АРКАБАЕВ Кубаныч: КУБАНЫЧБЕК АРКАБАЕВ: ЭХЖЫРГАЛ МЕНЕН ӨХӨЛДҮКТҮН АЙТЫШЫ

— Эй ким айтты эле «Кыргыздын төрөлгөнү да той, өлгөнү да той, а ошол экөөнүн ортосундагысы болсо кызылдай кыйноо же трагикомедиялуу кино» деп? Кайсы бир тапанбы же эмгекчил жапанбы? Эх ким айтса да ошол Кудайдын оозунан уурдап албаган болсо экен. Болбосо…

— Хе, эмне болбосо? Баягы пессимизмиңди кайра баштадыңбы? Эй ойлонсоң, бир эле киши өлүп атат, калгандар түгөл бойдон тойлоп атат. Бирөө эле төрөлсө канчалаган той бизде?

— Кеп ошондо болуп атпайбы. Тиги экөө эч нерсе билбей уктап жата беришет, берки узаткандар менен тосуп алгандардын эле шору болуп атпайбы.

— Тою де эй!

— Шору!

— Өлгөндүн өз шору дейт!

— Көмгөндүн да чоң шору билсең!

— Өлгөн жакшы болсо өлө бер. Катыныңа элүү сом ыража берип кара ашыңды жеп кете беребиз.

— Элүү сом ыража берип, элүү миң сом кража кылам дечи.

— Бул тирүүлөрдүн иши, өлгөндөр ишиңер болбосун.

— Омээй эй, өлтүрүп жибердиңби мени бат эле?

— Сага көмгөндөн өлгөн көбүрөк жакса өлтүрөм да.

— Давай эй, мүңкүрөбөй башты көтөрүп жашачы. Жашоонун өзү майрам.

— Майрам, майрам… Майрам эле көп бизде. Деги качан иштейбиз. Жашообуз болсо эптеп-септеп, жупуну.

— Зато дүйнөдөгү эң кооз календарь биздики. Буюрса.

— Эмне буюрса?

— Буюрса, дагы бир топ майрамдарды ойлоп таап алсак анан жашообуз кызык күндөргө толуп, календарыбыз кыздын көйнөгүндөй кооз болуп жыргайт элек. Тойлорубуз деги жетиштүү…

— Майрамга маарыйт экенбиз да.

— Эй майрамдар эмнеге керек экенин эмдигиче билбейсиңби? Майрамдар деген сендей жашоонун жыргалын билбеген ылдый баштар үчүн ойлонулуп табылган билсең. Керек болсо жылдын ар бир күнүнө бирден майрам ойлоп табыш керек.

— Көңүлүң чөгүп, курсагың курулдап турса көчө майрамдарынан кайсыл шаң да, эмне шам? Биз азыр курулай шаан-шөкөттөн качышыбыз керек.

— Качыш керек? Воо идея! Сендейлер үчүн майрам ойлоп таптым. Майрамдан качкандардын майрамы деген, майрамың менен дос!

— Какшыгыңды койчу. Көңүлдө эки миллиарддан ашык карыз жазылып турса каяктагы майрам?

— Эхээ, мүңкүрөгүм ал карызды көңүлдөн өчүрүштүн жолун менден сурабайсыңбы?

— Мен деле билем аны бизге иштеш керек, жеп ичпеш керек.

— Өмүрдөн өчүрүш үчүн иштешиң керек, көңүлдөн өчүрүш үчүн жүз грамм баса куюп ич дешим керек. Болду, андан ары майрамдын этегине эрмешип кете бересиң. Ойгонсоң көңүлүңдөгү эки миллиардды доочулар кечиришсе деген ойдон из да калбай, кошуналар жүз грамм ичиришсе деген гана ой калган болот.

— Эх жасалма майрам, жасалма арак, курулай шаан-шөкөт, качан бир нукура көңүлдөргө жаз берген майрам болот ыя?

— Эй, жаз дейсиңби? Жаз келбедиби. Анын келгенин сага окшогон ылдый баш эле байкаган жок.  Анан анын келишинен тоодогу кардан жасалган кишилер менен бул кезде саясый тоң эричү эле деп санааркаган бийликтегилер эле коркпосо  элдин бары кубанып жүрүшөт.

— Ыя, жаз келдиби? Чындап элеби?.. Күндү тоспой мындай турчу, өлбөгөн жанды жазга жеткирген төрт шыйракты күнгө кактап алайын…