БЕЙШЕНАЛИЕВА Динара: ДИНАРА БЕЙШЕНАЛИЕВА: КӨГҮЧКӨН

АҢГЕМЕ

Ал ичикти желбегей жамынып, эшиктин алдында турду. “Чыр-чыр”, “чы-ыйт” деген үн чыкты көктөн. Антип-минтип акыл жыйгыча көгүчкөн ичиктин ичине башы менен сайылгандай кирип, колтукта  пысып калды. Ага удаалаш эле баш жагынан аткан октой зуу этип ителги кайып учту. Жума иштин чоо жайын эми гана түшүндү.

Тегеректе тал-терек жок эле. Жан талашкан көгүчкөн түз эле кишинин ичине кире качканга мажбур болуптур. Көгүчкөндүн кичинекей жүрөгү тып-тып этип катуу согуп, кишинин эки колун кадимкидей кыймылдатып атты. Жаш толгонсуган жылтырак көздөрү алда нерсени айтып, жалдырап, чочуп карап атты кишини. Канаттарын каккылай, колдон бошонуп кеткенге аракет кылды. Киши аны көпкө карап турду. Бирөөлөр көрүп коё тургансып үстү түшкөн жаман короосунун ичине кирип, көгүчкөндүн ичке мойнунан кармап туруп “тырс” эткизип бурап койду эле, алгач канаттары шалдайып, анан буттары сунала түштү.

Аз өтпөй Жуманын жепирейген үйүнүн морунан да башкалардыкына окшоп бурулдап түтүн чыгып калды.

Аялынын кетип калганына төрт жылга аяк басты. Андан кийин атасы өлдү. Былтыр жазда апасы дүйнө салган. Ал барда оокат тиричилиги жакшы эле болчу, апасынын пенсиясы экөөнө кенен жетчү. Эмнегедир акыркы күндөрү жүрөк тушу катуу сайышып туруп, кыймылдатпай, дем алдыртпай мыкчып кала турган болду. Кимге айтат? Эч ким андан кабар албайт. Өзү бирөөнүкүнө баш бакпайт. Кыш жалгыз кишиге ушунчалык оор болот экен. Кабат-кабат жуурканга оронуп отурса да тоңот. Бут алдынан чыйылдаган чычкандар ээн-эркин, эч ким жоктой ары бери чуркашат. Кыш дагы жакындап келатты…

Жума кечээги шорпону жылытпай эле ичип отурат. Баягы оорусу дагы кармады. Бүк түшүп калды. Көкүрөк тушунан бирдеме үзүлгөнсүп, ык деген үн чыкты. Жалгыз үйдө өлүп калбайын деген ал жанталашып, төрт аяктай жөрмөлөй кадамы жеткен үйдүн эшигин бар күчү менен тарсылдатып, анан эшикке кыңкая сүйөнө калды.

– Бу ким түн ортосунда? Ким деп атам, угулбай жатат? Эмне тынчып калды? Турчу эй, ичип-мичип алган дагы бирөөсү келдиби? Кимиси болуп кетти, эшикти аччы.

Эшик ачылганда эле килейген эркек босогодон бери карай “талп” этип кулап түштү. Жума экен. Бу киши да бирөөнүн эшигин тарсылдатат экен да. Болгондо да түнкү саат экиде.

Мештин түбүндөгү бир кабат төшөктө жатты ал. Мурдунун тегереги, ээги көпкөк. Кан тамырлары жарылып кеткендей канталаган көзү тетири айланып баратты. Жана кулаганда эле болбой калган экен. Элүүгө чыкса да сакалы ак. Эркек анын өсүп кеткен сакал, мурутун устара менен этият кырып, алып атты. Аял кумгандан жылуу суу куюп берип жанында.

– Молдого киши чаптырдыңбы?

– Бактыбек акем кетти. Келатышкандыр…

Көзү жумулуу болсо да, Жумалы тигилердин сөзүн даана эшитип атты. Турмушту кайра баштаганга болбойт, ээ. Эгер, болсо кечээ күнкү койнуна корголоп кирген көгүчкөндү коё берип жибермек. Анда куду ошол көгүчкөндүн кейпин кийип, чоочун үйгө корголоп кирээрин кайдан билиптир. Билсе го, билсе башкача жашамак. Көп нерсени билбей, өмүрдү кадырлабай, аялуу жанды аздектебей жашады. Бир ууч элүү жылын ката үстүнө ката, күнөө үстүнө күнөө үйүп гана топуракка чачып жиберди. Аттиң ай, турмушту кайра баштаганга болбойт, ээ…

Сулк жаткан кишинин көзүнөн эки томолок жаш эмелеки сакалы алынган сыйда бетинен “тып” этип, моюн ылдый кулай жок болду. Бу кишинин жашын эмес сүйлөгөнүн эч ким көргөн эмес. Бул чоочун көздөргө көрүнгөн анын эң акыркы жашы болду.