АСАНОВА Үмүт: ҮМҮТ АСАНОВА: ТАЗА АҢ-СЕЗИМ ЖАНА БЕКЕМ ҮЙ-БҮЛӨ – БЕКЕМ МАМЛЕКЕТ

«Ар бир нике мамлекеттин керегине жараш керек»
(Платон)

Япондук аялга кайрылып, суроо беришет: — Сиз эмне үчүн мамлекеттик жумуштарда иштегенге аракет жасабайсыз?  

Япондук аял жооп берет:

— Анда балдарымды, күйөөмдү  ким карайт? Мен өзүмдү да жакшы алып жүргөнүмө убакытым да, чолом да жетпей калат да… 

«Ар бир бактылуу үй-бүлө бири-бирине окшош, бактысыз үй-бүлөлөр өз алдынча бактысыз» деп жазган улуу орус жазуучусу Лев Толстой. Бактылуу же бактысыз үй-бүлө деген түшүнүктөрдүн көрсөткүчтөрүнө эмнени киргизебиз? “Бактылуу үй-бүлө” деген аныктама кулакка жагымдуу, кайсы бир үй-бүлөгө кайрылып, аны колдонсок, ал үй-бүлө мүчөлөрүнүн көңүлүн көтөрөбүз, дагы да жакшы маанай жаратабыз, дагы да жакшырууга болгон потенциалдарын көтөрөбүз. “Бактысыз үй-бүлө” деген түшүнүктү өтө этият менен колдонушубуз абзел. Көркөм чыгармаларда (Толстой колдонгондой) буларды колдонсо, эч кимге тиешеси жок, турмуштун айтылуу чөйрөлөрүнүн жалпы бир көркөм чагылдыруусу катары кабыл алынса болот.

Дегеле үй-бүлө жөнүндө илим – өтө татаал, көп кырдуу, көп илимдердин багыттарын байланыштыруучу изилдөөлөрдү талап кылган комплекстүү илим десек болот. Үй-бүлө экономикасы, психологиясы, генеалогиясы, саясаты, идеологиясы, этикасы, эстетикасы, социологиясы, философиясы деп ар кандай илимдердин көз караштарында айтылуу маселени чагылдырсак болот. Ал эми алардын ичинде жогоруда белгилегендей – аныктоо маселелери турат: бактылуу-бактысыз, конфликттүү-конфликтсиз, бай-кедей, туруктуу-туруксуз ж.б. жана алардын көрсөткүчтөрүн белгилөө менен бирге – себептерин ачуу маселелери турат. Мына ушул максатта биз коом, анын экономикасы, саясаты, билим берүү системасы, дегеле өнүгүү деңгээли менен байланыштырганга мажбурбуз.

Байыркы гректер айткан экен: Бүт заттардын өлчөмү – Адам. Адамдын өнүгүү деңгээлине, билим сапатына, адамдык касиеттерине, дүйнөгө болгон көз караштарына, руханий бийиктигине, тазалыгына жараша биз коом жөнүндө айтабыз. Адам болсо тигил же бул улутка, элге таандык болот. Демек, тигил же бул адам  —  улуттун, элдин күзгүсү, Адам – мамлекетте жашайт. Демек, адам – ошол мамлекеттин көрсөткүчү.  Адам – үй-бүлөдө төрөлөт, үй-бүлөдөн алгачкы билимин, сезимдерин, түшүнүктөрүн, айлана-чөйрөгө болгон көз караштарын калыптайт. Адам жашоого болгон демди үй-бүлөдөн алат – ишенимди, күчтү, үмүттү. Үй-бүлөнүн сапатына жараша мамлекеттин сапаты келип чыгат. Байкасак, дүйнөлүк картада үй-бүлөлөрдүн туруктуулугуна, бекемдигине жараша күчтүү мамлекеттер өкүм сүрөт. Үй-бүлөлүк туруктуулук, бекемдик деп эмнени айтабыз?  Үй-бүлөнүн чордонун түзгөн жубайлардын бири бирине жасаган таза мамиленин, балдар үчүн булар ата-эне болгон адамдардын аларга жасаган камкор, башкаларга жоопкерчиликтүү жана ишенимдүү мамилелеринин негизинде гана үй бүлөнүн касиети түзүлөт.

Байкасак, тарыхта аттары калган адамдардык дээрлик көпчүлүгү – жакшы үй-бүлөдөн чыккан жана чыгууда. Энелери үй тиричилик, баланы багуу, күйөөлөрүнө кам көрүү менен алек болот мындай үй-бүлөлөрдө. Энелердин жеке кызыкчылыгында үй бүлөсү, балдары, күйөөсү, алардын бакубаттуулугу, ден соолугунун бекемдиги, үйдүн тазалыгы, даамдуу тамактангандыгы, кийим-кечеси ар дайым жуулуп, таза болгондугу жатат. Алардын ар бир кыймыл-аракетинде, мамилесинде энелик, жубайлык сүйүү (мээримдүүлүк, боорукерлик, баарын байкагандык, этияттык, кам көрүү) өкүм сүрөт.

Мындай үй-бүлөлөрдө Эне, чындыгында, ар убакыт мажбурланбаган, тескерисинче, терең табигый сүйүүдөн жаралганы үчүн – өзүн өзү курмандыкка чалууда. Мындай үй бүлөлөрдө Ата да өзүнүн табигый аталык, жубайлык функциясын жоопкерчиликтүү, таза, бийик аткарууда. Мындай үй-бүлөлөрдө эч качан жасалмалуулук байкалбайт. Мына, таза үй бүлө деп биз ушуну айтабыз.  Ата, атадай, эркектей күчтүү, эрктүү, камкор, үй-бүлөсү үчүн жоопкерчиликтүү. Бул эмнеге болгон жоопкерчилик? Эң оболу, алган аялы үчүн, анын жакшы (тынч, ток, дени сак, канагаттанган) жашоосун түзүү үчүн, балдары үчүн (алардын билим деңгээли, тарбиясы, келечеги) үчүн жоопкерчилиги.

Эркектин да, аялдын да коомдун алдындагы жоопкерчилиги – үй-бүлөнүн алдындагы жоопкерчилик деп баса белгилейбиз. Бул бийик сезим – табигый да, үй-бүлө, адамдын өзү тарабынан тарбияланган коомдук да сезим. Бул жоопкерчилик сезим – үй-бүлөдөн, анда өкүм сүргөн мамилелерден башталат. Бүгүнкү Ата – кечээки Бала. Бала кезиндеги жакшы Атанын тарбиясын көргөн адам эч качан жоопкерчиликсиз болбойт. Бүгүнкү Эне – кечээки Кыз. Бала кезиндеги жакшы Эненин тарбиясын көргөн Кыз эч качан жоопкерчиликсиз болбойт. Табигый, генетикалык эс тутум мыйзамы да, тарбия, коомдук факторлордун да иштегенин көрөбүз бул жерде.

Бирок мындай таза, бекем үй-бүлөлөрдү кантип түзсө болот? Азыркы ааламдаштырылып жаткан замандын да, Совет коомунда улуттук баалуулуктар жокко чыгарылып жаткан маалынын да натыйжасында өскөн жаштардын, жалпысынан, коомчулуктун үй-бүлөгө болгон мамилеси түп тамыры менен өзгөрүүдө. Үй-бүлөлөр тез курулуп, тез ажырашып жатканда, таштанды балдар күндөн күнгө көбөйүп жаткан мезгилде, үй-бүлөлүк конфликттер өсүп жаткан мезгилде, жалпысынан “таза жана бекем үй-бүлө” жөнүндө кеп кылуу менен чектөө “интеллектуалдык ыйманга” таптакыр жатпайт деп баса белгилейбиз.

Тескерисинче, биз, илимпоздор, бул кризистүү абалдын себеп, тамырларын издегенге жана тапканга аракет кылып, ошол себептерди кандай жолдор менен же азайтып, же жокко чыгарыш керек деген маселени козгошубуз абзел. Себеби, үй-бүлө чөйрөсүндө өкүм сүргөн абал – бир жагынан, мамлекетте өкүм сүргөн абалды күзгүдөй чагылдырат, экинчи жагынан, мамлекет дагы үй-бүлөнүн абалынын чагылдыруусу десек жаңылышпайбыз. Мамлекеттин экономикалык, саясый, этикалык, экологиялык, психологиялык, укуктук кризисин түздөн түз үй-бүлө абалынан байкайбыз.

Албетте, мамлекет оңолсо, үй-бүлө оңолот, үй-бүлө оңолсо, мамлекет оңолот, бекемделет деген методологиялык тезис менен чектелбей, үй-бүлө көйгөйлөрүн чечкенге аракет кылалык. Себеби, башка дагы методологиялык көз карашты бул жерде биз тартуулайбыз. Бул эмне деген көз караш, эмне деген философия? Мурунку материалисттик философияда – аң-сезимди турмуш шарттары калыптайт, аң-сезим, духту материя, жаратылыш калыптайт деген принцип жатат. Материалисттик философияда – элдин кызыкчылыгы үстөмдүк кылынат, жеке инсандын кызыкчылыгы четке кагылат.

Ал эми күнүмдүк турмушубуз ар бир мисалында көргөзүп жатат: Жок, адам өзү өзүнүн тагдырына ээ, турмушу анын  аң-сезимине (билим деңгээлине, сезим сапаттарына, адамдык касиетине) жараша болууда. Өзүнүн эрки, күчү менен, инсандык касиеттери менен ал турмушту жеңет!  Адамдын руху, аң-сезими, эрки, каалоолору, кызыкчылыктары үстөмдүү экенине акыркы 20 жылда күбөбүз! Мурунку материалисттик философия адамдын инсандык касиеттерине балта чапкан десек жаңылышпайбыз.

Эмне үчүн? Себеби, айлап-жылдап бүт массалык маалымат каражаттары аркылуу, билим берүү институттары аркылуу, бул идеология эртеден кечке тартууланып жатып, бара-бара коомдук иждивендүүлүк, жоопкерчиликсиздик, чыгармачылыксыздык, манкурттук сезимди тарбиялап койгондугуна күбө эмеспизби? Биз бүгүн дагы ошол чоң Дөөгө айланган ички куртубуздан али ажырай элекпиз. Өзгөчө, биз, интеллектуалдык жана саясый (бийлик) чөйрөдө алектенген адамдар. Мына, ушул ойго ээ болгондон кийин, биз башында турган  бүт идеологиябызды бутуна коелук  жана күнүмдүк иш аракеттерибизде аны талыкпай тартуулайлык!

Сөз бир кана “Аң-сезим, рух, жан – биринчиликте турат, материя, жаратылыш, чөйрө экинчи ирээтте” турат деп жаңы бир лозунг катары кыйкырыш эмес, жок, кандай аң-сезим, кандай рух, кандай идея менен жакшы, дөөлөттүү, тынчтык үстөмдүк болгон, бактылуу турмушка жетсе болот деген ойду тартуулашыбыз абзел.

Мына, Совет коому кулаганда, эл жашоо үчүн болгон бүт инстинктин ишке ашырып, четке кетип, үйдө калгандар болсо бүт эркин жыйнап жашоого болгон иш-аракеттерин жасаганын көрдүк. Мурунку материализмдин кесепеттери катары, жакшы жашоо деген бул – мүлк, байлык, материалдуу нерселерге ээ болуш деген ойлордун калыптанганына жараша күрөш өкүм сүргөндүгү далил. Байлык, акча, мүлк, мал, дегеле жалаң материалдуу нерселерге жанды чабыш үстөмдүк кылганын кантип танабыз? Албетте, булар да керек, мунсуз да мүмкүн эмес турмушта.

Ушунун баары үй-бүлөнүн, эң оболу руханий курум экенине балта чабат. Көпчүлүк учурда, үй-бүлө турмушка керектүү гана, материалдык институт катары кабылданып, бара-бара анын түпкү руханий пайдубалдуулугу жоголо баштайт. Мындай максат менен курулган үй-бүлө адамды канагаттандырбайт, ал башка жерден байланыш издейт, үй-бүлөдө кир, эки жүздүү мамилелер өкүм сүрө баштайт. Көпчүлүк учурда үй-бүлөлүк зордук-зомбулук үстөмдүк кылат. Мындай үй-бүлөдө  төрөлгөн жана өстүрүлгөн балдар бузулат, терс, криминалдуу иштерин жасайт. Келечекте бул балдар да аялдарына зордук-зомбулук көрсөтө баштайт. Үй-бүлөлөр бузулат, ажырашуулар көбөйөт. Балдар же атасыз, же энесиз өсүшөт. Мына, материалисттик, жан, рух маселесин четке каккан идеология эмнеге алып келет. Бара-бара коомдун кризисине, мамлекеттин алсыраганына жол ачылат.

Биз айтабыз: коом, мамлекет – үй-бүлөдөн башталат, бирок үй-бүлө да, мамлекет да – инсандан башталат. Инсандын ич дүйнөсүнүн тазалыгы, эрктүүлүгү, терең жана бекем сүйүүгө болгон жөндөмдүүлүгү, жоопкерчиликтүүлүгү, башка адамдын ар-намысын, укуктарын сыйлай билгендиги, билимдүүлүгү, кенендиги, ар дайым өзүн өзү жакшыртууга болгон иш-аракеттери  — мына ушул касиеттер үй-бүлөнүн да, мамлекеттин да бирден бир тиреги. Мындай тазалануунун илгертен бери, кылымдан кылымга өтүп, мындай таза аң-сезимди калыптай турган технологиялар баарына маалым, бирок аларды аз гана адам колдонот. Булар – медитация, йога дем алуу жана машыгуулары, тай чи көнүгүүлөрү, буларга – чын дил менен аткарылган намаз да кирет.

Мына ушундай инсандын аң-сезимин стресстерден, депрессиядан, ар кандай коркуу  сезимдерден тазалануу процессинде жүргөн адамдарга, өзгөчө, жаштарга айтабыз: келечек жубайыңды тандай бил деп. Аң-сезими тазаланууда болгон инсандар утурумдук “сүйүүдөн” оолак болот, алар келечек жубайын тандоодо “бир туугандык” сезими пайда болгондугуна таянат. Мындай “бир туугандык” сезимдин негизинде сүйүүдө курулган үй-бүлөлөр туруктуу жана түбөлүк болуп чыгат. Мындай үй бүлөдө – балдар ачык, эч нерседен коркпогон, чыгармачыл болуп чоңоет. Албетте, муну да изилдеш керек. Кандай учурда айтылуу “бир туугандык” сезимге негизделген сүйүү өкүм сүрөт?  Чындыгында, адам башка адамды кайсы бир сапаттары үчүн сүйүп калганда, айтылуу сапаттар азайып же жокко учураганда, ал сүйүү азая баштайт же таптакыр өчөт. Анын орду толтурулбайт.

Адам үй-бүлөдө канагаттанбаган турмушту башынан өткөзө баштайт. Балдар төрөлөт. Алар да акыры бактысыз (коркок, оорукчал, эрксиз, эки жүздүү, ишенимсиз) болуп чоңоет. Бул үй-бүлө ошентип же жансыз өкүм сүрөт, же жубайлар башка жактан байланыш издей башташат. Ошентип, эки жүздүүлүк – нормага айланат. А бекем, күчтүү мамлекетке эрктүү, таза, ачык, чыгармачыл, кенен, башкара билген адам керек.  Демек, үй-бүлө сапаты түздөн-түз мамлекеттин сапатына таасирин тийгизүүдө.  Ошон үчүн биз айтабыз: Эй, Адам! Өзүңдүн тагдырыңдын да, мамлекетиңдин да тагдыры  өз колуңда!

Бактылуу болом десең, аң-сезимиңди адамзат кылымдар бою сен үчүн чыгарган технологияларды колдонуп тазала, кеңейт, стресстериңен, ооруларыңан арыл, жүрөгүңдү ааламдаштыр, улуу Сүйүүгө, Даанышмандуулукка, Билимдүүлүккө бөлөн! Ушундай гана аң-сезим абалынан келип чыгат Улуу Жоопкерчилик. Жасалмалуу эмес, табигый, чыныгы Бакытты алып келген Жоопкерчилик! Мына ошондо гана, бул макалага эпиграф катары келтирилген Платондун идеясы ишке ашат: “Ар бир нике мамлекеттин керегине жараш керек” деген!