
же Лермонтовдун чыгармачылыгындагы атооч жөндөмө
Бул окуя тээ мурда болгон эле. Анда мен жапжаш кезим, чачым тескейдин тебишип өскөн бетегесиндей тармал эле, жүрөгүм алып-учуп, тим эле итим чөп жеп турган учур болчу, азыр элүүлөрдөн эңкейип калган — ошондогу эликтей элеңдеген жаш кыздар бура бастырбай шыңкылдап тийишип турар эле. Азыр мен айтайын дегеним ошондогу оттой жанган ойноок кыздарга да, жүрөккө кетпес так салган биринчи сүйүүгө да тиешеси жок бир окуя.
Өкчөгөнүм айкүр конуп турган ошол өрт кезде — эки аяктуу пенде кетирген кемчиликтерден мен да бир топ кетирдим окшойт, ким санап отурду дейсиң, эми минтип эсил курак кырдан кылайганда ич кыңырылып, аргасыз «аттиң» дейт экенсиң. Анан калса үйлөнгөн чаначтай көпкөн көкүрөктүн жели азайып, чоңойсом деген чок кыялдын ысыгы кайтканда баары эле өз-өз ордуна келип калат окшойт. Кепти кыскарта чапсам, илгери бир акылман, баары эле мени таарынтат, а мен көзүмө желмогуздай көрүнгөндөр менен саламдашкым да келбейт деп айткандай, азыр өткөндүн өйдө-ылдыйын эстеп, дурусуна кубанып, бурушуна кубарып, кейий турган жерине келгенде чекеден чыпылдап муздак тер кетип, кыйкыргың келет: «Ошол менминби? Мен ошондой белем?!»
Ошол айылдын мектебинин эшигин биринчи аттаганда мени карагандардын көздөрү укмуштай жалжылдады: анткени менин төшүмдө жаратылышка жаңыдан эле жаралган университеттин жапжаңы значогу жаркырап турган эле!
Мектептин мектеп сыяктуу кебетеси жок экен, кипкичинекей, мурдагы бир кечилдер окуган имарат шүмүрөйөт. Тырнактай бул айыл шаар, кыштактардан алыс, анан калса кыйкырса үн, караса көз жетпеген түнт жерге жайгашыптыр. Согуштун бүткөнүнө төрт гана жыл болуп, тартыш кез. Жогорку билимдүү мугалимдер жокко эсе болчу. Мен барган ошол мектепте эки гана жогорку билимдүү мугалим бар экен, алар да университетти эмес чет жакадагы пединституттарда, эптеп-септеп сырттан окуп бүтүшүптүр.
Ошентип ошол мектепке, болгондо да тээ борбордук университеттин филфагын бүткөн жогорку билимдүү бир мугалим жигит келип калса болобу!
Эң башкы, эң негизги нерсени айтардан мурун, аз да болсо мурунку болгондордон кеп таштайын.
Мен майдандан келип, университетке киргенимде эч кандай экзамени жок эле кабыл алышкан. Университеттин коридорунан өтүп баратканымда мага суктанган жаштардын «азамат» деген сыймыктуу шыбышы кулагыма угулуп турчу. Жагынычтуу жылмаюу канат, көңүлдү көтөрө сүйлөгөн сөз куйрук болуп, күндөрүм күндөрүмө окшобой күлүктөй зуулдай берди. Эгер мен, Гоголь — орустун жазуучусу — деп койсом эле болду — бир нерсени кыйратып салгандай же ошонуман опол тоо жылып кеткендей баары кол чаап жыргап калышчу. Буту менен басып, мурду менен тынгандардын баары — согушка барып келгендиктин өзү эле филолог болгон менен барабар дешчү.
Лекцияларга аз барам: ал болуп, бул болуп деги кол тийбейт. Мени эмнеге келбедиң деп сураган да киши болбойт. Салтанаттуу кечелерде согуш деген эмне жана кантип согушканым тууралуу эскерип сүйлөп берем, ушунун өзү зачетко кирчү. Балээнин баарысы — ушунун баарын жеңишти апкелген армиянын бир кичине өкүлүнө көрсөтүлгөн сый-урмат деп билбестен мага гана, жалгыз өзүмө гана көрсөтүлгөн каада деп билип жүргөнүмдө экен. Өзүмдү өзүм билип, өтүгүм төргө илип эптеп-септеп окуп бүттүм, өлбө-өлбөлөп дипломдук иш жаздым: Маяковский жөнүндө болсо керек эле, кыйналып-кысталып атып, араң кырк бетке жеткиргем. Анан аны жетекчиме берип жатып, уялбагандан өзүң уял дегендей тамашалап да койгом; үтүр-бүтүрүнөн эле кичине бирдеке кетпесе… калганы жайында…
Ал кийин менин ишим жөнүндө, жакшы дипломдук иш жазыпсың, бирок үтүр-бүтүрүндө азыраак кемчилик бар экен деди. Мен анын окубагандыгын билдим. Мени аябай макташты; кан кечип келсе да катардан калбай окуп, жарадар экенин унутуп жакшы диплом жазыптыр, пайдаланган адабияттары да арбын экен (пайдаланган адабияттын тизмесин энцикпопедиядан көчүрүп алгам). Ошентип филологдун дипломун чөнтөккө салып, значогун төшүмө тагып, үмүттүн кайыгын желбиреткен бойдон анча чоң эмес облустун борборуна келгем. Менин бактыма жараша бул облуста университеттик билими бар мен эле экем. Мени алар аңыз кылып карап суктанышты.
– Көрдүңөрбү, бул облуска кандай адам келиптир.
Ал жапжаш эле, чачы тескейдин бетегесиндей таптармал болчу, мезгилине жараша жакшы кийинип, зыңкыйып жүрчү. Төрт тарабы төп келген сулуу болбосо да, ал жылдыздуу эле, анын далысынан бакытка жык толгон калдайган эки канаты дапдаана көрүнүп турчу.
Элге билим берүү бөлүмүнүн облустук башчысы өзүнүн орун басарын чакырып, кайыптан учуп келгенсиген керемет коноктун тагдырын экөөлөп талкуулап жатты. Конок болсо ичинен чалдыбары чыккан ушул шаардын пединститутунун кафедрасына башчы кылат ко деп турган. Тигилер ал жөнүндө ооз ачышкан жок. Жок дегенде шаардын мен деген бир мектебине директор кылып дайындаар деген ою да оңунан чыкпады. Анын ордуна облустук бөлүм башчы: кадырлуу филолог алыскы айыл мектебине барып мугалим болуп иштеп, калың элге билимдин жарыгын чачып, жергиликтүү мугалимдерди университеттик чоң илимге кызыктырса кандай сонун болор эле десе болобу.
Ушерден менин ачуум келди, сөздү сөз келгенде айтпаса атасы өлөт деп чырылдап атам… жарым жартылай иштеп койгон кандидаттык ишим бар эле, шаарда калбасам, шаардык китепкана болбосо болбойт…
Чынымды айтайын, кандидаттык иш жөнүндөгү ой ошол кыйчалыш мүнөттө келди. Мурда ал жөнүндө эмнегедир эч бир ойлогон эмесмин. Кыйратып салгансып тигил экөөн карадым, айтканынан кайта турган түрү жок. Кыйкырбай коёмбу, кыйкырдым; мен өзүмдү мугалимдикке эмес, кандидаттык ишке даярдап келгенимди түшүнбөйсүңөрбү. Бунуңар эмне дегениңер? Бирок алар мени менен кошо жарышып кыйкырышкан жок: — Түшүнөбүз! — дешти. Сизди жөнөкөй эле бир мектепке жибербейбиз…
Мен: — Мен деген жайнаган мугалимдин бири эмесмин, мен деген филологмун!
Алар: Биз сиз менен сыймыктанабыз, жалаң гана биз эмес элдин баары сиз менен сыймыктанат!.. Кичинекей шаарыбыздагы мектепке мугалим болосуз! Келечегиңиз — келберсинген кенен жол болот.
Мен: Кандидаттык ишимди жактайын деп жатпайынбы!
Алар: Кандидаттык ишиңиздин темасы кайсы эле?
Мен (токтолбой): Лермонтовдун чыгармачылыгындагы атооч жөндөмө!
Алар: Болбогон тема турбайбы! Сиз иштей турган жерде кандидаттык үчүн тема деген быкбырдай кайнап жатат.
Мен: Кандидаттык ишимди караңгы айылда кантип бүтүрмөк элем?!
Алар: Сиз барчу жерге сизден мурун Лев Толстой барган!..
Тыноо какпай тымтырс боло түштүк.
Мен (жүүнү бош): Ал эмнеге барыптыр?
Алар (шашкалактап): Ал кечилдер жашаган жерде анын карындашы Мария Николаевна жашаган. Өлөрүнүн алдында ага көп келген. Көрдүңүзбү, издеп Индиядан таппаган материал, тема… Толстойдун келишинин сыры сиздин гана колдо болот!
Айтса айтпаса төгүнбү деп ойлодум мен, айтышып жеңалбай чарчап турганда ажеп эмес, ушу жөнүндө повесть же роман жазып салсам… Чын эле атооч жөндөмө буга салыштырганда көпөлөк эмеспи…
Кыскартып айтканда, эки сааттан кийин баары жай-жайына келди, айрыкча облустук бөлүм башчы райондук бөлүм башчыга салтанаттуу түрдө, силердин районго университетти бүтүргөн жогорку билими бар мугалим мугалим болуп баратат, какайып туруп каршы алгыла дегенден кийин сөз бүттү.
— Кашайгырлар, унутпагыла, эсиңерден чыгарбагыла, — деп кайталады ал, — мындай жогорку билимдүү мугалим жалаң гана силерде эмес, облусубузда биринчи!
Мен эл жык-жыйма толгон кичинекей автобуска түштүм да, үч саат дегенде райондун борборуна жеттим. Элге билим берүү бөлүмүнүн райондук башчысы кубанган түрүн жашырбай күлмүңдөй тосуп алып, мен барчу мектеп директоруна звонить этип, мени тим эле жомоктогу каармандай сүрөттөп, көкөлөтүп салды. Анан ал мени көчөгө чейин узатып барып, колхоздун өтүп бараткан бир машинесине салды да, колумду кабыштыра кысып коштошуп кала берди…
Мен картөшкө салынган каптардын катарына жамбаштадым да, өзүм жөнүндө кыялымды көккө учурдум; карачы кадырымды — университетти бүтүргөн жогорку билимдүү облус боюнча мен гана… Кулакка кандай жагымдуу угулат, көргөн да көрбөгөн да арманда, университетке киргеним абийир болуптур, филфакка киргеним андан сонун болуптур… эми карап тур… Толстой жөнүндө материал чогултуп, роман жазып салсам… анан көрөм…
Мен мага окшоп кап менен катарлаш жаткан жүргүнчүлөрдү карадым да, бу байкуштар жанында ким жатканын кайдан билсин деп аларды аяп кеттим.
Мына, акыры айтылган мектепке да келип жеттим.
Университетти бүтүргөн жогорку билимдүү, диплом, значогу бар фи-ло-лог!
Мугалимдер аны аягынан тик туруп ардактап тосуп алышты. Албетте, адегенде аларды анын өзү жөнүндө болсун, өзгө жөнүндө болсун, болгонду болгондой айтып салма ачыктыгы чочутуп турду. Бирок бара-бара а да байкалбай калды. Ал болсо кокусунан мугалим болуп калганын жашырбады. Мугалим болуу жакшы иш дейт ал, бирок ал үчүн төрөлүш керек, а мен — филологмун, мен илимий негизде ой жүгүртөм, мен кандидаттык иш жазып жатам, аны жакында жакташым керек. Анан ал, мен силерге болбогон бир кокустуктан, өзүмдүн келесоолугуман улам келип калдым. Мени акылымдан адаштырган силердин облустук бөлүм башчыңар ким эле… жанагы атың өчкөн Сочилин беле же Сучилин беле деп, эки жагына каранат… Ушу жерден мугалимдердин келмеси оозунан түшөт: карачы, кадимки Сочилиндин атын так билбейт! Бу соо эмес! Сочилиндин кабинетине кирдим дейт. Эшигин ачып эле кирип барып, отуруп сүйлөшүп чыктым дейт.
Бу соо эмес! Сочилин кудаа эмес, кудаадан жудаа эмес неме. Райондук бөлүмдүн башчысына киралбайбыз, а бу Сочилинге кириптир! Сочилинден кийин эл агартуу министри бар, аны койчу, аны ойлосоң башың айланат, ал өзүнчө бир жомок, а Сочилин өзүбүздүн облустуку, ошондой болсо да ага кирмек турсун караанын көрбөгөндөр бар, бир-эки жолу көргөндөр көргөнүн аңыз кылып айтып жатып калтырайт, а бу эр кирип барыптыр!..
Бунун баары көбүк сыяктанып, а нака каймагы дагы ары жакта шекилди. Оо кудай, учкан куштай шуулдаган ушул учкул мезгилдин шарында көбүк менен каймакты ажыратып көрсөтө көр!
Жаңы окуу жылы башталып калды. Мугалимдер таңдайын такылдатып мага суктанышат; кандай бактылуусуз! Сиздин билим көлдөй терең болсо керек. Окутуу усулуңуз да өзгөчө го же такыр башкачадыр?.. — Албетте, — дейм мен, — университет деген университет да, аты эле айтып турбайбы. Даярдашынча даярдашты го…
— Сиз сабакка планды да башкача түзсөңүз керек, — дейт алар тамшана.
— План түзүүнүн эмне кереги бар? — дейм сырдуу жылмая, — план деген да болобу?..
— Плансыз да сабак өтүлөбү, — дешет алар, — плансыз өткөн эмне деген сабак?
— Сабак анда баш-аягы болуп чачылып кетпейби? Апендилер, — дейм мен, кантип эле кайсы бир тогузунчу класска плансыз эле сабак берүүгө менин университеттик билимим жетпесин же мен эмне университетти бекер бүтүпмүнбү?!. Албетте, беш кол тең эмес деген бар эмеспи, кээ бир ичинен тынмалар жүзүнөн кубанычын билдирбей өздөрүнчө күбүр-шыбыр: «Көрчү эки сөзүнүн бири эле университет… Бу мурунун обу жок көтөргөн немени биздикилер чымындай ээрчип алганын кантесиң…»
Күндөрдүн бир күнүндө (көңүл буруп тургула) мага бирөө шып этип кирип келди, азыр эсимде жок ким экени, келди да колхозчуларга лекция окуп берсеңиз деп суранды. Мен анын мындай майда-барат иш менен келгенине таң калдым, ошентсе да ушунчалык урмат менен сурангандыктан назарын сындырып, «болбойт» деп кесе айта албадым, анын үстүнө болчу лекциясы да бир айдан кийин экен.
— Бир айдан кийин, — дедим мен, — эртең экен десе эртеңге колум бошобойт, кандидаттык иш жазып жатам, бир айдан кийин болсо мейли, — деги лекциямды колхозчулардын түшүнөбү ыя…
— Сиз, мүмкүн болсо, албетте, жөнөкөйүрөөгүн айтсаңыз, — дейт суранып. — Угарын угат, бизге кино деген неме да сейрек келет, а лекцияны жан деп угат, укпайт деп кабатыр болбоңуз.
Кичинекей кыйынчылык лекциянын темасын тактоодо болду. Көрсө, теманы азыр айтыш керек экен. Өмүрүмдө лекция окуп көрбөсөм, кайсы лекцияны окуйм. Ойлуу тиктеп терезенин ары жагындагы талааны карайм, манжаларым ойлуу ээгимди ургулайт… Иши оңолордун ити чөп жейт, ушул облуска жөнөрүмдө ким бирөө басмадан жаңы чыккан «Пушкин замандаштарынын эскерүүсүндө» деген китеп белектеген эле. Кээ-кээде чолуп-чолуп окуп жүргөм. Пушкиндин өмүрү жөнүндө биз билбеген кызыктуу окуялар көп экен. Пушкин жаш кезинде кайсы бир жерде, кайсы бир кызды сүйүп калгандыгы, ошондо ага сыртын салса жинденип, куйкалаган күндүн ысыгына карабай чымын-куюн жүгүргөнү, кийин аны санаса он төрт чакырым болгондугун окугам. Анан башка да акындын бир топ кызыктары бар эле. Ушул кысталыш кыйын кезеңде мен ошону эстеп, Пушкиндин турмушу жөнүндө окуйм, ал «Александр Пушкиндин жеке өмүрү» деп аталат дедим.
Сүйлөшүү ошо менен бүткөн.
Күн зуулдап өтө берди. Анан жамгыр жаады, жамгыр жөн жаабай карга айланды. Эртеси килейтип кар жаап салды. Эрий турган түрү жок. Кээ-кээде гана жанагы каргыш тийген «Пушкин замандаштарынын эскерүүсүндө» деген кара китеп көзүмө урунат, колума алып бир барак окуп бүтүп-бүтпөй жаным жер тартат. Өткөн күн — аккан суу деген чын белем, бир күнү эле эшигим такылдайт, такылдаганынан эле билдим баягы.
Кычыраган аяздуу күн болчу, күн эмес түш ооп, ире-шире кирген кеч эле. Элге билимдин жарыгын чачыратып жанаша айылга бармакпыз. Эшикте колхоздун чанасы турат. Көкүлү менен кирпиктерин ак бубак баскан аттар жулкунат. Чана айдаган сакалчан мени менен жайдары учурашты. Менин да көңүлүм эмнегедир көтөрүңкү эле. Өзүмдү өзүм бактылуу гусардай сездим. Сүрдөө эмес толкундануунун жыты жок болчу менде. Эптеп-септеп эмес, болсоң болгондой бол деп ойдолоп тургам. Оо, менин ак, көк таштан оюп, алтындын буусу менен жалатылган ардактуу университеттик значогум! Сен бар үчүн менин мартабам ушунча көтөрүлдү!
Аттар алып учуп жөнөдү. Сүрдөө эмне экенин сезгеним да жок. Жанагы айткан жанда жок акылдын ээси, эртеңки чоң окумуштуунун эргүүсүнүн булагы, изги иштин ийгилиги, баш айланткан даңктын уюткусу — ошол китепти тиземе коюп келаткам. Эң негизгиси сүрдөөнү ойлоп да койгонум жок.
Колхоздун клубу чоң-чоң дөңгөчтөрдөн курулган үй экен. Алты километр аязда тоңуп, анан кийин жылуу жерге кирип, өзүңдү тиктеп жайнаган көздөргө урунуу кызык көрүндү. Сүрдөө кайда?! Ылдый жакта катар тизилген менин угармандарым. Чалдары да, балдары да, кыз-жигиттери да олтурат. Сценада кызыл кездеме жабылган узуң стол. Жанында лапкемай менен күйгөн бир нече чырак жылтырайт. Столдун сол жагында кафедра. Ошол узун столдо башкарма жапжалгыз. Оо, менин ардактуу университеттик… Сүрдөгөн жокмун.
— Мына, — деп сөз баштады башкарма, мен жанына жакындаганда, — азыр биздин ардактуу мугалимибиз Александр Сергеевич Пушкиндин жеке өмүрү жөнүндө айтып берет. Жайланып отуруп, жакшылап угалы. — Анан мен жакка жүзүн буруп: — Бир жарым саат жетеби? — деп калды.
— Ким билет, — дедим мен маанилүү жылмайып, — аракет кылайын бүтүрүшкө.
— Жоо-жок, — деп шашкалактады башкарма, — бизде убакыт көп, канча болсо айта бериңиз, уга беребиз, мен жөн эле…
— Мүмкүн жаагым ачылып кетсе жарым саатка дагы узартармын, — дедим тамашалап. — Капа болбойсуңарбы?
Баары күлүп калышты.
Мен кафедрага чыктым. Бир жагына саатымды чечип коюп, бир жагына сонуркаган аты бар сонун китебим «Пушкиндин замандаштарынын эскерүүсүндөгүнү» коюп, сүрдөө эмне экенин билбей: — Пушкин — орустун улуу акыны! — деп үнүмдү салтанаттуу эргите чыгардым.
Баарысы айтканыма макул болгондой, тим эле үй-бүлөлүк сүрөткө түшчүдөй тирмийе тиктешет. Оо, менин универ…
«Эмнеге эле бутум титирейт?» — деп ойлодум мен. Ошо кезимди эстесем азыр да муздак тер басат: бир сүр басты дейсиң, согушта да андай апкаарыган эмесмин: дагы эмне деп сүйлөйм? Эмнени сүйлөйм, сөздөрүм каякта, кантип сүйлөйм? Жок дегенде жанагы сонун китеп дегенимден окуганым ушаланган жаман кагазга ийри-муйру жазылып, көрүнөр көрүнмөксөн болсо да бир жалт этип кетсе кана, унутканым эстебейт белем! Бирок менин көз алдымда мен кучактап турган кафедранын тактайы жана анын үстүндө мойнумду ылдый салаңдатып таштай каткан жанагы китебим турат нымтырап. Мен саатымды карадым, бир жарым мүнөт өтүптүр… Эсим ооп, биздин университеттеги эң мыкты профессорду эстедим. Лекцияны кандай сонун окуур эле! Билими, сөз байлыгы он лекторго татычу. Ал аудиториянын бар-жогун сезчү эмес, өзү менен өзү болуп ырдай төгүлүп турчу сөздөрү.
Мен саатымды дагы карадым, бир жарым мүнөт өтүптүр.
— Бир жолу, — дедим мен үнүм кардыга, — жапжаш Пушкин… кайсы бир түштүктө арзып калыптыр… бир келишкен цыган кызына… Ал кыз акынга анча көңүл бөлбөптүр, ошондо ошого туталанган жапжаш Пушкин куйкалап тийген күндүн ысыгына карабай чуркаган экен, кийин санашса 24 чакырым болуптур, метр эмес, чакырым, чакырым…
Тыноо какпаган тынчтык турду. Мен университеттеги дагы бир мугалимди эстедим. Лекция окуп жатып ал жайкалып бир басчу дейсиң, тим эле укмуш. Койкоюп колуна таягын кармап, топчулугуна гүл кыстарып алчу.
— Жыйырма төрт чакырым! — кыйкырып жибердим. Билип атасыңарбы?..
Угармандарым унчугушкан жок. Мен саатымды карадым, эки мүнөт өтүптүр. Ким бирөө акырын жөтөлүп калды… Оо, курган жан, жөтөлгөнгө жараша катуураак жөтөлсө эмне, мынча жөтөлгөндөн кийин көгөрүп ыкшып калбайбы?! Көк жөтөл деген болчу эле. Же бир-бири менен шыбыраша кетип, акырында айкырып ийсе эмне: «Вася, эй Вася, ушудан көрө жүр үйгө…» Анда мен ырсайып күлгөн болуп минтмекмин: «Албетте, Пушкин жөнүндө угуш, бекерчинин иши, андан көрө мештин үстүндө жатып алып уктаган жакшы эмеспи». Бирок клубда тыноо какпаган тынчтык турду… Жок дегенде кызымтал, алагүү бирөө болсочу. Корулдатып ырдап жиберсе эмне… Ошондо мен башкармага колум жайып: «Кадырыңыз жан болсун, мындай шартта улуу акын жөнүндө лекция окугандан көрө, кош айдаган жакшы. Алты чакырым жол басып аязда тоңгонум аз келгенсип! Же бул мага керекпи? Жазып жаткан кандидаттык ишимди таштап келсе». Тез-тез басып эшикке атырылмакмын!
Бирок клубдун ичинде тыноо какпаган тынчтык турду.
Жок дегенде мындай бир окуя болуп кетсечи, — дедим өзүмдүн үнүм өзүмө башкача угулуп… «Кандай окуя? Кандай окуя?» — башым дуулдап чыкты. Алдымда жаткан каргыш тийген сонун китепке сууга агып бараткан чөпкө жармашкансып, колум карышып калыптыр. «Кантип унуттум экен ошону, көк мээ! Азыр барактайм да табам унутканымды, тилимдин эле учунда турат… «Кандай окуя? Кандай окуя?.. — Же мындай бир окуя болсочу — дедим жайыраак. — Баарыбызга жакшы белгилүү…. «Эмне жакщы белгилүү? Эмне белгилүү?.. Китепти карбаластап барактап атып Наталья Гончарова деген сөзгө көзүм урунду. Көздү уялткан нур жарк эте түштү. — Пушкин Наталья Гончарова деген кызга үйлөнгөн! — дедим салтанаттуу. — Ал сулуунун сулуусу болгон. Үйлөнөрдүн алдында цыган кызы Таня менен жолугушкан… Жок Таня эмес, Стеша менен… Анан алар… — «Анан алар? Анан алар!..»
Мен саатты карасам, төрт мүнөт өтүптүр.
— Менин саатыма эмне болгон, — дедим башкармага.
Ал шашыла саатын чечип мага кармата салды. Мен аны өзүмдүн саатымдын жанына койдум. Экөө тең бипбирдей убакытты көрсөтүп турат. «Алдастаба, — дедим өзүмө өзүм. — Калганын каалгып ары-бери басып айтсаң болот», — бирок колумду кафедрадан тартып алалбай койдум.
— Сабыр эткиле, — дедим мен, — китепке белгилеп койгон кагазым түшүп калыптыр, анан… ошентип… ии… сабыр эте тургула…
Китептин барактары өзүнөн өзү ачылып кетти, бир убакта көзүмө: Данзас, Вяземский, Болдиндеги күз, падыша… деген сөздөр урунуп өттү.
— Түшүнүктүү, — дедим жеңилдене. — Силер албетте, билесиңер, падыша Пушкинди жек көргөн… Бирок силер билбейсиңер, менимче, билбейсиңер… — «Эмнени билбейсиңер? Эмнени билбейсиңер?»… — Ошондон улам ал аны Михайловское селосуна айдап жиберген… «Жок, жок адегенде аны Одессага айдаган, ал шаарда шаар башчы граф Воронцов деген болгон. Ал дагы Пушкинди жек көрүп, аны чегирткелерге жөнөткөн… Чекчеңдеген чегирткелер топ-топ болуп топтолгондо… топ-топ болуп топтолгондо…
Мен байкатпай бурап университеттик значогумду жакамдан чыгарайын деп чыгаралбадым; китепти барактайын деп ачалбай койдум. Мен өзүмдүн саатыма карадым, жети мүнөт өтүптүр. Башкарманын саатында деле ошо экен.
«План түзүп алсам болмок экен, — дедим эсим эки болуп аткан ушул учурда, — планымдын ар бир пунктуна мисал даярдап койгондо, токтолбой окуй бермек экенмин. Ошондо ушул башкарма убакыттын бүтүп калганын эскертсе, отургандар «Окуй берсин!» — деп Жаалашса!..
Мен башкарманы карадым. Ал башкалар сыяктуу эле ойлуу олтурат. Мүмкүн алар ушул убакта граф Воронцов жөнүндө же Наталья жөнүндө ойлоп жаткан чыгар. Мен турган жол жарылып, дөңгөч клубду өрт каптап, ким бирөө кирилдеп «Карышкыр!» — деп кыйкырып ийсе, элдин баары эшикти көздөй тапыраса, анан мен: «Ушундай шартта, канетип…» — деп баса бергим келгенин ойлоп турганымды бирөө да туйган жок.
— Мүмкүн, суроо берчүлөр бардыр? — дедим башкарма жакты карап камаарабай.
— Сиз бүтүп койдуңузбу? — деди ал таң кала.
— Ооба, — дедим өзүмдүн сөзүм өзүмө угулбай, — болгон лекция ушу.
Башкарма турду да:
— Кимде кандай суроо бар? — деди.
Бирөө да суроо берген жок.
«Ушулар сценага чыгып келип мени өлтүрүп салсачы» — дедим ичимден.
— Анда эмесе, — деди башкарма, — суроолор жок болсо, келгиле буну өлтүрөбүз!..
Бул менин оюм эле, чынында ал минтип айтты:
— Чын эле суроолор жок болсо, анда жолдош мугалимди куттуктап кол чаап коёлу. — Эл аны салкын коштоду. Төшүндө университеттин жапжаңы значогу жаркыраган жапжаш, чачы тескейдин тебишкен бетегесиндей таптармал тигил залды шашмалай карады, ошол учурда эрди менен машкалары коёндун кулагындай титиреп кетти.
Анын кантип эшикке чыкканын эч ким сезбей калды. Кайра кайтчу алты чакырым жол, көзгө сайса көрүнгүс түндө азаптын азабы эле. Шамал күчөгөндөн күчөп бороондоп келаткан. Ал жол табалбай адашып, жардан чыгалбай колунун тырмагы кайрылып, каны шорголоп, кадеми катып кайрадан ушул клубга келгенин элестетти… Басып баратып башынын айланганын сезди. Артынан аттын бышкырыгы угулганда үмүттүн оту жанды. Чын эле баягы апкелген чана келиптир.
— Үйүнө жеткир деди, — деп жайдарыланды баягы сакалчан, — отур, мугалим. Караңгыда жол табыш кыйын.
Мен чанага отурдум да токтоналбай ыйлап жибердим.
…Андан бери көп жыл өттү. Жапжаш, чачы тескейдин тебишкен бетегесиндей таптармал мен, өзүмдүн ак жана көк танган, анысы аз келгенсип алтындын буусу жалатылган бактысыз значогумду бурап чыгарып, карга ыргытып жибердим. Мүмкүн, жүз жылдан кийин аны окумуштуулар таап алып, бунун ээси ким болду экен деп башын оорутушаар… Ким билет…