
Шаардык маданият театрлаштырылган оюн-зооктордун арбышына өбөлгө түзгөнү менен, көпчүлүк эл катышкан салтанат-шаңдар оболу айыл жеринен тамырлап, көгөрүп-көктөп чыккан. Элет жеринде өзгөчө Робин Гуд жөнүндө элдик оюндар, театрлаштырылган оюн-зооктор көп уюштурулган. Кийинчерээк шаарлардын маанилүү мааракелерине арналган көп эл катышкан театрлаштырылган салтанат-шаңдар күчөгөн. Диний багыттагы мистериялардын ордун кийинчерээк, атап айтканда, XIV – XV кылымдарда моралителер, кылдат сезим-туюм, ышкы, түпөйүл ойлорду туюнткан оюн-зоок формалары жайыла баштаган.
XVI кылымдын орто ченинен тарта театр менен драмачылыктын өнүгүү доору башталат. Көчө кыдырып оюн койчу көчмө актерлор, аларга өз демилгелүү өнөрпоздор, университет студенттери кошулуп театрлар пайда болот. Англис университеттеринде өз демилгелүү студенттердин күчү менен грек, латын драмачыларынын сахналык чыгармалары коюлуп, кийин аларга студенттердин өздөрү жазган пьеса, драма, комедиялары кошулат.
Студенттер айрым татаал ролдорду ойногонго көчө кыдыргыч көчмө актерлорду чакырышкан. Анын натыйжасы профессионал театрдын негизделишине өбөлгө түзүп, англис драмачылыгына эшик ачкан. Жаңы театрдын жаралышына жогорку бийлик да кызыкдар экендиги билине баштаган. Бийлик төбөлдөрү көп эл катышкан оюн-зоок-маскараддарды уюштурушкан. Аны уят болбогудай өткөрүш үчүн режиссёрлорду, декорация жасалгалоочуларды чакырышкан. Оюн-зооктун кандай өтүшүн иретке салчу текст талап кылынган. Иши кылып, XVI кылымдын 70-жылдарында шаардан театр үчүн атайын жер бөлүнүп, ага үч типтеги театрлар: жалпы эл кирчү, жеке менчик, аксарай алдындагы маданий жайлар салына баштаган.
Үч түрдүү театрдын арасынан көпчүлүк эл кирчү жайлар чыныгы маданий очокко айланган. Аксарай алдындагы жеке менчик театрларга жогорку бийлик төбөлдөрү, чынжырлуу байлар гана кире алса, жалпы элдик театрларга караламан калктын баары оюн көрүүгө келе алышкан. Ал кездеги лондондук карапайым калктын өзгөчө кызыктуу оюну чынжырга байланган аюуларды кармаштыруу болгон. Сахна көшөгө менен тосулган эмес. Оюн жүрүп жатканда көрүүчүлөр тигил же бул актёрдун талантына баа берип, кеңештерин айта беришкен. Театрдагы оюн шарттуу экени, спектаклдеги айтылчу ойду көрүүчү актёрлор менен кошо ойлонуп отурарын авторлордун көбү эле билишчү эмес. Ошондуктан залдан айтылган репликалар спектаклдин сапатынын жакшырышына чоң көмөк көрсөткөн.
Анткен менен театр өнөрүнүн ырааттуу өнүгүшүнө тоскоолдук кылган күчтөр деле жетиштүү болчу. Аксарай алдындагы театрларды королдун өзү колдоого алганы менен, бийлик төбөлдөрүнө жакпай калган айрым оюндардын коюлушуна тыюу салынган. Диний ишмерлерге да театр өнөрү анча жаккан эмес. Бийлик башчылары жугуштуу оору, аза күн дагы башка шылтоолорго таянып, көп учурларда театрларды жаап коюшчу. Театрда курч драматизм, шумдуктуу окуялар ойнолчу. Маселен, Томас Киддин “Испан трагедиясында” катышкан каармандардын баары оюндун аягында өлтүрүлгөн. Сахна бетин “кызылжаян канга бөлөө” жагынан “Испан трагедиясы” Шекспирдин “Гамлетин” артта калтырган. Шекспирдин алгачкы “Тит Андроник” трагедиясы жүрөк үшүн алчу сценаларга бай. Бирок да ага карабастан, Томас Киддин трагедиясы көп жылдар Лондондогу элдик театрдын сахнасынан түшпөй коюлуп келген.
Англиядагы театр, драма өнөрүнүн өнүгүшү Шекспир сындуу өзүнчө бир доорду, чоң сүрөткерди жараткан. Андай улуу таланттын жаралышына университеттер менен көчө театрларынан көгөрүп-көктөп чыккан өнөр, драмачылардын өзүнчө бир мууну өбөлгө түзүшкөн. Университет “уясынан” канат күүлөп чыккан Лили, Нэш, Грин, Марло англис драма өнөрүнө нака профессионалдык эн-белгилерди, билим менен жөндөм-шыктын айкалышын алып келишкен. Сахнада кантип сүйлөө, кандай сюжеттерди колдонуу, диалог куруу чеберчилиги, эсте каларлык кыймыл-аракеттерди жасоо, маска, көпчүлүк катышкан оюн-зоокторду уюштуруу жана башка көркөм чеберчиликке байланышкан маселелер башында көчө, университеттердеги үйрөнчүк театрларда колго алынып, ийине жеткирилип иштелген.
Шекспирге чейинки драмачылардын бири Кристофер Марло “Улуу Тамерлан”, “Доктор Фаусттун таржымалы”, “Мальтилик жөөт”, “Король Эдуард IV” трагедияларында көпкө жетип, көккө умтулган дымактуу инсандардын бийикке көтөрүлүшү, андан кайра жерге “күп” этип кулап түшүшү көрсөтүлгөн. Айталы, “скифтердин жөнөкөй койчусу” Аксак Темир Чыгыштын каардуу өкүмдарына айланат, “кудайдын каарына” калчу карөзгөй иштерди көп жасайт. Аёо билбес башкаруучунун багы тайып, иши жүрүшпөй, жасаган иштеринен көңүлү калышы анын жеке турмушундагы эң чоң трагедиясы экени чыгармада ынанымдуу көрсөтүлгөн. Аксак Темир басып ала турган жер, каршы чыгып баш көтөрчү эл калбай, аяк-башы көрүнбөгөн мейкинди ээлеп турганы менен, ичи аңгырап бош, өзүн бактысыз сезген армандуу пенде экенине көзү жетет. Буга чейин алдамчы ой-сезимге алданып, өзүн-өзү сооротуп келген экен.
“Мальтилик жөөт” Варрава Мальти Орден рыцарларынан өч алыш үчүн алардын сөөк өчтү душманы түрктөрдү пайдалангысы келет, аны менен эле тим болбой; түрктөрдү ич ара кайраштырып, бирок кыйды иштери билинип калып душмандарына даярдаган кайнак майга өзү күйүп өлөт. Ал эми “Фауст” драмасы жаңы доор адамынын эски көз караш, түшүнүктөргө келише албастыгын көрсөтүүгө арналган. Алман элдик китептеринен алынган сюжетти Марло трагедия деңгээлине алып чыккан. Фауст эскирип калган билимди четке кагат, королдун аксарайындагы Вагнерге окшогон окумуштуу сөрөйлөр илимий иш жасап жатышкандай түр көрсөтүп, талашып-тартышып убакыт кечиришет. Шайтан менен ымала түзгөн Фауст жаңы билим, жаңы бийликке ээ болуп, анын баарын жалгыз өзүнүн атын чыгарууга жумшайт. А бирок бийик максат-мүдөөсү жок Фауст өзүнө-өзү корстон, ички дүйнөсү аңгырап бош калган пенде экенин билет. Катардагы жөнөкөй бир пенде, күнөөсү көп киши катары Фауст тозокко туш келет. Тагдыр жазмышынан кача албаган албуут адамдардын трагедиясы Кайра жаралуу доорундагы алптардын кулк-мүнөзү катары чыгат.
Кылым тогошкон мезгилде, XVI – XVII кылымдар ашташкан кезде англис адабиятында “театрлар урушу” башталган. Пьеса автору менен актерлорду жакалаштырганга чейин жеткирген талаш драмачынын жазып келгенин көрүүчүлөрдүн көңүлү үчүн актерлордун өзгөртүп салышынан чыккан. Принцибинде бул өзү англис театрынын негизги маселеси болчу. Талаштуу маселеге өзгөчө маани берген драмачы Бен Жонсон болгон. Анын “Ар ким өз адеби менен” комедиясындагы башкы ролдордун бирин У. Шекспир ойногон. Көрүүчүлөрдүн купулуна толгон комедияга автордун өзүнүн ичи чыккан эмес. Себеп дегенде, анын текстин актерлор өздөрү каалагандай оңдоп, көрүүчүлөрдүн көңүлү үчүн деп автордун чыгармачылык программасын өзгөртүп салышкан. Драмачынын антик сюжетинен, учурдагы турмуш көрүнүштөрүн чагылдырган чыгармаларынын көпчүлүгүнө ошондой оңдоолор киргизилген.
Бен Жонсон У. Шекспирди пьесаларындагы “туура эместиктерди”, ыраатка салынбаган башаламандыктарды, айрым эпизоддорду кемелине келтирип иштеп чыкпагандыгы үчүн сынга алган. Анткен менен ал Шекспирдин көзү өткөндөн кийин пьесаларын, ырларын басып чыгарган демилгелүү топтун мүчөсү болгон. Шекспирдин жараткандары “бардык мезгилдер үчүн” жарай бере турганын биринчи болуп Б. Жонсон билдирген.
Кайра жаралуу доорундагы англис театрынын тарыхы кыйын кезеңдерди башынан кечирет. Англис буржуазиялык революциясы тушунда Оливер Кромвелдин атайын жарлыгы менен театрлар жабылып, өрттөлгөн. Пуритандардын театрга карата катаал мамилеси эки жагдайдан чыккан. Биринчиси, англис театрынын өзү белгилүү деңгээлге көтөрүлүп, сапаттык жаңыланууну талап кыла баштаган. Пуритандар болсо бул процессти тездетип, театрды жазалоого киришкен. Өрттөлгөн театрлардын ордуна актерлордун аракети менен кайрадан оюндар коюла баштаганда чогулган элди аскерлер келип кууп таратууга өтүшкөн. Актерлордун айрымдары шаардан чыгып байлардын короо-жайларында убактылуу баш калкалоого мажбур болушкан. Куугунтук баш-аягы он жети жылга созулган.
Кылымдар тогошкон кызыктуу мезгил, улуттук биримдик, руханий бийиктикке канат серпүү, маданий турмуштун көп түрдүүлүгү англис адабиятында Шекспир сындуу улуу таланттын жаралышын шарттаган.
У. Шекспир (1564 – 1616) дүйнөдөгү эң таанымал драмачылардын бири, анын каламынан кеминде 17 комедия, 10 хроника, 11 трагедия, 5 поэма, ырлар циклы, ошондой эле 154 сонет жаралган. Шекспир бардар үй-бүлөдө төрөлгөн, атасы кезинде Эвондогу Стратфорд шаар башчылыгына шайланган. Кийинчерээк анын иши жүрүшпөй, үй-бүлөсү жокчулуктун кээрин тарта баштаган чакта Шекспир иш издеп Лондонго келген, короо шыпыргыч, андан актер, кийин болсо театр жетекчисине чейин көтөрүлгөн. Чыгармачылыктын аркасында азыноолок акча-тыйын чогултуп алган соң туулган жерине келип, өмүрүнүн акыркы жылдарын көзгө үйүр кичи мекенинде кечирген. Изилдөөчүлөрдүн ырасташынча, У. Шекспир төрөлгөн күнү каза болгон (23-апрелде).
Улуу сүрөткердин өмүр баяны жөнүндөгү маалыматтардын аздыгынан XIX кылымдын орто ченинен тарта “Шекспир маселеси” келип чыккан. Ага ылайык У. Шекспир жазган чыгармаларды ушундай атка жамынган бирөө жараткан, белгисиз автор Шекспир менен келишим түзүп, анын атын пайдаланганы үчүн акча-тыйынын төлөп берген деген имиш-имиштер жайылган. Бул болжолду тараткандар Шекспирдин аты менен чыккан пьесалардын чыныгы ээси Френсис Бэкон деп эсептешкен. Аныгына караганда апыртмасы көбүрөк мындай божомолдор көпчүлүктү ынандырбай калган соң Шекспирдин драмаларынын авторлугуна башка бирөөлөрдүн (Дерби, Ретленд ж.б.) атын жабыштыра башташкан.
Шекспирге кастарын тиккендердин пикиринде, идеясы терең, философиялык маани-мазмуну бийик чыгармалар кайсы бир соодагердин үй-бүлөсүнөн чыккан, элеттик дем-дымак менен Лондонго келген актердун колунан чыгышы күмөн. А бирок Кайра жаралуу доорунда орто катмардан көккө канат сермеп чыккан таланттар арбын болгону адабият тарыхынан белгилүү. Лондонго келгенден кийин Шекспир көп окуп, көп иштеп интеллектуалдык камылгасын бийик көтөрүү аракетине киришкени да талаш чакырбай турган маалыматтардан. Тарыхый, философиялык дагы башка тармактарда мыкты билим ала албагандын кесепетинен анын чыгармаларында биртоп аллюзиялар, так эместиктер, билбестиктен кеткен мүчүлүштөр көп учурайт. Бирок ошол эле мезгилде доор менен мезгилдин орчун проблемаларын, “түбөлүктүү маселелерди” кылдат коюп, көркөмдүк жагынан ынанымдуу чечип бериши жагынан Шекспирге теңтайлаш чыкчу сүрөткерлер деле дүйнөлүк көркөм сөз өнөрүндө саналуу экени анын таланты менен жөндөм-шыгынын кандайлыгынан кабар берүүгө жарайт. Шекспир өз учурунун алдыңкы билимдүү, турмуштук тажрыйбасы мол адамдардын катарына кирет.
Анын сахнага ылайыкташтырбаган чыгармалары саны жагынан аз болгону менен, улуу драмачынын акындык бийик талантын таасын көрсөтүп бере алат. Шекспирдин чыгармачылыгы ыр жазуудан башталганы, анын “Венера менен Адонис” поэмасы 1593-жылы жарык көргөнү белгилүү. Поэмада мифологиялык сюжет, кудайлардын ышкы-сезимдери, Венеранын Адониске арналган сүйүүсү чагылдырылган. Кудайлардын пенделик ышкы-сезимдери Венераны алеп-желеп кылган сүйүүсүн Адонистин сезбей, бул дүйнөнүн ырахатын аңчылыктан издеп, тоо кезип убакыт өткөрүшүнөн деле көрүнөт.
Сезим кылдарынын кылдат мамиле-катыштарын сүрөттөөдөн Шекспир адеп-ыйман, баатырдык темасына көчөт. Римдин акыркы падышасы Тарквиндин уулу өзүнүн досу Лукрецийдин аялын келекелеп, ызага чыдабаган келин өз жанын кыйып салат. Аягында аксарайдагы кыңыр иштерден тажаган көпчүлүктүн нааразылыгы Рим бийлигинин кулашына алып келгени Шекспирдин “Абийиринен айрылган Лукреций” поэмасында баяндалган.
1593-жылы Шекспирдин “Жаңылыштыктар комедиясы” театрда ийгилик менен коюлган. Жазуучунун атын чыгарган сахналык чыгармаларына Генрихтер династиясы хроникаларын кошууга болот. Хроникалардын аркасы менен ал герб, кызматтык белгисин алууга жетишип, “Глобус” театры жаңы имаратка көчкөн. Улуу сүрөткердин көзү өткөндөн кийин анын чыгармаларын кастарлагандардын аракети менен 1623-жылы “биринчи фолиосу” (чыгармалар жыйнагы, томдуктары) жарыкка чыккан. Ага автордун 36 пьесасы, “Перикл”, “Эки белгилүү туугандарынан” башкасы толук кирген. Улуу драмачынын колунан чыккан көркөм туундулардын кыйла так, илимий талапка жооп берген тексти мына ушул биринчи басылмага топтолгон.
Шекспирдин драмалык чыгармаларында кыйла орунду тарыхый баяндар – хроникалар ээлейт. Улуттук тарыхтын уңгулуу учурларына кайрылган автор кеңири турмуштук көрүнүштөрдү алдыга жаят, көптөгөн персонаждардын, королдор менен ири феодалдардын, аскерлердин, буржуанын, караламан калктын, түптүү элдин аракет-кыймылы аркылуу өткөндүн сабактарын эске салат, ыкчам өзгөрүлгөн сцена шартында көтөрүлүш, согуш, кутумчулук, күрөш-тирештерди, жыйындарды ж.б. арбын көрсөтөт. Шекспир абсолюттук бийлик коомдук прогресстин чоң тоскоолу, жоопкерчилиги жок өзүмчүл ири феодалдар, өлкөнүн коркунучу деп эсептейт. Анын түшүнүгүндө жоопкерчиликти сезе билген королдун бийлиги, өлкөнү ичтен ыдыратпай кармап турган борбордук башкаруу турушу керек.
Королдун бийлиги өлкө менен элдин керектөөсүнө кызмат кылышы зарыл. Андай талапка жооп бере албаган бийлик көпчүлүктүн нааразылыгын жаратып, тез эле тактысынан түшүп каларын “Ричард II” хроникасында көрсөтөт. Колундагы бийликти жараткан өзү ыроологон деп эсептеген Ричард II мамлекет байлыгын жанындагы кошоматчыларына таратып, жыйынтыгында тактысынан ажырап, өлүмгө дуушар болот. Ушундай эле тагдырга Ричард III туш келет. Кан менен бийликке жеткен өкүмдар деле көп турбай тактысынан куулуп, ит өлүмгө туш келет.
Шекспирдин хроникаларындагы идеалдуу башкаруучу Генрих V, феодалдарды ордуна коюп, көпчүлүк элге таянып өлкөнү башкарган тайманбас баатыр. Өлкө башына күн түшкөндө колуна курал алып согушуп, катардагы жоокерлер менен деле теңата сүйлөшүп, элдин камын ойлогон, өлкө алдындагы жоопкерчилигин терең түшүнгөн жетекчи. Тарыхтын өнүгүш жолундагы күчтүү инсандардын ролун эсепке алган Шекспир мезгил факторун жадынан чыгарбайт.
Дүйнөлүк адабияттагы беш манжа менен саналчу улуу сүрөткерлер катарында турган У. Шекспирдин чыгармачылыгы шарттуу үч мезгилге бөлүнөт. Ушул жерде эске ала кетүүчү жагдай, автордун пьесаларын мезгил мерчемдерине салып бөлүштүрүү шарттуу алынган түшүнүк. Шекспирдин пьесаларынын стили, жанры, тематикасы, мүнөзү жагынан жазылган мезгилине жараша өзгөрүлүп турган.
Анын биринчи мезгили (1590 – 1600) оптимизмге чулганып, дүйнөнү жаркын кабыл алып, ага жайдары караган маанай үстөмдүк кылат. Бул мезгилде Шекспирдин турмушка жайдары жүз менен караган, шайыр-шаңдуу лиризмге толгон комедиялары “Жайкы түндөгү түш” (1595), “Венециялык көпөс” (1596) “Жок жерден ызы-чуу” (1598), “Бул сизге жагабы?” (1599), “Он экинчи түн” (1600) жазылган. Ушул эле мезгилде Шекспирдин тарыхый хроникалар топтому (“Генрих VIII” башкалары) жаралат. Буга “Ричард III” (1592), “Ричард II” (1595), “Генрих IV” (1 – 2-б.), “Генрих V” (1599). Тарыхый хроникаларда кайгылуу, катаал турмуш көрүнүштөрү сүрөттөлгөнү менен, түпкүлүгүндө жакшылыкка ишенүү, адилеттик орношуна үмүт артуу басымдуулук кылат.
Бул мезгилде Шекспирдин “Ромео менен Жульетта” (1595), Юлий Цезарь” (1599) трагедиялары да сахнага коюлган. Эки жаштын оңунан чыкпай калган сүйүүсүн чагылдырган трагедияда мүңкүрөп, басынып отуруп калган каармандар аз, жашоо-турмуш өз нугунда жүрүп жатканы, турмуш-тиричилик жалаң эле кайгы-капа тирештен, уруулук жоолашуудан турбай, арасында күлкү, шайыр-шаттык өкүм сүрөрү көрсөтүлгөн. “Юлий Цезарь” эки мезгил ортосундагы өткөөл чыгарма, анын көркөм маанайы биринчи мезгилге караганда экинчисине кыйла жакын. Оңунан чыкпай калган эки жаштын армандуу сүйүүсү уруулук карама-каршылыктын курмандыгына айланат, күлгүн кезинде жайраган кыз-жигиттин ууз сезими жыйынтыгында тоңгон жүрөктөрдү эритип, ынтымак-ырашкердиктин бийиктигин даңазалоо менен жыйынтыкталат.
Кийинки жети жылдыкта (1600 – 1608) Шекспирди улуулардын катарына кошкон айтылуу трагедиялары, социалдык комедиялары, адам баласынын үлкөн ышкы-сезимдеринин токтолго таппас күрөштөрү, аягы кайгылуу бүткөн социалдык конфликттердин чыгыш себеп-жөндөрү, адам-коом, бийлик, пенделик мамиле-катнаштардын чиеш маселелерин чагылдырган шедеврлери жаралган. Бирок ошол эле мезгилде бул пьесаларда пессимизмдин илеби сого баштаган. “Гамлет” (1601), “Отелло”(1604), “Король Лир” (1605), “Макбет”(1605), “Антоний менен Клеопатра” (1606), “Кориолан”(1607), “Афиндик Тимон” (1608).
Экинчи мезгилде Шекспирдин дагы бир комедиясы “Виндзордук тамашакөйлөр” (1601 – 1602) жарыкка чыккан. Анткен менен, аталган чыгармада биринчи мезгилдегидей жайдары маанай аз, чыгарма комедиялар катарына киргени менен, трагикалык учурлар, трагедиянын элементтери көбүрөөк. Шекспирдин бул комедиясы драмага жакын, жанрдык жагынан ошондой аталышка ыктаган чыгарма. Жазуучунун “Чыдаганга чыгарган” (1604) пьесасы да идеялык-тематикалык жагынан “тамашакөйлөрдү” кадыресе толуктап турат, андан күлкүнүн артында арылбаган арман, чиеш драма жатканын байкоого болот.
Шекспир тууралу кеп кылганда ортодон колдон суурулуп өткөн кылымдарды, дүйнөлүк тарыхтагы орчун өзгөрүштөрдү, саясый түзүлүштөрдүн алмашуусун, дагы башка толгон-токой проблемаларды, бир сөз менен айтканда, мезгил факторун эске ала кетүү абзел. Аёо билбес мезгил канча чыгаан, мыкты делген сүрөткерлердин учурунда уу-дуу кепке арзыган туундуларын унутта калтырды, сүрөткер дегендин андан өткөн катаал сынчысы болбостугун ырастады. Бирок да Шекспирдин трагедиялары дагыле адамзатты толгонтуп, ойго салып, жашоо-турмуштун ушунчалык жөнөкөй, ошол эле учурда опсуз татаалдыгын ачып берүүдө, ышкы-кумарлардын айлампасына салынган аркыл мүнөз, типтердин трагедиясы улам жаңы муун көрүүчүлөрдүн кызыгуусун жаратып, эстетикалык жамалын өчүрбөй келатат. Бийлигин кыздарына өткөрүп берип талаада калган король Лир, атасын өлтүрүп, апасына үйлөнүп алган абасын кантип жазалоону билбеген Гамлет, келишкен сулуу Дездемонанын жары болуп калганына ишенип-ишенбеген Отеллонун кутумчулуктун курмандыгына чалынышы, айкөлдүк менен карөзгөйлүккө жык толгон жашоо-күрөштүн түгөнбөс философиясы маани-мазмунун жоготпой келатышынын сыры эмнеде? Шекспир маселесинин негизги суроосу ушунда го, театр сахнасында козгогон проблемаларынын маани-мазмуну кемибей, мезгил бүктөмүнө басылып калбай, жашоосун улантып жатышы, акыйкатта да, табышмактуу маселе.
Үчүнчү мезгил Шекспирдин өмүрүнүн соңку жылдарын камтыйт (1509 – 1613). Улуу сүрөткер бул мезгилде жаңыланган доор маанайын чагылдырган трагикомедия, утопия, фантасмогрияларын жараткан. “Цимбелин” (1609), “Кыш жомогу”(1610), “Бороон” (1612), “Генрих VIII”(1613) хроникасы Шекспирдин активдүү чыгармачылыктан кыйла четтеп, жеке турмуш абыгерчилигине көбүрөк оой баштаган кезинде жазган чыгармалары.
У. Шекспир биринчи мезгилдеги оптимисттик маанай тартуулаган комедияларында деле турмуштук татаал суроолорду коюп, шайыр-шаңдын артында кайгы-муң, коомдук, жеке адам өмүр жашоосуна байланышкан курч проблемалар жатканын көрсөтчү. Сүрөткердин алгачкы комедияларынын бири “Сүйүүнүн алдамчы тосмолорунда” Наварранын королу кол алдындагыларына кошулуп мындан ары жалаң философия маселелери менен гана алектенерин убада кылып, бирок Франциядан сулуу айымдар келгенде анысын унутуп калганы баяндалат. Эвфуисттик стилде баяндалган окуялардын соңунда каармандардын бирөө мындан ары жалган нерселерге алаксыбай, табигый жүрүм-туруму менен каларын, философияны түшүнүш үчүн сөзсүз сүйүш керек эместигин жыйынтыгында ачыкка чыгарат.
“Жайкы түндөгү түштө” Шекспир өзүнчөлүккө умтулган эркин сүйүүнү даңазалайт. Жаңы муундун сүйүүсүн ата-энеси тескебеши керек. Табият койнунда улуу сезимге кабылган жаштар сезим-ышкысын өздөрү чечип, жекече жашоо-турмушун каалагандай нукка салып алышы абзел. “Он экинчи түндө” деле сүйүү маселеси козголот, адамдар ортосундагы мамиле-катнаштардын татаалдыгы көрсөтүлөт.
Шекспирдин каламынан чыккан драмалык чыгармаларын бир четтен санап чыгуу деле биртоп убакытты алары бышык. Ошол себептүү анын айрым урунт чыгармаларынын айланасында азыноолок кеп кылуунун оролу келип туру. Көркөм адабияттын бир өңүрүн бийик деңгээлге көтөрүп, түбөлүк теманын түбүндө катылган терең философиясын таасын ачып берген ал чыгармаларды окурман журту жакындан билиши керек. Анын үстүнө өзүн сыйлаган театрлардын текши баарында Шекспирдин драмалары коюлат.
“Ричард III” бийликте азыраак убакыт туруп калган Англия королунун өмүр жолун баян кылган чыгарма. Бийликке кан төгүп келген өкүмдар тушунда Англияда Ак-Кызыл розалардын урушу тутанган. Элге жек көрүндү, тактысы канга булганып калган королду дворяндар менен көпчүлүктүн колдоосуна таянган Ричмонд кулатып, башаламандык менен феодалдык бытырандылыктан тажаган элдин башына катуу тартипти жактырган башчы келет.
“Азоого чалма” комедиясында эпсиз эрке кызды болочок күйөөсү кантип ыкка келтирип, жыйынтыгында каалашкан эки жаштын ынтымакта баш кошуусу баяндалат. Чыгарма бир канча ирет оңдолуп, аталышы өзгөртүлүп, сахнада көп коюлган. Вероналык дворянин Петруччио падуандык Катарина сулууга үйлөнүш үчүн анын аркыл эркеликтерин көтөрүп, алдына койгон максатына өжөрлүк менен умтулушунун аркасында кыздын урматына татыйт. Азоо кыз өжөр жигиттин айтканына көнүп, бардык шарттарына макул болуп күйөөгө тийишке камданат. Эки жаштын эрегишкен иш-аракеттери менен эриш-аркак Катаринанын сиңдиси Бианканын колун сурап келгендердин окуялары сүрөттөлөт. Комедия соңунда Катаринанын эркелиги ага үйлөнгүсү келген жигиттердин чыдамкайлыгын, ышкы сезиминин кандайлыгын текшерүү, сыноодон өткөрүү үчүн жасалганы ачыкка чыгат. Кыздын кырк кылыгына чыдаган Петруччио баарына чыдамкай, жароокер, сулуу жарга баш кошуп, бактылуу жашоого жетишет. Катаринанын “эркеликти таштап” үйлөнүүгө ниети бар күйөөгө баш ийиштен артык эч нерсе жоктугун ырастаган монологу ушу азыр да актуалдуулугун жогото элек.
“Ромео менен Жульетта” эки жаштын кайгылуу махабаты, араздашкан уруулардын ыркка келишпестигин баян кылган чыгарма. Пьесанын сюжети А. Бруктун “Ромей менен Жульетта” поэмасынан алынган. А. Брук поэмасына сюжетти эки жаштын кайгылуу махабатын чагылдырган XVI кылымдагы италиялык прозачы Банделлодон көчүрүп өткөн. Негизги сюжет Овидийдин Пирам менен Тисба жөнүндөгү чыгармасынан бери келатат. Вероналык Монтекки менен Капулетти эки уруу төбөлдөрүнүн ортосундагы каршылык кыйладан бери токтолбой, эки үйдүн ээси, каршылашкан уруулардын өкүлү ымалага келе албай жүрүшкөн. Монтекки уруусунун өкүлү Ромео Капулетти уруусунун кызы Жульеттаны сүйүп калат. Уруулар ортосундагы каршылыкты күчөткүсү келген Тибальт Ромеонун досу Меркуциону өлтүрөт. Тибальт Ромеонун колунан өлөт. Тибальт Жульеттанын эки ата өтүшкөн тууганы болчу. Жульеттанын тууганын өлтүргөн Ромеодон ажырагысы келбеген кыз да өз үйүнөн биротоло кетмекчи болуп өлүмүш болуп жатып алат. Жульеттаны көрүп Ромео уу ичип өз жанын кыят. Жульетта ойгонуп өлүп калган Ромеону көрүп жүрөгүнө канжар урат. Катар коюлган эки жаштын мүрзөсүнүн үстүндө туруп каршылашкан тараптар жарашат.
“Жайкы түндөгү түш” – романтикалуу комедия. Шекспир таануучулардын болжолунда, бийлик төбөлдөрүнүн үйлөнүү тоюна арналып жазылышы ыктымал. Таң-тамаша, оюн-зооктору арбын комедияда сүрөттөлгөн окуялар Грекиянын байтактысы Афинада өтөт. Королдун маскарапозу Оселок менен жандоочулары антик каармандары катары көрсөтүлөт. Сюжетке негиз катары Чосердин “Кентербери баяндарындагы” “Рыцардын аңгемеси” алынган. Афин башчысы Тесейдин аёо билбес амазонкалардын жетекчиси Ипполитага үйлөнүүсүнө байланышкан окуялар чагылдырылган.
“Венециялык көпөс” комедиясынын сюжети да италиялык новелладан алынган. Конфликттин бир тарабында Антонио менен анын достору, дүйнөгө жаркын жүз менен караган ак көңүл жигит-кыздар Бассанио, Порция, Нерисса, Жессика анын каршысындагы экинчи тарапта бир тыйын үчүн баарына даяр ачкөз, амалкөй, сүткор Шейлок менен өнөктөштөрү турат. Конфликт жалаң сүйүүгө байланбай, социалдык өң-түскө ээ. Антонио досторуна жакшылык кылып, кымбат үстөгү менен карызга акча алат. Кыйды Шейлок берген акчаларын шылтоо кылып Антонионун көзүн тазалоону чечет.
Бул сюжетке Шекспирдин кайрылып калышына Кристофер Марлонун “Малтилик жөөт” пьесасы Лондондогу атаандаш театрда ийилик менен коюлушу себепкер болушу мүмкүн. Шекспирдин комедиясындагы башкы каарман Шейлок акча, алтын дегенде жантыгынан жата калчу сүткор, жагдай-шарттан улам алдамчылык, көз боёмочулукту өзүнө кесип кылган ишкер адам. Бассанио досун сактап калыш үчүн Шейлоктон көп акча карызга алган Антонио Кайра жаралуу доорундагы гуманисттин типтүү өкүлү. Досун кыйынчылыктан куткарыш үчүн өз жанын опуртал жагдайга кириптер кылган Антониону сотто адвокаттык кылган Бассанионун аялы Порция өлүмдөн сактап калат.
“Генрих IV” Англиянын XV кылымдагы тарыхын козгогон хроника. Король Генрих IV өлкөнү бириктириш үчүн көтөрүлүш чыгарган Хостперс менен күрөшөт. Королдун оюн-зооктон башканы көп ойлонбогон уулу, болочок король Генрих V атасынын ишенген жардамчысы, кеңешчисине айланат. Пьесада тарыхый инсандардын катарында автор ойлоп тапкан персонаждар да катышат. Алардын бири – “жоон рыцар” Жон Фальстаф. Шекспир тарабынан түзүлгөн комикалык мүнөздөрдүн эң мыктысы “жоон рыцардын” образы. Коомдун социалдык маанайын так чагылдырган типтүү мүнөз. Жүргөн жери тамаша-күлкү, бирөөгө жамандык ойлобогон ак көңүл Фальстаф өз оюн жашырбай ачык айткан, тамашакөй рыцар.
“Виндзордук тамашакөйлөр”. Жон Фальстафтын күлкүлүү окуяларын баяндаган комедия. Социалдык теги жагынан Фальстаф белгилүү дворян, аксарайга ээн-эркин кире алчу таанымал рыцар. Виндзордук тамашөкөй келиндердин көңүлүн алыш үчүн оңду-солду убадалар берүүдөн тажабаган тамашакөй киши. Фальстафтын жанында андан бир тыйын акы албай ээрчип жүргөн айтылуу “бандасы”, “шумпайлар тобу” (Ним, Бардольф ж.б.) бар, жанындагыларга таасир көрсөтүш үчүн ал рыцардык эрдиктерин көбүртүп-жабыртып мактоодон, сыйургалдарын кошуп-ташып айтуудан тажабайт. Жан жолдоштору туш келген жерден бирөөлөрдүн буюм-тайымын талап-тоноп алышканына эле корстон. Фальстаф саясый атаандаштыктан четтеп бараткан эски феодалдардан эмес, тескерисинче, ал жаңы өзгөрүүлөргө ыңгайлашып алган амалкөй адам. Фальстаф өзүн “биз түндүн рыцарларыбыз, Токойдун Дианаларыбыз, караңгылыктын кавалерлерибиз” деп эсептейт.
Намыс, ариет маселесине келгенде Фальстаф жалтаң, рыцардын убадасы “ооздун жели”, абага учуп кеткен сөз деп, айтылгандарга анча деле маани бербейт. “Виндзордук тамашакөйлөрдө” ашмачынын эсебинен жашап келген Фальстаф сыртка чыгарылып ташталат. Анткен менен Фальстафты башкалардан өзгөчөлөп турган жакшы касиет бар. Ал өзүн да, өзгөлөрдү да аёосуз сындайт, эч кимдин көзүн карабайт, эркин жүргөн адамдын күлкүсү социалдык күчкө ээ. Комедияда “Генрих IV” хроникасында катышкан айрым персонаждар да кездешет. Алар: уруш-жаңжалсыз жүрбөгөн Пистоль, ичкиликтен башы көтөрүлбөгөн Бардольф, керсейген сот Феллоу. Окуя Виндзор шаарында өтөт. Бекер тамак-ашка жетиш үчүн Фальстаф эки аялдын – Форд айым менен Анна Пейждин көңүлүн алууга аракет кылат. Бирок анын аракетинен эч кандай натыйжа чыкпайт.
“Юлий Цезарь” Плутархтын “Турмуш баяндарынын” негизинде жазылган трагедия. Чыгармага Плутархта жазылган гана окуялар киргизилген, үч түрдүү саясатчылардын типтүү образын көрсөтүү башкы планга чыгат. Башкы каарман Цезарь бийлик менен атак-даңкты жакшы көргөн, ага жетиш үчүн эч нерседен кайра тартпаган амалпараз адам. Аны өлтүргөн Брут тескерисинче эркиндикти сүйгөн, ыйманын сатпаган, айланасына алчы таасын же-ген адамдар топтолуп алганын кеч түшүнүп, аларга каршы кандай аракет жасашты билбей, арманда калат. Марк Антоний тилинен чаң чыккан, эл алдында мыкты сүйлөгөнү менен, аксарай ичинде кутум уюштурууга уста, өз максатына жетиш үчүн башкаларды ыктуу пайдаланган өзүмчүл саясатчы.
“Он экинчи түн же сизге эмне керек?” Герцог Илири Орсинону сүйүп калган Виола деген кыздын тагдырын козгогон комедия. Виола сүйгөнүнө жетиш амалында эркек баланын кийимин кийип Орсинонун кызматчысы болуп кирет. Анткен менен Орсино Оливия кызга ашык болуп, алеп-желеп болуп жүрөт. Жашырын сезимдер акыры ачыкка чыгып Виола кыз сүйүү талашынын оң чечилишине көмөкчү болот. Оливия Орсинонун кызматкерин сүйүп, Оливия Эмилиянын жеңеси болуп, ага сыртынан ашык болгон герцог Орсино эркек кийимин кийип жанында жүргөн Виолага үйлөнөт. Чыгарма бирин-бири табышкандардын сүйүнүчүн жар салуу менен жыйынтыкталат.
“Гамлет” драмасы Дания королунун уулунун тадыры, өкүмдардын үй-бүлөлүк трагедиясына арналган. Окуудан үйүнө кайтып келген канзада атасы өлтүрүлүп, апасы күйөөсүн өлтүргөн кайниси Клавдийге тийип алганына күбө болот. Атасынын өчүн алууну ойлонгон Гамлет өтөле узакка философиялык маселелер менен алпурушуп, ачык аракет жасай албайт. Виттенберг университетинин студенти королдун аксарайында жасалган иштерди көргөндөн кийин чынында эле эмне кыларын билбей, көпкө чейин өзүнө келе албай жүрөт. Гамлет коркок деле эмес, атасынын арбагынын артынан тартынбай караңгы жерге кирип кетиши анын чечкиндүүлүгүнөн кабар берет. Килемдин артында жашынган Полонияны эч тартынбастан өлтүрөт. Атасын өлтүргөн абасынын эки жүздүүлүгүнөн апасынын күйөөсүн жерге койгондон аз өтпөй кайнисине турмушка чыгып алышы Гамлетти аябай таңдантат. Гамлетке жардам бергиси келген Офелия да чечкинсиз, бирөөлөрдү кайраштырганды жакшы көргөн атасы Полонийге көбүрөк ишенет. Баарысы канзадага чындыкты айтыштан чочулап, өздөрүнүн кайдыгерлиги, кошоматчылыгы, жагымпоздугу менен Клавдийдин королду өлтүрүп бийликти тартып алышына көмөк көрсөтүшкөнүн билишет. Гамлет Офелияны чындап сүйөт, бирок анын чечкинсиздигин көрүп, кайдыгер бирөөлөрдү жарык дүйнөгө алып келгиче баарын таштап монастырга кетишин сунуш кылат.
Тагдыры тайкы канзаданын атасынын өчүн алышы өтөле оорго турат. Офелия экөөнүн мамилеси татаалдап, көшөгө артында жашынган сүйгөн кызынын атасы Полонийди Гамлет Клавдий деп байкабай өлтүрүп алат. Күйүткө чыдабаган Офелия сууга чөгүп өлөт. Атасы, анын артынан өлгөн карындашынын өчүн алыш үчүн Лаэрт Гамлетти ууланган шпага менен саят. Король менен канайым өлтүрүлөт. Өлүм алында жаткан Гамлет досу Горацийге кайрылып болгон окуяны болгондой башкаларга айтып берүүнү өтүнөт.
“Отелло” сүйүү менен кызганычтын, сулуулук менен баатырдыктын карөзгөйлүккө, коомдук түшүнүк, көз караш, позицияга алданып каларын айгине кылган драма. Жашы өтүшүп калган мавр менен сулуу кыздын баш кошуусун элдин көбү жактырбайт. Брабанцио бирөөлөр сулуу кызынын башын айлантпаса “капкарага” тийбей турганын айтса, сотто Отелло Дездемона анын башынан өткөн окуяларын берилип угуп жүрүп сүйүп калганын билдирет. Отелло менен Дездемонанын сүйүүсү алгачкы сыноодон ийгиликтүү өтөт. Анткен менен бул сүйүү эки жүздүүлүктүн, карөзгөйлүктүн, көрө албастыктын, амалкөйлүктүн жайган торунан өтө албай жеңилүүгө учурайт. Отелло менен Дездемонанын сүйүүсүн жалгыз Яго өлтүрбөй, ага тоскоолдук кылбаган Кассио, Родриго, Эмилиянын кайдыгерлиги көмөкчү болот. Ягонун айныксыз жүйөөсүнүн алдында Отелло да алсыз болуп чыга келет. Дездемонаны өлтүрүп, Ягонун алдамчылыгы билингенден кийин Отелло аны сүйгөн кыздын жубардай тазалыгына ынанып, сүйүү ириде ишеним, үмүт экенин айныксыз түшүнүп, өз жанын өзү кыят. Ягонун кыйды амалы турмуш жолун жаңыдан баштап аткан үй-бүлөнүн толук талкаланышына алып келет. Окуя Венецияда өтөт.
“Макбет” бийлик үчүн баарына кайыл, королдукка жетиш үчүн эч нерседен тартынбаган, башкарууну жакшы көргөн шотландиялык Макбеттин трагедиясы чыгарманын сюжеттик негизин түзөт. Король Дунканды өлтүрүп, бийлигин тартып алган Макбет такка отургандан кийин деле кандуу жазалоо токтолбойт. Аны токтотууга Макбеттин өзүнүн деле күчү келбей калат. Канкор өкүмдардын бийлигине нааразы элдик көтөрүлүштүн натыйжасында Макбет өлтүрүлүп, аны карөзгөй иштерге жумшап келген аялы жинди болуп кетиши менен чыгарма соңуна чыгат. Макбет жашында эч нерседен кайра тартпаган мыкты жоокер болчу. Бирок анын көкүрөгүндө бийликке жетүү ышкысы турган. Аялынын колдоосу менен Макбет алдына койгон максатына өжөрлүк менен жетишүүнү үйрөнүп, баштаган ишин кылчактабай аягына чыгарууга өтөт. Коомдук кызматы көтөрүлгөн сайын Макбеттин өзүмчүлдүгү да өсүп, бейкүнөө кан төгүш көнүмүшкө айланып, кылмыштуу иштери көңүлүн оорутпай калат.
“Король Лир” Англиянын баштапкы тарыхына байланышкан трагедия. Трагедияда үй-бүлөлүк мамиле-катнаштар коомдук-саясый проблемалар менен аралашып кетет. Адамгерчилик менен мансапкорлук келише албастыгын ырастаган чыгарма. Карылыгы жеткен Лир өлкөсүн өз үйүндөй эле башкарат, өзүн жаанда жок мыкты жетекчи, түк жаңылбаган акылдуу өкүмдар катары эсептейт. Баарысы анын айтканын аткарып, башын ийип гана турушу керек. Кыздарынан да ошону талап кылат. Айласыз баш ийген адамдар эки жүздүү, кошоматчы, саткын болору анын капарына да келбейт. Атасынын өзүмчүлдүгүн эки кызы жеке кызыкчылыгына пайдаланышат. Көкүрөк күчүгү Корделия гана чындыкты атасына айта алган, адамгерчиликти баарынан жогору койгон кыз. Бирок аны Лир укпайт. Чындык сөздү уга албаган Лир катаал турмушка туш келет, бийлигинен да, байлыгынан да ажырап талаада калат. Лирдин чыныгы адам болушу мына ушул жерден башталат. Лирдин үй-бүлөлүк трагедиясы менен катар Глостер менен эки уулунун таржымалы баяндалат.
Лирдин жаңылыштыгы өлкөсүн өзү билип экиге бөлүп аны Гонерилья, Реганага энчилеп берип коюшуна байланышкан. Атасынын мындай аракети кыздарына жакпайт. Алар атасын тактыдан гана кууп түшпөстөн, кан төккөнгө чейин барышат. Королдун кичүү кызы Корделия күйүткө баткан атасынын жанында жүрүп аягында ал да курман болот. Карөзгөйлүккө баргандардын баары жазаланып, үй-жайсыз талаада калган Лир акыйкаттык бардыгына көзү жеткенден кийин бул дүйнөдөн ыраазы болуп кетет.
Шекспирдин чыгармачылыгы өзүнчө бир доорду камтыйт. Кайра жаралуу гуманизмин бийик деңгээлге көтөрүп кеткен сүрөткердин көркөм дүйнөсү жалпы адамзаттык баалуулуктардын катарына кирет.
У. Шекспир менен бир убакта, ошондой эле анын көркөм салтын уланткан англис драмачыларынын биртобунун (жогоруда кеп болгон Бен Жонсон баш болгон Томас Хейвуд, Томас Деккер, Жон Флетчер, Френсис Бомонт, Жон Форд, Жон Уэбстер) чыгармачылыгы театр өнөрү кыйын кезеңге туш келген учурда өнүктү. Баатырдык мезгил артта калып, дүркүрөп өнүгүп жаткан театрдын жалыны өчө баштаган. Буржуазиялык революциялардын илеби азыноолок сезилип, жарандык согуш өртү күчөгөндө парламент колу менен үч ирет (1642, 1647, 1648) театрларды жабуу тууралуу мыйзамдык актылар чыгып, имараттары өрттөлгөн. Үчүнчү жарлык боюнча көпчүлүк элдин сүйүктүү жайына чогулуп оюн көрсөтүү кылмыштуу иш катары эсептелинип, өнөрүн көрсөткөн актерлорду камчы менен сабоо, абакка отургузуу жазалары белгиленген.
- Агартуучулар доору
XVII – XVIII кылымдар тогошу англис адабиятында агартуучулардын өзүнчө бир плеядасын алып чыкты. 1688-жылкы “даңктуу революция” Стюарттар династиясын тарых тактысынан шыпырып, жер ээлик кылуучулар менен соода-өнөр жайлуу Англиянын убактылуу ымаласынан жаралган жаңы мамиле-катнашка жол ачты. Англис аристократтары менен ири буржуазиянын аракетинин аркасында өлкө жаңы жолго түштү. Бийликти ичара бөлүп алууга бекем убада кылышкан англис аксөөктөрү менен жаңыдан каруу-күчкө толуп келаткан буржуазиянын тымызын аракети ишке ашып, жек көрүндү монархиялык бийлик жок кылынды. Ири жер ээлери менен соода-өнөр жай лөктөрүнүн ымаласы өлкөнүн андан аркы саясый-экономикалык, маданий өнүгүш багытын аныктады, англис адабиятындагы агартуучулук доор да мына ушул ыңкылаптан кийин башталды. XVII кылымдын кыйла бөлүгүн өзүнө камтыган саясый жаңылануу процесси адабиятка да өз таасирин тийгизген. Коомдо бийликке ынтызар күчтөрдүн карама-каршылыгы жүрүп отуруп ыңкылапка алып келди, ал болсо өз кезегинде жаатташкан тараптардын ортолук маселени күч менен чечүүсүнө жол ачты.
Буржуазиялык революция алдындагы королдун бийлиги менен парламенттин ортосундагы күрөш негизинен чиркөө саясатынын айланасында жүргөн. Коомдо пуританчылык (латын тилинде purus – таза дегенди түшүндүрөт) кыймыл, адеп-ыйман, рухий жактан тазалануу чакырыгы айтыла баштаган. Көркөм адабиятта адеп-ыймандык, диний проблемалар арбын козголгон. Эки кылым аралыгында англис адабиятында агартуучулар (Д. Дефо, Ж. Свифтин жолун жолдоочулар) катары калың чыгып, көркөм өнүгүүнүн негизги тенденциясы агартуучулукка оогон. Коомдук турмуштагы олуттуу өзгөрүүлөр, 1688-жылкы ыңкылаптын натыйжасында Стюарттар бийлигинин кулатылышы, жаңы социалдык күчтүн – англис буржуазиясынын саясый тактыга келиши өлкөнүн андан аркы өнүгүш багытын аныктады.
Ыңкылапка чейинки англис адабиятындагы көрүнүктүү сүрөткерлердин бири Жон Донндун чыгармачылыгында коомдук турмуштун карама-каршылыгы кыйла ынанымдуу чагылдырылган. Жон Донн (1572 – 1631) окурмандарга ириде “Ырлар жана сонеттер” лирикалык циклынын автору катары белгилүү. Эки кылым тогошунда жашаган акын адам сезиминин аркыл учурларын, сүйүүнүн улуулугун, адамдар ортосундагы мамиле-катыштын татаалдыгын, адат-салттын өзгөрүлбөс катуулугун, пенде баласынын карама-каршылыктуу ой сезимин ыр формасына салуунун чебери болгон. Айрым изилдөөчүлөрдүн ырасташынча, Донндун чыгармачылыгында ренессанс реализминин таасири байкалат. Анткен менен, акындын поэзиясын катарлаштарынан айырмалап турган белгиси катары бу жарыкчылыктагы жашоонун бейоопалыгы, тирүүлүктүн өзү утурумдук нерсе, айры бут пенде баласынын тырмалаңдап жашоо үчүн жанын сабаган аракети ажал алдында алсыз экени, дегеле өмүр, жарык күн кечирүүнүн убарадан башка маани-мазмуну болбостугун чагылдыруу түзөт.
Ж. Донндун “Жандүйнө жолу”, ошондой эле “Дүйнө түзүмү” поэмаларынан мына ушул сапат, поэтикалык ыргак байкалып туру. Жон Донндун көңүлүн чөгөт кылган орчун маселе өмүр-өлүм, пенде баласынын жашоо-турмушунун анчалык деле маани-мазмунга ээ болбостугу, каражанды карч уруп, тиричилик айлампасына түшкөн адамдын табар пайдасы эмне да, ээ болор жеңиши кайсы суроосуна байланышкан. Жаңылып-жазып, урунуп-беринип өлөр-өлгүчө азапка башын малган пенденин жетери эмне? Жарыкчылыкта жашап атканын сезбеген кумурска сымал күндөлүк насибин эрикпей ташып, кара курсактын камын ойлогон бечара адамдан өткөн бактысыз жан барбы?
Азыноолок айыбы үчүн өзүн аянбай жемелеген адамдын ички сезимин, абийир-ыйманын алдыга жайган Жон Донн жашоо-турмуштун өзү трагедия экенин көркөмдүк жагынан ырастап берүүгө ык коёт. Бул жагынан анын кыйла эле трагедиялуу маанайды чагылдырган поэмалары Шекспирдин драмаларында көтөрүлгөн проблемалар Жон Донндун көркөм эстетикасы менен үн алышып кетет.
Донн чиркөө кызматкери болгон. Яков I королунун сунушу менен дин кызматкерлигине өткөндөн кийин мурда акын катары аздектеп келген көпчүлүк ишеним, идеалдарынан кол жуушка мажбур болгон. Жасаган-жасабаган күнөөлөрү үчүн өзүн айыптап, жараткан алдында жалбарып кечирим сурап, акындык эркиндигин аң сезимдүү чектеген. Ошондон ал англо-католик баалуулуктарын баарынан жогору коюп, акындык талантын бийик баалагандарга диний ишенимин жеткирүү, диндештерин ынандыруу, тирүүлүктүн улуулугуна караганда тиги дүйнө чын жай экенин ырастоого көбүрөк бурулган.
Акындын поэзиясы такыбаа динчилдин сезим дүйнөсүн чагылдырууга, жарык дүйнөнүн шатыра-шатман азгырыктарынан алыс турган момун пенденин Кудайга мунажат кылууну баарынан жогору койгон ишенимине ылайыкталган. А бирок акындын ээ-жаа бербес учкул кыялы кээде кылдат поэтикалык сүрөттөрдү тартып берет, сезим кылдарын козгогон элестүү образдык туюнтмаларды таап иет, окуган адамдын эсинен кыйлага кетпей калчу салыштыруу, ассоциацияларды жаратып жиберет, поэзия диний ишенимдин белгилүү чегинен чыгып кетерин айгинелеп салат.
Донндун ишеними менен чыгармачылык жөндөм-шыгынын ортосундагы карама-каршылык, көркөм сүрөттөөнүн шарттуу, ассоциативдүү ыкмалары, жөнөкөй эле туюнтчу нерселерди парадокс катары сыпаттоо, анан да поэтикалык ойду кыскача берүүнүн ордуна узун сөзгө кирип кетүү анын чыгармачылыгын ренессанска караганда бароккого көбүрөк жакындатат. Анын үстүнө Донндун поэзиясы XVII кылымдагы англис поэзиясына кадыресе таасир көрсөтүп “сөзмөрлөр мектебин” (“school of wit”), айрым изилдөөчүлөр белгилегендей “метафизик акындар” тобунун жаралышына өбөлгө түзгөн. Чыгармачылыгынын башталышында антик поэзиясынын салтын жолдоп, чыгармачылык эркин ойлоону баарынан жогору койгон акын өмүрүнүн соңунда такыбаа динчилдин жолуна түшүп, баштагы көз караш, түшүнүгүнөн кайтып, дүйнөнүн жаралышы менен өнүгүшүн жалгыз жараткандын эркиндеги иш катары санап, окурмандарын ошону айныксыз акыйкат катары таанууга чакырган.
Кудайын жолун таппагандардын айынан кыямат кайым жакындап, пенде баласынын күнөөсү башынан ашып, дүйнө кургуйга кулап баратканын эскертүүдөн тажабаган Ж. Донн диний-мистикалык маанайды күүгө салган. Кылым тогошундагы Европа адабияттарында Ж. Донндун поэзиясына үндөш чыгармалар, жүрөк үшүткөн мистикалык коркунучтарды алдыга жайып, дин жолуна үгүттөгөн акындар көп болчу. Барокко адабиятына мүнөздүү адеп-ыймандык, этикалык изденүүлөр англис адабиятында Ж. Донндун поэзиясында, испан адабиятында Гонгора менен Кальдерондун, италиялык Маринонун чыгармачылыгында көрүнгөн. Бароккого көбүрөк ыктап турган мына ушул тенденциянын башында Ж. Донн турат. Анын “чечендер мектеби” же “метафизикалык мектеби” артынан Ж. Герберт, Г. Воган, Р. Крешоу, Ф. Кверлз сындуу акындардын тобун ээрчите келген.
Жаратмандык эмгек, инсандын өзүн-өзү таанып ачуусунун карама-каршылыктуу жолун көрсөтүүнүн ордуна диний ишенимди алдыга жайып, жакшылыктын баарын жараткандан жалбарып сурап, убакты-саатынын көбүн кетирген күнөөлөрүн кечиш өтүнүчү менен өткөрүүнү баарынан жогору койгон жаңы адабий топтун өкүлдөрү бу жалгандагы жашоо жарамсыз, каражанды карч уруп урунуп-бериништин зарылдыгы жоктугун, кечилдик турмушка көчүп, эмитен тиги дүйнө камылгасына кирүүгө үгүттөшкөн. Акыл-эстүү пенде дервиштикке ооп жер кыдырып, жараткандын улуулугун билбегендерге билгизүү, барга топук келтирип, Кудайга мунажат кылып жашоо керектигин эскертишкен.
Анын үстүнө метафизик акындар жөнөкөй көрүнүштөн деле тереңде катылган сыйкырды издеп, анда жашырылган сырды каймана формада чагылдырууга өзгөчө көңүл бурушкан. Диний баалуулуктарды баарынан жогору койгон мына ушул акындардын чыгармачылыгы аркылуу англис поэзиясынын философиялык арымы кеңейген, адам жашоосу, өмүр-өлүм, улуулук менен пастык сындуу антиномиялык көрүнүштөр ырга салынып, өтмүштүн өкүнүчү менен жыргалы ички карама-каршылык катары чагылдырылган. Англис поэзиясындагы жаңы көрүнүштөн жайылып чыккан “метафизикалык агымдын” пайдасы ыр өнөрүнүн философиялык арымынын кеңейишине алып келди, ойду туюнтуунун ички мүмкүнчүлүктөрү арбын экенин ырастай алды.
Ошентип поэзияда диний-мистикалык мотив басымдуулук кылса, Шекспирден кийинки англис драма өнөрү да оор кризистик абалга капталган. Театрлар жабылып, актерлор кууп таратылып, драмачылыктын кысымга алынышы дагы бир тенденцияны пайда кылган. Элдик театрдын ордуна аксөөктөрдүн табитине ылайыкташкан чыгармачылыктын арааны жүрө баштаган. Маселен, Френсис Бомонт менен Жон Флетчер биргелешип жазган “Бүр ачкан рыцар” трагедиясында аксөөктөр талабына шайкеш келбеген көркөм өнөрдү жаратыштын кажаты деле жоктугу ырасталат. Флетчер менен бир учурда чыгармачылыгын баштаган Жон Морстон, Сирил Тернер, Жон Вебстер коркунучтуу окуяларга жык толгон трагедияларды жазууга киришкен. Жон Морстондун “Антонио өчү”, “Соргок графиня” же Сирил Тернердин “Кекчилдин азабы”, “Атеисттин шору” трагедиясы жүрөк үшүн алчу коркунучтуу эпизоддорго жык толсо, Жон Вебстер “Куу желмогуз же Виттория Коромбонада” аёо сезиминен куржалак калган бузулган аялдын окуяларын көрсөткөн.
“Атеисттин шору” трагедиясында да адеп-ыйманын жоготуп алган адамдын азап-шору, өзгөлөрдүн тагдырын каалагандай калчап келген жексурдун өзүн-өзү кантип жок кылганы конфликттин негизин түзөт.
Көрүүчүнүн төбө чачын тик тургузчу коркунучтуу пьесалардын катарын Томас Мидлтондун “Аялдар, өзүңөрдөн корккула!” драмасы толуктайт. Чыгарманын соңунда дөөлөттүүлөрдүн тамаша-оюну кандуу окуяга айланат, Купидондун ууланган жебеси тийгендер жарыкчылык менен кош айтышып, Ганимеддин чынысындагы шербет менен жыпар жыт да заарга айланып, салтанатка келгендер тегиз кырылат, шапар-шаңга бөлөнгөн тойдун аягы канга чыланып, төбө чачты тик тургузган коркунучтуу алаамат башталат. Чыгарманын көркөм контекстинен апачык көрүнүп турган бүтүндөй бир коомдун өзүн өзү жок кылышы, жашоо-турмуштан кечип жан кыйышы символдук маани-мазмунга ээ болуп чыга келет.
Мунун баары коомдук турмушта адеп-ыймандын жоголушуна, адамдардын уят-сыйыттан кетип, диний эреже-тартиптерди бекем сактабай, улуусу болобу, кичүүсү болобу — көңүл ачуудан башка эрмеги жоктон бетер жалаң шайыр-шатман жашоого көчкөнү үчүн жазаланганы, диний эреже-тартиптерди эсинен чыгаргандарды ушундай катаал жаза күтөрү эскертилет. Катаал эскертүүнүн аялзатына көбүрөк багышталып атышынан да Мидлтондун кандай максат көздөгөнүн баамдоо кыйын эмес. Ушуга үндөш мотив Жон Форддун трагедияларынын сюжеттик канвасын аралай чаап өтөт.
Шекспирден кийинки англис драматургиясында жер үстүндөгү жашоонун жарамсыздыгы, өлүм ак экендиги, пенде баласы христианчылыктын эреже-тартиптерин бекем карманыш зарылдыгы, тиги дүйнөдө анын тирүүчүлүктөгү күнөө-соопчулуктарынын текши баарынын эсепке алынары, жараткан алдында баары жасаган-эткендери үчүн жооп беришери арбын козголгон темалардан. Мына ушул мотив Жон Форддун пьесаларында көп чагылдырылган. Автордун “Аны бузулган деп айтыш кыйын”, “Жараланган жүрөк” драмаларында ашыктык ышкысынын курмандыгына айланган жаш адамдардын тагдыры, тирүүлүктөгү жаңылып-жазуулары үчүн алардын өтөле оор жазага – өлүмгө кириптер болушу көрсөтүлөт.
Стюарттар бийлиги тушунда аксөөктөр турмушун опсуз көкөлөтүп мактоо, алардын адеп-ыймандык бийиктигин даңазалоо өзүнчө бир тенденция деңгээлине көтөрүлгөн. Бул мезгилде жеке менчик театрлар маданий турмуштун маанилүү бөлүгүн түзүп, формалык мүмкүнчүлүктөрү (бий, пантомима, маска, хор ж.б.) кыйла кеңейе баштаган кез болчу.
Аксарай жана менчик театр сахналарында чыгармалары арбын коюлган авторлордун катарына Жеймс Шерлини кошсо жарашат. Бийлик эгедерлеринин көңүлүн алыш үчүн жазылган жеңил-желпи комедияларды башка авторлор да жаратышкан. Шекспир салты англис театрынан сүрүлүп, тек кызыктуу окуя, жеңилбаа күлкү, трагедия менен комедиянын сырт түспөлүн кайталаган чыгармалар сахнаны ээлеп, жалган мүнөз, жасалма көрүнүштөрдүн күнү тууйт. Элдик театрды кубалап жок кылгандан кийинки маданий жагдай-шартта бийлик кысымы күчөп, театр коомдук аң-сезимге күчтүү таасир көрсөтүү касиет-сапатынан ажырап калды.
XVII кылымдын башында аксөөктөр турмушун көкөлөтүп, карапайым калк мүдөөсүн басынтуу аракети жалаң эле драма өнөрүндө үстөмдүк кылбастан, айрым белгилери проза жанрынан да байкала баштаган. Чексиз бийликтин ченемсиз мүмкүнчүлүктөрүн мактоого алган Ж. Барклайдын “Аргенида” романы артынан өзүнө түспөлдөш биртоп чыгармаларды ээрчите келди. Т. Овербери менен Ж. Стивенстин, Ван Дейк менен П. Лелинин аксарай башчылары, аларга табакташ, жарнакташ аксөөктөрдүн келишимдүү жашоо-турмушун сүрөттөгөн романдары ушул мезгилде жарыкка чыккан.
Ушундай эле жагдай англис поэзиясында да байкалган, “кавалер-акындардын” (аксарайга жакын сүрөткерлер) өзүнчө бир тобу бөлүнүп чыгышкан. Томас Керьи, Жон Саклингдин поэзиясында аксарай ичинде тез-тез өтүп турган салтанат-шаңдар, дөөлөттүүлөрдүн сөөлөттүү жүрүм-туруму мактоого алынып, жашоо-турмуштун башкаларга өрнөк болчу үлгүсү катары сүрөттөлгөн. Ошол эле учурда бул мезгилдеги англис поэзиясында бейгам айыл турмушун күүгө салуу, жай бир калыпта аккан элеттик жашоонун жыргалы, табият менен мамыр-жумур жөнжай калктын күн көрүүсү да мактоого алынган.
Жарандык согуш учурунда акындык өнөрү аркылуу таанылган Ричард Лавлейстин (1618 – 1658) поэзиясында рыцардыкка мактоо айтылат, чынжырлуу аксөөктөрдүн жашоо-турмушу, мырзалардын адеп, жүрүм-туруму үлгү катары көрсөтүлөт. “Чабандестер” (“кавалерлер”) менен “метафизиктердин” экөөндө тең королдун бийлигин сактап калуу, диний үгүт-насаатчылык басымдуулук кылган. Саясатчы акындар колуна курал алып Стюарттар тагынын сакталып калышы үчүн колунан келген аракеттерин жасашкан, жарандык майданга жоокер катары катышкан.
Англияда кенен-кесир жайыла баштаган аксөөктөр маданиятына пуритандардын поэзиясы каршы турган. Пуритандардын көрүнүктүү өкүлү Жорж Уизер (1588 – 1667) көөнө диний адат-салттарды сатиранын бутасына алса, ага-ини Флетчерлер коомдук турмуштун көлөкө жактарын каймана формада чагылдыруунун ышкыбоздору болушкан. Бул мезгилде ыңкылапчыл Британиянын коңгуроо үндүү акыны Мильтон чыгармачылыкка жаңыдан баш багып, Кембриждеги Иса пайгамбар коллежинде билим алып жүргөн.
Кыскача айтканда, Англиядагы буржуазиялык ыңкылап алдындагы коомдук-саясый жагдайды бир түстүү боёк аркылуу тартып бериш кыйын, ортодо феодалдык көөнө адат-салттар менен жаңыдан көтөрүлүп бараткан аксөөктөр маданиятынын ачык-тымызын тиреши турган. Маселен, “метафизиктер” менен “чабендестер” (“кавалерлер”) пенде баласын жараткан алдында тоодой күнөөгө баткан алсыз бечара катары сыпатташса, пуритандар адам өзү жамандык менен жакшылыкты бирдей алып жүргөн, ички турум-турпаты татаал, кылган-эткенин такай таразадан өткөрүп, баасын берип турчу акылдуу жан катары сүрөттөшөт. Акыл-эс, албетте, адам баласына жараткандан ыроолонгон энчи. Ошондон адам жакшылык кылса дардаңдап көөп кетпей, жамандыкка барса көңүлү чөгүп, күнөөдөн арылуу үчүн Кудайга мунажат кылып, өмүрүн жакшылык менен жамандыктын итжыгылыш күрөшүнүн коштоосунда өткөрөт. Канткен менен адам баласында жакшылык үстөмдүк кылат, жамандыктын сормо сазына биротоло батып калгандарга караганда адамгерчиликтин үрөнүн сепкендер арбын. Адам денесинде айланган кызыл канды пуритан акын Финеас Флетчер “кыпкызыл арачалар” катары сүрөттөгөн, адамдын өзү деле өзгөлөрдөн бөлүнүп турган арал.
Ыңкылап алдында англис коомунда эски менен жаңыны жактоочулардын тиреши кыйла курчуп, анын эпкини адабиятка да тийген. Динчилерге акаарат келтиргени үчүн Уизер абакка салынса, аксөөктөр театрын келекеге алды деп Принндин кулагын кесип салышкан. Жаңыны жактоочулардын каарына жаш акын Мильтон да кабылган. Анткен менен, англис адабиятында ренессанс салты жаңыдан жайыла баштаган аристократиялык абсолютчулуктун алдында биротоло басынып калган эмес.
XVII кылымдын 20 – 30-жылдарында Бен Жонсондун (1573? – 1637) жылдызы жанган. Б. Жонсондун чыгармачылыгы англис адабиятындагы классицизм менен тыгыз байланыштуу. Чыгармачылыктын түйшүктүү сапарына чыгар алдында ал өзүнүн максат-мүдөөсүн “Жармач акын” комедиясында ачыкка чыгарган. Драмачылыктын бийик озуйпасын курулай мактоого марыткан айрым кесиптештеринин аракетин сынга алган автор улуулук менен пастыктын ажырымы анча деле чоң болбостугун, демдүү чакырык менен жүзөгө ашырылган иштин айырмасы оркоюп билинип каларын айтат. Өзүнүн эстетикалык кредосун Жонсон бир катар эсселеринде да белгилеген. Жазуучудан жалаң билим менен отурган ордунан жылбаган мээнеткечтикти талап кылыш негизи туура эместигин, сүрөткер өзү ириде бар тарабы шайкеш келген адам болуш зарылдыгын ырастаган.