ДОСБАЕВ Садир: САДИР ДОСБАЕВ: АДАМДЫ АДАМ КЫЛЫП ТУРГАН ЭМНЕ? (УЛАНДЫСЫ)

Сөз учугун уланталы. Кыргызстаныбыз бийик тоолуу өлкө дедик. Бириси какыраган талаалуу, дагы бири кум чөлдүү, жылына эки, үч ай гана күн тийген абасы суук өлкөлөр да бар. Океан, деңиз боюндагылары, төрт тарабын тең суу каптап тургандары бар. Ошолордун баарынын аба-ырайына, жаратылышына жараша топурагынын жана суусунун өзгөчөлүктөрү болот. Топурактагы минералдар да ошо жерине жараша. Демек, өсүмдүктөгү витаминдер да ошого жараша болот. Кумдуу чөлдү же түбөлүк муз, суу баскан жер менен касиеттүү Ала Тоонун топурагынын айырмасы асман менен жердей десек жаңылбайбыз. Жаратканга шүгүр дешибиз керек. Не десең да бар.

Сөздү клеткадан баштабадыкпы. Ар башка өлкөлөрдө жашаган адамдардын бири бирине окшобогон себептеринин бири дал ушу клеткалардагы минерал заттарга байланыштуу деп коркпостон айта берсе болот. Ар бир жердин минералдарынын да ар башкача экенине бир мисал. Тээ Африкада казылып алынган алмаз менен Якутиядагы алмаздын айырмасы ушуга далил боло алат. Алмаз эле эмес башка минералдарды алып көрсө да болот. Же «Шамшыкалдын» тузу менен «Арал» деңизинин тузун алалы. Атомдук түзүлүшү, структурасы окшош болгону менен экөөнүн даамы эки башка.

Максатым үстүрттөн гана тааныштыруу болгондуктан мындан ары тереңдештин зарылдыгын көрбөдүм. Башка жагына көңүл буралы. Ар бир улуттун өзүнө гана таандык жыты бар. Ал жыт кайдан пайда болот? деген кишиге жооп деле берилгенсиди өзү. Ошентсе да айта кетейин. Ал жыт ар бир улуттун дасторконундагы тамак-ашка байланыштуу. Этти эле алалычы. Кыргыз тамшанып жеген жылкы этин бир улут жебейт. Бириси кой этин оозуна албайт. Туурабы? Деңиз жаныбарларынын көбүн, чочко этин кыргыздар жебейбиз. Кээ бир улуттар ит, бака, жылан жешсе, башкасы крокодилдин этин жакшы көрөт. Баарын санап отурбайлы. Ушундан өзүнөн өзү эле тиянак чыгып турбайбы. Адепке туура келбесе да бир мисал келтирейин. Француздарда парфюмерия жакшы өнүккөнүнүн себебин да ушул улуттук дасторконуна байланыштыргандар көп экенин айта кетейин. Алар эмнени жакшы көрүп жээрин, кызыккан адам азыркы интернеттүү доордо оңой эле таап алат. «Кымыз жыттуу кыргыз» деген сөз да жогоркулардын чындыгы бар экенин далилдейт.

Эми жыйынтыктап көрөлү: тамчыдан көл куралгандай эле, клеткалар жердеги, суудагы минералдардан, абадагы көзгө көрүнбөгөн заттардан, ал эми клеткалардан болсо денебиз кураларын түшүндүк. Мындан ошол клеткалардагы минералдар, макро жана микро элементтердеги, тээ баш жакта сөз болгон даамдар, жыттар да топтолушуп денебиздин жытын пайда кылышат деген тиянак чыгат. Адамдардан улуттар, алар болсо өлкөлөрдү түзүшөт. Ушинтип баарынын башаты көзгө көрүнбөгөн заттардан пайда болот! Күн, Жер, Аба жана Суу жашоо булагы! Адамды адам кылып турган эмне? — деген суроого өзүнөн өзү эле жооп берилди.

Албетте, бул илимий көз караш эмес. Болгону эле кан-жанында эли-журтунун руху жүргөн бир кыргыздын ой чабыты.

Акырында айтаарым, Кудай берген жаратылышы кооз, толгон токой кен байлыктуу жерде жашайбыз. Жан-дүйнөбүздүн сулуулугу, рухубуздун улуулугу да касиетүү Ала-Тоодой экен. Болбосо дүйнөнү таң калтырып, тамшандырган гигант эпос, «Манас» кайдан жаралсын.

Дүнүйө глобалдуу алаамат алдында турганы жөнүндө коңгуроо тынбай кагылып аткан учур. Күндөн күнгө коңгуроо үнү күчөп барат. Ушул алааматтан касиеттүү жерди, андагы элди аман сактап калыштын жолун чогуу издейли.

<<Көп түкүрсө көл…>>