
Оболку окуялар, ошол окуя, өнөгөлүү өзгөрүштөрдүн күбөлөрү болгон адамдар улам убакыт өткөн сайын унутула баштайт тура. Эмне үчүн? Эми ал айтпаса да белгилүү да. Турмуш… Мына, башканы коюп, Улуу Октябрдан кийинки жергебизде болгон өзгөрүүлөр, аларды жүзөгө ашырган атуулдарыбыз туурасында маалыматыбыз канча? Билбейбиз. Бүгүн ал аста-аста өз ыраатына келе баштагандай.
Оозеки айтымдар туруптур деңизчи, а басма сөздө канча ой, канча пикирлер басылып чыкпады. Талаш жок, басымдуу көпчүлүгү айгине. А кайсы бири жоромол, каңшаар калыбындагы айыңдар. Мен алардын бирөөнө гана токтолоюн.
Бу толугу менен эч күнөм санагыс, нукура чындык деп айтуудан алысмын. Турмушта төгөрөгү төп келген не бар дейсиз.
…Иманалы Айдарбеков. Эми, туура аталышы ыйманаалы да. А киши жөнүндө бечара атам о узун сабак кеп салып берер эле. Апам андан бетер. Ылымсынуу, анан калса, аял затына артыкча мүнөздүү го!
Бир ата – Сарбандан эмеспи алар. Жазма кабарларда И.Айдарбеков жөнүндө өтө аз, ары так эмес маалыматтар берилген. Алсак, расмий таржымалында «Иманалы Айдарбеков 1884-жылы Пишпек уездиндеги Аламүдүн айылында төрөлгөн» – деп ката жазылган. Ал ошол 1884-жылы Бишкектин кыбыла жагындагы Кызыл-Үй кыштагында төрөлүп, кийин азыркы Байтик айыл өкмөтүнө караштуу Кайырмага көчүп барышкан тууган-туушкандары менен. Бул, арийне, анчалык деле көңүлгө аларлык тактоо эместир, бирок эске алып коюу зарыл. Ал, алгач ирет өзүнүн мамлекеттик ээлигине жетишкен элибиздин эр-азаматтарынын бирден бири. Аны жакындан билген киши жок азыр.
Бизде учурунда ошолордон укканыбыз боюнча алган оозеки асерибиз гана. Буга да шүгүрчүлүк. Өзүбүзчө жоромол кылганыбызды кашкайган чындык катары көрсөтүп, жасап-түзөп, абийир алдында күнөөгө батпайлы. Келечек муундун кээр сөзүнө калбайлы. Акты ак, көктү көк дейли. Алардын, ата-агалардын баскан ар бир кадамы, айткан ар бир сөзү биз үчүн үлгү, ыйык ыроо.
Иманалы Айдарбеков он тогузунчу, жыйырманчы кылымдар тогошунда эс тартып, коомдук турмушка аралаша баштаган. Анын коомдук, саясый ишмерлигине бир кылка токтолуп олтуруу анча орундуу болбостур. Ал атайын иликтөө жүргүзгөн ийги илимпоздордун иши. Мен жөнүнчө, анын инсан катары калыптанышы, жарандык жагдайына тикелей таасир эткен учурлары туурасында гана кеп сала кетсем деген ниетим.
Ооба, ал XIX кылымдын аягы, тактап айтканда, 1884-жылы келген экен бу жарык дүйнөгө. Эл аралык абал, айрыкча империялык мамлекеттер ортосундагы тирешүү, аймактык талашып-тартышуу күчөп турган мезгил. Ошол талашып-тартышуу, атаандашуунун алкагында кыргыз жери да болгон. Падышалык Россия 1860-жылдардан тарта акырындык менен, адегенде Жети-Суу, Көл, Теңир-Тоо аймактарын, андан соң бүтүндөй Ош тарабын өзүнө каратып алган.
Өңгөнү коёлу, ошол кезде өзүнчө болуштук болуп турган Күнтуу элин түп көтөрө Тогуз-Торого көчүрүп жиберүү эле эмне деген жосун. Бул жеке бирөөнүн, же жеке бир уруунун кызыкчылыгынан улам чыккан нерсе эмес, түбү барып алиги империялык күчтөрдүн көксөөсүнө такалып атпайбы. Бул көптөгөн көйгөйлөрдүн бири гана. А башкалары канча…
Иманалы аганын ошо чакта кемелине келип калган чагы. Инилери: Ниязаалы, Жунушаалы деле кол арага жарап калышкан. Өзү кичинесинен эле ар нерсеге ийкем, идиректүү бала болуп чоңоюптур. Айыл арасындагы агайиндик алака, өз ара өнөктөш оокат өткөрүү турган иш деңизчи, а ага да ичи чыкпай, жамаатташ тайпаларда кандай масилеттер көтөрүлүп жатканына көңүлүн артат. Көптү билгиси келет. Атасы Айдарбек оокат-жайы ашып-ташыган бай болбосо да, биердегилердин бардар дегендеринин бири. Бардарлыгы – бардар.
Бирок ал айлана-тегерекке, өзүнүн айыл-апасына алымдуулугу, жугумдуулугу менен Айдарбек атыккан адам экен. Бирди-жарым бийлик төрүн ээлебесе да, өнөгө сөзү өтүмдүү. Анан да качан болсун караан, бел тутар агасы Азамат турбайбы аркасында. Азамат жөн кишилерден бекен, өңгөнү мындай кой, керек болсо Байтик баатырдын өзү менен тике багып, тил табышкан киши. Арийне, ал эле дейсизби, Күнтууда андай аттуу-баштуулар аз беле? «Басыгынан жазбаган» Базаркул, Илебай, Сагынбай… Ар кими эл арасында өздөрүнө татым ак сөз, атакка ээ. Бирок Азамат деген азамат!
Аныгы Айдарбек ачык мүнөз, ар иштин көзүн таба билген тың чыкма киши тура. Уулдары акылы тетик балдардан. Айрыкча Иманалысы. Атасынын баамынча, ал ушу кат-сабат жагына ыклас артым сыяктуу. Бир уккан, бир көргөнүн жаза кетирбейт. Демек, молдо… молдого берүү керек. Канчалык төрөлгөндө шык-шыба кошо жаралбасын, окууну билбесе ойлогон оюн, кыял жорумун ылайыгына карап, кагаз бетине түшүрүүгө ылаажы таппай, караңгы бойдон калбайбы. Ана Бала Кутуйан. Кайран бала! Кана, бир гана санжыргалуу санат сөзү. Башка эмне?..
Айдарбек уулун окутту. Уулу уят кылбады. Айылдагы чала моңол молдодон тамга тааныгандан жыл өтпөй, ошо кезде казань, Өфөдөн чыккан гезит, чакан адабий китептерди барактай баштады. Төрөлгөн жери Бишкекке жакын, Кызыл-Үй дебедикпи. А кезде шаарда дээрлик те, ичкериден ооп келгендер эле. Иманалы күндөрүнүн көбүн ошол шаарда өткөрөт. А шаар айыл бекен, анда жашагандардын жүрүм-туруму, сүйлөгөн сөздөрү, мүнөздөрү да бөлөкчө. Ага көнүү керек.
Алгачы орусча эжелеп окуса, азыр шыр кетет. Анан бу шаар дегениң укмуш тура. Уккандан уга элегиң, көргөндөн көрө элегиң көп. «Дейт, дейт…» Башың маң катат. Кээсин билсең, кээсин билбейсиң. Аныгын айтсак, түшүнбөйсүң. Ошентсе да өзүнчө каниет этесиң. Туура, мурда ой чабыты өз айылы, көңкү Күнтуу журтунун чегинде болор эле. Эмнелер гана болбогон мында. Токбайдагы айтылуу балбан, аталаш тууганы Даадыйды бүткөй күн жүрүш болуштарынын жыйыны (топ) өтүп жатканда көпчүлүк элдин көзүнчө бычак уруп өлтүргөнүнөн баштап, ошо Күнтуунун Тогузторого көчүртүлүп ийиши… Жана эскере кеттик элек го. Мурда Иманалы солто, анын ичинде күнтуу, култуу, аларга танапташ чаа урууларын, алардын аткаминерлерин жакшы биле турган.
Улам бой тарткан сайын мына бу жашоо, жашоодогу айчы-кайчы жагдайлар аны ой бастыга ала баштады. Көрсө, ага чейин уккан-көргөнү жөн эле бирдеме турбайбы. Анын пир туткан атасы, Азамат деле арадагы бир пенде сымал көрүнүп кетет. Ана Атаке баатыр, Анжиян тарабынан Алымбек датканы ал. Те, кара кытайдын катыгын берген Тайлак баатырды ал. А Жайыл баатыр, Жаңгарач!? Не деген шаалар! Не деген эрдик, көсөмдүктөрдү көрсөтүшпөгөн!..
Иманалы аганын саясый-коомдук аң-сезими эрте, Пишпектеги Айыл чарба мектебинде окуп жүргөн кезинен эле ойгонгон. Анан Ташкен… Өзү да кадимкидей турмуштун ачуу-таттуусун тата билип, эресеге жетип калбадыбы. Жаңы калаа, чоң калаа. Жаңы шарт, дүйнөдө жүрүп жаткан оош-кыйыш окуяларды, анын келип чыгыш себептерин өзүнчө кабыл алуу. Өз алдынча баа берүү. Анын үстүнө табиятынан зирек улан үчүн бул зарылдыктын зарылы да.
Эми-эми гана ал коомдук түзүлүш, коомдогу колунда кокон тыйыны жок жарды-жармачтар менен байлыкка башы менен баткан бардарлардын айырмасын, алардын алака-амалдарынын татаалдыгын канчалык жаап-жашырбасын эзели тең эместигин, дегеле тең болбостугун сезип келет. Быякта бай-манап, кедери кеткен кедей, а батыш жактагылар «помешчик», «кирепостуной» дейби, айтор, эзүүчүлөр, эзилүүчүлөр болуп эки жаатка бөлүнүшөт турбайбы.
Орусча «класс» деп коюшат экен. Кыргызча «тап» деген эле сөз го дейт ал ары ичинде. Алар бири-бири менен элдешүүгө түк барышпайт. Жаат-жааттар ортосунда баякы тирешүү, күрөш. Бул өзгөчө өнүккөн өлкөлөргө тиешелүү өңдөнөт. Бул анын, Айдарбековдун Ташкенге келгенге дейре эле дээр дилинде бар болчу. Канткен менен чакан болсо да, Пишпек – шаар. А шаар – элет эмес. Экинин бири дебейли, көпчүлүгү сабаттуу. Анан да бая жер которуп келгендердин саны артып баратпайбы. Алардын айткан-дегени эле саясат. Ташкенде андан бетер. А түгүл Ташкенден алда канча чоң Маскөөңдө деле ошо окшойт. Угуп эле жүрүшпөйбү.
Ал кандайдыр бир башка дүйнөгө келип калгандай. Жашоо жагдайы, аралаш жүргөн курбу-курдаштары да такыр башка. Күн өткөн сайын дүйнө таанымы, көз карашы – өңү эмес, түшүнө да кирбеген бир жаңы нукка түшүп баратканын баамдай бербеди. Баары, баары башка. Же биерде ага акыл кошор атасы болсо экен. Атасы…
Уулу ушинтип өмүр сереси, келечек мурат-максатынын алакетинде жүргөндө асыл атасы Айдарбек каза табат. Арга канча, окуусунун аягына чыгып-чыкпай кесиптик билим… саясатка баш койгон тели-теңтуштары менен коштошууга туура келет. Инилери канткен менен жаш. Апасынын колунан эмне келмек. Же ишенер башка кишиси жок. Оокат-жайлары тиги… тоодо мал, түзөңдө «жатакчылыгы». «Атаганат, атасы барда кандай эле! Эми минтип карабайсыңбы, ачылып-чачылып, баш-аягын таппай отурушпайбы жер чукулап» деген кер какшык кепке калбайлы деп, бар күчүн көр тирликке жумшайт. Бармактай кезинен атасынын таалимин алып чоңойгон бала кайдагы бала, кана, ушу эки мүчөлгө толо берди бейм, баарына чыдады. Көпкө барбай оокаты оңолуп, кайрадан тирдене баштады.
Оокат өзү менен. Анын көпчүлүктүн көөнүнө толуп, ишеничине ээ болгону, сыягы, ири алды карапайым калктын камын ойлоп, келечекки беймалал кенен турмушу үчүн алдыртадан азар чегип жүргөнүнөн улам го. Элдин көзү көрөгөч. Көрүп, туюп эле турат. Жаңы кылым мурдагы кылымдарга караганда өзүнүн кандуу калаба, кыйынчылыгы менен туктамал кирип келди. Кайда болсун опурталдуу окуя, көбү азына, чоңу кичинесине сөөмөй кезеген бир шумдук замана. Келеке, кемсинтүү. Баарынан чоң эл эмес, ошо чоң элдин чоңдорунда экен да балакеттин баары. Өз билгендерин кылышат. Кара таман калайыктын ал-акыбалына карап да койбойт.
Карап… керек болсо элин атып, жерин тартып алат. Мына, баары көз көрүнөө жасалып жатат. Кой-ай деген эч ким жок. «Карга карганын көзүн чукубайт». Ана Америка, Британ, Испаныңды кара. Мына Россияны эле алсаң. Аляска, быягы Персияга чейин жетти. Кана, ким, эмне деди? Биз жакка Британы да ыкыс берип, о бир топ айла-амал кылды эле – болбоду. Орус падышасы оңой опкоктон бекен, тороп койду. Мейли торосун, мейли менчиктеп алсын, «болору болуп, боёсу кансын» эми, анан калганын эмне ала салды кылат?
Быяк эле эмес, өз элин деле… айылыбы, калаасыбы, аердегилерин тап-тапка бөлүп, биринин үстүнөн бирин бийлик жүргүздүрүп, билген намазын окушат. Эл ичиндеги ажырым, нааразылыктын башкы башаты мына ушунда экенин Иманалы анчалык түшүнө бербейт. Бирок божомол, божомол. Күдүк…
Улам убакыт өткөн сайын, мына ушул маселе дейбизби, масилет дейбизби, айтор, саясатка баш-оту менен кирип кетти. Ташкен эле бекен, бу өздөрүндө деле «өзгөчө» ойдо жүргөн замандаштары бар экен. Акырындап алар менен да байланыша баштады. Түпкүлүгүндө жамы журттун тагдырын ийри отуруп, түз кеңешкен салтыбызды кайрадан жандандырып, жаңы замандын ыңгайына ылайык өзүнчө бир ээн-элкин «Эл бийлигин» орнотсок деген ыйык парызды карманышты. Акыр-аягы барып, тоолуу кара-кыргыз облусун түзүү эле. Арийне, ал үчүн өзүнчө бир уюмдун болушу керек… зарыл. А кандай? Ырасында бу боюнча биринин да иштиктүү сунуш, тажрыйбалары жок да. «Алаш Ордо», «Солчул эсерлер», «Шура жана Исмалия…» Айдарбеков булардын кайсынысына мүчө болгондугу али күнчө тастыктала элек. Бирок Россиянын коммунисттик (большевиктер) партиясынын катарына 1918-жылы өткөнү белгилүү.
Биз анын кызматы, саясый ишмерлиги боюнча жалпы-жайык даректерге караганда, анын буга чейин көпчүлүк журтка белгисиз болуп келген айрым оозеки айтым, жазмаларына көңүл коюп жатабыз. Анткени бу анын улуттук ири ишмер катары калыптанышына таберик-таасирин тийгизген далил негиздердин негизи да.
А качан, кандай кызматтарды аркалаганын калыс, ары ишине канык адистердин иликтөөлөрүнөн окуп билгенибиз оңдур. Мына бу айтылып аткандар мурдагылардан калган мурас сөздөр. Биз да кетебиз. А кийинкилер кимден эмнени укмак? Андыктан өз кезегибизде биз дагы билгенибизди ортого сала кетсек. Анткени азбы-көппү ал анын адам, атуулдук бейнесин тагыраак тартып берүүгө өбөлгө түзөөр дейбиз.
Кийинки 20–30-ж.ж. жаңы бийлик үчүн өтө оор жылдардан болгон. Жарандык согуш, ортоктошуу, мамлекеттик, ошондой эле жергиликтүү башкаруу түзүмдөрүн аныктоо жана да башка жалпы өлкө алдында турган көптөгөн көйгөйлүү кыймылдар кызуу жүрүп жаткан. И.Айдарбеков саясый жетекчилик, коом кандай талаптарды койбосун, убакыт, учурду текке кетирбей, таңды-кеч жан үрөп, аларды так аткарууга жетишкен. Алгач адеп, калыстыкты карманган.
Ошол кездеги жашоо жагдайы, көпчүлүк элдин рухий деңгээли кандай эле? Эми ал белгилүү да. Ага карабай, ат көтөргүс милдеттерди аткарган Адөөлөт агабыз. Баарын атап, кайсы ай, кайсы жылдан, кай кызматта болгонун тизмектеп олтурганда эмне, а деп эле расмий түрдө алган ишенич артымы – Пишпек уездинин эң алгачкы элдик жыйынынын депутаты экен. Эскере кетсек, ошондо ал буга Күнтуу болуштугу боюнча өз талапкерлигин койгон беделдүү беш кишинин ичинен биринчи болуп чыкканы маалым.
Иманалы Айдарбек уулунун алып барган милдеттеринин ар бири боюнча өз алдынча талдоо жүргүзсөк деле болчудай колдогу даректерге таянып. Убагында алардын мүлдө баарынын саясый-социалдык мааниси зор эле да. Каралган маселе, багыт агымы ар башка. Ырасында таң калат киши. Алган билими алиги… «мен солдатмын, – дечү экен ал. – Карапайым калк, элибиздин солдатымын. Эл эмне десе ошону аткарууга даярмын…» Йа… бу өзүнчө эле бир ант, касам да. Ант. Аны жакшы билген жакын адамдары анын айтканын айткандай, дегенин дегендей өтөгөн өжөр мүнөзүн өзгөчө белгилешкен. Маа десе, чакалайдын чак түшүндө үстүдөгү асман кулап түшсүн, кабагым-кашым дебестен баштаган ишинин аягына чыкчу дешет.
Ан үчүн кайдан-жайдан керектүү китеп, дагы башка басылмаларды таап окуп, алар аздык кылса, билгендерден сурамжылап кирчү экен. Эң башкысы – саясый кыраакылык, жоопкерчиликти катуу кармаган. Мамлекеттик маанидеги маселе, максаттар өзүнчө, а берки мындайында майда-барат көрүнгөн жеке өз оокат-тирлигине да ошондой мамиледе болгон. Анын дагы бир өзгөчөлүгү – ал өмүрү ага тагылган тапшырмалардын мазмун-маңызына, кичине-чоңуна карап, бөлалды амалга барган эмес. Жаңы өкмөттүн жазуусун өзүнүкүнөн өөдө койгон. Ага улут, улуттун келечеги ыйык, ар бир айткан сөзү, өтөгөн иши өңгөлөргө өрнөк, бир эсе үндөө да болгон.
Алыс кетпей, жанагы эле жер-суу маселелерин кайрадан карап чыгуу, аяк түрө ачарчылыкка кириптер болуп алыс-алыстан, тээ Эдил (Волга) бою, казак талааларынан ооп келген көптөгөн мусапырларга, анан да Үркүндөн улам кытай жергесине көчүп, кийин-соңу кеңеш өкмөтүнүн көргөн көмөгү аркасында, өз жерине кайта баштаган туугандарыбызга турак жай, тамак-аш жагынан кол кабыш эткенин эле алалычы… Койчу, талап-такилиптер толо. Анын ичинде элди отурукташтыруу, сабатсыздыкты жоюу маселелери. Маданият… Атүгүл атуулдук милдет, укук жааты. Мына ушунун баары боюнча иш алпарып келбедиби. Чынында эле таң каларлык нерсе.
Булардан бөлөк дагы канча иш-чаралар болбоду. Улут аралык мамилелер, чек ара, аймактык жер бөлүштүрүүлөр, анан да Ак-Суу (Беловодск) ак гвардиячыларынын көтөрүлүп чыгууларын басууга катышуу. Анан… Бая үгүт иштери. Ал бала кезинен эле сөзгө жатык, эмне дебесин өз орду, эби менен сүйлөчү экен. Сөз атасы азамат: «Ээ, бу Айдарбектин жана жаманынан чыгат. Эмитен эле эл алдында бир да бир жазгана жалтактап койбойт ко! Эчтемеден тартынбайт, тайсалдабайт дагын. Көз тийбесин» – дечү дешет.
Ал эч качан тил эмизүү, өң карамалыкка барбаптыр. Омуроого сала ооз көптүрүп, оңду-солду опурула бергенди эзели жактырчу эмес экен. Кеп кезеги келгенде агынан жарылып, ага-буга тартпай, тең, калыс сүйлөгөн. Анын бул сапат, касиети бизге Совет бийлиги келген кезде айрыкча керек болуп турган. Ага себеп — ал учурда үгүт өтө зарыл эле да. Болуштук, уезддик жыйындар, ар кыл маанидеги расмий отурумдар… Анын сөзгө чебер, уюштуруу жагына устат экенин большевиктердин он жетинчи жылдан берки мүчөсү Я.К.Гритчин айрыкча белгилеп көрсөткөн. Ал Айдарбековдун уездге чейин эле, Чүй сугат тармагын куруучулары жана да жаңыдан түптөлө баштаган башкы түйүнүндө иштеген жаштар арасында үгүт-үндөө чараларын үзгүлтүксүз, өтө жигердүү жүргүзүп жатканын айтат…
Ооба, Иманалы Айдарбеков учурунда элибиз өз алдынча мамлекет катары таанылуу жолунун башталышында турган ариеттүү ата-агаларыбыздын бири. Алгачкы төрага, а кезде аксакал деп да аташчу экен. Ошо. Алгачкы аксакал. Кыркка толуп-толо элек чагында, тарыхыбызда биринчи ирет мамлекеттик түзүлүшкө ээ Кара-Кыргыз облусунун жогорку органы – Ревкомунун төрагасы. Албетте, бул ага көрсөтүлгөн улуу урмат, ишенич эле. Адамга коюлган эстелик ириде элдин оомат-ою, пикири. Айрым түшүнүктүү, түшүнүксүз да себептерге байланыштуу анын ысымы өзүнө тете аталбай, а тургай иштеген иши астейдил эске алынбай, унутта келди. Ээ, эми өттү алар. «Замана башка, заң башка» демекчи, акыры абийир тазаланып, ары ичибиздеги арман, өкүнүчтөр акырындап арыла баштады. Мына бүгүнкү эгемен мамлекетибиздин пайдубалын тургуза баштаган улуу инсандарыбыздын: Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов, Ишеналы Арабаев, Абдыкадыр Орозбеков, Баялы Исакеевдер… менен бирге Иманалы Айдарбеков жөнүндө да атайын иликтөө иштери колго алынууда.
Алардын жаңы заман, жаңы бийликке көңүлдөрү ак болгон. Жана башта сөзгө иле кетпедикпи, биздин бу эскерүүбүз Иманалы агабызды атайын элибиздин бийик даражалуу Билгир адамы эмес, тек, жөнөкөй бир өкүлүнүн өмүр баяны жөнүндө болубатат. Чынында кайсы гана көрүнүктүү инсанды албайлы, анын коом, калайык-калк үчүн жасаган ишинин негизи ушул жеке турмуш кайнамында болот эмеспи. Айтор, Айдарбеков адамдын колу барбаган бир ыйыктыгы бийик, башкача жан тура.
«Түз өскөн дарак өңгөлөрдөн эрте бой керип, эрте кыйылат» – дейт. Сөздүн нугун кай жакка бура тартканымды туюп жатсаңыз керек? Касирет-кайгы, убайым, балким, тагдырда жазылса жазылар, ошентсе да нак өлүм сымал «айттырып келбеси» анык. Жеке мен ага акылым жетип, түшүнүп турсам да, ары ниетимде ал жөнүндө айткым да, жазгым да келбейт. Мен үчүн ал оор… Ооба, аңгеме, баян, андан кеңирирээк жазылган чыгармаларда аны сүрөттөөгө алган учурлар болот. Бирок айтыбатпаймбы, мен өлүм, өксүк, күйүт жөнүндө ооз ачкым жок. Өзгөчө, асыл агабыз Айдарбек уулу туурасында. Ага коюлган «айып» акыры айгине, адилеттик дегендин көзүнө топурак чачып чыгарылган өкүм ойго келчү нерсеби деги.
Адатта, мындай учурда баарын жаңкы тагдырга сала беребиз. Тагдыр өзүнөн өзү жаралмакпы. Иши кылып, эс-акылың ээн-жайкын жел кайыкка айланып, кайда, эмнеге деген соболго жарытылуу жооп таба албай отурасың да каласың, оозуңан аллаң түшүп. Өңгөнү коёлу, анан бүт өмүрүн, ой-максатын, эл-жери, жаңы турмуш үчүн башын сайган адамга ушундай «мамиле» жасоо, кандай десем… Кайбардык да. Айла жок. Й-е, тагдыр дейт экенбиз. Тагдыры кыйын болду айкөл агабыздын. Бар бүткөн дил, аракетин жумшап, жамы журт үчүн жасаган жакшылыгы жасалма, жалганга айланып, жайында башталган жалаа коңур күздө «так, даана далилденип», СССР жогорку Сотунун барманы менен атууга кетти.
Канча жыл Чоң-Таштын туура тушундагы казынды жарда жаткан жасаты өзү менен бир жагдайда жан кыйган акыреттик жолдошторундай эле аты ыйык Ата-Бейитке коюлду. «Коюлду…» Оңой э, айтууга. Жөнөкөй, кыска. А чынында бу өзүнчө эле бир тарых да. Армандуу адам тарыхы.
Арман азезилдин из кубары белем. Дагы, жамандыкты жамандык ээрчий келет дешет. Кыязы, ырас эле ошондой го. Алиги Жогорку Соттун чечими боюнча атуу менен бирге жоопкердин бүткөй мүлкү «өкмөткө» өткөрүлүп алынат. Шордуу жан а! Кичикен апа канетмек, маңдайына бүткөн кара чечекей Рафасы менен багар-көрөрү жок, бир үйдө жалгыз калат. Кээ-кээде эле алын сураган эң жакын адамдары болбосо, дээрлик эч ким катышпайт, кабар алышпайт. Ким аларга барсын, «эл душманы, эл душманынын бүлөсү» деген…
Кайда карабагын, көзгө комсоо тосмо коргон, ың-жыңы чыкпаган кереңдик. Эмне, эми өмүр дегени ушу кадеми каткан капаста жүрүп өтөбү? Жо-ок! Акырсоңу акыйкаттык да келер. Ага чейин адам, пенде катары Кудайдын буюрган насибин татып, өлбөстүн күнүн көрө жатар да. Кимге бармак, кимге датын айтмак. Же анын арыз-муңун угар, канат алдына калкалаар бирөө-жарымы болсо экен. Өздөрү өздөрүнчө чечишти. Рафа Москвага, окууга кетти. Антпесе… Анын, Рафа Айдарбекованын таржымалы боюнча сөз өзүнчө. А кичикен апа… атагы Ала-Тоо аймагына таанымал алган жары Иманалы, өлүмү табышмак, тун кызы Токтобүбү, те алыска кан күйгөн Ата Мекендик согушка кетип, мына эми-эми гана кайрылып келген Рафасынын азабын тартып жүрүп, ошо согуш бүткөндөн аялдабай дүйнө салды. Боор, тууган деген кандай, «барыга» көз жумуп, тилеп уулу Жүзүмаалы баш болгон агайин-туугандары сөөгүн айылга алып келишип, балалыгы өткөн Байгелдинин Бөксөсүнө коюшту.
Ооба, аныгы акыйкаттык бар экен. Акыры Айдарбеков Иманалы СССР жогорку Сотунун бүтүмү менен 1958-жылы толук акталды. Айдарбеков Иманалы! Баятан а киши туурасында азыноолак кеп салып, өзүн көрбөсөк, сөзүн укпасак да, жөнөкөй, ошол эле учурда эң кымбат, мазмуну эзел эскерүүлөрдү козгоп жатабыз. Эскерүү…

Бу эскерүүлөр менен биз Иманалы агабыздын толук бейнесин; өңүтүсү, ички дил дүйнөсүн өзүнө төп келим кылып бере алдыкпы? Ай, ким билет. Мына сүрөтүн, бет алдынан тартылган, эскилигинен оңуп бүткөн сүрөтүн караңыз. Билбейм, чамасы ушу эң акыркы элеси го. Маанайы өчкөн. Ойлуу. Андан ал: «Туура, туура. Так ошондой болгон…» – деген ырастоо, бир жагынан «жо-ок, жана берки айткандарыңыз жазгырым сөз, жалган дебаткан» сыяктуу. Аны сезип, мен өзүмдөн өзүм мөжүрөп, лам катпай олтуруп калам чекемди мыкчып:
– Йа… ырас эле уккан «уламыш», окугандарымды аяр карабай, калпыстык кылып койдумбу, ыя?..
Иманалы Айдарбеков кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн баш башатында турган, азыркыча айтканда, мыйзам чыгаруучу, ошондой эле аткаруу бийлигинин биринчи жетекчиси катары тарыхыбызда калчу зоболосу зор, улуу адам. Арадан канча жылдар өтсө да анын айткан акыл-насаат, өрнөгү унутулган эмес. Эсте жүргөн. Анын жаркын элеси эч качан өчпөйт, түбөлүк асманыбызда тура берет жамалы жанып.
Өткөндөгү адилетсиздик өзү менен. Акыры келип ага айчы-кайчы нокот коюлду. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Айдарбеков Иманалынын ысымын келечек муунга калтыруу максатында өзүнчө Токтом кабыл алган. Анын негизинде кыргыз Өкмөтү тарабынан бир катар ачык, так иш-чаралар каралган. Бүтүм чыгарылган. аны кайталап олтуруунун кажаты жоктур. Эми мурдагы бийликтердин жолоюна түшпөй, азыркы жетекчилик аларды өз учурунда жүзөгө ашырса болгону.