АСАНОВА Үмүт: СОКРАТ, ПЛАТОН ЖАНА БИЗ

— Дүйнөдө нечен деген залкар ойчулдар өткөн! Чыгыштан да, Батыштан да! А эмне үчүн Платон?

— Себеби, улуу америкалык ойчул жана жазуучу Ральф Эмерсон айткандай: “Бүт философия, бул – Платон жана Платон, бул – бүт философия.

— Демек, философияда кандай гана багыттар өнүкпөсүн, Платондун чыгармаларында ошонун баары чагылдырылган турбайбы!

— Так ошондой. Платондун чыгармалары драма, диалогдор турүндө берилгенине карабастан, андан биз метафизика, гносеология, онтология, эстетика, этика, саясый философия, аксеология, герменевтика, экзистенциализм, психология, прагматизм, жада калса Фрейддин психоанализин да табалабыз.

— Платондун бүт чыгармаларында, а алар болсо баары диалог түрүндө берилген, негизги каарманы Сократ эмеспи, туурабы?

— Туура, Сократ, бул – улуу даанышман, ойлорун жазчу эмес экен да, анын ойлорун Платон жазып жатпайбы… Эмне деген бийиктик! Менин ойлорум эмес, мугалимимдин ойлору деп! Платон Сократка ушундай баа жеткис  Эстелик курду!

— Ошону менен бирге Сократтын айткан ойлору — Платондун да ойлору да! Эмне үчүн Платон жана башка ошол убакыттагы философтор – софисттер, алардын ичинде Протагор, Федон, Антисфен, Горгиас, Тиммей жана ошол убакыттагы башка көптөгөн философтор, Сократты ушунчалы баалашып, сүйүшчү эле?

— Алар – Сократтагы эң жакшы жагын – анын даанышмандуулугунун карапайымдыгын жакшы көргөн. Ал “Мен – даанышман, акылман эмесмин, мен – ошол акылмандуулуктун изденүүчүсүмүн”, – деп айтчу экен.

— Туура, Делфидеги оракул Сократка “Сен – баарынан акылдуусуң” деп аян бергенине карабай, аны агностицизмдин жактоосу гана деп түшүнгөн. “Мен бир гана нерсени билем – бул эч нерсени билбегеним” деген айтымды философиянын башаты катары санаган жана аны ар дайым айтып келген.

— Философия, чындыгында качан башталат? Качан гана калыптанып калган ишенимдерди, догмаларды күнөм саноо менен караганда. Ошон үчүн латиняндардын De Omnibus Dubitantum! “Де Омнибус Дубитантум” (Илимде баарына күнөм  саноо менен кара) деген илимий девизи эске келет…

— Мына ушундан улам Сократ бизге, анын келечек урпактарына багыттаган негизги айтымын унутпайлы: Акыл өзүн өзү изилдемейинче накта философия өкүм сүрө албайт. Ал ар дайым Делфидеги жазылган айтымды кайталайт, бул айтым анын турмушунун маңызы болуп келет – “Өзүңдү өзүң бил”.

— Сократтан мурунку философия материалисттик болуп, дүйнөнүн алгачкы элементтери – жер, от, суу, ар кандай заттар болуп эсептелгенин баарыбыз билебиз. Бирок Сократ философтор үчүн ошол бак, таш, керек болсо жылдыздардан да маанилүү нерсе бар дейт. Ал – адамдын Акылы. Сократ койгон суроолордун эң негизгилери – Адам деген эмне? Жана ал эмне боло алат?

—  Ошон үчүн Сократ адамдын жаны жөнүндө айтат, өмүр, өлүм деген эмне? Ар намыс, абийир, ыйман, патриотизм, адилеттүүлүк  деген эмне? Сендеги Сен ким? Өзүңдү ача алдыңбы өзүңө? Мына ушулардан башталат эмеспи – даңазалуу Сократтык метод деген түшүнүк… Шашпатуура ойлонаныктаманы  абайлап жасаайкынтаза ойлонтуура анализ бер – мына анын негизги жоболору .

— Сократ жооп бергенге караганда, суроолорун көп берген, суроолору менен адамды мурункудан бетер түйшөлткөн. Ошонусу менен бирге, мурас катары эки эң татаал маселелерге туура, так жана толук жооп бергени маалым. Булар: изгиликтин, башкача айтканда, жакшылыктын мааниси эмнеде? Жана  Мамлекеттин баарынан жакшысы кандай? Мына ушул суроолорго жооп бергени Сократка өлүм жана түбөлүктүүлүктү алып келбедиби.

— Сократтын өз диний ишеними бар эле: ал ошол көп кудайлуулук заманда – бир Кудайга ишенген жана өлүм аны таптакыр жокко чыгарбоосуна үмүттөнгөн. Платондун “Федон” деген чыгармасынан билебиз, Сократка жаш кезинде аян берилип, музага өзүңдүн турмушуңду арна дегенде “Музанын музасы – бул философия ” деп бүт өмүрүн философияга арнаган.

— Жандын түбөлүктүүлүгүн даңазалап, жакшы адамдын жаны ал өлгөндөн кийин оңго, анан бийиктикке, өйдөгө кетет, ал эми жаман адамдын жаны – солго жана төмөн, жердин астына кетет дегени  баарыбызга кантип таасир бербесин? Бул 24 кылым мурун, али христианчылык да, ислам да пайда боло элек заман болгон… Өлүм жөнүндө ар мүнөт сайын ойлонуп, жашоонун кадырын билиш, жан жөнүндө, бул дүйнөдөгү анын негизги жумушу – дененин бүтпөгөн каалоолорунан тазаланыш,  Кудайга умтулуш деп Сократтын айтканын, биз, болочок философтор, эстен чыгарбашыбыз керек ко…

— Эсиңердеби – аккуулурдын ыры – бул дүйнө менен коштошуп, Эгесине кетип жатканын даңазалаган, алардын акыркы ыры да…

— Ошол жүрөккө жакын ажайып сонундар, башкача айтканда, философия, эки эң негизги нерсени билдирет: биринчиси – айкын, таза ойлонуу, муну – метафизика дейбиз, экинчиси – даанышмандуулук, акылмандуулук менен мамлекетти бийлөө, муну – саясат дейбиз дейт Платон. Биздин элитабызга жаш чагынан – айкын ойлонгонду үйрөтүшүбүз керек жана ошон үчүн биз Идеялар жөнүндө анын Доктринасын окушубуз керек.

— Идеалдар ушунчалык керек дейт Платон, себеби биз оюбуз менен каалаган  келечегибиздин сүрөтүн тартсак, аны максат катары көрсөк, ага ар дайым жетебиз деп аракеттенебиз, ошонун чети деле ишке ашса, кандай сонун болот! Адам – бул Утопияларды жараткан жаныбар, – дейт эмеспи Платон!

— Идеалдуу коом жөнүндө да ошондой айтсак болот. Биз турмушта жок нерсени каалайбыз жана ага жеткенге тырышабыз. Адамга кыялдануу керек. Икарустун түшүндө адамга канат пайда болуп, учканга жөндөмдүү болуп калгандай, ошондой эле жогоруда айтылгандай, атайын даярдалган накта философтор гана башкарган идеалдуу мамлекет бир күнү жердин картасына пайда болот деп ишенет Платон.

— “Кандай улгайышты аз сандагы гана адамдар билет”  деп айткан экен француз ойчул Ларошфуко. Платон билген: ал Солондой окуган жана Сократтай окуткан. Аракетчил жаштарга көз болгон жана жолдошторунун интеллектуалдык сүйүүсүн  тапкан. Себеби окуучулар аны сүйгөн жана ал да окуучуларын сүйгөн. Аларга Платон дос, алардын сүйүктүү акылманы жана башчысы да болгон.

— Окуучуларынын бирөө үйлөнүү тоюна даанышман агайын чакырат. Платон келет. Чачтарын ак баскан 80 жаштын бай тажрыйбасына ээ болгон карыя философ жаш окуучулары менен чогуу сүйүнүп, чарчаганда акырын жумшак отургучка олтуруп куш уйкуга кетет. Эртең менен майрам бүткөндө, Платонду ойготолук деп келген жаштар аны түн арасында куш уйкудан түбөлүк уйкуга кеткенине күбө болушат.

— Бүт Афиналыктар аны мүрзөсүнө чейин коштоп барышат…

Рух тазалыгына, жүрөктүн эрдигине, жаныбыздын бийиктигине бизди шыктандырган  улуу даанышмандарыбызга таазим этебиз!

Которгон жана импровизация түрүндө жазган Үмүт АСАНОВА

Философия илиминин доктору Ү.Асановадан кошумча:Бул импровизациянын негизинде белгилүү америкалык философия тарыхчысы Уил Дьюранттын китебинен алынган ойлордун англисчеден алынган котормолору (Will Durant. The Story of Philosophy. –N.Y., 1928).

2014-жылы Философия күнүнө арнап «Кыргыз-Түрк Манас» университетинин философия бөлүмүнүн 1-2-курстарынын студенттери менен даярдап, сахнага алып чыккан элек. Импровизация абдан жакшы маанай менен кабыл алынган. Классикалык музыка менен коштолуп, залда отургандарга жаңы ойлор, жаңы сезимдер пайда болгондур деген үмүтүм чоң эле. Студенттерим баарын жүрөктөрү менен кабыл алып жатташып, бийик сезимдери менен айтып беришкен эле… Балким, айрымдарыңар жогоруда келтиргендерди капысынан окуп, дагы бир жолу таза философиялык кыялданууда болорсуңар, менин ушунча жакшы көргөн студенттерим…

Африкада жүрүп, силерди көптөгөн ыраазычылык менен эстедим… Уланбү, Калия, Нурсултан, Айдана, Жоомарт, Дастан, Гүлкайыр, Дилмурат, Асылбүбү, түркиялык студенттерим – Селим жана Ибрахим… Жүрөгүңөр менен айткан улуу ойчулдар жөнүндө сөздөр ар дайым эсиңерде сакталып, силерге дем берип жүргөнүнө мен ишенем…