АСАНБЕК Жетиген: ТАМСИЛ: ЭЗОПТУН ЭКМЕТТЕРИ

Балыкчы

Бир балыкчы дарыядан балык уулоочу экен. Бир күнү торун бир жээктен бир жээкке тартып коюп, балыктарды чочутуш үчүн аркандын учуна таш байлап аны менен сууну шапшый баштайт. Чочуган балык качам деп туш-тарапка сүзүп атып, торго түшүп калса деген ою эле. Муну көргөн тургундардын бири элге таза суу ичирбей сууну ылайлатып жатканы үчүн жемелесе, балыкчы: «Сууну ылайлатпасам, ачкадан өлбөймбү”, – деп жооп берген экен.

Мамлекеттин митаам аткаминерлери да так эле ушундай, мекенинин чаң-будуңун чыгарып турганда гана эң жакшы жашашат.   

 

Киши өлтүрүүчү

Бир адам киши өлтүрүп, өлгөн кишинин туугандары анын артынан сая түшөт. Качып барып Нил дарыясынын боюна келсе, карышкыр капташат. Коркконунан дарыянын үстүнө жайылып өскөн бакка чыга качып, жашынып калат. Бирок ал жерде да бутакка оролуп, жылан турганын көрөт. Айласы кеткен ал сууга секирет, анда да аны крокодил кайтарып тургандай тосуп алып, мойсоп койгон экен.

Бул тамсил кишинин канынан забын болгон адамга жер да, аба да, суу да башпаана болбостугун көрсөтөт. 

Өгүздөр жана араба

Өгүздөр араба тартып баратышса, араба “кыйч-куйч” этет. Анда өгүздөр арабага бурулуп: “Тартканын биз тарталы, онтогонун сен онтойсуңбу? Ой, сен десе!” – дешкен экен.

Кээ бир адамдар да ушундай: оорчулукту башкалар көтөрөт, а өздөрү болсо кыйналган түр көрсөтүп гана турушат.

Кожойке жана малайлар

Бир мээнеткеч жесирдин малайлары бар эле, ар түнү короз үнү чыкса эле малайларын ойготуп, ишке салчу экен. Тыным албай иштегенден жадаган малайлар корозду өлтүрүп, салууну чечишти. Балээнин баары ошондо, түнү кожойкени ойготкон ошол дешти алар. Бирок алар корозду өлтүргөндө, аларга ого бетер жаман болду: кожойке түндүн кайсы маалы экенин билбей, короз кыйкыргандан да эрте ойгото баштады.

Ушинтип көп адамдардын өздөрүнүн куулугу өздөрүнө кылтак болот.   

Которгон Жетиген АСАНБЕК