
Адамга ойлонуу касиети пайда болору менен, анда ар бир тирүү жанга таазим этүү жана аны өз турмушун сыйлагандай сыйлоо муктаждыгын сезе баштайт. Өз жашоосунда ал башка бирөөнүн турмушун жашап жаткандай сезилет.
* * *
Ушул убакытка чейин этика – адам адамга жасаган мамилени үйрөтөт деген туура эмес ой өкүм сүргөн. Чындыгында, адамдын бүт дүйнөгө жана аны курчап турган бүт жандыкка кандай мамиле жасаш керектиги жөнүндө кеп кылыш керек.
* * *
Жашоону сактоо, аны алдыга жылдыруу, өнүгүүдө болуп жаткан жашоону эң бийик деңгээлге жеткизүү бул – жакшылык жасоо; өнүгүп жаткан жашоону өлтүрүү, ага тоскоол кылуу, зордук көргөзүү бул – жамандык жасоо. Бул – моралдын эң зарыл, абсолюттуу, негизги принциби.
* * *
Бүт жашоо, анын ичинде жан жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн жашоосу да ыйык болуп кабыл алынганда жана кырсыкка кабыл алынган жашоого жардам берүүсүндө гана ал адам этикалуу адам атка конот.
* * *
Азыркы учурдагы Батыш маданиятынын абалын төмөнкүчө мүнөздөйт: «Маданияттын өзүн өзү талкалоосу өкүм сүрүп жатканын эч ким тана албайт. Сакталып калган нерселерге да үмүт аз. Азыркы адамдын маданиятты түшүнүүгө болгон жана анын кызыкчылыгына карай аракеттенүү жөндөмү кескин кыскарды. Себеби ал коюлган шарттар анын ар-намысын төмөндөтөт жана жан дүйнөсүн жарадар кылат».
«Жан дүйнө травмасы», маданият кризиси эмне?
Анын пайдубалында материалдуу эмес, руханий жашоо турат дейт Швейцер. Өз алдынча индивидге коллективдин өтө күчтүү таасири болуп жатат дейт ал. Анын негизинде адам өзүнүн руханий жана ыйман жөндөмдөрүн өнүктүрө албай барат. Мисалы үчүн «массалык маданият».
* * *
Азыркы адамдын маданиятты түшүнүүгө болгон жана анын кызыкчылыгына карай аракеттенүү жөндөмү кескин кыскарды. Себеби ал коюлган шарттар анын ар-намысын төмөндөтөт жана жан дүйнөсүн жарадар кылат.
* * *
Азыркы учурда чындыктын ордун пропаганда ээледи, тарых калптын культуна айланды, илимдүүлүк жана билимге шек келтирүү демейдеги ишке айланды, ойломдун эркиндиги колдонуудан алынды, себеби миллиондогон алданган пенделер ойлонуудан тетири качат, индивидуалдуулугубузду жоготууга учурап, биз өзүбүздүн жакырчылыгыбызды билбей барабыз, чындыгында кандайдыр бир жаңы орто кылымда жашап жатабыз.
Йохан Хейзинга:
Азыркы маданияттын кризисине (деградациясына, төмөндөшүнө, талкалануусуна) карабастан өзүн оптимистмин деп эсептеген, маданияттын айыгыш мүмкүнчүлүгүнө ишенген инсан керек. Ал үчүн эр жүрөк болуш керек, ишениш керек жана өзүнүн милдетин аткарууга тийиш. Жаратман иш-аракет кылуу үчүн маданияттын маанисин жана миссиясын түшүнүш керек.
Жон Локк:
Баланы тарбиялоодо эң оболу эмнеге умтулуш керек? Балада намыс жана уят жөнүндө ой-пикирин калыпташ керек. Эгер сиз балага жакшы репутациясын кадырлаганга жана да уят болуудан коркууну үйрөтсөңүз, аны ар дайым жакшылык жасоого бура турган туура башат берген болосуз… Мына так ушунда – тарбиянын улуу ачкычы деп ойлойм.