
Биздин якорлуу кемебиз Африка жээгине токтогон. Күн мемиреп, деңиз толкуткан таза шамал бар эле, бирок күүгүм киргенде аба ырайы өзгөрдү: Сахара чөлүнүн ысык аптабы каптап, жадатма үп пайда болду.
Күн батаарга жакын капитан палубага чыгып кыйкырды: “Сууга түшө берсеңер болот!” Матростор сууга дароо секирип, парусту сууга түшүрүп байлашты да, парус үстүнөн сууга секирүүнү уюштура коюшту.
Кемеде биз менен бирге эки жаш бала бар эле. Биринчилерден болуп сууга балдар секирген, бирок парустун ичи тыгылыш болгондуктан, алар ачык деңизде жарышып сүзүүнү туура көрүштү.
Экөө тең кескелдириктей күч-аракеттери менен якор жактагы кичинекей бочкаларды көздөй сүзүп жөнөштү. Бирөөсү адегенде жолдошунан озуп өтүп, бирок кайра артта калды.
Баланын артиллерист карыган атасы палубадан өз уулун сыймык менен карап турган. Качан гана баласы жолдошунан артта калып баратканына көзү жеткенде кыйкыра баштады:
— Мүмкүндүк бербе! Чымыркан, уулум!
Кокустан палубадан кимдир-бирөө кыйкырып калды: “Акула!”
Баарыбызга деңиз жырткычынын суудан чыккан жону көрүндү. Акула түз эле балдарды көздөй шукшурулуп жөнөдү.
— Артка! Артка-а! Артка кайткыла! – артиллерист кыйкыра баштады. А балдар угушмак беле, алыстап сүзө беришти, жанагыдан да катуу кыйкырганга өттүк.
Артиллерист өң-алеттен кетип, балдарды караган бойдон катып калды.
Матростор кайыктарды шаша-буша түшүрүп, болгон аракеттери менен калактарын калдаңдата балдарды көздөй зуулдашты; бирок акула балдарга жетээрине жыйырма кадамдай калганы менен, аралык али да окчун болчу.
Балдар алгач биздин кыйкырыкты укпады, акуланы да көрүшкөн жок. Бир убакта бирөөсү жан жагын каранып, ачуу чаңырганын уктук. Экөөсү эки тарапка жандалбастап жөнөштү.
Чаңырык артиллеристи уйкудан ойготкондой болду. Оордунан аткан октой сызып, замбирекке чуркады. Замбиректин тумшугун көтөрөрү менен октоп, милтесин мээлеп калды.
Кемеде турган баарыбыз коркуудан денебиз калтырап, эмне болорун күтүп селейдик.
Ок атылар замат артиллерист колдору менен бетин жаап, замбиректин түбүнө кулаганын көрдүк. Балдарга, акулага эмне болгонун дароо көргөнүбүз жок, себеби бир мүнөтчө замбирек түтүнү каптап турду.
Түтүн деңиз бетине тарап, толкундун шуулдаганы ар тараптан акырын угула баштады, бир аздан кийин толкундун шуулдаганы андан да катуулады. Акырында кубанычтуу үндөр ар тараптан жаңырды.
Карыган артиллерист жүзүн ачары менен өйдө болуп, деңиз бетине карады.
Толкун үстүндө өлгөн акуланын сары курсагы калкып турду. Бир канча мүнөттөн кийин кайыктар сүзүп кеткен балдарды кемеге алып келишти.
Которгон Урматбек НУРСЕЙИТ уулу