АРКАБАЕВ Кубаныч: КУБАНЫЧБЕК АРКАБАЕВ: ЙЕВОЛЮЩИЯ КҮНҮНДӨ

Мандалактар гүл аччу март деген ушул айдын аягындагы кайсы бир күнү чоң олжого туйтунган майрамыңды  маң болгон башыңа келтирип- келтире албай базарга баратып капыстан “каң” эттире бир нерсени сүзүп алып карасаң:  “Элдик революция майрамың менен!” – деген куттуктоосу мандалак гүлдөр менен кооздолгон саргайган кагаз илинген мамы турган болот. Маң болгон башыңды жерден ала албай баратып мал сымал жолдон чыгып кеткениңди биле калган сен да ага:

— Майрамың менен, — деп келип ким бирөөнү сөгөрүңдү же куттуктарыңды билбей калганыңда маңдайыңдан морадёрлош досуң чыга калат.

— Майрамың менен! Кандай жаңылык? – дейт ал.

Сен үнсүз гана катының жазып берген азык-түлүк тизмесин көрсөтөсүң.

— Ооуу!  Ушунча өсүшпү! – дейт ал одүйнөдөн жаңы тирилип келе калгансып.

— Ушунча, — дейсиң сабырың суз.

— Карачы эй, биздин йеволющиянын баасынын өсүшүн! Кантип кубанбай жүрөсүң эй?! Давай, майлаш керек, майрамдаш керек! – деп келип чөнтөгүнө кол сала берип, акырын шыбырайт:

— Аа… арак ордундабы?

— Ооба-а, арак ордунда эле, — дейсиң сен жакшы жашоого үмүтүң шашкан бойдон келип.

— Кеттик анда, — дейт ал Ленин атача алдыны сая көргөзүп.

Ошол күүңөр менен “Элдик” деген чоң дүкөнгө кирип барып канча бир жыл мурунку сүр менен:

— Силер ким мененсиңер?! – деп сураганыңарда  алар да ошончо жыл мурунку коркунучтарында:

— Биз эл мененбиз… — дешип бүжүрөй калышат.

— Куйгула анда, — деп бурк эте буйрук берип жиберип, анан эсине келе калган досуң кайра эле ушул учурга учуп түшүп: — Эже, бир арак берип коюңузчу, — дейт…

Ошону менен ак үйдү алганыңар үчүн аласыңар. «Бетаны»  алганыңар үчүн, «Гоин», «Гранд», «Плаза» жана башкаларды алган баатырдык жүрүшүңөр үчүн аласыңар, анан алардан алган олжолоруңар үчүн аласыңар, дагы аласыңар… Бир кезде эле эсиңе келе калсаң:  “Бара жатат морадёрлор басып ар кай жактардан!” — деген эскинин жаңысы ырды созгон бойдон үйүңө жеткени калган болосуң. Ошондо адамдык туюм болбосо да айбандык инстинкт менен сактана түшөсүң да “катынга билгизбеш керек” – деген ой менен үйүңө жылып кирип, диванга чалкалай кетесиң.

Аа өзүңдүн ошол жылкы йеволющияңдан алган энчиң болгон тилибизоруңда, ААА акеңдин ошондо таштап кеткен уйкулугундай болгон тилибизоруңда, Ба байкеңдин базарлыгындай болгон тилибизоруңда дыйкан чалыш бирөө:

— Ушунча жыл мурун мандалак айдадык эле: түшүмү турмак түгү жок, — десе экинчи бир галстукчаны:

— Эй келесоо, мандалак деген гүл ачары менен түп байлайт, 24 түнү эмне текей терип жүрдүң беле? – десе беркиниси:

— Бизде төңкөрүш эле болгон үчүн анын жеңишин тең көрүш болбой калды, — деп саргарган берекелүү тишин соруп-соруп алса, беркиси галстугу аркылуу курсагын сылай берип:

— Бизде ыңкылап болгон, ыңкылап!.. – деп ынтылат.

Комузу жок же кооз добушу жок бул айтышка бүгүнкү козголгон ыңкылапчыл жиниң келип, жан жагыңда жаткан пультемотту ала калып башка каналга тилибизорду төңкөрүлтө атасың. А аякта… аякта да чамгарактаган бирөөлөрдүн:

– Сен куйрук!

— Жок, сен куйруксуң! — деген талашы болуп аткан болот. Жиниң ого бетер келип пультемот менен чайкап жибергениңде андагы ОРТ, КТР, РТР деген ааламдар баш болгон бүт дүйнөлөр көңтөрүлүп, төңкөрүлүп эле жатып калат. Өзүңө сразы ыраазы болгонуңча болбой жан жагыңдан катыныңдын үнү эшитилет:

— Табак менен экини жейсиңби же көмөч казан менен эле бере берейинби?

Диванга тамак алып келип эч качан бербеген аялыңа эреркей түшүп, бирок билгизбей эркектик каадаң менен корс этип:

— Бере бер көмөчтан менен эле, — деп оозуңду жыйып алгыча көзүңдөн от чагылыша түшөт. Оо, далайда барып эсиңе келсең маңдайыңда бир колунда табак, бир колуна көмөчтан алган аялың турган болот…

Жыйырма төртүнчү март Йеволющия күнүң менен!