
XXVI ГЛАВА
Эртеси күнү Мартин Иден жумуш издеп чыккан жок. Түнү менен катуу ысытмалап, эсин жогото чабалактап чыккандыктан, убакыт түш чак болгондо көзүн араң ачты. Эки жакты караса Сильванын сегиз жашар Мэри деген кызы анын жанында отурган экен, Мартин ойгонору менен ал кыйкырган бойдон энесине чуркап кетти. Ашканада жүргөн Мария идиш-табагын таштай коюп жетип келди. Ал чор баскан алаканын Мартиндин от болуп күйгөн чекесине коюп, тамырын кармап көрдү:
— Тамак жегиси келет? — деп сурады ал.
Мартин башын чайкады. Тамакка таптакыр табити тартпай, бир кезде ачка болгонун эстеп, таң калып да кетти.
— Мен ооруп калдым, Мария, — деди ал алсыраган үн менен. — Мага эмне болгон, билбейсизби?
— Сасык тумоо, — деди Мария, — үч күндө өзү эле жакшы болот. Азыр тамак ичпей эле кой. Эртең ич.
Мартин оору дегенди түк билчү эмес, ошондуктан ал Мария кызы экөө чыгып кетери менен тура калып кийинүүгө аракеттенди. Көздөрү ачтырбай катуу ачышып, ооруп турду. Эптеп керебеттен туруп, үстөлгө келип олтурду, бирок башын көтөрө албай өбөктөп жатып калды. Ошол бойдон башын көпкө чейин көтөрө алган жок. Жарым сааттан кийин жаны кыйналып атып, кайра керебетине араң жетти да чалкасынан түшүп, былк этпей жатып калды, эмнеден мынчалык катуу ооруганынын себебин түшүнүүгө аракеттенди. Мария улам келип анын чекесиндеги ным чүпүрөктү алмаштырып турду. Аркы-берикини айтып, тынчын албайын деди окшойт, чурк этип сүйлөгөн жок. Мариянын мындай камкордугуна чексиз ыраазы болгон Мартин булдруктады:
— Мария, сиздин сонун фермаңыз болот, көп акчаң болот.
Анын эсине кечээки күн түштү. Ага «Трансконтиненталдан» кат алгандан бери ал өзүнүн катуу жаңылганын түшүнгөндөн бери, бул иштен биротоло кол жууп, турмуш китебинин жаңы барагын ачам деп чечкенден бери кылым убакыт өткөндөй сезилди. Оорусуна да күнөөкөр болгон өзү, анткени ачка жүрүп, үнөмчү болом деп көп нерседен баш тартып атып, жанына күч келтирип алганына өзү эмей ким күнөөлүү? Мына эми жадагалса, денеси ичине кирип кеткен мителер менен күрөшкөнгө да алы калбаптыр, өзү болсо тырп этерге алы жок төшөктө жатат.
— Китепкана толтура китеп жазсам да аның үчүн өлүп кеткенден мага не пайда? — сурады ал өзүнөн өзү. — Жок, бул менин ишим эмес. Адабиятың менен аңга түш! Менин тагдырым – кеңселик китептерди жүргүзүү, ай сайын маяна алып коюп, Руфь менен кичинекей бир үйдө жашоо…
Мартин эки күндөн кийин гана оозуна наар алып, эки сындырым нан менен бир жумуртка жеп, бир ыстыкан чай ичти. Анан почтодон келген каттар болсо апкелип бергилечи деп суранды, бирок көзү дагы эле ачышып ооруп тургандыктан, эч нерсе окуй деле албады.
— Мария, мага мобул каттарды окуп бериңизчи, — деди ал. — Алдагы чоң-чоң конверттерди ачпай эле үстөлдүн астына ыргытып коюңуз.
— Мен окуганды билбейт, — деди Мария. — Тереза билет, ал мектеп барат.
Тогуз жашар Тереза кызча конвертти ачып, катты эжелеп окуй баштады. Мартин машинкенин эки айлык ижара акысын төлөө жөнүндөгү катуу талапты көңүлкош тыңшап отурду, оюнун баары кантип, каерден бир жумуш тапсам дегенде эле. Ошентип отурганда күтүлбөгөн жерден кулагына мындай сөздөр шак дей түштү:
— «Эгерде биз сунуштаган кыскартуулар менен өзгөртүүлөргө макул болсоңуз, — Тереза муун-муунга бөлүп окуду, — анда сиздин аңгемеңизге кырк доллар сунуштамайбыз…»
— Кайдан бул, кайсы журналдан? — кыйкырып жиберди, Мартин. — Берчи катты.
Ал көзүнүн ооруганын ошол замат унутуп коюп, катты жанталаша окуп кирди. Бул анын эң алгачкы «коркунучтуу» аңгемелеринин бири — «Айлампага» — кырк доллар сунуш кылыбаткан «Ак Чычкан» журналы болуп чыкты. Мартин катты кайра-кайра окуду. Редактор ага аңгеменин идеясын автор терең ачып көрсөтө алган эмес, бирок идеянын өзү оригиналдуулугу менен мыкты, андыктан айрым кемчиликтерине карабай, аңгемени журналга пайдаланууну чечтик деп ачык эле жазыптыр. Эгерде ал аңгемесинин үчтөн бир бөлүгүн кыскартууга уруксат берсе, кырк долларга чек токтоосуз түрдө ага жөнөтүлөрүн билдириптир.
Мартин колуна калем ала калып, редакторго аңгеменин үчтөн бирин гана эмес, төрттөн үч бөлүгүн кыскартууга да макул экенин айтып, бир гана өтүнүчү, чекти мүмкүн болушунча батыраак салып жиберсеңиз деп жазып жиберди.
Тереза катты почтонун кутусуна таштаганга чуркап кетти, Мартин жаздыкка башын коюп, ойлоно түштү. Демек, бул баары бир калп эмес экен да. «Ак Чычкан» кол жазманы кабыл алары менен төлөйт турбайбы. «Айлампа» үч миң сөздөн турган аңгеме эле. Анын үчтөн бир бөлүгүн алып таштаса, эки миң сөзү калат. Ошондо ар бир сөзүнө эки центтен туура келет экен – гезиттер чын айткан турбайбы! Ал «Ак Чычканды» үчүнчү сорттогу журнал деп жүрбөйбү. Анын журналдар жөнүндө таптакыр түшүнүгү жок тура! «Трансконтиненталды» баарынан мыкты эсептеген эле, бирок ал он сөзгө бир гана цент төлөп атпайбы! «Ак Чычканды» бекер эле тоготпой жүргөн экен, көрсө, бул журнал калем акыны башкаларга караганда жыйырма эсе кымбат, алтургай, акчасын чыгарма басыла электе эле төлөп коёт турбайбы!
Бир нерсе эми ага айдан ачык болду: сакайгандан кийин жумуш издеп эч кайда барбайт да, убара болбойт. Анын мээсинде «Айлампадай» аңгемелердин жүзү турат, алардын ар бирин кырк доллардан эсептегенде, ар кандай башка кызматта иштегенден көбүрөк табат. Ошентип ал күрөштү жеңилдим го деп турган чакта жеңип кетти. Көздөгөн максаты ордунан чыкты. Эми анын жолу ачык. “Ак Чычканды” багындыргандан кийин эми калган журналдарды өзүнүн тизмесине акырындык менен киргизе берет. Киреше табам деп майда-баратты жазганын таштап койсо деле болот, анткени алар ага бир доллар да апкелген жок. Эми чыныгы ишке киришет, өзүнүн болгон шыгын, чыгармачылык жалынын арнап иштейт. Ал мына эми чыныгы иштин үстүндө иштейт. Ушул жерден Мартин Руфь азыр жанымда болуп, жакшылыгыма кошо кубанса кандай жакшы болор эле деп каалап кетти. Анан күтүлбөгөн жерден чачылып жаткан каттардын арасынан Руфтан келген бир катты таап алды.
Минтип алапайын таппай калганын кайдан билсин, Руфь аны эмнеге көрүнбөйсүң, келбейсиң, дайның чыкпай кетти деп жемелеген болуптур катында. Мартин катты көңүлү толкуп-ташып кайра-кайра окуду. Кусадар жүрөгү анын ар бир сабына, ар бир тамгасына суктана карап, аягында кыздын койгон колун эрдинен өпкөндөй назик өөп жиберди.
Ошо замат кат жазып, дурус деген жалгыз кастүмүн күрөөгө койгондуктан бара албаганын ачык эле айтты. Анан ооруп калганын, бирок эми сакайганын, эки жумадан соң кастүмү колуна тийген күнү (так ошо күнү Нью-Йорктон чек келмек) сөзсүз жетип бараарын кабарлады.
Бирок Руфь эки жума күткүсү келген жок. Сүйгөнү ооруп атса качан айыгат деп отурмак беле. Кыз эртеси эле күнү Артурду ээрчитип, эки дөңгөлөктүү жеңил араба менен Мариянын балдарынын оозун ачырып, кошуналарды таңгалдыра, Мариянын өзүнүн жүрөгүн түшүрүп, Мартиндин турагына жетип келди. Мария өзгөчө конокторду жарданып тегеректеп алган балдарын кулактарынан чойгулап, сөзгө келбеген колдураган тили менен сырткы кебетесинин шалаакылыгына кайра-кайра үзүр сурап атты. Колуна самындын көбүгү жабышып калыптыр, белдемчи кылып алдына тартып алган одуракай суу алжапкычынан эмне иш менен алектенип атканы меймандарга көрүнүп турду.
Келишимдүү кийинишкен жаш жигит менен жаш кыздын Мариядан Мартин Иден деген жигит ушул жерде турабы деп сураганы аны чексиз таңгалдырып, эсин оодаргангандыктан ичкери киргиле деп айтканды унутуп коюптур. Конокторго Мартин жаткан бөлмөгө кириш үчүн кирдин буусунан ченемсиз ысып кеткен ашкана аркылуу өтүүгө туура келди. Абдырап калган Мария байкуш уялганынан эшикти кармалап туруп калды эле, ошол замат сыркоо жаткан бөлмөгө буунун туманы, самын суу менен кир кийимдердин жыты толо түштү.
Руфь адегенде ыкчам оңго, анан солго, кийин дагы оң жакка бурулуп, үстөл менен Мартиндин керебетинин ортосундагы кууш тар жер менен илгерилей басты. Артур этияттабастан чалынып, ашкананын бурчундагы карапа менен казан көмөчтү калдыр-шалдыр түшүрүп урунуп алды. Бирок Артур бөлмөдө көпкө болгон жок. Анткени бөлмөдөгү жалгыз отургучту Руфь ээлеп алгандыктан, өзүмдүн милдетимди аткардым деген Артур ооздогу секичеге чыга качты. Ал жакта болсо аны Мариянын оозун ачкан балдары кайра эле чурулдап курчап алышты. Аларды көргөн кварталдагы калган балдар да топурап чуркап жетип келишти, ызы-чуу менен гүрү-гүү түшкөн беттери ботала-шотала балакайлар жеңил арабага жабыша тегеректеп, улам кармалап карап атышты, анан моокумдары канды окшойт, четке тизилип, эми мунун баары эмне менен бүтөөр экен дегенсип, шумдук бир окуяны күткөндөй, жардана карап туруп калышты.
Оңойбу анан, бул жакка мындай шөкөттүү араба бирөөлөр үйлөнгөндө же бирөөлөр каза тапканда гана келе турган: азыр болсо үйлөнгөн да, каза болгон да эч ким жок болуп атпайбы. Демек, жакыр, кейпи кеткен кепе тамдардарда жашаган буларга азыр ойдо жок бир шумдук окуя болуп кетүүгө тийиш эле.
Бул күндөрү Мартин Руфту көрбөй абдан кусадар боло түшкөн. Анда жалындап сүйгөн жүрөк болгондуктан, өзү да башкалардан боор ачыгандыкты күтөөр эле, жөн эле боорукерликти эмес, жан дүйнөсүн кылдат түшүнгөн терең мамилени күтчү; бирок Руфтун ага боор тартканы анын, Мартин Идендин умтулууларын түшүнгөндүктөн эмес, кыздын жөн гана табигый сезимталдыгынан экенин эчак билчү. Мартин кыздын колун бекем кармап алып сүйлөшүп атканда, сүйүүсү козголо түшкөн Руфь анын колунан мээримдүү кармап, өңө түшкөн жүзүнө көзүнүн жашын кылгырта тиктеп, анын канчалык бактысыз жана байкуш экенин ойлоп турду.
Бирок Мартин «Трансконтиненталдан» алган катына кантип кейигенин, анан “Ак Чычкандан” келген катка кантип кубанганын айтып бергенде кыз буга кайдыгер гана баш ийкеп койду. Ал Мартиндин айтканын угуп, маанисине түшүнүп атты, бирок анын кубанычын да, кайгысын да бөлүшкөн жок. Мунун баарынын мааниси ага бирөө гана болчу. Кызды аңгемелер да, редакторлор да, журналдар да түк кызыктырган жок. Ал бир гана нерсени: Мартин экөө качан үйлөнүшөрүн гана ойлоп турду. Чынында муну ал өзү деле түшүнбөй атты, анын Мартинди ишке орнош деп мажбурлаган каалоосу энелик сокур сезиминен улам гана жаралган эле.
Арийне, ушинтип жатасың деп бирөө Руфка түз айтса, анда ал биринчиден, уялмак, экинчиден, кыжыры кайнап, болгону жакшы көргөн кишисинин гана камын көрүбатканын айтып мунун баарын танмак. Бирок кандай болгон күндө да тандап алган жолундагы алгачкы ийгилигине толкундаган Мартин ага жан дүйнөсүнүн бугун айтканча ал угуп да, укпай да, көргөн көзүнө ишенбей, бөлмөнү кыдырата карай берди.
Бул Руфтун жакырчылык менен болгон алгачкы кездешүүсү эле. Махабат менен ачкачылык ага абдан романтикалуу айкаштык катары сезилчү, бирок кыз мындай романтиканын чыныгы жүзү карапайым турмушта кандай болорун элестетип да көргөн эмес. Кандай болгондо да ал мындай көрүнүштү күткөн эмес. Биерге ашканадан келип жаткан кир кийимдердин жыты анын жүрөгүн айландырып турду. Бул кебетеси кеткен аял бат-баттан кир жуучу болсо, анда бул жыт Мартинге эчак сиңип деле калса керек деп ойлоду Руфь. Жакырчылык – жугуштуу оорудай. Руфка бул жердеги ыпластыктын баары Мартинге жугуп калгандай сезиле баштады. Мартиндин түгү кырылбаган бети (Руфь муну биринчи жолу көрдү) кыздын көңүлүн жипкиртип жиберди. Жаагы менен ээгинин алдындагы түктөн анын жүзү мобул аялдын үйүндөй эле ыплас жана түрү суук көрүнүп, анда баягы Руфь жек көргөн макулуктукундай күчү кайра күчөп келаткандай сезилди. Анан да Мартиндин эки аңгемесинин басууга кабыл алынып калганын карачы! Эми ал өзүнүн алаңгазар пландарын ишке ашырам деп ого бетер күчөйт турбайбы. Дагы бир аз болгондо багынып, кызматка орношуп калмак экен. Эми ал кунары качкан бул үйдө дагы эле ачка жашап, баягы жазмакерлигине ого бетер шымалана киришет тура.
— Эмне жыттанып атат, ия? – күтүлбөгөн жерден сурады Руфь.
— Шейшеп болсо керек. Мария кир жууп атат, — деди ал. – Мен бул жытка эчак көнүп калгам.
— Жо-ок, кандайдыр бир сиңип калган жагымсыз жыт!
Жооп айтаардан мурда Мартин абаны жыттап алды.
— Тамекиден башка жытты мен сезбей турам, — деди ал.
— Ии, так ошонун өзү! Мурдумду жарып кетип атат. Эмнеге мынча көп чегесиз, Мартин?
— Өзүм да билбейм. Кыязы, жалгыз отурганда эриккенден көп тартат болушум керек. Негизи бул эски адат. Мен тээ бала кезден бери эле тартып келатам.
— Бул жаман адат, — деди Руфь. – Бул жерде дем алып болбойт.
— Буга эми тамеки айыптуу. Анүстүнө эң арзанын тартам мен. Мына карап тур, кырк долларга чек алгандан кийин периштелердин жанында отуруп да тартса боло турган тамеки сатып алам. Чынында бул түзүк иш болду! Үч күндө эки кол жазма кабыл алынып жатат! Ушул кырк беш доллар менен болгон карызымдын баарын жаап салат экем.
— Бул эки жылдык иш үчүнбү? – сурады Руфь.
— Жок, бир апталык да ишке жетпейт. Мага үстөлдүн бурчунда жаткан тетиги боз мукабалуу китепчени берип койсоңуз.
Мартин китепчени ачты да бат-баттан барактап кирди.
— Ооба, туптуура. “Коңгуроо үнү” төрт күндө, “Айлампаны” эки күндө жазыптырмын. Бир жумалык иштен кырк беш доллар түшүп атат. Айына болсо жүз сексен доллар! Мындай маянаны мен башка кайдан тапмак элем? Бул башталышы гана болубатпайбы. Сиздин жашооңузду ойдогудай кылып бергенге мага миң доллар да жетмек эмес. Айына беш жүз доллар алганга мен канааттанбайт болчумун. Бирок адегенде башталышы үчүн кырк доллар деле жаман эмес. Мага даңгыр жолго чыгып алганга гана мүмкүнчүлүк бериңиз. Мына ошондо бардык трубалардан түтүн буркуратып жөнөп калабыз.
Баягы элирмеси кайра кармады деп ойлоду Руфь анын айткандарын угуп отуруп.
— Сиз түтүндү азыр деле көп буркуратып атпайсызбы, — деди ал…— Кеп, тамекинин сапатында эмес. Сиз тамеки тартсаңыз да, тартпасаңыз да, мунун өзү жакшы адат эмес. Сиз тимеле басып жүргөн түтүн трубага же түтөп турган жанар тоого окшоп калыпсыз. Бул абдан жаман да, Мартин, сиз муну өзүңүз деле менден жакшы билип турасыз!
Руфь Мартинге эңкейди, Мартин Руфтун туптунук көздөрүнө жана назик жүзүнө сугун арта карап, кайрадан өзүнүн ага татыктуу эместей сезип кетти.
— Мен сизден тамеки чеккенди таптакыр таштап койсоңуз экен деп сурангым келет, — акырын шыбырады кыз, — мен үчүн ушинте аласызбы…
— Жарайт, — деди ошол замат Мартин. — Таштайм! Мен сиз эмне кааласаңыз баарын аткарам, кымбатым менин Руфь!
Руфь ээлиге түштү. Ал Мартиндин кыңк этпей ийге келгенин көрүп, оюна бул келди: азыр мен андан жазганыңды ташта десем да жок дебестир. Бирок айтайын деп баратканы оозунан чыкпай калды. Айта албады, дааган жок. Сөз айткандын ордуна, ылдый эңкейип анын көкүрөгүнө башын койду да, жай гана шыбырады:
— Мартин, жаным, тамеки тартпа деп өзүм үчүн эмес, сиздин саламаттыгыңызды ойлогондон айтып жатам. Тамеки тарткан сизге зыян, минтип жаман адаттын кулу болгон жакшы эмес.
— Мен сиздин кулуңуз болом, — жылмайды ал.
— Андай болсо, мен сизге буйрук бере баштайын.
Руфь Мартинге кылтыя карап койду, ичинен өзүнүн жанагы каалоосун айта албай калганына өкүнүп калды.
— Сиздин улуу урматыңызга, ар кандай буйругуңузду аткарууга даярмын.
—Болуптур. Эмесе, бул менин сизге биринчи насаатым: күн сайын сакал-мурутуңузду алып жүрүүнү унутпаңыз. Антпесе, караңызчы, мойнумду тытып салдыңыз.
Ошентип ашыктардын кездешүүсү тамаша, эркелетишүү менен аяктады. Руфь аздыр-көптүр бирдемеге жетишкендей болду, биринчи эле жолу мындан көптү талап кылышка болбойт эле. Баарынан да Мартиндин тамекисин койдурганына аял катары чексиз сыймыктанып калды. Эмки жолу болсо, анын жазганын койдурат, эмне айтсаң баарын кың дебей аткарам деп Мартин эмеле убада кылбадыбы.
Руфь өйдө туруп, бөлмө ичин дагы бир жолу шашпай карады. Бөлмөнүн ортосунан керилген кир жайгыч жипке илинген кагаздарды байкады, билгичтик менен илинген велесепеттин илгичин көрдү, анан үстөлдүн астында дөбөдөй болуп үйүлүп жаткан кол жазмаларды көрүп кейий түштү: ушуларга корогон кайран гана убакыт! Кересин мешчеге көзү түшкөндө тимеле сүйүнүп кетти, андан ары карап отуруп, тамак-аш турчу тактайдын таптакыр кагырап бош турганын көрүп чебелене түштү.
— Бул жерде жей турган эч нерсеңиз деле жокко! — Ай, байкушум ай, — деп жиберди ал боору ачып, — ачка турбайсызбы!
— Жо, тамак-ашымды Марияныкына коём, — дей салды Мартин калп айтып, — ошоякта турганы ыңгайлуураак. Кейибей эле кой, ачка калган жерим жок. Биякка караңызчы!
Руфь жакын басып келип, көйнөгүнүн сыртынан тээп чытырап турган темирдей катуу булчуңдарын көрдү. Бул аны кайра ирээнжитип жиберди. Анын эстетикалык сезимин мазактагансып көрүндү. Бирок анын туйлаган жүрөгүнүн ар бир кагышы болбой эле аны ошол булчуңдарды көздөй азгырып турду, эзелтен өзүнө тааныш бул сырдуу күчкө баш ийгендей Мартинден четтеп кетпей, кайра ага өзүнөн өзү тартылып баратты. Мартин аны кучагына бекем кысты, акылы турмуштун сырткы гана көрүнүштөрүн билген кыздын буга жини келе түшкөнү менен, жүрөгү, жашоонун демин сезе түшкөн аялдык жүрөгү чексиз сүйүнүчтөн түрсүлдөп чыкты. Мындай ирмемдерде Руфь өзүнүн Мартинге болгон сүйүүсү канчалык күчтүү экенин сезе баштачу, анткени Мартиндин оттой ысык, бекем кучагы ага болуп көрбөгөндөй жыргалды тартуулай турган.
Мындай мүнөттөр баарын: өзүнө көнүмүш идеалдардан четтеп кеткенин, болгон бүткөн негизги эрежелерди бузганын, алтургай, ата-энесине сөз катпай туруп баш ийбегенин бүт актап кетер эле. Ата-энеси анын бул адамга турмушка чыгышын каалашпайт. Анын бул жигитке болгон махабатын ата-энеси кандайдыр бир уят, осол иштей көрүшөт. Бул сүйүүсү кээде өзүнө деле ошондой көрүнүп кетет, айрыкча андан алыста жүргөндө баягыдай эле мерез, тыкыр эсептүү Руфка айланат. Бирок ал жанында турганда аны сүйбөй коё албайт, чыны, кээде бул сүйүү кубанткандан көрө көбүрөк көңүлкайт кылганы арбын эле, бирок ага карабай бул өкүмү зор жана эч нерсеге моюн бербес махабат болучу.
— Бул болгону сасык тумоо, эч нерсе эмес, — деди Мартин, — бираз башым ооруп, чыйрыккансып турам, бирок тропикалык безгекке салыштырганда, бул болбогон бирдеме.
— Сиз тропикалык безгек менен оорудуңуз беле? — көңүлкош сурады Руфь жигиттин кучагындагы магдыраган жагымдуу сезимди мүмкүн болушунча көбүрөк созууга аракеттенип. Кыз жанатан бери анын эмне айтып атканын уккан деле жери жок эле, бирок күтүлбөгөн жерден кулагына кирип келген бул фраза анын көңүлүн бурду. Мартин Гавай аралдарынын бириндеги ала менен ооругандардын жашыруун колониясында тропикалык безгекке чалдыккан эле.
— Ал жакка кандайча барып калдыңыз эле? — сурады Руфь. Оюнда Мартиндин минтип өзүнө кошкөңүл караганы кылмыштай сезилди.
— Кокусунан эле, — жооп узатты Мартин, — алага чалдыккандар туурасында ойлогон да эмесмин. Бир жолу кемеден качып чыктым да жээкке чейин сүзүп барып, коопсуз бир башбаанек табайын дедим да аралдын ич жагын көздөй бастым. Үч күн бою ар кандай жапайы алма, банан болобу, кыскасы жунглиде өскөндүн баарын жеп, курсак тойгуздум. Төртүнчү күн дегенде жалгыз аяк жолго чыктым. Жол тоону көздөй кетиптир, карасам, жаңы эле өткөн окшойт, кишинин издери бар экен. Чыйыр жол бир жерге келгенде тоонун так бычактай өткүр кыры менен өтөт экен. Туурасы бир метрге жетип жетпейт, эки жагынан болсо тереңдиги бир канча метр түпсүз туңгуюк аңыраят. Мыкты куралданган бир эле киши туруп алып, миң сандаган кошуундун чабуулунун мизин жалгыз эле кайтарып коё алчудай жер экен. Аралдын төр жагына алып бара турган жападан жалгыз жол да ушул экен. Чамасы үч сааттардан кийин катып калган лаванын иретсиз урчуктарынын арасындагы жылгага жеттим. Карасам, жемиш бактар өсүп туру, жети-сегиз алачык турат. Чыга калган тургундарды көрөрүм менен кайда туш болгонумду ошо замат түшүндүм. Бир караганда эле билдим. Айланамдан өсүп турган жемиш жыгачтарын жана камыштан жасалган жети-сегиз алачыкты көрдүм.
— Анан сиз эмне кылдыңыз? — сурап жиберди жүрөгү түшкөн Дездемонага окшоп Руфь, бирок оозу ачылып угуп атты.
— Эмне кыла алмак элем? Алардын аксакалы тимеле падышадан бетер баарын башкарган кең пейил абышка экен. Ушул жылганы таап, байырлап, анан колония уюштурган экен, албетте, анысы мыйзамсыз да. Алардын мылтыктары менен снаряддары бар экен, баса, канактардын (буларды ушинтип атап коюшат) баары эле көзгө атар мергендер келишет. Жапайы каман менен сүлөөсүндөргө аңчылык кылат деп ушуларды айт эми. Андыктан алардан качып кутулам деп ойлоп да кереги жок. Мартин Иденге ошол жерде калып, алардын арасында үч ай жашаганга туура келген.
— Анан кантип качып чыктыңыз?
— Мен азыр деле ошол жакта отура берет белем, мени кытай менен гавайдын, анан ак адамдардын каны аралашкан бир кыз куткарган. Ал байкуш кыз өңдүү түстүү, алтургай, абдан билимдүү да эле. Анын энесинин Гонолулуда кеминде миллион долларлык байлыгы бар боло турган. Мени качырган да ошол кыз болду. Энеси колонияны кармаганга акча берип тургандыктан, кыз эч кимден коркпойт да. Ал менден бул жерди эч кимге оозумдан чыгарбаска убадамды алды, жан кишиге айтпай, берген убадамды мен орундаттым. Муну азыр сизге гана айтып отурам. Байкуш кызда аланын белгилери жаңыдан гана пайда боло баштаган экен ошондо. Оң колунун беш манжалары тырышып, бири бирине жабышып калыптыр болчу, чыканагынын өйдөрөөк жагында кичинекей ак тагы бар эле. Болгону ушу. Ал эчак каза болуп да калгандыр.
— Сиз кантип корккон жоксуз! Ал коркунучтуу ооруну жугузуп албай кудай сактаптыр!
— Албетте, адегенде абдан коркуп жүрдүм, — мойнуна алды ал. —Бирок кийинчерээк көнүп кеттим. Анан жанагы бечара кызга боорум өтө ооруп атып, өзүмдүн коркконумду да унутуп койдум. Татынакай, шайыр, сулуу кыз эле, оору жаңыдан эле кол сала баштаган болчу ага. Кыз эми эч качан адамдарды көрбөй, таш доорундагы жапайыча жашоо кечирерин жана бара-бара тирүүлөй чирип жок боло турган тагдырга дуушар болгонун билчү. Сиз аланын эмне деген бетпак дарт экенин элестете да албайсыз.
— Шордуу кыз! — шыбырады Руфь. — Баары бир ал сизди жөн эле коё бергени таңгалыштуу.
— Анын эмнеси таңгаларлык? — деди Мартин Руфтун сөзүнө түшүнбөй.
— Кыязы, ал сизди абдан сүйгөн окшойт, — акырын шыбырай сөзүн улантты Руфь. — Түз эле айтыңызчы: сүйдү беле?
Күн көрбөй камалып, отуруп алып иштегендиктен, Мартиндин жүзү кубакай тартып калган, акыркы күндөрү болсо, ачкалык менен оорудан бир топ шапая да түшкөн эле; тике бул суроону укканда өңүнө кызыл тарай түштү. Бирдеме айтайын деп келатканда Руфь озуна сөзүн бөлүп кетти:
— О, жооп бербей эле коюңуз, суранам! Мунун зарылдыгы жок! — деп жиберди ал жылмая күлүп.
Бирок Мартин кыздын күлкүсүнөн катаалдыктын илебин сезип, көздөрүнүн муздак жылтырай түшкөнүн байкады. Мартиндин эсине бир жолу Тынч океандын түндүк жагында өзү кабылган бороон түшүп кетти. Көз ачып жумганча көз алдына апачык түнкү асмандын, айдын жап-жарык нуру астында капылеттен пайда боло калган кара нөшөр бороон менен үйдөй өйдө көтөрүлгөн албуут толкун көрүнө түштү. Мунун артынан ал жанагы ала менен ооругандарды кармаган колониядан өзүн сүйгөнү үчүн гана качырып жиберген кызды көрдү.
— Кең пейил кыз болчу, — деди ал акырын гана, — менин өмүрүмдү сактап калды эле.
Мартин ыңгайсыз кеп ушуну менен аяктады го деп ойлоду эле, бирок Руфтун терезеге бурулуп, сыртты муңайым тиктеп мелтиреп калганын көрдү. Ошол замат кыз шарт кайра бурулуп Мартинди жарк эте карады, азыр эле жүзүнөн удургуп өткөн бороондун изи да жок эле.
— Мен ушундай жиндимин, — деди жалооруган Руфь, — өзүмдү өзүм эч бир башкаралбай атам. Мен сизди сүйөм Мартин, ушунчалык сүйөм. Мүмкүн бара-бара көнүп кетермин, бирок азыр сиздин өткөн жашооңуздагы бардык нерселерден катуу кызгана берем. Өткөн жашооңуз болсо опуртал элестерге толтура!.. Албетте, башкача болууга да мүмкүн эмес эле, — бат-баттан сөзүн улантты кыз, Мартинге жооп кайтарууга мүмкүнчүлүк бербей. — Болуптур анда, Артур мени чакырып жатат. Ии, баса, менде тамекиге каршы бир дары бар, — деди Руфь босогонун жанына жеткенде, — сизге берип жиберейин ошону.
Руфь босогодон аттап, сыртка чыгып баратып, кайра бөлмөнүн эшигинен баш бакты да:
— Сүйөм, сүйөм, — деп шыбырай кайталап жиберди да чыгып кетти.
Мария Руфту арабага чейин абдан кадырлап узатып барды, жеткенче анын кийген көйнөгүн сын көзү менен кайра-кайра карап барды. Мария мындай асемдүү тигилген көйнөктү өмүрү көргөн эмес, ошондуктан ал ага бөтөнчө кооз көрүндү. Топураган балдары болсо коноктордун кетип баратканына өкүнүп, жеңил араба көчөнүн бурулушунан имерилип, карааны көрүнбөй калганча артынан узата карап тура беришти. Бул окуядан соң Мариянын кадыр-баркы кошуналардын арасында болуп көрбөгөндөй көтөрүлдү да, кварталда жашагандардын ичинен эң маанилүү адамдардын бири болуп чыга келди. Бирок кайра өз балдары бул иштин белине тепти, алар кадырлуу коноктор таптакыр Марияга эмес, батирде турган Мартинге келишкенин элдин баарына жайып жиберген соң, Мариянын аптыракаты бат эле томолонуп, кайра бир бечарага айланды, Мартин болсо эми кошуналардын баары ага бөтөнчө урматтоо менен мамиле кыла баштагандарын сезди.
Мариянын көзүнчө кадыры чексиз көтөрүлгөн Мартин болсо жаман оюнда жанагы коноктор түшүп келген келишимдүү арабаны дүкөнчү көрсө, балким ал дагы 3 доллар 85 центти айттырбай эле карыз бермек экен деп калды.
XXVII ГЛАВА
Мартиндин ооматы акыры келди окшойт. Руфка жолуккандын эртеси күнү ага нью-йорктук бир эркин журналдан үч ырына үч долларга чек келди. Андан эки күндөн кийин чикаголук бир гезит анын «Казына издөөчүлөр» деген аңгемесин кабыл алып, ал басылгандан кийин он доллар төлөрүн убада кылыптыр. Бул нарк анчалык чоң эмес эле, бирок ошентсе да бул анын өзүн толкундаткан сезимди кагаз бетине түшүрүүгө жасаган алгачкы аракети эмес беле. Акырында «Өспүрүмдүк жана зирек курак» деген айына бир жолу чыгуучу журнал анын балдарга арнап жазылган укмуштуу окуялар жөнүндөгү повестин кабыл алды.
Чынында бул повести жыйырма бир миң сөздөн турчу, ага болсо баш-аягы болуп он алты гана доллар берип атышат, эсептей келгенде, ар бир миң сөзгө орто эсеп менен жетимиш беш центтен төлөп атышат, аны да басылгандан кийин беребиз дешти. Бул анын адабияттагы экинчи аракети эле, анда кемчиликтер деген толубатканын Мартин эми өзү да көрүп турду.
Баса, анын туңгуч чыгармалары да ортозаардан жогору болчу. Аларда ашып-ташкан, асканы урса талкалап ийчүдөй, чымчыкты замбирек менен аткандай зор күч арбын эле. Мартин өзүнүн алгачкы чыгармаларын арзан баа менен болсо да сатканга мүмкүнчүлүк алганына жетине албай турду. Көп убактысын кетирсе да алардын баасын жакшы билчү. Бардык үмүтү эми өзүнүн кийинки жазылган чыгармаларында эле. Жөн гана журнал жазуучусу болоюн деген ою жок эле. Ошондуктан чыныгы көркөм чыгармачылыктын бардык ыкмалары менен куралданууну каалады. Бирок күчүн куру короткусу да келбеди. Тескерисинче, чыгармачылык дареметин мындан да өстүрүүнү каалоо менен ошол эле убакта аны алкакка салып чектөөнү чечти.
Реалдуулукка карата болгон умтулуусун да унуткан жок. Өзүнүн бардык чыгармаларында чындыкты кыялдан жаралгандар менен сулуулукка айкалыштырууга аракеттенчү. Ал адамдын күчү менен анын умтулууларына терең ширелишкен ишенимге жетишүүгө аракеттенчү. Турмушту кандай болсо, дал ошондой, козголоңчул рухтун тынымсыз изденүүлөрү аркылуу көрсөтүүнү эңсечү.
Мартин окуган китептеринен адабий эки мектеп бар экенин түшүндү. Биринчиси, адамдын табыйгатын таптакыр четке кагып, аны кудай сыяктантып сүрөттөсө, экинчиси тескерисинче, адамды жырткыч айбан деп эсептеп, анын ички умтулуулары менен жаратмандык мүмкүндүктөрүн таптакыр моюнга алгысы келбейт экен. Мартин булардын экөөнү тең аша чапкан бир беткей эсептеп, мунусуна да, тигинисине да кошулбады. Анын пикиринде мунун экөөнү тең ээрчибестен, акыйкатка жакыныраак ортолук багытты табууну чечти.
Бир кезде Руфка окуп берген «Укмуштуу окуялар» деген аңгемесинде Мартин өзүнүн көркөм чындыкдын идеясын иш жүзүнө ашырууга аракеттенген болчу, ал эми «Кудай жана жырткыч» деген макаласында буга карата өзүнүн теориялык көз карашын баяндаган эле.
Бирок «Укмуштуу окуялары» өзү мыкты эсептеген башка аңгемелери кошо бир редакциядан экинчи редакцияга тынымсыз саякаттап жүрө берди. Ал эми эң туңгуч чыгармаларына болсо Мартин эч кандай баа берген жок жана аларга калем акы алганына гана кубанды. Ал журналдар тарабынан жаңы кабыл алынган өзүнүн «күчтүү» деген аңгемелерин анчалык деле ашыра жогору баалаган эмес. Алар ойдон чыгарылып жазылганы менен бирок аларда реалдуулуктун сырткы гана көрүнүшү берилген, булардын күчү мына ошондо эле. Мааниси жок, болбогон нерсени чын катары сүрөттөгөндү Мартин жеткен айлакерликтин амалы деп эсептечү. Мындай чыгармаларды олуттуу адабияттын катарына кошууга мүмкүн эмес эле. Алардын көркөмдүк жагы чебер болсо болгондур, бирок Мартин үчүн эгерде алар турмуш чындыгы менен айкалышпаса, аларга олуттуу маани берчү эмес.
Амалкөйлүк Мартиндин пикиринде ойдон чыгарылган окуялардын турмуш чындыгы менен ширелишип турганы боло турган — ал өзүнүн «Укмуштуу окуялар», «Кубаныч», «Казан» жана «Турмуш шарабы» деген белгилүү чыгармаларына чейинки мезгилде жазган беш-алты «коркунучтуу» аңгемелеринде так мына ушундай айлакерликке таянган болчу.
Үч ырына алган үч доллар менен «Ак Чычкандан» чек алганга чейин эптеп-септеп жан багып тура алмак. Ал үч долларын өмүрү кишиге ишенбеген португалдык дүкөнчүгө майдалатып, бир долларын карызына төлөдү, калган эки долларын наабайчы менен жашылча саткан немеге бөлүп берип койду. Мартин эт жей тургандай бай эмес эле, эптеп жанын багып жүргөндө күтүлбөгөн жерден «Ак Чычкандан» чек келип калбаспы. Мартин бул акчаны эмне кыларын билбей калды. Өмүрү ал банкка кирип көргөн эмес эле, акча маселеси менен дегеле алектенип көргөн эмес. Бирок азыр окленддик чоң банктардын бирине кирип, кырк доллардык чекти акчага алмаштырып алуусу керек эле. Бирок кадыресе акыл-эс ага башка нерсени айтып турду, бул чекти ал банкка алып барып отурбастан, азык-түлүк саткан дүкөнчүдөн эле барып алмаштырып алууну айтып турду, анткен күндө кийин карыз алып турганга да жакшы эмеспи. Кыңырылып турса да Мартин дүкөнчүгө жетип, чегин алмаштырды да карызынан толугу менен кутулду. Андан чөнтөгүн акчага толтуруп чыкты да, калган карыздарын бергенге жөнөдү, наабайчыга, машинкенин ээсине барды. Марияга да өткөн айдагы батир акысын төлөп, арткан акчасына бир велеспет менен кастүм сатып алды. Мына ошондон кийин чөнтөгүндө үч гана доллар акчасы калды.
Бирок ушул да ага зор байлыктай көрүндү. Ал кастүм сатып алары менен Руфка жөнөдү, жолдо келатып чөнтөгүндөгү күмүш тыйындарды сапыра шылдыратып ыракат алып баратты. Ачкадан өзөргөн киши тамактан көзүн ала албагандай, көптөн бери чөнтөгүндө сокур тыйыны болбогон Мартин да уучтап алган тыйындарын колунан чыгаргысы жок. Ал эч качан ач көз да, зыкым да эмес болчу, бирок акча ага доллар менен центтин ченемдүү бир өлчөмүнө караганда алда канча көп мааниге ээ болуп турду. Аларсыз жашоодо ийгиликке жетишүүгө мүмкүн эмес эле, алардын бетине чегилген бүркүттөр болсо жеңиштин канаттуу жарчылары сыяктуу көрүнүп турду.
Күтүлбөгөн жерден ага жашоо кандай сонун деген ой кайрадан кайтып келди. Азыр ал ага мурдагыдан да ажайып, кооз болуп көрүндү. Кечээ эле дүйнө ага супсак жана көңүлсүз, караңгы үңкүрдөй болуп турду эле, эми бардык карыздарынан кутулуп, көңүлү ачылып, чөнтөгүндө шыңгырап дагы үч доллары туру, жүрөгүндө болсо ийгиликке жетем ишеними кайрадан толкуп турган кезде күндүн нурунун ысык табын сезди, тердеп чыккандай болуп кетти эле, күтүлбөгөн жерден шарылдатып төгүп ийген кара нөшөргө кубана жылмайып койду. Өзү ачкадан өзөрүп жүргөн мезгилдерде Мартин ааламдагы ачка-арыктар жөнүндө убайым тарта тынчсыздана берчү, эми курсагы ток болуп турганда алар туурасында анча көп ойлонбой деле калды. Азыр анын эси дарты махабатта эле, ошондуктан оюнун баарын жер үстүндөгү сан жетпеген сүйүшкөн түгөйлөр ээледи. Мээсинде сүйүү лирикасынын учкундары жылт дей түштү эле, чыгармачылыкка кызыгып кеткендиктен, трамвай менен келатып, түшө турган жеринен эки квартал ары өтүп кеткенин сезбей да калды.
Мартин Морздордукуна келип, жайнаган коноктордун үстүнөн чыкты. Сан-Рафаэлден Руфтун аталаш эки эжеси келиптир. Мына ошолордун шылтоосу менен миссис Морз Руфту жаштардын чөйрөсү менен курчап, өзүнүн ойлогон планын иш жүзүнө аткарууну чечти. Апасынын тыкыр эсептүү бул планды ишке ашыруусу Мартиндин арга жоктуктан бул жакка келбей калган учурда башталып, эми ал келгени чабуулду башташ керек болду. Мына ошентип миссис Морз өзүнүн үйүнө мансаптуу жана жакшы карьера жасап келаткан адамдарды чогултууну максат кылып койгон. Мына ушинтип аталаш эки бир туугандар — Дороти менен Флоренстен башка, конок үйдө эки профессор: бирөөсү англия философиясы боюнча, экинчиси латын тили боюнча; Филиппинден жаңы эле келип түшкөн Руфтун классташы — америкалык жаш офицер, Сан-Францисконун тресттеринин бирикмесинин башчысы Жозеф Перкинстин жеке катчысы Мельвилль аттуу жаш жигит; отуз беш жаштарга келип калган банк кассири Чарльз Хепгуд; Стэнфорд университетинин бүтүрүүчүсү, Нил жана Кошмо клубдардын мүчөсү, акыркы өткөн шайлоолордо көрсөтүлгөн республикалык партиянын мүчөсү — кыскасы, баары жагынан төп келишкен жетик, келечегинен көптү үмүттөндүргөн жаш жигит отурушкан экен.
Аялдардан болсо, портрет тарткан сүрөтчү, адис музыкант, анан үчүнчүсү Сан-Францискодогу ураганы турган эски тамдарды тартипке келтирүү боюнча өзүнүн зор ишмердиги менен таанылган социология илиминин доктору деген даражасы бар дагы бир атактуу аял бар эле. Бирок миссис Морзго бул аялдардын анчалык деле олуттуу мааниси жок эле. Булар болгону кандайдыр бир кошумча зарыл буюмдай керек болчу. Себеби мансапка жетишкен мындай мырзаларды үйгө чакырган соң, алардын көңүлүн бирдеме ачуу керек эле да.
— Сүйлөшүп атканда кызууланып кетпеңиз, — деди Руфь, Мартиндин кулагына шыбырап, аны олтурган коноктор менен тааныштыруудан мурун.
Мартин адегенде абдан сүрдөп отурду, оюна баягыда басып баратып, кокус бирдемеге чалынып аламбы деген чочулоо келе түштү. Бир жагынан аны чөйрө да кысынтып турду, анткени мурда эч качан мынча сыпайы адамдар менен кездешип көргөн эмес. Банктын кассири — Хэпгуд ага бөтөнчө таасир эткендей болду да мүмкүнчүлүк боло калса аны менен жакыныраак таанышып алууну чечти. Сыртынан сүрдөп турганы менен Мартиндин көкүрөгүндө да “мен” деген кубаттуу дымагы бар эле, андыктан мына бул эркектер жана аялдар менен күч сынашып, алардын китеп менен турмуштан эмнелерге үйрөнгөндүгүн жана өзү алардан эмнелерге үйрөнө аларын билгиси келди.
Улам Мартинге көз кыйыгын салган Руфь анын өзүнүн туугандары менен эч бир кысынбастан, эркин аңгемелешип отурганын көрүп, таң калып да, сүйүнүп да жатты. Мартин чынында токтоо эле. Руфтун аталаш эжелери абдан акылдуу, маданияттуу айымдар болучу, жатар алдында алардын Мартинди абдан макташканын укканда таң кала да түштү. Мартин өз чөйрөсүндө абдан шайыр жана тапан болгондуктан, бардык үлпөттөрдүн гүлү эле, эми бул жерде деле ошондой болгусу келди, өзүн шайыр кармап, куйкум таамай сөздөрдөн ыргытып коюп отурду. Ушул тапта оомат аны далысынан таптап турган кез эле, эмне кааласа ошого жетем деп турган учуру. Ошондуктан Мартин эч бир сүрдөбөй этпей эле, өзү да күлүп, башкалардын да боорун эзип отурду.
Кече аяктаарга аз калганда Руфту чочуткан бир окуя болду. Мартин профессор Колдуэлл менен аңгемеге киргенде Руфь анын колдорун ары-бери булгалабаса да, көздөрү башкача күйө, үнү көтөрүңкү чыгара баштаганын жана бетинин албырып чыкканын байкап калды. Өзүн-өзү кармай албай, кызуулугуна алдырган Мартин жаш болсо да токтоо профессордон кескин айырмаланып турду.
Мартин анын сырткы келбетине маани берген жок. Бир караганда эле аңгемелешинин канчалык маалыматы бай, акылдуу адам экенин сезип, тан берген болчу. Анүстүнө Колдуэлл англис филологиясынын Мартин ойлогондой профессору болуп чыкпады. Ал кандай болбосун, профессорду өз адистиги жөнүндө сүйлөгөнгө мажбурлоону каалап турду, профессордун баш тартканына карабай, акыры максатына жетти. Анткени ал эмнеликтен коомдо адистик темалар боюнча аңгемелешүүгө болбой турганын түшүнө албай жатты.
— Мындай кантип болсун, — деген эле ал Руфка кечеге чейин бир топ убакыт мурда, — эмне үчүн адистик темада сүйлөшүүгө болбойт? Эгерде кишилер өздөрүнүн жакшы жактарын жана сапаттарын айкындоо үчүн чогулушпаса, анда алар эмне себептен чогулушат? Ал эми ар бир адамдын эң сонун нерсеси — бул анын айрыкча эмнеге көбүрөк жөндөмдүү экендиги, анын кандай адистикке ээ болгондугу, өзүнүн бүткүл өмүрүн эмнеге арнагандыгы, күн-түн дебей эмне жөнүндө ойлонуп, эмне жөнүндө кыялдана тургандыгы эмеспи. Элестетип көрүңүзчү, мисалы, мистер Бэтлер жалпы кабыл алган эрежелерге баш ийсе да күтүлбөгөн жерден Поль Верлен, немис драмасы, же Аннунционун романдары жөнүндө көз караштарын айтып кирди дейлик. Анда угуп олтургандар эриккенинен өлүп калышмак. Эгерде мен мистер Бэтлердин сөзүн уга турган болсом, анда ал өзүнүн укук илими жөнүндө гана айтаарын кааламакмын. Чынында ал ушул чөйрөдө мыктылардын бири да. Адам өмүрү кандай кыска, ошондуктан мен адамдан анын эң сонун гана сапаттарын алып калгым келет.
— Бирок ошентсе да, — деди Руфь каршы боло, — элдин баарына кызыктуу башка маселелер да бар эмеспи.
— Жок, бул жагынан сиз жаңылышасыз, — деди Мартин моюн бербей, — ар бир адам же коомдук топ дайыма өзүнөн жогору тургандарды ээрчигиси келет. Коомдун эң жогорку катмарын кимдер башкарып турат? Бекерпоздор, бекерпоз байлар. Аларда демейде кандайдыр бир иш менен алектенген адамдар билген нерселер жөнүндө түшүнүгү да жок. Аларга албетте, кесип темасы жөнүндө сүйлөшкөн кызыксыз, ошондуктан алар көпчүлүктүн арасында кесиптик тема жөнүндө аңгемелешүүнү уят иш катары санашат. Коомдо эмне туурасында кеп кылууну да ошолор аныкташат. Алардыкы боюнча аңгеме кылчу нерселер: жаңы опера, жаңы романдар, карталар, бильярд, коктейлдер, автомобилдер, яхталар, жылкы көргөзмөсү, форель кармоо жана башкалар, кыскасы, булар бекерпоздор жакшы билген темалар. Баарынан да кишинин күлкүсүн келтиргени — окумуштуу адамдар менен бул наамга жетүүгө аракеттенип жүргөндөрдүн ушул келесоолордун пикирине баш ийгени. Мен болсом адамдын эң сонун сапаттарын үйрөнгүм келет. Сиз муну кесиптик аңгеме же оройлук дейсизби, кандай кааласаңыз ошондой түшүнүңүз.
Бирок Руфь Мартинге түшүнгөн жок. Руфь анын жалпы кабыл алынган нерселерге асылганын Мартиндин өзүм билемдиги менен кежирлиги гана деп эсептээр эле.
Канткен менен Мартин олуттуу кеби менен профессор Колдуэллди өзүнө тартып, аны өзүнө жакын тема жөнүндө сүйлөгөнгө аргасыз кылды. Жакыныраак келген Руфь Мартиндин мындай дегенин укту:
— Бирок сиз Калифорния университетинде мындай теңирден тескери нерсени айтканга даабайт болушуңуз керек!
Профессор Колдуэлл ийнин куушуруп койду.
— Мен ак ниет салык төлөөчүмүн жана эки жакка тең караган саясатчымын. Бизди Сакраменто[1] дайындайт, биз Сакраменто жана өкмөт, палата жана бир гана партиялык басма сөз эмес, керек болсо, эки партиянын тең басма сөз кызматы менен да эсептешүүгө милдеттүүбүз.
— Бул түшүнүктүү, бирок сиз анда өзүңүздү суудан чыгып калган балыктай сезүүгө тийишсиз! — деп сурдана түштү Мартин.
— Биздин университеттик көлчөдө мендейлер анчалык көп эмес. Кээде мен өзүмдү чынында эле суудан чыгып калган балыктай сезем да Парижде же адабият менен искусствонун каймактары кларет ичүүгө чогулган Латын кварталынын шарапкансында болсом деп кыялдана баштайм. Мен анда арзан ресторандан тамактанып, дүйнө жаралышына болгон өзүмдүн жеткен өткүр көз караштарымды айта бермекмин. Кээде өзүмдү радикалмын деп калам. Бирок тилекке каршы, алым келбей турган али көп маселелер бар. Мен айрыкча адам тагдыры менен байланышкан маселелер менен кездешкенде өзүмдү бөтөнчө тартынчаак сезип кетем.
Мартин анын сөздөрүн угуп олтуруп «Муздак шамал жөнүндөгү ырды» эсине түшүрдү.
Жагат мага ачык күн,
Мунарык менен түнкүсүн
Келет кайык айдагым.
Мартин ырдын сөзүн кайталап жатып, профессорду карап, аны өзгөрбөй, арылдап соккон түндүк-чыгыштын муздак шамалына окшоштурду. Ал ошол шамал сыяктуу калыптуу, ишеничтүү болгону менен бирок кандайдыр бир уяңдык бар эле. Ал түндүк-чыгыш шамалы толук күчү менен сокпой, эч качан пайдаланбаса да артына резерв калтырган сыяктуу, бул профессор да сөзүн аягына чейин айта албасын ойлоп турду. Мартиндин элестетүүсү баягыдай күчтүү эле. Анын мээси эскерүүлөр менен ойдон чыгарылгандарга толгон чоң кампа сыяктуу дайыма ачык болчу.
Эмне болуп кетсе да Мартин бул кампасынан окшош же тескерисинче, карама-каршы нерселерди чубай калып, аларды ачык көрө ала турган. Бул өзүнөн өзү эле болуп кетчү, реалдуу турмуштун ар бир окуясы дайыма кыялдан чыккан картиналар менен коштолуп турчу. Баягыда Руфтун көздөрүндөгү кызганычтын оту ай жарыгындагы бороонду элестеткендей эле, азыр да профессор Колдуэлл түндүк-чыгыштын муздак шамалы кубалаган ак толкундары өркөчтөнүп, отуруп бараткан күндүн кызгылтым нуруна чагылышкан океанды элестетти. Ушинтип, көз алдынан улам пайда боло калып жаткан түркүн көрүнүштөр анын ойлоруна тоскоолдук кылмак түгүл, тескерисинче, кээ бир түшүнүксүз нерселерди талдап билүүгө көмөктөшүп жаткандай болду. Бул көрүнүштөр качандыр бир кезде Мартин башынан өткөрүп, көзү менен көргөн, китептерден окуган окуялардын жаңырыктары болчу, алар эми анын мээсине өңүндө да, түшүндө да шыкалып турганы турган эле.
Мына эми азыр ал профессор акылдуу жана билимдүү адам Колдуэллдин жайбаракат сөзүн тыңшап отуруп, эрксизден өткөндөгү турмушун эстеди. Ал хулигандыгы ченде жок, стетсон шляпасын бир жагына кыйшайта баса кийип алган, кош бүрмөлүү курткачан боз улан кезиндеги өзүн даана көрдү. Полиция унчукпаган чекке чейинки оройлукту, башка толгон-токой ээнбаштыкты идеал көрчү экен ошондо. Мартин бул эскерүүлөрүн кандай болсо ошондой көрүп турду, кай бир жерлерин жумшартып же жымсалдайын деген да жок. Ооба, ошол кезде ал кадимки эле хулиган болчу, качан караба, полиция менен жулмалашып, жумушчулардын кварталындагы бейкүнөө момун байкуштарды төпөштөп жүргөн безери шайканын башчысы эмес беле.
Эми анын идеалы өзгөргөн. Ал тегерегиндеги таалим тарбиялуу, адеми кийинген эркектер менен айымдарга астыртан көз салып, алар менен кылдат маданияттын абасынан дем алып отуру. Калдайган шляпачан, кош бүрмөлүү курткачан боз улан кезинин карааны мейманканын килеминен калдактап өзүн карай басып келаткандай көрүндү. Бир кезде эч кимге күн көргөзбөгөн көчө шайкасынын шок башчысы эми минтип жумшак креслодо отуруп алып университеттин профессору менен жайбаракат аңгемелешип отурган Мартин Иденге айланбадыбы.
Ырасын айтканда, Мартин эч жерде өзүн өз ордунда отургандай сезчү эмес. Ал болгону жагдайга карата бат эле ыкташып, элдин баарына сүймөнчүктүү эле, анткени иш болобу, оюнбу, эч кимди алдына салбай, кабылгандын катыгын бергендиктен, башкаларды өзүн сыйлаганга көндүргөн. Бирок ал эч качан, эч жерде жайланышып, тамырын жайчу эмес. Досторунун көңүлүн карк кылганы менен Мартин эч качан өзү канааттанчу эмес. Кандайдыр бир санаа дайыма басып турганы турган эле, дайыма кулагына аны кайдадыр бир жакка чакырган үн угулуп турчу, акыры өзү каалаган китеп, искусство жана сүйүүгө кездешкичекти жер жүзүн кыдырганы кыдырган эле. Мына эми өзүнүн бардык эски досторунун ичинен мунун баарынын ортосунда ал гана отурат, ал келем десе Морздордукуна жөн эле келип коёт.
Бирок бул ойлордун баары ага профессордун сөзүн кунт коё укканга эч кандай тоскоол болгон жок. Ал өзүнүн аңгемелешинин билими тереңдигине тан берип, кез-кезде Спенсердин чыгармаларынын аркасы менен илимдердин жалпы негиздерин билсе да, өз билиминдеги жетишпеген жактарын көрүп турду. Мындай бөксөөнү толтурганга ага убакыт гана керек. «Ошондо көрөбүз!» — деди ал. Бирок азырынча өзүн профессордун алдында чөгөлөп отурган бойдон ал эмне десе анын баарын аңкайып угуп отургансып сезилди. Бирок бара-бара Мартин аңгемелешинин ой калчоосундагы көзгө көрүнбөсө да улам кайталана берген чабал жактарын даана сезе баштады. Мунун себеби эмнеде экенин түшүнөрү менен баштагы профессордон басынгандай теңсиздик сезими дароо жоголду.
Руфь экинчи жолу аларга Мартин так сүйлөп кирген учурда жакындап келди.
— Мен сизге эмнеден жаңылып атканыңызды, башкача айтканда, талкууларыңыздын чабалдыгы эмнеде экенин айтайын, — сиз биологияга тоготпостук менен мамиле кылат экенсиз. Сиздин көз карашыңызда ал таптакыр эле жок окшойт. Башкача айтканда, мен жансыз ткандарды лабораториялык тажрыйбалар жолу менен жандандыруудан тартып, өтө кеңири социологиялык жана эстетикалык жалпылоого чейинки чыныгы илимий биологияны айтып жатам.
Руфь оозу ачылып, турган жеринде катып калгандай болду. Ал профессор Колдуэллдин лекциясын эки жыл бою уккан эле, ошондуктан профессор ага даанышмандыктын бийик үлгүсү болуп калган.
— Мен сиздин сөздөрүңүзгө жакшы түшүнбөй турам, — деди профессор ыңгайсыздана түшүп.
— Мен сизге ачык түшүндүрүүгө аракеттенейин, — деди Мартин, — бир кездеги Египет тарыхынан өлкөнүн жалпы мүнөзү менен алдын-ала таанышпай туруп египеттик искусствону түшүнүүгө мүмкүн эмес деп окуганым эсимде.
— Туп-туура, — макул болду профессор.
—Ошондуктан мага, — сөзүн улантты Мартин, — өлкөнүн жалпы мүнөзүн, өлкө турмушунун пайда болушун жана анын кантип түзүлгөнүн баяндоочу материалды алдын ала толук билбей туруп, үйрөнүүгө мүмкүн эместей сезилет. Эгерде биз мыйзамдарды, мекемелерди, үрп-адаттарды жана диндерди үйрөнө турган болсок, анда буларды жараткан адамдарды билбей туруп, кантип түшүнө алабыз? Адабият деле ушу Египет искусствосу сыяктуу адам жараткан нерсе болуп саналат. Ааламда эволюциянын бүткүл дүйнөлүк мыйзамына баш ийбеген деги бирдеме барбы? Мен айрым искусствонун эволюция тарыхы иштелип чыкканын билем, бирок ал, менимче, нукура механикалык түрдө гана иштелип чыккан. Адам бул жерде четте калган. Арфа, кыл кыяк жана музыка менен ыр, бийлердин эволюциясы мыкты иштелип чыккан. Бирок адамдын өзүнүн эволюциясынын – анын ырдаганга же алгачкы музыкалык аспапты жасап чыгарганга чейинки кээ бир мүчөлөрүнүн өнүгүшү туурасында эмне айта алабыз? Сиз мына ушуну унутуп жатасыз, мен болсо так ушуну биология деп атайм. Кептин толук маанисиндеги биология деген ушу. Билип турам, айтыбаткандарым азыраак байланышпай турат, бирок өз идеямды өзүм жаратканга аракеттенип атам. Бул идея менин башыма сиз сүйлөп жаткан учурда келген эле, бирок мен аны так айта албай атам шекилдүү. Сиз эми эле адамга бардык факторлорду камтууга мүмкүндүк бербеген чектөө туурасында айттыңыз. Кыязы, сиз менимче, так ушул жерден бардык искусствонун негизи болгон — биологиялык факторду, башкача айтканда, адамзаттын бүткүл маданияты курулган бардык башкы материалды көңүлдөн чыгарып койдуңуз.
Руфтун таң калганы профессор ошол замат Мартиндин жаагын жап кыла алган жок, алтургай, тескерисинче, Мартинге кечиримдүү жылмайып койду, калыбы, анын жаштыгын эске алды окшойт да. Профессор бир азга унчукпай калып, акырында өзүнүн алтын чынжырын ойной кармалап сөзүн улантты.
— Билесизби, — деди ал, — бир жолу мага ушундай кинени бир улуу инсан, аалым-эволюционист Жозеф Леконт койгон эле. Бирок анын эчак көзү өтүп кеткен, андан кийин менин бетимди ашкерелебейт ко дедим эле, мына эми жаңы айыптоочуну сизден көрүп турам. Кыязы, муну мен мойнума албай коё албайм, — сиз коюп аткан күнөөдө аз да болсо чындыктын үлүшү бар, болгондо да алда канча көп үлүшү бар десем да жаңылбайм. Мен классикага өтө берилип кетип, табигый илимдердин өнүгүүсүнө жетишерлик байкоо жүргүзбөгөн экем, буга кубатым менен иш жөндөмүм жетишпей атат окшойт. Сиз эгерде менин өмүрү бир да лабораторияга баш багып көрбөгөнүмдү уксаңыз, таң калар элеңиз. Бирок бул факт. Канчалык деңгээлде экенин билбейм, бирок Мартин Иден, Леконт да сиз сыяктуу эле туура айткан экен.
Булардын кеби ушинтпи кызып турганда бирдемени шылтооломуш эткен Руфь Мартинди четке тартып чыкты да, минтип шыбырады:
— Сиз профессор Колдуэллди таптакыр эле ээлеп алдыңыз да. Мүмкүн башка бирөөлөр да аны менен аңгемелешкиси келер.
— Кечиресиз, — деди уяла түшүп Мартин, — мен аны сүйлөгөнгө мажбурлап, айткандары ушунчалык кызык болгондуктан башкалар жөнүндө унутуп да калыпмын. Ушу кезге чейин мындай акылдуу жана билимдүү адамды жолуктурган эмесмин. Баса, бирок билесизби? Мен мурда университеттен окугандар менен чоң кызматтарда иштегендердин баарын эле акылдуу, билимдүү адамдар деп ойлочумун.
— Ал өзгөчө адам, — деди Руфь анын сөзүн бөлө.
— Көрүнүп турат. Эми мени ким менен сүйлөштүргүңүз келет? Билесизби, тетиги Хэпгуд менен жолуктуруңузчу?
Мартин Хэпгуд менен он беш мүнөтчө сүйлөштү, Руфь болсо сүйгөнүнүн аны менен токтоо карманганына жетине албай турду. Анын көздөрү баягыдай чачырап ойноктобой, бети албырмак турсун, чым деген жок, мындай токтоолугуна Руфь тан берип турду. Бирок эми банк ишмерлери укум-тукуму менен Мартиндин алдында кадырын жоготту да, кеченин акырында Мартин банк ишмери былжыраган бир акмак тура деген тыянакка келди. Ал эми берки аскер офицери болсо Мартинге өтө кең пейил, чыйрак жана салабаттуу, өз тагдырына өзү абдан ыраазы сыяктуу көрүндү. Мартин анын университетте эки жыл окуганын укканда мунун алган билими кайда кеткенин түшүнө албай таң калды. Бирок эмнегедир бул офицер Чарльз Хэпгудга караганда Мартинге алда канча жакты.
— Мен анын былжырагына жиним келген жок, — деди кийинчерээк Мартин Руфка, — ошол былжырактын баарын каадалана кыйынсынып айтканына каным кайнап чыкты. Бул ишмер мага бириккен жумушчу партиясынын демократиялык партия менен кошулуп кеткенин түшүндүргүчө мен реформациянын бүт тарыхын баштан аяк айтып чыгар элем. Ал сөзүн шылуун кумарчы картасын таратып аткансып, оңду-солду урдура бергенин кантесиң. Бир күнү мен муну сизге мисал менен көрсөтүп берем.
— Анын сизге жакпай калганы өкүнүчтүү, — деди Руфь. — Хэпгуд мистер Бэтлердин сүймөнчүгү. Мистер Бэтлер аны абдан адилет жана ишеничтүү адам деп эсептейт; ал аны кандай гана банк болбосун тургузса боло турган аска таштай бекем адам деп айтат.
— Андан бир аз уккандарыма караганда мен мындан түк күмөн санабайм. Бирок мен азыр банк атмайдын баарын таптакыр сыйлабай калдым. Эми оюмдун ток этер жерин ачык айтканым үчүн сиз мага ачууланбайт чыгаарсыз, кымбатым?
— Ныпым таарынбайм. Бул мага абдан кызык.
— Ооба, — кубаттап койду Мартин, — мен цивилизациядан алгачкы жолу таасир алып аткан жапайы эмесминби. Цивилизациялуу адамга мен да кызыгарлык болсом керек.
— А аталаш эжелерим жөнүндө эмне дейсиз? — сурады Руфь.
— Алар мага башка аялдарга салыштырганда көбүрөк жакты. Экөө тең абдан шайыр, бой көтөрбөгөн жакшы немелер экен.
— Демек, сизге башка аялдар да жаккан экен да?
Мартин башын чайкап койду.
— Жанагы коомдук ишмер деген аял, — социалдык көйгөлөрдү тынбай сайраган тимеле тоту куш экен, мелдешкенге даярмын, анын мээсин чубап көрө турган болсоңуз, бир да өзүнүн идеясын таппайт элеңиз. Берки сүрөтчү аял болсо кимди болбосун эриктирип жиберет. Ал Хэпгудга абдан жарашкан түгөй болмок экен. Жанагы музыкант аялчы! Билбейм, ал аспапта чын эле мыкты кол ойнотот чыгаар, бирок анын музыка жөнүндө таш балекет да түшүнүгү жок.
— Бирок ал укмуш ойнойт эмеспи, — деди Руфь каршы чыккысы келип.
— Ооба, бирок сырттан караганга гана ошондой көрүнөт, бирок музыканын ички мазмуну ага таптакыр жеткиликсиз. Мен андан музыкадан кандай ички мазмунду таба аларын сурадым. Мени ушу суроо дайыма кызыктырат, бирок ал жооп айтканга жарабады. Музыканы жакшы көрөм, музыка эң улуу искусство, музыканы жанымдан артык көрөм дегенден башка эч нерсе айталбады.
— Сиз элдин баарын өз адистиги жөнүндө сүйлөгөнгө аргасыз кылдыңыз окшойт, — деди Руфь тырчыгандай.
— Танбайм. Бирок алар өзүлөрү жакшы билген тема жөнүндө тыңгылыктуу эч нерсе айта албагандан кийин, жалпы темалар жөнүндө айтып кирсе, менин ахыбалым кандай болорун элестете бериңиз да. Мен ойлоптурмун; маданияттуу дегендердин бул жерде… – Мартин бир саамга токтой калды, көз алдына өзүнүн мурдагы көлөкөсү кайрадан тартыла түштү, калдайган шляпачан жаш жигит бөлмөдө ары-бери термеле басып тургансыды. — Ооба, мен алардын ар бирин акылга дыйкан, билимге каныккан адамдар деп жүрчүмүн. Азыраак болсо ошол көргөндөрүмдөн улам мен момундай тыянак чыгардым: булардын көбү жеткен дөөпөрөстөр, калгандары болсо, жанындагы киши эригип өлүп кете турган адамдар экен. Ал эми профессор Колдуэлл — таптакыр башкача иш. Мына ошону чыныгы адам десе болот.
Руфтун жүзү жарк дей түштү.
— Мага ал жөнүндө айтып бериңизчи, — деди ал, — бирок анын бөтөнчө сапаттары жөнүндө эмес, ансыз да анын баарын мен эң жакшы билем, мага анын кемчиликтери жөнүндө айтсаңыз. Ушуну абдан билгим келет.
— Уят болуп калсамчы, — деди Мартин тамашалап каршылык көрсөткөн болду, — адегенде өзүңүз айтарсыз. Же сиз анын жакшы жагын гана көрүп турасызбы?
— Мен андан эки курс сабак алгам, эки жылдан бери билип келатам. Ошондуктан сизге ал кандай таасир калтырганын билгим келет.
— Башкача айтканда, сизди тескери таасири кызыктырат экен да? Макул. А киши сиздин суктанууңуз менен урматтооңузга толук татыктуу экенине ишенем. Мындай акылы терең, билимдүү адамды мен кездештирген эмесмин, бирок анын абийири тынч эмес. О, жаман бирдеме деп ойлобоңуз! — шашып кетти Мартин. — Ал мага кандайдыр бир нерселердин тээ тереңин көрүп алып, анан өзүн эч нерсе көргөн жокмун деп ишендиргенге аракет кылган адамдай сезилет. Мен балким оюмду туура эмес айтып аткандырмын? Минтип эле түшүндүрөйүнчү сизге. Көз алдыңызга чытырман токойдо катылган храмга кетчү жолду табарын таап, бирок ага барбай койгон адамды элестетиңиз. Ал мүмкүн, храмды деле көргөн чыгар, бирок кийин аны жок, көзүмө гана көрүндү деп өзүн өзү бекем ишендирип алган. Же башкасын айталы. Бул адам бир кезде бирөөгө жакшылык кылам деп, бирок кереги жок деп койгон, эми болсо анысына өкүнгөнү өкүнгөн. Ичинде ал иши үчүн албай калган сыйлыгына түкүргөнсүйт, бирок андан да тереңирек карасаң, ошо сыйлыкка жетпей калганына жана анын кубанычынан куржалак калганына андан бетер чексиз өкүттө.
— Мен ага бул жагынан караган эмес элем, — деди Руфь, — чынын айтсам, сиздин эмне айткыңыз келибатканын анчалык түшүнө албай жатам.
— Себеби бул менин өзүмө да бүдөмүк, — деди Мартин актангандай, — бирок муну логикалык жактан негиздей албай жатам. Бул болгону сезим гана, ал мени алдап жатышы мүмкүн. Сиз профессор Колдуэллди мага караганда жакшыраак билсеңиз керек.
Ошентип Морздордукунда болгон кечеден Мартин таң каларлык, карама-каршылыктуу сезимдер менен кетти. Бир кезде ушулардын деңгээлине чейин көтөрүлсөм деген адамдардан, ошондой ниетинен көңүлү үч көчкөн журттай сууду.
Бир жагынан ийгилик ага дем берип турду. Булардын деңгээлине көтөрүлүү ал ойлогондон алда канча жеңил болуп чыкты. Мартин, профессор Колдуэллди айтпаганда, буларга жетмек тургай, ашып түштү. Мартин бул пенделерге караганда турмушту да, китептерди да алда канча жакшы билчү, аны таңгалдырганы – алардын алган билими кайда житип кеткенине түк башы жеткен жок. Өзүнүн тубасадан акылы бөтөнчө жаралганы, бирок анын оюна да келген жок, нукура жана акылы терең адамдарды Морздордун конок күткөн бөлмөсүнөн издебеш керек экенин, андай ойчулдар жерден бийикте, күнүмдүк турмуштун түйшүгү менен ыпыластыгынан ыраактагы көк асман төнүмүндө бириндеп каалгыган тоо бүркүттөрү сыяктуу болорун билген да жок.
XXVIII ГЛАВА
Ийгилик кайрадан Мартиндин дарегин жоготту, баягы келип аткандардын аягы суюлуп, эшигин какпай калды. Жыйырма беш күн бою, жекшемби, майрамдарга карабай, Мартин дээрлик отуз миң сөздөн турган “Күндүн осолдугу” аталган чоң макаланын үстүндө көшөрүп иштеди. Бул Метерлинктин мистицизм мектебине каршы уюштурулган, позитивдүү билимдин чебинен сурулуп чыгып, кереметтер туурасында кырданган фантазерлорго карата чабуулу эле. Макалада бир топ сонун, кереметтүү нерселер болгону менен алардын баары чындык менен гана коошуп турду. Бул чоң макаласына Мартин кийинчерек “Укмуштарга берилгендер” жана “Биздин “менибиздин” чени” аттуу дагы эки чакан очеркти кошту. Кичинекей жана чоң макалалар болуп булар да редакцияларга саякаттап кетти.
Жыйырма беш күнүн сарптап «Күндүн осолдугун» жазып атып, жанагы “кирешелүү” деген майда-барат чыгармаларын Мартин алты жарым долларга сатты. Бирине элүү цент алса, юмористикалык жумалыкка жиберген дагы биринен бүтүндөй бир доллар тапты. Андан тышкары дагы эки куйкум тамашалуу ырын, бирөөнү эки, беркисин үч долларга пулдады. Болбой эле алган насыясы (дүкөнчү аны беш долларга чейин көбөйтсө да) тамам болгон соң пальтосу менен велесепетин кайрадан ломбардга алып барып тапшырууга аргасыз болду. Жаза турган машинкенин акчасын да бир ай алдына төлөйм деп келишим кылгансың дешип кыстап киришти.
Бирин-экин майда-барат чыгармасын сатканына шыктана түшкөн Мартин башты оорутпай биротоло ушуну “өнөр” кылып алсамбы деп да калды. Ушинтип эптеп, жанын бакса болчудай экен. Столунун астында жаткан басмаканалардан жолу болбогон жыйырма чакты чакан аңгемелери бар эле. Мартин аларды кайталап окуп чыгып, гезитке жарай турган аңгемелерди кантип жазыш керек экенин билгиси, ошону менен жаңы ыкка кантип түшүү зарыл экенин издеди. Ошентип отуруп, гезитке чыкчу аңгеменин акыры жакшылык менен аякташы керектигин, тили деле анчалык ашепке кооз эмес, айта турган ою ачык жана так, сезими болсо баёо болушу керек экенин түшүндү. Бирок аңгеме дегенде баары бир сезим болушу керек деди Мартин, жок дегенде, бир кезде галеркада отуруп алып өзү алаканын аянбай чапкан «Кедей болсо да чынчыл» деген сыяктуу пьесалардагыдай сезим болууга тийиш деп чечти.
Мунун баарын тактап алган соң өзү иштеп чыккан эреже боюнча аңгеме жазганга киришти. Эреже үч бөлүктөн турмак болду: 1) эки сүйүшкөн түгөй бөлүнүп кетүүгө тийиш; 2) кандайдыр бир окуянын жардамы менен алар кайра кошулууга тийиш; 3) акырында үйлөнүү тоюнун салтанаты. Бул эреженин үчүнчү бөлүгү башкы эсептелип, калган биринчи, экинчи бөлүгүн каалагандай аласалдырып өзгөртүп берсе болот. Сүйүшкөн түгөйлөрдү каргашалуу жаңылыштык, кыстаган кырдаал, кызганычы башынан ашкан атаандаштар, ырайымсыз ата-энелер, митаам ортомчулар ж.б.у.с. ажыраштырып жиберүүсү мүмкүн, ал эми сүйүшкөн түгөйлөрдүн бири-бирине кайрадан кошулуусуна жигит менен кыздын чечкиндүү аракеттери, ата-энелердин же каралашкан адамдардын аргасыз макулдугу же кандайдыр бир укмуш сырдын күтүлбөгөн жерден ачылып чыга келиши ж. б. у. с. себепкер болуп, окуяны чексиз уланта берсе болот.
Бул теманы иштеп жатып, Мартин кээде кызды өзү сүйүп калган кишисине биринчи болуп өзү кадам жасоого мажбурлаган жана башка ушундай окурманды кыйла кызыктыруучу кытмыр айла-амалдарды ойлоп тапты. Бирок аңгемесинде бир гана нерсени өз каалоосуна жараша таптакыр жасай албай койду— асман көңтөрүлүп, жер жарылып кетсе да аңгеменин аягы үйлөнүү тоюу менен бүтүшү керек болчу. Аңгеменин көлөмү да так аныкталды: эң көп дегенде — бир аңгеме бир жарым миң сөздөн ашпагандай жана эң эле аз дегенде, бир миң эки жүз сөздөн кем болбошу керек.
Бул сыяктуу аңгемелерди жазуунун ыкмаларын толук үйрөнгөнгө чейин Мартин беш-алты схема түзүп алып, жазган учурда ар дайым ушуларга карап жаза турган болду. Мунусу математиктер пайдаланган таблица сыяктуу бирде өйдө, бирде ылдый карай, оңдон солго, солдон оңго карай окулуп, эч кандай мээ күчүн чарчатпай туруп эле, дайыма бирдей, туура жана так, каалаган комбинацияны түзүп алууга мүмкүн болчу. Бул схемалар боюнча Мартин жарым саат ичинде он чакты сюжетти түзүп таштап коюп, анан аларды бош убакты болгондо иштеп кирчү. Бул ишти ал көбүнчө жатар алдында, күндүзгү оор жумуштан кийин гана аткара турган. Кийинчерээк ал Руфка бул сыяктуу аңгемелерди түшүндө да жазганын айтты. Башкысы — схема түзүп алса болду, калган иш оңой иштелет.
Мартин өзү тапкан бул эрежелеринин күчүнө эч кандай шектенген жок, ал басма кызматкерлеринин талабын ушунчалык жакшы билип алгандыктан, алгачкы эки аңгемесин жиберип атып, алардын сөзсүз акча болуп кайтарына ишенди. Чынында эле Мартин он күндөн кийин ар бири төрт доллардан сегиз долларга эки чек алды.
Ал ортодо Мартин журналдарга тиешелүү жаңы бир жагымсыз ачылышты билди. «Трансконтинентал» журналы анын «Коңгуроонун дабышы» деген аңгемесин басып, бирок чегин жиберген жок. Мартин тыйынга өтө муктаж экенин айтып редакцияга кат жазып да жиберди. Болгону чек анан жиберилет, дагы бирдемелер болсо жиберип туруусун өтүнгөн жооп гана келди. Эки күн бою наар татпай, акырында велесепетин дагы карызга таштады. «Трансконтиненталга» өзүнүн ала турган беш долларын эстетип эки жолу кат жазып, жооп ала алган жок, кыязы биринчи келген жоопту кокусунан жиберишсе керек. Мартин бул журналдын бир нече жылдан бери эптеп-септеп күн көрүп келатканын, ага ит да жазылбасын, эч ким сатып да албасын, кайрымдуулук катары жарыяланган анча-мынча кулактандыруудан түшкөн тыйынга гана жан багарын кайдан билсин. Бул журнал басмакерлер менен редактордун жан баккан бирден бир киреше булагы экенин, бирок андай кирешени булар карызын башкаларга төлөбөй коюп гана табышаарын да билген жок. Мартин анын беш долларына редактор өзүнүн үйүн сырдап алганын кайдан билмек. Ал оңбогур редактор сырдагандын акысы кымбат деп битирленип, жанталаша өзү сырдаганы, каадалуу киши эмеспи, кожо көрсүнгө бирөөнү жалдамыш этти эле, анан анысын кимдир бирөө атайын тепкичтен кулатып ийип, бутун сындырып ооруканага кеткени Мартиндин түшүнө да кирмек эмес.
Чикаго гезитине кабыл алынган «Казына издегендер» деген очеркине ала турган он долларын да алган жок. Шаардык китепканадан журналды ачып көрүп, басылып чыкканын өз көзү менен көрдү, бирок басмакерлерден эч кандай жооп болбоду. Жазган каттары да жоопсуз калды. Дарегине так тийсин деп каттарды буйрутма кылып да жөнөттү. Майнап чыкпаган соң акыры Мартин бул таламандын тал тушундагы каракчылык деген чечимге келди. Ал ачкадан өзөрүп жүрсө, анын сатып, бир сындырым нан табам деген буюмун бирөөлөр уурдай качып атса кандай.
«Жаштык жана жеткинчектик» деген жума сайын чыгуучу журнал боло турган. Ал Мартиндин жыйырма бир миң сөздөн турган повестинин үчтөн эки бөлүгүн басып чыгаргандан кийин журнал эмнегедир чыкпай калды. Ошентип, Мартиндин 16 доллар алам деген үмүтү таш капкандай болду.
Какаганга муштаган болуп, эң мыкты деген аңгемеси «Казан» да дайынсыз жок болгону турду. Бул аңгемесин ал көп журналдардын даректерин караштарып атып, акыры аны Сан-Францискодогу «Толкун» деген журналга салып жиберди. Бул журналды тандап алганынын себеби, журналдын редакциясы жакын эле жерде — булуңдун тиги өйүзүндө жайгашкандыктан жооп да бат келер деп ойлоду. Арадан эки жума өткөн соң ал журналдын көрүнүктүү жерине сүрөттөр менен кошо басылган аңгемесин абдан кубанып калды. Жүрөгү өрөпкүгөн Мартин үйүнө кайткан соң басылып чыккан эң мыкты аңгемесине канча төлөйт болду экен деген ой менен алек болду.
Басмакерлер эч кандай кабар бербесе да аны сүйүндүргөнү – аңгеменин бат эле басылганы болду. Бир жума күттү дагы, бир нече күн зуулдап өтүп кетти, бирок чектен кабар жок, Мартин эки жума төрт күн күтүп, акыры уят-сыйыттын баарын жыйыштырып, «Толкундун» редакторуна кат жазды, анда өзүнүн кичинекей гонорары редакциянын башка маанилүү иштеринен улам унутулуп калганын эстетти.
«Эгерде бул аңгемеге жок дегенде беш доллар төлөсө, — деди санаасына байыган Мартин, — мен бул акчага новуя менен буурчак сатып алып, мындай аңгемелердин беш-алтысын жазып салмакмын».
Күтүп тажаганда бир күнү редактордон канын кайнатып, жанын кашайткан момундай бир бетпак жооп келди: «Сиздин мыкты аңгемеңизге абдан кубанычтабыз. Редакциянын бардык жамааты рахаттана окуп чыгып, өзүңүз көргөндөй, журналдын көрүнүктүү бетине басып чыгардык. Биздин аңгемеге берген сүрөттөрүбүз сизге жаккандыр деп ойлойбуз.
Жазган катыңызга караганда, сиз бизди өзүбүз буйрутма бербеген чыгармалар үчүн деле калем акы төлөйт деп ойлогон окшойсуз. Сиздин суранычты аткара албайбыз, анткени биз сизге буйрутма берген эмеспиз. Сиздин мындан кабарыңыз бар го деп ойлогонбуз. Мындай түшүнбөстүк болуп калганына абдан өкүнөбүз. Сизге дагы бир жолу ыракмат айтабыз, ошондой эле сизден дагы бирдемелерди алабыз го деген ниеттебиз».
Каттын аягына редактор «Толкун» эч кимге акысыз таратылбай турганын, бирок ага карабай, журнал Мартинди жазылуучулардын эмки жылкы тизмесине кошуп коюуну өзүнүн ардактуу иши деп эсептей турганын кошумчалап коюптур.
Шаабай сууткан мындай жолу болбостуктан соң Мартин дайыма ар бир кол жазманын биринчи бетинин өйдөңкү бурчуна: «Сиздердин демейдеги наркыңыздар боюнча төлөнсүн» деп жазып койчу болду.
«Шашпагыла, — деди ал өзүн өзү сооротуп, — бир кезде барып менин ставкам менен төлөйсүңөр!».
Бул кезде Мартин өзүн такшалтканга баш оту менен киришип кетип, «Көңүлдүү көчө», «Турмуш шарабы», «Кубаныч», «Деңиз ыры» жана башка алгачкы аңгемелерин кайта-кайта чиймелеп оңдоп, баарын баштан аяк таптаза кылып кайрадан көчүрүп чыкты. Эми ага мурдагыдай он тогуз сааттык жумушчу күнү да аздык кыла баштады. Баарынан да тамекинин кумары өттү, бирок тилин тишине коё өзүн араң кармап, окуганы менен жазганын токтотподу. Руфтун тамеки тартканды токтотот деп берген дарысын жазуу столунун тартмасынын эң түпкү бурчуна катып салды. Тамекинин азгырыгы айрыкча ачка болгон кезде бөтөнчө жанга батты, канчалык тырышса да болчудай эмес. Тамекини таштаганын өзү барып турган чоң эрдик десе, Руфь болсо туура кылып атасың деп гана койду. Кыз төөнөгүч алам деген акчасына Мартинге тамеки тартуудан койдура турган дары сатып берип, анысын бат эле унутуп да калган.
Мартин өзүнүн үстүртөн жазган аңгемелерин жек көрүп, күлгөнү менен тыйынга өтүмдүү болуп аткан так ошолор эле. Карыздарынан кутултуп, алтургай велесептке жаңы шина сатып алганга жараган да ошолор болду. Башкысы, бул аңгемелер анын күнүмдүк жанын бактырып, олуттуу нерселерди жазганга кадимкидей убактысы да калып жатты. Мындан башка бир кезде «Ак Чычкандан» кырк доллар алгандагысы Мартинди дагы эле шыктандырып жүрдү.
Ким билет, башка да мыкты журналдар белгисиз авторлорго ушундай эле төлөөр же мындан да көбүрөк берет чыгаар. Маселенин баары ошол мыкты журналдарга кантип жетиште турубатпайбы. Бирок ал журналдарың болбой эле Мартиндин мыкты деген чыгармаларын четке кага берди, ошол эле кезде ондогон супсак, кишини тажаткан бирдемелерди басканын койбоду.
«Жок дегенде бул абройлуу басмакерлердин ичинен бирөө, кичи пейилдикке дем берген бир эле сап жазып жиберсе кана! – деген ойго кетет Мартин. — Мүмкүн менин чыгармачылыгым өтө эле өзгөчөдүр, ал мүмкүн аларга ар кандай себептерден улам туура келбей жаткандыр, бирок кантип эле менин чыгармаларымда жооп берип койгонго каалоо ойгото турган эч нерсе болбосун!».
Ушинтип ойлойт да Мартин басмакерлердин унчукпаганынын себебин тапмакка өзүнүн «Укмуштуу окуясын», же ушуга теңдеш башка аңгемелерин кайра-кайра окуп чыгат.
Калифорниянын жылуу жазы башталаар менен Мартиндин жыргалдуу күндөрү аяктады. Баарынан кабатырга салганы адабият агенттигинин бир нече жума бою унчукпай койгону болду. Ошентип сар-санаага батып жүргөн күндөрдүн биринде ага он аңгемесин жараксыз деп кайтарышты. Аларга кошо агенттик материалга толуп кеткенин, андыктан бир нече ай кол жазма жибербей койсо болорун кабарлаган катты тиркеп коюшуптур. Мартин так ушул аңгемелерден тыйын табам деп ишенип, акыркы кездерде акчасынан аянбай да калган. Адабият агенттиги Мартинге ар бир аңгемесине дайыма 5 доллардан төлөп, бирин да четке каккан эмес болчу. Мартин тимеле эсебинде 50 доллар жаткансып, акчасын камырабай ысыраптаганы ушундан эле.
Эми кайрадан жокчулуктун маалы келип желкеден ныгыра басып турду, аргасы куруган Мартин эски аңгемелерин кайрадан акча төлөбөгөн майда-барат журналдарга жөнөтө берди, салабаттуу журналдарга жөнөтүлгөн жаңы жазгандарынын деле жолу болбой, кайра кайтып келе берди. Окленддеги ломбардка кайрадан каттоого туура келди. Нью-йорктук жума сайын чыгуучу журналга басылып чыкан эки-үч тамашалуу ырларынан түшкөн тыйын менен бир азга жанын бакты. Эми ал ири журналдардын баарына кат жазып, эмне үчүн анын чыгармаларын баспай атканын билгиси келди. Бирин калтырбай баарына жазып жиберди. Анын катына ар кимден келген кол жазмалар демейде каралбасын, ал эми журналдарга басылып жаткан материалдардын көпчүлүгү болсо журналдардын буюртмасы боюнча аты чыккан, тажрыйбалуу авторлор тарабынан гана жазылары айтылган жооп келди.
XXIX ГЛАВА
Мартин Иден үчүн бул жай өтө оор болду. Редакторлор менен басмакерлер эс алууга кетип калышып, демейде үч жумада кайтып келүүчү кол жазмалар эми редакцияларда үч ай бою жатып калчу болду. Мунун бир гана жакшы жери – маркага акча коротуунун кереги жок эле. Бир гана шылуун журналдар баягыдай эле чыгып атышты. Мартин аларга бүт алгачкы чыгармаларын: «Акак кармоочуларды», «Матростун кесибин», «Таш бака кармоону», «Түндүк-чыгыш шамалын» жөнөтүп жиберди. Бирок бул очерктердин бирине тыйын төлөп коюшкан жок. Чынында алты ай кат алышып атып «Таш бака кармоо» деген очеркинен өндүргөн тыйынына устара сатып алды, ал эми «Акрополь» болсо ага «Түндүк-чыгыш шамалы» үчүн беш доллар жана жылдык жазылуунун беш санына бекер жазып коюуга убада берип, бирок ал айткандарынын экинчи бөлүгүн гана аткарды.
Стивенсон жөнүндөгү сонетине Мартин акчага битирирек бостондук бир басмадан эки доллар алды. Мартиндин жаңы жазып бүтүргөн «Пери жана акак» деген поэмасы темир жолдук ири компаниянын каржылоосу менен чыгуучу Сан-Францисконун бир журналынын редакторуна бөтөнчө жагыптыр. Редактор бул поэмасынын акысына Мартинге поюзга акысыз мингенди сунуш кылды эле, бирок Мартин редакторго кайрылып, мындай укукту башка бирөөгө берсе болот деп сурады. Бирок ал акысыз белеттин укугу башка адамга берилбей тургандыгын, демек, тыйын да ала албай турганын түшүнгөн Мартин кол жазманы кайтарып бергиле деп талап кылды. Кол жазма кайра бат эле келип калды, оңбогон редактор поэманын басылбай калганына “терең өкүнгөнүн” да айтып, кошумчалап коюптур. Мартин эми поэмасын Сан-Францискодон чыкчу «Шершень» аттуу журналга жиберди, баса, аны бир мыкты калемгер-журналист негиздеп, анан журналды бат эле өзү кайра сызга отургузуп кеткен экен.
Ошентип бул журналдын жарык жылдызы Мартин төрөлө электе эле томолонуп кеткен экен. Редактор Мартинге поэмасы үчүн он беш доллар сунуш кылып, бирок поэма басылып чыккандан кийин айткан убадасын унуткан окшойт. Кайра-кайра сурай берип тажаган Мартин жооп келбегенден соң болгон ачуусу менен кат жазып жиберди. Көп өтпөй жаңы редактордон ага чейин иштеп кеткен редактордун кемчилигине жоопкер эместигин, «Пери жана акак» жөнүндө болсо пикири анчалык деле жогору эмес экенин айткан салкын жооп алды.
Башкадан көрбөгөн кордукту Мартинге өзгөчө Чикагонун «Глобус» деген журналы көрсөттү. Чыгарсамбы же жокпу деп көпкө чейин олку-солку болуп, анан да ачкачылыктын азабы өткөн Мартин акыры «Деңиз ырларын» басып чыгарсам деген чечимге келди. Он чакты журнал тарабынан кайтарылган бул ырлар акырында «Глобус» журналынан өзүнүн тынч ордун тапкандай болду. Циклде баш аягы болуп отуз ыр бар эле, ар бирине бирден доллар алганда да, Мартин отуз доллар алмак. Алгачкы айда анын төрт ыры басылып чыгып, ага улай эле төрт доллар алды, бирок журналды ачып көрүп ал чочуп кетти. Себеби ырлардын аттары өзгөртүлүп, «Finis» деп жазуунун ордуна «Финиш»1 делип, «Деңиз аскасынын ыры» дегендин ордуна «Деңиз үлүлдөрүнүн аскасынын ыры» деп жазылып калыптыр. Бир ырдын темасы болсо таптакыр ылайык келбеген аталыш менен алмаштырылыптыр. «Медузанын жарыгы» дегенди редактор «Арттагы из» деп өзгөртүп салыптыр. Ырлардын өзү болсо, тамтыгы чыгып, каалагандай туш келди бурмаланыптыр. Мартин тишин кычыратып, чачын жулмалап калды. Фразалар, саптар, бүтүн бир строфалар чалды-куйду аралашып, дегеле киши окугус болуп калыптыр. Кай бир саптар таптакыр эле башка саптар менен алмаштырылыптыр. Мартин эс-акылдуу редактор кантип ушундай кара санатайлык кылсын деп, мындай жорук басмаканада иштеген кайсы бир балакайдын же текстти кайрадан тергендердин иши болсо керек деди. Ошол замат бул ырлар циклин басууну токтотууну талап кылып урушуп да, жалдырап да, коркутуп да удаасы менен үч кат жазып жиберди. Бирок каттары ошол бойдон жоопсуз калды. Тамтыгы кеткен ырлары ай сайын чыга берди, Мартин болсо басылгандарына ай сайын чек ала берди.
Канчалык ооматы келишпей атса да Мартиндин көңүлүн жубатып, колдогон баягы «Ак Чычкандан» алган кырк доллар жөнүндөгү эскерүү болду, бирок тыйын тапсам деген үмүттө көп убактысын майда-бараттарды жазганга арнады. Ошентип жүрүп күтүлбөгөн жерден агрономиялык жана соода журналдарынан «токочтук орун» таап алды, диний журналдарга жакындашып көрсөмбү деди эле, байкаса, ал жакта ачкадан өлчүдөй.
Мартин кара кастүмүн кайра дүкөнгө тапшырып, аргасы куруп турган кыйын учурда кудай жалгап, чыгармалары — республикалык партия жарыялаган сынактан жолу болуп калса болобу. Ырасы, бул бир эмес, үч сынак эле, Мартин үчөөндө тең жеңүүчү болуп табылды. Ушундай айла-амалдар менен аракет кылууга туура келгенине өзү да кейиштүү күлгөн болду. Анын поэмасы он доллардан турган биринчи сыйлыкка, үгүт ырлары беш доллардан турган экинчи сыйлыкка жана эң акырында республикалык партиянын милдеттери жөнүндөгү көлөмдүү макаласы кайра эле жыйырма беш доллардан турган биринчи сыйлыкка татыктуу болду. Бул окуя аны кубанычка батырды, бирок сүйүнгөнү акчаны алышка келгенде суу сепкендей болду. Кыязы, комитетте бир ыйкы-тыйкылык чыкса керек, мүчөлөрүнүн арасында бир сенатор, бир банкирдин болгонуна карабай, комитетте сокур тыйын да жок болуп чыкты. Ошентип, мындагы териштирмейлер бүткөнчө Мартин карап турбай, демократтык партия тарабынан жарыяланган конкурска да катышып, «Демократтык партиянын милдеттери тууралуу» деген көлөмдүү очерки үчүн биринчи сыйлык — жыйырма беш доллар акчаны сынактын жыйынтыгы чыгары менен нак колуна санатып алды. Ал эми республикалык партия тарабынан жарыяланган биринчи сынактан алчу кырк доллардын ошол бойдон караанын да көргөн жок.
Эми Руфь менен кездешүү үчүн бир амал ойлоп таппаса болбой калды. Анткени Түндүк Оклендден Морздордун үйүнө чейин барып келүү көп убакытты талап кылчу, ошондуктан Мартин өзүнүн кара кастүмүн күрөөгө таштап, бир велесепет сатып алмак болду. Убакытты да үнөмдөп, велесепет менен барып келип туруу саламаттыгына пайдалуу болмок да. Анын жука кендирден тигилген кыска шымы, эски свитери велеспетчинин формасынан кем калышпай калды. Ушинтип Мартин эми күн сайын Руфь менен түштөн кийинки сейилге чыкчу болду. Руфтун үйүндө жолугушуу экөөнө анчалык ыңгайлуу эмес эле, анткени миссис Морз баягы эски планы боюнча үйүнө топуратып ак сөөктөрдү чакырганын токтоткон жок. Конок үйүнөн кечээ жакында эле кездешкен тандама чөйрөнүн Мартин мен да ушулардай болсом деп суктануу менен ылдыйдан өйдө караган өкүлдөрү эми итиркейин келтирчү болгон.
Бул чөйрө эми ага эчак эле тандалма болбой калган. Кыжырын гана кайнатты. Эми ага бул тандалган чөйрө болбой калды. Турмуштан тарткан запкысы, тыным албаган оор жумуш жана ишинин оңунан чыкпаганы Мартинди ачуулуу, кенедей нерсеге туталангыч кылып койгон, андыктан мындай адамдар менен сүйлөшкөндө жини шакардай кайначу. Мунусун бой көтөргөндүк деп айтканга болбос. Мартин адамдарды өзүнө салыштырып эмес, өзү китептерин жата калып окуган улуу ойчулдар менен салыштырып сынаар эле. Руфтун үйүндө ал профессор Колдуэллден башка чыныгы акылы зирек бир да адамды көргөн жок. Баса, ал да Морздордукунан оолактап качып калган эле. Ал жактагы калгандардын баары жарыбаган догматтар, ою пас пенделер болчу. Алардын дөдөйлүгү Мартиндин жакасын карматчу. Эмнеликтен бул адамдар мынчалык дөөпөрөс деп ойлочу. Булардын алган билими кайда кеткен? Алар деле Мартин окуган китептерди окушкан эмеспи. Анан кантип эч нерсе ала алышкан эмес?
Мартин чыныгы даанышман, терең ойчулдардын бар экенин билчү. Мунун ачык-айкын далили ага Морздордун чөйрөсүнөн алда канча өйдө болууга жардам берген өзү окуган китептер. Мартин ал «чөйрө» деп аталган жерде да Морздордун үйүндө топураган адамдардын баарын кошкондо да алардан алда канча акылдуу жана кызыктуу адамдарды жолуктурса болорун билчү. Ал ак сөөктөр мейманканада отуруп алып саясый, философиялык темалар боюнча кырды бычак талашып-тартышкандары жазылган англиялык романдарды окуган эле. Сөзсүз эле америкалык же англистик эмес ири шаарларда искусство менен илимий чөйрөнүн өкүлдөрү кезигишип турчу жайлар болорун билчү.
Мурда келесоо экен, жумушчу табына таандык эмес, жакшы кийинген ар бир адам күчтүү акылга, анан кооздукту кылдат сезе билген туюмга эгедер деп ойлочу. Крахмалданган жака ага маданияттуулуктун белгиси катары сезилчү, анан да университеттик билим менен чыныгы илим бирдей эместигин да билбептир.
Эмне экен билбесе! Эми ал улам бийикти көздөй умтула берет. Руфту да артынан ээрчитет. Руфту ушунчалык бериле сүйгөндүктөн, аны кайда болбосун, өзгөчөлөнүп турат деп эсептечү. Эми ал Руфь өсүп чоңойгон чөйрө, өзүнүн чөйрөсү бир кезде коё бербегендей эле, аны да колдон-буттан тушап турганын түшүнүп турду. Руфь ушул убакка чейин бир жолу да өзүн көрсөтө алган жок. Анын атасынын кабинетиндеги китептер, дубалдагы сүрөттөр, өзүнүн роялда ойногону — мунун баары сырткы гана кооздук болчу. Чыныгы адабиятка, чыныгы живописке, чыныгы музыкага Морздор менен алардын бардык тааныштары сокур, дүлөй эле. Мунун баарынан да жашоо маанилүү экени туурасында аларда ныпым түшүнүк да жок болчу.
Алар өзүлөрүн билармандар эсептеп, эркин ой жүгүрткөндөрдүн жасалма маскасын тартынып алышканы менен нукура пайдалуу илимден, бери эле дегенде, эки кылым артта калышкан; алар орто кылымдагыдай ой жүгүртүшөт, алардын дүйнөгө жана анын жаралышына болгон көз караштары жаңыдан гана пайда болгон жаш расаны, үңкүрдө жашаган адамдарды эске салып, байыркы жана кийинки жаңы метафизиктердин көз караштарын элестете турган. Бул болсо алгачкы маймыл кебете адамды караңгылыктан коркууга мажбурлаган, иудейге Ово эненин Адам атанын кабыргасынан жаралган деген ойго ишендирген так баягы метафизиканын дал өзү болчу. Бул метафизика Декартка дүйнөнү жарыбаган «мен» деген өз сүрөтү катары кароону үйрөткөн, ал эми англиялык бир таанымал попту аёосуз мыскыл аркылуу эволюцияны шылдыңдаганга шыкактаган, анын бул аракети ишке ашып, шумдук суктанууну жараткан жана анын ысмын тарых бетине балчайган кара боёк менен калтырып кеткен.
Мунун баарын Мартин канчалык көбүрөк ойлонгон сайын ошончолук бекем бир ишенимге келип турду: мобул адвокаттар, офицерлер, ишмерлер, банкирлер менен кара тамандардын ортосундагы болгон айырмачылык эле алардын башкача тамактанып, башкача жашап анан кийингенинде тура. Байкаса булардын баарына тең ал китептен таап, өзүнөн сезген эң башкы нерселер жетишпейт экен. Морздор Мартинге өз чөйрөсүнүн каймактарын көрсөтүштү, бирок Мартин буга жетине албай кубанган жок. Итке минген мандикер кедей да ага Морздордун үйүнөн кездештирген адамдардан өйдө көрүнчү болду. Ломбарттан кайра алган кара кастүмүн кийип келген Мартин булардын арасында өзүн малчылардын арасында отурган канзаададай сезчү болду.
— Сиз социалисттерди жек көрөсүз жана алардан коркосуз? — деди ал бир күнү дасторкон үстүндө мистер Морзго бурулуп, — бирок эмнеге? Сиз алардын өзүлөрүн да, көз караштарын да билбейсиз.
Социализм туурасындагы кеп миссис Морз мистер Хэпгудду дагы бир жолу жер-сууга тийгизбей мактагандан кийин козголду. Мартин дымагы асман чапчыган бул немени көрөйүн деген көзү жок, ошондуктан ал туурасындагы ар кандай кеп итиркейин келтирип, чыдай албай калчу.
— Ооба, — деди Мартин, — Чарли Хэпгуддун келечеги алдыда, элдин баары айтып атат муну, бул чын. Менимче, ал өлөрүнө али көп болсо да губернатордук орунду ээлейт деген ойдомун, алтургай, сенатор да болуп кетиши ажеп эмес.
— Эмне үчүн сиз минтип ойлойсуз? — сурады миссис Морз.
— Мен анын шайлоо алдындагы сүйлөгөн сөзүн уктум. Анын сөздөрү ушунчалык акылдуусунган келесоо, тажатма, анан да ишенимдүү экен, лидерлер аны эң коопсуз, ишеничтүү адам деп эсептеши керек ко дейм. Ал эми анын оройлугу орто шайлоочунун оройлугуна куп гана жарашат. Кимге болбосун, өзүнүн көз карашын кафедрадан уккан жагымдуу эмеспи.
— Мага жагып турганы сиз мистер Хэпгудга суктанып жаткандай көрүнөсүз, — деди Руфь.
— Кудай сактасын!
Мартиндин көздөрүндөгү пайда боло түшкөн жек көрүү миссис Морзго жага бербей калды.
— Сиз эми мистер Хэпгудду акмак деп айткыңыз келбесе керек? — сурады ал заар какшык аралаш.
— Бирок орто республикачыдан же орто демократтан келесоорок эмес, — деди каршы чыккан Мартин. — Алардын баары же митаам, же дөөпайлар, бирок митаамдары азыраак. Бирден-бир акылдуу республикачылар — булар миллионерлер менен алардын кол астындагы аң-сезимдүү малайлары. Булар жок дегенде кайсы жерден чуу чыгаарын жана ал эмнеликтен чыгаарын абдан жакшы билишет.
— Мына мен республикачымын, — деди жылмайып мистер Морз, — сиз мени кандайча тариздер элеңиз?
— Сиз эрки жок малайсыз.
— Малай?!
— Албетте. Сиз корпорациянын мүчөсүсүз. Сизде жумушчу табынын билими жана кылмыш иштериндеги юридикалык тажрыйба жок. Сиздин кирешеңиз аялдарын урган эркектер менен чөнтөкчүлөргө көз каранды эмес. Сиз коомдогу башкы ролду ойногон адамдардын эсебинен жан багып келатасыз; ал эми ар бир адам курсагын ким тойгузса, ошого кызмат кылат, анын сөзүн сүйлөйт. Албетте, сиз малайсыз! Сиз өзүңүз кызмат кылган капиталисттик уюмдардын кызыкчылыгын коргогонго кызыкдарсыз.
Мистер Морз кызара түштү.
— Мен сизге эскертип коёюн сэр, — деди ал, — сиз ашынган социалист катары сүйлөп жатасыз.
Мына ушул жерден эми Мартин социализм боюнча эскертүү жасады.
— Сиз социалисттерди жек көрөсүз жана алардан коркосуз. Эмне үчүн? Сиз алардын өзүлөрүн, алардын көз караштарын да билбейсиз.
— Канткен менен сиздин көз карашыңыз социалисттердин көз караштары менен дал келгенсип турат, — каршы чыкты мистер Морз.
Руфь аңгемелешип жаткандарга кабатырлана көз чаптырса, ал эми миссис Морз, ичинен өз душманынын үй-бүлө башчысынын каарына тийип алганына сүйүнүп турду.
— Эгерде мен республикачыларды келесоо деп атап, эркиндик, теңдик жана бир туугандык — бул самындын көбүгү деп айткан болсом, мындан улам мени социалист экен деп айтууга болбойт, — деди Мартин жылмайып, — эгерде мен Жефферсонго жана ага таалим тарбия берген берки дөөпөрөс французга ишенбесем, бул да мени социалист деп эсептегенге жетишсиз. Ишенсеңиз, мистер Морз, мага караганда социализмге сиз алда канча жакыныраак турасыз, мен болсом анын эзели келишпес душманымын.
— Сиз албетте, тамашалап жатсаңыз керек? — сурады мистер Морз, кекеткендей.
— Кенедей да тамаша жок. Мен болгонун айтып жатам. Сиз теңдикке ишенесиз, бирок ушул теңдикти кантип көргө көмсөк деп гана баш катырган капиталисттик корпорацияга кызмат кыласыз. Ал эми мени болсо сиз теңдикти четке какканым үчүн жана өзүңүз бүткүл өмүрүңүз менен далилдеп келе жаткан принципти ырастаганым үчүн гана социалист атап жатасыз. Республикачылар — кай жерде болбосун, теңдикти ооздорунан түшүрбөгөнү менен өзүлөрү анын анык душмандары. Алар теңдиктин урматына дайыма теңдикти бузуп келатышат. Ошондуктан мен аларды келесоолор деп эсептейм. Мен болсом идеалистмин. Мен жарышта күлүк, күрөштө күчтүү жеңерине ишенем. Мен бул чындыкты биологиядан, айтор, биологиядан үйрөндүм окшойт. Дагы кайталап айтайын, мен идеалистмин, ал эми идеалисттер болсо, социалисттердин эзелтен келаткан түбөлүк душманы.
— Ошентсе да сиз социалисттик митингдерге барып жүрөсүз го, — деди итиреңдеген мистер Морз.
— Албетте. Чалгынчы душмандын чебине баргандай эле барам. Башкача жол менен душмандын сырын кантип билесиң? Мындан тышкары, ал жерде болуу абдан көңүлдүү. Социалисттер — мыкты кара талаштар, анан да алар жакшыбы, же жаманбы, айтор, бир нерсени үйрөнгөн. Кимиси болбосун, социология жана ар кандай башкача «логиялар» жөнүндө катардагы капиталистке караганда кыйла көбүрөк билет. Ооба, мен социалисттик митингдерде он жолу болдум, бирок мындан Чарли Хэпгуд ашкере чеченсингенинен республикачы болбой калган сыяктуу эле, мен да социалист болуп калган жерим жок.
— Билбейм, билбейм, — деди жүүнү бошой түшкөн мистер Морз, — мага эмнегедир сиз баары бир социализмге жан тартып аткандай сезилесиз.
«Шайтан алгырдыкы, — деп ойлоду Мартин, — бул бир сөздү да түшүнбөптүр! Мен киши эмей эле, дубал менен сүйлөшүп жаткандай! Мунун алган билими кайда кеткен?»
Мына ушинтип Мартинге өзүнүн өсүш жолунда буржуазиялык таптык мораль менен бетме-бет кагылышты жана көп өтпөй бул ага кишини коркуткан каракчы болуп калды. Ал өзү интеллектуалдуу моралист эле, ошондуктан тегерегиндеги адамдардын моралы алардын керсейген дымагынан көрө көбүрөк кыжырын кайнатып жиберер эле, бул болсо, экономиканын, метафизиканын, сентименталдуулуктун жана тууроочулуктун таң каларлык аралашмасы болчу.
Мартин күлкүнү келтирген бул аралашманы күтүлбөгөн жерден өз жакындарынын арасынан жолуктурду. Кичи карындашы Мэриен аябай иштерман механик болгондуктан, өз өнөрүн абдан үйрөнүп туруп, анан велесепет оңдогон устакана ачып, арзан велесепеттерди сатуу боюнча агент болуп алган, оокаты тың немис жигит менен таанышкан эле. Мэриен Мартинге келип, өзүнүн күйөөгө чыкканы жатканын билдирип, аны тамашалап колдон алып, алаканынын издери боюнча анын келечек тагдырын алдын ала айтып кирген эле.
Кийинкисинде ал Герман Шмидди өзү менен ээрчите келиптир. Мартин экөөнү шумдук кооз сөздөр менен куттуктап, каалоо айтты, бирок анысы дөөпайыраак күйөө балага анчалык жага бербеди окшойт. Анын жактырбаганы Мартин экөөнө арнап жазган ырын окуп бергенден кийин ого бетер күчөдү. Бул карындашына арналган «Төлгөчү» деген сонун ыр болучу. Ырын үн чыгара окурун окуп берип, бирок коноктор чым деп койбой, мостойгон калыбынан жазбай отурганын көрүп Мартин таң кала түшүнбөй калды. Тескерисинче, карындашы кабатырлана болочоктогу күйөөсүнө тигиле карап калыптыр, тигинисинин одурайган жүзүнөн болсо өкүнгөндүк менен жактырбагандык ачык эле байкалып турат. Окуя кыязы ушуну менен бүттү окшойт, коноктор көп буйдалбай кетип калышты. Бул окуя жөнүндө Мартин ойлонгон деле жок, бирок жумушчу табынын кызы болсо да өзүнө арналып жазылган ырга аял эмне үчүн ыраазы болбогонун түшүнө албады.
Бир нече күн өткөндөн кийин Мэриен дагы келди. Бирок бул жолу жалгыз келиптир. Эшиктен кире электе эле өткөндөгү жоругу үчүн Мартинди жемеге алды.
— Эмне болуп кетти Мэриен? — Мартин таң кала сурады. — Түрүңө караганда, өз жакындарың же жогеле дегенде бир тууган агаң үчүн уялып жаткандайсың!
— Албетте, уялам, — деди ал.
Мартин карындашынын көздөрүнүн кычыгына жаш толо түшкөнүн көрүп, эмне дээрин билбей калды. Көрсө, ал абдан таарынып калган тура.
— Сенин Германың кантип эле агасы карындашына ыр жазганына кызгансын?
— Ал такыр кызганбайт, — Мэриен бышактап ыйлап жиберди, — ал муну уят, адепсиздик дейт.
Мартин ишенбей ышкырып койду, анан үкөктү ачып, «Төлгөчүнүн» бир нускасын алып чыкты.
— Түшүнбөйм, — деди ал, кагазды карындашына сунуп жатып, — ме, окуп көр да кайсы жагы адепсиз экенин өзүң айтчы? Ушинтип айттың го?
— Ал айткандан кийин, демек ошондой бар болуш керек, — деди кагазды жактырбай четке кага Мэриен. — Ал сени ырын тытып салсын деп жатат. Мындай нерселер жазылган аялды алгысы келбей турганын айтты. Ар ким артыман күлгөнүн каалабайм дейт. Ал айтат, бул бети жоктук дейт, мындайга чыдай албайм дейт.
— Бул эмне деген кеңкелестик! — деп кыйкырып жиберейин деп барып кайра токтоп калды.
Маңдайында бышактап ыйлаган шордуу кыз отурду, бул да келечек күйөөсү сыяктуу эле эч нерсеге ишенбесин жана арзыбаган бул окуянын чоо-жайын түшүнгөн Мартин багынып берейин деди.
— Болуптур, — деди да, кол жазмасын майдалап тытып туруп, челекке ыргытып таштады.
Бирок ал буга кейиген жок, анткени «Төлгөчүнүн» бир нускасы нью-йорктук редакциялардын биринде жаткан эле. Мэриен менен күйөөсү да муну эч качан билишпейт, бул кичинекей ыр басылып чыгып калса деле, андан эч кандай кырсык болуп кетпестир.
Мэриен челекке эңкейди.
— Алып алсам болобу? — деди ал.
Мартин унчукпай башын ийкеди да, карындашынын кол жазманын майда тытыктарын чогултуп атканын карап турду, — бул Мэриенге милдетин ийгиликтүү аткаргандыгынын далили катары керек эле. Мэриен эмнеси менендир Лиззи Коноллини эстетип турду, бирок анда театрдын жанынан жолугушкан жаш жумушчу кыздагыдай шаңкылдаган шайырдык жок эле. Ошентсе да алар көп жагынан, кийингени, жүрүм-туруму жагынан бири бирине окшош болчу. Мартин күтүлбөгөн жерден бул кыздарды Морздордун конок үйүндө олтурганын элестетип, жылмайып күлүп жиберди. Бирок көңүлдү алаксыткан элестер заматта жоголуп, жалгыздык сезими кайрадан Мартинди кучагына тартып кетти. Карындашы да, Морздордун конок үйү да анын өмүр жолундагы жол боюна орнотулган аралыкты билдирген мамылардай болуп артта калгансып сезилди. Анын баары эми артта калган эле. Мартин китептерине сүйкүмдүү карап койду. Китептер эми анын жападан жалгыз ишенимдүү достору, жолдоштору болуп калган.
— Кандай дейсиң? Эмне дедиң? – таң кала кайрадан сурады Мартин.
Мэриен суроосун кайталады.
— Эмне үчүн иштебейсиң дейсиңби? — Мартин каткырып күлдү, бирок кара күчкө чыккан күлкү эле, — менден ушинтип сура деп Германың айттыбы?
Мэриен жок дегендей башын чайкады.
— Калп айтпа, — деди Мартин такып, Мэриен уялгандай башын төмөн салып калды. — Эмесе өзүңдүн Германыңа айтып кой, башка бирөөнүн ишине кийлигишпесин. Эгерде мен анын колуктусу жөнүндө ыр жазсам, балким кийлигише алар, бирок андан аркысына мурдун тыкпасын. Түшүндүңбү? Сен менден жазуучу чыкпайт деп ойлойсуңбу? — деди ал сөзүн улантып, — сен мени жолунан адашты, үй-бүлөнү уят кылыбатат деп эсептейсиңби? Ия?
— Мен жөн эле, сени бир жерде иштесе жакшы болор эле дебатам, — деди бек сүйлөп Мэриен. Мартин анын чын дилинен айтып жатканын көрүп турду. — Герман да ошентип…
— Герман кара жерге кирсин! — деди Мартин тамашага чаптыра анын сөзүн бөлүп. — Андан көрө тоюңар качан болот, ошону айтчы. Баса, Германыңдан сурачы, менден ал тоюңарга арналган белекти алат бекен, ошону сурап койчу.
Мэриен кеткенден кийин Мартин бул окуя жөнүндө көпкө чейин ойлонуп, эки-үч жолу кейиштүү күлүп койду. Ооба, алардын бардыгы — карындашы, анын күйөөсү, алардын чөйрөсүндөгү адамдар жана Руфтун чөйрөсүндөгүлөр жалпы ченге бирдей ыңгайланышып, өз турмуштарын даяр жана тарпы чыккан үлгү боюнча курушат.
Ошентип, бул шордуулар дайыма бири бирин карап, бири бирин туурап, бала чагынан мээсине куюлган болбогон бир келесоо эрежелерди бузбаш үчүн өзүлөрүнүн табийгый жеке мүнөздөрүнүн бөтөнчөлүктөрүнөн жана чыныгы турмуштан баш тартууга даяр. Алардын баары: Бернард Хиггинботам, мистер Бэтлер менен жетелешип, Герман Шмид болсо Чарлл Хэпгуд менен кучакташып алып, Мартиндин көз алдынан чубуруп өтүштү. Мартин аларга кунт коё карап, баарын китептен алган чен өлчөмдөр менен ченеп чыкты. Ал өзүнөн өзү терең жүрөктөр, улуу акылдар кайда деп майнапсыз суроо салып турду. Андай адамдар өзүнүн кичинекей бөлмөсүн ээлеп, бири бирине жол бербей топурашкан орой, келесоо чалыш караандардын арасынан көрүнбөйт. Ал бул топураган макулуктарга китептен окуган баягы Цирцея өзүнүн чочколоруна карагандай жек көрүүнү сезип турду.
Акыркы караан көздөн кайым болору менен күтүлбөгөн жерден кыры калдайган шляпачан, кош бүрмө курткачан калдалактаган жаш жигит — өзүнүн алыста калган карааны өзүнөн өзү чыга келди.
— Сен деле тууганым, булардан артык эмес болчусуң, — деди Мартин ага мыскылдуу күлүп. — Сенде деле ушулардыкындай мораль бар болчу, сен деле булардан көп билчү эмессиң. Онтоюн деген ооруң жок эле, башың эч нерсеге ооруучу эмес. Көз карашыңды даяр көйнөктү тандап кийгендей эле ала койчусуң. Сен башкаларга жаккан иштерди кылчусуң. Сен шайканын башчысы элең, анткени алар сени өзүлөрү шайлап алган эмес беле. Былчылдаша мушташып, шайканы башкарчусуң, башкалар болсо сени мыктысың деп мактап, далыңан таптап турушчу. Сен Тултук Беттин талпагын ташка жайдың, анткени ага багынып бергиң келген жок, ымалага келип моюн сунуп бербегениң – анткени сен малдай орой болчусуң, анан да эркек деген зөөкүр болушу керек, кан күсөп турушу керек, бирөөнү аёо дегенди билбеши керек, уруп, таш-талканын чыгарыш накта эрдик деп кулагыңа куюп турушчу. А эмне үчүн сен өзүңөн улуу досторуңдун кыздарын тартып алчу элең? Алар сага жаккандыктан эмес, жөн гана чөйрөң сенде кенедейиңен тартып эле айгыр менен жапайы буканын инстинктин ойготушкан, мына ошондуктан тартып алчусуң! Мына, андан бери канчалаган мезгил өтүп кетти. Эми мунун баары жөнүндө эмне оюң бар?
Буга жооп иретинде анын көз алдындагы элестер бат-баттан өзгөрүлө баштады. Одуракай куртка менен кыры калдайган шляпа көздөн кайым болуп, алардын ордуна жөнөкөй сыпаа костюм пайда болду; чындык менен сулуулукту издеген жүзү баягы айбандыкындай түнөрбөй, ички жарыгынан нурданып чыккансыды. Бул караан азыркы Мартинге бөтөнчө окшош эле; ал чырак бүлбүлдөп күйүп турган стол жанында туруп алып, ачылган китепке эңкейип окуп турду. Мартин китептин атына көз жиберсе ал «Эстетиканын негиздери» экен. Кийинки көз ирмемде Мартин караанга сиңип, кошулуп кетти да, столго олтуруп, китеп окууга сүңгүдү.
(Уландысы бар)
Орусчадан оодарган Бахтияр Шаматов
[1] Сакраменто — Калифорния штатынын борбору.