
Эммануил КАНТ:
Адамга карата Жаратылыштын эң акыркы жана маанилүү максаты — Маданият. Адамды эркиндигине даярдаш – мына Жаратылыштын эң негизги максаты.
* * *
Маданият бул акыл-эстүү жаныбардын ар кандай максаттарды койуу жөндөмдөрүнө ээ болуш (демек, эркиндикке). Маданият – бул адамдын бүт жөндөмдөрүнүн, шыктарынын өнүгүү жолу.
* * *

Тарбиялоо маданияты адамдын эркин сезимталдыгынан, табигый күйүттөрдөн, каалоолордон бошотууну, партикулярдыктан (бөлүкчөлүктөрдөн) жалпылыкка жеткизүүнү көздөйт.
* * *
Илимдер, көркөм-өнөр, мамиле маданияты адамды маданияттуу, цивилдүү кылат. Бирок маданияттын бул формалары эмес, цивилдик коом аттанган адамдардын ортосундагы бири-бирине жасаган мамилелердин деңгээли, башкача айтканда, укуктук туруму гана жана да бүт мамлекеттердин системасы катары болгон бүт дүйнөлүк бүтүмдүүлүктө гана жаратылыштын акыркы максатын аткарганга мүмкүнчүлүгү бар.
Ушунун баары “маданият” деген түшүнүккө киргизилеби же жокпу – бул терминологиялык маселе, маңыздын маселеси эмес.
♦ ♦ ♦ ♦ ♦ ♦ ♦ ♦ ♦
Фридрих ГЕГЕЛЬ:
Билим берүү – адам рухун бийиктетүү, ошонусу менен эркиндикке жогорулатуу, себеби эркиндик – рухтун субстанциясы (маңызы). Материянын субстанциясы оордук болгон сымал, рухтун субстанциясы – эркиндик.
* * *
Тарых – бул эркиндиктин прогресстелген эманациясы жана аны рух тарабынан таанып билүүсү.
* * *
Тарыхый маданияттар эркиндикти таанып-билүүнүн тепкич прогрессинде биринин артында бири тизилген. Ичинде болсо, ар бир тарыхый маданият элдин руху пайдубалы болгон коомдук жашоонун бүт формаларынын жана аң-сезиминин бири-бири менен байланышкан бүтүндүгүн түзөт.

* * *
Ар бир эл өзүнүн дух принцибине жараша пайда болуу, өнүгүп-өркүндөө жана кыйроо процесстерин өтөт. Ошону менен эркиндикти аңдоо боюнча белгилүү формасын ишке ашыргандан кийин, тарыхый сценадан кетет. Бирок дүйнөлүк рухта эч нерсе өлбөйт, өчпөйт, баары калыптанган бойдон сакталат.
Англис тилинен которгон Үмүт АСАНОВА