көздөрүн кайра чылк жуумп алды. Эми 3,85 деген сан көз алдына кайрадан алоолоно жанып чыга келди.

Беш миң сөзгө беш доллар, он сөзгө бир цент! — бул ой анын мээсин оюп жеп бараткандай сезилип, бул ойдон да 3,85 санынан кутула албагандай эле, кутула албады. Акыры бир маалда бул санда кандайдыр бир өзгөрүү боло баштап, Мартиндин кызыгуусун да ойготту, эмне болор экен деген тейде карап турат. Сан акыры 2ге келип токтоду. Аа, бул наабайчыга карызы эмес беле! Кийинки сан 2,50 болучу. Бул сан болсо тимеле анын өмүрү же өлүмү жөнүндө маселе чечилип аткансып, ого бетер кызыктырып кирди. Кимдир бирөөгө ал эки жарым доллар карыз эле, бирок кимге? Ага бул маселени кандай гана болбосун сөзсүз чечүү керек, ошондуктан анын жообун табам деп акыл-эсинин караңгы, узун коридорлорунда ары-бери алдастап жүрдү. Бул анын Марияга болгон карызы экенин ойлонуп тапканга чейин арадан жүздөгөн жылдар зуу өтүп кеткендей болду. Жумбак маселени чечкенине эс ала түшкөн Мартин бир аз эс алууну чечти. Бирок ойлогон ою таш капты, жанагы 2,50 саны жоголо түшүп, анын ордуна эми 8 деген сан жанды. Бул 8 доллар кимге берчү карызы эле? Ал кайрадан мээсин чарчатып ойго чөктү.

Минтип нес боло ойлонуп канча убакыт жатканын өзү да сезген жок (бул ага чексиз созулгансып көрүндү), күтүлбөгөн жерден эшик тыкылдап, Мариянын ооруп калган жоксуңбу деген сөзүн укканда гана өзүнө келе түштү. Өзүнүкүнө окшобогон күңгүрөгөн чоочун үн менен жок, жөн гана бир аз көзүм илинип кетиптир деп жооп айткан болду. Бөлмө ичиндеги караңгылыкка таң калды. Кат тээ түшкү саат экиде эле келбеди беле, кеч кирип кеткен тура, кыязы, ооруп калган окшойт. Чынында ооруп калган эле.

Көз алдына кайрадан 8 саны пайда болуп, дагы түбү жок ойго чөктү. Мындан куулукка салып кутулбаса болбой калды окшойт. Башаламан эскерүүлөрдүн арасында темселеп эмне кылат. Жинди экен да! Болгону эс-акылдын алп дөңгөлөгүн тобокелге салып туруп, буруп жибериш керек; мына аны бурду, анан дөңгөлөк зуулдаган ылдамдык менен чимирилип, анын күүсү Мартинди өзүнө оп тартып кетти да, чексиз караңгы түпкүрдү көздөй алып жөнөдү.

Мартин өзүн кир жуугучканадагы таптагычтын жанында туруп алып, жеңдеринин учу крахмалданган көйнөктөрдү бирден төшөп, таптап жатканын көрүп эч бир таңгалган жок. Бирок крахмалдуу көйнөктөрдүн жеңинде да кандайдыр бир сандар жазылып жүргөнүн байкап калды. Кыязы, бул кийимдерге салынган жаңы белги көрүнөт деп ойлоду ал, ага үңүлө карады: көйнөктөрдүн жеңинде 3,85 деген сан туруптур. Ал муну азык саткан дүкөнчүнүн эсеби тура деди, муну да кир таптагычтан өткөрүү керек деп ойлоду. Ушул жерден башына мындай бир арамза ой келди. Бардык эсептерди ыргытат да, бирине да төлөбөй коёт. Айттыбы — демек, аткарылды!

Мына, арыдан бери бүктөлгөн манжеттерди ыплас полго ыргытты. Үймөк дөбөдөй болуп көбөйө берди, ар бир эсеп эки, анан он эселенип отуруп, акырында миңге жетти да, кайра эле быжыраган сандарга чачылды, бирок алардын арасынан бир гана Мариянын эки жарым доллары көбөйгөн жок. Муну акчамды төлө деп Мариянын кысымга албай турганы деп түшүндү, ошондуктан Мартин Мариянын гана карызын төлөйүн деп чечти. Анан ал үймөктүн арасынан Мариянын эсебин издей баштады, ары издеди, бери издеди, акыры тапкычакты эшиктен конок үйүнүн ээси — семиз голландык киши кирип келди. Ал бетинин түгү чыга түшүп, үнүнүн барынча бакырды: «Манжеттердин акысын сенин айлыгыңдан кармап калам». Кир кийимдердин үймөгү өзүнчө бир тоого айланып, Мартин буларды төлөш үчүн кеминде миң жыл иштеш керек экенин түшүндү.

Эми мейманканын ээсин жайлап салып, кир жуугучкананы өрттөп жиберүүдөн башка эч арга калган жок. Бирок семиз голландык аны жакасынан алып туруп, топтой өйдө ыргытып кирди. Ал аны үтүктөр турган үстөлдөн, темир мештен, кир таптагычтан, кир жууган жана кир сыккан машинелерден ары ыргытты. Мартин абада тарбалаңдап учуп, тиштери шакылдап, башы зыңылдап жатты; ошого карабай голландыктын күчүнө таңгала берди.

Анан ал кир таптаган дөңгөлөктүн жанына келип калды, бул жолу жуулган жана тапталган манжеттерди тиги учунан журналдын ээси жылдырып берип атыптыр. Ар бир манжет чекке айланып атты, бирок Мартин аларга канчалык кабатырлана үңүлгөнү менен алардын баары актай экен. Ал кир таптагычтын жанында миллион жылдар бою туруп алып чектерди бирден чубап чыгып, карап жатты, кокустан өзүнүн атына толтурулган бир да чекти өткөрүп жибербеске тырышып, абдан тыкандык менен карап жатты. Акыры самаганындай бир чек чыга келди. Мартиндин колдору калтырай түшүп, жарыкка жетти да чекти окуп кирди. Беш долларлык чек экен бул. Кир таптагычтын артына бекине калган басма кызматкери «ха-ха-халап» күлүп атыптыр. Мартин «Болуптур, мен сени азыр өлтүрөм», — деди да балта издеп коңшу бөлмөгө кирип барса, ал жакта кол жазмаларды крахмалдап Жо жүрөт. Жазгандарын сактап калайын деген Мартин Жону балта менен уруп калды эле, бирок балта баратып эле абада илинип туруп калды. Мартин бөлмөдөн атып чыгып, кайра кир таптагычка жетип келди, караса ал жерде кар тозоңун сапырган бороон бурганактап атыптыр. Жок, бул кар эмес, ар бири миң доллардан кем эмес, жерге батпай жайнаган чектер болчу. Ал аларды чогултуп, жүз даанасын бир таңгактан кылып, аны өзүнчө лента менен аспеттеп таңып жатты.

Күтүлбөгөн жерден маңдайында кайрадан Жо пайда болду. Ал босогодо туруп алып үтүктү, көйнөктөрдү, кол жазмаларды абалактай ыргытып, жонглердой оюн көрсөтүп атыптыр. Кээде ал таңгакталган чектерден да илип ала коюп, өйдө ыргытат, чектер чатырды тешип чыгып, мейкиндиктен жоголуп кетет. Мартин Жону көздөй жулунду эле, бирок ал Мартиндин колундагы балтасын жулуп алып, аны да жогору көздөй атты. Балтанын артынан Мартиндин өзүн да кошо ыргытты. Мартин чатырды тешип чыгып, абада учуп жүргөн жайнаган кол жазмаларды кармап алганга үлгүрдү да, бир кучак кол жазма менен кайра жерге кулап түштү. Бирок ошол замат эле кайрадан көктү көздөй кетти да асман мейкиндигинде чимириле айланып жүрө берди. Алыстан: «Бийлечи, Вилли мени менен, дагы бир жолу бийлечи!» — деп кандайдыр бир баланын чыйылдап ырдаганы угулгансып жатты.

Балта болсо чектерден, крахмалдуу көйнөктөрдөн жана кол жазмалардан жаралган Саманчынын жолунда сороюп турду. Мартин аны ала коюп, жерге түшөрү менен Жону жайлайын деди. Бирок Мартин ошол бойдон жерге кайтып түшкөн жок. Саат түнкү экиде Мария үйдүн дубалынын ары жагынан онтоп жаткан Мартиндин үнүн угуп, бөлмөсүнө баш бакты, үстүн кымтылап жылуулап жаап, оорудан сезгенген көздөрүнө болсо нымдуу сүлгүнү басып койду.

Орусчадан оодарган Бахтияр Шаматов