
Баалуулуктар системасы коомдук түзүлүшкө, инсандын ички керектөөсүнө ылайык орундары өзгөрүп туруучу иерархиялык пирамидадан турары окумуштуулар тарабынан эчактан айтылып келет. Бирок атам замандан бери биздин эл үчүн баалуулуктардын баштапкы өзөгү, адамгерчилик, гуманизм жана эл-жерди сүйүү болуп келгени белгилүү. Абайдын Абай болуп эл оозунда жашап калышынын башкы себеби дагы анын бийик адамгерчилигинде, гуманизминде, мекенчилдигинде. Бирок гуманизм, эл жерди сүйүү идеялары бар болгону үчүн чыгарма баалуу деген ойду жалпы сөз менен айтып берүү же окуучуларга айттыруу менен максатка жетүүгө болбойт. Окуучулар Абайдын образын талдоо аркылуу келе турган жыйынтыктардан мурда руханий баалуулуктар жана адеп-ахлактык категориялар (адеп-ахлактык түшүнүктөр, адеп-ахлактык идеалдар, адеп-ахлактуулук мамилелер, адеп-ахлактык эрктүүлүк, адамдын ички керектөөсү) түшүнүгүнө ээ болушу зарыл. Адабият мугалими жалпы адамзаттык жана улуттук руханий баалуулуктар системасы жана адептик категориялар тууралуу түшүнүктөрдү окуучуларга да муну жеткирүүдөн мурда өзү да бул түшүнүктөргө терен ээ болуусу керек. Көбүнчө адабият мугалимдери бул түшүнүктөр адам жана коом предметинин обьектиси деп түшүнгөндүктөн, адеп-ахлактык категориялардын, түшүнүктөрдүн өзүнө токтолбостон, чыгармадагы негизги идея, тема, проблема,сюжет, композиция тууралуу адабий талдоолорго гана маани беришет. Бирок бул чыгарманы окутуунун өзгөчөлүгү балдарда жогоруда айтылган түшүнүктөрдүн болушун талап кылат. Абай ким? Абайдын башкалардан кандай өзгөчөлүгү бар? Абайдын көз караштарынын калыптанышына кандай шарттар таасир этти? Атасы Кунанбай ага кандай ишеним артып, эмнелерди күттү эле? Абайдын байлык, бийликке, сүйүүгө, билимге, маданиятка мамилеси кандай эле? Биз андан кандай өрнөк ала алабыз? Абайды казак эли эмне үчүн дащктап келет? ж.б.у.с. суроолорго биргеликте жооп издөө аркылуу Абайдын образын ар тараптуу ачып гана тим болбостон, түпкү максатка, т.а руханий баалуулуктарды калыптандырууга да аракет кылган болобуз. Алгачкы адеп-ахлактык кабылдоолор бала кезден башталып, турмуштун агымында акырындык менен адеп-ахлактык түшүнүктөргө айланат. Абайдын балалык кезинде намыстуулук, уяттуулук, боорукерлик сапаттарынын калыптанышына апасы Уулжандын, чоң энеси Зиренин таасири зор болгонун белгилөө зарыл. Бала кездеги адеп-ахлактык сезимдер, тарбиялуулук руханий тазалыктын башаты болуп эсептелет. Руханий башаты таза адамда адепахлактык түшүнүктөр бара-бара ички керектөөгө айланары, руханий жан дүйнөсүнүн калыптануусу дал ушул сезимдерден башталары дүйнөнүн белгилүү психологдору, педагогдору тарабынан эчак белгиленген. Боорукерлик, улууну урматтоо, элдин салтын сыйлоо, ар намыстуу жашоо, адилет болуу түшүнүктөрү Абайдын жан дүйнөсүнө терең уялап, аны руханий жактан күчтөнтүп тургандыктан, ал атасы Кунанбайдын өз элине кылган зордукчул мамилесине тике каршы чыга алган. Турмуш жолунда ар кандай кыйынчылыктардан өтүүдө инсанга адеп-ахлактык идеалдар өзгөчө шык, дем берет. Абай Пушкиндин чыгармаларынан кандай таасир алгандыгы, «Татьянанын катын» ыр кылып казакча ырдап чыкканы, тез эле бул ыр бүт элге дайын болгону романда жакшы берилген. Орус тилин билгендиги Абайдын классикалык чыгармалар менен таанышууга, алардан улуу ойлорду, жаңы көз караштарды алгандыгы турмуш чындыгы. Бирок, Абайдын жан дүйнөсүнүн азыгы казак элинин элдик оозеки чыгармалары, казак элинин ой мүдөөсү экендигин да баса белгилөө зарыл. «Абай медреседе окуган жылдарында араб, иран, түрк акындарынын ырларын кызыгуу менен окуган. Диний фанаттардын курчоосундагы тумчуктурган атмосферадан ал өзүнүн сезимтал акылы, аракети менен чыгыш классиктеринин чыгармаларын үйрөнүүгө, улуттук жана дүйнөлүк классикага умтулган» деп жазган Мухтар Ауэзов. (Улуу акын-агартуучу - Абай Кунанбаев. 19-кылымдын экинчи жарымындагы Казакстандын маданияты.www/google.кz) Абай казак, кыргызга өз кезегинде кара кылды как жарган калыстыгы менен, таамай сөзү менен терең акылы менен таанылган адам болгон. Өзү жашаган чалкеш замандын жүгүн, элдин тагдырын өз мойнуна алган, руху күчтүү инсан болгон. Муну окуучуларга жеткирүү үчүн, Абайды чыгарманын башкы каарманы катары гана, идеалдаштырылган каарман катары таанып калбасы үчүн, мугалимге романдын алкагынан чыгып, Абайдын айрым даанышмандык менен айткан саптарын тааныштырып, талдатып көрүү ашыкбаштык кылбас. Мисалы, Абайдын айткандары төмөнкү афоризмге айланып, азыркы күндө да абдан актуалдуулукка ээ. Акыл, илим, эрк, абийир гана адамды бийик кылат.Башкача бийик болом деп акылсыз гана ойлонот. Эмгек –ырыскы, жалкоолук- жардылык Адам санындагы эң начар адам - аракетсиз адам.