
(Асан кайгы бабаздын изи менен терилген терме)
Түнкүсүн уктабай отурганда түрдүү ойлор келе берет. Томолок жерди алаканыма кармап алам. Сыдыргыдан сыдырылат дүнүйө…Ал эмне болду экен?…Бул эмне болду экен? Дүйнөдө аты суук, түрү суук түрмөлөр бар. Кудай ошолорду кучагыңа ал, оорун жеңилдет, актай көр, бей-бечараларды сактай көр деп тиленем. Анан отуруп жалпы жан бүткөндүн барына жаны кейиген Асан кайгы бабамды эстеп, көрбөсөм да ичим жылып кетет. Адамдык жолду салып кеткен экен..
Ушул түнү уктабай, ооруп жаткан кантти экен?
Чарк айланып көпөлөк, ооруу баккан кантти экен?
Сыртта согуш, үйү суук, сызда отурган кантти экен?
Ачкалыкка, азапка кышта отурган кантти экен?
Карыптардын үйүндө калган байкуш кантти экен?
Уул-келини кууп чыккан чалдар байкуш кантти экен?
Тири жетим жүрүшкөн балдар байкуш кантти экен?
Жалгызсырап жашыган а, жандар байкуш кантти экен?
Туягы жок артында саналуулар кантти экен?
Тартып, чоюп жеткизген балалуулар кантти экен?
Ата-энеси алыста жүргөн байкуш кантти экен?
Акыл-эсин жоготуп, күлгөн байкуш кантти экен?
Чет-жакада жүргөндөр – момун байкуш кантти экен ?
Кара жанды карч урган келин байкуш кантти экен?
Көр оокат деп жер кезген эр жигиттер кантти экен?
Өлкө жүгүн көтөргөн а, жер жигиттер кантти экен?
Кур-кур эткен курсагы, алсыз байкуш кантти экен?
Тойо жебес тамакты, кансыз байкуш кантти экен?
Үйүн таппай темселеп кеч калганым кантти экен?
Үнү угулган алыстан, тез жардамым кантти экен?
Жарык дүйнө кызыгын, жыйып турган кантти экен?
Жан кашайып, өз жанын кыйып турган кантти экен?..
Миң-миң күнү ирмемге сыйып турган кантти экен?
Келген-кеткен дүйнөсүн а, жыйып турган кантти экен?
Кантти экен ай,
Кантти экен.
Жакшылык эле болсо экен….
Көрүнгөн менен көрүнбөс
Кечээ күнкү себелеген жамгыр катуулап, ак жаанга айланды. Чагылган жаркылдап, күн күркүрөйт. Түнкү нөшөр “Чарк” эткен чагылган оту менен түнкү нөшөр керемет…Ак жаан..Чагылган. Мен…
Түбөлүктүн койнун ачты —
Түнкү чалган добулбасың…
“Жаздын өңү — көрүнгөнү.
Жандын өңү — көрүнбөсү.
Гүлдүн жыты — көрүнгөнү,
Нурдун жыты — көрүнбөсү.
Жети нота — көрүнгөнү,
Жетимиш миң – көрүнбөсү”-
Түбөлүктүн койнун ачты.
Түндө ушинтип, добулбасың…
Көрүнгөндөр өлөт деди.
Көрүнбөстөр өлбөйт деги.
Бүт денемден куюлду анан.
Бриллианттай туюлду анан…
Түбөлүктүн койнун ачты —
Түнкү чалган добулбасың…
Уялдым
Көк асманга не ыраазычылык билдире алдым? Ушул колдорум зекет бердиби? Сооп иш жасадыбы? Аятарым кай жактарга басты? Канча изи карарды, күйдү, күнөө жыйнады? Канча изи гүл жыйнады?…
Өмүр бар экен, өлүмү да бар. Күн чыгат экен, түнү да бар. Калп жашайт экен, чындыгы бар, акыйкатсыздык жашайт экен, жазасы да бар…
Карыз экенин ар бир аба жутуму,
Акыл калчап, сезген сайын утуру,
Абадан да дем алгандан уялдым.
Тазалыгы кан-жанымда таралаган,
Ар бир тамчы мен гана үчүн жаралган.
Ушу суудан жутканымда уялдым.
Аба, суу, дан, мал, жан мага берилген
Барктабадым, жеп ичкенде деги мен …
Жер бүткөндөн, жел бүткөндөн уялдым.
Аманатка, карызга гана берилген,
Арсыз сактап койгонума жеринен,
Ак денемден азыр ушу уялдым.
Өткөндөрдөн, кеткендерден уялдым…
Толо келип, бош кеткенден уялдым..
Өлүм менен бет келгенден уялдым…
Ыр
Сүйүүң кагазга да батпайт, калемге да батпайт, ал көкүрөгүңдө. Он сегиз миң аалам сыйган жүрөк көкүрөгүңдө…
Оо, Көктөгүм Сенин бардыгыңа шүгүр кылам. Мен мына, эмне кылам десең мен мына, болгону түз чиймеңен чыгара көрбө….
Сен андасың,
Мен мындамын,
Биз экөөбүз ыр жазабыз, Кудайым.
Мен каламда жазсам,
Сен ааламга жазасың.
Мен кол менен жазсам,
Сен ой менен жазасың…
Мен үшүй, үйдө жазсам
Сыртта кар жаагызып жазасың.
Мен какшап, кан катып жазсам
Сен дайраларды жайнатып жазасың…
Ыр саптарым — ый, күлкүдөн турса,
Ыр саптарың — Ай, Күндөн турат.
Ый, күлкү өчсө, Ай, Күнүң өчпөйт….
Күлкүлөр көчсө, Күн, жылдыз көчпөйт….
Түркстан
Мен сенин тоолоруңа, сууларыңа,
Ашыкмын, ашырлаңа, ырларыңа.
Кагылам каадаңан да, сөөлөтүңөн,
Кагылам мээнетиңен, дөөлөтүңөн.
Карачы, кандай гана, кыйналамын,
Тыңшасаң, жүрөгүмдүн ыйлаганын…
Бириксек, бир атанын, балдары, эй,
Бир тууган, боордошторум, Түркстаным.
Жер асты, кен бүткөнүң казылганда.
Кыз-улан талаа-түстө чачылганда.
Бириксең кантет-кантет, Огуз уулдар,
Уулуунун, уу тырмагы ачылганда…
Кыргызым, башкыр, уйгур, сен казагым,
Азербайджан, түркмөнүм, сен татарым,
Өзбегим, түркүм менин түптүү, нарктуу.
Түбөлүк асман тирээр – Түркстаным.
Бириксек, бир атанын, балдары, эй,
Бир тууган, боордошторум, Түркстаным.
УУлума
Дүнүйө деп алтын баш сайбагының.
Аз өмүрдө жоголуп калбагының.
Эки сүйлөп, пас болуп, актанба эч,
Баш төмөндөп, тизеңди жазданбагын.
Напсиңе бек, жардыга март болгунуң.
Жашоого түз, жарыңа ак болгунуң.
Эсиңен эч чыгарба Кудай барын,
Эки дүйнө эсеп бар, так болгунуң.
Кыйыры бүтүп турса да бийиктердин.
Кыргыз үчүн, Күн болгун бийиктеги.
Мекен дегин, Адам де, ата-эне де,
Мээнетиңди алайын, жигиттерим…
Түндүк астында
Тоолорду тоодой, сууларды суудай көчүргөн ,
Доорлордун күчүн суурулуп султан утпайбы.
Эл деген эриң, эл деген уулуң канаке,
Исхактай уулуң, Жусуптай уулдар чыкпайбы…
Жеп ичип жаткан жегичтер үндү укпайбы.
Уяты, намыс, көкүрөк-көөнүн тытпайбы.
Калдайган караан, как жүрөк өзү чеп болгон,
Калкымдан энди кан Манас өсүп чыкпайбы…
Караймын алыс, кадамым катып, түтпөймүн.
Карааның жалгыз, кагылам сенден. Тиктеймин,
Түрк тилдүү элдин түрүлбөс, түндүк бирлигин,
Көрсөм го, чиркин… Бактылуу болуп бүтпөймүн…
Бөлөктөн өбөк, жамандан жакшы күтпөймүн.
Сен үчүн калкым, агарган аппак сүттөймүн.
Ажыдаар элдер айланып турат, кантейин,
Ак тилек, дуба, сүйүүдөн түбүң түптөймүн…
Мектебим
Жолдордо жарык салынган,
Жок элем, сенден табылгам.
Айланган дүйнө огунда,
Ааламды көздөй агылгам.
Шыңгырап аккан бир булак,
Дайрага сенден кабылгам.
Түбөлүк түптүз өмүргө,
Түз эле сенден жагылгам.
Балапан болсом уяда,
Кыраандай канат кагылгам.
Мектептен чыккан жол учу,
Мекенди көздөй агылган.
Ким күчттүү
Үлкөндөр, үркөрлөр, дөө-шаалар чогулушуп,
Жалгандын жалгандыгын айтышты.
Билек, белдин балбандыгын айтышты.
Алдан тайгандын — армандыгын айтышты.
Тоо:
— Мен баарыңан күчтүүмүн.
Көрүп турасыңар го, төбөм менен көктү тиреп,
Түбүм менен жерди жиреп турам.
Темир:
— Күлкүм келтирбечи,
Билесиңби, менден эмнелер гана жасалбайт.
Космосту айланып, корабль, танктарыңды баштайм.
Сендейлерди солк дегизмек турсун, үгөлөп таштайм.
От:
— Мактанбачы, сен бир сулк жаткан темир элең,
Мен жок болсом сен эмненин табына ээриир элең.
Демек, сенден мен күчттүүмүн.
Суу:
Сөзүңөр суу кечпей калды.
Карарган жинимди байланып,
Кара түз-өңүмдү шайланып чыкканымда,
Тоо-таш, от-потуңар менен жууп-тазалап кетчүүдөмүн мен.
Шамал:
Айланайын, карагым, агызып бараткандарыңа өзүңдү кошуп туруп,
Айлантып-айлантып, асманга көтөрүп таштасам кантесиң?
Башы көккө тыгылып, куйругу жерден суурулган деген менмин..
Адам:
Ай, дөө-шааларым, балакет болсоң чынында,
Башыңды барча сындырган,
Садака, сооп иш, зекет бар.
Ыйлаган көздү жылмайткан,
Жакшылык- жарык жетек бар.
Бир катар күйүп сен өчсөң,
Каз-катар дүйнө өчпөйт — ал.
Көз менен көрүп Кудайдын,
Үн менен сүйлөп, уга алган,
Баарыңан күчттүү менмин бу,
Билбесең, билгин, не арга…
АЛП КҮЗГҮ
Күз бүткөндүн барысы алп күзгүдөн чагылат…
Жашыл чөптөр саргайып, жайдын өңү кагылат.
Үйү жок да жайы жок, үймөк-үймөк болушкан,
Кайрычыдай жалбырак кең ааламда табылат…..
Күз бүткөндүн барысы алп күзгүдөн чагылат…
Кыз ыраңың саргайып, кызыл өңүң кагылат.
Кайран-кайран кезеңдер, кайып-кайып болушуп,
Казып-казып издесең кай ааламдан табылат?
Жигиттитигиң жытылдак, кудайберген курагың,
Сындырбагын, сынбагын, ойлон, сообун, убалын,
Өлгөн киши тирилет, жок дегенде оо дүйнө,
Жигиттике үмүт жок, кетсе келбес — убагың….
Күз бүткөндүн барысы алп күзгүдөн чагылат…
Жашыл чөптөр саргайып, жайдын өңү кагылат.
Үйү жок да жайы жок, үймөк-үймөк болушкан,
Кайрычыдай жалбырак кең ааламда табылат…..
ТАШТАЙМЫН ДЕСЕМ, ЖҮРӨК ЗЫР
Өмүрдү өзөн таттуусу ай,
Көңүлдүн көзөм баттуусу ай.
Таштаймын десем, жүрөк зыр,
Жалгандын жалын шаттуусу ай.
Суулардын таза шыңгыры ай,
Сүйүүнүн сүртүм шылдыры ай.
Таштаймын десем, жүрөк зыр,
Көздөрдүн сулуу кылгыры ай.
Ак кардын акак сыйлары ай,
Төгүлгөн жамгыр ырлары ай.
Таштаймын десем, жүрөк зыр,
Сөгүлгөн жандын ыйлары ай.
Түшүмдүн түйнөк сырлары ай,
Түнүмдүн түнөк кырлары ай.
Таштаймын десем, жүрөк зыр,
Күнүмдүн күнгөй ырлары ай…
Кеч эмеспи күлбөй койсом мен энди
“Сооп иш жаса – акыретке камылга,
Өлчөнүлгөн убак-саатың барында.
Жолдор кыйын” – деген сайын Көктөгү үн.
Жарык келет, “жылт” эткен бир жаныңа.
Жарык келет, “жылт” эткен бир жаныңа.
Бүтүү деген ал- бир улуу башталыш.
Оору, азап, сүйүү – олжо болгону.
Айрылуулар – ал чыныгы жолугуу …
Айрылуулар – ал чыныгы жолугуу …
Ызаат, сыйлар – түбөлүктү алганың.
Күлкү, кумар – курттар күнүң кемирчүү,
Күнүң бүтсө – тозокто эле калганың…
Дуулап өмүр сүргүм келбей калды эми.
Кеч эмеспи күлбөй койсом мен энди,
Шарап, оюн, кызыл оттуу көйнөкчөн,
Коюн – колтук, жүрбөй койсом мен энди.
Кеч эмеспи күлбөй койсом мен энди…
Жүзкайрык сыйган үч кайрык…
Жапырак
Кышта тоңуп калбайын деп ыр ичтим.
Күздө үзүлүп түшпөйүн деп нур үздүм.
Күүгүмдөрдөн Күн көтөргөн ыр үздүм.
Кыргыздын мырзасына
“Кул базар” турса кулкулдап,
“Кыз базар” турса кылкылдап,
Жүрөсүң кантип жылтылдап?..
Падыша, өлүм жана эл
Падышада миң өлүм — тарых менен.
Болгонунда бүгүнү карып менен,
Эч өлтүрбөйт эл жашап, жарык менен…
Амандык
Айды айланттым, ачта-токто, айкайсыз,
Асыл жылдар анан, анан келишти.
Алтын аяк суу ичээр күн беришти…
Көлөкөм
Эртеңдердин эсептерин эстетип,
Көлөкөм эй, ийрелеңдейт, кылкылдайт.
Кырк тамырым кыйкырыксыз, зырпылдайт.
Укчу
Эки жолу келбейсиң, сөзүмдү ук.
Өлүк болбо — типтирүү көзүң туруп,
Өлүп кетпе, асыл зат өзүң туруп…
Болбос
Агындылар агып кеткен сыяктуу,
Бир пендеге мекен болбос дүнүйө.
Казыкчалык бекем болбос дүнүйө…
Бара жатыр Омар Хаям
Тык-тык этип таягынан үн чыгып.
Дүк-дүк этип көөдөнүнөн үн чыгып,
Күлүң-күлүң төбөсүнөн Күн чыгып.
Көккө
Жакын келбе, күйүп кетем жакындан,
Ашык бербе агып кетем акылга.
Басып бербе, жуксуздукка, закымга….
Топурак
Достум боппоз, аппак дилиң,
Досуңа төкчү мээрим, төкчү сүйүүң.
Доор мыкчый, биз экөөбүз жер бололук…
Эненин таманы
Тагдыр оңдоор таманда бейиши бар,
Таманыңды астыртан таш да тыңдайт.
Таалайлуулар энелеп ырдайт, ырдайт….
Көлчүк, нөшөр, өрт
Көнөктөгөн нөшөрдү өпсөм дагы,
Көлчүктөгү ылайдан өткөн месмин.
Өрт, жалынын өзөктүн керткен месмин.
Көп күндөй аз күндөрүм
Узак жолду баскандаймын,
Узак жашка чыккандаймын,
Уккандарым – уткандаймын…
Кызмат
Айланайын, асман, жер,
Бар кызматың мага экен.
Баш иймегиң Ага экен.
Бир өмүр
Кар ханыша сыңар чачып өмүрдү,
Аппак жаапмын, күнү-түнү басылбай,
Баа, барк, наркты баалабапмын жашынган…
(“Үчкайрык” бөлүмүнүнөн кыскартылып алынды. Д.Б.)