
Өзүн тапкан акын аз. Айрыкча бүгүн. Бүгүнкү сүрмөтоп акындар дээрлик окшош. Бирин бири кайталагандан жадай элек көбү. Бирөөнү бирөө тууроодон уялбайт дагы. Демек алар өздөрүн таба электир. Ал эми Афина Бакированын биз жарыялап отурган ырларындагы купуя сыр, жөн эле көз жүгүртүп окуп койбой турган саптары жыш кезиккен байыстуулугуна көңүлүбүз курсант болду.
Ышкыдар көңүл күүсүн чертер поэзия демин сезген калемгер катары кыйла жетилиптир. Биз муну Афинанын секелек курагынан берки чыгармачылык өсүшүнө дайыма сереп салып, акындын өзүн жакындан билгенден улам кеп кылгандагыбыз. Адатта, таланттуу акын кыздардын көбүн байкасак, алар үй-бүлө куруп, көртурмуштун абыгерине айланган күндөн тартып, чыгармачылык өрүшү өксүп жүргөнү ырларынан көрүнүп турса, Афинаныкы тескерисинче, турмуш жүгү мойнуна артылган мезгилден берки чыгармалары кыйла жетик деңгээлге көтөрүлүп, турмуш философиясын лирикалуу поэзиянын күүсүнө салчу болуптур.
«Кыргыз кыздар поэзиясы» делген түшүнүк жаралгандан берки акын эжейлерибиздин арасында чыгармачылык мындай ийгиликке кимиси жеткенин айталбайм, арийне, жараткан Теңир Афинага Эне болуу бактысын да, акын болуу шыбагасын да тең буюрган бейм, мага анын турмушка чыкканга чейинки жазгандарына караганда, турмуш курган мезгилдерде жараткан ырларындагы чыгармачылык изденүүсү – өзүнө өзүн таптырыптыр.
Андыктан мыкты ырларды жараткан акын болуш үчүн жалгыз бой жашаш керек деген түшүнүктү ташынып жүргөндөр Афинанын мурда жазган ырлары менен кийинки жазгандарын окуса, бул айтканыбыздын жүйөөсүн түшүнөр дейм. Көрсө, турмуштан качкан өзүмчүл сезимге караганда турмуштун күр-шар агымы, тагдырдын ташпиши менен моюнга артылган үй-бүлөлүк түйшүк менен кошо чыгармачылык мээнетти кош тизгиндей колго алса деле болот экен го…
Биз бүгүн А.Бакированын окурмандар таразасына коюлган береги ырларынын ар бирин кенен-кенен сөз кылып чыксак да болор эле, бирок аттиң, сайтыбыздын редакциялык мүшкүл иши ансыз да толтура, ансыз да ар иштин башын баштап койгон түйшүгүбүз көп болуп жаткан үчүн Афинанын чыгармачылыгы туурасында үстүртөн гана кеп кылууга аргасызбыз…
Олжобай ШАКИР
* * *
Шуулдап-күүлдөп жаадың бүгүн таң азан,
Жамгыр, менин окудуңбу жаназам?
Өз өлүмү менен көптөр сакайды,
Өлүмгө да үмүт артып… карасаң!..
Жаадың жамгыр шыбырап да шуудурап,
Тамчың мага өз сөөгүмдү жуудурат.
Көздөрүм мөл, а көз жашым сел болду,
Бейиттерди жаан аралаш ургулап.
Келдиң көктөм… мага өзүмдү жоктотуп,
Абалкыма койчу мени окшотуп?!
Өзүмдү бер! Андан бийик сурабайм,
Өлүм — өзүм менен калыш коштошуп…
Бир жымылдап, кайра бирде дуулдап,
Сенде — улуулук, менде болсо — сыгылуу.
Өгөй эмес, өз деп билсин жер мени,
Өзүмкү бол! Учуум дагы, жыгылуум…
Кечир мени, о, жан дүйнөм көөнөргөн!
Кечир! Мага ырайымың өчүрбө.
Бүгүн, бүгүн өз боло көр ыйыкка,
Катарына кошо электе эсилдер.
«Жанын кыйып биздей канкор болгон жок!»…
Дешсин мени эсилдерге эсилдер.
О, өлүмдөн издеп кеткен башпаанек,
Канкорлорум! Тагдырына өкүмдөр…
Шуулдап-күүлдөп жаадың бүгүн таң азан,
Жамгыр менин окудуңбу жаназам?
Өз өлүмү менен көптөр сакайды,
Жер астынан үмүт кылып карасаң…
Бүгүн, бүгүн өз боло көр ыйыкка..
Катарына кошо электе эсилдер…
2014.
* * *
Өз башын тааныш үчүн, билиш үчүн,
Аялдын сүйүү издеши жаман аттуу.
Рахмат! Суз-бактысыз кечелерге,
Эми эстеш ал кет-кетти кандай жакшы!
Рахмат, буйрубаган үчүн мага,
Буйруксуз күйүттөшкө ыйыма мас!
Ким мени шынаарласа хан сезди өзүн.
Рахмат бактылууга! Багыма кас…
Келди анан келбээрсиген кер кабылан,
Калтаарып сүйдүм жаалын, мээрин, өңүн.
Кайсы аял уккан болсо жашады дейм,
Дүйнөнүн мен уккандай дүңгүрөгүн!
Ыйлаймын сүйүнүчтөн, эрээркеп да…
Чоочунга ичим ысып достой сүйлөйм.
Өлүмдүн бар-жогуна көңүл бурбайм,
Өлбөстүн жолдорунда оттой бийлейм.
…Кайсы аял уккан болсо жашады дейм,
Дүйнөнүн мен уккандай дүңгүрөгүн…
2015. Апрель.
* * *
Көмүскө жашоом ыйык эл билбеген,
Эл билбес күндөр менен күйүп-жанам.
Көрүнөө турмуш мага бар тобокел,
Эл көргөн бул турмушта унут калам.
Кечээ эле аппак карлар сейрек каалгып,
Ай тоңуп, ай астында шаар тоңуп…
Мезгилдин кадыры жок жеке мага,
Учамын ортосунда бопбоз болуп…
Ичтеги эркиндик да эркин эмес,
Ичимде өз мыйзамым көгөргөн көк.
Көрүнөө бир жашоого сүйүүм батпайт,
Көмүскө бир жашоого абийир көнбөйт.
Жылдызы келишпеген бул жолдордо,
Жылдыздуу жашап өтүш талап-буйрук.
Мен сени кабыл алдым о, чоң сезим!
Сени да кабыл алдым карыпчылык!..
2015.
АЯЛ ДОСКО
Жашагым бар таппай дагы, таптырбай,
Аял доско болгон тилек-үмүт кор!
Ушул күндөр өттү көздү ачырбай,
Көз ачпаган үчүн а биз үмүткөр!
Бүгүн көөдөн сени менен чайпалып,
Бүгүн көзүм сени менен бөксөрөт.
Тил катпасаң досчулугуң кыйла алыс,
Аялдыгың — аялдыкка өч демек!
Жол тартасың көктө, жерде, суу менен,
Көөдөнүңдө көп үшкүрүк, көк буулар.
Бир башыңдан миң кечирим айлансын!
Аялдыктан чыккан ак-көк кеп булар…
Жан эс алгыс, жай билбес да үрөйсүз!
Бороондогон турмушуңа шааң жетпей…
О, чабылып, сапырылат тагдырың —
Ургаачылык деген ушу айнектен.
Эриңден да көөнүң калып эрте-кеч,
Мүдүрүлбөйм деген жерден шаабай сууп…
О, кабарсыз досум! Кайын журтуң да
Күркүрөгөн-шаркыраган ааламдыр…
Бир башыңдан миң кечирим айлансын!
2015.
* * *
Асманым да, деңизим да өзүңсүң,
Учам-сүзөм, тыныкканга жок орун.
Кейитпейби, балким жакындарымды?
Бул дүйнөдө жашап атып жоголуум…
Сөөк какшатты шыргалаң суу, боз таңдар,
Каным сорду мезгилдерим ажайып.
Оозго тиштеп, сени сактап баратам,
Буйрубасым, Айкөлүм да Аялуум…
Бизге эч качан көтөрүлбөйт бир чатыр,
Тунукелүү, жыгачтары саймалуу.
Парда үлпүлдөп, арча бешик желпилдеп,
Күн ойнобойт терезеден алмалуу.
Короо гүлдөп, шамал, барик, күз менен,
Суу жылтылдап кылт-култ этпейт чакамда.
Балабызды тыңшап четке жылдырып,
Шыбырашып-искешпейбиз жатарда.
Жылдыздар бүт койнубузга төгүлүп,
Сезишпейбиз жүрөгүбүз сокконун.
Биз акырын баратабыз калтырып,
Бул өмүрдүн буйрубаган отторун.
Жылдыз учуп чыкпайт биздин айнектен,
Ай жарыгы түшпөйт биздин бөлмөгө.
Бактыбыз — жол… билбейм, узак-кыскабы…
Багытыбыз — элсиз, жансыз эрме чөл…
2016.
ЭРКЕМ
(Акын сиңдиме)
«Жаша! — дедиң… — Бир жаныңды кубантып…
Жаркылдап бир ыр кечеге кел!», — дедиң…
Эркем, менин тоодон аша чабылган,
Толкунумдун күүсүн угуп, чарчабай,
Мени оюңда канча жолу термедиң?..
«Шаан-шөкөт да аралашсын жашооңо,
Көз кубанткан көйнөк кийип кел!» — дедиң…
Бу асмандын очогунда от дуулдап,
Билбей калдым жайдын кирип келгенин.
…Мени оюңда канча жолу термедиң?
«Турмушка бир, китепке бир, ырга бир
коробогун! Ташта аларды, кел!» — дедиң…
Корогондон коркпойм, эркем… а балким,
мен селт дечү коркунучтар калган жок.
…Мени оюңда канча жолу термедиң?
«Чоктой кызыл боёп алып ээрдиңди,
Шаңдуу басып кечки бешке кел!» — дедиң…
Коомсуз жана даңазасыз жашап мен,
Күзгүсүз да, бет боёксуз отургам.
Мени оюңда канча жолу термедиң?..
2016
* * *
Жашоомо мурда-кийин келген эмес,
Өзүңдөй татаал мүнөз, катаал киши.
Жөн билги аял болдум биринчи ирет,
Сен менен айрылышпай жашаш үчүн.
Периште керек сага аял түспөл,
Ыйласа ыйы таттуу, күлкүсү узак.
Сага мен кайттым… Барса келбес жерден,
Алкымдап турса дагы миздүү бычак.
Жалбарыш керек көөдөн бөксөргөнчө,
Өзүңө барыш керек бул жалыныч.
Жок дебейт, мойнуңа бир асылсам да,
Мен менен бирдей күйгөн дүйнө калыс…
Эркелеп, эркелетиш керек сени,
Мага азыр Ай, Күн экөө өзү парда.
Мени азыр сырданамдай тиктеп Кудай,
Адамдар даабайт айыптаганга да.
Жаныңда аял болуш — кызмат, бакыт,
Үлгүрүп калгым келет жашап, сезип.
Аялдык тагдырды сен асмандаткан,
Жердеги азап менен калдым кезип.
Жашоомо мурда-кийин келген эмес,
Өзүңдөй татаал мүнөз, катаал киши.
Жөн билги аял болдум биринчи ирет,
Сен менен айрылышпай жашаш үчүн…
2017.
* * *
Бөлмөлөр бар, кайда экенин билбеймин.
Колго тааныш темир тутка каалга бар.
Ал каалганы ачып кирип келсең сен,
Үй — күнөөсүз, биз — санаасыз, шаар — шамал.
Оң жагыңда ак плащым илинүү,
Сол жагыңда жылнаамабыз түрүлүү.
Демек кеч күз… Бийик үйдүн айнеги,
Бийик соккон бороон менен күрү-гүү…
Кемселиңди, чечпей башта шапкеңди,
Издеп мени ашканага өтөсүң.
Туюп турам, муздай түшкөн топчуңан,
Суук башталган шаардын кечки көчөсүн.
Арасында казан, чайнек, буулардын,
Аралашып отко, жемиш, гүлдөргө.
Күлүп турам, кучагыңа аласың,
Көк Теңирдин сүймөнчүгү бул бөлмө.
Биз белгисиз. Таптакыр бир белгисиз,
Бул калаада бизди эч ким тааныбайт.
Жарык менен таттууну көп кеп кылып,
Биз жашаган күндөрүн айт, айын айт.
Бөлмөлөр бар, кайда экенин билбеймин,
Колго тааныш темир тутка каалга бар.
Ал каалганы ачып кирип келсең сен,
Үй — күнөөсүз, биз — санаасыз, шаар — шамал…
2017.
* * *
Ойгондуңбу?
Жайында бекен баары? Там-ташың да?
Башка адам тигип кеткен тал-теректер корооңдогу?
А балким, өзүң дагы кошкондурсуң,
бир көктөмдө жаш көчөттү?
Агабы суулар дале эшигиңде?
Калкыйбы каз-өрдөгү?
Сейилдеп жүрөсүңбү?
Жашайсыңбы базардан, жолдон алыс?
Унаалардын үндөрү угулбайбы,
Сен дымып жатканыңда?
Темир жол барбы четте?
Мен бирок поэзддерди жакшы көрөм,
Алып-учуп келаткан эркиндиктей.
Күндөрүң кандай өттү?
Унутуп — кайра эстеп, унутуп — кайра эстеп ушу мени…
Жырткычка айландыңбы бир ирмемге?
Сен мени бөлөк-бөлөк тыткың келип?
Же «уу-уу-ууу!» деп улуй албай үйдү жарып,
Же жүрөк тазаланбай…
Сен мага кимсиң өзү?
Деңиздей каптаганым, жамгырдай төгүлгөнүм.
Жалгыз өзү,
Сан миң азиз досумдай көрүнгөнүм.
Мен сүйгөн бир адамды,
Меникиндей тилектер менен сүйгөн,
Ал жана мен жөнүндөгүм…
Күндөшчүлүк —
Кыямат күн эмес бул…
Кыл чайнашкан аялдык сүйүүлөрдүн окшоштугу!
Көптөр үчүн таалайдын жарышканы!
А мен үчүн —
Адамдык сапатымдын,
Жан дүйнөмүн тунуктугу —
Устаранын мизинде сыналышы!
Эрдиң көпкөк!..
Канталаган көздөрүңөн!
Өзүңө жан тартканым —
Айкөлдүк эмес такыр.
Эмесмин мен ургаачы көк жал дагы.
Тек гана….
Кандай тагдыр күтсөм да мен,
Мөл бойдон жашап өтүп кетким келет…
Мөлдүк да,
Бактылуулук —
Тагдырым, тандап алган…
2018
Мейкиндешим, мейкинде бир болдукпу?
Өксүбөдүм, үзүлбөдүм шооладан.
Көңүлүм ай, эми кантип сөгүлөт,
Тээ ободон чыйырчыктар оонаган…
Жан чырагым, буйругубу тагдырдын?
Дүйнөңүздүн берметтерин тинтишим?
Жыпар толкун болуп жеңил тараган,
Жытыңызды ээлей албай чүнчүшүм…
Жан тынчтыгым таппай жүрөт куш уйку,
Дайым батпас күнбү сиздин демиңиз?
Кудайдан соң сыйынарсыз намыска,
Намыс үчүн бирикпейбиз эми биз…
Мейли, сиздин кучагыңыз аздегим,
Шаарым болсун бир да ирет барбаган.
А бакытым аны таппас Ай болсун,
Шаар үстүндө жанын төшөп жанбаган.
Мейли сиздин өбүүңүздү билбейин,
Жадымдагы унутулгус тамгадай.
А эңсөөлөр шаасы жетпей барактын,
Жазылышсын-жазылышсын байма-бай…
2010.
* * *
Кубулжуган бир асмандын астында,
Көксөөсү көп куттуу жердин үстүндө —
Жашайбыз биз бир калааны калаалап,
Улуу-сулуу көчөлөрдү көчөлөп.
Көңүл өсүп, жан балкыган күндөрү
Төрүбүздө жакшы ырлар кечелейт…
Окуядан-окуяны кубалап,
Өмүр сүрдүм ойноок жана санаадар.
Бакыт өзүм экеними түшүнүп,
Боюм бүгүн байтерекке барабар…
Мен издеген Бакыт да — мен, Мээрим — мен.
Баары менмин не тилесем өмүрдөн.
Ордобузга келди жаздын шарданы,
Кыштан кийин эски үй, эски шаар жаңы…
Көгүбүздө мен көрө элек турнаны,
Көлгө жетип көрүшүшкөн куйманы,
Жол-жолдордо буйтап аккан кыянды,
Жазда-күздө сени жазган сыямды…
Шыйпырдагы кептерлерди күүлдөгөн,
Жамгыр жааса шырт-шурт этип сүйлөгөн —
Каалагандай жасай элек үйүмдү,
Ханга салам бергизбеген сүйүүмдү.
Бу дүйнөнү калчап турган дээриңди,
Эркелеткен алтын таажы кебиңди…
Турпатыңа тунган айбат-сүрүңдү,
Туудай кармап тутуп жүргөн Пиримди,
Сен сүйлөшүп, мен сыйынган Теңирди,
Теңир өзү берген сендей шеримди…
Айтып берем же ырымда, же катта.
Каттаганым — жар, кыя жол, бир бакча…