
АҢГЕМЕ
…Тез жардамдын жүрөк титиреткен ачуу чыңырыгы ооруканын реанимация бөлүмүнүн эшиги алдына келгенде гана басылды. Санитарлар каталканы шашыла түшүрүп, ичкери алып кирип кетишти. Болбой ыйлап жүрүп коштоп келген келин, беш-алтылар чамасындагы уулу менен аларды ээрчий киришти.
Медайым:
— Силерге биякка киргенге мүмкүн эмес, туура түшүнүңүз. Ушуерде күтүүгө туура келет. Андан көрө бир аз болсо да тигил отургучтарга эс алып отургула, – деди.
Дубалда илинген саат, бир кынамда убакытты эсептеп чыкылдайт. Күткөндө убакыттын ушунчалык узарып кетерин балалуу келин биринчи жолу билип аткандай эле. Демейде күн алеки саатта батып, экөө ширин кыялдарынын этегине жетпей таң да эрте атчу. Азыр болсо бир секунддун өтмөйү тозок болууда.
– Аман калса эле болду. Буту-колу иштебей калса да, алтын башы эле аман калса баарына ыраазымын. Экинчи өйдө карап сүйлөбөйүн. Болор болбоско таарынмайымы да таштайм.
— Берекем, кирпигиң кыбырап турса, мага андан ашкан бакыттын кереги да жок. Сенсиз кантип жашайм. Өзүндү бир күн көрбөй калсам чыдабай кетем го. Жаман уулуңду да өзүң эле тарбиялап чоңойт. Амандык болсо көз ачып жумганча бойго жетип, экөөбүздү багып калат.
Ичинен ушинтип ширин үмүттү ойлогон менен, жүрөгүнүн тээ тереңинде бир нерсеси үзүлүп кетчүдөй болуп кыжаалат. Колдору баласынын башынан сылаган менен эки көзү, бүт дити күйөөсүн алып кирип кеткен эшиктен үзүлбөдү. Эшик ачылса эле бирде күйөөсү жарк деп чыга калчудай, бирде түрү суук бирдемке көрүнө калгандай болот. Саат болсо дале чыкылдаган ыргагын бузбай, мындай окуяларды көрө берип бышы кулак болуп, мүнөзү, боору катып жедеп таш боор болуп калган адамдай кайдигер гана, убакыттын бир да секундун калтырбай эсептөөдө… Чык чык чык чык… Келин саатты караса үчкө он беш минута калыптыр. Саат негедир атасына окшоп кетти. Атасынын ушу сааттын жебелери кейптенген тик муруту бар эле. Жүрөгү шуу деп, кулагына сааттын:
— Менин аткара турган милдетим ушул. Сенин, күйөөндүн, тигил бөйтөйгөн татынакай уулуңдун, силерге окшогон миллиардаган адамдардын бул жарыктагы убакыты, мөөнөтү өткүнчү экенин эскертип, силерге берилген убакыттын бир да секундун калтырбай так эсептеп берүү гана. Ал эми калганы өзүңөрдүн колуңарда. Ай билбейм, силердин эмнеңерди жакшы көрөт Жараткан? Бир карасам силерден өткөн акылдуу жок. Бир карасам силерден өткөн акылсыз да жоктой. Мына, сенин күйөөңдү алалычы. Кечээ жакында эле ооруп калары үч уктаса түшүнө кирчи эмес эле. Жөн эле түбөлүк ушул жапжаш, татынакай, сымбат-сыны, ден-соолугу бузулбаган бойдон турчудай сезчү эмес беле өзүн. Сенин эле күйөөң дейсиңби. Толтура мындайлар. Сен өзүңчү? Сен ойлондуң беле ушулар жөнүндө? — дегени угулгансыды. Чык чык чык чык… Кы-ыйч. Эшик акырын ачылды. Эч ким көрүнө электе,
— Эй, Жараткан! Ушул байкуш келинди жесир, бөйтөйгөн уулун жетим кыла көрбө! Суранам сенден, Жараткан! – деп кыйкырам.
— Сактансаң сактайм дебедим беле! – деген үн угулгандай болот… Саат чыкылдагы токтобой чык, чык, чык, чык… Эмне!?…