
— Эй токто! Бүгүн кайсыл күн экенин билесиңби ыя?
— Билем, 14-февраль, күнгө бейшемби.
— Пайшамба десең өлө сексуалдуу угулат.
— Пай-шам-ба, чо то не звучит. Жети күндө келе берип жешилип бүткөн окшойт.
— А 14-февраль ыйык Валентиндин сүйүшкөндөр үчүн күнү десеңчи?
— Чубалжыйт ко тимеле.
— Чубалжыса да жылдын эң кыска күнү ушул.
— Кандайча?
— Эң жыргал кез — эң кыска кез.
— Заматта жыргатам дечи.
— Дароо! Көрүшөсүң, сүйлөшөсүң, өбүшөсүң.
— Сутенер болуп иштейт окшойсуң ээ ушу сен.
— Мен деген сүйүү күнүмүн?
— Ыя де.
— Не кыл дейсиң анда?
— Жөнө!
— Каякка?
— Сүйгөнүңө.
— Сүйгөнүм да, сүйүүм да жок менин.
— Тоок сүйүүң да жокпу?
— Ммм… Бар болчу. Тияктачы… Чуйский менен барып Советскийден солго бурулгандачы…
— Кеттик анда 108 менен…
— Оозуңа таш! Сүйүү күнүмүн деп эле сүйлөй бересиңби?
— Оо, эмнеле сүйгөнүм жок деп атат десем, көрсө жүрөгүң жок турбайбы. Коркпо, 108-маршрут СИЗОго барбайт. Циркке барат.
— Ишке бараткан кишини цирк-мирк деп азгырып, уятың жок окшойт ушу сенин.
— Менде азыр уят да жок, көз да жок… мага айланган баш менен өрттөнгөн жүрөк гана керек.
— Менде андай баш менен жүрөк жок, башкаларга бар…
— Сүйүү деген өзү демократ, жаш-карыны, кедей-байды карабайт дегенди уккан жок белең. Андыктан бүгүнкү Сүйүү күнүмдө бир да киши калбай жалпы майрамдашы керек. Кеттикпи?
— Кайдагы майрам, календерда капкара болуп турсаң?
— Эми силерди майрамдатыш үчүн сөзсүз эле календарды канжалата коюшум керекпи?
— Омээй, сен чоң муштум дагысыңбы?
— Ананчы, эртең балнийсага барсаң менден түндө токмок жегендердин толтурасын көрөсүң.
— Ыя! Сенден алыс болуш керек экен анда.
— Менден алыс болуш үчүн аялдардан алыс болушуң керек. Көңүл ачууга шылтоо таап берсе шылкыйган сени көрдүм. Ушу сен эркек элесиңби?
— Эркек элемин. Аялдар коллективи мага анан бүт эркектер коллективине эркектер күнүнө карата бадарке даярдап атышат, билсең.
— Хе, ошол да эркектердин майрамыбы? Ал советский армияныкы. Чыныгы эркектердин майрамы менмин! Акча, аял, арак… Оо жыргал.
— Жыйырма үчүнө сөз тийгизбе, эй. Ал күндү календарда кызыл кылыш үчүн аталарыбыз канчалаган кызыл-кыргын кармаштарда кырчылдашкан.
— Хе мени ойлоп таап, силерге импорттогон аталарым деле мени кызыл кийинтиш үчүн кызылдай акчаларын аяшпайт. Кийин көрөсүңөр.
— Глобализация дечи. Бирок мунуңар өтпөйт. Кантсе да бизди мусулман өлкөсү дейт.
— Мусулман өлкөсүңбү, бузулган өлкөсүңбү — глобализациянын алдында алсызсыңар. Кыпкызыл кийген кылыктанган жапжаш кыз болуп жолукканымда аргасыздан «ай ля вю» деген бойдон артымдан чуркайсың. Ага чейин кош бол!