
Ичинде кумурскалар уя салып алган чириген бутакты байкабай отко салып жиберипмин. Бутак чатырап күйө баштаганда жалынга кабылган кумурскалар жабалактап, бутактын сөңгөгүнөн чыга качышты. Мен аны көрө калып, күйө баштаган бутакты колго тийген кургак бутак менен иле салып, четке ыргыттым.
Кумурскалар бири кумга кире качып, бири токойду көздөй бет алып, жан сактоонун айласын издеп жатышты. Бирок кызыгы: кумурскалар таптакыр кетип калышкан жок. Эстерине келген соң, аларды кандайдыр бир сыйкырдуу күч артка тартып жаткандай, кайра кайрылышып, чала күйгөн чычаланы айланчыктап, мекенин таштай алышпай тегеренип жүрүштү! Айрымдары чогу өчө элек чычалага барып, куйкаланып өлүп жатышты…
Ширик
Кошунабыз жаш дөбөтүн дайыма чынжыр менен короосунда байлап койчу, ал аны күчүк кезинен эле байлоодо кармачу.
Бир жолу мен ага жыпжылуу, жыты аңкыган тооктун эзиле бышкан сөөктөрүн алып барган элем, ошол учурда жаш дөбөтүн агытып аткан экен. Ал короодогу аппак, мамыктай жумшак карга оонап, коён сыяктуу секирип, бирде арткы буттарына, бирде алдыңкы буттарына тура калып, мурду менен карды сүзгүлөп, бир бурчтан бир бурчка жүгүрүп жыргап ойноп жүрдү.
Бир кезде мага жакындап келип, мен астына таштаган сөөктү жыттап койду да, жата калып кайра артка сойлоп кетпеспи!
Ал, мага сөөгүңдүн кереги жок, мага эркиндик бергиле!…—дегенсийт.
Дем алуу
Түндө жамгыр жаап өткөн, азыр асманда булуттар суюлуп, анда-санда тамган тамчылар барган сайын азайып баратты.
Мен тегиз гүлдөгөн алма багынын түбүндө – таза абадан кере дем алып турдум. Жамгырдан кийин бир гана алма багы эмес, тегеректе өскөн чөптөр айланага жыпар жытын чачып, аба аңкыган жыттарга толуп чыкты. Ал абадан кайра-кайра көөдөнүмө толгуча кере дем алып, көзүмдү ачып-жумуп, ыракаттын кучагында бөлөндүм.
Мына, так ушул эркиндик — түрмө бизди ажыраткан, биз эңсеген эң кымбат, эч бир кайталангыс эркиндик, так ушундай дем алуу жана так ушундай жерде дем алуу эркиндиги. Ушул гүлдүн жытына толгон, таза жана нымдуу аба, мен үчүн жер шарындагы эң ширин тамактан да, эң даамдуу шараптан да, ал тургай сүйгөн айымдын өпкөнүнөн да кымбат нерсе.
Мейли, бул туш тарабынан беш кабат үйлөрдүн кучагына камалган кичинекей бакча экенине да кайылмын. Азыр мага дарылдаган мотоциклдердин үндөрү, радиолалардан жаңырган музыка да, катуу чыккан үн алгылардын ар кайсы жаңылыктарды айтып сайрап жатканы да кулагымдын сыртынан кетип жатты. Жамгырдан кийин алма дарагынын түбүндө дем алуу мүмкүнчүлүгүм бар — демек, жашоо бүтө элек!
Отоо чөп
Дыйкан эмне деген гана аракеттерди көрбөйт: жерге сепкенге чейин үрөнүн бапестеп сактайт, себет, маңдай терин төгүп, түшүм алгыча жанынан чыкпай багат. Бирок эч кароосуз, ал тургай жок кылууга жасаган аракетине карабай, кетмендеп чапкан сайын, дыйканды шылдыңдагансып — отоо чөптөрдүн жамырап чыкканын айт.
Эмне үчүн, керектүү, пайдалуу нерселер назик жана алсыз болушат?
Адамзаттын тээ, байыртадан берки тарыхынан баштап, азыркы мезгилге чейин үңүлүп карап көрсөң, айласыздан башыңды шылкыйтасың: көрсө, бул бүткүл дүйнөлүк мыйзам экен. Аны сансыз байлык берип же эң кыйын таанышыңды ортого салып да айланып өтө албайсың. Адамзаттын жашоосу түгөнмөйүнчө ошондой боло берет.
Ар бир дүйнөгө келген адамга өз шыбагасы берилген: өз эмгегиң,— өз тагдырың.
Таң
Түн ичинде биздин жаныбыз эмне болот? Кыймылсыз уктап жатканыңызда, ал эркиндикке чыгып, денеңден бөлүнүп, таптаза бир мейкиндикти аралап, күнү бою, ал гана эмес жыл бою жабышып, илээшип алган жаман нерселерден бошонуп чыгат. Таң менен кошо кардай аппак болуп тазарып кайтып келет да, сага айтып бүткүс таза жана бейпил таңкы абалды тартуулайт.
Ошол кезде башыңа кандай гана ойлор келбейт! Сага азыр мурда билбеген, мурда сезбеген… сырдуу нерсеге көзүң ачылып — өзүң үчүн бир чоң ачылыш жасап жиберчүдөй сезесиң. Жымжырт болуп катып каласың. Жан дүйнөңдө өзүң билбеген, анын бар экени оюңа да келбеген бир нерсе кыймылга келип, ордунан козголгонсуйт. Демиңди ичиңе алып, күзгүнүн бетиндей тегиз, күндүн нуруна чагылышкан, түбөлүктүү суунун бетин жарып баш баккан аппак лилиянын алгачкы назик бүчүрүндөй болгон керемет нурду чакырасың.
Кайталангыс көз ирмемдер! Көңүлүң көккө серпилет. Ушул учурда сен бардык нерселерге: улуу ачылыштарга, чечимдерге, жаңы ойлоруңду ишке ашырууга даярсың. Бир гана жан дүйнөңдө мелтиреген көлдүн бетиндеги тынчтыкты бузуп албайын, толкундатып ала көрбөйүн дейсиң… Бирок бул кереметтүү көз ирмемди сөзсүз бир нерсе бузат, кээде ал башка бирөөнүн кыймыл-аракети болсо, кээде өзүңдүн эле мээңе капыстан кире калган болбогон бир ой. Болду — сыйкыр бүттү. Дароо эле кереметтүү жымжырттык да, толкуну жок тыптынч көл да жок.
Күнү бою ал абалды канча аракет кылсаң да артка кайтара албайсың.
Анан калса, мындай таң дайыма эле боло бербейт.