
Биздин «Чеч-Дөбө» кеңешибиздин мүчөсү, философия илиминин доктору Үмүт Асанова учурда Түштүк Африкада жүргөнүнөн улам «РухЭш» сайтынын өтүнүчү менен окурмандарыбыз үчүн атайы жазып жөнөткөн сапар кайрыгын жарыяламакчыбыз. «Миң уккандан бир көргөн артык» деп сапар кайрык менен бирге өтө таасирдүү көз ирмемдеги фото-сүрөттөрдү жарыялоону да эп көрдүк… Көз жоосун алган Түштүк Африкадагы кооздуктарды биз менен бирге бөлүшкөндүгүңүз үчүн Сизге да терең ыраазычылык билдиребиз, ардактуу биздин Үмүт эжекебиз!
Лесотодобуз. Балдар жазгы каникулга чыкканына байланыштуу, Асел (кызым) балдарын Йоханнесбургда өтүүчү 4 күндүк балдар үчүн атайын уюштурулган йога курсуна алдын ала жаздырып койгон үчүн, ал жакка жөнөп калдык. Жума күнү жумушунан саат үчтө бошогондон кийин эле жөнөдүк. Чек арада бир топко кармалдык. Паспортторду текшерет.Балдар менен бараткандан улам алар визаларды аябай карашат. Лесотодон чыгып атканда да Түштүк Африка Республикасына кирип баратканда катуу текшеришет.


Ошентип саат төрттөн өткөндө чыгып калдык. Африкада саат 6-7лерде эле күн бата баштайт. Бат эле караңгы кирди. Жолдору укмуш. Машинелер деле көп эмес. Йоханнесбургга 5-6 сааттык жол. Жол, 2-3 саат жалаң талаа жайыгы менен өтөт. Токтобой барасың. Саат 8-9дарда Аселдин уйкусу келе баштады. Чарчады да. Таңатпай жумушка кеткен. Келери менен эле жолго чыкканбыз. Бир жерге токтоп, кичине уктай койоюн десе – талаа, токтогонго коркунучтуу. Айсыз түн. Жылдыздар да көрүнбөйт. Ошентип эптеп баратабыз. «Аселя, уктаба, уктаба» – деп мен баратам.

Бир убакта алыста жарык көрүнө баштады эле, токтотконго жолдун четине чыгып бир жер табайын деп акырындап баратса, артыбыздан эле көптөн бери бир машине келаткан, эми өтүп кетер десем – өтпөй, Асел токтоткондо, ал да артыбыздан токтотсо болобу… Коркконго да үлгүралбай калдык… «Ой, мама, полицейскийлер турбайбы!» — дегиче болбой, жаныбызга полицейский келип, саламын берип, документ сурады. Машинеси дипломатиялык номерлүү болгондуктан, машиненин ичинде мен анан кичинекей кыздар отургандыктан – жумшара түшүп: «Баятан бери бирде оңго, бирде солго кыйшалаңдап айдалып бараткандан, же мас айдап баратат, же аябай уйкусу келген кишиби деп баятан бери артыңардан түшүп, артыңардан келатам, – деди да: – Анда уктап алып, анан айдагыла», – деди жылуу жылмайуусу менен.

Мына ушундай полицейскийлер Түштүк Африкада… Ошентип, бир токтоп, бир айдап, Йоханнесбургга саат ондордо жеттик. Мейманканабызды таап жайгаштык. Эртеси эле йога курсу башталды. Кыздарыбызды төрт күн катары менен алып барып аттык. Аягында сертификат алышты. 30-40ка жакын кыздар, балдар катышты. Жалаң эле индус жаштары. Африкалык балдар жокко эсе. Индус кыз уюштуруптур баарын. Жап-жаш көрүнөт. Бу йога менен медитация адамды карылыктан жана ар кандай оорулардан ушунчалык сактайт эмеспи…

Төрт күндөн кийин Sun Cityге жол тарттык. Асел барып келелик деп болбойт. 2 сааттык жол. Бөксө тоолор, талаалар, кээ бирде аябай кедей үйлөрдүн жанынан өтөбүз. Майда-чүйдө бир нерсе саткандар машинеге жармашып, алгылачы деп суранышат… Эки жарым сааттан кийин жеттик. Бул да өлкөнү өнүктүрүүнүн бир жолу болсо керек: Эл аралык жана жергиликтүү туристтерди тартуу үчүн кайсы бир талаа жерине укмуштуудай эс алуучу жайларды куруп коюшат. Америкадагы Лас Вегас – ошонун мисалы. Бул жерде эми туристтер үзүлбөйт экен. Албетте, ынды кара адамдар көпчүлүгүн түзөт. Кытайлыктар да жүрөт, актары да бар, индустар да көп… Кирүү акысы абыдан кымбат. Ар бир кишиге биздин акча менен эсептегенде, бир жарым миң сомду түзөт. Анан ар кайсы жайларына кирүү акысы да өз-өзүнчө.

Илинме поезд менен бармакпыз ичине, бирок ошол мезгилде ал токтоп калыптыр, автобус менен бардык. Баардык жерде кезектешүү.
Бул Sun City (Күн Шаары) байыркы бир шаардын негизинде салыныптыр. Ал (Lost City) шаарга киргендер кайра кайтканга жол табалбай калышчу экен. Бул эми илгери. Биз барганда ал шаарга жеткен жокпуз. Бир китепчесин сатып алганбыз. Аны жакшы окубай эле, жанагы укмуш аскалык таштан чегилген жаныбарлардын айкелдерин карап, суктанып, аларды сүрөткө тартып, жанагы жасалма көлдүн жээгине барып, сырттан эле чоң шаардагылардан артта калбаган кафе, ресторандарын, дүкөндөрүн көрүп, кечкиге калбайлык деп кайра кайттык.

Бул Күн шаары 1979-жылы курулуптур. Ичинде Дүйнөлүк деңгээлде салынган үч чоң отели бар экен. Эс алуучу жайлар, дүйнөлүк чемпионатка спортсмендерди даярдай турган атактуу Гольф талаасы курулган экен. Алиги жасалма көлдүн толкундарын көрдүк. Алыста Ысык-Көлүбүздүн баркын ушундайда өтө сезесиң. Расмий маалыматта камтылган көп нерселерин көрө алганыбыз жок. Кеч болуп калды деп кайра шаштык.
Кайтканда жанагы асылма поездге түштүк. Жаныбызда эки баласы менен бир индус үй-бүлөсү отурду. Тааныштык. Бир жумага келишиптир. Чын эле кызык окшойт деп ойлоп калдым. Күнүгө ар кандай маалымдуу турларга чыгышат экен. Биз эми кайтып атабыз десек, эчкимге токтобогула, бул жолдордо караңгыда жүрүш коркунучтуу дешти.

Ошентип кайра Йоханнесбургга сапар тарттык. Ар дайым караңгыда чыкпайлы деп сөз беребиз, кайра эле баягыдай кап-караңгы жолдо жүрүп калабыз. Коркобуз, бирок Кудайым сактасын деген тобокелчиликке салып, караңгы талаа жолдор менен чоң шаарга кайтып келебиз…
27-ноябрь, 2018-ж.


