СЕЙФЕДДИН Өмер: «Үч насаат» (аңгеме, которгон Урмат Бек НУРСЕЙИТ уулу)

АҢГЕМЕ

Дурмуштун бул дүйнөдө апасынан башка эч кими жок. Колу да жука. Бирок жаш, ал күчкө толуп турган маалы. Эки өгүзүнүн бирөөсү өлгөндөн бери жер иштетип жан багуу мүмкүн болбой калды. Акча таап, чарбасын кайрадан иштетүү үчүн гурбетке[1] барууну туура көрдү. Гурбет дегени Стамбул. Айылда кимдин иши жүрүшпөй, ити чөп жебей калса Стамбулдун каалгасын какмай. Кийим-кечесин ийнине арта салып, колуна таяк таянып, гурбетчилердин катарын толуктап жолго чыкты. Бел ашты, суу кечти, акыры өлгөн-талганда Стамбулга жетти. Эки күн жердештеринин чайканасында кыларга кызматы жок отурду. Эмне иш кыларын да билбейт. Кесип дегенден түшүнүгү жок.

— Эч болбосо ушак[2] болойун, деди.

Ар кимдин эшигин сагааламай башталды. Бир жума өттү. Ылайыктуу иш оңой табыла койгон жок. Бир күнү чайканадан Мүстаким Эфенди[3] аттуу бирөөнө жөнөтүштү. Үйү Эдирнекапыда экен. Дурмуш эфендини тапты. Ак сакалы жайкалган, нур жүздүү карыган адам… Этегин өптү:

— Ушак издеп жүргөн экенсиз, мени алыңыз, — деди.

Мүстаким Эфенди аны башынан тырмагына чейин кылдат көз жүгүрттү. Кайдан келгенин сурады. Дурмуш:

— Кастамонлукмун, — деди.

— Үйлөнгөнсүңбү?

— Жоок.

— Атаң, апаң барбы?

— Жалгыз бой апам бар. Атам болсо өтүп кеткен…

— Стамбулга качан келдиң?

— Он күн мурдараак…

— Он күн бош жүрдүңбү?

— Жумуш издедим.

— Таба алган жоксуңбу?

— Таппадым.

Тапкан акчасын эмне кыларын, карызы бар, жогун сурады. Дурмуштун жоопторуна канааттанды.

— Болуптур эми, — деди. — Мен сени жардамчы кылып алам. Бирок көп акча төлөй албайм…

Дурмуш:

— Мага көп акчанын деле кереги жок, — деди.

— Бирок мен аябай эле аз акча төлөйм.

— Канча төлөйсүз?

— Бир куруш[4].

— Күнүнө бир курушпу?

— Жок.

— Жумасына бир курушпу?

— Жок, — Дурмуш таң кала түштү. Кайрадан сурады:

— Бир айга бир курушпу?

— Жок. Жылына бир куруш…

Дурмуш бул мени менен тамашалашып жатат деп ойлоду. Күлүп жиберип кайрадан уятынан токтой калды. Мүстаким Эфенди:

— Жылына бир куруш деп бышыктап койду. Бул гана эмес насаат дагы айтам деди.

Дурмуш жерди теше тиктеген калыбында:

— Мен насаатты не кылам? Мага акча керек.

— Акчаны колдоносуң, түгөнөт, жоголот, балам. Бирок насаат эч качан түгөнбөйт. Өлгөнгө чейин ишиңе жарай берет.

Дурмуш көңүлү суз алды жагын телмире тиктеди. Курулай сөздүн пайдасы тийерине эч ишене албады. Кайрадан Мүстаким Эфендинин этегин өбүп чыгып кетээринде:

— Токто, балам, — деди. — Дубалдарга карачы… Көрүп турасыңбы… Китептерге жык толгон. Ушул жерде беш миң китеп бар. Баарын окудум. Өмүрүм илим менен өтүп баратат. Чачым, сакалым китеп окуйм деп агарды. Акылдын акчадан алда канча пайдалуу экенине көзүм жетип отурам. Насаатты даяр акыл десек болот. Болбосо мен сага жылына беш же он лира берет элем. Акылың болсо кал. Мага кызмат кыл.

Дурмуш:

— Жок, эфендим, мага акча керек, насааттын кереги жок, — деди.

Сыртка чыкты. Көчөдө баратканда ой басты. Акчадан кымбат насааты эмне болду экен? Ал түнү уйкусу качты. Бир гана суроонун жообу табылбайт. Насааты эмне болду экен? Таң эрте кайрадан Эдирнекапыга кетчү жолго түштү. Мүстаким Эфендинин этегин өптү:

— Сиздин айта турчу насаатыңызга кызыгуум артты, — деди, — бир жыл сизге кызмат кылам.

— Макул, уулум. Жыл айланса курушун менен насаатыңды аласың…

Дурмуш так бир жыл китеп бөлмөсүн шыпырды. Бакчаны тазалады. Суу ташыды. Тепкичтерди жууду. Мүстаким эфендинин бардык кызматын кылды. Бир күнү таң эрте эфенди аны чакырды:

— Мына, мага келгениңе бир жыл болду. Жакшылап ук. Насаатымды айтайын: “Жолун, изин билбеген жериңе барба!” Курушуңду да ал…

Дурмуш эфендинин берген курушун алды. Жан дүйнөсү караңгылай түштү. Мындайды күткөн эмес. Бул курулай эле сөз да. Кана насааты?

— Мен бул насаатыңызды билет элем, — дегенине Мүстаким Эфенди күлдү:

— Билсең жакшы… Азыр билгениңди кайрадан эстеп алдың, бул андан дагы жакшы…

Дурмуш башка чапкандай шылкыя түштү. Демек, бир жыл ушу эки ооз сөз үчүн иштеген турбайбы. Эфендисинин этегин өптү, чыгып кетээринде:

— Кааласаң дагы бир жыл кал. Бир куруш берем, бир насаат айтам.

— Жок, калгым келбейт, — деп чыгып кетти.

Айылдаштарынын чайканасына барды. Таң аткыча дагы уктай албай чыкты. Азыркы айта турчу насааты эмне болду экен? Бир жыл сабыр кылып, биринчи насааты үчүн иштеди. Экинчиси эмне болушу мүмкүн? Башындагы суроолордон арылыш үчүн кайрадан Мүстаким Эфендинин үйүнө келди. Бир жыл кызмат кылды. Жыл соңунда Мүстаким Эфенди чакырды. Бул жолкусунда курушту дароо карматты. Кийин:

— Эми ук насаатыңды: “Аманатка кыянаттык кылба!”

Дурмуштун дагы маанайы түштү:

— Эфендим, мен бул насаатыңызды билет элем.

— Жакшы экен анда… Билген болсоң эстеп калдың. Билген нерсеңди эстөө, жаңы нерсени үйрөнгөндөй пайдалуу.

Дурмуш кетип атканда Мүстаким Эфенди дал өткөн жылдагыдай:

— Уулум, эгер дагы бир жыл кала турган болсоң, сага бере турчу бир куруш жана акыркы насаатым бар деди.

Дурмуш сунушун кабыл алган жок. Чыкты. Айылдаштарынын чайканасына барды. Ичин жеген дагы баякы суроолор. Эфендинин акыркы насааты эмне болду экен? Балким билген насааты. Бир гана ушул жөнүндө ойлонду. Көчөлөрдү түрө кыдырып жумуш издеди. Таба алган жок. Акырында ушунча болду, акыркы насаатын дагы угайын деп чечти. Кайрадан келди. Бир жыл кызматын кылды. Бир күнү эфенди кайрадан чакырды. Курушту колуна карматты:

— Ук, акыркы насаатымды, — деди. “Аялыңды, өзүң барбаган жерге түн ортосунда жибербе!”

Дурмуш ичинен “дагы мааниси жок сөз” деди. Уруксат алды. Чыгып кетээринде эфенди кайда барарын сурады:

— Айылыма кетем.

— Башка жакка кетпейсиңби?

— Жок.

— Эмнеге?

— Үч жылдан бери гурбеттемин. Апам карып калган жан эле, барып карайын.

— Макул анда. Бирок жолго чыгардан мурун мага келе кет, белектерим бар. Апаңа ала бар, макулбу?

— Макул эфендим, — деди.

Айылдаштарынын чайканасына барды. Бул жылы айылга кете турчу гурбетчилерге окуяны баштан аяк баяндады. Баары күлдү:

— Сен келесоо болуп калгансыңбы!? — дешти.

Эми Стамбулда калууга болбойт. Бирок айылга кантип барат? Чөнтөгүндө үч тыйындан башка сокур тыйын жок. Гурбетке жөө келсе болот, бирок эч ким жөө кеткен эмес. Бардыгы ат арабаларды жалдашат. Боор тарткан айылдаштары жеткидей акча чогултуп беришти. Кетер күнү Дурмуш эфендинин үйүнө келди.

— Айылга кетип атам, — деди.

Оордунан турду, “Жолуң шыдыр болсун. Бул белектерди апаңа ала бар” деп эки чоң тоголок нан берди. Дурмуш ичинен “ай пайдасыз чал, белектерин кара” деп жини кайнады. Сыр билгизбей чайканага кайтып келди. Ат арабага отуруп, түнү менен айдын жарыгында жолго чыкты. Тоолорду ашты, сууларды кечишти. Бир күнү токойдун четинде ташкындап аккан сууга туш болушту. Кечер жерин таба албай убара тартышты. Айылдаштары жол таппай, ызы-чуу боло түшкөнүн көргөн Дурмуш аларга жылмайып койду да, аттын башын сууну көздөй бурду. Ошол маалда эфендисинин насааты эсине кылт этти:

“Жолун, изин билбеген жериңе барба!”

Тизгинин жыйды. Аттын алдыңкы буттары сууга жетип калган. Жанындагы жолдошу буйдалбастан сууга бастырып кирди. Эки арыштан кийин көзгө көрүнбөй калды. Чыгат деп күтүштү. Чыккан жок. Акыры ошол жерде жашаган бир чабанга жолугушуп, суунун кечмелиги кайда экенин сурашты. Дурмуш кудайга шүгүр кылды. Эфендинин биринчи насааты менен өлүмдөн кутулуп кетти. Бир жылдык акысын кечтим деди. Бир күнү курсагы ачты. “Белекке алган тоголок нандан сындырып жесем” деди. Колун жанбаштыгына салып келатып, бир жыл эмгек кылган насаатын эстей калды.

“Аманатка кыянаттык кылба!”

Колун кайра тартып алды. Шайтандын азгырыгы деп болжоду. Бир канча күн, бир канча түн жол жүрүштү. Түн жарымында токойдун жанынан өтүп баратышкан маалда кимдир бирөөлөрдүн:

— Багынгыла! — деген ачуу үнүн укту. Токтой калды. Аны менен кошо бардык кербен токтоду. Каракчылар төрт тараптан курчап алышкан. Эфе ортого чыкты:

— Ким аман калгысы келсе, бардык нерсенин бизге берип кете берсин, — деди.

Бардыгы турган оордунда катып калышты. Эч ким кача алган жок. Каракчылар бардык жолду бууп алышкан. Жан бардык дүнүйөңдөн таттуу эмеспи. Болгон нерсенин каракчыларга кармата беришти. Жылдап иштеп тапкан алтын, күмүш, алмаз деги койчу, эмнеси болсо дагы… Дурмушка жеткенде:

— Менин эч нерсем жок, — деди.

Эфе ишене алган жок:

— Кандайча жок, сен гурбеттен келатасыңбы?

— Гурбеттен келатам.

— Иштеген жоксуңбу?

— Иштедим.

— Акча тапкан жоксуңбу?

— Тапкан жокмун…

— Жалганчы!

— Кудай урсун! Кааласаң айылдаштарыман сура…

Эфе айылдаштарынан сурады. Бардыгы бир ооздон үч жылда үч тыйын тапканын айтышты. Эфе бир чети күлүп, бир чети жини келип:

— Бул макоону таяк менен сабагыла, кийинкисинде акчасыз гурбеттен кайтпай турган болсун, — деп буйрук берди.

Дурмушту колдорунан келишинче сабашты.

Айылдаштарынын баары Дурмуш сыяктуу акчасыз үйлөрүнө кайтышты. Дурмуштун апасы үч жыл тарткан азабынан бир топ картая түшкөн эле:

— Эмнеге акча тапкан жоксуң? — деди апасы. Дурмуш:

— Айылдаштарым сыяктуу акча жыйнап, аны каракчылар тартып алса деле куру кол келет элем, — деди.

Курсагы ачкан эле. Апасынан жей турчу бир нерсе сурады. Апасы дароо ыйлап баштады:

— Эч нерсебиз калган жок, уулум. Эки күндөн бери ачкабыз.

— Жанбаштыктын ичинде эфендим берген эки тоголок нан бар, ошонун бирөөсүн жейли, — деди.

Баштыктан бирөөсүн алып чыкты. Нанды сындырар замат жалтырак алтындар, бут алдына биринин артынан бири шыңгыр этип тоголонуп түштү. Мына, сага тамаша! Экинчи нан дагы алтынга толо болуп чыкты. Сүйүнүчтөн төгүлгөн көз жаш менен алтындарды жыйноого киришишти. Дурмуш эки жылдык эмгегинин акыбети экенин сезип, эфендисине ыраазы болду. Насааттардын пайдасы тийди. Эгерде биринчи насааты болбосо сууга агып кетмек. Экинчи насааты болбосо нанды сындырып, достору сыяктуу тонолмок. Ойлонгон сайын эфендисинин даанышман экенине баа бере баштады. “Акыл” болбосо “акча” эч нерсени өзгөртө албай турганына көзү жетти. Буга тонолуп келген достору мисал эмес бекен…

Дурмуш дароо иштете турчу жер сатып алды. Мөмө-жемиш тикти. Чарбасын калыбына келтирди. Айылда сөзү өтүмдүү адамдардын катарын толуктады. Бирок бир маселеси бар. Жашы отуздан небак ашкан. Дагы эле бойдок. Үйлөн деген адамдарга:

— Аны өзүм деле каалайм, бирок бир шарт менен! — дейт.

— Кандай шарт?

— Аялымды өзүм барбаган жерге конокко жибербейм.

— Туугандарынын жанына да жибербейсиңби?

— Жибербейм.

— Атасынын, апасынын жаныначы?

— Өзүм барбаган жерге жибербейм.

— Эмнеге?

— Билбейм…

Дурмуш эфендинин үчүнчү насаатын эч качан унуткан жок. Алгачкы эки насаатты да түшүнө алган эмес. Бирок кийин алардын пайдасын көрдү. Ушул себептен аны менен эч ким кызын үйлөнткүсү келген жок. Баары эле:

— Биз балабызды кул кылбайбыз, — дешти.

Акыры бөлөк бир айылдагы жетим кызга үйлөндү. Өзүнө жараша той өткөрүштү. Эркек балалуу болушту. Арадан төрт жыл өттү. Колуктусун дагы эле эч жакка жибербейт. “Чогуу гана барабыз” дейт. Бир күнү аялынын алысыраак туугандары келди. Айылдарында той өтүп жаткан экен. Дурмуштан бир түнгө уруксаат сурашты.

— Жок, болбойт, — деди.

— Эмнеге?

— Билбейм

Эфендинин насаатын дагы эле унута элек. Жалдырашты, суранышты — болгон жок. Өз айылдаштары да аларга кошулуп кетти: “Байкуш аял ооруп өлөт ко” дей башташты. Ант беришти, күчкө салышты да, акыры Дурмушту баарылап көндүрдү. Бирок ал күнү Дурмуштун кекиртегинен тамак өтпөй койду. “Эмнеге эфендимин насаатын уккан жокмун” деп өзүнө өзү нааразы. Чыдай албай түнү менен кошуна айылга жөнөдү. Той болуп жаткан үйгө түз эле барды. Жаш балдар бийлеп, ырдап жаткан кыз-келиндерге карап, ар кимиси ар кайсы жерде отурат. Дурмуш дагы аларга жакындады. Аялын баласы менен бир бурчта отурганын көрдү. Бул түнү кайсы тууганын үйүндө түнөйт деген суроо пайда болду. Артына кылчая бергенде: бир карып калган аялдын өтүп баратканын көрүп:

— Кечиресиз, мен сизден бир нерсе сурасам болобу?

— Сурай бер, балам.

— Бурчта баласы менен отурган аялды көрдүңүзбү?

— Көрдүм, — деди.

— Кимдин тууганы?

— Ай, балам, сурабай эле койчу. Ал шордуу бир мыкаачыга турмушка чыккан. Төрт жылдан бери айылына биринчи жолу келип атат…

— Таң калыштуу.

— Ооба, бардык айыл жалдырап атып уруксаат алышыптыр. Күйөсү тим эле мыкаачы экен.

Дурмуштун жүрөгү атылып чыкчудай сого баштады.

— Билбейм, — деп жооп берди.

Дурмуш ойлонуп мындай деди:

— Бул түнү мен аны менен калсам болобу? Сага беш алтын берем.

— Мырза, андан өткөн оңой нерсе жок.

— Демек болот?

— Албетте.

— Кандайча?

— Анын туугандары менин эшиктеш кошунам. Менин айтканымды угушат. Короосунун артында бир бөлмө бар. Аларды алдап, бул аялды ошол жакка чыгарып берем. Эл тынчыган маалда келсең болот.

— Чынын айтасызбы…

— Сен бере бер алтыныңды.

Дурмуш аялга беш алтын кармата салды. Атын анын короосуна байлады. Колу, буту титиреп чыкты. Түн жарымынан ооду. Жанакы аял келип, ээрчитип жөнөдү. Короонун артындагы жалгыз бөлмөгө киргизди. Бетин чүмкөп алган эле. Аялы тааныбай кыйкырып баштады. Дурмуш үн чыгарбай эшикти бекитип, аялын көздөй басты. Аялы кыйкырып да, ыйлап да атты. Дурмушту жанына жолотпой койду. Апасынын кыйкырыгынан баласы ойгонуп кетпесин деп Дурмуш босого жакка тизе бүктү. Таң атарга жакын уктап жаткан баласын алып, өз айлына жүрүп кетти. Аялы болсо эсине келе албай, бир бурчта кала берди. Баланын уурдалганын көргөн туугандары Дурмушка эмне айтарды билбей нары-бери чуркап калышты. Бирок түндөгү бузуку аял бир жолун ойлоп тапты:

— Бул бөлмө эски болчу… Өрттөгүлө. “Түндө өрт чыкты, баланы куткара албай калдык” дейсиңер, — деди.

Анын айтканын угушту. Бөлмөнүн күлүн көккө сапырып өрттөштү. Өкүрүп-бакырып, Дурмуштун аялын үйүнө алып келишти. Баары ыйлап алган:

Дурмуш:

— Балам кайдай?

— Кокустук болуп кетти. Түндө бөлмө өрттөнүп, балаңды куткара албай калдык, — дешти.

Дурмуш каткырып күлдү:

— Эмнеге ыйлап атасыңар? — деди. — Башыбыз аман болсун! Жашпыз, кудай бизге башкасын дагы берет.

Аялынын туугандары Дурмуштун беймарал аракетине селейе түшүштү.

Дал ушул маалда, эшик ачылып, баласы апасынын кучагына жабышты. Келгендер таң калып бири-бирин карап туруп калышты. Дурмуш:

— Көрдүңөрбү, жалганчылар? Эмнеге аялымды өзүм барбаган жерге жебербешимдин себебин! — деп бакырды.

Бардыгын үйүнөн кууп чыкты да, аялын карап:

— Эгерде өткөн түнү мага каршылык көрсөтпөгөнүңдө сени өлтүрүп салмакмын. Эми эч качан менсиз эч жакка баспа, — деди.

Эфендисине дагы бир жолу ыраазы болду.

Түркчөдөн которгон Урматбек НУРСЕЙИТ уулу

[1] Гурбет – бөлөк эл, бөтөн жер.
[2] Ушак – эркек жардамчы кызматкер.
[3] Эфенди – эск. билимдүү кишилердин атына кошулуп айтылган урмат көргөзгөн кайрылуу.
[4] Куруш (түркчө) – тыйын.