АСАНОВА Үмүт: ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВДУН ДҮЙНӨСҮ: ТРАГЕДИЯДАН КАТАРСИСКЕ

Совет өлкөсү болбосо, ким билет, Айтматов феномени чыгаар беле? Фридрих Ницше кайсы бир байыркы мифти «Заратустра ушинтип айткан» аттуу чыгармасында келтирип, «Супермен (Ашкан адам)» үч этаптуу трансформациядан өтүп, эң башында төө болуп, бүт кыйынчылык, бүт жоопкерчилик, бүт жүктүн баарын көтөрүп, анан эр жүрөк, тайманбаган, жоокер арстанга айланып, акырында – эч нерседен коркпогон, таза, ачык, ишенген наристеге айланат деп жазгандай, Чынгыз Айтматов да рухий дүйнөсүндө айтылуу этаптардан өтүп «Ашкан адам, супермен» деңгээлге жеткен десек чындык болбой калбастыр…

Ошондой касиетке жетүү, албетте, жогоруда айткан Совет өлкөсүнүн азап-тозогу да, жыргалчылыгы да, экинчи жактан – ата-энесинин дүйнөсү, үй-бүлөсүндөгү улуу баласы болуу өзгөчөлүгү, өзүнүн сырдуу рух табигаты, ким билет, баары кошулуп, квинтээсенцияланып, Айтматов феноменин жараткандыр… Кимибиз анын чыгармаларына көз жашыбызды тамдырбадык, кимибиз жараткан жерибизди титиреткендей, жаныбыз да ичтен титиреп, кайсы бир шок абалында туруп калбадык, кимибиз кээ бир учурда шолоктоп ыйлабадык, кимибиз ошол күчтүү таасирде болуп тазаланбадык… Муну кантип танабыз? Ондогон жылдар өтсө да, элибиз укмуш өткөөл заманын башынан өткөзсө да, кризистерге батып-батып айлабызды таппай калган учурлар болсо да, ар кандай ушак-айың сөздөр жайылса да, биз унутпайлык: Айтматов улуу миссиясын аткарды. Жүлүн-чучугубузга чейин таанымал турмушубузду, таанымал жыргал-кайгыбызды сүрөттөөсү менен ал бизге жакын, бизге асыл…

Айтматов менен чогуу кайгырабыз, ойлонобуз, толкунданабыз, ыйлайбыз, билинбестен тазаланабыз. Ал бизге кымбат, себеби жалгыз… Ал — өзүнүн исполиндик трагедийлүүлүгүндө жалгыз… Анын бүт чыгармачылыгы – Трагедиянын үзүлткүс эволюциясы.

Бир адамдын Трагедиясынан – бүт дүйнөнүн Трагедиясына, локалдуу Трагедиядан – Глобалдуу Трагедияга, жөнөкөй адабий тил менен чагылдырылган Трагедиядан – Метафорадагы терең философиялык система менен берилген Трагедияга болгон эволюция. Бирок ар бир сөз ааламында Айтматовдун Трагедиясы адамды титиретет. Бул – анын сыры. Билебиз бирок, турмуштун өзүндө улуу кагылыштар болбосо жана да аларды сезе билүүчү Жараткан берген жөндөм болбосо, жана да буларды Сөз менен чагылдырайын деген улуу Муктаждык болбосо, Айтматов Айтматов болбойт эле. Ким билет, балким, болумдуулугубуздун так тереңинде жаткан трагедиясы — Трагедиянын азыркы учурдагы Титанын пайда кылган чыгар.

Улуу жазуучунун бүт чыгармачылыгын терең анализдөөдө анын трагедиялык дүйнө таанымынын негизинде маданияттын трагедия философиясы жатканын байкабай койбойбуз.  Айтматов – Совет мезгилинин кулуну. Анын чыгармачылыгы Совет мезгилинин трагедийлүүлүгүнүн, духтун тоталдуу карама каршылыгынын философиялык кабыл алуусунун күзгүсү десек болот. Бир жагынан Совет маданиятынын уникалдуу улуулугун анын укмуштудай унификациялангандыгында, изоляцияланган системдүүлүгүндө, бөлүнбөстүгүндө, бөлүкчөлөрүнүн ажырабастыгында, өзүн өзү жана бирин бири жараткандыгында экенин түшүнүп сезүү, экинчи жагынан – анын жалпы элди (community) жана жакырларды байкуштук сүйүүнүн филантроптуулугу жана утопийлүүлүгү – жабык түрдө ачып-кычып, мына-мына жарылууга даяр болгон түпкү карама каршылыктарды философиялык аңдоосу Айтматовдун бүт чыгармаларынын өзөгү болуп өтүүдө. Мына ушул духтун карама каршылыгы Айтматовдун чыгармачылыгында өзүнүн көркөм түрдөгү эволюцияга ээ: интуитивдүү сезүүдөн рационалдуу түшүнүүгө, жөнөкөйдөн татаалга, абстракттуудан конкреттүүгө, үстүртөдөн тереңдүүлүккө, локалдуудан жалпы адамзаттуулукка.

«Жамилядан» «Кыяматка» чейин, «Түнкү сугаттан» «Кассандра тамгасына» чейин – автордун көркөм оюнун жөнөкөйдөн татаалдыкка болгон табигый  жол.  Албетте, жөнөкөйлүк да татаалдыктын берилиш өзгөчө формасы,  татаалдык болсо кээ бирде жөнөкөйлүктүн экспрессия формасы болушу мүмкүн… Жамиля – бул көтөрүлүш, стереотиптерге, эски ойломдорго, адаттарга, өзүнө өзү каршы болгон көтөрүлүш…

Айтылуу повести менен Системага, материалдык болумдуулуктун абсолюттуу түрдө биринчи, аң-сезим, рух экинчи деген шартсыз мыйзамды  даңазалаган  Идеологияга каршы болгон улуу көтөрүлүштүн башатын салып жатканын сезди бекен Айтматов ошондо? Ошол алыскы 60-жылдарда советтик кыргыз баласынын рух трансформациясына башат болгон Интеллектуалдык Революциянын жолун салганын билди бекен ал?  Чындыгында: Ой – материалдуу. Ой эркиндигисиз дегеле эркиндик мүмкүн эмес. Сен бакытыңды өзүң курасың. Сенин рухуң – оюң, сезимдериң, идеяларың – турмушуңдун, тагдырыңдын пайдувалы жана жол көрсөткүчү… деген байыркы кыргызга табигый түрдө таандык ойлор азыр реконструкцияланып жаткандыр…

Демек, дух канчалык бекем болгон сайын, болумдуулугу да ыкчам, бекем. Идеялар канчалык терең жана туруктуу болгон сайын, бакыт ошончолук туруктуу. Турмуш адамды багындырбайт, адам турмушту багындырат. Өзүн өзү таанып билүүдөгү улуу көз ирмем – бул түбөлүктүүлүк нурунун түшүшү. Жамиля – бул кыял дагы, реалдуулук дагы… Кыял таза жана жарык, болумдуулук болсо таасирдүү жана динамикалуу… Маданияттын трагедиясы – бул түптөлгөн стереотиптердин, салттардын трагедиясы жана ал Жамилянын көтөрүлүшүндө болгондугу жана турмуштун түпкү мааниси өзүн өзү курмандыкка чалгандыгында, өзүн өзүнөн баш тарткандыгында экенин билүүсү – бул жерде позитивдүү мүнөөзгө ээ. Себеби – сынуу, кыйроо – жаратмандуулук кыймыл-аракеттин пайдубалы, шарты; эскиликтен баш тартуу – жаңыланууга кадам жасоо; трагедия болсо – туруктуу жашоону көздөгөн шарт…

«Ак кеме»… Бул жерде маданият трагедиясынын айкын философиясы али жок. Бирок повесть ал трагедияны рационалдуу түрдө аңдап билүүнүн алгачкы кадамдар катары берилгендиги менен уникалдуу. Автор ал трагедияны сезүүдө, көрүүдө, бирок анын глобалдуу түрдө берилишинин али алдында турат. Трагедиянын биринчи белгилери – ыймандык жана коомдук эстутумду жоготуусу. Бул айыл жергесиндеги иштеген советтик кыргыз кызматчы сөрөйдүн тибин көрсөткөн Орозкулдун кыймыл-аракетинин негизинде жатат. Анын бир жагынан момун кайнатасына жана оорукчал аялына, экинчи жагынан, өзүн өзү коргой албаган жаратылыш айлана  чөйрөгө жасаган  мамилеси — окшош. Бул жерде  ал – өзүмчүл  бий, деспот. Ал эми кызматы чоңураак кишилерге – анын жасаган мамилеси асман менен жердей. Аларга жагыныш үчүн ал баарына барат. А кичине бала жана үнсүз Момун ата – трагикалык каармандар.

Кичинекей бала төрөлгөнүнөн баштап, табигый түрдө курчай турган нерселерден айрылган – атадан, энеден, жылуу мамилелерден. Кыргыз салттуу маданиятында уул бала атасы тирүү кезинде, атасыз өсөт деп, ажырашуулар болот деп, кайнатасы күйөө баласыныкында жашап, анын ыймансыз кылмыштарына чыдап, кызматын кылат деп, жээнин жети атасын эмес таятасын үйрөтүүгө дуушар болот деп, жаратылышка байыркыдай мамиле жоголот деп, дегеле  баары үстү төмөн, башаламан болот деп ким ойлогон? Мына – оңторулган баалулуктар, мына – дисгармония жана хаос, мына маданияттын кризиси, мына – Трагедия.

Момун ата кайгырып ыйлап баш ийет. Бала болсо тазалыктын, жаңы ойломдун символу катары баш ийбейт. Ал өзүн өзү коргой албаган жаратылышты символдогон Бугу энеге жасаган жырткыч мамилеге гана эмес, ал баары башаламан болгон, алсыз жана коргоосуз адамды тебелеш үчүн жаралган дүйнөгө баш ийбейт…

Ал бул дүйнөнү калтырат. Бул анын протести. Үнсүз протести. Бирок бул жердеги үнсүздүк – ачуу кыйкырыктан, азаптуу онтоодон да күчтүү. Жок, бала протестти деле көргөзбөйт. Аны биз, рационалдуу окурмандар, ойлоп чыгарабыз. Бала болсо өзүнүн башка дүйнөсүнө кетет… Ал жерде ак кеме менен кезигем, анын ичиндеги мен эңсеген атам мени колуна көтөрөт деп акырындан кете берет бала…

Бул жерди окуганда кайсы окурман ыйлап, көз жашын аарчыбай, Айтматовго ыраазы болгон жок… Бүт денеси ысып, кыйналып жаткан Баланын сууга кирип, терең-терең жакка кетип, зөөкүрлүктү жасаган адамдардан, чоң атамды жана Бугу энеме жасалган жамандыктардан, ошол көз ирмем – духтун улуу трагедиясын даңазалаган карама-каршылыктын апогейи десек болот. Чечилгендик жана чечилбестик, ишеним жана жан кыйуу, өлүм жана төрөлүү, пессимизм жана бийик оптимизм, үнсүздүк жана жан сууруп алуучу кыйкырык – бир  бүтүн Трагедиялык Аккорддо бириккен.

Кыргыздардын байыркы мифтерин реанимациялоо, маданий синхронизмдин орошон методу катары биринчи жолу колдонулуп, автор тарабынан совет маданиятынын кризисин гана көркөм чагылдырбастан, унутта калган баалуулуктардын кайра жандануу жолу да катары көрсөтүлөт.

Байыркы адамдын аң-сезими терең экологиялуу. Элдин тилинде, экологиялык ыйманында, уятында көрсөтүлгөн анын экологиялык маданиятынын көркөм реконструкциялоосу алардын ренессансын чакыруудагы көрөгөчтүк мүнөөзгө ээ.  Өзүнүн тегин, тилин, салт-санаасын жоготуунун белгиси болгон коомдук эстутумдун жоготуусу мыйзам ченемдүү түрдө жандын жакырчылыгына, демек, бир гана жанындагы адамдарга гана эмес, жаратылыш айлана чөйрөгө да зөөкүрчүлүк мамилени туудурат.  Мындай эстутумга ээ болбогон адам, кыймал-аракетинде азыркы алып келүүчү пайда гана моралына негизделип, суз жана эсеп менен жүрөт.  Ал универсалдуу, космикалык адилеттүүлүк түшүнүктү билбейт. Ак кемедеги Трагедия негиздеринин философиясы мына ушунда. Бул жерде да автордун ою – айдан ачык көрүнөт: Жашоо шарты эмес, дух биринчи. Болумдуулук эмес, аң-сезим биринчи.

Адамдын кыймыл-аракетинин сапаты анын аң-сезиминин сапатына түздөн-түз пропорционалдуу. Зөөкүрчүлүктү ыймансыз, эстутумсуз адам жасайт. Эстутум жана ыйман – жаратмандуу күчтөр. Эстутумсуз жана ыймансыздык – кыйратуу күчтөрү. Мына бизге азыр ушул философия кандай маанилүү жана керек!

Бийликке, байлыкка, тышкы атрибуттарга болгон тынымсыз ат салууда биз алдын ала калыптанган карма торунда калып, кулдук турумда экенибизди байкабайбыз. Адам өзүнүн курманы, аң-сезиминин курманы болууда. Эгер аң-сезимдин болумдуулукка салыштырмалуу биринчиликте турган универсалдуу мыйзамды билгенде, адам өзүнүн аң-сезимин өзгөртүп, турмушун кардиналдуу түрдө өзгөртө алат эле. Бирок тилекке каршы, жамандык жана зөөкүрчүлүк – ар дайым тарыхый жана да индивидуалдуу турмушта чоң күчтөр болуп келет. Агрессивдүүлүк, жек көрүү, кыйратуу, кызганыч менен ээрчилген жаратылыштын улуу инстинкттери болгон – сактаныш жана жашоо инстинкттеринен жөнөкөй эмес кутулуш…

Айтматов бизди кайгыртат, ыйлаттырат. Бир да чыгармасы жарык, жеңил-желпи, тамашөкөй маанайда жазылган эмес. Ал ар дайым терең ойдо, изденүүдө, эч качан күлүп, тамашалабайт, ал – ар дайым трагикалуу… Бүт чыгармаларын окууда трагикалуулук сезим бизди тыштабайт. Ал бизди ойлондурат, өзү менен чогуу издендирет.

Философиялык чыгарма катары көп каралбаган “Бетме-бет” повестинде маданият трагедиясынын негиздеринин Айтматовдун философиялык изденүүсү азаптуу. Дезертир Исмаилдин “Мен өлгүм келбейт! Мен согушту жек көрөм! Мен жашагым келет!” деген протесттик ойлору аркылуу экзистенциалдык маңыздын түбөлүк суроосу, бул советтик маданий чөйрөдө, өзгөчө берилиш формага ээ.

Терс каармандын кыймыл-аракеттери аркылуу, аны курчаган бүт окуялар аркылуу, ал заманга ылайык көрүнбөгөн, жабык, талкууга мүмкүн эмес, элге каршы, саясатка каршы эсептелген теманы жаап турган көшөгөнү автор билгизбестен, ювелирдүү түрдө ачып келет… Көзү бар, көргөн чыгаар, эси бар, түшүнгөн чыгаар… Албетте, кыйын Совет мезгилинин цензурасына байланыштуу айтылуу повесттин чыкпай калган үзүндүсү «перестройка» заманында биринчи жолу болуп басылганда ойлонгон окурман ошентип кана түшүндү. Эмне жөнүндө болгон ал үзүндү жана эмне үчүн ал цензурадан өтпөй калат эле?

Эмнени күтүшкөн кыштын узун түндөрүндө, караңгы үңкүрдө элдин көзүнөн жашынып, элдин каарынан корккон Сейде менен Исмаил, эмнеге үмүттөнгөн?.. Көрсө, алар жазды күтүшкөн, ашуудан кардын кетээрин күтүшкөн… Ашуу ачылаар менен, Исмаилдин оорукчал энесин алып, балдарын алып, анча-мынча оокаттарын алып – Чаткалда жашап жаткан таякелерине жөнөшмөк экен да булар… Энесинин айтымында, алар бай-манаптардын тукумдары болуп, Социалисттик революция болгондо, коллективизация мезгилинде, ата-бабадан калган малыбызды, мүлктөрүбүздү колхозго эмнеге берет элек деп, бир да Совет чек арачы жетпеген Чаткалдын чокусуна көчүп кеткен таякелери менен согуштан мурун кайсы бир базар кундөрүндө жолугушкан эле алар… Мына, ошол таякелерине ашуу ачылганда кетмек алар акырын билинбей…

Буга байланыштуу, 1985-жылы “Digest” басылмасында Натан Адамс аттуу америкалык журналисттин “A Heroic Tale of Survival” документалдуу повести эске келет… Бул жүрөктү кыскан макала революциядан кийин менчикти экпроприациялоо жана коллективизациялоого каршы болуп, ата-бабалардан калган малын, мүлкүн алдырбаш үчүн, чакан кыргыз уруусунун Кичи Памир тоосуна көчүп кетип, башынан адам көрбөгөн тозокту өткөзүп, өлүм, ооруларга чалдыгып, өз жолун издөөдө жоголууга жана жоготууга учураган, кудайдын буйругу менен сакталып калган саны миңге жетпеген кыргыздар жөнүндө эле…

Ал “Жашоого умтулган баатырлык жол” аттуу повесть – макала Рахманкул хан жана анын баатыр жолду баскан эли жөнүндө эле… А бул элдин Памирге болгон  улуу көчүн өз убагында баштаган жана башкарган Рахманкулдун атасы эле. Ал киши өлгөндөн кийин баласы Рахманкул согуш убагында хан болуп шайланат… Натан Адамс ошол кийинки кыргыздын азаптуу дагы, баатырлуу дагы турмушун укмуштудай сүрөттөйт…

Ооба, бул тирүү тарыхтын үзүндүсүнүн докуметалдуу сүрөттөөсү эле. Ал тарых жөнүндө эч ким айтпаган, эч ким козгобогон… Ал – жабык тема эле… . Ч. Айтматов биринчи болуп ал тарыхты көркөм түрүндө чагылдырып, “Медузанын башы көрүнгөндөй” көшөгөнү ачып жатпайбы… Өзүнүн ката кетирбеген инстинктинде ал —  гениалдуу. «Бетме-бетте» Айтматов кезектеги интеллектуалдык революциясын ишке ашырат. Муну биз азыр гана түшүнүп, азыр гана кабыл ала алабыз. Интеллектуалдык ыйманга ээ инсан катары, коммунисттик революциянын маңызы жана мааниси жөнүндөгү жашоонун терең суроосун ойлобой койгонун кантип танабыз…

Практикалык революцияга таандык эмес, бирок интеллектуалдык революциянын кредосу болгон тыкандык менен, операция жасоодогу этияттык сымал, Айтматов маданияттын кризисинин негизи катары саналган — өндүрүш каражаттарга болгон коомдук менчиктин идеясын гана эмес, анын ишке ашырылуусун белгилеп кетет.

Жаш кезинде “Правда” газетасында корреспондент болуп иштеп жатканда шаркыраган сууга секирип, агып бараткан эл менчиги болгон козуну өзүнүн жанын курмандыкка чалып сактап калган саанчы келин жөнүндө, аны абсурддуу түрдө бийик пафос менен мактап жазган бир корреспондентти сынга алганы маалым. Бул дүйнөдө адам турмушунан эч нерсе бийик турбайт, эч нерсе андан асыл эмес деп жазат Айтматов. Жана да ошол идеяны көркөмдөп берүүдөн өткөн нерсе жок. Мына ошол идея гана социалисттик реализмдин принцибине тете боло алат.

«Кылым карытар бир күн» — маданият трагедиясын философиялык түрдө аңдап билүүсүнүн кезектеги тепкичи. Коомдук эстутумсуздук же маңкуртчулук маданият трагедиясынын пайдубалында жатат деген идея бул чыгармада такшалган философиялык чагылдыруусун табат. Бул эстутумсуздуктун ээси катары коомдогу Казангаптын уулу Сабитжан, парторг Кочкорбаевге окшогон адамдардын өзгөчө бир тиби болорун сүрөттөгөнгө Айтматовдон эң оболу интеллектуалдык баатырлыкты талап кылган эле.

Эгер маданият трагедиясынын негизи коомдук эстутумсуздук болсо, а булардын алып баруучулары – адамдардын өзгөчө бир тиби болсо, демек, мына ушул адамдар — маданияттын талкалоочулары катары болуп жатпайбы.  Айтматовдун революциячылдыгы – анын бүт субординациялык деңгээлдеги өкүм сүргөн ушул партиялык-бюрократтык интеллигенциянын өзгөчө бир табынын маданиятты жана системаны талкалоочу күч катары экенин көрөгөчтүүлүк менен сезе билгендигинде.

«Кылым карытар бир күн» — бул маданияттагы эки күчтүн ортосундагы күрөш: бирөөсү – жаратмандык, экинчиси – талкалоочулук күч. Эл – улуу, жаратмандык жана маданиятты түзүүчү улуу күч катары – татал жана көп кайгыны башынан өткөзгөн Танабайдын бейнеси аркылуу даңазаланат, бюрократтык интеллигенция (интеллигент жана интеллигенция – ар башка түшүнүктөр) – карама-каршылык күч катары – тигил же бул совет чиновниги  аркылуу, алардын Танабайга жасаган мамилелери аркылуу көрсөтүлөт.

Маданият трагедиясынын философиясы Метафорадагы чагылдырылган терең философиялык система катары болгон «Кыямат» чыгармасында жаңы этабын табат. (Караңыз: Табылды Абдылдаев, Үмүт Асанова. «Философские проблемы экологии в романе Ч.Айтматова» «Плаха»//Учитель Киргизстана, 1988, 11 ноября; Ч.Айтматовдун экологиялык философиясы жөнүндө бул макаланын автору «Размышления о «Плахе», аттуу атайын даярдаган радиоберүүсүндө 1989-жылы тартуулаган).

Бул чыгармада маданият кризиси же трагедиясы ыйман принциптеринин жоктугу менен калыптанган жаратылыштын кризиси (трагедиясы) ачык-айкын түрдө көргөзүлгөн. Жаратылыш Акбара аркылуу символдоштурган (ургаачы карышкыр бекеринен минтип аталган жоктур; араб тилинен «Акбар» — Улуу, Теңир деп которулат). Коом же Маданият позитивдүү, таза, ыймандуу (Бостон) жана терс, ыймансыз (Базарбай) аттуу каармандар аркылуу эки башаттын биримдиги менен символдонот. Базарбай, Обер-Кандалов, Кочкорбаев типтүү адамдар тарабынан Ыймандын жана Эстутумдун жоготушу биринчи ирээт ыймандуу, жакшы адамдарга да (Бостон, Эрназар) Жаратылыш тарабынан өч алуусу бумеранг болуп  кайтып келет да, ааламдык трагедиялык апокалипс менен аяктайт.

Авдий Каллистратов Уят, Ыйман, Эстутумдун символу катары көргөзүлөт. Анын мыкаачылык менен өлтүрүлгөндүгүн адамдагы гуманисттик башаттары өлтүрүлгөндөй сезилет. Бул жерде да Жаратылыштын трагедиясы формасында көргөзүлгөн Маданият трагедиясы акыры Ыйман жана Эстутум трагедиясы экени концепцияланган.

Айтматовдун Маданият трагедиясын көркөм-философиялык аңдоосунун жаңы логикалык кадамы катары —  «Кассандра тамгасы» десек болот. Маңкурттарды жараткан инкубаторлук өндүрүштүн үзүрү болгон өзүнүн тегин билбеген, эстебеген, бирөөнүн максаттарынын куралы катары эсептелген, унификацияланган менталитетке, окшош кыймыл-аракетке ээ болгон унификацияланган адамды өндүрүүгө багытталган өзгөчө эксперимент жөнүндө мурун же Подкидышев же Крыльцов фамилиясындагы (себеби, ал наристе чагында чын эле кайсы бирөөнүн босогосунда табылып, атасын, энесин, тегин эч качан билбеген) космикалык монах Филофей Жердин адамдарына чексиз күнөө сезими менен кайрылуу катындагы сүрөттөгөнү баарын унификациялай турган эксперимент шартына коюлган кудум эле биздин Совет маданиятыбызды, Совет адамыбызды эсибизге келтирет.

Муну азыр биз, чын эле, партиялык номенклатурдук тап тарабынан максатталган жана ишке ашырып жаткан эксперимент болгон десек аша чаппайбыз. Партияга, башкача айтканда, бийликтегилерге унчукпастан баш ийүүнү гана билген, өзүнүн тилин, дилин, үрп-адат, салт-санааларын унуткан маңкурттарды чыгарган,  баарын окшош кылууга аракеттенген эксперимент… Ооба, элдин кызыкчылыгын биринчи ирээтке койгон, укмуштудай бийик жана айкөл коммунисттик идеясы, практикада, номенклатурдук таптын көпчүлүк өкүлдөрү үчүн, өздөрүнүн гана жеке кызыкчылыгына жетүү куралы болуп калган…

Ал жеке максаттарга жетиш үчүн аларга ыңгайлуу болгон айтылуу маңкурттарды культивациялоо жана өндүрүү болгон эле (Бул жөнүндө караңыз: «Вехи. Очерки о русской интеллигенции». – М., 1990; Умут Асанова. Нужно призвать все мужество интеллектуальной Совести // Кут Билим, 1995, 15.02.). «Тавро Кассандры» — бул чындыгында De te  fabula narratur (Сенин баяның эмеспи бул)! Буга кошкум келет: De me, de nos fabula narratur? (Менин, баарыбыздын тарыхыбыз эмеспи бул? Сөз биздин маданиятыбыздын трагедиясы жөнүндө эмеспи бул?)

Макаламды «Трагедиядан катарсиске» деп жөнү жок жерден атаган жокмун. Айтматовдун трагедиясы толкундатат, ыйлатат, тазалайт, жаңылынтат… Накта трагедия рухтун жаңылануусуна алып келет. Айтматовдун көркөм тили менен берген философиясы – жаңы философиянын башатын түзөт. Улуу орус философу Николай Бердяев жазгандай, жаңы философия, жаңы идеология кечирим суроо (покаяние) баатырлыгынан жана да мурунку коммунисттик философиянын дүйнөтааным, философиялык тамырларынын жаңылануусунан башталат. Инсандын жандуу жаратман энергиясынын, анын рух дүйнөсүнүн, кызыкчылыктарынын, жеке жоопкерчилигинин биринчилигин конституция түрүндө даңазалануусу зарыл.

Бул табигый мыйзамга таанып билип моюн сунууну биздин куурал – азапка бөлүнгөн тарыхыбыз, жашоонун логикасы алып келет. Инсандын укугун жана ар-намысын коргоо бул табигый мыйзамдын идеологиялык жана саясый түрдө культивациялоонун мыйзам ченемдүү үзүрү катары баалоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Кыргыз интеллигенциясы өзүнүн трагедиясынын шок алып келген алгачкы гана кадамын өтүүдө. Аң-сезимдин, дүйнөтаанымдын, баалуулуктардын, стереотиптердин терең өзгөрүүсү али алгачкы этабында. Бул ар бир индивидуалдуу аң-сезимдин түп тамырынан өзгөрүүсү. Анын саясаттын, коомчулуктун ички тираниясынан бошонуусуна, жеке жаратмандык эркиндигине, ошону менен — инсандык жоопкерчилик менталитетине  кадам салган карама-каршылыктуу процесс десек болот.

Элибиздин, улутубуздун ден соолугу, токчулук жана молчулук менен мүнөздөлгөн жашоосу ар бирибиздин ден соолугубуз, жакшы жашообуз, ичибизде тазаланганыбызга, жаңыланганыбызга жараша болмокчу.

Үмүт АСАНОВА – Философия илимдеринин доктору; КР Эл агартуусунун Отличниги (1996); БГУ Ардактуу Профессору (1996); Фулбрайт Эл аралык премиясынын Кыргызстандагы Коомдук илиминдеги биринчи Лауреаты (1995); Америкалык Эл аралык Биографиялык Коому ыйгарган “1999-жылдын Айымы”,  “2009-жылдын Дүйнөдөгү белгилүү илимпоздор”; Кэмбридж (Англия) Эл аралык Биографиялык Институту ыйгарган “2010-жылдын дүйнөнүн 100 алдыңкы илимпоздору” аттуу титулдардын лауреаты.